Halloween party ideas 2015
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Бул эки жигиттин бирөөсүнүн бешиктен бели чыга элек, экинчисинин жашы жетиге жете элек мезгилде, эрте жазда атасынан айрылышкан. Бечара Бөрүбай тырмалаңдап эс тарткандан баштап отуз жылдык өмүрүнүн аягына чейин дыйканчылык менен күн өткөрдү. Жерден кар кеткен тээ ала шалбырттан баштап, күнү күркүрөгөн кеч күзгө чейин желкесинен кетмен түшпөй, жер менен сырдашып, жер менен акылдашып дыйканчылык кылчу. Элдин баары Бөрүбайды тыкаан киши дешчү. Ананчы, анын короо-жайы да, эгин айдаган талаасы да, башкалардыкынан башкача болуп турчу. Иреттүү, баарысы орду-ордунда, буюм –тайымдары да жай-жайында турчу. Кандай ишке бел байлабасын майын чыгара, чын дилинен аткарчу. Ошого анча-мынча капчыгы калыңдар эгин-тегин айдатып, септиргенде, сугарганда, жыйнаганда Бөрүбай тыкаанды мандикер жалдашчу. Өмүрү кыска экен, ошентип дыйканчылык кылып жүргөн күндөрдүн биринде кокусунан жүрөгү кармап, талаадан үйүнө араң келип үзүлгөн.

Андан бери канча суулар агып, күн кеч кирип, таң атты дейсиң. Ошол убакыт жебеси менен жарышып, анын балдары да бойго жетишти. “Алма сабынан алыс түшпөйт” дегендей балдары да атасын тартып жакшы чыгышты. Бирөөлөргө пайдасы тийбесе, зыяны тийбет булардын. Кол арага жарагандан бери эле экөөсү тең тырышчаак. Дыйканчылык, чарбачылык менен күн көрүшөт. Бошой калышканда кимдир бирөөнүн уйүн шыбап, тамдарын жаап дегендей устачылык да кыла коюшат, бир туугандар биргеликте.
Быйыл эрте жазда ага-ини масилеттешип, айылдын мал жандыгы кышкысын жайылган кара кырдын артындагы “Дасторкон -Тахта” аталган тегиздикке жаздык себишкен.
Ошол күндөн бери бир туугандардын буту ушул жакта.
Бири коюп бири кезек менен кароолчулук кылып жүрүштү. Бешенелерине быйыл күн жаанчыл келип, буудайлары жакшы болду. Кечээ жакында орушуп, кырман бастырышты.

Тоодой болуп үйүлгөн кырмандын четинде ага-ини кылган мээнеттеринин акыбетин кайтарып бергенини жаратканга шүгүрчүлүк айтышып, алган түшүмдү кантип бөлүшөөрүн масилеттеше баштады.
Алгач агасы: Иним кудайга шүгүр. Быйыл куру кол калтырбады. Атам ыраматылыктын;
Дыйканчылыкта өтө сооп көп. Биринчиден, оп бысмылда деп, жакшы ниет менен жерге дан чачсаң, аны жер астындагы курт-кумурскалар жейт. Мында бир сооп. Экинчиден, ал өсүп чыгып. Дан байлаганда куш-чымчыктар азыктанышат, буга дагы бир сооп, анан жыйын-терим болгондо алган түшүмүңдөн бей-бечарага, жетим-жесирге,жакыр-жалчыга үшүр бересиң. Мында дагы бир сооп.
Анан калганын өзүн бала-чакаң менен пайдаланасың-бул нерсеге дагы бир сооп жазылат”-дегенин кулагым чалган эле.
Эгер макул көрсөн, эң алгач кырмандан айылыбыздагы Абдирашит акенин балдарына үшүр берели. Кантсе да, ал кишинин көзү өтүп кеткенден бери жаш балдары аябай кыйналып калышты. Анан кырманды тең экиге бөлөлү деп сөз баштады.
Жанатан бери агасынын сөзүн муюп угуп олтурган иниси макул дегенсип баш ийкеди. Кырмандан алгач үшүр берилди. Анан тең экиге бөлүндү.
Ташууга келгенде иниси агасына:
-Мен карап турайын сиз биринчи ташыңыз. Келгениңизде мен жөнөйүн. Кезек-кезек менен ташыбасак.Жол алыс чарчап калабыз”-деген сунушун айтты. Бул пикирге агасы да макул болду. Ал бир эки кап буудайды эшегине артып үйүнө жол алды. Агасы көздөн кайым болгондон кийин инсине бир ой келди. Бул пикир чындап таң калыштуу эле. Ал өзүнчө жалгыз башымды эптеп багамын. Агама кыйын. Кантсе да,жаш балдары бар. Кой өзүмө тийген тийешеден ага билдирбей кошуп салайын деп ойлонду да,агасы келгиче бир челек буудай салып, агасы тарапка төгүп койду.

Арадан бир канча убакыт өткөндөн соң агасы келди. Инисине буудай капташып жолго салды. Ал нарыраак жылганда, агасынан башында да бир ой кылт этти. Өзүнчө менин үй-бүлөм бар. Эптеп күнүмдү көрөмүн. Ушул иним бойдок жүрөт. Буудай көбүрөөк тийсе сатып, бүлөлүү болуп алса ажеп эмес. Жакшысы ага билдирбей, өзүмдүн энчимен кичине кошуп салайын деди да, инсинин буудайына бир челек төгүп койду.

Эки бир туугандын мындай бири-бирине болгон урматына, сыйына, ызатына ыраазы болгон жараткан,алардын кырманына береке берди. Экөөсү аз гана көрүнгөн кырманды үч күн бою ташышты….

Запись Кырман впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

“Ыйман, адеп жана маданият” жылына карата борбор калаада 1000 айым бир күндө ак элечек кийип, бир жерде олтурушат. Мындай маалыматты аталган долбоордун жетекчиси, белгилүү журналист Элнура Кулуева билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара элибиздин биримдигин бекемдөөгө, тарыхый жана маданий бай мурасын сактап, келечек муунга өткөрүп берүү максатында, өлкөнүн өнүгүп-өсүүсүнө салымын кошкон айымдардын эмгегин баалоо иретинде өткөрүлүп жатат.

– Биздин иш-чаранын максаты Кыргыз Республикасында 2017-жыл “Ыйман, адеп жана маданият жылы» деп жарыялангандыгына байланыштуу кыргызстандыктардын улуттук аң-сезимин, жарандык патриотизмин өстүрүү, бириктирүүчү жалпы идеяларды жаратуу. Ошондуктан Кыргызстандын элинин тарыхый жана маданий бай мурастарын мындан ары арттыруу – бул мамлекеттин гана эмес, катардагы жарандардын дагы милдети. Андыктан жоопкерчиликти моюнга алуу менен уюштуруу тобу бул иш-чараны өткөрүүгө белсеништи,- дейт Кулуева.

Белгилей кетсек, 1000 айым улуттук баш кийимдерди кийип бир күндө, бир жерде болуу Орто Азиядагы эң чоң жаңылык катары кабылданат.

Аталган иш-чара 4-март күнү “Кожомкул” атындагы спорт ордосунда өтөт.

Кирүү акысыз, бирок бир гана шарт менен: кечеге келген энелер, эжелер, карындаштар сөзсүз түрдө ак элечек менен, а жалпы эркектер ак калпак кийип келиши керек.

INTER.KG

Запись Кыргыздын 1000 айымы ак элечек менен бир күндө, бир жерде болуусу Орто-Азиядагы эң чоң жаңылык катары кабылданышы күтүлүүдө впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Запись Аялдардын зарыл суроолору впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов жана дин аалымы Молдо Газы Зияев 17-февралдан 19-февралга чейин Түркия мамлекетинин Стамбул шаарында өткөн “Арапча китептер жана маданият күндөрүнө” аттуу иш-чарага катышты. Иш-чарага дүйнөнүн 22 өлкөсүнөн 100 аалым жана жазуучулар, 50 басма үйүлөрү чакырылган. Быйылкы жылы экинчи ирээт өткөрүлүп жаткан “Арапча китептер жана маданият күндөрүнө” аттуу иш-чара Түркия жазуучулар союзу жана Хашимит басма үйү менен бирдикте уюштурулган.

http://muftiyat.kg

Запись Чубак ажы Жалилов Стамбулда өткөн “Арапча китептер жана маданият күндөрүнө” аттуу иш-чарага катышты впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Кевин Картер Африкадагы ачкачылыктан алсыз ажал оозундагы кыз жана анын өлүмүн күтүп жаткан кузгунду сүрөткө тартып алат.

Бул сүрөт 1994-жылы сүрөт көргөзмөсүндө “Политзер” сыйлыгына татыды.
Мындан 3 ай өткөндөн кийин Картер көз жумду.
Ал акыркы катында минтип жазып калтырыптыр: Кызды куткара алат болчумун. Фотоаппаратты жерге таштап, ошол кызды колума алып, “жардам берүү” бөлүмүнө жеткирүү мүмкүнчүлүгүм бар эле..
Ал убакта жөнөкөй кабарчымын деп гана ойлонгон элем. Көрсө бир нерсени унуткан экемин…. АДАМ экенимди!

Запись Бир сүрөттүн тарыхы… впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Бириккен Улуттар Уюмунун алдындагы азык-түлүк жана айыл-чарба боюнча уюмунун билдирүүсүндө дүйнө жүзү боюнча 925 миллион адам ачкачылыктан азап чегет. Алардын үчтөн эки бөлүгү Бангладеш, Кытай, Конго, Эфиопия, Индия, Индонезия жана Пакистан өлкөлөрүнүн жарандары. Бир гана Индияны алсак, аталган өлкөдө 209,5 миллион адам тамактын жетишсиздигинен запкы тартып жашайт экен. Ал эми Сомали өлкөсүндө 2010-2012-жылдар аралыгында 258 миң адам азык-түлүктүн тартыштыгынан көз жумуптур. Алардын жарымынан көбүн 5 жашка чейинки балдар түзөт. Мына ушул маалыматтарды көрүп, угуп, окугандан кийин биз кыргыздар курсагыбыз ток, кийимибиз бүтүн Жараткандын берген бейиш мекенинде жашап жатабыз!

Запись Жүздөгөн, миңдеген адамдар ачкачылыктан улам көз жумуп жатат… впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Аллах Таалам адамзат үчүн  жаралгандан баштап тынбай согуп, тээ өлгөнгө чейин  айтып бүткүс сонун, сезүүчү жүрөк органын жаратып койду. Биздин жүрөгүбүз  органдардын эң негизгиси, эң назиги, эң күчтүүсү, ал адамзаттын жашоосун кармап турат, бир мүнөткө сокпой калса эле бүттү жарыктыктан көз жумасың. Адамзаттын жакшы болуусу да, жаман болуусу да жүрөккө байланыштуу. Элибизде жакшы адамды: “А ал ким экен? Жакшы, көңүлүндө кири жок жүрөгү таза адам экен” деп баамдап коёбуз.   Жүрөгүбүз ушунчалык сезимтал келет жана жумшак болот, ал жакшы нерсени да, жаман нерсени да өзүнө бат сиңирет. Жакшылыктарды көп сиңирген жүрөк таптаза болот, а жамандыкты сиңирген жүрөк карарып мерез, тоң жүрөккө айланат. Керек болсо бардык органдарыбыз ага баш ийип турат, адам ушунчалык кайгыга батса жүрөк кысылып ыйлайт, ага кошулуп жан дүйнөбүз жабыркайт, мээ да өз функциясын жоготуп катуу депрессияга учурайт, көздөр кайгыга батып, жүзүбүз бозоруп, кол-бут эч нерсени каалабай калат. Ал эми жүрөк кубанса, сүйүнүчкө батса, мына сага бактылуулук, тим эле жашоодон ырахат аласың, көзүң-жүзүң нурланып, колу-бутуң аскасына да тоосуна да карабай чуркайт. Мына жүрөк деген кандай гана керемет ролду ойноп койот.

Адам бүт дүйнөнү башкаруусу мүмкүн, бирок ошол адамды кичинекей жүрөк башкарат. Жүрөгүбүздүн согуусу токтоп калмайынча, жакшылык менен толтуруп, жамандыктан алыс болуп жакшы амалдарды кылып алалы.

ЖҮРӨГҮБҮЗ ТАЗА БОЛУУСУ ҮЧҮН ЭМНЕ КЫЛУУБУЗ КЕРЕК?

Адамзаттын жүрөгүнүн таза болуусу ыйманына байланыштуу болот. Ыймандуу адам эч качан жаман ойлор, иштер менен алек болбойт.
Эми жан дүйнөбүз караңгылыкка батып, ойлорубуз бузулуп, көңүлүбүз чөгүп турганда бизге эң чоң жардам бере турган жана табылгыс курал бул-Алланын зикири. . .

    Зикир деген өзү эмне?

Зикир бул Куран аяттарынан алынган керемет сөздөр, бул сөздөрдү көп айтып жүрсөк жүрөгүбүздү тазалап коёт.
Анас (Аллах андан ыраазы болсун) Пайгамбарыбыз (С. А. В) дын:

«Алланын зикири бул ыймандын белгиси, эки жүздүүлүктөн арылуу, шайтандан коргонуу жана тозоктун отунан кутулуу»-деп айтканын риваят кылат.

Алланын зикири башка ибадаттардан жакшыраак деп эсептелинет. Ал шайтандын азгырыгынан сактанууда өзгөчө таасирдүү болот.
Дагы бир хадисте:

«Шайтан туткундап алган адамдын жүрөгүнө бекем олтурат. Качан ал, Алланы зикир кылса кор болгон абалда чегинет. Ал эми адам кайдыгер боло баштаганда азгыра баштайт»-деп айтылган.

Алладан, шайтан аны кантип азгырганын көргүсү келип, дуба кылган таква адам тууралуу окуя айтылат. Ал шайтанды кичинекей чиркей келбетинде жүрөктүн сол жагында, ийиндин артында олтурганын көрөт. Анын ийнедей болгон жүрөккө сунуп турган тумшугу бар экен.  Эгер жүрөк зикир менен алек болуп жаткан болсо шайтан тумшугун дароо тартып алат. Эгер жүрөк зикирсиз, мындайча айтканда бош болсо, анда ал тумшугунун жардамы аркылуу азгырыктар жана күнөө ууларын ийне сайуу жолу менен жүрөктү толтурат.
Ошон үчүн аалымдар жүрөктү шайтандын азгырыгына жай калтырбоо жана азгырыкка туруштук берүүгө күчтүү болу үчүн көбүрөөк зикир кылууну айтышкан. . .
Пайгамбарыбыз (С. А. В. ) кээ бир хадисинде:

«Роббисин зикир кылган менен, Роббисин зикир кылбагандын айырмасы, тирүү менен өлүктөй»

Дагы бир хадисинде:

«Жалгыздануучулар көп ийгиликке соопторго жетишет »-деп айтат. Анда сахабадар сурайт: “Оо, Аллахтын Элчиси жалгыздануучулар деген кандай? “. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салават саламдары болсун): «Аллахты көп зикир кылган эркектер жана аялдар». -деп жооп берди.

Пайгамбарыбызга (Ага Аллахтын салават саламдары болсун) бир киши келип:

“Оо, Аллахтын Элчиси! Мага ислам өкүмдөрү көп болуп кетти, мен картайып калдым, мага айтууга жеңилирээк бир нерсе үйрөтчү  ошону айтып жүрөйүн “, -деди. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салават саламдары болсун): «Тилиң Аллахты зикир кылуудан кургабасын», -деп айтты. . .

Эгер билсек бул зикир амалы эң жеңил, оңой амал болгону тилиң гана чарчайт, болбосо эч кыйынчылыгы жок.  Бул да Аллахымдын бизге түзүп койгон мүмкүнчүлүгү жана ырайымы. Аны пайдаланып ал пендеси, зикирдин даражасын башка ибадаттарга караганда бийик кылып койду Аллах Таалам. Зикир кылган адамдар Бейишке дарак олтургузат, акыретте жүздөрү нурдуу болуп турушат.
“Жалганчы адамдын тили көп жалган сүйлөй берип акырында жүрөгүнө мөөр болуп басылып калат” ушул сыяктуу Алланын зикирин көөп айтып жүргөн пендесинин жүрөгүнө мөөр болуп басылып калат, андай инсандар кабырда “тургун “деп буйрук болгондо Алланын зикирин айтып турат.  Бул деген биз үчүн табылгыс бакыттыр.  Ошон үчүн тууганым ар бир күнүңдө эч болбосо бир саатыңды бөлүп кой, миңдеген зикирлерди тартып койосуң жана миңдеген соопторго ээ болосуң, жөн эле олтуруп эч нерсе кылбай эле.   Аллах Таалага чексиз шүгүрлөрдү айтуубуз керек, Ал Мактоого татыктуу зат мындай жеңилдиктен башка оңой жолу болбосо керек. .

ЖҮРӨГҮБҮЗ ЭМНЕ СЕБЕПТЕН КАРАРЫП БАШТАЙТ?

Жүрөктүн карарып баштоосуна, биринчиден шайтан себепчи анын азгырыгынан күнөөлөргө батып, журөгүбүз караңгылык туңгуюгуна бата баштайт. Жүрөктүн краруусуна кичинекей күнөлөрдөн башталат, кичине күнөөнү эч качан кичине көрбө керек ал жүрөккө чекит сыяктуу пайда болоберет. Чекит көбөйүп жүрөктү капкара кылып салат, ошондо адам чоң күнөөлөрдү каалап калат.  Жүрөк мерез болуп  көп адашууларга туш боло баштайт.
Күнөөнүн акыбетинен биздин жүрөгүбүз карарып, бузулуп ушундай абалдарга туш болот. .

  1. Пенде менен Роббисинин ортосун тосот.

 «Акыйкатта ошол күнү алар өз Раббисинен тосулуп калат ». (83:15). .

  1. Пенденин Жаратканга болгон мамилеси бузулат. Эгерде пенденин кылган амалдары күнөө иштер болсо анда анын ой-пикири бузулат.
  2. Дайыма кейип кайгырган абалда болот.
  3. Жүрөктө коркуу тынчсыздануу пайда болот.

  «Ыймансыздардын жүрөгүнө Аллах Өз Китептеринде кабарлабаган шериктерди кошкондугу үчүн коркунуч салабыз»(3:151). .

  1. Жашоо турмушу оор тар болот.

«Ал эми, ким менин зикиримден (дин эрежелери баяндаган китептеримден) жуз бурса, ага тар, оор жашоо бар». (20:124).

  1. Жүрөгү катып, кара так басып калат.

«Ошондо алар Аллахка берген убада -шарттарын бузушкандыктан аларды каргышка калтырып, жүрөктөрүн катырып салдык». (5:13). .

  1. Ыйман нуру жүзүнөн кетип, кабагы салыңкы болуп калат.
  2. Жүрөгүндө башкага болгон жек көрүү пайда болот.
  3. Ырыскысын өтө кыйналып табат.
  4. Аллахтын каары келип, ыйманы алсыздап, кайгы капа көбөйө баштайт.

«Жасаган күнөөңөрдүн кечирүүсүн сурап, Аллахка жалбырагыла жана (“экинчи кайталабаймын “деп) тообо кылгыла! Ошондо силерди, белгиленген убакытка чейин эң соонун ырыскылар менен пайдалантат жана ар бир пазилеттүү (эхсан садакалуу) адамга Өзүнүн пазилетин берет». (11:3). .

ЖҮРӨКТҮН ШЫФАСЫ ЗИКИР. . .

Хасан ал -Басрийге бир киши келип айтты:
-Менин жүрөгүм негедир катуудай сезилет.
Хасан ал- Басрий айтты:
-Көп зикир кылгын жүрөгүң жумшарат.
Ошондуктан жүрөгүбүздү күнөөлөрдөн сактайлы.
Жүрөк жана рух үчүн азык. Бул биздин жакшылык амалдарыбыз.  Эгер ал экөөнө азыктары берилбесе анда кандай болуп калат? Бул азыктанбаган дене сыяктуу.
Бардык нерсени дат баскандай жүрөктү да чаң басат.  Жүрөктүн даты кири -бул нафс каалоосу жана кайдыгерлик.  Зикир болсо ушуларды тазалоо үчүн кызмат кылат жана жүрөктү тирилтет, сары-санаа жана кайгы-муңду кетирет, денеге жана жүрөккө күч кубат берет, жүздү, жүрөктү нурлантат жана ырыскыны өзүнө тартат. .
Хафиз бин Таймия (Аллах андан ыраазы болсун) айткан:
«Балыкка суу кандай керек болсо, жүрөккө да зикир ошондой керек болот.  Балык суусуз кандай абалда калаарын элестетип көргүлөчү ?
Эң коркок адам-бул зикир кылуучу адам, ал Аллахтан коркот жана көп эстеп ыйманын жаңыртып турат.

«Ыймандуулар -Аллахты эскергенде жүрөгүндө тынчтык орногондор. Демек Аллахты эскергенде жүрөктөр тынчтык табат»(13:28)

“Аллахты эстөө менен жүрөктөр тынчтанат! “
Чынчылдык Алахтын сүйгөн амалы, ачык айкындуулук жүрөктү тазалайт, тажырыйба жүзүндө көрүү далил, жол көрсөтүүчү жалган айтпайт, зикирден башка жүрөктү нурданта турган сооптуурак амал жок.

«Мени эстегиле.  Мен да силерди эстеймин ». (2:152). .

Аллах Тааланы зикир кылуу анын жердеги Бейиши, ким де ким ал Бейишке кирбесе акыреттеги Бейишке да кире албайт. Зикир -напсинин кайгысын, чарчоосун жана тынчсыздануусун кетирет, зикир бардык жакшылыктарга алып баруучу жеңил жана кыска жол. Курандагы зикир тууралуу аяттарды карап көрсөң анын пайдаларын көрөсүң, зикир кылып даарылыгына аракет кыл: шыпасын көрөсүң.
Аллахты зикир кылуу менен корку сезимдер, кайгы капалар жоголот, тоодой кайгы капа болсо да зикир аны кетирет.
Оо! Чарчаганынан арызданган, оорудан ыйлаган, кырсыктан азап тарткан, кайгыдан жара чеккен, Аллахтын улук зикир кылып сура!

«(Же) сен Анын ысымына бир теңдеш бар экенин билесиңби? ». (19:65).

Канчалык зикир кылсаң ошончолук жүрөгүң ырахатта болот, тынчтанат, бактылуулукту сезесиң: анткени Аллахты зикир кылууда Аллахка гана таянуу, ишенүү, Ага кайтуу, жакшы ойдо болуу, андан гана жардам күтүү, эгер дуба кылынса Ал Жакын, чакырса Ал Угуучу, суралса Жооп берүүчү, үмүт кылса Күтүүчү, жардам сураса Жардамын берүүчү. Сен чынында сурансаң чын көңүлдөн, берилип, кичи пейилдик менен сура, анын Жалгыз, Мактоого ылайык, Жумшак, Суралуучу, Кечирүүчү сыяктуу берекелүү ысымдарын тилиңе алып кайтала, ошондо -анын каалоосу күч кубаты менен -бактылуулукту, тынчтыкты, бейпилдикти, курсанчылыкты, нурдуулукту, кубанычты сезесиң!

Насиба Абдуллаева,

FORMULA.KG

Запись Жүрөгүңдүн таза болуусун каалайт белең? впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Түркия мамлекетинин Кыргызстандагы элчисинин дин иштери боюнча кеңешчиси Шемсуддин Үнал, Свердлов райондук администрациясынын башчысы Самарбек Болотбеков менен биргеликте Бишкек шаарындагы курулуп жатан борбордук мечиттен кабара алып, курулуш иштери менен жеринде таанышып чыкты. Борбордук мечиттин курулушу менен болгон таанышуу учурунда «Комаш» курулуш компаниясынын жетекчиси аткарылып жактан иштер боюнча маалымат берип, учурда курулуш ишине тиешелүү бир топ иштер бар экендигине токтолду.

Ошондой эле мечиттин жертөлөсүндөгү иштер боюнча тааныштырып, курулушчулар бардык мүмкүнчүлүктөрүнө жараша иш алып барып жаткандыгын баса белгиледи. Ал эми Азирети муфтий Максатбек ажы Токтомушев мечит Орто Азиядагы ири мечиттердин бири болгондуктан курулуш иши сапаттуу жана жарандар үчүн бардык шарттары менен болуусу керектигин айтып, Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы ар дайым жакындан жардам берүүгө даяр экендигин баса белгиледи.

Мечиттеги курулуш иштери менен таанышуу учурунда Свердлов райондук администрациясынын башчысы Самарбек Болотбеков жергиликтүү бийлик өкүлдөрү ар тараптуу колдоо көрсөтүп жактандыгына токтолуп, биргеликте аткарыла турган иштер бар экендигин кошумчалады.

http://muftiyat.kg

Запись Муфтий Бишкектеги курулуп жаткан борбордук мечиттен кабар алды впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Небереси жүзүнөн нур тамган чоң атасын карап кызыгуу мене суроо узатты:

Чоң ата! Бир адамдын өмүрү канчалык болот?

Чоң атасы жылмайып карап:

Азан менен намаздын аралыгынчалык, уулум, — дейт.

Анда небереси:

Кандайча, өмүр ушунчалык кыскабы? – дейт.

Чоң ата:

Ооба, уулум. Өмүр намассыз азан менен, азансыз намаздын аралыгынчалык, — деп жооп кайтарат.

Небереси кайрадан сурайт:

Намассыз азан менен, азансыз намаз дегенде эмнени айткыңыз келгенин түшүнө албадым, чоң ата. Бул эмне деген айтып бериңизчи?

Ал небересинин колун кармап:

Мындай, уулум. Бир нече күн мурда коңшубуз уулдуу болду. Анын кулагына азан окулду туурабы? Мына ошол азандын намазы окулбады. Ал намассыз азан болот. Адам көз жумган соң окулган жаназа намазынын да азаны жок. Ал азансыз намаз эле. Чындыгында ошол намаздын азаны адам төрөлгөндө кулагына окулган болчу.

Азан: “Эй, адамзат! Төрөлдүң, бирок көз да жумасың. Өмүр тез өтөт, жашооңду туура пайдалан. Убактыңды текке кетирбе! – деген чакырык айтып жаткан сыңары  болот, уулум.

Өмүр азан менен намаздын аралыгынчалык. Өмүрүңдү текке өткөрбө! Анын  маңыздуу өтүшү үчүн аракет кыл. Бир саамчалык да убактыңды текке кетирбегин …

Адамдардын көпчүлүгү баркына жетпеген эки нерсе бар: ден соолук жана бош убакыт. (хадис)

Кудай деген куру калбайт. (макал)

Жаназаң окула электе Жараткан Эгеңди көп эсте. (А.С.Пушкин)

Запись Намаз менен азандын аралыгы впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

 

1: Кураани Карим канча жылда толук түшкөн?
Жооп: Кураани Карим 22 жыл, 2 aй, 22 күндө түшкөн. (23)
2: Аллах Таала Жабрейил (АС) аркылуу жиберген аяндарды эмне дейбиз?
Жооп: Вахий.
3: Курандагы 114 бөлүмдү эмне дейбиз?
Жооп: Сүрө дейбиз.
4: Куранда эң көп кайсы коом жөнүндө айтылат?
Жооп: Исраил коому жөнүндө.
5: Курандын алгачкы сүрөсү?
Жооп: Фатиха.
6: Курандын акыркы сүрөсү?
Жооп: Наас.
7: Курандын жүрөгү деп аталган сүрө?
Жооп : Йа сиин.
8: Курандын эң узун сүрөсү?
Жооп : Бакара.
9: Курандын эң кыска сүрөсү?
Жооп : Каусар.
10: Куранда канча жолу «Бисмиллахир рахмаанир рахиим» деп айтылат?
Жооп: 114 жолу.
11: Куранда канча пара (бөлүк) бар?
Жооп: 30.
12: Куран кайсы халифанын заманында көбөйтүлүп таркатылды?
Жооп: Аз. Усман (РА).
13: Имсак деген эмне?
Жооп: Саарлыктын бүтүшү, орозонун башталыш убактысы.
14: Хижрий жылнаама деген эмне жана аны ким түзгөн?
Жооп : Пайгамбарыбыз (САВ) Меккеден Мединага көчкөн күнүнөн башталып, айдын жаңырышына карап эсептелген жыл санак. Аз. Умар (РА) түзгөн.
15: Үмүтсүз ыйман деген эмне?
Жооп: Фираун сыяктуу өлүп баратып ыйман келтирүү.
16: Пайгамбарыбыздын аялдары?
Жооп: 1) Хадича 2) Савда 3) Айша 4) Хафса 5) Зейнеб бинти Хузайма 6) Умму Салама 7) Зейнеб бинти Жахш 8) Жувайрия 9) Умму Хабиба 10) Сафиййа 11) Маймуна 12) Мария (РА)
17: Эң чоң күнөө?
Жооп: Ширк.
18: Кабырда кимдерден сурак суралбайт?
Жооп: Пайгамбарлардан, жаш балдардан жана акыл-эси кем адамдардан.
19: Орозодо эмне ичсе орозосу бузулбайт?
Жооп: Aнт ичсе.
20: Дааратсыз эмнелерди кылууга болбойт?
Жооп: Намаз окууга, Куранды кармоого, таваф кылууга.
21: Meккеде Куранды ачык жарыя кылып окуган сахаба?
Жооп: Абдуллах ибн Масуд.
22: Куранда аты аталган аял?

Жооп: Аз. Мариям.
23: Куранда «Бисмиллах» менен башталбаган сүрө?
Жооп: Тообо.
24: Куранда аты аталган сахаба?
Жооп: Аз. Зейид бин Харисе. (Ахзаб сүрөсү 37-аят)
25: Эң биринчи кайсы сүрө түшкөн?
Жооп: Алак сүрөсүнүн алгачкы 5-аяты
26: Кыямат башталаарда сурнай тарта турган периште?

Жооп: Аз. Исрафил
27: Казасы окулбай турган фарз намаз?
Жооп: Жума намаз.
28: Беш убак намаз кайсы түндө парз болгон?
Жооп: Мираж түнү.
29: Иса пайгамбардын сахабалары эмне деп аталат?
Жооп: Хаварийлер.
30: Мусулмандардын ыйык күнү?
Жооп: Жума күнү.
31: Мусулмандардын алгачкы кыбыласы?
Жооп: Кудустагы Акса мечити.
32: Муса пайгамбарга кайсы китеп түшүрүлгөн?
Жооп: Тоорат.
33: Шариятта эркектерге кандай кедемеден тигилген кийим арам кылынган?
Жооп: Жибек.
34: Бешиктеги кезинде сүйлөгөн пайгамбар?
Жооп: Аз. Иса алейхисалам.
35: Балык жутуп алган пайгамбар?
Жооп: Аз. Жунус алейхиссалам.

Запись Куран ичинде сизге керек болгон жооптор впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Ош шаардык билим берүү башкармалыгы калаадагы мектептерде коомчулукта соңку жылдары «сүйүү күнү» деген ат менен белгилүү болуп калган 14-февралды майрамдоого быйыл да тыюу салды. Бул тууралуу «Кабар 24» агенттигине башкармалыктын өкүлү Тынчтыкбек Бекташ уулу билдирди. Анын айтымында, бул үчүн шаардагы мектептерде сүйүү каттары үчүн атайын кутучуларды орнотпоо жана бул күнгө байланышкан кандайдыр бир оюн-зоок программаларын өткөрбөө эскертилди.

– Валентин күнүн белгилөө эч кайсы мыйзамда жок. Биз Билим берүү министрлиги тарабынан чыккан буйруктарды гана аткарабыз, мындай чет элден келген жоруктар окуучулардын тарбиясына терс таасирин тийгизгендиктен 3-4 жылдан бери ушул чараны колдонуп келе жатабыз, – деген Тынчтыкбек Бекташ уулу бул күнү балдардан кат албай калган кыздар курбуларынын алдында өзүн жаман сезип, кемсинген абалда каларын психологдор аныкташкандыктан мектептерде сүйүү каттарына тыюу салуу туура чечим деп эсептешерин кошумчалады.

Кыргызстанда азырынча мындай ыкма бир гана Ош шаарында гана колдонууда. Калган шаарларда мындай тыюу салуулар болгону кабарлана элек.

Он жети кылым мурда байыркы Римде белгилене баштаган “Ыйык Валентин күнү” кийинчерээк дүйнөгө тарап, “сүйүшкөндөр күнү” катары майрамдалып жүрөт. Бул майрам Кыргызстанга өткөн кылымдын токсонунчу жылдарында келип, жаштар арасында кеңири белгилене баштаган. Өлкөдө диний ишмерлер менен айрым жарандык активисттер бул датаны белгилебөөгө бир канча жолу чакырык жасаганы бар.

Айрым мусулман өлкөлөрүндө бул күндү белгилөөгө тыюу салынган. Маселен, кечээ эле Пакистандын Жогорку Соту коомдук жайларда Валентин күнүн белгилөөгө өлкө боюнча тыюу салды. Сот медиа каражаттарын бул майрам тууралуу маалымат таратпоого да милдеттендирген.

http://kabar24.kg

Запись Ошто Валентин күнүн белгилөөгө тыюу салынды впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Азыркы замандагы жаштар башкача деңгээлде өсүп жатышат. Жаштардын көпчүлүгү кыз-жигит болуп жүрүү күнөө экендигин билишсе да алардын арасынан кыз-жигит болуп жүрүү туура деп жактагандары да бар.

Бул жашоодо ар бир адам бактылуулукту издейт. Кимден сурабайлы, бактылуу болсом деп тилейт. Ар бир эркек менин аялым ыймандуу болуп, келечектеги балдарыма татыктуу эне болуп берсе экен дейт. Ошондуктан ыймандуу, кулк-мүнөздүү аял алууну каалайт. Ошондой эле ар бир кыз да келечектеги күйөөсүн эң жакшы, мени түшүнгөн күйөө болсо деп тилейт. Эң негизгиси бактылуу болуп жашасак болду дейт. Демек, бул жашоодо баарыбыз бакыт издейт экенбиз, сен да, ал да, кыз да, жигит да, бири да калбай бакыт издешет.

Эми карап көрөлү, биз чындап эле бакыт жолуна түштүкпү?! Жаштар мына турмуш жолуна кадам коюп жатышат, карасаң баары эле эки-экиден жетелешип алып кыз-жигит болуп жүрүшөт. Алар кыз-жигит болуп жүрүп бактыларын табыштыбы?

Мурдагы ата-бабаларыбыздын заманында азыркыдай кыз-жигит болуп ээрчишип жүрүү деген түшүнүк жок эле. Ошол убакта ажырашуу, аборт кылуу, зордуктоо, ата-энесинин уруксатысыз өз алдынча жүрүү деген түшүнүк болгон эмес. Ал убактагы адамдар азыркыдай көйгөйлөрдөн алыс жашаган. Бүгүнкү күндөгүдөй ажырашуулар болгон эмес, ал эми акыркы кездерде ажырашкандардын саны күндөн-күнгө өсүп жатат.

Эми ойлонуп көрөлү, мурда жашоо кыйын болсо да үй-бүлөдө ынтымак, биримдик болгон. Азыркы кезде адамдардын материалдык турмушу оңолду, бирок эмне үчүн үй-бүлөлөр бузулуп жатат? Үй-бүлөдө ынтымактын кетишине эмне себеп болуп жатат?

Азыркы жаштарда уяттуулук деген түшүнүк такыр өзгөрдү, алардын арасында бузукулук күчөдү, никесиз төрөгөн кыздар, үй-бүлөсүн таштап кеткен эркектер көбөйдү. Ачыктан-ачык эле жаштар эки-экиден болуп алып кечелерге, түнкү клубтарга барып жатат. Коомдо мындай күнөө иштер кадимкидей эле көрүнүшкө айланып баратат. Булардын баарына эмне себеп болуп жатат? Ал эми мектепте окуган секелек кыздардын жарымы мектепти бүтпөй жатып кыздыгынан айрылса, кээ бири кош бойлуу болуп шерменде болгондору да жок эмес. Келечекте мындай кыздардан кандай эненлерди күтүүгө болот? Балким мындай күнөөлөрдүн жайылыша жаштардын кыз-жигит болуп жүрүүсү да себеп болуп жаткан жокпу? Эгерде кыз-жигит болуп жүрүү жаштардын келечектеги үй-бүлөлүк бактысына коркунуч алып келсе, анда биз бактысыздыктын жолуна түшүп алып бакыт издеп жатсак, анда биз бактылуулукка кантип жетебиз? Кантип бактылуулук издеп жатабыз деп айта алабыз?

Аллах таала ыйык Куранда айткан:

«Зынаага жакындабагыла, анткени ал эң ыплас, жаман жол». (Исра сүрөөсү, 32-аят)

Аллах таала Куранда мындай деп айткан:

«Кимде-ким Менин эскертүүмдөн баш тартса, анда ага машакаттуу тар жашоо болот». (То-Ха сүрөөсү, 124-аят)

Эй, мусулман бир тууганым! Эмнеге сен кыз-жигит болуп жүрүү күнөө экенин билип туруп, аны токтотууга аракет кылбайсың. Сен аны күнөөгө азгырып алдап жүргөн кыз, сага окшогон бирөөнүн карындашы, келечекте бирөөнүн энеси. Балким айтаарсың, жүрөт десе мен силер ойлогондой жүрбөйм, жөн гана бири-бирибизди жакшыраак билиш үчүн эле деп айтаарсың? Эртең эле сен да кыздуу болосуң, ошондо ыраазы болот белең сенин кызың бирөө менен жетелешип жүрүп, аны бир канча убакыт колдонуп, анан сенден жакшы аял чыкпайт деп кызыңды таштап кетсе, сен муну кандай кабыл алат элең?

Сен азыр ушинтип бир кызды алдап жүрсөң. Ошол кыздын абийирин төгүп, сыздатып туруп талаага таштап кетсең эле баары бүтөт деп ойлойсуңбу? Билип кой, Аллах таала бир убакта сенин башыңа да ошондой түйшүктү салганда, сен ошолорго каршы чара көргөнгө алың келбей калат. Анткени сен да убагында бирөөнү сыздаткансың, сен да бирөөнү ыйлаткансың, абийирин төккөнсүң. Сен да бирөөнү бузгансың, бирок билип койгун, жакында сен да аял аласың, сен да кыздуу болосуң. Мына ошондо сен кылгандай бирөө да сенин кызыңды, эже-карындашыңды кантип бузуп кеткенин билбей каласың. Азыр бирөөнү бузган болсоң, бир күнү сен дагы ошонун абалына түшөөрүңдү билип кой. Мына ошондо Аллах Таала бирөөгө кылган жамандыгыңды өз башыңа салат. Анткени Аллах Таала адилеттүү Зат. Эгерде сен бүгүн бирөөнү кордогон болсоң, эртең сени да бирөө кордойт. А балким сен кордолбосоң да, сенин кызың кордолушу мүмкүн. Ошондо сен аргасыздан айтасың, азыркы жаштар бузулду, жаштардан уят кетти деп. Ошого ким себеп болду? Сен дагы ошого себеп болгонсуң. Ошондуктан сен өзүңө каалабаган зыянды башкаларга да каалаба. Эгерде сен келечектеги кыздарыңдын абийирдүү болушун кааласаң, анда кыздардын абийирин бузба.

Эмне үчүн шарият кыз-жигит болуп жүрүүнү тыйган деп ойлойсуң? Анткени аялдар алсыз жаратылган. Аллах Таала аялдарды ушунчалык назик, ишенчек, адамдын көңүлүн ооруткусу келбеген мээримдүү, боорукер кылып жараткан. Ошону адамдын абийирин сыйлабаган, адамгерчилиги жок эркектер пайдаланып кетбесин деп, алардын алсыздыгынан башка бирөө пайдаланып койбосун деп шарият кыз-жигит болуп жүрүүнү тыйган. Шарият дайыма алсызды коргойт, алсызды күчтүү кордосо, анда алсыздын таламын талашат. Анткени Аллах Таала шариятты адамдар өз ара ынтымакта, биримдикте жашоолору үчүн түшүргөн.

Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) айткан:

«Эгерде аял менен эркек жалгыз калса, анда алардын үчүнчүсү шайтан болот». (Тирмизи)

Абу Умама риваят кылды: «Бир жигит Пайгамбарга (саллаллаху алейхи уа саллам) келип: «Оо, Аллахтын Элчиси! Мага зынаа кылууга уруксат бериңиз»,– деп сурады. Ошондо адамдардын баарысы ага жабалактап: «Сага балээ болсун!»,– деп жемелеп киришти. Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам): «Бери келчи»,– деди. Ал жигит Пайгамбарга жакын келгенде, ага кайрылып: «Кел, жаныма олтурчу»,– деп айтты, ал жигит отурду. Ошондо Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам):
– «Сен ушул нерсени өз энеңе каалайт белең?»– деди.
– «Жок, Аллахка ант болсун, (кантип эле каалайын), Аллах мени сиз үчүн курман кылсын»,– деп жооп берди. Ошондо Пайгамбарыбыз айтты:
– «Адамдардан да эч кимиси мындайды өз энесине каалабайт. Ушул нерсени кызыңа каалайт белең?»– деп сурады.
– «Жок, Аллахка ант болсун, (кантип эле каалайын). Аллах мени сиз үчүн курман кылсын»,– деп айтты.
– «Адамдардан да эч кимиси мындайды өз кызына каалабайт. Ушул нерсени эжеңе каалайт белең?»– деп сурады.
– «Жок, Аллахка ант болсун, (кантип эле каалайын). Аллах мени сиз үчүн курман кылсын»,– деп айтты.
– «Адамдардан да эч кимиси мындайды өз эжесине каалабайт. Ушул нерсени атаңдын эже-карындаштарына каалайт белең?»– деп сурады.
– «Жок, Аллахка ант болсун, (кантип эле каалайын). Аллах мени сиз үчүн курман кылсын»,– деп айтты.
– «Адамдардан да эч кимиси мындайды өз эжелерине каалабайт. Ушул нерсени тайежеңе каалайт белең?»– деп сурады.
– «Жок, Аллахга ант болсун, (кантип эле каалайын). Аллах мени сиз үчүн курман кылсын»,– деп айтты.
– «Адамдардан да эч кимиси мындайды өз тайежесине каалабайт», – деп ал жигиттин көкүрөгүнө колун коюп: «Оо, Аллах! Мунун күнөөсүн кечир, жүрөгүн тазарт жана анын абийирин таза сакта»,– деп дуба кылды. Мына ошондон баштап ал жигит таптакыр зынаага көңүл бурбай калды»

Аллах таала ыйык Куранда ыймандууларга кайрылып:

«Ыймандуу эркектерге айткын: «Ар кайсы аялдарды карай берүүдөн көздөрүн сактап, уяттуу жерлерин бузукулуктан сакташсын. Бул – алардын өздөрү үчүн абдан жакшы. Чындыгында Аллах алардын кылган иш-аракеттеринен Кабардар»,– деген. (Нур сүрөөсү, 30-аят)

Адам шайтанга азгырылбаш үчүн көздөрүн күнөөдөн сакташ керек. Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) Алиге мындай деп айтты:

«Эй, Али! Бир карагандан кийин экинчи жолу караба! Экинчи караганың сен үчүн күнөө болот».

Аллах Таала Куранда минтип айткан:

«Эй, Пайгамбар! Аялдарыңа, кыздарыңа жана момундардын аялдарына айткын: «Үстүлөрүнө сырткы кенен кийимдерин жабышсын. Бул – алардын таанылуусуна жана кордук көрбөөлөрүнө жакыныраак. Аллах – Кечиримдүү, Мээримдүү». (Ахзаб сүрөөсү, 59-аят)

Азыркы кездеги кыздардын көпчүлүгү Аллахтын дини менен жашоо канчалык зарыл экендигин толук түшүнбөстөн, муну ресторан-кафе менен алмаштырып, өздөрүнүн негизги максаттарын унутуп коюшту.

Эй, карындашым! Сен өз билгениңди кылып жүрүп, эртең боюңда болуп калса, ата-энеңдин алдына кантип барасың? Бул убакта сени жигитиң эле эмес, сени эң жакшы көргөн ата-энең да сени жерийт. Азыр минтип жүргөнүңдү шайтан кызык көргөзүп жатат, шайтанга азгырылба. Себеби жигитим деп жүргөн адам бир күнү сенин абийириңди төгүп, анан сени керексиз буюмдай таштап, өзү башкага үйлөнүп алганда, ошондо кыз-жигит болуп жүрүү күнөө экендигин түшүнөсүң. Бирок ал убакта кеч болуп калат. Акылдуу адам бирөөлөрдүн катасын көрүп өзүн оңдойт. Ал эми акылсыз адам өзү ошол катага түшүп зыян тарткандан кийин гана түшүнөт. Ал жигитиң сени алдап жатат. Эгерде анын сага үйлөнөм деген ниети болсо, анда атаңа жуучу жөнөтөт, урматың менен үйлөнөт. Сен ойлоп жатасыңбы, ал бирөө менен ээрчип жетелешкен кызга үйлөнөт деп. Ал өзүн өзү билген, көрүнгөн менен жетелешип көп баскан кызган эч качан үйлөнбөйт. Ошондуктан шарият мындай күнөө иштерден тыйган.

Аллах Таала ыйык Куранда:

«Эй ыймандуулар! Шайтандын жолуна түшпөгүлө! Ким шайтандын жолуна түшсө, албетте, аны шайтан бузукулукка жана күнөөгө азгырат. Эгерде силерге Аллахтын жакшылыгы, мээрими болбогондо силерден эч кимиңер эч качан туура жолду таба албайт элеңер. Бирок Аллах Өзү каалаган пендесин туура жолго салат. Аллах – баардык нерсени Угуучу, Билүүчү»,– деген. (Нур сүрөөсү, 21-аят)

Аллах таала Курандын башка аятында мындай деп айткан:

«Ыймандуу аялдарга айткын: «(Ар кайсы эркекти карай берүүдөн) көздөрүн сактап, уяттуу жерлерин (бузукулуктан) сакташсын. Сулуулуктарын көрсөтүшпөсүн, бирок кийингенден кийин (жүзү, колу, бутунун томуктан ылдыйкы бөлүгү көрүнсө) эч нерсе эмес». (Нур сүрөөсү, 31-аят)

Мурда элибизде эркектер менен аялдар аралашып отурганы уят болсо, азыркы күндө эркектер менен аялдар аралашып отурбагандын өзү уят деп эсептелип калды. Эркектер менен аялдар аралашып олтурганга болбойт деп айтылса көпчүлүк таң калат. Адамдардын динден алыстаганынан улам жашоодогу көз-караштар тескери болуп калды. Уятсыздыкты уяттуу эмес катары эсептеп, уяттуулукту уят катары эсептеп калды. Мындай аралашуу адатка айланды. Бул аялдын кадыр-баркына доо кетирип, ушак-айыңга калып, ар кандай күнөөлөрдүн көбөйүүсүнө себеп болууда.

Кыз-жигит болуп жүрүп баш кошуунун зыяндары өтө көп, алардын кээ бирлерин айта кетсек:

1. Сүйдүм-күйдүм деп жүрүп, бири-биринин айыптарын көрбөй, турмуш кургандан кийин көрүп, анан жактырбай калат. Анткени шайтан аларга кооз кылып көргөзө берет. Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтты:

«Чындыгында шайтан адамдын каны менен кошо айланат». (Сахих Бухари)

2. Бири-бирине ашык болгондор бул жашоону романтика, сүйүү түгөнбөйт, дайым ушундай болот деп ойлошот. Ошондуктан жалаң гана сүйүү жөнүндө сүйлөшөт. Жашоодогу кыйынчылыктар, милдет-жоопкерчиликтер жөнүндө такыр сөз козгобойт. Ушундай ойлогондору үчүн үйлөнгөндөн кийин жашоо кыйынчылыктары булар күткөндөн такыр өзгөчө болуп чыгат, натыйжада алар өзгөрүп бири-бирине башкача мамиле жасай башташат.

3. Кыз-жигит болуп жүргөндөр бири-бирине көргөзгөн жылуу мамилени, боорукерликти, урмат-сыйды ж.б.у.с көрүнүштөрдү чындык катары кабыл алышат. Бул нерселер дайым улана бербейт. Никеден кийин адамдын чыныгы жүзү, мамилеси ачыкка чыгат. Анткени ага чейин экөөсү тең жалан гана жакшы жактарын көргөзүүгө аракет кылышат. Берилген суроого жалаң гана жакшы жоопторду айтат. Мисалы, “Ачууланасынбы? ”– десе, “Жок”,– дейт. “Аялын урган эркектерге кандай карайсың?”– десе, “мен андай эркектерди эркек деп эсептебейм”, – дейт. Эч бир адам ичиндеги нерсесин ачылып айтпайт. Эч бири айтпайт “мен ушундай ороймун, эгер жинге тийсе, аял кишинин көңүлүнө карабайм” деп айтпайт. Кыргызда сөз бар го “Алганга чейин алтыным, алгандан кийин катыным” деген, ошол сөз бекеринен айтылган эмес. Эч бир кыз айтбайт мен ушундай ажаанмын, эгер көңүлүмө туура келбесе, көк беттигим кармап калат. “Кыз кезинде баары жакшы жаман аял кайдан чыгат” деген сөздө чындык нерселер бар. Мына ошентип никеден кийин көйгөйлөр башталат.

Мындан башка дагы көптөгөн зыяндары бар. Сен ойлойсуң, мен сүйлөшүп жүрүп тандап алсам жашоом жакшы болот деп. Эч качан мындай болбойт! Сен билбейсиң, сен жакшы деген адам, жаман болуп чыгышы мүмкүн, сен жаман деген балким жакшы адам болушу мүмкүн. Сен сүйлөшүп, кыз-жигит болуп жүрүп тандап алган кызың сага кийин жакбай да калышы мүмкүн. Демек, сен үйлөнөм деп канча сүйлөшүп жүргөн болсоң да бир күнү баары бир ал сага жакбай калышы мүмкүн. Эгер буюм болсо аны башкасына алмаштырып аласың, а сенин өмүрлүк жубайың болгон соң андан балалуу болгондон кийин кантесиң? Чыныгы сүйүү – бул никеден кийинки сүйүү. Ага чейинки сүйүү деп атап жүргөн нерсе суктануу, шайтандын азгырыктары. Анткени бул убакта экөө бири-бирин реалдуу жашоодогу мээримин көрүп сүйөт. Шарият боюнча үйлөнүүдө такыр көрбөй туруп үйлөнүш керек деген сөз эмес. Келечектеги жубайын никеден алдын жолугуп сүйлөшүп көрүүгө уруксат берилген. Бирок жолугушуу жалгыз эмес кыздын жанында ага жакын туугандарынан бирөө жарым болушу шарт.

Мугийра ибн Шуьба (радыяллаху анху) үйлөнүү үчүн бир аялга жуучу жөнөткөндө Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам) ага:

«Аны бир көргүн, чындыгында аны көргөнүң – экөөңөрдүн ортоңордо тунук сүйүүнү пайда кылган эң абзел иш»,– деп айткан.

Эркектердин намысын, кыздарыбыздын абийирин, үй-бүлөлөрдүн ынтымагын сактоо үчүн биз никегеге чейин кыз-жигит болуп жүрүүдөн жана зынаадан сактануубуз керек жана башкаларды да бул күнөө иштерден тыюубуз керек. Ар бир оорунун дарысы бар сыяктуу ар бир көйгөйдүн чечими бар. Ошондуктан кыз-жигит болуп жүрүү бул күнөө деп эле калбастан, андан кутулуу жолдорун да бар:

1) Аялдар менен эркектердин аралашып отуруулары күнөө экендигин ар бир адам билиш керек.
2) Адамдарды жакшылыкка чакырып, күнөө иштерден тыюу.
3) Аялзатына мүнөздүү болгон уяттуулук сапатына көңүл буруу.
4) Кыз бойго жеткен кезде аны турмушка берүү.

Пайгамбар (саллаллаху алейхи уа саллам):

«Эгерде силер динине жана кулк-мүнөзүнө ыраазы болгон адам (кызыңарга) куда түшүп келсе, анда ага кызыңарды турмушка бергиле»,– деп айтты.

5) Эркектер намыстуу болуп үй-бүлөсүн, эже-карындаштарын туура жолго баштоосу керек.
Аллах таала Куранда ыймандууларга кайрылып мындай деген:

«Эркектер – аялдардын үстүнөн башкаруучу. Анткени Аллах бирөөсүн экинчисинен (башкаруучулук сыпатта) абзел кылды». (Ниса сүрөөсү 34-аят)

6) Эркектер үйлөнүүгө шарты болсо кечиктирбей үйлөнүү. Абдулла бин Масьуд (радыяллаху анху) Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейхи уа саллам) айтканын айтты:

«Эй,жигиттер! Кимиңердин үйлөнүүгө шартыңар болсо, анда (кечиктирбей) үйлөнгүлө! Анткени үйлөнүү адамды зынаадан жана көздү күнөөдөн сактайт. А эгер үйлөнүүгө шартыңар болбосо, анда орозо кармагыла. Чындыгында, бул (силерди күнөөдөн сактоого) эң жакшы жол».

Запись Өз бактысын бактысыздык жолдон издеген кыз-жигиттер впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш


http://ift.tt/2lHEoHZ
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш


http://ift.tt/2lbXOYj
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш


http://ift.tt/2kBlMtb
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш


http://ift.tt/2lEJbdg
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш


http://ift.tt/2kHujNB
Технологии Blogger.