Halloween party ideas 2015
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Суроо: Орозо кармоо денеге зыян береби?

ЖООП

Жок, себеби, Аллаху таала зыяндуу болгон нерсени буйрук кылбайт. Медицина адистери айтышат:

☝��Орозолуу адамдарда адреналин жана кортизон гармондору канга жеңил аралашат. Бул гармондор рак клеткаларына таасирин тийгизет. Ушундайча бул гармондор ракка каршы калкан ролун ойноп, рак клеткаларынын көбөйүүсүнө тоскоол болууда. Орозо кармаган дене өзгөчө кароого алынган сыяктуу болуп, ички органдарды орогон майлар ээрийт, дененин сергектиги артат, иммунитет күчтөнөт, ашказан, бөйрөк, шекер, жүрөк жана боор ооруларына каршы туруштугу көбөйөт.

Боор орозо кармаган кезде 3-5 саат демалат, азык бириктирүү ишин бир мөөнөткө токтоткон болот. Бул учурда коргонуу системасын күчтөндүрүүчү глобулиндерди даярдайт. Ашказан булчуңдары жана секрет бөлүп чыгаруучу клеткалар бир канча саат демалат. Кан басымы азайгандыктан жүрөк дагы демалат.

Азык калдыктары жакшы ээримейинче тамырларды бузат. Ээрибеген майлар тамырларды тарайтат, атеросклероз деген ооруга себеп болот. Кечке карай денеде тамак калбайт. Б.а., бардык азыктар ээрип сиңген болот. Бул жагынан алып караганда кээ бир ооруларга, өзгөчө атеросклерозу бар адамдарга орозо кармоо пайдалуу болууда. Орозолуу маалда дененин калган органдары дагы демалган болот. Аз тамак жеш жана орозо кармоо ден-соолук үчүн маанилүү. Зекет мал-мүлктүн кири болот. Зекетин берген адам мал-мүлкүн коргогондой эле орозо кармаган адам дагы дененин зекетин берген болот, оорулардан аны коргогон болот. Пайгамбарыбыз алейхиссалам: "Бардык нерсенин зекети бар, дененин зекети болсо – орозо. Орозо кармагыла, ден-соолук тапкыла!” – деп буюрган. (Ибни Маже, Таберани)

Орозонун пайдалары көп. Эки хадиси шарифтин мааниси мындай:

"Орозо этти ээритет жана Жаханнам отунан алыстатат. Көз көрбөгөн, кулак укпаган жана эч кимдин оюна келбеген ниматтар бир гана орозо кармаганга насип болот.” [Таберани]

"Аллах ыраазылыгы үчүн бир күн орозо кармаган адамды Аллаху таала бул бир күндүк орозосу себеби менен Жаханнам отунан 70 жыл узак кармайт.” [Бухари]

Орозонун сообу калган ибадаттарга караганда дагы да көбүрөөк. Хадиси кудсиде:

"Ар бир жакшылыкка 10 эседен 700 эсесине чейин сооп берилет, бирок, орозо мага тийиштүү, анын сыйлыгын мен берем, себеби, кулум мен үчүн шахватын жана жеп-ичүүсүн таштады”, - деп айтылган. (Бухари)

Ар жакшылыктын сообун Аллаху таала берген болсо да орозонун сообу тууралуу "Мен берем” деп буюруусунун хикмат сыры бар. Жер жүзү толугу менен Аллаху тааланын мүлкү болсо да Каабаны "Байтуллах” дегени, б.а., "Аллахтын үйү” дегени ага өзгөчө кадыр бергендиги үчүн. "Орозо мага тийиштүү”деп билдирүү менен ага өзгөчө кадыр берген. Орозо кармаган адамга бериле турчу сооптун белгилүү бир өлчөмү жок. Орозолуунун абалына карата көп сооп берилет. Башкалар тамак жеп жүрүшкөн кезде орозо кармоо өтө сооптуу. Хадиси шарифте: "Орозолуу адамдын жанында орозосуздар тамак жешкен кезде периштелер орозолууга дуба кылышат”, - деп айтылды. (Тирмизи)

Кандайдыр бир себеп менен нафил орозо кармай албаган адам шүгүр кылуусу керек, конокторго, кедейлерге тамак берүү керек. Хадиси шарифте: "Шүгүр кылып тамак жегизген адам сабыр кылып орозо кармаган адам сыякуу”, - деп айтылган. (Тирмизи)

Шүгүр кылгандарга көп сыйлык берилет. Шүгүр Исламиятка моюн сунуу дегенди билдирет.

Имам Раббани хазреттери: "Рамазанда нафил ибадаттарга берилген сооп башка айларда кылынган фарздар сыяктуу. Бул айда кылынган бир фарз башка айларда кылынган жетимиш фарз сыяктуу. Бул айга урматсыздык кылган адамдын, бул айда күнөө кылган адамдын жылы толугу менен күнөө кылуу менен өтөт”, - деп айтууда.

Ошондуктан, айрыкча, Рамазан айында күнөө кылуудан ого бетер сактануу керек. Мубарек жерлерде кылынган ибадаттарга дагы көп сооп берилет. Хадиси шарифте: "Меккеде бир Рамазан орозо кармоо башка жерде кармалган миң Рамазан орозосунан жакшыраак”,- деп айтылды. (Беззар)

Жума күнү кылынган ибадаттарга да эсе-эсе көп сооп берилет. Жума күнү кылынган күнөөлөр да эки эсе болуп жазылат. Баалуу күндөрдүн кадырын билүү жана керек болгон нерселерди орундоо керек.

��‍��‍��‍��"Бактылуулук Формуласы "..

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

✍ Эгер сен кол алышып кечирсең,анда ал дүйнө жана акырет шарапатына жетесиң.«Ким кечирсе жана жарашса, анын сообун Аллах берет ». (42:40)..

Шекспирдин:" Душманыңа көп от жага бербе,себеби ага өзүң түшүп калышың мүмкүн "-деп айткан сөзү бар. Салим ибну Абдумалик деген аалымга бирөө: "Сен жаман инсан экесиң "десе. Салим ага: "Менин кандай экенимди сенден башка эч ким билген жок "-деп жооп бериптир.

Бир Америкалык акындын сөзүндө: "Таяк же таш менен сөөгүмдү сындырып жибериши мүмкүн,бирок сөз менен эч нерсе кыла албайт ".

Амир ибну ал -Аксага бир киши: " Сөзсүз сени менен урушканга убакыт табам "-десе. Амр: "Мына эми бир иш менен алек болосуң "-деп жооп берген экен.

Чиркей пальма дарагына: "Бекем бол,мен азыр сени таштап учуп кетем "деп айтып калат,анда пальма дарагы чиркейге: "Аллахка ант, сен мага конгонуңда эч нерсени сезгеним жок, эгер менден учуп кетсең кантип сезмек элем?! "-дейт.

Аллах Таала мындай дейт: «(Алар) пайдасыз (гыйбат,ушак) сөздүн жанынан өтсө (ага аралашпай) урмат -сыйын сактап өтөт ". (25'72)

.«Наадандар аларга тил тийгизсе да тынчтык (болсун) деп коюшат ».(25:26)

"Конфусий "айткан экен: "Каарду инсандын дайыма уусу толтура болот ".
Пайгамбарыбыз (С.А.В) хадисинде ушундайча айтылат: «Ачууланба,ачууланба,ачууланба ».

Дагы бир хадисинде: "Ачуулануу дозок отунун бир муштуму ".

Шайтан үч нерседе пендени жеңет:  Ачууланганда,напсиси күчөгөндө жана бейкапар болгондо.

Мусулман адамдагы кечиримдүүлүк – анын ыйманынын далили болуп эсептелет. Мусулманда кек сактоо, ичинен жаман көрүү, таарынып жүрүү сыяктуу жаман сыпаттар таптакыр болбоосу керек.  Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) Таиф шаарынын элине дин тууралуу кабар берип, алардан жардам сурап барган кезде, алар аны таш менен уруп шаарынан кууп чыгат. Ошондо денесинен аккан кан бут кийимине толуп турган  Пайгамбарыбызга (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) Жибрийл периште келип: «Эгер уруксат берсең тоо периштеси эки тоону бул элдин үстүнө томкоруп таштасын» - деп айтат. Ошондо  Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) эки колун асманга көтөрүп: «Аллахым, буларды кечир, келечекте булардын урпагынан Өзүңө эч кимди шерик кылбай сыйына турган адамдар чыгат» - деп, дуба кылган.  Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) кечиримдүүлүгү, боорукерлиги жана адамдарга жасаган жакшы мамилесинин натыйжасында дин бүт ааламга тарады.  Азыр да Пайгамбардын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) үммөтүмүн деген адамдар бул сыпаттарды үйрөнүүсү керек. Адамдын кек сактоосу, кечиримсиз болуусу – анын ыйманынын алсыздыгын билдирет. Өзүн ыймандуумун деп эсептеген ар бир адам, кечирим суроону жана кечиримдүү болууну үйрөнүүсү зарыл.

 

Кечиримдүүлүк тууралуу аяттар, хадистер жана накыл сөздөр:

Аллах Таала айткан: «…ачуусун сабырдуулук менен баскандар, адамдарга кечиримдүү болгондор ( мына ошолор Аллах сүйгөндөр)». (Аалу Имран, 134-аят).

Аллах Таала айткан: «Кечиримдүүлүктү карман, адамдарды тууралыкка буйру, наадандардан алыс бол». (Аьраф, 199-аят).

Аллах Таала айткан: «...Андыктан, аларды кең пейилдүүлүк менен кечир». (Хижр, 85-аят).

Аллах Таала айткан: «Кечиргиле жана элдешкиле. (Силер эмне) өзүңөрдү Аллахтын кечирүүсүн каалабайсыңарбы?» (Нур, 22-аят). 

Аллах Таала айткан: «Бирок, ким сабыр кылса жана кечире билсе, чындыгында, мына ушул улуу иштерден». (Шуура, 43-аят).  

Ааиша (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, ал Пайгамбарыбызга (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) карап:

- Оо, Аллахтын элчиси, эгер мен кадыр түнгө туш болуп калсам кантип дуба кылайын? – деп сурады.  Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):

- Аллахым, Сен - Кечиримдүүсүң, кечиримдүүлөрдү жакшы көрөсүң, менин да күүнөлөрүмдү кечир - деп дуба кылгын, – деди. (Муслим).

Абу Аюб (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Аллахтын элчиси (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):

«Эки мусулманга үч күндөн артык таарынып жүрүү адал эмес, алардын жакшысы - биринчи салам бергени» - деп айткан. (Бухарий, Муслим).

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):

«Дүйшөмбү  жана  бейшемби  күндөрү амалдар көбөйтүлөт. Аллахка шерик кошпогон адамдардын күнөөсү кечирилет, бирок бир тууганы менен душмандыгы бар адамдардын күнөөсү кечирилбейт. Аллах Таала: «Бул экөөсүн жарашканга чейин жөн койгула деп айтат» - деген. (Муслим).

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):

«Бир мусулмандын экинчи мусулманга үч күндөн ашык таарынып жүрүүсү адал эмес. Ким үч күндөн ашык таарынган абалда кайтыш болсо Тозокто азапталат» - деген. (Ибн Маажих)

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте,  Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун):

«Көп адамды жеңе алган адам – күчтүү эмес, өз ачуусун жеңе алган адам – күчтүү» - деп айткан. (Бухарий, Муслим).

Кечиримдуу бол сенин абалын чиркей менен пальмадай болсун.

‍‍‍"Бактылуулук Формуласы бактыныздын багыты ! Бизге катталыныздар ".

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Хидаят KG тиркемесинде Ислам динине байланыштуу издегениңиздин баарын табасыз: жаңылыктар, видео, аудио, текст түрүндөгү диний маалыматтар, суроо-жооптор, намаз убакыттары, курандын орусча жана кыргызча котормолору, адал тамактануучу жайлардын жана адал азык дүкөндөрүнүн даректери.



Ошондой эле кыстырмадан жаңы мүмкүнчүлүк: кайсы жерге барбаңыз, турган жериңизди автоматтык түрдө аныктап, жакын жердеги мечиттердин даректерин таап.


Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Бисмиллаахир Рохмаанир Рохийм.

  ”ОРОЗОНУН ПАЗИЛЕТТЕРИ .”

   ✨Берекелуу Орозо айы тууралуу бир канча хадистердин пазилеттерин айта кетсек. Пайгамбарыбыз (саллаллооху алейхи уа саллам) буткул аалам учун рахмат болгон зат. Ал мусулмандар учун, ар бир болукто амалдардын пазилеттерин, ага кызыктыруучу хадистерди ото коп айткан. Ошондуктан Пайгамбарыбыз (саллаллооху алейхи уа саллам) га чыныгы ыраазычылык билдирип, анын айткандарын кадырлоо керек. Бирок биздин кемчиликтерибиз, динге болгон кайдыгерчилигибиз кундон-кунго осуудо, бизде амал кылуу мындай турсун, динге конул буруу болбой калды. Жада калса элдер ал туурасында ото аз билишет.
  Берекелуу орозо айы мусулмандар учун Аллах Таала тарабынан берилген чон белек. Бирок, кимде-ким ошону баалай билсе. Болбосо орозо айы отуп кете берет, а биз болсо кур кала беребиз.

  ✨Бир хадисте мындай келет : ”Эгерде менин уммотум орозо айынын пазилетин билгенде,  орозону жыл бою улануусун тилек кылат эле”. Ар бир адамга жыл сайын орозо кармоо оор корунот. Бирок Орозого бериле турган соопторго ой жугурто турган болсок, Пайгамбарыбыз (саллаллооху алейхи уа саллам) элдер орозону бир жыл бою созулушун умут кылышат эле деди.

   ✨Бир хадисе : ”Орозо жана ай сайын уч кун орозо кармоо жамандыкты, кемчиликти жана журоктогу азгырыкты кетирет.”-деп айтылат.

   ✨Пайгамбарыбыз (саллаллооху алейхи уа саллам) дан миндеген риваяттар турдуу жолдор менен орозонун сооптору жонундо айтылган. Илим менен амалга канчалык жалкоолук, конул коштук мамиле болуп жатканын ар бир адам озунун турмушунан эле байкаса болот.

  ✨ Салман (разияллооху анху) айтат: Пайгамбарыбыз (саллаллооху алейхи уа саллам) Шаъбан айынын акыркы кундорундо бизге насаат айтты : ”Силерге ото берекелуу, улуу ай келе жатат. Анда бир тун бар, ал мин айдан жакшыраак. Аллах Таала ошол айдын орозосун фарз кылды. Андагы таравих намазды сооп алууга себеп кылды. Ким ушул айда жонокой эле бир жакшылык кылып, озун Аллах Таалага жакын тутса, анда ал орозодон башка убакта, фарздын сообун аткаргандай сооп алат. Ал эми кимде - ким ушул айда фарз амалды аткарса, анда ал орозодон башка убактарда 70 фарз аткаргандай соопко ээ болот.
  Бул ай- сабырдуулук айы. Ал эми сабырдын орду Бейиш. Бул ай адамдарга камкордук кылуу айы. Бул айда момундун ырыскысы кобойтулот. Кимде- ким орозо кармагандарга ооз ачырса, анда анын куноолору кечирулуусуно , тозоктон азат болуусуна себеп болот жана Орозо кармоочуга берилген сооптон бир да кемитилбестен , ага орозо кармаган кишинин сообундай сооп берилет”. Сахабалар :  ”Эй, Аллахтын Элчиси (саллаллооху алейхи уа саллам) ! Биздин ар бирибиздин ооз ачырууга кудуретибиз жетпейт”.-дешти. Пайгамбарыбыз (саллаллооху алейхи уа саллам) : ”Ооз ачырууда курсак тойгуза тамак беруу шарт эмес, бир курма менен, же бир уурттам суу менен, же бир уурттам сут менен ооз ачырган болсо да, Аллах Таала бул соопту берет. Бул айдын биринчи болугу- Аллахтын ырахматы. Экинчиси- Аллахтын кечирими. Учунчу болугу - тозоктон куткарылуу кундору. Бул айда ким озунун кызматчыларынын жумушун женилдетсе, Аллах Таала ошол кишинин куноолорун кечирет жана тозоктон куткарат.
   Ошондой эле бул айда торт амалды коп кылгыла. Анын экоосунон Аллах Таала ыраазы болот. Калган экоосун аткарбай коюуга арган жок. Аллах Таала ыраазы боло турган эки нерсенин бири - ”Калима Тоййиба” жана истигфарды коп айтуу, экинчиси - Бейишти суроо жана тозоктон сактанууну тилоо. Кимде-ким орозо кармоочуга суу ичирсе, Аллах Таала ага (Кыямат куну) менин колумдон суу ичирет, андан кийин ал Бейишке киргенге чейин чанкабайт” .
Уландысы бар...

  ��”Фазаил амал” китебинен алынды.

�� «БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ»

�� Одноклассники: http://ok.ru/formulasy

�� Facebook: http://facebook.com/formulasy

�� Вконтакте : http://vk.com/formulasy

�� Instagram : http://instagram.com/formulasy

�� Блог : http://formulasy.blogspot.com/

�� Twitter : http://twitter.com/formulasy

�� Google+ : http://plus.google.com/+formulakg

�� YouTube: http://www.youtube.com/formulakg

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Мурат сарай ичинде, гүлзарда сейилеп жүргөн атасын көрүп, жанына чуркайт. Ал -ахыбал сурашкан соң мындай дейт:

-Журтатасы атакем! Өзүңүз теңдүү курбалдаштарыңызга салыштырмалуу үстүңүздөгү опол тоодой оор жүккө, аламан түйшүккө моюн бербей дагы деле болсо жаш көрүнөсүз. Жашыңыз башкалардыңындай эле биртопко барып калганы менен белиңиздин бекчейбегенинде бир сыр болсо керек. Ар түрдүү кыйынчылык жана оор күндөгө карабай, жаштардай акылыңыз тунук, ой-пириңиз дагы эле жүйөлүү, дене турпатыңыз каармандардай салмактуу. Бир карасам уруш майданында албууттанган колбашысыз, бир карасам илим жыйындарында салабаттуу устатсыз, бир карасам эл-журтка бериле кызмат кылып, сезимтал дервиштейсиз!... Сизде күн-түн деген нерсе жок. Баары окшоштой. Түмөн түйшүк жондон басып турса да жаш көчөттөй ийилбей, жандүйнөңүз жабыркабай кантип чыдап жүрөсүз? Мунун сырын айтыңызчы? Акыл-эстин тынымсыз чабытташы адампендени жабыркатат, мүдүрүлтөт. А сизде эч кандай өзгөрүү жок, салабаттуу турпатыңыз дале чыйрак! Акыл эсти таңдандырган өзгөчө мүңөзгө жетүү үчүн, кемибес кеменгерлик, чаалыкпас акылмандык үчүн кандай даары колдондуңуз? Уулуңузга ушуларды айта аласызбы? Мен сиздин жолуңуздан жүргүм келет!

Мурат хан жеткинчек жаштагы уулунун суроолоруна бир чети таң калса, бир чети ичинен ыраазы болуп береги тарыхты насааттады:

-Алдыңа кетейин каралдым! Сен мени абдан кубанттың! Аалам атпай жана жаамы макулук ибадат кылган Кудай Таалам сага багыштаган артыкчылыктарын дагы да арбытсын. Ушундай кенен, ушундай татаал маселелерге болгон кызыгууңду арттырсын.

Өмүрүн туура жолдо өткөрүп, одүйнөгө кеткен жандар акырет ааламынын кыялга сыйбас нематтарына ээлик кыларына бекем ишенем. Бул ишенимде эч кандай шегим жок. Ошо себептен Жаратканга ибадат кылганда, чын дилден берилип орундатам. Сен айткандай бул оопасыз машакат дүйнөдөдө тарткан азаптын акыбетин Алла Таалам акыретте эселеп берерин бөркүмдөй көрөм. Кандай гана шарттарда болбосун Ага жалбарып мунажат кылып келем. Асыресе Анын маңдайыма жазган тагдырын чоң сыноо деп билем.

Уулум! Бардык сөзгө ишене бербе, Ар башкача болуп жараян этилген окуялардын ички мазмунун, акыйкат өзөгүн үйрөнүүгө болгон кайратыңдан жазба!

Бышып жетилген мөмө жемишти баары жакшы көргөнү сыңары, көптү көргөн, тажрыйбалуу-билимдүү даанышмандарды ар убак эл өзү тандап алат. Таттуулугу ченде жок жүзүм турганда, быша элек кычкыл мөмөнү жеш акыл тайкылыгынын белгиси.

Кээ-кээде ата-бабаларымдын адамдык сапатын, мүнөзүн, баскан жолун талдадым. Бизден кийинки урпактын басар жолу, ойлор ойу, тутунар көрөңгөсү тууралуу көп ойлондум.Ушу кезге чейин сөзгө алынып, сүйүлүп, урмат көрүп, алкыш алып келдик. Буга шүгүр деш керек. Мына ушул жакшылыктын түбөлүккө уланышын арзуу кылып келем.

Бир нерсенин уланып кетишин басым, буйрук, күч, кылыч, зомбулук менен камсыз кылуу мүмкүн эмес. Акыл, чара көрүү, сабырдуулук, арканды узун таштоо жана албетте тажрыйба зор мааниге ээ. Биринчи айтканым ар убак үчүн өтүмдүү эмес, кесепети көп. Экинчи жолдун жалгыз өзү ишке анчейин жарабайт. Улуу ийгиликтер үчүн экөөн айкалыштыра ишке салуу керек! Ардактуу бабаларыбыздын албан жеңиштеринин сырткы көрүнүшүнөн кылыч көрүнгөнү менен аныгында акыл-парасат жана сүйүү күчү менен жүзөгө ашканын эсиңден чыгарба.

Каралдым! Адилеттикти эгерим колдон чыгарба. Анткени Алла адил, адилеттүү кулдарын сүйөт. Мындай караганда сен Анын жер бетиндеги өкүлүсүң. Ал сага көптөгөн жакшылыктарды жаадырган, мына эми сени мусулман журтчулугунун башына келтиргени турат!..

Уулум! Бул дүйнөдө үч түр адам бар:

Биринчи тайпа: акыл-эси жайында, эркиндиктин даамын таткан жана ой жүгүрткөн, адаттан тыш өзгөчөлүгү жок пенделер.

Экинчи тайпа: Эч нерседен кабары жок, буйрук, эскертүү, насаат деген нерселерге кулак төшөп коюшпайт. Өз жыргалын гана ойлошот. Бүт нерсени билгендей кыйын боло беришет. Булар өтө кооптуу топ.

Үчүнчү тайпа: Кайсы жол туура, кайсы жол терс экенине кызыкпаган жандар булар. Бирок бул абалга алар өз каалоосу менен эмес, чөйрөдөгүлөрдүн таасири менен түшүп калышкан. Айтылган насаатты кабылдашат, сөз угушат, туура жолду тандашат. Булар эң кооптуу топ деп эсептелинет.

Айланайын уулум! Улуу Жараткан эгер сени алгачкы тайпанын адамы кылып жараткан болсо, сүйүнүчүм да, алкышым да чексиз. Эгер экинчи тайпанын адамы кылып жараткан болсо, айтылган акыл-насаатты кунт коюп угууну, эскертүүлөрү жадыңа бек түйүүнү кеңеш кылам. Бирок үчүнчү тайпанын адамы боло көрбө! Алар Аллага да, адамдарга жа жага беришпейт.

Падышалар колуна тараза кармаган адамга окшош. Бирок колундагы таразаны туура кармаган жан - анык падыша. Мына ошондо гана Кудуреттүү Алла Таала сага жакшылыгын жаадырат. Сени салих момундардын тайпасына кошот. Бүт нерсе Ага таандык, бүт нерсени Ал гана билет... »

Мынакей, ата-баланын акактай тунук акылы жана аруу парасаты...

«Бактылуулук формуласы »

Технологии Blogger.