Halloween party ideas 2015

🕌БИСМИЛЛААХИР РОХМААНИР РОХИЙМ”

🏻Аллах Таалам сизди жакшы көрөт тууганым .

Ал Зат сиздин дубааларды,
тилектерди кабыл кылып орундатуучу .
Сиз ойлойсуз иштерим жүрүшпөй жатат,
дубааларым кабыл болбой жатат деп .
Сыноолорго кыйналып кеттим деп наалыйсыз .
Эмне,
Аллах Таалам ушул нерсе үчүн жараттыбы?
Жакшылык дагы жамандык да
Аллахтан болуп жатканын,
тагдырдын жакшы жаманы
Аллахтан экенин унутпайлы !

Кандай сыноо келбесин ал убактылуу.
Ар бир кыйынчылыктын артында эки жакшылык бар!
Муну биз эстейли ..

Каала 10 жыл күнөө иш кыл.
Каала 20 жыл, каала 30 жыл
каала 40, 50, 60, 70, 80, 90 жыл күнөө иш жасап
бир күн өкүнүп ,кайгырып ,
кылган күнөөлөрүңө өкүнүп тообо кылсаң ,
Аллахым мен кайттым, кечиргин,
күнөө ишке башка кадам баспаймын – деп айтсаңыз,
Аллах Таалам сизге:
Оо пендем, кечирдим сени !- деп жооп кайтарат.

Бөлмөгө кирип, олтуруп, башты кармап ойлонуңузчу.
Аллах Таалабыз бизге өтө көп нээматтарды берди,
биз Аллах Таала үчүн эмне кыла алдык??

Бул дүйнө өткүнчү..

Кыйынчылыктардын баарын, проблемалардын баарын
Аллах Таалам жараттыбы,?
Аллахтын башка кылатурган иши жокпу?
Жок,жоок тууганым .
Сизди кыйынчылыкка салуу үчүн жараткан эмес.
Бир эле максатта,
Өзүнө ибаадат кылуу үчүн гана жаратты .
Ибаадаттарга амал кылуу, өкүмдөрүн аткаруу
кыйынчылыктардан сактайт .
Кайсыл жерде бар дагы,
тууганыңа жакшылык кылсаң
өмүрүң узарат – деген кеп??

Башка кайсыл жерден уктуңуз эле
садака 70 түрдүү балээден сактайт дегенди .

Зекет берүүдөн, ажылык ,умра аткаруудан акча кемибейт, көбөйтүлүп берилет – деген
бир да адилеттүү жержок башка .
Бул нерсенин баары динде гана бар.

Дин канча улуу , каанча кымбат нерсе !
Сизди, бизди мусулман кылды. Анын ичинде
тандалган үммөт, Мухаммад алайхис саламга
үммөт кылды. Анын ичинде намаз окуган,
жакшылыккачакырып, жамандыктан кайтарган
момундардан кылып койгон
Аллах Таалага көп шүгүр дейли .
Аллахка ант ичип айтамын
Аллах сизди жакшы көрөт бир боорум .
Ал сүйүүнү эч ким тосо албайт .

Башкалар сенин сакалыңды, жоолугуңду жактырбаса
сен кыжаалат болбо .
Алар түшүнбөстөн кылып жатышат,
ыйманды, акыйкатты билбейт ..
Жүрөгүндө ыйман болгондо мындай кылышмак эмес .
Андыктан сен кайгырба,
сени Роббибиз Алла Таала жакшы көрөт !

Сен ыймандуусуң.
Акылдуу да сенсиң .
Адептүүсүң.
Боорукерсиң сен..
Сулуусуң..
Сулуу кулк-мүнөздүүсүң .
Жана тандалган үммөттүн бири да сен..
Ким укса, ким бул сөздөрдү окуп жатса
тандалган үммөт ошол .

Ообо, тууганым..
Сен бүткүл инсаният ааламында тандалып алынган
үммөттүн бирисиң !
Муну кабыл кылышың керек .
Сенде бүт ДҮЙНӨНҮ өзгөртө ала турган мүмкүнчүлүктөрүң бар !
Бүт кайгы баткагына батып калган
адамдарды жамандыктан кайтарып,
сууруп чыгып кетүү мүмкүнчүлүгү сенде бар.
Ошол үчүн тандалган үммөтсүң .
Сен муну түшүнүп жетүүң керек .
Адамдардын бактылуу жашап өтүүсүнө
жол көрсөтүүчү сенсиң .
Зулумат, кайгы баткагынан сууруп чыгып,
нурлуу хидаяттын жолуна түшүүгө себепчи боло аласың, андан кабардар Зат
ошондуктан сени бул үммөттөн кылып жараткан !
Адамдар сени сөз кылса көз жумуп кой .
Жаман көрсө да сен жакшы көр .
Анткени сени Аллах Таала жакшы көрөт .

Бүгүн адамдар бактылуулук издеп эркеги эркек менен жүрүшөт .
Аял, аял менен ,
бул акмактыкты мен биринчи жолу көрүшүм !
Муну жаныбарлар дагы кылган эмес !
Туурабы туура эмеспи?

Аялдар канча ачык жерин көрсөтүп жүрсө эркин жүргөн адам сыяктуу сезет экен дейт,
Жоок туугандар !
Аллах Таала аял затына назиктикти берген,
аны ороп жаап калбаса
ал назиктик көтөрүлүп кетет..
Сен аялсың, сен Мухаммад саллаллоху алайхи ва салламдин үммөтүнөнсүң .
Сиз карындашым,
Хадича , Фатима , Айша энелерибиздей
үлгү боло алуучу
келечек үммөттүн тарбиячысы сенсиң!

Дагы Аллах Таала бизди жакшы көрүүсүн каалайбыз .
Аллах Таала Куранда Пайгамбарына кайрылып:
“Эй, Мухаммад алайхис салаам ?!
Үммөтүңүзгө айтыңыз .
Эгер Аллахты чындап сүйсө,
менин жолум менен жүргүлө .
Ошондо Аллах силерди сүйөт жана күнөөңөрдү кечирет “-дегин .
Бүгүн биз Пайгамбарыбыздын изи менен барбай жатабыз, сүннөтүн аткарбай кайра сүннөткө
каршы чыгып калдык .
Койгон сакал, кийген кийим жакпай калды .
Ачык жерин жапкан кызды кеп кылып калдык .
Мусулман болуп туруп,
башка мусулман намаз окуса таң кала турган болуп калдык . Туурабы туура эмеспи ?
Сүйүнөсүз, а менин уулум Мессиге окшоп калды.
Менин балам Жастин Бибер сыяктуу чач койду.
Кызым, Selena Gomez сыяктуу кийинет,
аң сезими өсүптүр , чоңоюптур …

Ой, бооой, эртеңки күн эмне болот..
Кабырга киргенде кеч болуп жүрбөсүн .
Менин айтайын дегеним урматтуу мусулман бир туугандар, өлүм периштеси күтпөйт .
Сураныч эжелер, сураныч агалар
Пайгамбарыбыздын өмүр баянын бир окуп чыгыңыз.
Мындан албетте береке табасыз .

..акыйкатты билген башка, акыйкатта жүргөн башка .
Акыйкатты билүүнүн өзү бир нээмат .
Анткени илим, амалдан жогору турат!
Амал кылуу экинчи маселе .
Хадисте келет :
“Ким эгер илимден бир бир бөлүк үйрөнсө,
мечиттин четинде туруп 1000 рекээт окулган нафил намаздан жакшыраак”-деп дейт .
Илимдин бир кичине бөлүгүн эле
М: дааратта масхты кандай тартыш керек , ушуну эле үйрөнүп алганыңыз
миң рекээт намаздан артык !
Үйрөнгөнүңүзгө амал кылсаңыз
ал экинчи маселе ага өзүнчө сооп берилет.

Акыйкатты инсан баласы
Пайгамбарыбыз алайхис салаамдын жолу менен
гана таанып биле алат .
Ал Куран жана Хадис ..
Пайгамбарыбыз Мүхаммад
саллаллооху алайхи уа салламдын жашоосу
толук Куран болгон.

Кимдин жүрөгүндө кыпынчалык текебердик болсо
бейишке кирбейт – деген сөз
качаан акыйкат айтылганда
текебердик кылып жүрөгүнөн
кыпынчалык гана кабыл кылбаса-
бейишке кирбейт деген кеп .
“Кимдин жүрөгүндө кыпынчалык текебердик болсо
Бейишке кирбейт “-деген хадисти уккан сахаабалар:
“Оо,Аллахтын Элчиси?!
Бирөө кооз кийингиси келет, кооз жүргүсү келет
ушул текебердикпи ? “-деп сурашат .
Анда Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат:
“Жоок, бул текебердик эмес .
Кооз кийинүү, кооз жүрүү
мусулманга тийиштүү сыпат .
Аллах Таалам сулуу, сулуулукту сүйөт .
Текебердик бул – качаан акыйкат айтылса
кабыл кылбай коюу !”- деген .
Демек достор,
кайсыл аятты уксак, кайсыл хадисти окусак ,
кимдир бирөө бизге хакты жеткирсе ,
аны кабыл кылбай койсок ушунун аты текебердик
ушул тоң моюндук !
Биз аны угуп амал кылууга умтулайлы !
Акыйкатты кабыл кылбоо – текбердик .
Кыпынча текебердик менен
адам баласы бейишке кире албайт .

А эгерде кимдин жүрөгүндө кыпынчалык ыйманы болсо анда тозокко кирбейт – деген .
Аят, хадисти укканда эмнеге андай?
Эмнеге мындай деп айтылбайт.
Эмне үчүн?- деген сыяктуу суроолор берилбейт .
Эмне үчүн хижап парз , эмнеге сакал коёбуз ?
Неге??? – деп суроо коюу мусулман адамдын, ыймандуу адамдын иши эмес .
Эмнеүчүн ар бир беш убак намаздан кийин 33 жолдан тасбих тартабыз ?
Эмнеге 25 эмес ? Эмнеге 27 эмес ?
Ал нерсеге биз аралашпайбыз .
Уккан нерсеге амал кылабыз .
Куранда Аллах Таала айтат :
“Уктук, моюн сундук (амал кылдык) деп айтышты”
(Бакара 285 аяты).

Бул диндин кыпынчалык кыйыр жерин таба албайбыз.
Акыйкат, чыныгы жашоонун өзөгү.
Анткени Даанышман, Билимдүү,
Боорукердүү Заттын хикматы сиз биз үчүн сөзсүз-сөзсүз пайда алып келет !
Аллах Таалам кабардар Зат,
бизге пайдабы зыянбы …
Пайдалууну гана буюруп уруксат берген .
Пайдасыз зыян нерсенин баарынан кайтарган .
Аллах Таалам кайтарган баардык нерседе сөзсүз зыян бар. Буюрган өкүмүндө сөзсүз пайда бар.
Үй-бүлөөдө эң кичүү балаңызды башка
балдарыңызга караганда көбүрөөк жакшы көрөсүз .
Аны ушунчалык этият кылып тарбиялайсыз .
Эмне зыяндуу, эмне пайда ага түшүндүрүп айтып турасыз, сиз пайда зыяндан кабардарсыз .
Менин айтайын дегеним достор
пайда менен зыянды жараткан
жин-инсанды жараткан ,
бүт ааламды жараткан Кудай Таалабыз
сиз бизди жакшы көрөт !
Сизге бир гана жакшылыкты каалайт .
Сүйүп жараттым, мээрим менен жаратты !
Бүгүн биз Аллах үчүн кандай амал жасай алдык?
Аллах үчүн бир карындашыбыз хижабын кийип
башына жоолук салса эскичилик дейбиз.
Сакал койгон азаматты уахабист дейбиз.
Айтсынчы Манастын чачын кыска кылып,
сакалын алып, шорта кийип, наушник тагып
башын кыйшаңдатып жүргөн деп ким айта алат?
Каерден көрдүңүз сиз Курманжан датканын
боёнуп, кыска юпка кийип жүргөнүн !?
Бүгүнкү күндө кээ бир мугалимдер бар,
деректорлор бар өздөрү кыргыз тили, адабиятынан сабак берип туруп жоолук салынган окуучуну мектепке киргизбейт .
Сакал койгонду жактырбайт .
Тарыхтагы ата-бабаларыбыздын келбетине түздөн-түз каршы чыгуу деп баа беремин .
Түшүнүктүү болуп жатабы?
Сакал, хижап, намаз, орозо бул эскичилик ,
динди эскичидик дегендерге айтаар элек –
эмне үчүн анда өзүңүздүн эжеңизге,
апа, карындашыңызга үйлөнуп албайсыз ?
Эмнеге өмүрү тааныбаган аялды тандап аласыз?
Анткени ошол сиз эскиче деп жаткан динде
уруксаат бербейт !
Ата энең дагы бирин-бири тааныбастан туруп
турмуш куруп нике кыйышкан ,
сен төрөлө элек туруп ушул эскичеге
амал кылынгансың !
Бири-бирине на махрам эркек менен аял
качан махрам болот ?
Нике кыйдыргандан кийин .
Ушул никени ким кыят?
Эскиче, эскиче дамыла кыят …
Дагы эскичилик )

Төрөлдүң, кулагыңа азан айтышты, ат койду .
Балагатка жеттиң, үйлөнүшүң керек .
Тойго даярдык көрүп заманбап жасалгалап,
мыкты унааларды чогултуп ысырап кылдың ,
бирок ошол эскиче молдо келип никеңди кыйып бербесе бул тойдун эмне кереги бар ?
Менин айтайын дегеним туугандар
дин эч качан эскиче болуп калбайт .
Совет доорунан тарта ушундай аталды эле бирок совет жоору өзү эскиче болуп калды .
Керек болсо эскиче деп жатканыңыз
сиз дүйнөдөн өтсөңүз дагы
эскиче молдо келип жаназа окуйт эмеспи..

Эй өнүгүп калган адам баласы .
Кайсыл жерден чыкканыңды унуттуңбу?
Бир тамчы суу элең,
Роббиңдин дин кылып берген өкүмдөрү сага
эскичилик болуп калдыбы ?
Сага жан берди, келбет берди .
Көзүңдү ачкын тууганым, сен тандалган үммөтсүң.
Өмүр бир келет.
Бир ирет гана келүүчү өмүрдү
Роббиңдин өкүмдөрүнө амал кылуу менен өткөр .
Шайтан айтат:
Жашоо бир келет, ойноп ал..
Жашап ал – дейт .
Ал лаанаттанган, адамдын кантамырларына чейин кирип кандай азгыруунун жолун издейт .
Билет ал кандай кылганда мусулман адамдын
динден алсыздануусун .
Сиз 30, 40 жыл жашадыңыз .
Шайтан канча кылым алдын жаралган болсо
анын азгыруучу стажы ошончо көп да )

Бирок менин айтайын дегеним туугандар ,
Аллах Таала коргоосуна алган пенделерди азгыруу шайтан үчүн өтө оор .

Андыктан биз, Аллахтын өкүмдөрүн
Өкүм деп билейли !

Али Оши~

👨👩👧👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ http://ift.tt/2yzMeui
✿ http://ift.tt/2l8etvu
✿ +996700334493
✿ WWW.FORMULA.KG

Запись Башкалардын пикрин эмес Жараткандын буйругуна моюн сун! впервые появилась Formula.KG.

Next
This is the most recent post.
Previous
Предыдущее

Отправить комментарий

Технологии Blogger.