Кээ бир эргулдар ата-энеси менен бир эле шаарда турса да, бир жылда бир кабар алып койбойт. Ал эми кыргыздын эле ак калпактуу аталарын, ак жоолукчан энелерин кээ бир карылар үйлөрүндө көрөсүң. «Кызыма айтып кой алып кетсин, балама айтып кой кабар алсын»- деп зарлаганы канча. «Өлүгүмдү айылга койсун балам, кабар бер, өлгөнү калдым»- деп ыйлаган кемпирди көргөндө зеениң кейийт. Мындай балдар кимдин батасы менен жашап жатат? Бала оттузда, кыркта болобу, канча жашка чыкканына карабай ата- эне үчүн жаш бала бойдон кала берет. Бала ата-энесин сагынбаганы менен алар сагынат. Жок дегенде аларга өзүңөдү көрсөтүп тургула.
Ата-энесин тез-тез коноктоп туруу
Кээ бир ата-энелер айылдан чыгынып шаарга чыга беришпейт. Баягы эле көр турмуш. Ошого карабай аларды конокко чакырып, сарпай кийгизип, батасын алып турганга не жетсин. Үйүңө келсе кожоюндукту толугу менен өткөрүп бер. Үйүңдөн каалаган нерсесин алып, жаккан кийимин кийсин. «Меним малым силердики»- деп алардын алдына бар мүлкүңдү чач. Коркпо ошентсең эле алар тамыңды бузуп желкесине көтөрүп жолго түшпөйт. Өзүңө эле калат. Болгону алардын ыраазылыгы эле.
Атанын баркын билген уул - аяш аталарына атасына жасагандай сыпаа мамиле кылат. Кыргызда: «Атам өлсө да атамды көргөн өлбөсүн»- деген кеби бар.
Пайгамбарыбыз с.а.в.: «Атасы жакшы көргөн адамдар менен байланышты үзбөө менен, адам атасынына кылган урматын далилдейт»- деген.
Бирөө пайгамбарыбыз с.а.в.га канткенде бейишке кирем деп сурайт, анда пайгамбарыбыз с.а.в.: «Энеңди ыраазы кыл»-дейт. «Энеси өлгөндөрчү»-деп сурайт. «Энесинин тирүүсүндө ыраазы кыла албагандар алардын курбуларын ыраазы кылышсын»- дейт.
Бүгүн ата-эненин камын көрүү - эртеңки өзүңдүн камың көрүү. Келечекте жакшы карылыкты самаган уул, ата-энесинин карылыгын жакшы камсыз кылат.
Албетте, алардын карылыгы Аллахтын буйругуна ылайык. Себеби Аллах «…мен сиздерди кандай абалдан пайда кылсам ошол абалга кайра алып барам …» дейт. Демек, ата-эне карыганда жаш балага окшоп, карылыгы кээде түйшүктүү өтүшү мүмкүн. Аллахтан алардын жакшы карылыгын тилеп, сабыр кылуу дурус. Пайгамбарыбыз с.а.в.: « Аллахтан корккондор коногун жакшы узатсын…» -деген. Ата -эне карыганда оордук кылса жок дегенде конокчо мамиле кыл, конок эртеби кеч кетээр жерине кетет.
Чыгармачылык командировка менен кайсыдыр бар айылга барып калдым. Кыргызда жаңы келген келин кайнатасына урмат кылып бир канча убакыт жүгүнгөн адаты бар. Жүгүнгөнү сыйынуу эмес. Бир кемпир өзү токсондон ашыптыр, келин болуп келгенден бери күндө кайнатасына жүгүнчү экен. Анын көзү өтсө да ал жаткан мүрзө тарапка жүгүнгөнүн көрдүм. Келиндер ушинтип аздектеп жатса ыймандуу уул кантип четте калсын.
Ата-эненин көзү өтсө оболу сөөгүн тез койуу
Ар бир уулдун башында жетимдик бар демекчи ата-эне о, дүйнө аттанса да алардын алдындагы уулдун милдеттери бүтүп калбайт. Өлгөн өлүктүн да тирүүлөрдө акысы жана ызат-урматы болот. Ал да болсо ысыгында жерге берилүүсү. Эгер сөөк көпкө кармалып андан жыт чыгып, сасый баштаса жаназа жүрбөйт. Бирок, адам кургур дагы эле напсисинен кутула албай: «Алыстан балдары келе элек. Сөөк ээлери келсин», же дагы толгон токой шылтоолор менен байкушту кыйнап үч түнөтөт. Анын үстүнө акыркы учурда «кыргыз үч түнөткөн» деген кайдагы сөздөр пайда болду. Үч күн жатса же балдары келсе эле тирилип алмак беле, сөөк ээлери ушундай эле кайгырып күйүткө түшсө, алгач ал сөөктү сасытпай тезирээк ысыгында жерге берип, батыраак жаназасын түшүрүп, Кураанын окутканга умтулбайбы?
Жайында сөөк көөп, анын курсагына кум төшөп, беде жапкандарын көрүп эле жүрөбүз. Өлгөн өлүктү кармоодон пайда жок десең баары эле түшүнгөндөй болушат, аткара келгенде иш башкача чыгат.
Каршы болгон балдарын карасаң кечинде боз үйдүн артына өтүп алып «көңүл айтып келген» достору менен арак ичип отурганын көрөсүң.
Маркумдун сөөгү көргө кирмейинче руху сөөгүн айланып жүрөт дешет. Байкуш балдарынын мындай мамилесине ал рух кайра өлгөндөй болбойбу? Же, «өлгөнгө көмгөн» деп ушуну айтабы? Ата-энесинин акыретин ойлогон уул мынтпеши керек.
Аллах Кураанда: «…мен сиздер жакшы көргөн нерселериңизден жана жакын туугандарыңыздан ажыратып сынаймын…»-дейт. Анын сыноосу пенденин сабырын текшерет. Ата-эне баарына кымбат жана аларды жоготуу уулга да кызга бирдей оор. Бирок, өмүрдү да ажалды да Жараткан Өзү берет. Эч ким Анын чечимин өзгөртүүгө алы жетпейт. Муну түшүнгөн уул эч качан бети башын койгулап, дубал сүзүп, артис болбойт. «Жараткан Өзү берди, Ал өзү алды»-деп азасын сабыры менен кармайт. Аша чаап бетин тыткан эже-карындаштарын да тыят. Себеби бакырып, боздоп, артыкча кирген-чыккан сөздөр менен өңгүрөө - Жараткандын чечимине каршы чыккандай же Анын өкүмүнө нараазы болгондой эсептелет да Анын каарына кириптер кылат. Бакырып өкүрсө маркумдун руху кыйналат.
Пайгамбарыбыз с.а.в. өлгөнгө бакырып ыйлоого тыюу салган. Бирок, өзүнүн Ибрагим деген бир жашар уулу чарчаганда көздөрүнөн жаш чыкты дешет. Аны көргөн сахабалалары: «Я, Расулулла, сен өзүң ыйлаганга тыюу саласың, бирок ыйлап жатканың кандай?»-деп сураганда, ал: «Менин көзүмдөн чыккан жаш жүрөгүмдөгү кайгынын белгиси. Бирок менин тилим тыйылуу»- деп жооп берген экен.
Ата-эненин тазиясында ысырапка жол бербөө
Азыркы баталарда чындыгында кетирилген ысырапкерлик тойдон ашып түштү. Батага келгенден бөкөөлдүн саны көп, «аш жейбиз» деп самсаалап тургандар атайы өлүк күтүп жашагандай сезилет. Эт жегени жаш кары дебей жыйылып алат экен, бир үйүр жылкы сойсоң да жетпейт. Андай ысыраптын кесепети кимге тиет?
Бир жерде он балалуу келиндин сүт берген жалгыз уюн «уят, уят» деп сойдурушту дейт. Он баланын жетим акысы кимдин тамагынан өттү? Бул улуттук деңгээлге өтүп кетти эле, «элге теңелем» деп колунда жоктору карызга моюнунан батып, анын карызга батканын ансыз деле эл билет, алына карап иш кылса ким сөз кылмак.
Ошондой эле тазиядан кийинки үчү, жетилиги, пайшамбиликтери, кыркы, айттыктары, эстелик орнотуусу, жылдыгы, аза ачтысындагы чыгашаларды эсептесең, эч бир эл биздей ысырап менен сөөк узатпасын байкайсын. Кыргызда өлгөндөн да коркосуң, маркум ал ысыраптын жообун качан берип бүтөт?
Шариятта бул дүйнөгө керектүүнүн ал дүйнөгө кетишине тыюу салынат. Жыртыштар, эстеликтер ж.б. чыгашаларды эсептесе чубактын кунундай доо чыгат. Айтмакчы, ал карыз төлөнмөйүнчө арбактын абалы кандай болду аны ойлогон уул барбы?
Илгери аксакалдар «кара аш» деп, өлгөндөн тамак жечү эмес эле. Азыр оркестр, митинг менен убара болгон уул кайдан аза күтсүн да кайдан кайгырсын? Кайран ата, эссиз эне!
Ата-эненин жаназасын окуу
Өлгөн өлүктүн жаназасына канчалык адам көп жыйылса ошончолук пайдасы көп. Ал сапка тургандардан ата-энесинин жакшы адамдар болгондугуна күбөлүк берүүлөрүн сураныш да уулдун милдети. Анткени маркумдун бейишке же тозокко кирээри элдердин узатканынан дешет. Уулдун билими болсо эл алдында ата- энесинин төлөнбөй калган карызын мойнуна алып, ата-энесине өзү жаназа түшүргөнү жана табытты өзү көтөрүп, сөөктү кабырга өзү алып киргени жакшы жана шариат эрежелеринен. Андан тышкары ата-энеси калтырган осуяттарын орундатуу жана мурастарын шариатка ылайык бөлүү уулдун ыйманынан.
Андан соң ар бир намаздан кийин ата-энесинин рухуна дуба кылып, ыктыярдуу намаз окуп, ыктыярдуу орозо тутуп, сообун ата-эненин арбагына багыштоо, алардын берген таалим тарбиясын сактоо, өз балдарын да ошол таалимде тарбиялап, насаат сөздөрүн эсте тутуп, ата-эне туугандары менен байланышты сактоо милдет.
Ошондой эле айт майрамдарындарында алар үчүн курбандык чалып, орозо күндөрү бей-бечара кембагалдарды ата-энеси жакшы көргөн тамактар менен меймандап, жылдын башка ай, күндөрүндө муктаждарга садага берип, сообун ата-энесинин рухуна багыштап, аларга дуба кылып туруу - уулдун ыйык милдеттерине кирет.
Өзгөчө бирөөнүн ата-энесин акаарат кылуудан алыс болуу керек. Себеби акаарат алган тарап сөзсүз жообун кайтарса байкуш маркумга сөз тиет.
Аллах Ыйык Кураандын «Лукман» сүрөөсүнүн 14 аятында: «…Мага жана ата-энеңе алкыш айт…»- дейт, бүт мактоолор Жаратканга болсун, көзү тирүү ата-энелерибиздин оозурун берсин, көзү өткөндөрүн магфират этсин!
Сиздин бул маселеге кайдыгер болбогонуңузга Аллах ыраазы болуп Сизди ата-энеңиз алдында, уулдарыңызды Сиздин алдыңызда ыраазылыкка жеткирсин! Оомийин! Ас-Саламу алейкум!
Мыктыбек ажы Арстанбек