Halloween party ideas 2015
Показаны сообщения с ярлыком Куран аяттары. Показать все сообщения
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

– бирок ал сизди мугалим катары кабылдабай жатса эмне кылуу керек?

– балаңыз такыр эле бул нерсе менен алектенүүдөн баш тартып, каршылык көрсөтүп жатсачы?

– балаңыз ойноок болуп, бир жерде отурбай жатса, ага аяттарды кантип жаттатасыз?

Ушул сыяктуу суроолорго каирлик Умм Юсуф айымдын кеңештеринен жооп таба аласыз. Умм Юсуф – бала бакчаларда бөбөктөргө Куран жаттатуу менен алектенген тажрыйбалуу айым. Анын бул жааттагы жеке тажрыйбасы балдарга Куран жаттатууда эң мыкты көмөкчү болот.

null

1. Куранды балаңыздын тили “апа”, “ата” деп чыга баштаганда эле үйрөтүп баштаңыз.

2. Эгер балаңыз сиздин аркаңыздан аяттарды кайталабай жатса, эч кайгырбаңыз. Анткени ал, баарыбир, Куранды угуп, акырындык менен аны сиңире берет. Балаңыздын сүйлөө аппараты толук калыптанбагандыктан, сиздин аркаңыздан кайталабай жаткан болушу мүмкүн.

3. Эгер балаңыз аяттарды туура эмес кайталап жатса (тамгалардын аягын жутуп, тажвиддин эрежелерин сактабаса) да, Куран жаттоону токтотпой үйрөтө берүү керек. Баланын чоңоюшу, анын тилинин өнүгүүсү менен каталар акырындан жоюла баштайт.

4. Башында, 1 жарым-2 жаштар чамасында, Куран жаттоодо угуу сезими маанилүү ролду ойнойт. Сиз Куранды коюп коюп, же өзүңүз бир нече ирет кайталап окуу менен баланын эс тутумун калыптандырасыз. Куранды ага өзүңүз каалагандай башаламан коюп бербестен,түзүп алган пландын негизинде, мисалы, бул жумада кайсы сүрөлөрдү жаттоого камынып жатканыңыздарга карата Куран аудиосун коюп бергениңиз эффективдүү болот.

5. Кичинекей балдарга жаттоого күнүнө 2-3 аяттан берсеңиз болот.

6. Албетте, кичинекей бала бир жерде отурбай кыймылдуу болот. Мындай учурда сиз анын колуна бир нерсе берип алаксытыңыз. Мисалы, пластилин, шарик, түрдүү боегучтарды берип, аны бир жерде отурууга алаксытуу менен үйрөтүңүз. Алар колундагы нерсе менен ойноп жатып, Куран угуп, сиз айткандай кайталай беришет.

7. Эгер бала аяттарды кайталабай, окуудан баш тартып жатса, анда аны зордобоо керек. Мындай учурда сиз Куранды коюп коюп, же өзүңүз сыртыңыздан окусаңыз болот. Бала пассивдүү болсо да, уккандарын кичинеден сиңирет. Куран жаттоону олуттуу сабак катары кабылдап, баланы тажатып албаңыз. Ага кыйкырып, урушуп, басым жасоодон алыс болуңуз.

8. Куран жаттатууда балаңызды кызыктырып, анда жакшы эмоцияларды пайда кылганга аракеттениңиз. Мисалы, Куран жаттатуучу жайды алмаштырып, аны ар кандай оюндар менен коштоого болот. Мисалы, “Бүгүн Куранды эшиктеги бакчадан кайталайбыз” деген сыяктуу.

9. Балага Куран жаттатууну 3 этапка бөлүп алсаңыз болот. Мисалы, 1-тахдир: бул күнү эмнелерди жаттай турганын айтуу, тааныштыруу; 2-жаттоо процесси; 3- кайталоо.

10. Эгер бала апасын мугалим катары кабылдабай жатса, машыгууну оюн түрүндө өтсөңүз болот. Бөлмөдө Куранды коюп коюп, же өзүңүз үнүңүздү бийик чыгарып окуп, аны менен бирге кубик ойноп, же сүрөт тартыңыз. Бала ойноп жатса да, артта жаңырып турган Куранды угуп, өзүнө сиңире берет. Мындан кам санабаңыз.

11. 4, же 5 жаштан соң балада “каалабайм” деген мүнөзү башталат. Бул учурда аны мажбурлабаганыңыз оң. Болбосо, Куран жатоого болгон каалоосун такыр эле өчүрүп алышыңыз мүмкүн. Куран жаттоону кайсы бир убакка калтыра туруп, бул нерсени башка иш менен алмаштырыңыз. Мисалы, Куран аяттарынын үстүнөн ой жүгүртүү, маанисин түшүндүрүп берүү жана башка. Балдар 4 жаштан соң бир нерсени талкуулаганды жакшы көрүшөт. Бул учурду эффективдүү колдонуңуз. Куран тууралуу телекөрсөтүүлөрү бирге көрүңүздөр.

12. Куран аяттарын жаттаганы үчүн балдарга чакан белектерди берген ашыкча болбойт. Бул анын аракетин баалагандык болуп саналат. Бирок муну менен бирге балага Куран жаттоонун себеп, максатын так түшүндүрүп туруу кажет. Куран жаттоо кайсы бир белектерди алуу үчүн эмес, а Аллахтын ыраазычылыгы үчүн экендигин эскертүү абзел.

13. 4 жаштан кийин балага Куран жаттоодо көрүп окууну да кошо баштаса болот. Мисалы, аятты окуп, баланын колун Куран китебиндеги ошол аятка коюу менен ал угуу гана эмес, визуалдуу түрдө да жаттай баштайт.

14. Эркек бала үчүн Куран үйрөтүүгө апа жакшыбы же эркек мугалимби? 6 жашка чейин баланын апасынын жанында болгону жакшы. Же аял мугалим болсо дурус. Анткени, көпчүлүк эркек окутуучулар 6 жаштан төмөн курактагыларды окутууда сабырдуулугу жетпей кетет. Ал эми 6 жаштан соң балага үлгү боло турган эркек киши керек. Андыктан, бул жаштан соң баланы эркек киши окутканы дурус.

15. Балаңыз чоңойо баштаганда ага Куран жаттоодо өзү курактуу компания таап бергенге аракеттениңиз.

Запись Балаңызга Куран жаттатууда керек болчу 15 кеңеш впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

БИСМИЛЛААХИР РОХМААНИР РОХИЙМ!

Бул ааламга бир ирет гана келүүчү адам баласынын жашоосу ары кызык жана жагымдуудай көрүнүп өзүнө тартат .
Биринин артынан бири келген сыноолорго карабай сабырдуулук менен жеңе билүү,
Жараткан тараптан берилип жаткан сыноо экенин сезе билип ага шүкүрчүлүк кылуу момун адамдын гана колунан келүүчү иш .
Мусулман таң калычтуу инсан!
Анын башына мүшкүл иш түшсө сабыр кылат,
бул үчүн ал сооп табат .
Эгер жеңилидик келсе ага шүгүр кылат,
ал үчүн да сооп алат .
Бул дүйнө сыноо дүйнөсү!
Сиз биз инсан болуп жаратылып,
Жараткандын астына кайра кайтып баруучу пенделербиз. Ар бирибиздин
эмне кылып жаткандыгыбыз жазылып туруучу
амал китебибиз бар, аны эмне менен толтуруп жазып жаткандыгыбызды ойлонойлу .
Ал улуу Жаратуучу Аллах!
Ичтеги сырларды билип туруучу Даанышман!
Азыр кимдир бирөөлөр ушул макаланы окуп жатып балким ой- пикири башка жактадыр..
Кимдир бирөө машинасын ойлоп жатат.
Кимдир бирөө үйүн чонойтуу керек,
ремонт кылыш керек аны ойлонуп жатат .
Кимдир бирөөлөр сүйгөнүн ойлоп жатат)
Дагы бирөө эч нерсени ойлонбойт,
оюнда эч нерсе жок ..
А бирок ошол баардык жандуулардын ичинде эмнелер, кандай сезимдер, кайсы ойлор болуп жатканын билип турган Зат бар!
Бактылуулук адамдын колунда эмес !
Эгер бактылуу кылуу адамдын колунда болгондо анда адам баласы өзүнүн жакындарын
ата-энесин, агасын, эжесин, карындашын бактылуу кылып коймок .
Шыпааны Аллах берет !
Оору да Аллахтын каалосу менен келет.
Шыпааны Аллах берет десе кээ бирлери
дары-дармекти такыр колдонбой,
врачтарга барып көрүнбөй, оорусун жашырып
жүрө берүү керек деп түшүнүп алат да.
Муса пайгамбар күндөрдүн биринде каттуу ооруду. Өттө кыйналып Аллах Таалага кайрылып шыпаа берүүсүн сураганда
Аллах Таалам жерде өсүүчү бир өсүмдүктүн жалбырагын кайнатып ичүүсүн өкүм кылды.
Муса алайхис салам келди, өсүмдүктү тапты,
жалбырактарын кайнатып ичти,оорусу басылды. Арадан бир кыйла убакыт өтүп
Муса пайгамбар дагы ооруп калды.
Барып жанагы өсүмдүктүн жалбырактарын кайнатып дагы ичти .
Бирок оорусу басылбады, көп кыйналды..
Аллах Таалага кайрылып
сураганда жооп болду:
“Эй, Муса!?
Сен биринчисинде шыпааны менден сурап келдиң, жана шыпааны бердим .
Экинчисинде менден эмес туура барып ошол өсүмдүктөн шыпаа издедиң,
бирок шыпаа таппадың !”-дейт.
Сиз менен бизде дал ушул сыяктуу
Ушул даары мени айыктырат – деген
түшүнүк эмес, Пайгамбарыбыз деле даары колдонгону үчүн мен да колдономун,
Аллахым шыпаа бер деген түшүнүк болсун!
Бир күнү бирөөнүн үйүнө зыяратка бардык.
Барсак эшикти инилери ачып ичкери киргизди.
Агасы 10 жылдан бери төшөктөн турбайт экен .
Эки буту, эки колу такыр иштебейт экен.
Бул жакта жүрүп шүгүр кылайлы деп айта берет экенсиң, бирок өз көзүм менен көргөн соң
Жүрөктөн чындап шүгүр кылдым.
Тамак да өзү жей албайт, эшикке чыгалбайт, жүгүрө албайт, кеңири олтуруп кайра туралбайт, түз жата албайт ..
Аны көрүп жүрөгүм кошо бүт денем
муздай түштү .
Бир ааз чогуу олтуруп сыртка чыктым да
Жаратканга жүрөктөн шүгүр айттым .
Эки көзүбүз менен көрө алабыз,
кулактарыбыз уга алат, буттарыбыз баса алат,
тилибиз сүйлөйт, эң негизгиси ажат канага өзүңүз басып бара аласыз ..
Аллах сактасын 15 жыл бирөө сизди жуунтуп, ажат канага алып барып, тамак жедирсинчи
ошондо жашоону көрмөксүз !
Азыр бүт денеси сак болуп туруп жашоого нааразы болгондор бар .
Эмнеңе нааразы болосуң ?
Адам баласы дүйнөдө өзүнөн төмөндөгүлөрдү карап жашоо керек .
4 маал курсагың тоюп, чалкалап телефон чукулап ыссык жерде жатып уктайсың
башка жерде кээ бирлери өмүрү бир жумшак жерге жатып, өмүрү ыссык тамакты көрө электер бар. Шүгүр кылайлы тууганым !
Аллах Таалам гана ырыскы берет !
Кээ бирлери муну да түзмө-түз түшүнүп алат да иштебей, мээнет кылбастан эле
алма пышып оозума түш деп алышат)
Пайгамбарыбыз деле иштеген ..
Соодагер болгон, кээде жаштыгында кой баккан
мээнет кылганго үлгү алайлы !
Ырыскыны биз эркектер издейли !
Изилдеп чыгышса Каримов деле кичинесинде
дед домдо өскөн бала экен .
А бирок бир чоң мамлекетти кыңк эттирбей
көп жылдар бою башкарып койбодубу ..
Ал өзү мисалга да татыктуу эмес эле,
жөн гана түшүнүктүү болуусу үчүн айтып жатамын) Ырыскыны Аллах берет !
Аллах Таалам жерди титиретсе
ким токтото алат !?
Асмандан бир даана жамгыр түшүрбөй,
курукчулук кылып салса ким нөшөрлөтүп чагылганы менен кошо жамгыр жаадыра алат.
Апрелде кар жаадырса ким токтото алат ?
Бак-дарактарга бүчүр бербесе ким гүлдөтө алат ? Түндү күндүз кылып, күндү түн кылуучу
Затты ар дайым эстеп жүрөйлү !
8-9 балл жер силкинсе баардык нерселер кыйрап түшөт экен .
Ал эми 12 балл жер титиресе адамдар коркконунан жүрөгү жарылып
өздөрү эле өлүп калышат экен .
А бирок кыямат күнү жер силкинип
ичиндеги болгон нерсесин сыртка чыгарып салат . Тоолор пахта сыяктуу учуп,
асмандар айнек сыяктуу сынат .
Жыртылбайсың, сынбайсың деген бекер кеп)))..
Сиз биздин астыбызда ушундай нерселер турат, сиз менен биз дагы эле дүйнө менен
убарабыз . Бул дүйнөдө
бир ирет берилүүчү жашообузду
Аллах каалагандай өткөрүүгөаракет кылайлы !
Дин душмандарынын бири ойлонуп олтуруп,
Мусулмандар өнүгүп бара жатат кантип жок кылсак болот деп,
аңдып мусулмандардын бир мамлекетине келет. Кеч кирип түнөгөнгө гостиница таап үч күн жашайт .
Үч күндөн кийин акчасын төлөйүн деп
ээсине барса гостиницанын ээси мусулман экен айтат:
– Сен бизде үч күн конок болупсуң.
Биздин динде үч күн конокту бекер сыйлайт акчаңды албайбыз деп чыгарып коёт.
Жанагы киши мусулмандарды базарда уят кылса болот деп базарга барып,
Топу сатып алмакчы болуп
Сатуучуга кайрылып 10 шт топу берүүсүн суйрайт . Сатуучу айтат:
Эх ! Сен менден эмес тээтиги кошунамдан алгын, мен бүгүн жакшы эле пайда таптым,
ал да пайда көрсүн деп сатпай коёт..
Ошондо жанагы дин душманы аң-таң болуп
чыныгы дин Ислам дини экен деп
Ыйман келтирип мусулман болот.
Куран Хадис кандай улуу нерсе !
Аны үйрөнсөңүз, балдарыңызга үйрөтсөңүз
жашоодо амал кылсаңыз бактылуу адам болосузго..
Дүйнөлүк илимде, чет жердеги менмин деген университеттер бириси дагы ата-энени кантип сыйлоо керек, каарыса эмне кылуу керек
аны айтып бере албайт !
Бирок ошону да дин үйрөтүп жатат !
Куранды үй-бүлөөбүзгө ,
балдарыбызга үйрөтөйлү,
өзүбүз амал кылайлы,
Ошондо Бактылуу болобуз !
(кайталоо, эскертүүлөр)…

Али Оши~

“БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ”

Запись Куран жана бала тарбиясы впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш


Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Технологии Blogger.