Halloween party ideas 2015

Ал кезде жергиликтүү бир радиодо иштечүмүн. Андан бери, болжолу, беш жыл өтүптүр. Бир учур жөн-жай күндөлүккө белгилеп койгон бул окуя бүгүн өзүм эне болгон кезде мени көп ойго салды. Анан жазгым келди.

Токмок шаары… 

Журналисттик иш менен жүрүп, жалгыз баласы көчөгө таштап кеткен кемпирди жолуктурдум. Бети-башы көгала, каңырсыган жагымсыз жыттан жанына көпкө чыдап отура албайсың. Кудум кошокчулар сыяктуу бир нерселерди кейиштүү муңканып ырдап, анан арада “эч нерсем жок, жадагалса мына бул таякты да өткөндө бирөө берип кетти”, – деп ыйласа, зээниң кейийт. Балдарына, жакындарына эмес, “бирөө берген таякка” сүйөнүп, карылык сыйдан кагылган эненин көргөн күнүн душманга да ыраа көрбөй турдум. Көпкө сүйлөшкүм келди, бирок апанын булдуруктаган тили менен сүйлөнгөн көп сөзүн мен түшүнө албай койдум.

Эки жылдан бери көчөнү байырлап жүргөн бул эне туурасында кеңири билүү үчүн автобекеттин тегерегинде жашаган, иштегендердин көбү менен сүйлөштүм. Арбын маалыматты Токмокто көп жылдан бери жашаган Сайкал эже берди. Бул апа дээрлик эки жылдан бери Токмоктун автобекетин байырлайт. Нарындын Кочкорунан экен. Уулу орус аялын ээрчип кеткен. Ичпейт… Ошон үчүнбү ары-бери өткөндөр боору ооруп колунда барын берип кетет. Бирок жанагы жаш кайырчылар жула качып кетип атышпайбы, шүмшүктөр. Билбейм, убал эле болду байкуш кемпирге. Мен жалгыз жашагандыктан боорум ооруп бир нече жолу үйгө киргиздим. Жуунтуп, кийимдерин алмаштырдым, бирок дайыма эле кароо колумдан келбеди. Былтыр карылар үйүнө алып баралы десек, өзү болбой койбодубу… Сайкал эже мага анын бардык тарых-таржымалын мына ушундайча божурап отурду. Диктофонума баарын жаздым. Кемпир калды, мен шаарга кеттим. Жолдо катар оюмда бир гана кайырчы кемпирдин үмүтсүз тагдыры айланып турду. Жаныңа күч келгенде, 80 жаштагы энени автобекетке таштап, аялын ээрчип Россияга кете берген немени сызгырылта каргагың да келет экен. Кыргызда каргыш деген жаман го? Бирок анте албадым. Анткени ошол эле учурда башымда мына бул суроолор айланып жаткан болчу. – Бул эне өзү учурунда кимдин каргышына калды экен? Бул эне өзгөчө жаш курагында эмнеден ката кетирди? Бул эне баласы боюна бүткөндөн төрөгөнгө чейин же төрөгөндөн бой жеткенге чейин ошол уулуна кандай тарбия берди экен? Эмнеге, эмне үчүн, эмнеден улам?.. Кызыгы, ошол кезде мен бул суроолорго жооп бере алган эмесмин. Мүмкүн, ошол күнү ушул суроолорду берип жатып да мен энесин таштаган уулун бир жактуу күнөөлөп коймоктурмун. Бирок азыр анте албайм. 

Отправить комментарий

Технологии Blogger.