Halloween party ideas 2015
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Жашоонун эң кичине жыргалы - бул байлык, мал - дүйнө, эң чоң жыргалы - бул даанышмандык.

(Готхольд Лессинг)

Сулуу болгонго үйрөнүү мүмкүн болбогон сыяктуу, даанышмандыкка деле үйрөнүү мүмкүн эмес.

(Генри Уилер Шоу)

Жалгыз Кудай гана чексиз даанышман, ал эми адам баласы болсо даанышман болууга умтула гана алат.

(Пифагор)

Ой жоруй келгенде философтордун баары даанышман, жашоо-турмушта болсо баары келесоо.

(Бенджамин Франклин)

Биз бир келесоо көптөгөн келесоолорду, ал эми бир даанышман аз эле даанышманды жараткан дүйнөдө жашап жатабыз.

(Георг Кристоф Лихтенберг)

Эгер шок балдарды уруп-сабап, тыя берсеңер, эч качан даанышмандар жаралбайт.

(Жан Жак Руссо)

Бир адам бүтүндөй бир улуттан акылдуу болгонго милдеттүү эмес.

(Оноре де Бальзак)

Даанышман киши боорукер да болот.

(Сократ)

Даанышмандык-бул абийирге таянган акыл.

(Фазиль Искандер)

Келесоолор башкалар менен, даанышман болсо өзү менен талаш жүргүзөт.

(Оскар Уайльд)

Даанышман дайыма оозун жабык кармайт, себеби, ал тил шамды да күйгүзүп ийээрин  билет.

(Чжуан-цзы)

Баатыр - кан майданда, даанышман ачуусу келгенде, дос – жокчулук башка түшкөндө сыналат.

(Араб макалы)

Даанышман адам баардык нерсени өзүнөн, ал эми акмак киши башкалардан талап кылат.

(Кытай макалы)

Көптү эмес, керектүү нерсени билген киши даанышман.

(Эсхил)

Бир кадам алга кадам таштаарда артка чегине алаар-албасыңды ойлон. Ошондо мүйүзү дубалга кыпчылып калган сүзөнөөк кочкорго окшобойсуң. Кайсыл бир ишти баштаарда аны бүтүрө алар-албасыңды ойлон. Ошондо жолборсту минип алып, ат чапкандай чапкысы келген кишиге окшобойсуң.

(Хун Цзычэн)

Даанышмандай  ойлонуп, келесоочо иш кылган адам баласына мүнөздүү сапат.

(Анатоль Франс)

Өзүңдүн сырыңды сактай билген даанышмандык, бирок, менин сырымды бирөөлөр сактап берет деген - келесоолук.

(Сэмюэль Джонсон)

Башына кыйынчылык түшкөндө даанышман өзүн, келесоо болсо досун күнөөлөйт.

(Чыгыш макалы)
Дарыялар менен деңиздер жүздөгөн тоо сууларын өздөрүнө кошуп алганынын себеби, алар төмөн жакта жайгашкан. Төмөндүгүнүн шарапаты менен алар баардык тоо сууларына бийлик жүргүзүшөт. Анын сыңарындай, башкалардан өйдө болгусу келген даанышан да өзүн алардан төмөн коюшу керек. Элдин алдында болгусу келсе, алардын артына турат. Ошондуктан, ал элдин үстүндө болсо да эл анын оордугун, салмагын сезбейт. Даанышман өзүнүн орду элдин алдында болсо да артта туруп калганына арданбайт.

(Лао Цзы)

Даанышмандык аябай эле мол. Анткени, аны аз эле киши пайдаланат эмеспи.

(Станислав Ежи Лец)

Даанышман - бул байкатпай акыл топтогон киши.

(Г.Е. Малкин)

Тозокко түшүп калсаң да алдыга умтулганыңды токтотпо.

(Уинстон Черчилль)

Даярдаган Мамат Сабыров
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Жаш кезинде күйөөсү каза болуп калган аял төрт баласын өзү жалгыз тарбиялап чоңойтот. Эң улуу баласы күйөөсү каза болгон убакта араң гана 11 жашта болчу. Күйөөсү аябай камкор эле. Ал дүйнөдөн өткөндөн кийин күйөөсүнүн милдеттери аялына түшүп, бардык убактысын балдарын тарбиялоого, балдарына кам көрүүгө жумшады. Күнү-түнү иштеп, жалгыз көп кыйынчылыктарды башынан өткөрдү. Күндүзү иштесе, түнкүсүн балдарына тамак жасап, түн жарымда араң уктачу. Кайрадан эрте менен эртелеп туруп, балдарынын тамак-ашын, кийим-кечесин даярдап, аларды мектепке жөнөтүп, кайрадан алардын мектептен келерин чыдамсыздык менен күтчү. Балдарынын эр жетип, мыкты уул болушу үчүн баарына чыдачу эле.


Түйшүктүү күндөр, айлар, жылдар өтүп балдары бой жетип чоңойду. Балдары баралына жетип, өз алдынча турмуш өткөрүп, үй-бүлөлүү болушса деле апасы балдарынын бардык түйшүктөрүн өз мойнуна алып жүрдү. Арадан жылдар өттү. 60 жашка келген апасы бапестеп өстүргөн уулдарына оор жүк болуп, жалгыз калды. Апасын карагылары келбеген балдары бир күнү чогулушуп, апасын кезектешип карай турган болушту. Апасынын ден соолугу начарлап, сүйлөй албай калды. Убакыттар өттү, апасы керексиз буюмдай бир баласынын колунан экинчи баласынын колуна өтүп, күн өткөрүп жатты. Келиндери да жаман сөздөрүн айтышып, орой мамиле жасашты. Ал мындай кордукка чыдады. Унчукпады. Төрөгөндөн үйлөнгөнгө чейин кам көргөн уулдарынан ушундай мамилени көрдү. Уулдары болсо, апасынын жоопкерчилигин алыштын ордуна бири-бирине түртө салышты. Апасын карагандан айынан бири-бири менен урушушту. Кароо кезеги кичүү баласына келди. Ал аялы экөө достору менен конокко бармак болушкан. Бирок апасын ким карайт? Жинденген уулу улуу агасына чалды.

- Байке, бүгүн менин аябай зарыл жолугушум бар, барбасам болбойт. Апамды сеникине алып барам, бүгүн менин ордума сен карап тур.

Агасы ачууланып инисине: “Алып келсең мени эшикти ачат деп ойлобо”-деп кыйкырып, экөө урушуп кетишти. Урушканына карабай иниси апасын агасыныкына алып жөнөдү. Дарбазаны такылдатты. Эч ким ачпады. Дагы такылдатты. Агасы дарбазаны ачмак турсун, кызыгып келип сурап койбоду. Такылдатып тажаган иниси: “Дарбазанын артында апаң отурат. Дарбазаңды ачып, апаңды үйүңө алып кирип ал”-деп кыйкырып, барчу жагына кетип калды. Апасы булардын баарын көрдү. Көзүнүн жашы көл болуп куюлду. Кыймылдаганга алы келбеди. Сүйлөй да албайт эле. Көпкө отурду. Эч ким дарбазаны ачпады. Бир тирүү жан апасын издеп чыкпады. Эч ким апам тамак жейт бекен, уктайт бекен деп ойлободу. Апасы уулдарына жасаган көп жылдык камкордугуна ушинтип таш боор жоопту алды. Уулдарынын жаш кездерин, уулдары үчүн тамак, кийим-кече издеп өткөргөн күндөрү элестеп жатты. Өзүнө-өзү: “Чын эле ушулар менин балдарымбы? !!!.... Мен буларды аздектеп сүйүп, ыйласа кошо ыйлап, сүйүнсө кошо сүйүнүп чоңойттум... . Түнкүсүн суу ичет элем, тамак жейт элем деп түн уйкумду канча бузушту... Ага жинденбедим. ... Оорушса кошо оорудум... Окуттум, үйлөнттүм, үйлүү-жайлуу кылдым, бирок акырында жалгыз калдым, суукта калдым! Ачка калдым. Караңгы түндө жалгыз калдым! Апасы аябай ызаланды. Өткөн күндөрүн эстеп аябай ыйлады. Караңгы түндө кароосуз жалгыз калды.....

Эрте менен жумушка жөнөгөн уулу дарбазасын ачса, апасы дарбазанын артында өлүп калыптыр....

Ыйык Куранда айтылат:
 “Ата-энеңерге камкор болгула жана аларга эч качан “уфф” деп айтпагыла! Аларга мээримдүү сөздөрүңөр менен кайрылгыла! ”.

Ата-энеңерге жасаган жаман мамилеңер үчүн бул жашоодо жазаланышыңар мүмкүн! Ошондуктан, ата-энеңерге алар мындан ары силерге керек эместей мамилени сездирбегиле! Ата-энеңер менен бирге жашагыла! Аларга жылуулук бергиле, мээрим чачкыла, көңүл бургула! Алар ар дайым силердин жылуу мамилеңерге муктаж экендигин унутпагыла! Ата-энеңерди таштабагыла! Силер ата-энеңерге кандай мамиле жасасаңар, силер да балдарыңардан ошол мамилени көрөсүңөр! Ата-энеңерди карагыла! 
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Анда мен 2011 жылы Бишкекте Фучика кочосундо жайгашкан аптекада охранада иштечуу элем.Бир куну мен иштеген жерге жакын жайгашкан Боорукер деген мини базар бар эле,ошол базарга обед кылып отурсам жаныма бир бомж келип отуруп калды,иним тамагынан калтырып койчу деп.Жайдын куну эле байкуш ал байке жыттанып кетиптир,бир убакта ошол жерде иштеген бир эже келип айтбаган создор м,н урушуп кубалай баштады.Бомж байке унчукбай менин жаныман тура баштады эле,боорум оруп кетти да эжеге Бомждар эмне адам эмес бекен кубалабан бул жерден акчасы жок болсо тамакты мен алып берем деп кыйкырып жибердим.Элдин баары мени карап эле калышты,байкеге обед алып берип ,акчасын толоп ишиме кетип калдым!Ошентип эртеси жумушка келдим,обедке чыксам баягы байке дагы деле журот,мени коруп суйунуп учурашып кирди,кол кармашып сузушуп учурашып калдык,нары бери откон элдин баары бизди карайт,мен анда кара шым ,койнокчон иштечуу элем!!!Экообуз отуруп бирге тамактандык тааныштык аты Бекназар эле озу суйлогон созу ордунда,акылдуу байке , анын мурда семьясы эл катары жашоосуу,жеке бизнеси болгон экен.Жол кырсыктан келинчеги каза болгон экен ,кызым ошондо 15жашта деп айты эле.Келинчеги каза болгондон кийин Бекназар байке ичкилике кирип кетип эч нерсеси жоок калган экен,уйун келинчегини туугандарына Откоруп бериптир анткени кызы ошолордун колунда экен.Кызын суротту да бар болчу эскирип калган,кызын 3жылдан бери коро элек экен,бирок кызы кайсы мектепте окуушун билчуу эле.Мен жумушта 2/2иштечуумун эс алуу кундору атайын барып тамак алып берип келчим.Бир куну эс алып жатып ,Бекназар байкеге барсам жоок баягы базарда ,ошол жерде иштегендердер баары таанышчуу Бекназар байкени сураштырсам кечетен бери жоок дешти,2сааттай куттум келбеди кетип калдым.Эртеси ишке келип,сыртта турсам,Бекназар байке токтогон машинелерден акча сурап журуптур,кыйкырсам суйунуп чуркап келди,экообуз баягы адатыбызча учурашып кирдик.Кече келсем жок экенсиз каякта элесиз десем,Кызымдын 2кундон кийин туулган куну ошого белек алышым керек,белеке акча чогултуп иштеп келдим дейт.Дордойдогу мусор токчу жерге барып иштеп келиптир.Мен эки кун иштедим Бекназар байкенин кызынын туулган куну мага эс алуу болчу,эстеп кетимда Бекназар байкеге бардым,барсам Бекназар байке кундогудой эле акча сурап жургон экен!Айтым бугун сизди кызыныз м,н кезиктирем барасызбы туулган кунуно десем,менде эч нерсе жоок кантип барам деди.Мен алып барам дедим да менде кыйратып деле ачкам жок эле,СЕХОНД ХЕНДЕН кастюм шым алып бердим,ОШ базардын жанындагы банягы тушуртуп,чыкыйтып жасантып койдум да,кызын бир мамалак м,н шоколад алып бердим дагы экообуз Арча бешике бардык,кызы окуудан чыгышын куутуп турдук,байке байкуш толкунданганын,козунон жаш акканын коруп жаман болуп турдум!!!Колунда суротту да бар эле,кызы 3кыз болуп чыгып келе жатты байке тааный албай аттып тааныды,Сезим кызым туулган кунун м,н деди эле кызы карап туруп калды тан калып,мен атанмын Бекназар деди эле кызы байкуш мойнунан кучактап ыйлап жиберди АТА каякта журос мен сизди сагындым деп".Ошондогуу Бекназар байкенин кубанычын атсам соз тугонбойт,Экоо тен ыйлап жатышты,кызына белектерин берди дагы,бетинен ооп жакшы жур кызым мени унутбагын деп айты да ыйлап басып кетти кызы да-ыйлаган бойдон кетти,мен кызына ыйлабагын,эч качан атанды унутбагын жакшы кыз болуп журогун деп Бекназар байке экообуз кетип калдык!!!!Бекназар байке мойнуман кучактап рахмат ,рахмат Айбек сен болбосон кызым корот белем же корбойт белем деп ыйлап суйлоп атты.Ал байкеден 1жылдай кабар алып учурашып журдум,кийин 2012жылы мен Москвага келе бердим,2014октябрда баргам Крга барып Бекназар байкени тапбай койдум учурашып коеюн деп эмне кылып журду экен деп ойлоно берем,кызы не болду экен деп!!!Эмнеси болсода Мусульман элим бомжбу,алкашбы,орукчанбы,майыпбы адамды эч убакта кемсинтбейли,болбойлу алар деле кудайдын пенделери да,алардын пешенелерине жазып-койгон экен ,эмне кылышсын!!!

Автор Айба Кыргызстан
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш


Кебетеси жагымсыз, көрксүз бир адам жашаган экен. Ал жалгыз жашачу жана аябай кедей эле. Ал өзүнө эскирген кездемелерден кийимдерди тикчү. Койдун терисинен чоң, бийик баш кийим тигип кийчү. Бул адам бир шаардан бир шаарга кезип жүрчү. Бир жолу бир шаарга барып калды. Ал шаардын адамдары аны колдору менен кезеп:
“Oй, карагылачы, аябай түрү суук, кебетеси бузук адам экен, баш кийими да аябай күлкүлүү экен!!! ” дешип мыскылдашты.
 Тиги адам болсо, токтоо гана 
“Ассалам алейкум! Билесиңерби, бул кийимдерди мен өзүм тиккенмин. Менин кийимимди мазактаганыңар үчүн силерди кечиремин. Бирок мени Аллах жараткан жана Ал силерди кечирсе болду эми – деген экен. 
Ошондуктан туугандар эч убакта адамдардын кебетесине же жаратылышына карап сын пикир айтуудан алыс бололу, анткени ал кебетени Алла жаратты. 
Технологии Blogger.