Halloween party ideas 2015

Аллах Таалам адамзат үчүн  жаралгандан баштап тынбай согуп, тээ өлгөнгө чейин  айтып бүткүс сонун, сезүүчү жүрөк органын жаратып койду. Биздин жүрөгүбүз  органдардын эң негизгиси, эң назиги, эң күчтүүсү, ал адамзаттын жашоосун кармап турат, бир мүнөткө сокпой калса эле бүттү жарыктыктан көз жумасың. Адамзаттын жакшы болуусу да, жаман болуусу да жүрөккө байланыштуу. Элибизде жакшы адамды: “А ал ким экен? Жакшы, көңүлүндө кири жок жүрөгү таза адам экен” деп баамдап коёбуз.   Жүрөгүбүз ушунчалык сезимтал келет жана жумшак болот, ал жакшы нерсени да, жаман нерсени да өзүнө бат сиңирет. Жакшылыктарды көп сиңирген жүрөк таптаза болот, а жамандыкты сиңирген жүрөк карарып мерез, тоң жүрөккө айланат. Керек болсо бардык органдарыбыз ага баш ийип турат, адам ушунчалык кайгыга батса жүрөк кысылып ыйлайт, ага кошулуп жан дүйнөбүз жабыркайт, мээ да өз функциясын жоготуп катуу депрессияга учурайт, көздөр кайгыга батып, жүзүбүз бозоруп, кол-бут эч нерсени каалабай калат. Ал эми жүрөк кубанса, сүйүнүчкө батса, мына сага бактылуулук, тим эле жашоодон ырахат аласың, көзүң-жүзүң нурланып, колу-бутуң аскасына да тоосуна да карабай чуркайт. Мына жүрөк деген кандай гана керемет ролду ойноп койот.

Адам бүт дүйнөнү башкаруусу мүмкүн, бирок ошол адамды кичинекей жүрөк башкарат. Жүрөгүбүздүн согуусу токтоп калмайынча, жакшылык менен толтуруп, жамандыктан алыс болуп жакшы амалдарды кылып алалы.

ЖҮРӨГҮБҮЗ ТАЗА БОЛУУСУ ҮЧҮН ЭМНЕ КЫЛУУБУЗ КЕРЕК?

Адамзаттын жүрөгүнүн таза болуусу ыйманына байланыштуу болот. Ыймандуу адам эч качан жаман ойлор, иштер менен алек болбойт.
Эми жан дүйнөбүз караңгылыкка батып, ойлорубуз бузулуп, көңүлүбүз чөгүп турганда бизге эң чоң жардам бере турган жана табылгыс курал бул-Алланын зикири. . .

    Зикир деген өзү эмне?

Зикир бул Куран аяттарынан алынган керемет сөздөр, бул сөздөрдү көп айтып жүрсөк жүрөгүбүздү тазалап коёт.
Анас (Аллах андан ыраазы болсун) Пайгамбарыбыз (С. А. В) дын:

«Алланын зикири бул ыймандын белгиси, эки жүздүүлүктөн арылуу, шайтандан коргонуу жана тозоктун отунан кутулуу»-деп айтканын риваят кылат.

Алланын зикири башка ибадаттардан жакшыраак деп эсептелинет. Ал шайтандын азгырыгынан сактанууда өзгөчө таасирдүү болот.
Дагы бир хадисте:

«Шайтан туткундап алган адамдын жүрөгүнө бекем олтурат. Качан ал, Алланы зикир кылса кор болгон абалда чегинет. Ал эми адам кайдыгер боло баштаганда азгыра баштайт»-деп айтылган.

Алладан, шайтан аны кантип азгырганын көргүсү келип, дуба кылган таква адам тууралуу окуя айтылат. Ал шайтанды кичинекей чиркей келбетинде жүрөктүн сол жагында, ийиндин артында олтурганын көрөт. Анын ийнедей болгон жүрөккө сунуп турган тумшугу бар экен.  Эгер жүрөк зикир менен алек болуп жаткан болсо шайтан тумшугун дароо тартып алат. Эгер жүрөк зикирсиз, мындайча айтканда бош болсо, анда ал тумшугунун жардамы аркылуу азгырыктар жана күнөө ууларын ийне сайуу жолу менен жүрөктү толтурат.
Ошон үчүн аалымдар жүрөктү шайтандын азгырыгына жай калтырбоо жана азгырыкка туруштук берүүгө күчтүү болу үчүн көбүрөөк зикир кылууну айтышкан. . .
Пайгамбарыбыз (С. А. В. ) кээ бир хадисинде:

«Роббисин зикир кылган менен, Роббисин зикир кылбагандын айырмасы, тирүү менен өлүктөй»

Дагы бир хадисинде:

«Жалгыздануучулар көп ийгиликке соопторго жетишет »-деп айтат. Анда сахабадар сурайт: “Оо, Аллахтын Элчиси жалгыздануучулар деген кандай? “. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салават саламдары болсун): «Аллахты көп зикир кылган эркектер жана аялдар». -деп жооп берди.

Пайгамбарыбызга (Ага Аллахтын салават саламдары болсун) бир киши келип:

“Оо, Аллахтын Элчиси! Мага ислам өкүмдөрү көп болуп кетти, мен картайып калдым, мага айтууга жеңилирээк бир нерсе үйрөтчү  ошону айтып жүрөйүн “, -деди. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салават саламдары болсун): «Тилиң Аллахты зикир кылуудан кургабасын», -деп айтты. . .

Эгер билсек бул зикир амалы эң жеңил, оңой амал болгону тилиң гана чарчайт, болбосо эч кыйынчылыгы жок.  Бул да Аллахымдын бизге түзүп койгон мүмкүнчүлүгү жана ырайымы. Аны пайдаланып ал пендеси, зикирдин даражасын башка ибадаттарга караганда бийик кылып койду Аллах Таалам. Зикир кылган адамдар Бейишке дарак олтургузат, акыретте жүздөрү нурдуу болуп турушат.
“Жалганчы адамдын тили көп жалган сүйлөй берип акырында жүрөгүнө мөөр болуп басылып калат” ушул сыяктуу Алланын зикирин көөп айтып жүргөн пендесинин жүрөгүнө мөөр болуп басылып калат, андай инсандар кабырда “тургун “деп буйрук болгондо Алланын зикирин айтып турат.  Бул деген биз үчүн табылгыс бакыттыр.  Ошон үчүн тууганым ар бир күнүңдө эч болбосо бир саатыңды бөлүп кой, миңдеген зикирлерди тартып койосуң жана миңдеген соопторго ээ болосуң, жөн эле олтуруп эч нерсе кылбай эле.   Аллах Таалага чексиз шүгүрлөрдү айтуубуз керек, Ал Мактоого татыктуу зат мындай жеңилдиктен башка оңой жолу болбосо керек. .

ЖҮРӨГҮБҮЗ ЭМНЕ СЕБЕПТЕН КАРАРЫП БАШТАЙТ?

Жүрөктүн карарып баштоосуна, биринчиден шайтан себепчи анын азгырыгынан күнөөлөргө батып, журөгүбүз караңгылык туңгуюгуна бата баштайт. Жүрөктүн краруусуна кичинекей күнөлөрдөн башталат, кичине күнөөнү эч качан кичине көрбө керек ал жүрөккө чекит сыяктуу пайда болоберет. Чекит көбөйүп жүрөктү капкара кылып салат, ошондо адам чоң күнөөлөрдү каалап калат.  Жүрөк мерез болуп  көп адашууларга туш боло баштайт.
Күнөөнүн акыбетинен биздин жүрөгүбүз карарып, бузулуп ушундай абалдарга туш болот. .

  1. Пенде менен Роббисинин ортосун тосот.

 «Акыйкатта ошол күнү алар өз Раббисинен тосулуп калат ». (83:15). .

  1. Пенденин Жаратканга болгон мамилеси бузулат. Эгерде пенденин кылган амалдары күнөө иштер болсо анда анын ой-пикири бузулат.
  2. Дайыма кейип кайгырган абалда болот.
  3. Жүрөктө коркуу тынчсыздануу пайда болот.

  «Ыймансыздардын жүрөгүнө Аллах Өз Китептеринде кабарлабаган шериктерди кошкондугу үчүн коркунуч салабыз»(3:151). .

  1. Жашоо турмушу оор тар болот.

«Ал эми, ким менин зикиримден (дин эрежелери баяндаган китептеримден) жуз бурса, ага тар, оор жашоо бар». (20:124).

  1. Жүрөгү катып, кара так басып калат.

«Ошондо алар Аллахка берген убада -шарттарын бузушкандыктан аларды каргышка калтырып, жүрөктөрүн катырып салдык». (5:13). .

  1. Ыйман нуру жүзүнөн кетип, кабагы салыңкы болуп калат.
  2. Жүрөгүндө башкага болгон жек көрүү пайда болот.
  3. Ырыскысын өтө кыйналып табат.
  4. Аллахтын каары келип, ыйманы алсыздап, кайгы капа көбөйө баштайт.

«Жасаган күнөөңөрдүн кечирүүсүн сурап, Аллахка жалбырагыла жана (“экинчи кайталабаймын “деп) тообо кылгыла! Ошондо силерди, белгиленген убакытка чейин эң соонун ырыскылар менен пайдалантат жана ар бир пазилеттүү (эхсан садакалуу) адамга Өзүнүн пазилетин берет». (11:3). .

ЖҮРӨКТҮН ШЫФАСЫ ЗИКИР. . .

Хасан ал -Басрийге бир киши келип айтты:
-Менин жүрөгүм негедир катуудай сезилет.
Хасан ал- Басрий айтты:
-Көп зикир кылгын жүрөгүң жумшарат.
Ошондуктан жүрөгүбүздү күнөөлөрдөн сактайлы.
Жүрөк жана рух үчүн азык. Бул биздин жакшылык амалдарыбыз.  Эгер ал экөөнө азыктары берилбесе анда кандай болуп калат? Бул азыктанбаган дене сыяктуу.
Бардык нерсени дат баскандай жүрөктү да чаң басат.  Жүрөктүн даты кири -бул нафс каалоосу жана кайдыгерлик.  Зикир болсо ушуларды тазалоо үчүн кызмат кылат жана жүрөктү тирилтет, сары-санаа жана кайгы-муңду кетирет, денеге жана жүрөккө күч кубат берет, жүздү, жүрөктү нурлантат жана ырыскыны өзүнө тартат. .
Хафиз бин Таймия (Аллах андан ыраазы болсун) айткан:
«Балыкка суу кандай керек болсо, жүрөккө да зикир ошондой керек болот.  Балык суусуз кандай абалда калаарын элестетип көргүлөчү ?
Эң коркок адам-бул зикир кылуучу адам, ал Аллахтан коркот жана көп эстеп ыйманын жаңыртып турат.

«Ыймандуулар -Аллахты эскергенде жүрөгүндө тынчтык орногондор. Демек Аллахты эскергенде жүрөктөр тынчтык табат»(13:28)

“Аллахты эстөө менен жүрөктөр тынчтанат! “
Чынчылдык Алахтын сүйгөн амалы, ачык айкындуулук жүрөктү тазалайт, тажырыйба жүзүндө көрүү далил, жол көрсөтүүчү жалган айтпайт, зикирден башка жүрөктү нурданта турган сооптуурак амал жок.

«Мени эстегиле.  Мен да силерди эстеймин ». (2:152). .

Аллах Тааланы зикир кылуу анын жердеги Бейиши, ким де ким ал Бейишке кирбесе акыреттеги Бейишке да кире албайт. Зикир -напсинин кайгысын, чарчоосун жана тынчсыздануусун кетирет, зикир бардык жакшылыктарга алып баруучу жеңил жана кыска жол. Курандагы зикир тууралуу аяттарды карап көрсөң анын пайдаларын көрөсүң, зикир кылып даарылыгына аракет кыл: шыпасын көрөсүң.
Аллахты зикир кылуу менен корку сезимдер, кайгы капалар жоголот, тоодой кайгы капа болсо да зикир аны кетирет.
Оо! Чарчаганынан арызданган, оорудан ыйлаган, кырсыктан азап тарткан, кайгыдан жара чеккен, Аллахтын улук зикир кылып сура!

«(Же) сен Анын ысымына бир теңдеш бар экенин билесиңби? ». (19:65).

Канчалык зикир кылсаң ошончолук жүрөгүң ырахатта болот, тынчтанат, бактылуулукту сезесиң: анткени Аллахты зикир кылууда Аллахка гана таянуу, ишенүү, Ага кайтуу, жакшы ойдо болуу, андан гана жардам күтүү, эгер дуба кылынса Ал Жакын, чакырса Ал Угуучу, суралса Жооп берүүчү, үмүт кылса Күтүүчү, жардам сураса Жардамын берүүчү. Сен чынында сурансаң чын көңүлдөн, берилип, кичи пейилдик менен сура, анын Жалгыз, Мактоого ылайык, Жумшак, Суралуучу, Кечирүүчү сыяктуу берекелүү ысымдарын тилиңе алып кайтала, ошондо -анын каалоосу күч кубаты менен -бактылуулукту, тынчтыкты, бейпилдикти, курсанчылыкты, нурдуулукту, кубанычты сезесиң!

Насиба Абдуллаева,

FORMULA.KG

Запись Жүрөгүңдүн таза болуусун каалайт белең? впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.