Halloween party ideas 2015

Суроо: Эмне үчүн фикх аалымдары китептерин даарат маселелери менен башташат? Жооп: Даарат намаздын эң негизги шарттарынын бири. Ал эми, намаз исламдагы беш парздын бири. Ошондуктан, биринчи даарат маселелерин, анан намаз маселелерин келтиришет. Суроо: Даараттын шарияттагы жана тилдеги мааниси эмне? Жооп: Даараттын тилдеги мааниси - тазалык. Ал эми, шариятта кичине жана чоң дааратсыздыктан тазалануу б.а. денедеги, кийимдеги жана намаз окулуучу жайдагы ыпластыктарды кетирүү. Суроо: Чоң дааратсыздык деген эмне? Жооп: Эркек жана аялга баардык денесин жубуу зарыл болсо, бул чоң дааратсыздык болуп эсептелет. Мындай дааратсыздыкты – жунубтук, ал эми жуунуну - гусул деп аташат.  Суроо: Кичине дааратсыздык деген эмне? Жооп: Намаз окуу же башка бир амалды аткаруу үчүн эркек жана аялга денесинин кээ бир мүчөлөрүн жубуу жана кээ бир мөчөлөрүнө масх тартуу зарыл болсо, бул кичине дааратсыздык болуп эсептелет. Эгер ушул дааратсыздыкты дене-мүчөлөрүнөн кетирсе, даарат алган болуп эсептелет. Бул адам - даараттуу адам деп аталат. Суроо: Даарат алууда жубулуучу жана масх тартылуучу мүчөлөр кайсылар? Жооп: Даарат алууда үч мүчөнү жубуу жана бир мүчөгө масх тартуу парз: 1. Бетти жубуу б.а. чач чыккан жерден баштап, ээк алдына чейин жана оң кулагынан сол кулагына чейинки аралыкты жубуу. 2. Эки колун манжа учтарынан баштап чыкананакка чейин жубуу. 3. Эки бутунун манжаларынан баштап томукка чейин жубуу. 4. Баштын маңдай тарыбынан баштап төрттөн бирине масх тартуу. Толук масх тартуу сүннөт болот. Суроо: Эки чыканак менен эки томукту да жубуу керекпи? Жооп: Ооба, эки чыканак менен эки томукту кошуп жубуу парз. Суроо: Даарат алууда үч мүчөнү жубуу жана бир мүчөгө масх тартуу парз экендигин кайдан билебиз? Жооп: Бул туурасында Аллах Таала Куранда : « Оо, ыйман келтирген пенделер! Эгер намаз окуну кааласаңар анда беттериңерди, эки колуңарды чыканактарыңар менен бирге жуугула жана башыңардын төрттөн бирине масх тарткыла жана эки бутуңарды томугу менен бирге жуугула» - деп айткан. Суроо: Баштын төрттөн бирине масх тартуунун далили кандай? Жооп: Анын далили, Мугира ибну Шуъба (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадис. Ал хадисте, Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) даарат алып анан башына масх тартты деп айтылган.
   
 

Суроо: Даараттын сүннөттөрү кайсылар?

Жооп: Даараттын сүннөттөрү төмөнкүлөр:

1.      Ниет кылуу.

2.      Эки колун муунуа чейин жубуу. Эки колду жубуу уйкудан турган адам үчүн да сүннөт болот.

3.      Дааратты Бисмиллахир-рохманир-рохиим деп айтуу менен баштоо.

4.      Мисвак менен тишин тазалоо.

5.      Оозуна үч жолу суу алып гаргара кылуу.

6.      Мурдуна үч жолу суу алып жубуу.

7.      Баштын баарына масх тартуу.

8.      Эки кулагына масх тартуу.

9.      Колунун жана бутунун манжаларынын араларына суу жеткирип укалоо.

10.  Сакалынын арасына суу жеткирип укалоо.

11.  Ар бир мүчөнү үчтөн жубуу.

12.  Дене мүчөлөрүн тартиби менен биринен соң бирин жубуу. Алгач бетин андан соң эки колун чыканактары менен жууп анан башына масх тартып, кийин эки бутун томуктары менен бирге жубуу керек.

13.  Мүчөлөрдү жубууда оң тарапкы мүчөсүнөн баштоо.

14.  Мүчөлөрдү жубууда токтоп турбастан дааратты аягына чыгаруу.
   
 

Суроо: Даараты бар эркектин же аялдын даараты качан бузулат?

Жооп: Даараты бар эркектин же аялдын даараты төмөнкү учурларда бузулат:

1.      Инсандын артынан чоң заарасы келгенде.

2.      Артынан жел чыкса. Желдин чыкканы үн же жыт менен анык болсо.

3.      Алдынан кичине заарасы, мази же вадий келсе.

4.      Аялдардан кан келсе.

5.      Денеден кан же ириң чыгып, агып жайылып кетсе.

6.      Оозун толтуруп кусса.

7.      Жамбаштап уктаса.

8.      Бир нерсеге жөлөнүп уктаса, ал нерсени алып салганда жыгылып кетчүүдөй даражада болсо.

9.      Эсинен танып калса.

10.  Жинди болуп кетсе.
   
 

Суроо: Чоң дааратсыздык качан жана кандай абалдарда важиб болот?

Жооп: Чоң дааратсыздык төмөнкү учурларда важиб болот.

1.      Эркек же аялдан кызыгуу (шахват) менен мани суусу чыгып жунуб болгондо.

2.      Эркектин аспабынын сүннөт кылынган жерине чейин аялдын алды-артына же эркектин артына кирсе, мани суусу чыкса-чыкпаса гусл важиб болот.

3.      Аялдардын этек кири (хайз) келип токтогондо.

4.      Аялдардан төрөттөн кийинки каны (нифас) келип токтогондо. Ушул иштердин    баарынан кийин денеден бир түкчөлүк жерди да кургак калтырбастан жубуу важиб болот.

Суроо: Мази жана вади деген эмне жана алар гусулду важиб кылабы?

Жооп: Эркек аялды же аял эркекти эстегенде эч кандай шахват кызыгуусуз эле агып чыккан тунук суу мази деп аталат. Ал эми, даарат ушатуудан кийин агып чыккан илешчээк тунук суу вадий болот. Алар гусулду важиб кылбайт. Жогоруда айтылгандай дааратты бузат.
   
Суроо: Гусулдун парздары кайсылар?

Жооп: Гусулдун парздары төмөнкүлөр:

  1. Оозун алкымына чейин гаргара кылып жубуу.
  2. Мурдун кеңилжээрине чейин тазалап жубуу.
  3. Баардык денесин бир жолу жубуу.

Суроо: Кандай гусул кылуу сүннөткө ылайыктуу болот.

Жооп: Гусулдун сүннөтү эки колду жубуу, алды жана артын ошондой эле ыпластыктар жуккан жерлерди тазалап жубуу, анан толук даарат алуу, андан соң денеге толук суу жеткирип үч жолу жубуу. Суунун жетүүсү кыйын болгон кулак кычыктарына, колтукка, киндикке, аялдар эмчек алдыларына атайын суу жеткирүү зарыл. Эгерде гусул кылынган жер катуу суу токтобой турган жер болсо анда гусулдагы даараттан соң буттарын жууйт. Эгер суу токтоп тура турган, ванна сыяктуу жер болсо гусул кылынып бүткөн соң жуулат.

Суроо: Аялдар үчүн гусулда чачына масх кылууга болобу же сөзсүз өрүлгөн чачын жазуу керекпи?

Жооп: Гусул важиб болгон убакта чачы өрүлгөн аялдарга чачын жубуу зарыл эмес. Алар өрүлгөн чачтарынын алдына суу жеткирип коюшса жетиштүү болот. Ал эми, гусул важиб болгон убакта чачтары жазылуу болгондор чачтарын толук жубуусу керек. Ошондой эле чачы узун эркектер да чачтарын толук жубуусу керек.

 

 

 

Суроо: Дааратсыз жана жунуб адамдарга эмнелерди кылууга болбойт?

Жооп: Жунуб болгон эркек жана аялга төмөнкү амалдарды аткарууга болбойт:

1.      Намаз окууга.

2.      Мечитке кирүүгө.

3.      Кураан окууга.

4.      Кураан китепти кармоого. (Эгер сырты капталган болсо кармоого болот).

5.      Каабаны таваф кылууга.

Ал эми дааратсыз адамга төмөнкү амалдарды аткарууга болбойт:

1.      Намаз окууга.

2.      Кураан китебин кармоого. (Эгер сырты капталган болсо кармоого болот).

3.      Каабаны таваф кылууга.

Кураан окууга, мечитке кирүүгө боло берет. Ошондой эле, дааратсыз адамга да жана жунуб адамга да Аллахты зикир кылууга болот.

 

 

 

Суроо: Кандай суулар менен даарат алууга болот?

Жооп: Жамгырдын, дарыянын, булактын, кудуктун жана деңиздин суулары менен даарат алууга болот, эгер ошол суулар шор болсо дагы. Ошондой эле бул сууларга таза нерсе аралашып кетсе да даарат алууга боло берет. Мисалы: дарыянын суусуна топурак аралашса ж.б.у.с.

Суроо: Даарат алууга жарабай турган дагы суулар барбы?

Жооп: Мөмө-жемиштерден жана дарактардан сыгылып алынган жана сууга таза нерсе аралашып аны суулук табиятынан чыгарып салган суюктуктарга даарат алууга болбойт. Мисалы: Шорпо, сирке сыяктуу суюктуктар.

Суроо: Бир адам даараты бар туруп сооп табуу үчүн дагы даарат алса, же даараты жок эле адам гусул же даарат алса, андан агып түшкөн сууну топтоп дагы даарат алууга болобу?

Жооп: Жок. Мындай суу менен даарат алууга да гусул кылууга да болбойт.

Суроо: Демек иштетилген суу менен тазаланууга болбойт экен, ал суу таза болуп эсептелеби же жокпу?

Жооп: Эгер даарат алуучу ал сууну дааратсыздыктан чыгуу үчүн гана иштеткен болсо б.а. ыпластыктарды жууган эмес болсо, ал суу таза бирок, башканы тазартууга жарабайт. Мисалы: Гусул же даарат убагында бул суудан идишке же кийимдерге чачыраса аларды (идиш жана кийимди) ыплас кылбайт.

 

 

 

Суроо: Сууга бир нерсе түшүп кетсе, ал нажас болобу?

Жооп: Аллах Таала сууну таза жана тазалоочу кылып жараткан. Бирок, ага ыплас нерсенин түшүүсү менен ал ыплас болот. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) токтоп турган сууга даарат ушатуудан тыйган. Ошондой эле уйкудан турган адам колун үч жолу жуумайынча идишке салбасын, анткени ал колдорунун кайда түнөгөнүн билбейт деп айткан. Сууга ыплас нерсе түшсө ал сууга даарат алууга жана гусул кылууга болбойт.

Суроо: Чоң сууга нажас түшсө, ага дарат же гусул кылууга болобу?

Жооп: Бир тарабын толкундатканда экинчи тарабы кыймылдабаган суу чоң суу болуп эсептелет. Ушундай суунун бир тарабына нажас түшсө экинчи тарабынан даарат же гусул кылууга болот.

Суроо: Агын сууга нажас түшсө эмне болот?

Жооп: Агын сууда нажас көрүнүп турбаса, ал сууга даарат же гусул кылууга болот. Себеби суунун агуусу менен нажас жок болот.

Суроо: Суу ичинде кандайдыр бир айбандын өлүп калуусу сууну бузабы?

Жооп: Сойгондо каны агып чыга турган канаттуулар же айбанаттар суу ичинде өлүп калса сууну бузат. Сууда жашоочу балык, бака, ташбака сыяктуулардын суу ичинде өлүүсү сууну бузбайт. Ошондой эле каны жок, чымын, чиркей, аары сыяктуулардын суу ичинде өлүүсү да сууну бузбайт.

 

 

 

Суроо: Кудук суулары таза экенин билдик, эгер кудук ичине нажас түшүп кетсе, аны кантип таза кылууга болот?

Жооп: Эгер кудук ичинде адам, ит, кой же чоңдугунда ушулар сыяктуу болгон айбанаттар өлсө, анда кудук ичиндеги суунун баарын тартып алуу менен таза болот. Эгер кудук ичинде тоок, кептер, мышык же чоңдугунда ушулар сыяктуу болгон айбанаттар өлсө, анда кудук ичиндеги суудан кырк чака сууну тартып алуу важиб болот. Элүү чаканы тартып алса жакшыраак болот. Эгер кудук ичинде чычкан, чымчык же чоңдугунда ушулар сыяктуу айбанаттар өлсө, анда кудук ичиндеги суудан жыйырма чака сууну тартып алуу важиб. Отуз чака тартып алса жакшыраак. Эгер өлүп калган айбанаттар шишиген жана сасыган эмес болсо, жогоруда айтылган эрежелер менен кудук  таза болот. Эгер айбанаттар шишип, сасып кеткен болсо, анын чоң кичинесине карабастан кудуктагы суунун баарын тартып алуу керек. Кудук ошондо гана тазаланган болуп эсептелет.

Суроо: Сууну кандай чака менен тартып алуу керек?

Жооп: Кудуктан суу алууга иштетилген чакалардын орточосу менен тартып алуу керек.

Суроо: Эгер чака чоң болсо кандай эсептелет?

Жооп: Анда чакалардын көлөмү эске алынат. Мисалы: чоң чакага он орточо чака суу батса, анда чычкан сыяктуулар өлгөн кудуктан эки чака тартып алат. Үчтү алса жакшыраак. Тоок сыяктуулар өлгөн кудуктан төрт чака тартып алынат. Бешти тартып алса жакшыраак. Сууну тартып алууда кудук түбүндө жарым чакага толбогон суу калса, суу толук тартып алынды деп эсептелет.

Суроо: Кээ бир кудуктардын түбүнөн суу токтобостон чыга берет, аларды кандай тартип менен тазалоого болот?

Жооп: Мындай учурда кудук ичиндеги суунун өлчөмүнчө тартып алуу жетиштүү болот. Кудук ичинде канча суу бар экендигин билүү үчүн, суу илимин билген эки адилеттүү адамдын сөзү эске алынат. Ал эми Имам Аъзамдын окуучусу имам Мухаммаддын айтуусунда, мындай кудуктардан эки жүз чакадан үч жүз чакага чейин тартып алуу керек. Кудуктардагы сууну тартып алуу менен кудуктун суусу гана эмес, анын дубалдары, суу тартылып алынган чакалар, аркандар жана тартып алуучу адамдардын колдору да таза болуп эсептелет. Адардын эч бирини кайра жубуу зарыл эмес. Кудук ичиндеги ыпластыкты алып салып, анан сууну тартып алса кудук таза болот. Сууну тартып алып, бирок ыпластык кудук ичинде калып калса кудук таза болбойт.

Суроо: Кудук ичинен чычкандын өлүгү табылса, анын качан өлгөндүгү билинбесе жана бул суудан адамдар даарат алып, кийимдерин жууган болсо эмне кылуу керек?

Жооп: Эгер чычкан шишип-жарылбаса, анда бир суткалык намаздарын кайра окуйт жана бир сутка аралыгында жууган кийим, идиштерин кайра жууйт. Эгер чычкан шишиген болсо, анда үч суткалык намаздарын кайра окуйт жана ушул аралыкта жууган кийим, идиштерин кайра жууйт. Бул имам Аъзамдын (Аллах ал кишини ырахмат кылсын) фатвасы. Ал эми имам Юсуф менен имам Мухаммадын ою боюнча, түшкөн убагы аныкталмайынча, намаз да кайра окулбайт, кийим да кайра жуулбайт.

 

 

 

Суроо: Адамдын жана башка айбандардын оозунан арткан кешик суулардын өкүмү кандай?

Жооп: Ар бир адамдын оозунан арткан кешик суу таза болуп эсептелет. Ал адам мейли мусулман мейли каапыр болсун, мейли эркек мейли аял болсун, мейли жунуб мейли хайз каны келген болсун, баары бир анын кешик суусу таза. Ушундай эле, эти жегенге адал болгон жаныбарлардын баарынын кешик суусу да таза. Ит, чочко жана башка жырткыч айбандардын оозунан арткан суу арам. Мышык, бош жүргөн тоок, бүркүт, ылаачын жана ушул сыяктуу жырткыч канаттулардын кешиги макрух. Үйдө жүргөн жылан, чычкан сыяктуулардын кешиги да макрух.

Суроо: Макрух болгон суулардын өкүмү кандай?

Жооп: Эгер башка суу болсо бул сууга даарат алууга болбойт. Мисалы: бир адамда эки түрдүү суу бар. Бири адамдын кешиги, экинчиси мышыктын кешиги. Бул учурда адамдын кешигине даарат алуу керек.

Суроо: Эгер мышыктын кешигинен башка суу жок болсо, анда таямум кылуу керекпи же ошол сууга даарат алса болобу?

Жооп: Андай учурда ушул сууга даарат алат, таямум кылууга болбойт.

Суроо: Кешик суулардын шектүүлөрү да барбы?

Жооп: Ооба, аалымдар ортосунда айырмачылык болгону үчүн эшек менен качырдын кешиги шектүү болуп эсептелет.

Суроо: Эшек менен качырдын кешигинен башка суу жок болсочу?

Жооп: Бул суу шектүү болгондугу үчүн ага даарат алат андан соң күмөндөн сактануу үчүн таямум да кылат.

Суроо: Биринчи даарат алуу керекпи же таямум кылуу керекпи?

Жооп: Адам өзү каалаганын биринчи аткарат. Дагы бир айта кетүүчү нерсе, эге адам арак ичсе, тиши канаса же оозун толтуруп кусса, анда анын оозунан арткан суу арам болот. Бирок, оозун үч жолу жууса же шилекейин бир нече жолу жутса, анда анын кешиги адал болот. Ошондой эле мышык чычканды жеп, анан дароо оозун сууга салса, суу арам болот. Эгер чычканды жегенден кийин бир аз туруп, оозунан нажастын издери кетсе же оозун колдору менен сылап жууп, анан сууга башын салса, суу арам болбойт.

 

 

 

Суроо: Таямумдун тилдеги жана шарияттагы мааниси эмне?

Жооп: Таямумдун тилдеги мааниси максад кылуу, каалоо дегенди билдирет. Ал эми, шарияттагы мааниси топурак, же башка бир жер жынсыдан болгон нерсени дааратсыздыкты кетирүү үчүн өз эрежеси менен колдонуу. Аллах Таала Кураанда: «Эгер даарат үчүн суу таба албасаңар, таза топурак менен таямум кылгыла. Бетиңерге жана колуңарга сүрткүлө» - деп айткан.

Суроо: Даараты жок адамга кайсы убакта таямум кылууга болот?

Жооп: Эгер суу табылбаса, же суунун узактыгы эки чакырым аралыкта болсо таямум кылууга болот.

Суроо: Суу бар бирок, даарат алуучу оорулуу болсо таямум кылууга болобу?

Жооп: Оорулуу адам даарат алса оорусу күчөсө, жунуб адам суук суу менен гусул кылса ден-соолугуна катуу зыян боло турган болсо жана сууну ысытууга эч нерсеси жок болсо, анда таямум кылууга болот.

Суроо: Таямум кандай аткарылат?

Жооп: Биринчи дааратсыздыкты кетирүүнү жана намаз окууну ниет кылат. Анан эки колун жерге уруп эки бетине сүртөт. Андан соң, эки колун дагы жерге уруп, алгач сол колу менен оң колунун манжа учтарынан баштап чыканагын кошо сүртүп чыгат андан соң дал ушундай кылып оң колу менен сол колуна сүртөт.

Суроо: Мындай таямум дааратсыз адам үчүнбү же жунуб адам үчүнбү?

Жооп: Мындай таямум баардык адамдарга бирдей болот, дааратсыз менен жунубдун таямумунда эч кандай айырма жок.

Суроо: Эмнелер менен таямум кылууга болот.

Жооп: Таза топурак жана жер жынсыдан болгон бардык нерселерге таш, кум, бор, сурма ж.б.у.с. таямум кылууга болот, эгер таш үстүндө чаң жок болсо да. Жана булардын баары нажастардан таза болуусу керек. Бул имам Аъзам менен имам Мухаммадтын ою. Ал эми, имам Абу Юсуфтун ою боюнча, таза топурак менен таза кумдан башка нерсеге таямум кылууга болбойт.

Суроо: Шамал чаңды учуруп, бир адамдын бети-колуна чаң консо, ал таямум кылган болуп эсептелеби?

Жооп: Жок, анткени таямумду ниет кылуу парз.

Суроо: Таямум менен нафил намаз окуса болобу?

Жооп: Таямумдан кийин каалагандай парз жана нафил намаздарды окууга болот. Даарат жана гусул кылган адам аткаруучу иштердин баарын аткарууга болот.

Суроо: Дагы кайсы учурда таямум кылууга болот?

Жооп: Кайра окуп коюуга мүмкүн болбогон намаздардын өтүп кетүү коркунучу болгон учурда да таямум кылууга болот. Мисалы: жаназа жана айт намаздары сыяктуу.

Суроо: Жума намазы башталган учурда даараты жок адам таямум кылса болобу?

Жооп: Жок, бул адам даарат алат. Эгер жетишип калса жуманы окуйт, эгер жетише албаса Бешим намазын окуйт.

Суроо: Эгер бир адам даарат алгыча намаз убагы өтүп кете турган болсо, таямум кылууга болобу? Мисалы: эртең менен турган адам даарат же гусул кылганча күн чыгып кетүү коркунучу туулса.

Жооп: Таямум кылууга болбойт, даарат же гусул кылат, анан күн найза бою көтөрүлгөндөн соң намазын окуйт. Намаз убактысынын чыгуусу таямум кылууга себеп эмес.

Суроо: Суу жок, бирок суунун табылып калуусу мүмкүн болгон учурда намаздын акыркы убагына чейин күтүү важиб болобу?

Жооп: Акыркы убакка чейин күтүү жакшыраак болот, эгер суу табылса даарат алат, эгер табылбаса таямум менен намазын окуйт.

Суроо: Жолоочу адам жүгүндө суу бар экендигин унутуп коюп, таямум менен намаз окуса, анан суусу эсине түшсө, даарат алып намазын кайра окуйбу?

Жооп: Имам Аъзам жана имам Мухаммадтын сөзү боюнча кайра окубайт. Ал эми, имам Абу Юсуфтун сөзү боюнча кайра окуусу керек.

Суроо: Өзүндө суусу жок жолоочу адамга суу издөөсү зарылбы?

Жооп: Эгер жакын жерде суу жок экендигине ишенсе сууну издөө зарыл эмес. Ал эми, суунун бар экендигине ишенсе сууну издебей таямум кылууга болбойт.

Суроо: Жолдошунда суусу бар болсо, даарат үчүн суроого болобу?

Жооп: Сууну сурайт, эгер акчага же акчасыз эле берсе да даарат алат. Эгер бербесе таямум менен намаз окуйт.

Суроо: Жолоочуда өзү же улоосу иче турган эле суусу бар болсо, ошол сууга даарат алууга болобу?

Жооп: Мындай учурда сууну ичүүгө калтырып, таямум менен намаз окуйт.

Суроо: Таямумду эмнелер бузат?

Жооп: Дааратты бузуучулар таямумду да бузат, ошондой эле суунун табылып, иштетүүгө мүмкүнчүлүктүн болуусу да таямумду бузат.

 

Суроо: Даарат алууда эки бутту жубуудан башка жеңилдик барбы?

Жооп: Ооба, эки маасыга масх тартууга болот.

Суроо: Масх таруунун шарты кандай?

Жооп: Масх тартуу үчүн, маасы даарат менен кийилүүгө тийиш.

Суроо: Масхты канча мөөнөткө чейин тартууга болот.

Жооп: Маасыны даарат менен кийген адамга, кийинки даараттарында эгер үйдө болсо бир сутка ал эми жолоочу болсо үч сутка масх тартууга болот.

Суроо: Бул мөөнөттөрдүн башталуусу маасыны кийген убактан эсептелеби же даарат бузулган убактан эсептелеби?

Жооп: Мөөнөт даарат бузулган убактан баштап эсептелет. Мисалы: бир адам эртең менен даарат алып маасыны кийсе, анан чак түштө даараты бузулса, эгер ал үйдөгү адам болсо эртеңки күндүн чак түшүнө чейин масх тартат. Ал эми жолоочу болсо үчүнчү күндүн чак түшүнө чейин масх тартат.

Суроо: Гусул кылуу важиб болгон адамга масх тартууга болобу?

Жооп: Жок, мындай адамга масх тартууга болбойт, башка мүчөлөрү сыяктуу эле буттарын да жубуусу керек.

Суроо: Эгер маасыда тешиктери болсо масх тартууга болобу?

Жооп: Эгер ошол тешик буттун үч манжасы бата турган даражада чоң болсо, анда масх тартууга болбойт. Андан кичине болсо масх тартыла берет.

Суроо: Бир эле маасынын тешиги эсептелеби же эки маасыныкын кошуп эсептейби?

Жооп: Бир маасынын ылдыйкы бөлүгүндөгү тешиктери бириктирилип эсептелет. Эки маасыныкы бириктирилбейт. Мисалы: бир маасыда эки манжа баткыдай тешик, экинчи маасыда бир манжа баткыдай тешик болсо, анда масх тартыла берет.

Суроо: Маасыга масхты кантип тартат?

Жооп: Эки колун суулап буттун уч жагына тийгизет да, өйдө көздөй из түшүрүп тартат.

Суроо: Тартылган масхты эмнелер бузат?

Жооп: Дааратты бузуучулар, маасынын чечилүүсү жана мөөнөттүн бүтүүсү бузат.

Суроо: Масхтын мөөнөтү бүтүп калса же маасы чечилип калса, бирок дааратты бузуучу иштер болбосо эмне кылуу керек?

Жооп: Мындай учурда эки бутун жууп намазын окуйт, башка мүчөлөрүн жуубайт.

Суроо: Жолоочу үч, ал эми үйдөгү адам бир сутка масх тарта алат болчу. А эгер жолоочу үйгө келип же тескерисинче үйдөгү адам жолоочу болуп калса эмне кылат?

Жооп: Жолоочу масх тарткандан кийин үйүнө келип калса, эгер ал бир суткадан аз убакытта келген болсо бир суткага чейин масх тарта берсе болот. Эгер бир суткадан ашкандан кийин келсе масх тартууга болбойт б.а. даарат алганда бутту жубуу керек. Ал эми, үйдөгү адам масх таркандан кийин бир сутка толо электе эле жолоочу болуп калса, анда үч сутка масх тарта берет.

Суроо: Маасынын үстүнөн кийиз өтүк кийсе ага масх тартууга болобу?

Жооп: Даараты менен кийген болсо масх тартууга болот.

Суроо: Чарыкка масх тартса болобу?

Жооп: Имам Абу Юсуф менен имам Мухаммадын айтуусунда чарык калың болсо масх тартууга болот. Ал эми имам Аъзамдын айтуусунда таманына чарм куюлган же көлөш сыяктуу капталган болсо масх тартылат.

Суроо: Маасыдан башка дагы эмнеге масх тартууга болот?

Жооп: Дененин сынган же жаракаттанган жерин байлап койгон бинт же чүпүрөктүн үстүнө масх тартууга болот.

Суроо: Сынган же жаракаттанган жерди да даараттан соң байлоо шартпы?

Жооп: Жок, даараты жок убакта эле байлап, кийин масх тарта берсе болот.

Суроо: Сыныктын же жаракаттын үстүндөгү таңуу түшүп калса жана жаракат айыккан болсо масх тартылган боюнча турабы?

Жооп: Жок, мындай учурда таңуунун масхи бузулган болот. Эгер таңуу түшүп калуудан алдын даарат алган болсо, анан кереги жок болгондугу үчүн таңууну алып салса жана башка дааратты бузуучу иштер болбосо анда ошол жерин эле жууп намазын окуй берет.

Суроо: Селде, топу жана калпак сыяктууларга да масх тартууга болобу?

Жооп: Жок, буларга масх тартууга болбойт.

 

 

 

Суроо: Хайыз деген эмне?

Жооп: Ар бир аялдан ар ай сайын келип туруучу кан (этек кир) хайыз деп аталат. Ал эми хайыз каны келбеген учурду тазалык деп атайт.

Суроо: Хайыздын шариятта кандай өкүмү бар?

Жооп: Хайыз каны келген аялга төмөнкү амалдарды аткарууга болбойт:

 • Парз жана нафил намаздарды окууга.

 • Парз жана нафил орозолорду кармоого.

 • Мечиттерге жана Каабага кирүүгө.

 • Кураан окууга.

 • Сырты капталбаган Кураан китебин кармоого.

 • Күйөөсү менен жакындык кылууга.

Суроо: Хайыздан тазаланган аял өтүп кеткен орозосу менен намазын эмне кылат?

Жооп: Намаздар ошол бойдон кала берет. Ал эми, Рамазандын орозосун кармап берет.

Суроо: Хайыз көрүүнүн аз жана көп мөөнөтү канча?

Жооп: Хайыздын азы үч сутка, көбү он сутка.

Суроо: Хайыз канынын белгилүү өңү барбы?

Жооп: Хайыз көрүү убагындагы кызыл, саргыч, көгүш түстөгү кандын баары хайыз болуп эсептелет ак канды көргүчө.

Суроо: Хайыз каны токтоп, ак канды көрсө, күйөөсү менен жакындык кылууга болобу?

Жооп: Эгерде хайыз каны үч күндөн алдын токтоп ак канды көрсө, гусул кылмайынча же бир намаз окуу убактысы өтмөйүнчө күйөөсү менен жакындык кылууга болбойт.

Суроо: Хайыздык мөөнөттүн ичинде кан токтоп тазалык болуп калса, ал хайыз болуп эсептелеби же тазалык болуп эсептелеби?

Жооп: Хайыз көрүү мөөнөтүндөгү тазалык дагы хайыз болуп эсептелет да хайыздын өкүмү колдонулат б.а. жогорудагы амалдарды аткаруудан тыйылат.

Суроо: Тазалыктын да, аз жана көп мөөнөтү барбы?

Жооп: Тазалыктын эң азы он беш күн. (Хайыз каны он күндө токтосо, арадан он беш күн өтпөстөн кайра кан келсе бул хайыз эмес). Тазалыктын көптүгүнө белгилүү чек жок. (Бир нече жыл кан келбесе да, таза болуп эсептелет).

Суроо: Нифас деген эмне?

Жооп: Аял төрөгөндө баланын артынан келүүчү кан нифас деп аталат.

Суроо: Нифастын аз жана көп мөөнөтү канча?

Жооп: Нифастын көбү кырк күн, ал эми азынын белгилүү чеги жок.

Суроо: Нифас каны келген аялдарга кандай өкүмдөр бар?

Жооп: Анын өкүмдөрү хайыздын өкүмү сыяктуу. Намазын кайра окубайт. Орозосун кармап берет.

Суроо: Эгиз бала төрөлсө, нифас кимисинен башталып эсептелет?

Жооп: Имам Аъзам менен имам Абу Юсуф биринчи баладан кийин эсептелет деп айтышат, ал эми имам Мухаммад менен имам Зуфар экинчи баладан кийин эсептелет деп айткан.

Суроо: Эгер аялды операция кылып баланы курсагынан алса, нифас болуп эсептелеби?

Жооп: Эгерде адаттагы жолдон кан келсе нифас деп эсептелет да, нифаси келген аялдын өкүмүн аткарат. Эгер кан келбесе анда башка жаракаттар сыяктуу өкүм кылынат.

Суроо: Бала адаттагыдай эле туулса, бирок аялдан кан келбесе нифас болобу?

Жооп: Ооба, бул аял нифас болуп эсептелет да ага гусул кылуу важиб болот. Ал дароо гусул кылып, намазын окуйт, орозосун кармайт.

Суроо: Аялдын боюнан түшүүсү менен ал нифаска айланабы?

Жооп: Эгер баланын кээ бир мүчөлөрү билинсе анда нифас болуп эсептелет. Мисалы: колу, буту же чачы сыяктуу. Эгерде баланын дене мүчөлөрү билинбесе анда нифаска эсептелбейт. Эгер кан үч сутка толук келип, андан соң толук тазалык болсо (он беш күн) анда хайыз каны болуп эсептелет. А эгер үч суткага жетпей калса же андан соң толук тазалык болбосо (тазалык он беш күнгө жетпесе) анда бул истихаза (жөн эле келген) каны болуп эсептелет.

Суроо: Нифас каны келип жаткан күндөрдө кокустан аралашып калган тазалык күндөрдү кандай өкүм кылабыз?

Жооп: Кырк күндүн ичинде болгон тазалык күндөр да нифас деп эсептеле берет.

Суроо: Истихаза деген кандай кан?

Жооп: Истихаза каны сегиз түрдүү болот:

• Үч  күнгө жетпей токтоп калган кан.

• Аялдын хайыз көрүп жүргөн адатынан жана он күндөн ашып кеткен кан.

• Биринчи жолу келген хайыз каны он күндөн ашып кетсе, он күндөн ашканы истихаза каны болот. Эгер, биринчи жолу кан көргөн аял бир нече жыл ушундай он күндөн ашык кан көрсө да, ар бир айдагы он күнү хайыз, андан өткөнү истихаза болуп эсептеле берет.

• Боюнда бар аялдан келген кан.

• Баланын  төрөлүүсүдөн алдын келген кан.

• Нифас көрүүдө адаты бар аялдын каны кырк күндөн ашып кетсе, анда адатынан ашкан күндөгү кан истихаза каны.

• Биринчи жолу төрөгөн аялдан келген кан кырк күндөн ашып кетсе, кырк күндөн ашканы истихаза каны.

• Боюнан түшкөн баланын бир да мүчөсү билинбесе, аны ээрчип келген кан истихаза каны.

Суроо: Истихазанын кандай өкүмдөрү бар?

Жооп: Ал таптаза аял сыяктуу эле бардык амалдарды жасай берет. Бирок, каны дайыма токтобой ага берсе, анда себептүү болуп эсептелет. Себептүүлөрдүн өкүмү төмөндө айтылат

 

Суроо: Ар дайым мурдунан кан аккан, жарасы айыкпай кан ириң аккан, сийдиги токтобой тамчылап турган же ар дайым артынан жел чыгып турган адамдар эмне кылышат?

Жооп: Буларды себептүү адамдар деп аташат. Булар ар бир намаз үчүн даарат алышат жана ошол даарат менен каалаганча парз, нафил намаздарын окушат. Булардын даараттары убакыт чыкмайынча бузулбайт, убакыттын чыгуусу менен дароо бузулат.

Суроо: Даарат алган соң өзүнүн себептүү оорусунан башка дааратты бузуучу иш аткарылса (мисалы: уктап калса) даараты бузулабы?

Жооп: Ооба, бузулат. Мисалы: бир адамдын дайыма мурдунан кан агып туруучу себеби бар эле, ал даарат алган соң жел чыгып кетсе анын даараты бузулат. Ал убакыттын акырына чейин дааратсыз болот.

 

Суроо: Нажасат деген эмне жана анын кандай түрлөрү бар?

Жооп: Нажасаттар эки түрдүү болот:

1.      Оор нажасат.

2.      Жеңил нажасат.

Адамдын денесинен чыгып, ал адамды даарат алууга же гусул кылууга мажбур кылган: тезек, сийдик, мани, мази, вадий, ириң, ооз толо кусулган кусунду, хайз, нифас, истихаза, эркек наристе баланын сийдиги, наристе кыздын сийдиги ал тамак жесе да жебесе да, арак, мууздаганда агып чыккан кан, арам өлүп калган малдын эти, майы жана териси, баардык эти желбей турган жаныбарлардын сийдиги, уйдун тезеги, иттин, тооктун, өрдөктүн, каздын тезектери, баардык жырткыч айбандардын тезектери, чочконун баардык мүчөлөрү оор нажасат болуп эсептелет.

Ал эми, баардык эти желүүчү жаныбарлардын сийдиги, аттын сийдиги, жырткыч канаттулардын тезеги жеңил нажасат болуп эсептелет.

Суроо: Эгерде кийимге же денеге нажасат жукса аны кантип тазалоого болот?

Жооп: Нажасат көзгө көрүнө турган болсо, кийимден же денеден ал көрүнбөй калгыча таза суу менен жууп тазалоо керек. Эгерде нажасат көзгө көрүнбөсө (мисалы: сийдик чачырыса) аны көңүлдө таза болду деп эсептегенге чейин жубуу керек.

Суроо: Көзгө көрүнгөн нажасты жууганда анын изи (тактары) кетпей калса эмне болот?

Жооп: Эгер изини суу менен кетирүү оор болсо, ал жуулган соң таза болду деп эсептелет.

Суроо: Нажасатты тазалоонун мындан башка да жолу барбы?

Жооп: Аалымдар айткан кээ бир маселелер бар, мисалы: 

• Маасыга  жугуп  кургап  калган  нажасатты  жерге  сүртүү  менен  кетирип  намаз окуса        

 болот.

• Кийимге  жуккан  маниге  сийдик аралашкан эмес болсо жана ал кургап калган болсо, 

 аны ушалап, анан кагуу менен таза болот.

• Бычак жана  кылыч сыяктуу  нерселерге жуккан  нажасатты сүртүп  тазалоо  менен таза болот.

• Жерге нажас жугуп анан кургап калган болсо ал жерге намаз окуса болот, бирок таямум кылууга болбойт. Ал эми, ошол жерди жууп же башка жол менен нажасатты кетирсе таямумга да боло берет.

• Терини ашатса ал таза болот, анын үстүндө намаз окууга болот. Ошондой эле, ашатылган териден жасалган идишке суу алып даарат алса да болот. Чочконун териси эч качан таза болбойт. Адамдын терисин анын урматтуулугу үчүн иштетүүгө болбойт.

 

Суроо: Истинжанын өкүмү кандай?

Жооп: Таш, кесек топурак жана ушулар сыяктуу нерселерди же атайын чыгарылган нерселерди (туалет кагазы) иштетүүгө болот. Нажасат чыккан жерлерди ушулар менен тазалайт. Так санда пайдалануу жакшы. Эгер нажасат ар тарабына жайылып кетсе суу менен жубуу важиб болот.

Суроо: Эмнелер менен истинжа кылууга болбойт?

Жооп: Оң колду пайдаланууга, сөөк, тезек, тамак жана баалуу нерселер менен истинжа кылууга болбойт.

Суроо: Талаада же жабык орундарда (туалетте) даарат ушатканда кантип отуруу керек?

Жооп: Кайсы жерде болсо да кыбылага алдын жана артын салып отуруу макрух болот.

Суроо: Кандай жерлерге даарат ушатууга болбойт?

Жооп: Сууга, суу алып ичилчү жерлерге, мөмө берүүчү дарактын түбүнө, адамдар көлөкөлөп эс алчу жерлерге, адамдар басып өтчү жолдорго, жер бетиндеги оюктарга б.а. ийиндерге, шамал согуп турган тарапка кароого, тике туруп сийүүгө жана ушул жерлерге чоң заара кылууга да болбойт

 

 

Жогоруда түшүнүксүз маселе болсо бизге БУЛ БАРАКЧАДАН кайрылсаңыз болот

Отправить комментарий

Технологии Blogger.