Halloween party ideas 2015

🏻Чындыгында мусулманмын деп жүрөгүндө ыйманы жанган ар бир пенде күчү жеткенче намазыбызды окуйбуз, бирок намазыбыз канчалык деңгелде кабыл болуп жатат,канчалык даражага көтөрүлүп жатат,канчалык сооптор жазылып жатат же тескерисинче канчалык кабыл болбой жатат же куру туруп, олтуруп эле окуп коюп жатабызбы бир Жараткан билет. Бул суроолорго жооп катары намазыбыздын толук кабыл болуусун кааласаңыз төмөнкү шарттарга көңүл буруңуз! Эч ким эч качан кылган мээнетин текке кетүүсүн каалабастыр ..

📚Азирети Хатами Асам намаздын толук аткарылышы тууралуу мындай дейт:
«Оболу, намаз үчүн зарыл болгон даярдыкты эң сонун түрдө орундат.
Каабаны маңдайыңа,
Сыратты буттарыңдын алдына,
беиишти оң жагыңа, тозокту сол жагыңа кой!
Аркаңда Азреийлдин сенин таттуу жаныңды алыш үчүн күтүп турганын ойлоп,
«Бул менин акыркы намазым!» деп, коркуу-үмүт аралаш Ааламдардын Эгеси Алла Тааланын алдына тур!
Чыныгы түрдө такбир ал! Куранды маанисин түшүнүп, так оку! Кичипейилдик менен рукуу, хушуу менен саждага жыгыл!
Денең намаздын эрежелерин аткарсын, бирок рухуң дайыма сажда абалында калсын жана ал абалдан такыр ажырабасын!»…

*📌Такбирди:* Так айтуу аркылуу Алланын улуктугун дилде сезиш керек. Колдор кулактарга чейин көтөрүлүп, дүнүйө иштерин толугу менен артка ыргытып,
Алланын алдында болуунун лаззаты көңүлдөрдү балкытып, бул ааламдан чыга акырет ааламында болгондой намаз окуш керек..

*📌Кыямда:* Бир гана сажда жерин тиктеп, Алланын алдында турганын туюу сезиминен аз дагы болсо ажырабай, Алланын алдында алсыз, муктаж экенин сезип, моюн сунуучулуктун туу чокусуна чыгуу аркылуу Раббибиздин периштелерине:
«Кандай жакшы кул!» – деп мактаган тобуна кирyyгө аракет кылуу абзел…

*📌Кыраатта:* Аяттарды туура жана так окуп, мyмкyн болушунча маанилерин түшүнгөнгө аракет кылып, сүрө менен аяттарды окуп жатканда: «Куран окуган киши Алла менен сүйлөшкөн болуп саналат.» (Абу Нуаим, Хилья, 7, 99) – деген хадистин сырына ылайык тил менен бирге дилдин да ойгоо, бейкут болушу шарт…

*📌Рукуудагы*Тасбихтерди маанисин ойлой, Алланын улуктугун сезе айтыш керек…

*📌Саждада*Тасбихтерди да Алланын улуктугун ойлой айтуу зарыл. Пенденин Аллага эң жакын болгон учуру сажда убагы экенин унутпай,денебиз менен бирге рухубузду саждага жыгып, аяттагы «Сажда кыл жана жакында!» (Аълак: 19) – деген сырга ээ болуш шарт. Ушинтип Алла менен жолугуунун рухий лаззатына ээ болуп, өмйр бою: «Рафиикаль-аъла, рафикаль-аъла (Эң улуу доско, эң улуу доско)!» – деп, Аллага ашык болгон ашыктардын кербенине кошулуу жолунда жашоо артык…

📌*Каада* деп аталган намаздагы отурушта, мурда да айтып кеткенибиздей, тахияттын сырдуу дyйнөсyнө кирип, Алланын алдында анын улуулугун сезе, башты төмөн салып, бечара боло жалынып-жалбарыш максатка ылайыктуу.сын жана ал абалдан такыр ажырабасын!»
Азирети Имам Газали болсо намаздагы «тахияатты» Расулалланын сүйүүсүнүн канчалык маанилүү экенине бир мисал катары келтирет. Намазда жүрөк бейкуттугунун шарт экенин баяндоо менен: «Биринчи жана акыркы отурушта «Ассаламу алейке йа аййухан набиййу ва рахматуллахи» деп жатканда Азирети Пайгамбарыбызды (саллаллоху алейхи васаллам) рухий түрдө көз алдыга элестетүү керек…»
Анткени миражда Алла Тааланын «Кааба Кавсаин» (жаанын эки учунчалык аралык) даражасына көтөрyп, сүйүктүүсүнө: «Эй, пайгамбар! Сага бул дүйнөдө да, акыретте да саламаттык, Алланын мээрими жана берекеси болсун!» – деп, берген жекече саламы – кандаи гана улуу салам, кандай гана улуу сый!

🔗Намаз бүткөндө салам берүүгө келсек, бул пендени бейишке алпара турган намаз аркылуу ээ болунган кулчулук лаззатын толкундана оң жана солубуздагы периштелер менен тең бөлүшүү таризинде болушу керек. Намаз Алланын алдында талап кылынган түрдө окулган болсо, периштелерге берилген бул саламдын алар тарабынан дүйнөдөгү жана акыреттеги сообу төмөнкүчө болот: «(Аллага кулчулук жолунда дүйнөлyк жашоонун кыйынчылыктарына) сабыр кылганыңарга (туура жолдон адашпашыңарга) жооп катары силерге салам болсун, дүйнө жашоосунун аягы (болгон бейиш) кандай сонун!» (Раад: 24)..📘

😊Бул шарттарды аткаруунун эч кандай кыйынчылыгы жок э бир туунаным болгону жүрөгүң,хуушуң менен аткарсаң сен кандай гана сүйүктүү бактылуу кулусуң Жараткандын!

👨👩👧👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ http://ift.tt/2yzMeui
✿ http://ift.tt/2l8etvu
✿ +996700334493
✿ WWW.FORMULA.KG

Запись “Кандай жакшы кул! “-деген сыймыкка ээ болууну каалайт белең? впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.