Halloween party ideas 2015

Оо Аллахым, сен бул ааламдын падышасысын  ,сен улуксун, сен ыйыксын, сенин кудуретине эч нерсе тен келе албайт,баары алсыз!  Оо Аллахым сага гана мактоо айтабыз ,мактоого жалгыз сен татыктуусун. Оо Аллахым сага гана шукур кылабыз,   сен пенделерин учун баардык мумкунчулукту  тузуп , биздер учун  бул жашоону тартуу кылдын. Оо Аллахым бизди жаратып жан амаанатын    бердин. Оо Аллахым эн биринчи бизди оз жолуна салып , ыйманыбызды кучтуу кылып ибадатка бекем кылгын. Оо Аллахым  акыретте биздин  ар бир дене мучолорубуз кылган ишитерибизге  кубо болот, ошондуктан дене мучобузду шайтандын азгырыгынан сактагын.  Оо Аллахым биздин козубузду жаман , арам болгон иштерди коруудон сакта, козубузду сенин жолунду гана коруучу коздордон кылгын .  Оо Аллахым биздин кулагыбызды жаман   ,ушак ,гыйбат создорду угуудан сакта, кулагыбызды сенин гана создорунду угуучу кулактардан кылгын. Оо Аллахым биздин тилибизди жаман создорду , маанисиз коп суйлоодон, жалган суйлоодон сакта, тилибизди сенин создорунду,аяттарынды, хадистерди суйлоочу тилден кылгын. Оо Аллахым биздин  журогубузду карангылыктан чыгарып, мерез журок болуудан сакта, журогубузду  сени  суйуучу , сени бар деп билуучу ,сезуучу журоктон кылгын.  Оо Аллахым  биздин жан дуйнобузду адашуудан сакта, жан дуйнобузду   ыйман нуру менен орогун  . Оо Аллахым  биздин колдорубузду жаман иштерди кылуудан сакта колдорубуз сен каалаган иштерди кылуучу колдордон кылгын.  Оо Аллахым биздин жаман жолдорго баруудан ,басуудан сакта, буттарыбыз сенин жолунда гана басып ,сенин ыраазылыгын учун чуркаган буттардан кылгын. Оо Аллахым сага гана жалынам, сенден гана сураймын,сенден гана кутомун, сенден гана умут кыламын, жардам беруучу жалгыз сенсин. Оо Аллахым сенден байлык эмес ден соолук, бийлик эмес бакыт  сураймын.   Оо Аллахым бизге тагдыр сыноолорундан берген болсон , куч кайрат, сабырдуулук беруунду сураймын. Оо Аллахым  бул жашоодо адашкан пенделерине инсап,ыйман,хидаят беруунду сурайбыз. Оо Аллахым мусулман кылып жараткан сон ,намазыбыз менен  ,ыйманыбыз менен, тилибизде келмебиз менен , дилибизде ишенуу умут менен мусулман бойдон жаныбызды ал Аллахым !

Насиба Абдуллаева
"БАКТЫЛУУЛУКТУН  ФОРМУЛАСЫ "

Отправить комментарий

Технологии Blogger.