Halloween party ideas 2015

🏻Жашы бир канчага барып калган бир эненин жалгыз төөсү кеселдеп калат. Ошол менен күнү өтүп жаткан эне өлсө күн көрүүсү кыйындап калуусуна кыжалат болуп каттуу капаланды. Күндүз -түнү кайгырган эненин эч бир жардам бере турган жакындары жок эле. Колунан бир келгени Аллага жалбарып,төөсүнүн жакшы болуп кетүүсүн тилеп,дуба кыла баштайт. Бир күнү оттоп келсин деп кырга чыгарган төөсүнүн оозуна эч нерсе албаганын байкап,өтө маанайы чөгүп кетет. Колдорун жайып,көз жашын төгүп,дуба кылуудан башка чарасы калбайт. Ошо кезде Пайгамбарыбыз (с.а.в) бир топ сахабалар менен өтүп бара жатып, энени көрүп калат да:
-Оо,Алланын кулу,неге ыйлап жатасың? -дейт.
-Төөм өлгөнү жатат ошого ыйлап жатамын. Төөм менен жан багып күн өткөрчүүмүн. Эми ал өлүп калса абалым кандай болот? Төөмдүн кеселин айыгып кетүүсү үчүн канча күндөн бери кол жайып дуба кылып жатамын,бирок дубам кабыл болбой жатат,-деди эне муңун төгүп. Пайгамбарыбыз (с.а.в) күлүмсүрөп:
-Дубаңдын кабыл болбогонун кааласаң,дубаңа кара май кош,кара май! -деди. Эне ойлоно баштайт. Кара май кош дегени эмнеси? Анан түшүнгөндөй болот. Кошунасынан кара май сурап алган аял алды менен төөсүнүн оозуна кара майды сүртүп,андан кийин дуба кыла баштайт. Кара майдын аркасынан төөнүн оозундагы бардык микроптор өлүп,төөнүн оорусунан айыгып кетет.
Демек, кез -келген маселеде тек гана кол жайып дуба кылуу жетиштүү болбойт,анын чечимин издөө керек. Ошону түшүнгөн эне Пайгамбарыбыздын кеңешин тыңдап, төөсүн аман алып калган экен…

🔗Бизде эмне деп коёт: “Куру сөз кулакка жакпайт”-дегендей куруу кол көтөрүү,куруу кыял,куруу аракет, куруу сөз жатып алып: “Алма пыш, оозума түш “дегендей кептир.
Себептерине карабай кылынган дуба “пайдасыз таманни” деп аталат. Үмүттөнбөй суралган нерсе “таманни” деп ааталат. Үмүттөнүп суралган нерсе “ража” деп аталат. Дубада суралган нерсенин себептерине жеткирүүсүн тилөө керек. Хадиси шарифте: «Эмгек кылбастан дуба кылган киши куралсыз согушка аттанган киши менен барабар», – деп айтылган.
Курсагың ачса көзүңө эч нерсе көрүнбөй бир нерсе жалмаганга аракет кылып шашасың же кийимиң жыртылып болбой калса бүтүн кылууга шашсың ошо сыңар ар бир иштин артында аракет, эмгек болбосо эч качан ийгилиги болбойт. Эгер билсеңиз Кытай элинин ураны “талыкпас эмгек, жыгылбас аракет “экен. Ошон үчүн калкы канча көп болбосун алар өнүгүү ,эканомика жагынан алдыңкы өлкөлөрдөн. ..

📌Дубанын кабыл болуусунун дагы бир сырларынын бири: “Ыклас жүрөккө,аракет үмүткө,сөздөр амалдарга ,сабыр ишенимге байланганда анын арты сөзсүз ийгилик менен кошотолот “…

✔Анткени ыклас менен чын жүрөктөн сунулган колдор сөзсүз Жаратканга жетет, Ал жүрөктөрдү гана Угуучу,Билүүчүү,Сезүүчү жана кабыл Кылуучу…

✔Үмүт бул -аракетке чоң күч боло турган табылгыс курал. Кандай гана иш болбосун Аллахка тообокел кылып чоң үмүт менен аракет кылып жолдорун издей берүү сөзсүз ийгиликке жеткизет…

✔Миң адамды жыйып алып сөздөрүң менен куруу убада бергенче, бир сөздүн усүнөн чыгып бир амалыңды аткарып башкаларга үлгү болгонуң жакшы.

✔Ооба албетте ар бир эле иш ийгиликке жете бербейт,анын жамгыры,күнү болот дегендей кээде биз күтбөгөн жагдайларга туш болуп калуубуз мүмкүн. Бул кезде биздин сабырыбыз,ишенимге багыт берип шүгүрүбүз жол ачып берет. Анткени Аллах Таалам сабыр кылуучулар менен шүгүр кылуучулар менен дайыма бирге.

📌Дуба – башка келген балээлерди кайтарат, келбегендеринин келүүсүнө тоскоол болот. Аллаху таала Курани каримде: «Мага халис (таза) көңүл менен дуба кылгыла! Мындай дубаларды кабыл кыламын» , – деп айткан.

📌Демек дуба кылууда “Менин дубам кабыл болбой жатат,жашоом өзгөрбөй жатат,иштерим жакшы болбой жатат,мени Кудай укпай жатат? “дебестен аракет менен жолдорун ,чечимин издөө керек. Сенин таянганың, ишенгениң,чоң үмүтүң, колдоочуң бир гана Аллах болсун мына ошондо жашооңдо баары жакшы болот ин ша Аллах! Аллах Таалам баарыбыздын дубаларыбызды кабыл кылган болсун!

👤Насиба Абдуллаева.

👨👩👧👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ http://ift.tt/2yzMeui
✿ http://ift.tt/2l8etvu
✿ +996700334493
✿ WWW.FORMULA.KG

Запись Дуба менен аракеттин кажети впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.