Halloween party ideas 2015
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Ар бир инсан өмүрүндө жакшылык кылып турса – аны Аллах Таалам эстеп жакшылыгын эселеп кайтарып берет. Башкаларга жакшылык кылуу, бакыт жолдорунун бири жана бакытка бакыт кошот. Пайгамбарыбыз ( саллаллоху алейхи ва саллам) бир хадисинде айтат:

Аллах Таала кыямат күнү эсеп – кытап кылып жатып сурайт: Оо, адам баласы! Менин курсагым ачканда тойгузбадың. Анда пендеси сурайт: Кантип тойгузам? Сен бүткүл ааламдардын Роббиси болсоң! Анда Аллах Таала: Баланчанын баласы баланча пендем ач калганын билдиң эле го,ошого тамак бергениңде ошонун( сообун)азыр тапмаксың…

Аллах Таалам Оо адам баласы! Чаңкап суусаганда суу бербедиң. Кантип суу берем! Сен бүткүл ааламдардын Роббиси болсоң! Баланчанын баласы баланча пендем суусуз калганын билдиң эле го,ошого суу бергениңде ошонун (сообун) азыр тапмаксың …

Оо адам баласы! Мен ооруганда мени көрүүгө келбедиң. Кантип көрөм сени! Сен бүткүл ааламдардын Роббиси болсоң! Баланчанын баласы баланча пендем ооруп калганын билдиң эле го,ошону көргөнү барганыңда мени ошол жерден тапмаксың ..

Аллах Таалам көрүүчү, билүүчү, угуучу биздин эмне кылып жатканыбызды билип көрүп турат. Ушундай жакшылыктарды кылган болсок, Аллахым дайым биз менен бирге болот.

Аллах Таала Израил коомунан бир бузуку аялды, чаңкап өлгөнү калган итке суу бергендиги үчун Бейишке киргизген. Андай болсо ачты тойгузган, чаңкагаганга суу берген, муктажга жардам берген инсан кандай гана сыйлыктар менен сыйланат! Бул жагын ойлоп көрүң. . .

Пайгамбарыбыз (саллааллоху алейхи ва саллам) хадисинде айтат:

Кимде ашыкча тамак -аш болсо аны тамак ашы жокторго берсин. Кимде ашыкча унаа болсо аны унаасы жокторго берсин. .

Биз ушундай иштерди жасап жатабызбы жок албетте тамагыбыз ашыкча болсо дароо сата койуп, унаабыз экөө болсо жөндөн жөн мэ сен мине кой деп берип салбайбыз го, мерс болсо жип болсун деп, жип болсо камаз болсун деп күнүмдүк жашообуздун ырахаты үчүн ач көздүк менен алдыга умтула беребиз.  Эх ошол унаалар кабат кабат үйлөр акыретте сага үй болуп, унааң бейишке алып өтсө экен эч качан андай болбойт алар сен өлгөндө эле артыңда жарамсыз күл бойдон кала берет. Акыретибизге үй боло турган, унаа боло туган бул -биз жакшылык иштерибиз болот. Бир курмаң болсо да бөлүшүп же  садака бер деген.  Өтө турган дүйнөдө байлыктын эмес жакышлык сооптордун артынан чуркайлы сен кааласаң да каалабасаң да өтө турган күн келе, убагы келгенде тириле турган күн келет, аягында сурала турган күн келет! Азыркы кампайган капчыгыңды эмес ошол күндөгү амал таразаңды эсте!

Абдулла ибну Мубарактын жөөт кошунасы болгон. Абдулла балдарынан алдын ошол кошунасына тамак -аш, кийим кече берээр эле. Адамдар келип ал жөөткө үйүңдү сат деп калат, анда ал Үйүмдү эки миң динарга сатам, миң динар үйдүн акысы, миң динары болсо кошуналык акы Абдуланыкы деп айткан экен. Ал сөздү Абдулла угуп калып Аллахым бул инсанды Ислам жолуна киргиз деп дуба кылат. Жүрөктөрдү туура жолго баштоочу Аллах Таала ошентип Абдулланын дубасын кабыл кылып, жөөт кошунасы Ислам динин кабыл алган экен. . . .

Абдулла ибну Мубарак кербенин алып ажыга жөнөп калат, жолдо баратып бир айылдын жанынан өтүп баратып бир айылдын жанынан өтүп бара жатканда бир аял таштандыда жаткан өлүп калган карганы үйүнө алып кирип кетет. Абдулла кызматчысын ал аялдын артынан жөнөтүп, эмне себептен андай кылгандыгын суратат. Анда ал аял Үч күндөн бери балдарыма берээр тамак жок ушунтип күн көрүп жатабыз  деп жооп берет. Аны укканда Абдулла эки көзүнө жаш алып, кербендеги болгон нерсесин ошол айылдын кедей кембагалдарына таратып берип, ошол жылы ажыга барбай калат. Күндөрдүн биринде Абдулла уктап жатып түш көрөт. Түшүндө Ажылгың кабыл болсун, күнөөлөрүң кечирилсин деген үндү угат. .

Аллах Таала куранда айтат

«Өздөрүндө жетишсиздик, болуп турса да, өздөрүнө карганда өзгөлөрдү жогору койушат» (599)

Жакшылык -Кандай жакшы касиет! Кандай сонун мүнөз! Кандай гана адеп ахлак! Жакшылык жашооңду өзгөртөт! Жакшылык жан дүйнөңдү тынчтантып, жүрөгүңдү кенен кылат!

Жашооңдо жакшылык кылганың үчүн эч качан кайгырбагын. А бирок күнөө иш, ката нерсе кылгандыгың, башкага жардам бербегендигиң үчүн кайгыргын!. . .

Насиба Абдуллаева,

«БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ»

 

The post Инсандарга жакшылык кыл … appeared first on FORMULA.KG.


October 22, 2015 at 09:55AM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Бүгүн Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Токтомушев Максатбек ажы жалпы Кыргызстан калкын жана мусулмандарды келе жаткан Ашура күнү менен куттуктап, бул күндүн улуктугу туурасында айтып өттү.
«Бул күн Алла Таала Муса пайгамбар жана Исраил уулдарын Фараон менен анын аскерлеринен куткарган күнү. Ашура күнүнүн орозосу бир жылдык күнөө-кемчиликтерди жууйт»,-деди Азирети муфтий Токтомушев Максатбек ажы.
Эскерте кетсек, Ашура Мухаррам айынын онунчу күнү белгиленип, 23-октябрга туш келет. Аллахтын элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) Ашура күнү кармаган орозо тууралуу мындай деген: «Бул күнкү орозо өткөн жылдын күнөөлөрүнө кафарат. (кечирилүүсүнө себеп)». (Муслим1162).
Ашура күнүн майрам деп белгилеп, атайын тамак-аш даярдоонун кереги жок. Ашура күнүнө бир күн кошуп орозо кармоо керек (тогузунчу же он биринчи Мухаррамда). Эгер тогузунчусу болсо жакшыраак.

http://muftiyat.kg/

The post Азирети муфтий Кыргызстан калкын келе жаткан Ашура күнү менен куттуктады appeared first on FORMULA.KG.


October 21, 2015 at 11:09PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

⌛ Учурда, “мен намаз окубаганым менен , менин жүрөгүм таза, аллахка жүрөгүм менен ишенем, ошол эң негизгиси эмеспи деген “тилинде” гана мусулмандар, тилекке каршы көп. Албетте жакшы адам болуу, жакшылык кылуу, коомго пайдалуу инсан болуу маанилүү жана керектүү. Бирок алар айтып жаткан, “менин намаз окуума муктаждык жок, менин жүрөгүм таза”-деген сүйлөмдүн өзү, дүйнөдөгү эң булганыч сүйлөм. Анткени, пайгамбарлар да өз напсисинен коркушкан. А сиз, эч бир арамды карабадыңызбы? Бир да жолу жалган айтпадыңызбы? Бирөөнүн артынан сүйлөп, күнөөсүн албадыңызбы? Макул буларды кылбадыңыз дейли. Бирок намаз окубаганыңыздын өзү, чоң күнөө катары сизге жетет. Намазга кичинекей бир маселе ( аа, ооба окуш керек, окуйм буйруса) катары караган бирөөнүн чооң бир маселеси калбагандыр. Анткени намаз, андай маани бербей коё турган кичинекей нерсе эмес. Ыймандан кийинки эле сурала турчу нерсе бул, намаз.

🙏 Негизи бул жашоодо, бирөө бизге жакшылык кылса сөзсүз рахмат айтабыз. Чоң бир проблемабызды чечип, көйгөйдөн арылуубузга себепчи болгон адамга ыраазычылык билдире албай калсак, ичибизден кыжаалат болобуз. Бирок , биздин ушул дүйнөдө, ушундай өнүккөн доордо, тынч бир өлкөдө, ата-энебизди маңдайыбызда кылып жаратып койгон, жадакалса ошол бизге жардам берген адамдын бизге жардам берүүсүн шарттаган, жаратуучуга бир жолу сажда кылып ыраазычылык билдирбесек нанкөрдүк (жакшылыкты билбегендик) болбойбу? Ойлонуп көрүңүзчү, сиз Сириядай болгон согуш өлкөсүндө, колунда бар үй-бүлөөдө эмес, жакыр бир үй-бүлөөдө туулуп калышыныз мүмкүн эле. Же ушундай жетишкен заманда, тынч өлкөдө туулайын деп, төрөлүүдөн мурда факс жибердиңиз беле? Жакшылап ойлоно турган болсоңуз, бул дүйнөдө бардык жаратылгандар адамдын кызмытында. Бири-биринен өзгөчөлөнгөн жашылча жер жемиштер, көз жоосун алган кооз жаратылыш, булардын баары адам үчүн. “Тилде” гана өзүн мусулман эсептеген бирөө үчүн жылдыздар бул кечки романтика, а чыныгы мусулман үчүн аллахтын берген нээматы. Аллах, бул кооз жаратылышты акындар көрүп кыздарга арнап ыр жазсын деп эмес, жаратуучусун таанысын деп жараткан. Элестетсеңиз сиз бир соонун нерсе жасадыңыз, аны көргөндөр болсо, сиздин атыңызды айтмак тургай эстеп же оюна да алып койбой башка эле бирөөнү даңктап, мактап жатышат. Каарыңыз келип ачууланбайсызбы?

👉 Мына ушул ыраазычылык, шүгүр момун мусулмандын намазы менен билдирилет. Момун мусулмандын ар бир намазы бул мираж, б.а аллах менен жолугушуу. Эгерде сизди, сиз аябай жакшы көргөн, көрүүнү эңсеген бирөөңүз, кумириңиз дейбизби жолугушууга чакырса барбай коё алат белеңиз? Кечигип барат белеңиз? Барган соң маанисин билбеген эле сөздөрдү шаша-буша айтып коюп кеткенге шашылат белеңиз? Жок албетте. Ушул сыяктуу эле, аллах сизди бир күндө беш жолу жолугушууга чакырып жатат. А сиз болсо убактым жок, зарыл иштерим бар, шартым жок деп ар кайсы шылтоолорду айтып, аллахтын чакыруусун четке кагып жатасыз.

💊 Бир адам ооруп ооруканага барса, анын рак оорусуна чалдыкканын жана ашып барса үч ай өмүрү калганын айтышат. Бул мусулман бирөө, үйүнө келип өкүнүп, кайгырып олтуруп калбай, дароо бул дүйнөлүк иштеринен арылып, өлүмдү эстеп даярдана баштайт. Эми суроо: Биздин үч айга чейин жашайбыз деген кепилдигибиз барбы? Эч кандай кепилдигибиз жок. Бирок биз, бул дүйнөдө түбөлүк жашачудай жүрөбүз. Окууму бүтсөм, үйлөнүп жайланып бир жаңсыл болгондон кийин, намаз окуйм буйруса, ниетим бар, жок эмес- деген досторубуз, сиздин ошол күндөргө жетишиңизге кепилдигиңиз барбы? Бул темада сөз болгондо эле кээбирөөлөр “өлүм менен коркутпа!” –дешет. Өлумдөн коркуш эмес, өлүмгө даяр болуш керек. Жаш өлгөндөн эмес, ыймансыз, намазсыз өлүп кетүүдөн коркуш керек. Эгер чын эле өлүмдөн корксоңуз эч ойлонбой дароо намаз окуп башташыңыз керек эмеспи? Бирок кайра эле күнүмдүк иштериңизди улантып, өлүмдү эстегиңиз келбейт. Мергенчиден жашынып, мени көрбөсүн деп башын кумга жашырган төө куш сыяктуубуз. Мергенчи- бул өлүм, бизди көрүп турат, бар экени анык, бирок биз аны көрбөөгө, мойнубузга албоого тырышабыз. Мисалы: сиз, бүгүн өлүп калышым мүмкүн деп ойлодуңузбу? – жок ойлободуңуз, элестете да албайсыз. Жакшына эле жүрүп кантип өлүп калайын деп эстегиңиз да келбейт. Так эле кумга башын жашырган төө куш сыяктуу. Бирок өлүм ак. Ал биз билбеген, күтпөгөн учурда да келип калышы мүмкүн.

🎭 Намаз окубаган мусулман туугандар тили менен айтышпаганы менен негизи ушуну айтышат: Убакытым аз, бош эмесмин, аллах берген 24 сааттын 1 саатын аллах үчүн бөлө албайм. Ал эми намаз болсо Аллахка эмес, өздөрүнө керек экенин ойлоп олтурушпайт.

Намаз диндин тиреги. Намаз окубаган бир мусулманды, мусулман деп атоо да кыйын. Анткени намаз окуу кудайга болгон ибадат. Намаз окубоо болсо шайтанга болгон ибадат, шайтанга болгон кулчулук. Тилекке каршы ушундай бир доордо жашап жатабыз, бир мусулмандан, намаз окуйсуңбу?-деп сурайбыз. Негизи мусулман болуу, намаз окуу бири-биринен айрылгыс эле нерселер эмеспи.

❗Урматтуу мусулман бир туугандар, биз намазыбыз менен мусулманбыз. Келиңиздер “тилде” гана мусулман болуудан чыгып, “менин жүрөгүм таза деген сөздөр менен өзүбүздү алдабай”, чыныгы момун мусулман бололу. Намаз сизге оор келбесин. Намаз аркылуу сизге берилүүчү түбөлүк бакытты, убактылуу нерселерге алмаштырбайлы!!!

👤 Перизат Мусабек кызы,
👪 «БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ»
🔎 http://ift.tt/1LEVxIg

The post “Эң негизгиси жүрөгүбүз менен ишенсек, жүрөгүбүз таза болсо болду, намаз окуу шарт эмес”- дегендерге. appeared first on FORMULA.KG.


October 21, 2015 at 10:05PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

 

⬅  Кыяматтын белгилери – 1  
⬅ Кыяматтын белгилери – 2
📌 ӨЗҮН ПАЙГАМБАР ДЕП АТАГАН ЖАЛГАНЧЫЛАРДЫН ЧЫГУУСУ.

Кыяматтын дагы бир белгиси – өзүн пайгамбармын деп атаган жалганчылардын чыгуусу. Пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун) алардын саны отузга жакын болорун айткан. Хадисте: “Өздөрүн Алланын элчисимин деп эсептеген отузга жакын жалганчы чыкмайынча Кыямат болбойт” – деп айтылган. (Имам Бухари).

Чындыгында, Пайгамбарыбыздын (Ага Алланын салам-салаваты болсун) заманынан баштап бүгүнкү күнгө чейин көптөгөн жалганчылар чыкты. Мындай жалганчылар Кыя-матка чейин чыга берет. Анткени, Пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун) бир жолу хутба кылып жатып: “Аллага касам, отуз жалганчы чыкмайынча Кыямат болбойт, алардын акыркысы кыйшык көздүү Дажжал болот” – деп айткан. (Имам Ахмад).

Ошондой эле Савбан (Алла андан ыраазы болсун) келтирген хадисте, пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун): “Менин үммөтүмдүн кээ бирөөлөрү мушриктерден өтүп, эстеликтерге сыйынмайынча жана өздөрүн пайгамбар деп эсептеген отуз жалганчы чыкмайынча Кыямат болбойт. А мен болсо, пайгамбарлардын акыркысымын, менден кийин пайгамбар келбейт” – деп айткан. (Тирмизи, Абу Дауд).

Ал эми Хузайфа (Алла андан ыраазы болсун) кабарлаган хадисте, пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам- салаваты болсун): “Менин үммөтүмдөн жыйырма жети жалганчы чыгат, алардын төртөөсү аял. Чындыгында мен пайгамбарлардын акыркысымын, менден кийин пайгамбар чыкпайт” – деген. (Имам Ахмад, Табарани).

Тарыхта биздин убакка чейин жыйырма жети жалганчы чыккан. Алардын төртөөсү аялдар болгон. Булардын баары өзүн пайгамбар деп жарыялаган. Булардан сырткары да көптөгөн жалганчылар чыккан жана чыга берет. Бирок, Пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун) айткан отузга жакын жалганчынын артынан ээрчиген жана ага ишенген адамдары болот. Алар адамдардын арасында чоң бөлүнүп-жарылууну жана бузукулукту таратышат. Ал эми азыркы учурдагы “Мен өлүп тирилдим”, “Бейишти көрүп келдим, тозокту көрүп келдим”, “Түшүмдө аян келди” деген сыяктуу сөздөрдү айтып чыккан жалганчыларды эч ким ээрчибейт. Алар болгону өздөрүнүн материалдык кызыкчылыгы үчүн жалган айтып чыккан, же жин- шайтандарга кул болуп калган “көзү ачыктар” эле. Алардын Пайгамбарыбыздын (Алла андан ыраазы болсун) “Отузга жакын жалганчы чыгат” – деген хадисине тиешеси жок.

📌ӨЗҮН ПАЙГАМБАР ДЕП ЖАРЫЯЛАГАН КЭЭ БИР ЖАЛГАНЧЫЛАР:
  1. Пайгамбарыбыздын (Ага Алланын салам-салаваты болсун) жашоосу аяктап калган мезгилде, Йемендик ал-Асвад Аьнсий аттуу адам өзүн пайгамбар деп жарыя кылган. Ал өзү мусулман болгон. Анан динден кайтып кетет. Бул – пайгамбарыбыздын (Ага Алланын салам-салаваты болсун) заманындагы биринчи динден кайтуу эле. Ал түн ичинде өзүнө асмандан вахий келгендигин айтып, айланасына адамдарды топтой баштайт жана Йеменде үч-төрт ай өкүмүн жүргүзүп турат. Пайгамбарыбыз Йемендин мусулмандарына кат жөнөтүп, аларды жалганчыны жок кылууга чакырат. Катты туура кабыл алган мусулмандар аны өлтүрүшөт. Ал өлтүрүлгөндөн кийин Йеменде кайрадан Ислам күчүнө кирип, адамдар дин менен жашай башташат.
  2. Толиха бин Хувайлид ал-Асадий. Бул адам да өзүн пайгамбар деп жарыя кылган. Мусулмандар аны менен бир канча жолу согушушкан. Акырында ал кайрадан динди кабыл алып, мусулман болгон.
  3. Мусайламатул-каззаб. “Мусайлама жалганчы” деген ат менен белгилүү болгон бул адам да өзүн пайгамбар деп жарыялаган. Ал, түн ичинде өзүнө вахий келе баштаганын айтып чыккан. Абу Бакр Сыддык (Алла андан ыраазы болсун) ага каршы аскерлерин жөнөтөт. Аскерди Халид бин Валид, Икрима бин Абу Жахил жана Шархабил бин Хасана (Алла алардан ыраазы болсун) баштап барат. Мусайлама аларга каршы кырк миң аскер менен тосуп чыгат. Айыгышкан катуу согушта Мусайлама өлтүрүлгөн. Аны Ухуд согушунда Хамзаны (Алла андан ыраазы болсун) өлтүргөн Вахш бин Харб өлтүрөт. Вахш бин Харб Хамзаны (Алла андан ыраазы болсун) өлтүргөндөн кийин, пайгамбарыбыздын (Ага Алланын салам-салаваты болсун) чакыруусу менен динди кабыл кылган болчу. Ал Хамазаны өлтүргөн күнөөсүн жууш үчүн атайын Мусайламанын артынан түшүп, акыры аны өлтүрөт. Му-сайлама өлүрүлгөндөн кийин Ислам дини кайрадан өркүндөй баштаган.
  4. Сажаах бинт Ал-хаарис ат- Таглибия. Бул аял араб христиандарынан болгон. Пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун) дүйнөдөн өткөн соң, өзүн пайгамбар деп жарыялаган. Айланасына көптөгөн адамдарды топтоп, айланасындагы урууларды басып алган. Ал жүрүп отуруп Ямамага чейин жетет. Ошол жерде Мусайламага жолугуп, ага турмушка чыгат. Мусайлама өлтүрүлгөндөн кийин өз жери Таглабага кайтып кетет. Кийин Исламды кабыл алган. Өмүр аягында Басрага көчүп барып, ошол жерде каза болгон.
  5. Мухтар бин Абу Убайд ас- Сакафи. Бул адам таабиьиндердин заманында чыккан. Шийиттердин арасынан чыккан бул жалганчы, өзүнө Жибрийил периште түшкөндүгүн айтып чыккан. Мусьаб бин Зубайр ага каршы бир канча жолу согушуп, акырында Мухтарды өлтүргөн.
  6. Харис бин Саьид. Димашкодон (Дамаск) чыккан бул адам да өзүн пайгамбар деп жарыялаган. Халифа Абдул Малик бин Марван анын жалганчылыгы тууралу билип, ага аскерлерди жөнөтөт. Харис изин жашырып, жашынып калат. Аскерлер аны таап Халифага алып келишет. Халифа бир топ илимдүү адамдарды ага киргизип, аны Исламга кайтарууга аракет кылат. Бирок, Харис тооба кылуудан баш тарат жана өлтүрүлөт.
  7. МирзоГуламАхмадКадиани. ОнтогузунчукылымдаИндияданчыкканбулжалганчыдаөзүнпайгамбардепжарыякылган. Алөзайланасынатоптогонадамдарга “акыркыпайгамбар” экендигинайткан. Өзүнүнпайгамбарлыгындалилдөөгөдалаалаткылганбирканчакитептердижазган. Ошол замандагы Ислам дининин душмандары аны динге каршы курал катары колдонуп, ага материалдык жардамдарын көрсөтүп турушкан. Натыйжада, анын жолун жолдогондор көбөйүп, азыркы учурга чейин “Ахмадия”, “Кадиания” деген агымдар жашап келет. Ал эми бир китебинде “Менин үйүмө чума оорусу кирбейт” деп жазган Ахмад Кадиани дал ушул оору менен ооруп, ажаткана ичинде жан берген.

🔄 Уландысы бар…

The post 🔥 Кыямат алааматтары – 3   appeared first on FORMULA.KG.


October 21, 2015 at 02:52PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Ашура күнү – Мухаррам айынын 10-күнүнө туш келген күн. Быйылкы жылы 23-октябрга туура келет.

БУЛ КҮНҮ КАНДАЙ ИБАДАТТАРДЫ АТКАРУУ КЕРЕК?

Ашура күнү орозо тутуу сүннөт болуп саналат. Анткени Аллах Таала ушул күнү Муса пайгамбарды Фираун жана анын аскеринен куткарган. Ошол себептен улам Аллахка шүгүр кылуу максатында бул күнү орозо тутуу сүннөт.

АШУРА КҮНҮНҮН ОРОЗОСУ ТУУРАЛУУ ШАРИАТТА КАНДАЙ ДАЛИЛДЕР КЕЛГЕН?

Абу Катада, радыяллаху анху, риваят кылат: «Күндөрдүн биринде Пайгамбардан ﷺ Ашура күнүндөгү орозо тууралуу сурашканда, ал: «Ашура күнүндөгү орозо – өткөн жылдагы күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болот деп үмүт кыламын»,– деп жооп берди». (Сахих Муслим, 1976)
Бул хадистен Ашура күнүнүн орозосу бир жылдык күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болоорун билебиз.

БУЛ КҮНДӨГҮ ОРОЗО КАНТИП ТУТУЛАТ?

Ашура күнүндөгү орозо 3 түрдө тутулат:

1) Ашура күнү менен кошо анын алдыңкы жана кийинки күндөрү да орозо тутуу. Ошондо үч күн (22-23-24-октябрь күндөрү) катар орозо тутулат. Мына ушунусу эң толук деңгээлде тутулганы.

2) Ашура күнү менен анын алдыңкы күнү (22-23-октябрь күндөрү) орозо тутуу же Ашура күнү менен андан кийинки күнү (23-24-октябрь күндөрү) орозо тутуу.

3) Ашура күнү эле (23-октябрь күнү) орозо тутуу.
Мына ушул үч түрдүн бирөөсүнө туура келгендей орозо тутсаңыз, Ашура күнүндөгү орозону туура туткан болосуз.

БУЛ КҮНДҮН АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ КАНДАЙ?

– Пайгамбарыбыздын Сүннөтүн аткарып, Ашуранын орозосун тутуу мустахаб болуп эсептелет;

– Бул күнү Пайгамбар да, сахабалар да жана Муса пайгамбар да Аллахка шүгүр келтирүү максатында орозо тутушкан;

– Бул күн байыркы замандан бери өзгөчөлөнүп келген улуу күн;

– Ашура күнү менен кошо анын алдыңкы же кийинки күнү орозо тутуу сүннөт. Анткени жөөттөр Ашура күнү гана орозо тутушкан. Пайгамбарыбыз аларга каршы болуу максатыңда анын алдыңкы күнун же кийинки күнүн кошуп туткан.

– Бул хадистен жыл эсеби эзелтен айдын жаңырышына карата эсептелгенин билебиз. Анткени Аллахтын Элчиси ﷺ айткан хадисте Мухаррамдын 10-күнү Фираунду аскери менен кошо жок кылган деп келген.

Мусулман бир тууган! Бул күн дагы Аллах Тааланын бизге берген улуу күндөрүнөн. Кимде-ким Ашура орозосун тутса, анда өткөн жылдагы күнөөлөрүнүн кечирилишине себеп болот деп жогоруда айтылды. Мына ошондуктан бул күндөгү орозону сөзсүз карма. Анткени Аллах Таала айткандай:
«Чындыгында, жакшы иш-аракеттер күнөөлөрдү кетирет». Худ сүрөөсү (11:14)

Аллах Таалам Ашура күнүндөгү орозону тутууну баарыбызга насип этсин жана туткан орозобузду өткөн жылдагы күнөөлөрүбүздүн кечирилүүсүнө себеп кылсын. Аамин!

Эрланбек Кушчубек уулу 
© ИсламОнлайнKG

23-ОКТЯБРЬ АШУРА КҮНҮНӨ КАРАТА ООЗ
АЧУУ ЖАНА ЖАБУУ УБАКТЫЛАРЫ:

КЫРГЫЗСТАНДЫН ШААРЛАРЫ БОЮНЧА:

БИШКЕК: 05:51 – 18:10
ОШ: 05:58 – 18:21
ЖАЛАЛ-АБАД: 05:57– 18:20
НАРЫН: 05:45 – 18:07
ТАЛАС: 06:00 – 18:21
БАТКЕН: 06:07 – 18:30
КАРАКОЛ: 05:36 – 17:56
РОССИЯНЫН БЕЛГИЛҮҮ ШААРЛАРЫ БОЮНЧА:

МОСКВА: 05:32 – 17:13
САНКТ-ПЕТЕРБУРГ: 06:10 – 17:30
НОВОСИБИРСК: 05:29 – 17:14
КРАСНОЯРСК: 05:51 – 17:32
ЕКАТЕРИНБУРГ: 06:02- 17:38
ТЮМЕНЬ: 05:43 – 17:18
ИРКУТСК: 05:58 – 17:54
ВЛАДИВОСТОК: 05:57 – 18:20
ЮЖНО-САХАЛИНСК: 05:13 – 17:31

🔴 ЭСКЕРТҮҮ!!!
Жогоруда көрсөтүлгөн ооз ачуу жана ооз жабуу убактылары “Дүйнөлүк мусулмандар лигасынын” эсептөө форматы боюнча алынды. Бир аз айырмачылыктар болушу мүмкүн. Шариатта оозду багымдатка чейин жаап, ал эми шам намаздын убактысы киргенде оозду ачуу керек. Эгерде багымдат-шам намаздарына айтылган азанды уксаңыз, анда ошого карап оозду жаап-ачыңыз.

The post Ашура күнү деген кандай күн? appeared first on FORMULA.KG.


October 20, 2015 at 04:09PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

⬅  Кыямат алааматтары – 1

😷 ООРУ СЕБЕПТҮҮ АДАМДАР­ДЫН КЫРЫЛУУСУ

Өлүмдүн көп болуусу да – Кыяматтын жакындап калганын билдирет. Ауф бин Малик айткан хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Ал­лахтын салам-салаваты болсун): “Кыяматтан алдын алты нерсени күткүн: менин кайтыш болуумду, Кудус мечитинин мусулмандар­га өтүүсүн, малдар шарп оорусу менен кырылгандай адамдардын өлүмүнүн көбөйүүсүн, бирөө­гө жүз динар берсең ачуусу келе тургандай болуп, байлыктын кө­бөйүүсүн, ар бир арабдын үйүнө кирген бузукулукту, силер ме­нен Румдуктардын ортосундагы тынчтыкты” – деп айткан. (Имам Бухарий).

Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты бол­сун) Чума оорусун малдын шарп ооруусуна салыштыруусунун се­беби, мал шарп болгондо анын оозунан же туяктарынан суу кую­лат да, дароо жан берет. Чума оорусунда да денеге чыккан жа­радан суу агып, адам бат эле кай­тыш болот.

Кээ бир аалымдар, бул кы­рылуу Палестинада Кудус мечи­тине жакын жайгашкан Аьмваас аймагында болуп өткөн чума ооруусу деп айтышат. Бул оору Умар (Аллах андан ыраазы бол­сун) Кудус мечитин алган жылдан кийин (18-х, 639-ж) пайда болуп, Шам (Сирия) жергесине чейин тараган. Оорунун айынан 25 000 мусулман каза болгон. Алардын арасында Муьаз бин Жабал, Абу Убайда, Шархабийл бин Хасна, Фазл бин Аббас ж.б. (Аллах алар­дан ыраазы болсун) сахабалар да бар эле.

👠 АР ТҮРДҮҮ БУЗУКУЛУКТАР­ДЫН КӨБӨЙҮҮСҮ

Бүгүнкү күндөрү уламдан- улам пайда болуп, адамдарды бузуп, туура жолдон адашуусуна себеп болуучу каражаттар – Кыя­маттын белгиси.

Биринчи – арам кылынган нерселерди көрүү. Газета-жур­налдар, телевидение, интернет, уюлдук телефон ж.б.у.с. аркылуу адамдардын ой-пикирин бузуу кеңири таралууда. Кароого бол­бой турган кинолорду, сүрөттөр­дү азыр ар кайсы жерден көрүүгө болот. Эң алыскы тоолуу аймак­тарда, боз үйдүн ичине чейин мындай бузукулуктар ээлеп ал­ган. Жылаңач аялдардын сүрөтүн бардык жарнамалардан, балдар­дын оюнчуктарынан, кол баш­тыктардан, окуу куралдарынан, идиш-аяктардан, тамак-аштар­дан, кийим-кечелерден, кыскасы бардык буюм-теримдерден кө­рүүгө болот.

Экинчи – арам жол менен та­мак табуу. Уурулук, зордук-зом­булук, каракчылык, паракорлук, сүткордук, таразадан алдоо, соо­дадан алдоо ж.б.у.с. баары – Кыя­маттын белгиси. Ошондой эле арам тамактардын жайылуусу б.а. чочконун эти, арак, Аллахтын аты аталбастан союлган малдын эти, арам өлүп калган малдын эти ж.б.у.с. күнүбүздө кулачын керип бара жатат. Бузукулуктун абдан көбөйгөнүнөн улам такыба адам­дар да андан качып кутула албай калат. Жеген тамагыңдын адал же арам экенинен күмөн санап кала­сың. Аллахтын жолунан чыкпай жүргөн адамдар колуна чок карма­ган сыяктуу болуп жүрүшөт. Бузу­кулуктар биринин артынан бири пайда болуп, улам кийинки чык­каны мурункусунан күчтүүрөөк боло берет. Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) келтирген хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Ал­лахтын салам-салаваты болсун): “Жакшы амалдарды жасоо менен түн караңгылыгындай каптаган бузукулукту тоскула. Бир күн ке­лет, эртең менен мусулман болуп чыккан адам кечинде каапыр бо­луп келет. Кечинде мусулман бо­луп турган адам, эртең менен каа­пыр болуп калат. Адамдар динин дүнүйө үчүн сатып жиберишет” – деп айткан. (Имам Муслим). Ха­дисте бузукулуктун абдан күчтүү болгондугунан улам, адамдар бат азгырылып, ыйманын сактай ал­бай калуусу жөнүндө айтылган.

📡 СПУТНИКТИК КАНАЛДАР­ДЫН КӨБӨЙҮҮСҮ

Азыркы учурда спутниктин каналдардын саны 13 000 ге жа­кындап калды. Алардын дээрлик көпчүлүгү бузукулукту таркаты­шат. Жогоруда айтылган хадис­теги “Түн караңгылыгындай кап­тап кирген бузукулуктун” бири дал ушул каналдар. Хузайфа бин Яман (Аллах андан ыраазы бол­сун) айтат: “Силерге асмандан ушундай жамандыктар келет, ан­дан талаадагы чатыр да кутула албайт”. (Ибн Абу Шайба). Араб­дарда “Ассамаа” деген сөз асман маанисинде гана эмес, “өйдө” де­ген маанини да билдирет. Жого­рудагы асмандан жамандыктар дегендин мааниси – өйдөдөн б.а. спутниктер аркылуу келе турган жамандыктарга айтылган. Азыр эң алыскы тоодо жайгашкан боз үйдүн жанынан да спутник анте­насын көрүүгө болот.

🔄 Уландысы бар…

🔎 http://ift.tt/1GQdsJW

The post 🔥 Кыямат алааматтары – 2 appeared first on FORMULA.KG.


October 20, 2015 at 08:58AM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

📌 2. ПАЙГАМБАРЫБЫЗДЫН (АГА АЛЛАХТЫН САЛАМ-САЛА­ВАТЫ БОЛСУН) БУЛ ЖАШООДОН ӨТҮҮСҮ

💐 Пайгамбарыбыздын (Ага Аллах­тын салам-салаваты болсун) бул дүй­нөдөн өтүүсү – Кыяматтын жакын кал­гандыгын билдирет. Ауф бин Малик (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: «Табук согушунда мен пайгамбары­бызга (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) барсам, ал тери чатырдын ичинде отурган экен. Анан ал мага ка­рап: «Кыяматтан алдын алты нерсени күткүн: менин кайтыш болуумду, Ку­дус мечитинин мусулмандарга өтүү­сүн, малдар шарп оорусу менен кы­рылгандай адамдардын өлүмүнүн кө­бөйүүсүн, бирөөгө жүз динар берсең ачуусу келе тургандай болуп, байлык­тын көбөйүүсүн, ар бир арабдын үйүнө кирген бузукулукту, силер менен Рум­дуктардын ортосундагы тынчтыкты» – деп айтты». (Имам Бухарий).

💐 Пайгамбарыбыздын (Ага Ал­лахтын салам-салаваты болсун) дүй­нөдөн өтүүсү Кыяматтын жакындап калганын айгинелеген негизи белги­лердин бири. Анткени, пайгамбары­быз акыркы пайгамбар. Андан кийин пайгамбар келбейт. Демек, акыркы пайгамбардын келүүсү жана кайтыш болуусу Кыямат жакын калганын бил­дирип турат.

Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) дүйшөмбү күнү бул жашоого келген эле, дал ушул күнү бул жашоодон кетти. Пай­гамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам- салаваты болсун) бул дүйнөдөн өтүүсү мусулмандар үчүн абдан чоң жоготуу болду. Асмандан кабардын түшүүсү токтоду. Эң алгачкы бузукулуктар пай­да боло баштады. Кээ бир арабдардын динден кайтып кетүүсү башталды.

✂ 3. АЙДЫН ТЕҢ ОРТОСУНАН ЭКИГЕ БӨЛҮНҮҮСҮ

Аллах Таала Куранда минтип айтат: «Кыямат жакындады жана Ай (экиге) бөлүндү. Алар (Курайш каа­пырлары) моожизаны көрүп турушса да, (чындыктан) жүз үйрүп: «Бул – ар дайым болуучу сыйкыр» – дей баш­ташты». (Камар, 1-2-аяттар).

Алхаафиз бин Касирдин ай­туусунда, бул окуя Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) заманында болгон. Бул туурасында бир канча туура хадистерде айтылган. Баардык аалымдар бул окуянын пай­гамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам- салаваты болсун) заманында болгон­дугун жана ал Пайгамбарыбызга (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бе­рилген моожиза экендигин айтышкан.

Анас (Аллах андан ыраазы бол­сун) айтат: «Меккелик каапырлар пайгамбарыбыздан (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) кандайдыр бир белги көрсөтүүнү талап кылыш­ты. Ошондо ал аларга айды экиге бө­лүп көрсөттү». (Имам Бухарий, Имам Муслим ж.б).

Абдуллах бин Масьуд (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: «Биз Ми­нада пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) менен турган учурда, ай экиге бөлүндү, бир бөлүгү тоонун артына, экинчиси алды жагына келип калды. Ошол учурда пайгамба­рыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бизге: «Күбө болгула» – деп айтты». (Имам Бухарий, Имам Муслим ж. б.).

Ибн Аббас (Аллах андан ыраа­зы болсун) айтат: «Мушриктер чогу­луп пайгамбарыбызга (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) келишти да: «Эгерде сен чынчыл болсоң, анда айды экиге бөлүп бер, бир бөлүгү Абу Кубайс тарапка, экинчиси Койикоьан тарапка болсун» – дешти. Бул түнү ай он төртүнө карап, толуп турган эле. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын са­лам-салаваты болсун) Аллахка кайры­лып, алардын сураганын дуба кылды. Ошондо ай экиге бөлүндү, бир бөлү­гү Абу Кубайс тоосу тарапка, экинчи­си Койикоьан тоосу тарапка ажырап калды. Ошондо пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) жа­нындагыларга карап: «Күбө болгула» – деди». (Абу Наьийм).

🏰 4. КУДУС МЕЧИТИНИН МУ­СУЛМАНДАРДЫН КОЛУНА ӨТҮҮСҮ

Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бул дүйнө­дөн өткөн мезгилде «Кудус мечити» Рум христиандарынын кол алдында болчу. Ал мезгилде Рум империясы эң күчтүү державалардын бири болгон. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам- салаваты болсун) «Кудус мечитинин» мусулмандардын колуна өтүүсүн сү­йүнчүлөп, аны Кыяматтын жакында­ганынын белгиси катары айткан. Ауф бин Малик (Аллах андан ыраазы бол­сун) айткан хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) ага: «Кыяматтан алдын алты нерсени күткүн: менин кайтыш болуумду, Ку­дус мечитинин мусулмандарга өтүү­сүн, малдар шарп оорусу менен кы­рылгандай адамдардын өлүмүнүн кө­бөйүүсүн, бирөөгө жүз динар берсең ачуусу келе тургандай болуп, байлык­тын көбөйүүсүн, ар бир арабдын үйүнө кирген бузукулукту, силер менен Рум­дуктардын ортосундагы тынчтыкты» – деп айткан. (Имам Бухарий).

Тарыхта Кудус мечити эки жолу мусулмандардын колуна өткөн. Би­ринчи, Умардын (Аллах андан ыраазы болсун) халифалыгында (16-хижра, 637-ж) мусулмандардын колуна өтүп, ал жерди каапырлардан тазалап, ме­чит салышкан.

Экинчи жолу Салахиддин Айюби тарабынан (583-хижра, 1187-ж) мусул­мандардын колуна өткөн.

Кыяматка чейин Кудус мечити мусулмандардын колуна дагы өтөт. Бул мечиттин айланасында болгон уруштар туурасында кийин кенени­рээк айтылат.

🔄 Уландысы бар…
👪 «БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ»

🔎 http://ift.tt/1LZsQoH

The post 🔥 Кыямат алааматтары – 1 appeared first on FORMULA.KG.


October 19, 2015 at 04:58PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтын аты менен баштаймын. Ааламдардын Жаратуучусу, адам баласын сыноо үчүн жаратып, Акырет күнү алардан сурак алуучу Аллах Таалага мактоо болсун. Аллахтын эң акыркы пайгамбары, бул дүйнөнүн убактылуу экендигин үммөтүнө далилдеп, Акыреттеги эсеп-кысапка даярдануунун жолун үйрөткөн пайгамбарыбыз Мухаммадга Аллахтын салам-салаваты болсун.

Урматтуу мусулман бир тууганым! Аллах Таала Куранда: “Оо, ыйман келтирген пенделер! Аллахтан корккула! Ар бир жан эртеңки күнү (Кыямат) үчүн эмне амал кылганына карасын. Аллахтан корккула! Аллах эмне иш жасап жатканыңардан кабардар” – деп айткан. (Хашр, 18-аят). Мына ушул аятты уккан сахабалар бул аятка кандай амал кылышты? Абу Бакр Сыддык (Аллах андан ыраазы болсун) бир күнү бак ичине кирип, бутактанбутакка конуп мөмөлөрдү терип жеп жүргөн чымчыкты көрдү. Ал чымчыкка суктануу менен карап: “Оо, чымчык! Сен бутактан-бутакка коносуң, каалаганыңды жейсиң, каалаганыңды ичесиң, бирок эртең Аллахтын алдында бул үчүн жооп бербейсиң. Сенин жашооң кандай жакшы. Аттиң, мен эл башкарган халифа болуп, эртең Аллахтын алдында эсеп бере албай турганымча, ыймандуу адамдын денесиндеги бир тал түк болуп калсам кана…?” Умар (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: “Аттиң, бул жашоодо сыналып, сыноодон өтпөй калганча, Умардын энеси мени төрөбөй койсо жакшы болмок”. Ибн Аббас (Аллах андан ыраазы болсун) өзүнө-өзү кайрылып мындай дейт: “Оо, Ибн Аббас! Эгерде Аллах сенин күнөөлөрүндү кечирбесе, анда абалың оор болорун билип кой”. Анас бин Малик айтат: “Мен бир күнү Умардын өзү менен өзү сүйлөшүп жатканын уктум. Ал: “Аллахка касам ичип айтам, эй менин нафсим, сенин алдыңда эки эле жол бар: же такыба болул жашайсың, же Аллахтын азабына туш болосуң” – деп айтып жатты. Али (Аллах андан ыраазы болсун) колу менен сакалын кармап: “Оо, дүнүйө, менден башканы алда! Менин жолумдан эч качан тосуп чыкпагын! Мен сага үч талак берип ажырашканмын, эми сени кайра албаймын! Оо, дүнүйө, сенин өмүрүң кыска, оо, Али, сенин болсо азыгың өтө аз” деп айтат эле.

Урматтуу мусулман бир тууганым! Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) айтат: “Акылдуу адам, өзүнө эсеп берет, өлүмдөн кийинки күнүнө даярданат, алсыз адам өз нафсисине кул болот, эч кандай амалы жок, бирок Аллахтан үмүт кылат”. Акылдуу адам өзүнүн эмне иш кылып жатканына кунүнө, жумасына, же айына бир жолу эсеп берет. Өзүнө убакыт бөлөт. Тажрыйбалуу соодагерлер күн сайын соодасынын эсебин алып турат. Канча киреше түштү? Канча чыгаша чыкты? Соодасы алга жылып жатабы, же артка кетип жатабы? Мына ушундай эсеп-кысаптын күчтүүлүгү менен ал ийгиликке жетишет. Эгерде соодасында эсепкысап кылбаса, киреше-чыгашасын билбесе, анда ал аз убакыттын ичинде зыянга учурайт, карызга батат. Адамдын өмүрү да ушул сыяктуу. Ар бир саатыңа, ар бир мүнөтүңө эсеп берип турбасаң, өмүрдүн кайда кеткенин билбей кала турган күн келет. Маймун бин Михрон деген аалым айтат: “Пенде, кызматчысынан эсеп алган сыяктуу өзүнөн да эсеп алмайынча, такыбалардын катарына кошула албайт”. Буга чейин эмне кылдым? Бүгүн эмне кылып жатам? Эртең эмне кылуум керек? Мына ушундай суроолор ар бирибизге берилүүгө тийиш. Анткени, бул дүйнө кыска, канча көп жашаба, бары бир дүйнөнүн аягына жетесиң. Үйлөрүбүздү канчалык бийик салбайлы, баары бир жердин алдына кирип жата турган убакыт келет. Язид күн сайын өзүнө эсеп берип, ыйлайт эле: “Абалың кыйын сенин Язид, сен өлсөң сен үчүн ким намаз окуйт, сен өлсөн, сен үчүн ким орозо кармайт?”

Урматтуу мусулман бир тууганым! Биз дагы өзүбүздүн жасаган амалдарыбызга карайлы. Аллахтын алдына көтөрүп барууга жарай турган кандай амалдарыбыз бар? Азыркы биздин абалыбыз, чындыгында, аянычтуу. Азыр мусулмандар ар түрдүү болуп калды. “Сезонный” мусулмандар бар. Качан Рамазан айы келсе, орозо кармашат, Тарави намаздарына келишет, садака беришет. Рамазан чыккандан кийин баягы таз кейпин кийип калышат. “Заочный” мусулмандар бар. Жума намазына келишет. Жума ичиндеги 34 намазды каза кылып, 35-намазга гана келишет. Айт намазына келишет. Бир жылдык намаздын баары каза. Ооба, албетте бул намаздарга келүү жакшы. Бирок, беш убак намазды да окууга аракет кылуу керек. Жогорудагы сөздөр бул намаздарга келбей кой деген сөз эмес. Аллах баарбызды туура жолго баштасын. Андан да жаманы, такыр мусулманчылык менен иши жок мусулмандар бар. Эртели-кеч арактын досу, күнөөнүн үстүндө жашашат. Өтүп кеткен ата-энесине арнап Ихлас сурөсүн окуй албайт, дуба кылганга жарабайт.

Урматтуу мусулман бир тууганым! Аллахтын азабынан коркуп, акыркы жолу качан ыйладың!? Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) айтат: “Эки түрдүү көз бар. Аларды тозок күйгүзө албайт, алар: Аллахтын азабынан коркуп ыйлаган көздөр жана динин коргоо үчүн уктабастан таң атырган көздөр”. Бир даанышман айтат: “Дүнүйө сааттардан турат, ошол сааттарды Аллахка ибадат кылуу менен өткөр”. Бир күнү пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) сахабалары менен бара жатып сасып калган койдун тарпын көрдү. Ошол жерде да пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) сахабаларынан сурады: “Ушул койдун тарпы ээси үчүн баалубу? Сахабалар бир ооздон жооп беришти: “Жок, эгер мунун баасы болсо, бул жерге ыргытып жибермек эмес”. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) айтты: “Аллахка касам ичип айтамын. Аллах үчүн дүнүйөнүн баасы мына ушул тарптан да баасыз. Эгер дүнүйөнүн чымындын канатындай баасы болгондо, анда Аллах каапырларга эч нерсе бермек эмес”. Дүнүйө, байлыкты Аллах каалаган адамына бере берет. Ким ага алданса, жашоосу текке кетет. Бир падышадан жан-жөкөрлөрү сарашат: “Оо, улуу урматтуу падышам, сиздин канча досуңуз бар? Падыша жооп берет: Мен досторумдун санын билбеймин. Азыр менин бийлигим, байлыгым бар, элдин баары менин досум. Качан гана менден байлык-бийлик кеткенде, ким менин досум экенин айтып берем”. Абу Дарда (Аллах андан ыраазы болсун) Шамга (Сирияга) барып, ал жердеги адамдарга кайрылат: “Оо, менин шамдык туугандарым! Бир тууганыңардын насаатын уккула! Мен силерди көрүп турам. Силер өзүңөр жашабай турган үйлөрдү эмне үчүн куруп жатасыңар, өзүңөр жебеген нерсени эмне үчүн жыйып жатасыңар…?” Адам баласы ар дайым: “Малым, байлыгым, …” – деп айтат, Аллах болсо: “Оо, адам баласы! Сен жеп, анан ал кылганың сеники, сен кийип, анан жырттканың сеники, сен садака кылып сактап койгонуң – сеники, башкасы сеники эмес” – деп айтат. Аллах Таала Куранда минтип айтат: “Дүйнө пайдалары аз гана. Такыба адамдар үчүн акырет жакшы жана силерге ал жерде данектин чел кабыгындай да зулум кылынбайт”. (Ниса, 77аят).

Урматтуу мусулман бир тууганым! Убакыт өтө берет. Жыл, болгону он эки айдан турат. Ай, болгону отуз күндөн турат. Күн, болгону жыйырма төрт сааттан турат. Саат болсо алтымыш мүнөттөн турат. Убакытты эч качан узун деп ойлобо. Кээ бир адамдар айткандай убакыт “алтын” эмес. Убакыт бул кайсы бир материалдык нерсе менен өлчөнбөйт. Убакыт – бул, өмүр. Хасан Басрий айтат: “Эй, адам баласы, сен күндөрдөн түзүлгөнсүң, күн өткөн сайын сен кемип жатасың”. Эң чоң ысырап, бул акчаны, же башка нерсени ысырып кылуу эмес. Эң чоң ысырап, бул убакытты текке кетирүү. Арабдардын макалында: “Убакыт кылыч сыяктуу, эгер сен аны кескенге жетишпесең, ал сени кесип салат” – деп айтылат. Күн менен түн сага каршы иштеп жатат. Булар жаңыны эскиртет, жашты карытат, барды жоготот. Аалымдар айтат: “Кимдин бүгүнкү күнү кечээги күнүнө окшош болсо, жашоодон уткузуптур, кимдин бүгүнкү күнү кечээгиден жаман болсо, ага каргыш болсун”. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) айтат: “Эгер Аллахтан сурасаңар, Фирдаусту сурагыла! Ал бейиштин ортосу жана анын бийиктиги Аллахтын аршына жетет”. Мусулман пенде ар дайым бийиктикке умтулуусу керек. Дуба кылганда да жөн гана бейишти сурабастан, “Фирдаусту” сурагыла. Күндөрүбүзгө эсеп берели. Өзүбүздү-өзүбүз оңдойлу. Кетирген күнөөлөрүбүз үчүн чын ниеттен кечирим тилейли. Аллах Таала Кечиримдүү жана Боорукер. Ар бирибизге Аллахтын тынчтыгы, мээрими жана ырайымы болсун.

Абдишукур ажы Нарматов, 

The post Аллахтын алдындагы сурак appeared first on FORMULA.KG.


October 19, 2015 at 11:35AM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

– Намазда “Аллаху акбар” деп айтылабы же “Аллооху акбар” болобу? “Рохманбы” же “Рахманбы”? Анан намаздын акыркы рекетине илешип калсак кандай кылабыз? 077348…

– “Аллооху акбару” жана “Рохмаан” деп айткандыгыңыз бир аз жакыныраак болот деп ойлойм. Өтө туура жана так окугуңуз келсе араб тилин, тагыраагы, араб тамгаларын үйрөнүүңүз кажет болот. Намаздын акырына илешип калсаңыз, имам салам бергенден кийин ордуңуздан туруп намазды келген жериңизден толуктайсыз.
Багымдат намаздын акыркы рекетине илешкен учурда, саламдан кийин туруп бир рекет окуп салам бересиз.
Шам намазынын акыркы рекетине илешкен учуруңузда, саламдан кийин туруп бир рекет зам сүрөө менен кошуп окуп, каадага олтурасыз, каададан туруп, дагы зам сүрөө менен дагы бир рекет окуйсуз да каадага олтуруп намазды бүтүрөсүз. Жыйынтыгында, ар бир рекетте каадага отурган болосуз.
Бешим, Дигер, Куптан намаздарында акыркы рекетке илешип калган учурларда эки түрдүү вариант сунуш кылынат. Биринчиси: Шам намаз сыяктуу окуп бүтүрүү. Б.а. имам салам бергенден кийин туруп, шам намазын жекече түрдө кандай окуган болсоңуз, ошол таризде окуп бүтүрөсүз. Экинчиси: Имам салам бергенден кийин ордуңуздан туруп, зам сүрөө менен бир рекет окуп каадага олтурасыз. Каададан туруп дагы эки рекет окуйсуз, алгачкысына зам сүрөө кошосуз, экинчисине Фаатиханы жалаң окуйсуз да акырында каадага олтуруп намаздан чыгасыз. Кудайым кабыл кылган болсун.
– Мен бир жарым жылдан бери намаз окуйм. Жолдошум окубайт, жумуштан колум бошобойт деп. Дубадан башка айлам жок. Эмне кылсам? Ажырашып кетейин десем 3 балам бар. 077142…
– Намаз окутуп коюу пенденин колунан келе турган жумуш эмес, бир тууганым. Ажырашам дегенди оюңа алба, шайтанга тап бер! Дуба кылуудан жазба. Кудайым ынсап берээр күн бардыр… .
– Биз эски үйдү бузуп, жанына жаңы үй салганбыз. Ошол эски үй тез-тез эле түшүмө кире берет. Эмне кылалы? Зина
– Ошол эски үйдү салгандардын арбагы ыраазы болсун деп, колдон келишинче жыт чыгарып Куран окутуп койсоңор жаман болбос эле. Негизи бул маселе боюнча шариатыбызда ток этер бир нерсе айтылынбайт, тагыраагы маани берилбейт. Менимче сиз эски үйдөгү жакшы убактарды көп эстесеңиз керек… .
– Апам 48 жашында каза болду. Биз жаш калдык. Апамды эстеп ыйлай берсек, көз жаш сууга айланып, апам сууга чөмүлүп кыйналат экен. Көз жаштын кандай тиешеси бар?
– Көз жаштын түздөн-түз тиешеси жок. Маркумдун да буга тиешеси жок. Маркумдун артында калган перзенттери бир күн ыйласа мейли, он күн ыйласа мейли, анан кечке эле ыйлай берсе табаар пайдасы кайсы? Болгону Аллах Тааланын жазган тагдырына нааразы болуп, пендеге туура келбей турган иш-аракеттерди жасайт. Кудайды нааразы кылат. Күнөөкөр болот. Кимге пайда кимге зыян…. Жакшысы, кечке эле ыйлай бербей жакшы дуба кылгыла. Өлгөндүн жазасы көмгөн. Артынан өлмөй жок…. Артын кайырлуу кылсын.
– Базарда баратсам жерде 60 сом жатыптыр. Элдер өтүп жатышыптыр. Иштеткенден коркуп жатам. Шариятта жол-жобосу кандай? 077112…
– Негизи албагандыгыңыз жакшы болоор эле. Эми алып алгандан кийин, жардыларга садака кылып бериңиз же өзүңүз жарды болсоңуз, өзүңүз пайдалансаңыз болот. Муну тапкан акчаңыздын суммасы аз болгондугу үчүн айтып олтурам. Эгерде, этибарга ала тургандай сумма болсо анда башкачараак жооп болмок эле….
– Эмнеге куранды эркектер сыртынан, аялдар ичинен окушат? Арбакка куран окуса эсеп-кысабы жеңил болобу? Дагы кандай пайдасы тиет? 077810…
– Андай деле эреже жок. Бирок, эркектер жардап карап турса, аял кишинин үн чыгарып окуганы адепке туура келбейт жана ыңгайсыз. Арбакка Куран окулбайт, Куранды өзүбүз үчүн окуп, пайда болгон соопторду маркумдарга багыштайбыз, Кудай Таалам ырайым кучагына алуусун үмүт этип.
– Күйөөм экөөбүз жашабаганыбызга эки жыл болду. Бир талак айткан эле. Нике кылып жашай элекпиз. Азыр батир алып берген. Телефон аркылуу сүйлөшөбүз. Өзү Россияда. Уруша кетсек “миң талак” дей берет. Эки балабыз бар. Кайра никеге турсак болобу? 055420…
– Ошол оозу талак айткандан чарчабаган эриңиз Орусиядан келгенде мага жетелешип келсеңер, жакшылап сурап, жообуңарды мыктылап айтып берем. Ага чейин телефондон сүйлөшүп берген тыйынын жеп жата бериңиз. Дегеним, сиздин бул айткан маалымааттарыңыз менен ак же көк дей албаймын…
– Менин көзүмдө сурма жок, сулуу эмес. Күйөөм да сулуу эмессиң дейт. Аябай капа болом. Ошон үчүн көзүмө сурма жасатсамбы дейм. Күнөө болбойбу? Бир гана ниетим, күйөөмө сулуу болуп көрүнгүм келет. Аида
– Жок, өзгөрткөнгө болбойт. Бирок, косметика деген өнүгүп кеткен, бир аз косметологдон же ушуга окшогон адистерден кеңеш алып, кенемтени толтурса болот. Сулуу сулуу эмес, сүйгөн сулуу деген кеп бар. Күйөөңүзгө сулуу болуп көрүнүү сооптуу иш. Кудайым жалгасын. Сулуу болуңуз.
– Мен үч күйөөгө тийдим. Биринчи никемден бир балам бар. Андан телефон аркылуу талак алгам. Экинчисинен алган жокмун. Бирок, экөөбүз үч жыл такыр жолуккан жокпуз. Үчүнчүсү менен нике кыйып жашап келебиз. Уруш көп болот. Экинчи күйөөм талак бербегенинен болбойбу? Кандай кылуум керек? Айдай
– Экинчисинен талак албагандыгыңыз жаман болуптур. Эгерде, экинчиңиз менен ажырашпаган болсоңуз, үчүнчүңүз менен нике жүрбөйт. Бирок, сиз кандай болгон күндө дагы илимдүү молдокеге жүзмө-жүз жолугуп маселеңизди сурап көрүңүз. Себеби, экинчи жолдошуңуз менен кайсы бир себептер менен ажырашкан болууңуздар да мүмкүн. Ал учурда никеңиздер жарактуу деп табылат… Үмүтсүз шайтан, жакшылыктан күдөр үзбөңүз. Урушту болтурбай коюуга да болот.  Кол чапканда эки алакан бири-бирине таамай тийгенде гана үн чыгат, тийбей өтүп кетсе, үн чыкпайт. Андыктан, эркек бийиктегенде аял пасаңдап, аял бийиктегенде эркек пасаңдап турганы макул.
– Имам намазда жаңылып, аягында сажда-сахв кылып, кайра аттахиятты окуп жаткан учурда бир адам имамга ыктыда кылса намазы кандай болот? 055607…
– Кадимки, жаңылбастан намаз окуган имамга уюгандай эле тартипте, салам бергенден кийин ордуңуздан туруп толуктап окуй бересиз…
– Якыншиктерге кандай карайсыз? Мечитке келсек жамаат окуп бүткөн болсо, жалгыз окуган жакшыбы же жамаат болуппу? Үн чыгарабызбы? Ар ким өзү  коомат айтабы? Пайгамбарыбыз кайсы жылы туулган? 077348…
– “Якыншиктер” ким экенин тагыраак айтсаңыз жакшы болмок. Менин баамымда “баардыгын Кудай Таалага шылтап коюп, алма быш оозума түш” деп жүргөн пенделер жөнүндө айтып жатсаңыз керек. Аллах Таала бул дүйнө себептер ааламы кылып жаратты. Андыктан, Аллах Таалага ыйман келтирген ар бир момун пенде кайсы гана ишти жасабасын себептерин колго алып, анан тобокел кылса Кудайым кааласа берет. Бирөө балалуу болгусу келсе адегенде жакшы аял таап үйлөнсүн, үйлөнгөндөн кийин да бисмилласын айтып анча-мынча аракетин кылсын, андан кийин перзент сурай берсин. Үйлөнбөй туруп эле балалуу болгум келип жатыры дегендер детдомдон эле багып алып балалуу болбосо, табигый балалуу болуу кыйын иш.
Мечитке келгенде жамаат окуп бүткөн болсо, эки учурдун бири болуусу мүмкүн. Биринчиси, атайын максат менен, алгачкы жамаат менен уюп окугандан баш тартып, өзүнчө жамаат менен окууну ниет кылып келген болсоңуз, кандай гана учурда болбосун намазыңызды жалгыз окуйсуз. Мусулмандардын жамаатын бөлүп-жарууга укугуңуз жок.  Экинчиси, алгачкы жамаат менен окууну ниет кылып, бирок, кайсы бир себептерден улам жамаатка жетпей калган болсоңуз, сиз сыяктуулар чогулуп калган болсоңор, төмөндөгү үч шартты кармаган учурда жамаат менен окусаңар болот. Шарттар кармалбаган учурда окулган жамаат намаз макрух болуп эсептелет.
Экинчи жамаатка азан айтпайт.
Экинчи жамаатка коомат да айтпайт.
Экинчи жамааттын имамы, биринчи жамааттын имамы турган михрабга турбастан мечиттин этек жагына, же оң тарапка, же сол тарапка туруп имамчылык кылат. Сырттан кирип келген мусулман пенде бул биринчи жамаат эмес, экинчи жамаат экенин биле тургандай болсун.
Үн чыгара турган намаздарды үн чыгарып окуй берүүсү ваажып-милдеттүү болуп саналат, жамаат намаздарда. Ал эми жеке окуган адамдар, купуя окулчууларды купуя окуй, жарыя окулчууларда ыктыярдуу болуп, каалагандай окуй берет. Жеке окуганда ар ким өзү коомат айтуусу сүннөт.
Жогорудагы жамааттан кийин жамаат менен намаз окуу чоң мечиттерге, имамы, азанчысы бар мечиттерге таандык маселе. Ал эми намазканаларга бул тиешелүү эмес. Ар бир жамаат кирип окуй берсе жараша берет.
Пайгамбарыбыз алайхис салам 570-жылы, 12-рабииьул аввалда, дүйшөмбү күнү туулган.
– Кыздын үнүн уккан арам дейт. Эми анын үнүн укпаш үчүн аны менен агенттен гана сүйлөшсөм  болобу? 077739…
– Арам дегенди мен билбейт экенмин. Магазинге нан алганы барсаңыз, нандын баасын сизге айтса магазинчи кыз, сиз кулагыңызды жаап алсаңыз, баасын кантип билесиз да, кантип акчасын төлөйсүз?.. Кыз менен кыз-жигит болуп сүйлөшкөн болбойт. Аны менен сүйлөшпөс үчүн сүйлөшпөй эле коёсуз. Агенттен да сүйлөшсө болбойт.
– Парз намаздын рукусунан кайтканда тасбихтен адашып Аллооху акбарды айтып алса же унутуп эч нерсе айтпастан кайтса, сажда-сахв кылынабы? 055607…
– Жок, берекем. Сажда сахв кылынбайт. Себеби, сен айтып жаткан рукунун тасмииьи(Самиаллооху лиман хамидах) жана тахмииди (Роббанаа ва лакал хамд) сүннөт амалга кирет. Ошондуктан адашып кетип такбир айтып алсаң, же айтпай калып кеткен үчүн сажда ваажып болбойт. Бирок, намазда сүннөт амал калып кеткендиги үчүн намазды кайрадан окуп берүү сүннөт амалга кирет. Милдеттүү эмес. Сүннөт калып кетсе толуктоонун бир гана жолу ошол.
– Биз жолдошум экөөбүз кошулгандан кийин чачыбыздын учунан бутубуздун учуна чейин жуунбайбыз. Жөн эле даарат алып, бети-колубузду жууп коёбуз. Ушул кылганыбыз туурабы?
– Туура эмес. Жыныстык мамиледен кийин эркек да, аял да гусул алуусу керек. Аялдарда айыз келип бүткөндөн кийин да сөзсүз гусул алуу керек. Гусулсуз намаз кабыл болбойт. А бирок түн ичинде кошулуп, таң атканда жууналы деген ниетте болгон болсо, боло берет. Негизгиси, намаз калып кетип шерменде болбогула.
– Теспени таза кармап, таза алып жүрүү керек да. Мен көп адамды көрөм. Алар көчөдө жүрүшөбү же базардабы теспе тартып жүрүшөт. Туурабы? 077219…
– Албетте, сиз айткандай таза жүрүү гигиена эрежелерине туура келет. Гигиена эрежелери дегенибиз бул – саламаттыкты сактоону камсыз кылуу чараларынын практикалык жыйындысы(“Кыргыз тилинин сөздүгү”). Тазалык ыймандын бир бөлүгү деп айтылат. Көчөдө теспе тартканга каршылык деле жок. Болгону, кожо көрсүн деген ниетте болбоосу керек.
– Баламды сүннөткө отургузганбыз. Сүннөт той бериш керекпи же бербей койсок боло береби? 055886…
– Берген кудайга жагыптыр. Бербесеңер да боло берет, себеби, милдеттүү эмес. Колдон келсе бергенге не жетсин….
– Даарат алаардан мурун заара кылса, тыйынча жерге жайылбаса, истинжа кылгандын кереги жокпу?
– Кесек менен же кагаз менен кургактаган болсо, ал жайылбаса жууган зарыл эмес, бирок жуусаңыз сүннөттүн сообун аласыз. Тыйынча жерге жайылган учурда жууш ваажып болуп калат. Ал эми жел чыкканда жууган бидьат деп саналат.
– Аял менен эркек кошулгандан кийин ыйман көтөрүлүп кетет дейт. Эгер, ошол мезгилде ажал келсе ыймансыз өлөсүң  дейт. Биз болсо бир аз уктап анан гусул алабыз. Кененирээк жооп бересизби? 077940…
– Сен айткан маселе ойнош болуп, никесиз кошулгандарга айтылат. Күйөөң экөөңөр кошулганыңар үчүн сооп берилет. Өлсөңөр соопко ээ болуп өлгөн болосуңар. Кылганыңар туура. Эч кыжаалат болбой ишиңерди кыла бергиле…
– Гусулдан кийин эле намаз окуса болобу же андан кийин даарат алып, анан окулабы? 077906…
– Гусулдан кийин намаз окуса болот. Гусул даараттын ордуна өтөт, а даарат гусулдун ордун баса албайт. Себеби, гусулдун алуу тартибинде адегенде даарат да алынат эмеспи. Даарат албастан туруп эле гусул алган болсо да жарай берет. Бирок, даараттын сүннөттөрү аткарылбаган себептүү сүннөттөрдүн сообунан кур жалак калат.
– Алтын жалатылган, титан деген жасалма тиштер эркекке арамбы?
– Титан алтын эмес, андыктан жарай берет. Алтын жана алтын жалатылган тиштер эркекке арам. Бирок, алтындан башкасы оозун сасытып, же башка жагымсыз жагдай жаратса, алтындан башка туура келбей турган болуп калса, ал учурда алтын да тиштер жарай берет.
– Маасынын мөөнөтү даарат сынгандан баштап эсептелеби же маасыны кийгенде элеби? Сөзсүз бир сутка чечпей жүрүү керекпи? 055409…
– Жок, берекем. Маасыны каалаганда чечесиң, каалаганда кийесиң, өзүңдү өзүң билесиң, өтүгүңдү төргө  илесиң. Маасыга масх тарта турган болсоң даарат менен кийилген маасыга гана масх тартасың. Кээ бир апендилер даараты жок эле маасысын кийип алып, анын үстүнө масх тартып жүргөнү бар. Такыр туура эмес. “Бутту чечпестен канча мөөнөткө чейин масх тартып жүрө берсе болот?” деген суроого жооп  иретинде минтип айтылат: Сапарга ниет кылып чыккан мусаапыр адам (90км.дан ашык жолго) үч суткеге чейин бутун чечпестен, утур даарат алган сайын бутуна масх тартып кете берсе  болот. Ал эми мусаапыр эмес, мукиим болуп турган адам бир суткеге чейин маасысын чечпестен эле, утур даарат алганда маасысына масх тартып жүрө берсе болот.
Мөөнөт, даарат менен маасы кийилгенден кийин, алгачкы ирет даарат сынгандан баштап эсептелет. Мисалы, мусаапыр эмес мукиим пенде эртең менен саат ондо маасысын даараттуу буту менен кийген болсо, түшкү саат 13-00дө жел чыгарып даараты бузулса, эртеси саат 13-00гө чейин масх тартуу укугуна ээ болот.
– Мурда дин илимим өтө аз эле. Каза орозолордун каффарасын кармаймынбы?
– Рамазан орозосун кармап туруп, орозону бузуп жиберсеңиз, ал учурда орозону бузуп жиберген күндөр үчүн каффаараты менен чогуу кармайсыз. Себеби, каффаарат дегенибиз касиеттүү Рамазан айынын касиетине шек келтирип, Рамазандагы тутулуп жаткан орозону бузгандыгы үчүн жаза катары айыпталат. Ал эми Рамазан орозосун баш-оту менен эле тутпай койгон болсо, андан кийин Кудайым ынсап берип ыйманга келе турган болсо, ар бир күнгө бирден  күн казасын эле тутуп берет.
– Биздин үйдө иштейм деген уста сыйыбызды көрүп, 60 000 сом алып качып кетти. Аны кайтаруунун кандай жолу же жазасы бар? 070093…
– Мен дагы ушундай болгом бир жолу. Устага акча берсем бүтүрбөй качып кеткен. Экөөбүзгө чала болот. Иш бүткөндөн кийин берет экен иштин көзүн билгендер. Милицияга бериңиз. Кудайдын жазасынан кутула албайт. Дуба кылыңыз, ынсап кирип кайра келип калса….
– Менин иним дин жолунда. Тооктун эти арам деп жебейт. Биз жесек күнөө болобу? 070321…
– Мен жеп эле жүрөм адал союлган тооктун этин. Мен деле дин жолундамын. Иниңиз экөөбүздүн динибиз бир эле дин бекен же аныкы башкачараак бекен? Тактап көрсөңүз…
– “Дордой” базарында мусулман бир туугандарыбыз каапырлардын динине кирип кетишкен. Кандай кылсак болот? Адилет
– Каапырлардын динине кирип кеткенден кийин мусулмандыгы да, бир туугандыгы да калган жок алардын. Аларга даават кыл, намаздарыңда алар үчүн дуба кыл…
– Эркек кишиге жин киргенден голубой болуп калат деп уктук. Бирок, жиндер Куран окуганда качат дейт го. Мен намаз окуйм, мечитке барам, Куран окуйм. Ошондо кандай болот жана кантип дарыланса болот?
– Шариат боюнча жүрсүн, шайтандын жолунан алыстасын, колунан келсе үйлөнсүн. Жаман иш колу-жолу боштуктан келип чыгат. Убактысын жакшы нерсеге сарптабаса жаман нерсе өзү эле келип толуп алат. Жаман жоролордон алыстоо лаазым.
– Күйөөмү төркүн жакта жашап, иште деп кеңеш берем. Анткени, апам майып. Күйөөм болсо намыстанат. “Эгер сен мени укпасаң, ата-энең бактылуу болбойт” дейт. Бир четинен ал туура айтат. Кандай кылсам динге туура келет. 077018…
– Кайсы жерде жашоону жубайлар өздөрү чечишет. Шариатыбыз андай-мындай деп буйрубайт. Кеңешип кескен бармак оорубайт. Апаңыз оорукчан болуп, анын сизден башка тутунаары жок болсо, анда жардам берүүгө милдеттүүсүз. Аялдын күйөсүн угуусу максатка ылайыктуу, ошол эле убакта аялы да пикирин билдирүүгө укуктуу. Чечимди эркек чыгарат.
– Бешим намазы каза болуп калса, казасын кандай жана кайсы убакта окуйт? 055812…
– Мүмкүнчүлүгү болгон эң алгачкы убакытта окуусу керек болот. Күн чыгып бара жатканда, батып бара жатканда, чак түштө каза намаздар окулбайт, калган учурлардын баарында окуй бересиз. Сүннөттөрү каза кылынбайт. Азан жана коомат айтуу сүннөт.
– Менин күйөөм муунуп өлдү. Жин кирген, окутсаңар, көзү ачыктарга көрсөтсөңөр өлбөйт болчу дешет. Аябай кыжаалат болуп жатабыз. Бул да оорубу же Кудай ошондой өлүм бердиби? 077922…
– Тагдырына жазганы ошол, андан качып кутулуууга мүмкүн эмес эле… Көзү ачыктарга көрсөтүү туура эмес болмок. Жин айдаар молдолорго окутсаңар жакшы болмок. Бирок, өлбөйт болчу деп айткан натуура сөз. Дуба кылгыла. Кыжаалат болбогула. Сабырдан башка арга жок. Кудайым билип-билбей кылган күнөөлөрүн кечирген болсун….
– Көзү ачыктарга ишенген адамдар мусулман болобу же болбойбу? 077189…
– Мусулман болуудан калат. Ыймансыз болот. Жаназа окулбайт….
– Жолдошум экөөбүздүн ортобузда бир бала бар. Жолдошум жалакай, иштебейт. Башында жакшы эле, эми оозунан ак ит кирип, кара ит чыгат. Намаз оку деп үйрөтүп да көрдүм. Аз эле окуп таштап койду. Өзүм намаз окуйм. Же менин үйрөткөнүм туура эмеспи? Биз үч жыл мурун урушканда ал мага “талагымды бердим” деп айткан же ошонун себеби тийип жатабы? Башым маң, азыр жашабайбыз, бир жыл болду. Алия
– Аял киши күйөөсүнө намаз үйрөтсө боло берет. “Талагымды бердим” деп айткан болсо, сизге айткандыгы так болгон болсо бир талак ражьий түшкөн болот. Бирок, андан кийин жашап жүргөн болсоңор, мураажаьа (чогуу жубайлык жашоо менен жашоо) аркылуу никеңер калыбына келген болуусу да мүмкүн.
– Мусулман аял кандай сапат, мүнөздөргө ээ болуусу керек шарият боюнча? 077398…
– Таза, жароокер, күйөөсүн, кайын журтун, айрыкча, кайын энесин сыйлаган, ушак айтпаган, жалган сүйлөбөгөн, адилеттүүлөктөн тайбаган, балдарына үлгү болгон, намазын калтырбаган болусу кажет. Эркек да ошондой болгондугу жакшы.
– Динибизден башка динге, сектага өтүп кеткендерди эмне күтөт деп айтылат? Ө770239…
– Тозоктун төрү алар үчүн дайым кызматта болоор, Кудайым сактаган болсун…
– Менин атым Мухамед Сафа. Сафа деген сөздүн мааниси кандай? 055322…
– Тунук, таза, асыл деген маанилерди чагылдырат.
– Мен намаз окуп жатканда оюма ар нерселер келе берет. Намазым бузулбайбы?
– Намаз – Кудай менен болгон байланышуу. Кудайдын алдында турганда баардык проблемаларды, ойлорду жыйыштырып, Кудайга чын дилден берилүү керек. Шайтандын азгырыгына алдырбаганга аракет кылыңыз.
– Тахажуд намазын багымдат намазынын убагы киргенче окусам болобу?
– Болот. Түндүн акыркы үчтөн бир бөлүгүндө тахажжуд убактысы башталат. Ал эми акыры алтыдан бир бөлүгүндө дубалар кабыл болот….
– Аял-күйөө кандайдыр себептерден улам 40 күндөн ашык чогуу жашабаса никеси бузулат деген чынбы? Кумар
– Жок. Эркек талак бермейинче нике бузулбайт.
– Менин жолдошум иштебейт. Кызым экөөбүздүн кемчилигибизге жардам бербейт. 4-5 сом тапса, бекитип жүрүп жок кылат. Көбүрөөк пулу болсо өзү эле кийинип алат. Үйүбүз да жок. Ал ар кимден карыз алып, кайра мен төлөп жүрдүм. Мен иштейм, ал иштебейт. А мен тапкан акчаны алып коёт. Аны урушамын, айтканын аткарбай койгон күндөрүм да болду. Бирок, баары бир аны жакшы көрөм. Мен анын карыздарын төлөбөй койсом, кези келгенде тилдесем күнөөлүүмүнбү? 077392…
– Андайларды асал аарынын (бал аарысынын) эркеги же лөлүлөрдүн эркеги деп коёт. Карыздарын төлөгөнгө милдеттүү эмессиз. Төлөбөй койсоңуз күнөөлүү болбойсуз. Эми анча-мынча тилдесеңиз сизге жараша бере тургандай экен. Өзү үйдө сиз күйөөсүнүн ролун аткарып калыпсыз. Багып жатсаңыз… кантип басып жүрөт… Кудайым сактасын, аялдардын колун каратпасын, шерменде кылбасын…
– Жолдошум экөөбүз дааватка чыгалы дедик эле. Бирок, толук пардага кирбесең чыкпайсың деп айтышты. Өзүм оронгонмун. Оронуп чыксам болбойбу? 055766…
– Мен билген шариатта боло берет. Эми дааватта ошондой шарт коюшса керек го….
– Мен намаз окучу элем. Убактым жок окубай жатам. Күнөө болобу? Элья
– Ооба, тооба кылып, намаз оку. Намаз окуу – Кудайдын буйругу. Убактым жок деген жөн гана шылтоо. Намаз окуганга министрлер, президенттер да убакыт табышат. Тамак жегенге, ажатканага барганга убакыт табылгандай эле Кудайдын негизги буйругун аткарууга да убакыт табуу керек.
– Адилет иштейм деп, адилетсиз адамдардын көзү сизди эле көрүп асылып туруп алды. Мейли, бирок биз сиздин илимиңизге муктажбыз. Сизди аябай сыйлайм Аллах үчүн. Кудай буюрса, сизден илим алсам дейм. 055607…
– Кудайым Өзү жакшы көрсүн. Тилегиңизди берсин. Кем болбоңуз, бар болуңуз.

– Ата-энем зордоп күйөөгө берген. Ал көп ичкендиктен ажырашып кеткем. Бирок, жообумду берген эмес. Колумдагы акчамды жула каччу. Бир уулумду жетелеп эптеп иштечүмүн. 7 жылдан соң экинчи аял болуп сүйүп турмушка чыктым. Күйөөм уулумду өз уулундай камсыздайт, бактылуумун. Бирок, апам мени каргап, кечип койгон. Күйөөм – анын жини. Баргым да келбейт, барсам эле уулумду каргай берет. Өзүм намаз окуйм. Талак түшкөнбү? Зина
– Ажырашып кеткен учурда талак түшкөн болуусу да мүмкүн. Бактылуу болуңуз. Капа болбоңуз, кечирет бир күнү, жакшы мамилеңизден жазбаңыз.
– “Акылуу касас” деген эмне? Чечмелеп бериңизчи. Манас
– “Касас” дегенибиз, кимдир бирөөнү бейжазык өлтүргөн убакытта, шариат боюнча ал канкор да өлүм жазасы менен жазалануусу милдеттүү. Кээде өлүк ээлери макулдук беришсе, кун төлөп кутулат. Ошону айтып жатсаңыз керек. Илимий-фыкыхый китептердеги маселени жакшы түшүнбөй жаткан болсоңуз, китептин атын, бабын айтсаңыз, кененирээк түшүндүрмө берилээр эле.
– Менин жашым отуздан ашып калды. Простатит менен ооруйм. Врачтар аял алмайынча толук айыкпайсың дейт. Мага жаккандар макул болбой жатат. Жакпаганды алсам, нике дурус болобу? 077148…
– Өзүң отузга келсең, үйлөнбөсөң алиге чейин, сен жактыргандар сени жактырбай жатса, күзгүгө бир көрүнүп, анан кара кыздарды деле…. жакпаганды алсаң деле нике дурус боло берет. Жакканын алсаң нике түбөлүктүү болобу деген үмүт…
– Кечинде түшүркөп койсо, эртең менен гусул алаарда электр энергиясы жок болсо, эмне кылуу керек? Айылда жылуу суу жок да. 077242…
– Таң атканда, жогорудагыдай шартта гусул үчүн таяммум алып, дааратын алып, багымдатты окуйт, шарты болоору менен гусулун алат.
– Оор жүк көтөрүп омурткам жылып кыйшайып кетиптир. Сыныкчы табып кишиге карматып, түздөтүп массаж алса болобу? Намаз окуйм. 077143…
– Болот, берекем. Аллахым шыпаа берсин…
– Шам намазында имам 84-сүрөөнү окуду. Ал жерде сажда аяты бар эле. Бирок, саждага кеткен жокпуз. Башка сүрөөлөрдөй эле бүтүрдүк. Намазда сажда аяты окулганда сажда кылуу парзбы же сүннөтпү? 077987…
– Бул сүрөө “Иншикаак” сүрөөсү деп аталат. 21-аятында сажда аяты келет. Эгерде, сажда аятына чейинки аяттарды окуп, сажда аятын окубаса сажда кылуу милдеттүү болбойт. Ошондой эле сажда аятын окугандан кийин, кийинки аятты окубастан туруп эле дароо ниет менен рукуга кетсе да сажда кылгандай эле болуп, важыптан кутулат. Сүрөөнү толугу менен окуп туруп, саждага өз учурунда барбаса, ваажыпты таштагандыгы үчүн күнөөкөр болот.
– Сиздин ар бир жообуңузду чыдамсыздык менен күтүп окуйм. Үч балам бар, жолдошум аябай ичип тим болбостон мени уруп, бет сөөктөрүм, мурдум сынып, мээм чайкалып ооруканага жаттым. Эми сабыр кылып жашап жатам. Сиз аялга кол көтөргөн эркекке кандай көз караштасыз? Мен жолдошумду намаз оку деп дааватка жөнөтсөм, машина коюп кетип буту сынган. Эми бар десем болбой жатат намаз окубайм деп. Мындан ары жашоом кандай өтөт? Арак ичкен сайын таяк жеп өтөмбү? Соодабыз да жүрүшпөй аябай кыйналдым. Базарда өзүм жалгыз соода кылам. Ө777539…
– Кудайым күч кубат берсин… Балдарыңыздын үзүрүн көрүңүз. Жолдошуңуз дааватка барсын… Мени айтты деңиз…
– Никенин үстүнө нике кыйдырса болобу? Он беш жыл жашап балалуу болбодук. Кеткенге жолдошум уруксат бербеди. Бирөөгө кыйдырып төрөп алсам…
– Ошондой да болчу беле?.. Болбойт!
– Химиялык боёк менен чач боёгонго болбойт депсиз. Далили кандай?
– Далил түшүнө турган акыбалыңыз болгондо бул суроону сурабайт элеңиз, бурадар… Андыктан айтпай койгонум оң болот. Сурооңуз жаман жыттанат…
– Чубак балам, Союз убагында жин, шайтан деген балээ жок эле. Хизбут, моджахед, вахабист, баптист жана башкалар көбөйгөн сайын башка жактын жин-шайтаны да бизге агылып кирип толуп алды. Падышаларды куугандай эле жиндерден молдолор, жин куугучтар чогулуп, Кыргызстанды тазаласа болот беле?
– Кана эми ошондой болсо, атаганат. Союздун убагында башка шайтанга муктаждык деле жок эле, чоң шайтандар Маскөөдөн туруп баарыбызды башкарчу. Эми ошол чоңдорунан айрылсак, кичинелери толуп кетпедиби? Кудайымдын ар ишинде жакшылык бар.. Үмүт үзбөйлүчү…..
– Сизди урматтап сыйлап, үй-бүлөбүз менен жакшы көрөбүз. Кудайым эки дүйнө бактылуулук насип кылсын. “Тандалган хадис” китебинен “Рукусун жана эки сажданын ортосунда белин түз кылбаган кишинин намазына Аллах карабайт” деп окугам. Аял менен эркектин намазда айырмачылыгы бар деп түшүнөм. Күн-Туудагы илимдүү аял киши рукудө аял киши тизесин кичине бүгүп, анан башын кичине ийип коёт деп үйрөтүптүр. Бир тууган иним да туура дейт. Мен жаңы баштагам. Туура окууга абдан аракеттенем. Ошондуктан илимдүүлөрдүн илимдүүсү сизден сурап билгим келет. Аткантаң.
– Аялдардын намазы эркектердин намазынан 25 жерде айырмачылыгы бар. 1. Аялдар намазга такбир айтып киришкенде эки колун мүрүсүнүн тушуна чейин гана көтөрүшөт, эркектер кулак жумшагына чейин көтөрүшөт. 2. Аялдар намазда эки колун жеңинен чыгарбай эле такбир айтып кол көтөрүшөт. 3. Аялдар оң алаканын сол колунун үстүнө, эки көкүрөгүнүн алдына коюшат. Эркектер колду байлашып, киндик астына коюшат. 4. Рукуда бир аз ийилишет. Эркектер “Г” тамгасынын формасында болушат. 5. Рукуда аялдар тизеге катуу таянышпайт. 6. Рукуда тизенин үстүнө колдорун жөн гана коюшат. 7. Рукуда колдорун тизесине койгон убакытта колунун манжаларын чачыратпастан чогуу коёт. 8. Эки тизесин ийилтет. 9. Рукуда мүчөлөрүн бири-бирине жакын тутуп, жыйынтыктуу кармайт. 10. Саждада мүчөлөрүн бири-бирине жакын тутуп, жыйынтыктуу кармайт. 11.  Саждада эки чыканагын жерге тийгизет. 12.  Каадада олтурганда эки бутун оң жагына чыгарып, жамбашы менен жерге олтурат (таваррук). 13. Каадада манжаларынын учу тизесинин башына чейин жетип тургандай болуп коёт. Кээ бир риваяттарда эркектер эки колун тизелеринин үстүнө ташташат деген маселенин негизинде айтылат жогорудагы маселе. Чындыгында бул маселеде эркектер менен аялдар бирдей.  14. Каадада манжаларын жайып жибербестен чогултуп коёт. 15. Намазда бир нерсе болгон болсо, тасбих айтып белги бере албайт, оң алаканы менен сол колунун үстүн чаап белги берет. 16. Эркектерге имам боло албайт. 17. Аялдардын жамаат менен окуганы макрух. 18. Эгер макрух болгондугуна карабай жамаат менен окуй турган болушса, имамы жамааттагы аялдар менен бир сапка катар эле тизилип окуйт. Астыга ажырап чыкпайт.  19. Аялдардын жамаат намазга келүүсү да макрух. 20. Жамаатка катышкан убакта, эркектерден кийин өздөрүнчө сап болуп турушат. 21. Аялдарга жума намаз парз эмес, бирок келип кошулуп окуса жарай берет. 22. Айт намазы да милдеттүү эмес. 23. Курман айт күндөрү такбиир ташриик айтуу да милдеттүү эмес. 24. Багымдат намазды таңдын аппак болуп атуусун күтүп олтурбай эле, алгачкы убактысында окуйт. 25. Жарыя окулган намаздарды жарыя окубайт.
Пайгамбарыбыз алайхис салам “Менин кандай намаз окуганымды көрсөңөр, мына ошондой намаз окугула!”, деп буйрук берген. Эркектердин да, аялдардын да намазы бирдей, Пайгамбарыбыз алайхис саламдын намазындай болуусу талап кылынат. Ушундай боюнча кала бермек, эгерде башка хадис жана себептер келип аялдардын намазын эркектердикинен кээ бир нерселер менен ажыратпаганда. Имам Абу Даудтун “Мараасиил” китебинде Пайгамбарыбыз алайхис салам эки аялдын эркектердей болуп намаз окуп жаткандыгын көрүп: “Эгер сажда кылсаңар кээ бир этиңерди (чыканагыңарды) жерге тийгизип, жыйнактап окугула! Аялдар бул нерседе эркектердей эмес!” Ошондой эле бул хадисти Имам Байхакий да риваят кылган. Маусилийлердин хасан (достоверный) хадистеринин катарына кошкон. Ушул жана башка хадистердин негизинде, жана Ислам шариатынын “макаасид”теринин натыйжасында аялдардын намазында айырмачылыктар болот. Калган жерлеринде эркектердин намазы менен дээрлик бирдей эле болот. Азыр кээ бир эже карындаштарыбыз да намазды эркектердей болуп окуганын көрүп, аларга атайын фатва жазып бергендигиме карабай, ошол жоругунан жазышкан жок. Менимче аларга Пайгамбарыбыздын сүннөтү керек эмес, а балким өздөрүнө лекция окуп жүргөн устаздарынын сөзү гана керек окшойт. Же Пайгамбарыбыздын кээ бир сүннөттөрүн карманып, кээ бирлерин таштап коюну жакшы деп билишет окшойт. Албетте кылгандары туура эмес. Өздөрү билбейт, же билгендин тилин албайт, Жөөттөр душмандарын ушинтип каргашат экен. Аллахым ынсаптан айырбасын.
– Жолдошум каза болуп калган. Өзүмөн жаш жигитти жактырамын. Ошол жигит менен нике кыйдырып, жолугушуп турсак болобу? Сиз менен кандай байланышса болот? Нурай
–  Нике кыйдырып жашасам, ага турмушка чыксам деп айт. Ата-энең билсин. Жаш болсо ого бетер жакшы, сен да жашарып кетесиң. Бирок, ойноштой болуп бекинип жашап жүргөн болбойт. “Айни” деги сабактарыма келсең болот. Ар жекшемби болот.
– Базарда соодабыз болбогонунан жолубузду ачтырганы касыйдачы молдого бардык эле чай, туз, суу ушул сыяктуу нерселерди жана 4000 сом алып келгиле деди. Ишенсек болобу? Болбосо, иши жүрүшпөгөндөргө шариятта кандай жолдору бар? 077218…
– Кудайдан калбагыла. Пайда берүүчү да, зыян жеткирүүчү да жалгыз Кудай Таалам. Дуба кылгыла. Адал иштегиле….
– 5 маал намаз окуйм. Бирок, азыр багымдатка тура албай калып жатам. Эмне болот? Күйөөм намаз окубайт, пиво ичет, тамеки тартат, бильярд, карта, сони, футбол ойнойт. Көп урушабыз. Намаз окуп, жоолук салынам. Ошого карабай кызганат. Эмне кылам? Уруша берип тажап кеттим. 077971…
– Азыр тура албасаң качан турасың багымдатка. Түн эң узак болгон мезгил азыр. Сабыр кыл, баары жакшы болоор. Тажаба. Урушуунун да кереги жок…
– Мусулманча ат коюу керек балага дешет. Тариэл деген ат барбы мусулмандарда? Болсо эмнени түшүндүрөт? Тимур
– Билбейт экенмин.
– Баламдын төбөл чачы бар. Беш ай болгондо Сулайман тоого барып алдыр дешет. Кантип алсак болот?
– Сулайман тоосу жок эле, өзүң бисмилланы кыраатын келтирип айтып, алып коё бер.
– Аял киши да садага берсе болобу же күйөөсүнөн уруксат сурап бериши керекпи? Уруксат бербесе сооптон куру калабызбы? 077230…
– Аял киши өзүнөн жеке мүлкү болсо садака бере берет. Күйөөсүнүкүн кантип берет эле?
– Мен жеңем жазып берген гусулду жоготуп койгом. Ошондон бери күйөөм экөөбүз болгондон кийин жөн эле жуунуп алабыз. Бул күнөө эмеспи? Мүмкүнчүлүк болсо гусулду жазып бересизби?
– Гусул алганда дененин баарына суу жеткирип, оозу менен мурду чайкалуусу кажет. Ошону менен гусул болот. Гусул алуудан мурда дааратканага барып келгени макул.
– Ата-энем бар, кары дейин десең жашы 45-55те, тың, ичишет, ичип алып каргайт. Апам жүз миң сомго чейин карыз болду. Аны төлөдүк инилерим болуп. Хикмат менен айтсак түшүнбөйт. Ичип алып каргай берет. Ошол каргыш Аллага өтөбү? Ушул маселе жүрөктү абдан оорутат.
– Жок аныкы, сен айткандай болгон учурда өтпөйт.
– Кыз-жигит болуп жүрчү элек. Азыр ал молдо. Өз-өзүнчө үй-бүлөбүз бар. Аялына мени айтып, мени алып алаарын айтып кыйкырып урат экен. Мага аялы көз жашын төгүп айта берет. Турмушка чыкканы ал бала менен сүйлөшпөгөм.  Эмне кылам?
– Кичине дем салып жиберүү керек экен ал молдого. Доктурлар деле ооруп доктурга жаткандай, молдолорго деле кээде дем салуу керек болот. Көчөдөн кармап алып “Көп дөөрүбөй жүр! Менин эрим бар! Эрдүү катын таяк жейт, койлуу катын куйрук жейт болуп мени эриме таяктатканы жүрөсүңбү?” деп айтыңыз. Же жакшысы, апаңызды ортого салып айттырыңыз. Экинчи унчуккус болот.
– Даараты бар туруп маасыны чечсе даараты бузулабы?
– Даарат алып, буту жуулуп, андан соң маасысын кийип, бирок даарат бузулганга чейин эле кайрадан маасысын чечсе, аны менен даараты бузулбайт. А бирок даарат алып, бутун жууп маасы кийсе, кийин даараты бузулуп, даарат алып маасысына масх тартып, андан соң маасысын чечкен болсо, бутунун гана даараты кеткен болот. Бутун жууп алса жетиштүү болот.
– Атамдын экинчи аялы бар. Апам, туугандарым болуп каршыбыз. Ушундан улам уруш көп болуп, апам ажырашам дейт. Буга кандай дейсиз?
– Сенин атаң менен кандай ишиң бар. Кыйратып койгонсуп каршыбыз дейсиң. Сен жөн эле жүрсөң атаңа каршы болбой.  Апаң каршы болуп каякка барат эле. Көп болсо ажырашып, акырында эри да жок калат. Көп аялдар ойлонбой эле жаңжалдаша берип акырында бармагын тиштеп калат. Же иттен жок, же ит байлаган жиптен жок ара жолдо калат.
– Башка диндеги жигитке турмушка чыксам мусулман болом дейт. Сүннөткө отургузулган эмес да. Кандай дейсиз?
– Мусулман болсо чыга бер. Мусулман болсун биринчи. Сүннөткө жетелеп барып олтургузуп коёсуң. Андан көрө кантип мусулман кылып, эптеп тийип алам  деп ойлон. Эрге тийбей туруп эле, тийгенден кийин керек боло турганды ойлойсуң да, карагым. Биринчи аштык тап, аштык тапсаң баштык табылат.
– Истихара намазын окуйм. Түшүмө кирбей жатат. Белгилери кандай болот? Ал бала менен кудалашып койгон.
– Көңүлүң тартып жаткан болсо эле, истихаараң оң жагына чыгыптыр деп билгин. Эрте күндү кеч кылбай тездет, бай болгур.
– Мен абысыным менен чогуу жашайм. Анын эч гусул алып жуунганын көрбөйм. Анын жасаган тамактарын жесек арам болобу? Куран, сүрөөлөрдү өзүнчө окуганда сөзсүз даарат алыш керекпи? Даарат алганда жыныс мүчөсүн гана жууп койсо болобу же толук алуу керекпи? 055810…
– “Мага көрсөтпөй жуунат экен да” деп жакшы күмөндөнсөң болобу? Же абысындар жөнүндө жаман күмөн кылуу милдеттүүбү абысындардын салтында. Колун жакшылап жууган болсо, жасаган тамагы арам болбойт. Айыз учурунда Куран окуй албайсыз. Ал эми гусулдуу болгон убакта, жаттаган сүрөөлөрдү даараты жок кайталасаңыз жарай берет. Куран китепти карап окуйм десеңиз, милдеттүү даарат алуу керек болот. Даарат алганда чоң заара жана кичине заара чыккан жерлерди, ал жайылган жерлерди гана жууп коюу милдеттүү болот. Шалпылдатып баарын суу кылып жууш милдеттүү эмес.
– Пайгамбарыбыз (с.а.в) айткан: “Энеңдин бир туугандарын энеңдей көр” деп. Менин таэжем биздин үйгө балдарын жашатып койгон. Алар иштебейт, жалкоо. Күйөөм “Сенин туугандарың тажатты” дегенинен таэжеме айтсам, “Сен сараңсың, баламдан наныңды аяп, күйөөңө шылтоолоп жатасың” деп мага таарынып жатат. Таэжемди сыйлап анын 20-22деги баласын багайынбы? Салия
– Пайгамбарыбыз алайхис салам туура айткан. Таэжең келсе, үйүңө энеңди баккандай бакмак элең. Бөлөлөрдү багуу сага милдеттүү эмес. Анын үстүнө сага махрам дагы эмес. Алардын көзүнчө жоолукчан жүрүүң керек болот. Дагы бир нерсе, сен күйөөң жактырбаган адамдарды күйөөң экөөң жашаган үйгө киргизүүгө укугуң жок. Анын үстүнө чоңоюп калган балдар экен.
– Эмне үчүн парз намаздардын алгачкы эки рекетинде Фатиха сүрөөсүнөн кийин кошумча зам сүрөө окуп, акыркы эки рекетинде Фатиха сүрөөсүн жалгыз өзүн окуйбуз да, сүннөт жана нафил намаздардын  бардык рекеттеринде Фатиха сүрөөсү менен зам сүрөөнү дайыма кошуп окуйбуз?….9187
– Абу Катаада (Аллах андан ыраазы болсун) мындай дейт: “Пайгамбарыбыз алайхис салам Бешим намазынын алгачкы эки рекетинде Фатиха сүрөөсү менен эки сүрөөнү кошуп окуйт эле да, акыркы эки рекетинде Фатиха сүрөөсүн окуйт эле… Дигер намазында да ушинтээр эле…” (Бухари, 776). Мына бул хадис үч жана төрт рекеттүү парз намаздардын алгачкы эки рекетинде Фатиха сүрөөсү менен бирге дагы бир сүрөөнүн окулуп, ал эми акыркы эки рекетинде Фатиха сүрөөсү жалгыз окула тургандыгын далили.
Ал эми нафил намаздар эки рекеттүү болгондуктан ар бир рекетке Фатиха сүрөөсү менен бирге кошумча сүрөө кошулуп окулат. Мисалы бир мусулман төрт же алты рекеттүү нафил намаз окуй турган болсо, ар бир эки рекети өзүнчө намаз катары эсептелет.
Сүннөт намаздар да негизинен (милдеттүү эмес болгон) нафил намаздар тобуна кошулгандыктан ар бир рекет.

“Тамчы”

The post Чубак ажы Жалилов менен турмуштук суроо-жооптор (39) appeared first on FORMULA.KG.


October 18, 2015 at 12:09AM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

📌 Коом энелерге жараша калыптанып өзгөргөндүгү маалым. Эркек киши үй- бүлөсүн багыш үчүн аялынын колдоосу, жөлөгү менен киреше табат. Күнүмдүк турмуштун запкысынан чарчап чаалыгып үйүнө кайтканда, аларды кулуп-жайнап тосуп алган, кайгы-капасына тең ортоктош болгон сүйүктүү жарлар бактылуу да, барктуу.

❤ Азирети Пайгамбарыбыздын да жөлөгү бар эле. Ал Азирети Хадижа эле. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз адамдар тарабынан куугунтукталып, жалган жалааларга, кордуктарга дуушар болуп, кайгырып үйүнө кайткан күндөрдө Хадижа ага арка-жөлөк болоор эле (Ибни Хишам, ас-Сиро, I, 259). Азирети Хадижа Пайгамбарыбыздын Исламды жаюу ишиндеги ишенимдүү кеңешчиси, кайгы-муңун тең бөлүшкөн сүйүктүү жары болгон.

📎 Ошондой эне балдарына эң мыкты тарбиялаган үлгүлүү эне эле. Ал балдарына үй-бүлө куруунун сырларын, адамдар менен болгон мамиленин эрежелерин үйрөтө турган.
Авф бин Махламдин зайыбы Умама бинти Харис кызы Унасты турмушка берип жатканда ага төмөнкү насаатын айткан экен:

❗“Тыңда, кызым! Эгер кыз ата-эненин мал-мүлкүнө, байлыгына ишенип күйөөгө муктаж болбогондо, анда бардыгынан мурда сен бай болушуң керек эле. Бирок жашоо мындай эмес. Эркектер биз үчүн жаралган сыяктуу, биз да алар үчүн жаралганбыз. Кызым! Сен ата-энеңдин үйүнөн, өсүп-чоңойгон уяңдан учуп, чоочун адамдын үйүнө баратасың. Эми ошол кишини ыраазы кылып, анын тилин алсаң, ал да сени угат. Сени сүйүп көңүлүңдү алуу үчүн колунан келген бардык нерсени жасайт. Сага азыр 10 нерсе айтам. Аларды жаттап ал, керек болгон учурда ушуга жараша аракет кылсаң, күйөөң менен бактылуу өмүр сүрөсүң:

1. Сага тамак-аш жана кийим-кече, дегеле эмне апкелсе апкелсин, бардыгын сүйүнүү менен кабыл алышың керек.
2. Ал айткан нерселерди аткар, тыюу салып “жасаба” деген нерселерди жасаба. Сөзүн угуп, ага баш ийишиң керек.
3. Үйүн жакшы карап, өзүңдү тыкан, таза алып жүр.
4. Бир караганда, же болбосо жыттаганда көңүлдү айныткан нерселерден алыс бол. Себеби, алар күйөөңдү жийиркентип сенден көңүлүнүн суушуна апкелет.
5. Уктачу, тамактанчу маалдарды жакшы билип жүр. Тактап айтканда, буларды кайсы убакта кылууну адатка айландырып алса, дал ошол маалдарда тамагын даярдап, төшөгүн салып коюшуң керек. Себеби ачкалык адамды кыжырлантса, уйкусуздук каардантат.
7. Күйөөңдүн мүлкүн көзүңдүн карегинде сакта, ысырап кылба.
8. Күйөөңдүн кадырына шек келтирбе, тууган-туушкандарынын айтканынан чыкпа.
9. Эч качан ага каршы чыгып, каяша айтпа.
10. Сырын эч кимге айтпа. Эгер айткандарына каршы чыксаң, сага өчөшүп калат, сырын айтып койсоң, анда анын терс мамилесине душар болушуң толук ыктымал. Кызым, эсиңе бекем түйүп ал! Эч качан күйөөң кайгырып турганда, сен ал жерде жайдары турба. Ошондой эле анын көңүлү куунак учурда, сен кайгылуу болуп турба!”

✏ Бул үлгүлүү эненин бекем үй-бүлө куруунун маанилүү эрежелери. Береги кеңештер боюнча түптөлгөн үй-бүлө бекем боло алат. Ошондуктан бабаларыбыз улам кийинки муундарды тарбиялоодо бул эрежелерди эске алган. Уулун үйлөндүргөн энелердин да аларга берчү баалуу кеңеш-насааттары бар. Баланы ыймандуулуктун тарбиясы менен өстүрүү керек. Аларга сабырдуулукту, адилеттүүлүктү, чынчылдыкты, ыраскөйлүктү, ыйбаалуулукту үйрөтүү зарыл. Уулунун бейпил турмуш куруусун каалаган акылман эненин төмөндөгү икаясы кандай гана мазмундуу:

🕐 Тамакты чүйгүндөп даамдуу жасагандыгы менен атагы чыккан эне кечки тамакка жаңы үйлөнгөн уулун жубайы менен чакырат. Ошол себептүү эртеден бери ашканада тамак жасап жаткан болчу. Кечки тамакка эски досу да чакырылган эле. Көптөн күткөн меймандар да келип, дасторконду тегерете отуруп калганда укмуштуу нерсеге туш болушту. Эне кемпирдин жасаган бүгүнкү тамагы соргоктун да табитин качыра тургандай начар эле. Картошкалары күйүк, эти болсо дээрлик бышпай калган. Уулу, келини жана досу кемпирге муну сездирбеш үчүн колдорунан келишинче аракет жасашса да, тамак учурунда эч кимисинин табити чаппаганы билинип турду. Ошентип тамакты жеп отурушту. Уулу келини менен энесинин колунан өөп үйлөрүнө жөнөштү. Досу кемпир курбусуна кайрылып:

“Сенин мыкты ашчы экениңди беш колумдай билем. Айтсаң, эмне үчүн бүгүнкү тамагыңды минтип койдуң? Менимче, сен же ооруп жатасың, же мунун бир сыры бар” – деди. Анда ал жылмайып:
“Жок, ооруган деле жокмун. Атайылап жасадым. Мындан кийин уулум апасынын тамактары менен аялынын тамактарын салыштырып, эч качан аялынын көңүлүн сындырбайт” деген экен.
Мына акылмандыктын, кыраакылыктын үлгүсү. Уулунун жакшылыгын ойлогон эне гана ушундай мамиле жасай алат. Баалуу кеңеш берип жатканын ойлоп:”Кулак сал, уулум, аялдардын көңүлүнө карап такыр мамиле кылба. Аял дегенди башынан эле тарбиялап албасаң, кийин башыңа чыгып алат”- деген сөздөр менен жубайына карата серт жана катуу мамиле жасоого үндөбөйт.
Улуу Алла Таала эл-жерибизге, мамлекетибизге жана бүткүл адамзатка тынчтык, ынтымак, ыймандуулук насип кылсын.

📌 Эненин дубасы:

Хаким Тирмизи жаш кезинде илим алууну абдан самачу. Күндөрдүн биринде Тирмизиге эки досу келип илим алмакка алыска сапарга чыга тургандыктарын билдирип, аны да чакырышат. Тирмизи бир жагынан кубанып, бир жагынан ойлонуп калат.

Ошол эле күнү кечинде маселени энесине билдирет. Энеси ойлуу тартып уулуна мындай дейт:
– Уулум! Мен ал-күчтөн тайдым. Мага сенден башка жардам бере турган эч кимим жок. Өзүңө да маалым, бир жагынан оорукчанмын. Мени жалгыз кимге таштайсың?

Энесинин бул сөздөрү Тирмизинин сай сөөгүн сыздатты. Бир тараптан илим алууга болгон ышкысы, бир тараптан эненин акысы аны кыйын абалга алып келди. Терең ойго батып, акыры эненин акысы илим алуудан жогору экендигин баамдап, илим алуудан баш тартты. Жагдайды досторуна туура түшүндүрүп, алар менен илим алууга бара албай калгандыгын билдирди.

Ошентип достору шаардан чыгып алыска сапар тартып кетишти. Тирмизи алардан бөлүнүп илимден кур калгандыгы үчүн аябай кыжалат болуп жүрдү. Арадан көп убакыт өтсө да, илим алуу ышкысы күн өткөн сайын күч ала берди. Өзү жалгыз калган убактарда өзүнчө буулугуп көпкө ыйлачу. Муну байкаган энеси:
«Алла таала «иншаалла»(Кудай кааласа) сени бул арзууңа жеткирээр» деп дуба кылып жүрдү.
✏ Күндөрдүн биринде Тирмизи мүрзөнүн жакасына барып ыйлап, бугун чыгарып өзүнө-өзү:
«Мен эмне боломун? Досторум илим үйрөнүү үчүн кетишти. Менчи? Илимсиз калдым» деп сүйлөнүп жаткан эле. Бир маалда жүзүнөн нур тамган бейтааныш карыя пайда болуп:
– Уулум! Эмне ыйлап жатасың? Сага эмне болду? – дейт.

Хаким Тирмизи алгач апкаарып калат. Анан баш-аягын жыйнап болгон окуянын баарын башынан аягына чейин айтып берет.
Анда береги карыя:
– Аз убакыттын ичинде тигил эки досуң алган илимден да көп илим алууң үчүн, ар күнү келип сага сабак беришимди каалайсыңбы? – дейт ууртунан жылмайып.

📌 Хаким Тирмизи кубанчы койнуна батпай:
– Албетте, каалаймын, – деп жооп берет.
Ошентип нур жүздүү бейтааныш адам ар күнү келип сабак бере баштайт. Тирмизи үч жыл бою сабак алат. Ал бул бейтааныш карыянын ким экендигин үч жылдан кийин гана билген. Ал карыя азирети Кыдыр (а.с.) болгон экен.
Бул багытта Тирмизи:
«Жараткандын мага буюрган мындай чоң жакшылыгына энемдин ыраазычылыгы жана анын ак дубасы менен жеттим!» деген.

👪 “БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ”

🔎 http://ift.tt/1NhBJxf

The post 👍 Үлгүлүү энелер appeared first on FORMULA.KG.


October 17, 2015 at 11:47PM
Технологии Blogger.