Halloween party ideas 2015

⌛ Учурда, “мен намаз окубаганым менен , менин жүрөгүм таза, аллахка жүрөгүм менен ишенем, ошол эң негизгиси эмеспи деген “тилинде” гана мусулмандар, тилекке каршы көп. Албетте жакшы адам болуу, жакшылык кылуу, коомго пайдалуу инсан болуу маанилүү жана керектүү. Бирок алар айтып жаткан, “менин намаз окуума муктаждык жок, менин жүрөгүм таза”-деген сүйлөмдүн өзү, дүйнөдөгү эң булганыч сүйлөм. Анткени, пайгамбарлар да өз напсисинен коркушкан. А сиз, эч бир арамды карабадыңызбы? Бир да жолу жалган айтпадыңызбы? Бирөөнүн артынан сүйлөп, күнөөсүн албадыңызбы? Макул буларды кылбадыңыз дейли. Бирок намаз окубаганыңыздын өзү, чоң күнөө катары сизге жетет. Намазга кичинекей бир маселе ( аа, ооба окуш керек, окуйм буйруса) катары караган бирөөнүн чооң бир маселеси калбагандыр. Анткени намаз, андай маани бербей коё турган кичинекей нерсе эмес. Ыймандан кийинки эле сурала турчу нерсе бул, намаз.

🙏 Негизи бул жашоодо, бирөө бизге жакшылык кылса сөзсүз рахмат айтабыз. Чоң бир проблемабызды чечип, көйгөйдөн арылуубузга себепчи болгон адамга ыраазычылык билдире албай калсак, ичибизден кыжаалат болобуз. Бирок , биздин ушул дүйнөдө, ушундай өнүккөн доордо, тынч бир өлкөдө, ата-энебизди маңдайыбызда кылып жаратып койгон, жадакалса ошол бизге жардам берген адамдын бизге жардам берүүсүн шарттаган, жаратуучуга бир жолу сажда кылып ыраазычылык билдирбесек нанкөрдүк (жакшылыкты билбегендик) болбойбу? Ойлонуп көрүңүзчү, сиз Сириядай болгон согуш өлкөсүндө, колунда бар үй-бүлөөдө эмес, жакыр бир үй-бүлөөдө туулуп калышыныз мүмкүн эле. Же ушундай жетишкен заманда, тынч өлкөдө туулайын деп, төрөлүүдөн мурда факс жибердиңиз беле? Жакшылап ойлоно турган болсоңуз, бул дүйнөдө бардык жаратылгандар адамдын кызмытында. Бири-биринен өзгөчөлөнгөн жашылча жер жемиштер, көз жоосун алган кооз жаратылыш, булардын баары адам үчүн. “Тилде” гана өзүн мусулман эсептеген бирөө үчүн жылдыздар бул кечки романтика, а чыныгы мусулман үчүн аллахтын берген нээматы. Аллах, бул кооз жаратылышты акындар көрүп кыздарга арнап ыр жазсын деп эмес, жаратуучусун таанысын деп жараткан. Элестетсеңиз сиз бир соонун нерсе жасадыңыз, аны көргөндөр болсо, сиздин атыңызды айтмак тургай эстеп же оюна да алып койбой башка эле бирөөнү даңктап, мактап жатышат. Каарыңыз келип ачууланбайсызбы?

👉 Мына ушул ыраазычылык, шүгүр момун мусулмандын намазы менен билдирилет. Момун мусулмандын ар бир намазы бул мираж, б.а аллах менен жолугушуу. Эгерде сизди, сиз аябай жакшы көргөн, көрүүнү эңсеген бирөөңүз, кумириңиз дейбизби жолугушууга чакырса барбай коё алат белеңиз? Кечигип барат белеңиз? Барган соң маанисин билбеген эле сөздөрдү шаша-буша айтып коюп кеткенге шашылат белеңиз? Жок албетте. Ушул сыяктуу эле, аллах сизди бир күндө беш жолу жолугушууга чакырып жатат. А сиз болсо убактым жок, зарыл иштерим бар, шартым жок деп ар кайсы шылтоолорду айтып, аллахтын чакыруусун четке кагып жатасыз.

💊 Бир адам ооруп ооруканага барса, анын рак оорусуна чалдыкканын жана ашып барса үч ай өмүрү калганын айтышат. Бул мусулман бирөө, үйүнө келип өкүнүп, кайгырып олтуруп калбай, дароо бул дүйнөлүк иштеринен арылып, өлүмдү эстеп даярдана баштайт. Эми суроо: Биздин үч айга чейин жашайбыз деген кепилдигибиз барбы? Эч кандай кепилдигибиз жок. Бирок биз, бул дүйнөдө түбөлүк жашачудай жүрөбүз. Окууму бүтсөм, үйлөнүп жайланып бир жаңсыл болгондон кийин, намаз окуйм буйруса, ниетим бар, жок эмес- деген досторубуз, сиздин ошол күндөргө жетишиңизге кепилдигиңиз барбы? Бул темада сөз болгондо эле кээбирөөлөр “өлүм менен коркутпа!” –дешет. Өлумдөн коркуш эмес, өлүмгө даяр болуш керек. Жаш өлгөндөн эмес, ыймансыз, намазсыз өлүп кетүүдөн коркуш керек. Эгер чын эле өлүмдөн корксоңуз эч ойлонбой дароо намаз окуп башташыңыз керек эмеспи? Бирок кайра эле күнүмдүк иштериңизди улантып, өлүмдү эстегиңиз келбейт. Мергенчиден жашынып, мени көрбөсүн деп башын кумга жашырган төө куш сыяктуубуз. Мергенчи- бул өлүм, бизди көрүп турат, бар экени анык, бирок биз аны көрбөөгө, мойнубузга албоого тырышабыз. Мисалы: сиз, бүгүн өлүп калышым мүмкүн деп ойлодуңузбу? – жок ойлободуңуз, элестете да албайсыз. Жакшына эле жүрүп кантип өлүп калайын деп эстегиңиз да келбейт. Так эле кумга башын жашырган төө куш сыяктуу. Бирок өлүм ак. Ал биз билбеген, күтпөгөн учурда да келип калышы мүмкүн.

🎭 Намаз окубаган мусулман туугандар тили менен айтышпаганы менен негизи ушуну айтышат: Убакытым аз, бош эмесмин, аллах берген 24 сааттын 1 саатын аллах үчүн бөлө албайм. Ал эми намаз болсо Аллахка эмес, өздөрүнө керек экенин ойлоп олтурушпайт.

Намаз диндин тиреги. Намаз окубаган бир мусулманды, мусулман деп атоо да кыйын. Анткени намаз окуу кудайга болгон ибадат. Намаз окубоо болсо шайтанга болгон ибадат, шайтанга болгон кулчулук. Тилекке каршы ушундай бир доордо жашап жатабыз, бир мусулмандан, намаз окуйсуңбу?-деп сурайбыз. Негизи мусулман болуу, намаз окуу бири-биринен айрылгыс эле нерселер эмеспи.

❗Урматтуу мусулман бир туугандар, биз намазыбыз менен мусулманбыз. Келиңиздер “тилде” гана мусулман болуудан чыгып, “менин жүрөгүм таза деген сөздөр менен өзүбүздү алдабай”, чыныгы момун мусулман бололу. Намаз сизге оор келбесин. Намаз аркылуу сизге берилүүчү түбөлүк бакытты, убактылуу нерселерге алмаштырбайлы!!!

👤 Перизат Мусабек кызы,
👪 «БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ»
🔎 http://ift.tt/1LEVxIg

The post “Эң негизгиси жүрөгүбүз менен ишенсек, жүрөгүбүз таза болсо болду, намаз окуу шарт эмес”- дегендерге. appeared first on FORMULA.KG.


October 21, 2015 at 10:05PM

Отправить комментарий

Технологии Blogger.