Halloween party ideas 2015
Показаны сообщения с ярлыком пайдалуу кеңештер. Показать все сообщения
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Эгерде сизден мусулмансыңбы десе? Ооба албетте Алхамдуллилах демексиз! А диниң десе Ислам дейсиз! А китебиң десе Куран дейсиз! А бирок Куран китебине кызыгып окуп көрдүңүз бекен? Балким окугандырсыз, балким окуу керек деп ойлоп койгондурсуз,балким ойлоп да койгон жоктурсуз. Андай болсо Кереметтүү Курандын биз үчүн канчалык маанилүү,табылгыс шыфа,жан дүйнөнүн азыгы,жүрөктүн ырахаты,жашоонун тынчтыгы,эки дүйнө бактылуулугуна түбөлүк жол көрсөткөн улуу ыйык китеп экенине күбө болуңуз!

📚Пайгамбарыбыз Мухаммад (САВ) Куранды:
«Ал өзүнөн башка эч нерсеге муктаждык
сездирбеген байлык» – деп сүрөттөгөн.
Пайгамбарыбыз (САВ) бул хадисинде
Курандын бардык маалыматтарды з ичине
топтогонун ар түркүн деңгээлдеги адамдарга
таандык болуп бүткүл мүшкүлдүү маселелерди
чечерин кабарлайт..

📚Пайгамбарыбыз (САВ):
«Куран — Алла Тааланын конок дасторкону.
Андан күчүңөрдүн жетишинче алгыла,
пайдалангыла» — деген..

📌Куран деген эмне?
Куран — Жер менен асмандардын Жаратуучусу
болгон Алла тааланын Сөзү..

📘Куран — Алла тааланын жер менен асмандагы
көркөм ысымдарынын руханий казынасын
ачыктаган сырдуу кайып ааламынан кабарларды
билдирген тил.

📘Куран — Ислам дининин жаркырыган күнү
пайдубалы.

📘Куран — адамзаттын материалдык моралдык
бүткүл муктаждыктарын канааттандыраарлык
абалда түшүрг н Алла тааланын берекелүү
кемтиксиз ыйык китеби.

📘Куран — адамдык наркка ылайык анын жүрөк
рух акыл жана дене түзүлүшүн эске алып Алла
Таала тарабынан жиберилген мыйзамдар жыйнагы.

📘Куран — шарият өкүмдөрүн Алла Таалага
кулчулуктун кандайча аткарылаарын дуба-
адептерин жана башка даанышман сырларга толгон
маалыматтарды ичине камтыйт.

📘Куран — Алла Таала тарабынан жиберилген
китептердин эң соңкусу жана кыяматка чейин
жоголбой бузулбай турганы.

📘Куран — Алла Таала тарабынан вахий жолу
аркылуу Азирети Мухаммад Пайгамбарыбызга
түшүрүлгөн ыйык китеп. 6236 аяттан жана 114
сүрөдөн турат..

📘Куран — сабатсыздарды адашкандарды туура
эмес ишенимдегилерди адамдардын кайдан келип
кайда бараарын билбегендерге туура жолду
киргизүү үчүн жана адамдарды эки дүйнөдө
бактылуу кылуу үчүн түшүрүлгөн.

📘Куран — адамзаттын Кудай менен жаратылыш
жана андагы жандуу нерселер менен адам
баласынын ортосундагы мамилелерди үйрөтөт.

📘Ошондой эле Куран адамзаттын материалдык жана
руханий муктаждыктарын толуктайт.

📘Куран — адамдын үй-бүлөсүндө жана
социалдык жашоосунда чоң роль ойнойт жана эң
туура жолго жолдойт.

📘Куран — адамдарды караңгылыктан нурга
чыгарат. Турмушубузда кандай гана нерсе болбосун
ар дайым Куран менен сүннөтөк таянып иш кылсак
эч качан адашпайбыз…

😊Балким эми Куранга болгон кызыгууңуз пайда болгондур ! Оо Куран окуунун канчалык сообу, даражасы,эсепсиз экенин билгениңизде эле акыреттик кампаңызды толтурууга шашмаксыз ! Куран окуу бир тууганым бир жолу болсо да эч качан өкүнбөйсүң!

👨👩👧👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ http://ift.tt/2yzMeui
✿ http://ift.tt/2l8etvu
✿ +996700334493
✿ WWW.FORMULA.KG

Запись Кереметтүү Куран сиз үчүн бардык чечимдерге жол ачат! впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

🏻Чындыгында мусулманмын деп жүрөгүндө ыйманы жанган ар бир пенде күчү жеткенче намазыбызды окуйбуз, бирок намазыбыз канчалык деңгелде кабыл болуп жатат,канчалык даражага көтөрүлүп жатат,канчалык сооптор жазылып жатат же тескерисинче канчалык кабыл болбой жатат же куру туруп, олтуруп эле окуп коюп жатабызбы бир Жараткан билет. Бул суроолорго жооп катары намазыбыздын толук кабыл болуусун кааласаңыз төмөнкү шарттарга көңүл буруңуз! Эч ким эч качан кылган мээнетин текке кетүүсүн каалабастыр ..

📚Азирети Хатами Асам намаздын толук аткарылышы тууралуу мындай дейт:
«Оболу, намаз үчүн зарыл болгон даярдыкты эң сонун түрдө орундат.
Каабаны маңдайыңа,
Сыратты буттарыңдын алдына,
беиишти оң жагыңа, тозокту сол жагыңа кой!
Аркаңда Азреийлдин сенин таттуу жаныңды алыш үчүн күтүп турганын ойлоп,
«Бул менин акыркы намазым!» деп, коркуу-үмүт аралаш Ааламдардын Эгеси Алла Тааланын алдына тур!
Чыныгы түрдө такбир ал! Куранды маанисин түшүнүп, так оку! Кичипейилдик менен рукуу, хушуу менен саждага жыгыл!
Денең намаздын эрежелерин аткарсын, бирок рухуң дайыма сажда абалында калсын жана ал абалдан такыр ажырабасын!»…

*📌Такбирди:* Так айтуу аркылуу Алланын улуктугун дилде сезиш керек. Колдор кулактарга чейин көтөрүлүп, дүнүйө иштерин толугу менен артка ыргытып,
Алланын алдында болуунун лаззаты көңүлдөрдү балкытып, бул ааламдан чыга акырет ааламында болгондой намаз окуш керек..

*📌Кыямда:* Бир гана сажда жерин тиктеп, Алланын алдында турганын туюу сезиминен аз дагы болсо ажырабай, Алланын алдында алсыз, муктаж экенин сезип, моюн сунуучулуктун туу чокусуна чыгуу аркылуу Раббибиздин периштелерине:
«Кандай жакшы кул!» – деп мактаган тобуна кирyyгө аракет кылуу абзел…

*📌Кыраатта:* Аяттарды туура жана так окуп, мyмкyн болушунча маанилерин түшүнгөнгө аракет кылып, сүрө менен аяттарды окуп жатканда: «Куран окуган киши Алла менен сүйлөшкөн болуп саналат.» (Абу Нуаим, Хилья, 7, 99) – деген хадистин сырына ылайык тил менен бирге дилдин да ойгоо, бейкут болушу шарт…

*📌Рукуудагы*Тасбихтерди маанисин ойлой, Алланын улуктугун сезе айтыш керек…

*📌Саждада*Тасбихтерди да Алланын улуктугун ойлой айтуу зарыл. Пенденин Аллага эң жакын болгон учуру сажда убагы экенин унутпай,денебиз менен бирге рухубузду саждага жыгып, аяттагы «Сажда кыл жана жакында!» (Аълак: 19) – деген сырга ээ болуш шарт. Ушинтип Алла менен жолугуунун рухий лаззатына ээ болуп, өмйр бою: «Рафиикаль-аъла, рафикаль-аъла (Эң улуу доско, эң улуу доско)!» – деп, Аллага ашык болгон ашыктардын кербенине кошулуу жолунда жашоо артык…

📌*Каада* деп аталган намаздагы отурушта, мурда да айтып кеткенибиздей, тахияттын сырдуу дyйнөсyнө кирип, Алланын алдында анын улуулугун сезе, башты төмөн салып, бечара боло жалынып-жалбарыш максатка ылайыктуу.сын жана ал абалдан такыр ажырабасын!»
Азирети Имам Газали болсо намаздагы «тахияатты» Расулалланын сүйүүсүнүн канчалык маанилүү экенине бир мисал катары келтирет. Намазда жүрөк бейкуттугунун шарт экенин баяндоо менен: «Биринчи жана акыркы отурушта «Ассаламу алейке йа аййухан набиййу ва рахматуллахи» деп жатканда Азирети Пайгамбарыбызды (саллаллоху алейхи васаллам) рухий түрдө көз алдыга элестетүү керек…»
Анткени миражда Алла Тааланын «Кааба Кавсаин» (жаанын эки учунчалык аралык) даражасына көтөрyп, сүйүктүүсүнө: «Эй, пайгамбар! Сага бул дүйнөдө да, акыретте да саламаттык, Алланын мээрими жана берекеси болсун!» – деп, берген жекече саламы – кандаи гана улуу салам, кандай гана улуу сый!

🔗Намаз бүткөндө салам берүүгө келсек, бул пендени бейишке алпара турган намаз аркылуу ээ болунган кулчулук лаззатын толкундана оң жана солубуздагы периштелер менен тең бөлүшүү таризинде болушу керек. Намаз Алланын алдында талап кылынган түрдө окулган болсо, периштелерге берилген бул саламдын алар тарабынан дүйнөдөгү жана акыреттеги сообу төмөнкүчө болот: «(Аллага кулчулук жолунда дүйнөлyк жашоонун кыйынчылыктарына) сабыр кылганыңарга (туура жолдон адашпашыңарга) жооп катары силерге салам болсун, дүйнө жашоосунун аягы (болгон бейиш) кандай сонун!» (Раад: 24)..📘

😊Бул шарттарды аткаруунун эч кандай кыйынчылыгы жок э бир туунаным болгону жүрөгүң,хуушуң менен аткарсаң сен кандай гана сүйүктүү бактылуу кулусуң Жараткандын!

👨👩👧👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ http://ift.tt/2yzMeui
✿ http://ift.tt/2l8etvu
✿ +996700334493
✿ WWW.FORMULA.KG

Запись “Кандай жакшы кул! “-деген сыймыкка ээ болууну каалайт белең? впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Аялдар баш бербеген, оолуккан заманга келип калдык, көбүнчө аялдар тоготпойт, уккусу келбейт, баш бербей басып кетиши мүмкүн. Бирок, мындай аялдарга боор ачуу менен гана мамиле кылышыбыз керек. “Укугум бар” – деп көчөгө чыгып кетүү туура эмес болуп саналат.

Аял киши үйүндө жолдошу менен, балдары менен бакыт тапса, бактылуу болсо, кандайдыр бир иш үчүн чыкса болот. Үй-бүлөсүнөн таппаган бакытты көчөдө таба албайт. Мейли, эжесине, сиңдисине, курбу кызына барсын ал бакытты таппайт. Турмушка чыккандан кийин, ошол күйөөсү менен үй-бүлөсү менен бактылуу болушу керек.

Күйөөсүнүн сөзүн укпаган аялды эч ким тоготпойт. Көчөгө барып эч кимге дартын уктура албайт. Тыңсынып тыкыраңданганы менен эгер күйөөсүн укпаса, анда ал аял бактысыз аял дегенди билдирет.

Аялдын бактысы каякта? Күйөөсүнө баш ийгендигинде. Аялдын бактысы каякта? Күйөөсүнө моюн сунгандыгында. Аялдын бактысы каякта? Үйдөгү ынтымакты, кутту сактап тургандыгында болот. Ошондуктан айтаарым, карындаштарым, эжелерим, күйөөңөрдү сыйлагыла. “Жаманбы жакшыбы, аюу да болсо эрим бар, үңкүр да болсо үйүм бар” – деген сөз бар.

Cиздин күйөөңүз, сиздин айыбыңызды жабып турган эриңиз, балдарыңыздын атасы болот. Сиз аны сыйлашыңыз керек. Ага баш бербей көчөгө чыгып кеткениңиз өзүңүздүн бактысыз экениңизден, өзүңүздү өзүңүз сыйлабаганыңыздан кабар берет.

Күйөөсүн сыйлаган аялды күйөөсү сыйлайт, күйөөсүн сыйлаган аялды эл сыйлайт, Күйөөсүн сыйлаган аялга Кудай Таалам ыраазы болуп, бейишине киргизет. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) осуятында кимде ким беш маал намазын окуса, отуз күндүк орозосун тутса, күйөөсүнө баш ийип сыйлаган болсо, андай аялзатына Алла Таала “Бейиштин сегиз эшигинин каалаганынан кире берүүгө уруксат” – деп сүйүнчүлөгөн.

Турмушка чыккан кыз кимдин сөзүн угушу керек күйөөсүнүнбү же ата – энесининби?

Турмушка чыккан кыз күйөөсүнүн сөзүн угушу керек. Ата-энеси күйөө болуп бербейт. Пайгамбарыбыз (с.а.в.): “Эгер Аллахтан башкага саждага кылуу уруксат берилсе, аялдарга күйөөңөргө сажда кылгыла дээр элем”, – деп айткан.

Кээ бир кыздар турмушка чыккандан кийин да атасынын сөзүн, апасынын сөзүн угат. Бул туура эмес. Күйөөнүн сөзүн угуу керек. Эгер күйөөң буйрук берсе, шарияттын чегинде аткаруу керек. “Чыккан кыз чийинден тышкары”, турмушка чыккандан кийин ата- энең сага кийигилишпеш керек. Ата-эне сага муктаж эмес. Эгер сен бактылуу жашап жатсаң, аларга ошо маанилүү.

Келин менен кайнене ортосунда мамиле кандай болушу керек?

Аялдар бир нерсени түшүнүүнү каалабайт. Эгер күйөөсү менен мамилеси жакшы болсо, кайненеге жакшы мамиле кылбай коюшат. Күйөөсү менен бирге болуп, аны кармап калууну каалаган аял кайненеге жакшы мамиле кылышы керек. Ага дайыма кошомат кылып, жолуп табыш керек.

Ар дайым айтып жүргөнүмдөй эле, чачын өрүп, тырмактарын алып, кирлерин жууп, мончого түшүрүш керек. Бул нерсени айтсам, бир аял мага ”Ушунун барын каяктан билип алдың” – деп ыйламсырады. Шарият бизди ушуга үйрөтөт.

Негизи кайненеге кызмат кылуу милдет эмес. Ислам аны буйрубайт. Бирок аны инсаният буйруйт. Имам Сарахсинин жакшы бир эмгеги бар, анда: “Эгер аялың тамак бышырбай, кириңди жуубай койсо, сен аны милдеттүү кыла албайсың, бирок сен да үйгө бал-кант алып келбей эле, кара нан алып келип кой. Анткени ошону менен да тойсо болот. Ал милдетин аткарса, сен дагы милдетиңди аткарышың керек”. Бул сөз жубайлар ортосунда ынтымак болуусу керек дегенди билдирет.

Келиндер кызмат кылыш керек. Себеби ушул учурда үй- бүлө сакталат деген маани. Ошол үчүн кайненени жакшы көрүү керек. Эгер кайненесин апасынан көбүрөөк жакшы көргөн болсо, күйөөсүн ошону менен байлаган болуп эсептелет. Күйөөнү кармап калуу – чоң чеберчилик.

Түлкүнүн бир сөзү бар экен, “Менин миң айла амалым бар. Эң эле жакшысы – көрүнбөгөнүм”. Анын сыңарындай аялдардын күйөөсүн кармап калуунун эң эле жакшы айласынын бирөөсү – кайненени жакшы көрүү болуп саналат. Кошомат кылыш керек, жагыныш керек. Эртең өзү да кайнене болот. “Кайнененин камырынан ” деген сөз айланып келип ага калат. Келиндер кайненеге кандай мамиле кылса, ошондой эле мамилени кийин, кайнене болгондо өз келининен көрөт, сөзсүз.

Запись Күйөөсү сыйлаган адамды эл сыйлайт впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

– бирок ал сизди мугалим катары кабылдабай жатса эмне кылуу керек?

– балаңыз такыр эле бул нерсе менен алектенүүдөн баш тартып, каршылык көрсөтүп жатсачы?

– балаңыз ойноок болуп, бир жерде отурбай жатса, ага аяттарды кантип жаттатасыз?

Ушул сыяктуу суроолорго каирлик Умм Юсуф айымдын кеңештеринен жооп таба аласыз. Умм Юсуф – бала бакчаларда бөбөктөргө Куран жаттатуу менен алектенген тажрыйбалуу айым. Анын бул жааттагы жеке тажрыйбасы балдарга Куран жаттатууда эң мыкты көмөкчү болот.

null

1. Куранды балаңыздын тили “апа”, “ата” деп чыга баштаганда эле үйрөтүп баштаңыз.

2. Эгер балаңыз сиздин аркаңыздан аяттарды кайталабай жатса, эч кайгырбаңыз. Анткени ал, баарыбир, Куранды угуп, акырындык менен аны сиңире берет. Балаңыздын сүйлөө аппараты толук калыптанбагандыктан, сиздин аркаңыздан кайталабай жаткан болушу мүмкүн.

3. Эгер балаңыз аяттарды туура эмес кайталап жатса (тамгалардын аягын жутуп, тажвиддин эрежелерин сактабаса) да, Куран жаттоону токтотпой үйрөтө берүү керек. Баланын чоңоюшу, анын тилинин өнүгүүсү менен каталар акырындан жоюла баштайт.

4. Башында, 1 жарым-2 жаштар чамасында, Куран жаттоодо угуу сезими маанилүү ролду ойнойт. Сиз Куранды коюп коюп, же өзүңүз бир нече ирет кайталап окуу менен баланын эс тутумун калыптандырасыз. Куранды ага өзүңүз каалагандай башаламан коюп бербестен,түзүп алган пландын негизинде, мисалы, бул жумада кайсы сүрөлөрдү жаттоого камынып жатканыңыздарга карата Куран аудиосун коюп бергениңиз эффективдүү болот.

5. Кичинекей балдарга жаттоого күнүнө 2-3 аяттан берсеңиз болот.

6. Албетте, кичинекей бала бир жерде отурбай кыймылдуу болот. Мындай учурда сиз анын колуна бир нерсе берип алаксытыңыз. Мисалы, пластилин, шарик, түрдүү боегучтарды берип, аны бир жерде отурууга алаксытуу менен үйрөтүңүз. Алар колундагы нерсе менен ойноп жатып, Куран угуп, сиз айткандай кайталай беришет.

7. Эгер бала аяттарды кайталабай, окуудан баш тартып жатса, анда аны зордобоо керек. Мындай учурда сиз Куранды коюп коюп, же өзүңүз сыртыңыздан окусаңыз болот. Бала пассивдүү болсо да, уккандарын кичинеден сиңирет. Куран жаттоону олуттуу сабак катары кабылдап, баланы тажатып албаңыз. Ага кыйкырып, урушуп, басым жасоодон алыс болуңуз.

8. Куран жаттатууда балаңызды кызыктырып, анда жакшы эмоцияларды пайда кылганга аракеттениңиз. Мисалы, Куран жаттатуучу жайды алмаштырып, аны ар кандай оюндар менен коштоого болот. Мисалы, “Бүгүн Куранды эшиктеги бакчадан кайталайбыз” деген сыяктуу.

9. Балага Куран жаттатууну 3 этапка бөлүп алсаңыз болот. Мисалы, 1-тахдир: бул күнү эмнелерди жаттай турганын айтуу, тааныштыруу; 2-жаттоо процесси; 3- кайталоо.

10. Эгер бала апасын мугалим катары кабылдабай жатса, машыгууну оюн түрүндө өтсөңүз болот. Бөлмөдө Куранды коюп коюп, же өзүңүз үнүңүздү бийик чыгарып окуп, аны менен бирге кубик ойноп, же сүрөт тартыңыз. Бала ойноп жатса да, артта жаңырып турган Куранды угуп, өзүнө сиңире берет. Мындан кам санабаңыз.

11. 4, же 5 жаштан соң балада “каалабайм” деген мүнөзү башталат. Бул учурда аны мажбурлабаганыңыз оң. Болбосо, Куран жатоого болгон каалоосун такыр эле өчүрүп алышыңыз мүмкүн. Куран жаттоону кайсы бир убакка калтыра туруп, бул нерсени башка иш менен алмаштырыңыз. Мисалы, Куран аяттарынын үстүнөн ой жүгүртүү, маанисин түшүндүрүп берүү жана башка. Балдар 4 жаштан соң бир нерсени талкуулаганды жакшы көрүшөт. Бул учурду эффективдүү колдонуңуз. Куран тууралуу телекөрсөтүүлөрү бирге көрүңүздөр.

12. Куран аяттарын жаттаганы үчүн балдарга чакан белектерди берген ашыкча болбойт. Бул анын аракетин баалагандык болуп саналат. Бирок муну менен бирге балага Куран жаттоонун себеп, максатын так түшүндүрүп туруу кажет. Куран жаттоо кайсы бир белектерди алуу үчүн эмес, а Аллахтын ыраазычылыгы үчүн экендигин эскертүү абзел.

13. 4 жаштан кийин балага Куран жаттоодо көрүп окууну да кошо баштаса болот. Мисалы, аятты окуп, баланын колун Куран китебиндеги ошол аятка коюу менен ал угуу гана эмес, визуалдуу түрдө да жаттай баштайт.

14. Эркек бала үчүн Куран үйрөтүүгө апа жакшыбы же эркек мугалимби? 6 жашка чейин баланын апасынын жанында болгону жакшы. Же аял мугалим болсо дурус. Анткени, көпчүлүк эркек окутуучулар 6 жаштан төмөн курактагыларды окутууда сабырдуулугу жетпей кетет. Ал эми 6 жаштан соң балага үлгү боло турган эркек киши керек. Андыктан, бул жаштан соң баланы эркек киши окутканы дурус.

15. Балаңыз чоңойо баштаганда ага Куран жаттоодо өзү курактуу компания таап бергенге аракеттениңиз.

Запись Балаңызга Куран жаттатууда керек болчу 15 кеңеш впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

🏻Эң жакшы аял деген – жөнөкөй,карапайм,ийкемдүү, сылык,уяттуу, илберинки,элпек,мээрман ак көңүл жакшы саналуу,назик жумшак мүнөз,боорукер,ак пейил,мулайым, сарамжал,тартиптүү иреттүү таза,мээнеткеч, эмгекчил,сырдаш,маектеш,күнөө кылбаган,арам жолго баспаган адамгерчиликтүү,тарбиялуу,түшүнүктүү,сабырдуу, сөз көтөрүмдүү,чарбакер,чынчыл, ишеништүү,баамчыл зирек, жайдары,ачык маанай,маңдайы жарык,кечиримдүү камкор,үнөмчүл,оокатка бүйрө,үйдө ыңгайлуулукту түзүүчү,балдарын жакшы көргөн,тартиптүү бекем,ар нерсеге шүгүр кылуучу,сылык -сыпа үй -бүлөгө камкор,жоош момун жароокер болот “-деп айтсак биринчи эле сиздин оюуңуз эмне келет эле ?
Албетте мындай аялдын өзү жок эгер болсо ойлонбой үйлөнмөкмүн “-деп жооп бермексиз.
Туура сиз ойлогондой бул сыппаттын баары бир аялда болушу мүмкүн эмес,кемчиликсиз адам,тикенексиз роза гүл болбойт.
А сиз өзүңүзгө суроо берип көрдүңүзбү? “Мен ушундай аялым болуш үчүн ага татыктуумунбу “-деп. Анткени жигиттердин көпчлүгү эмне деп коёт: “Апасы өппөгөн кызга” – үйлөнөм,таптаза ыймандуу депчи.
А өзүңө карап көрдүңбү бул жашоонун да таразасы бар, ким кандай болсо өзүнө жараша насибин алат.

📌 А эгер сен үзүлбөгөн, тепселбеген гүлдү алгың келсе, атасынын короосунда көгөргөн, үзүлбөгөн,эч соолубаган гүлдүн ээси болом десең,биринчи өзүң атасынын короосунда ыйманга суугарылган дыйкан болушуң керек.
Ошон үчүн кадамды өзүңдөн башта.Аллах Таалам эркек аялды бири -бири үчүн кийими сыяктуу жараткан соң өмүрүңдүн түбөлүк бакыт эшиктерин ачуу үчүн өзүң бейиштин кулпу болгун,жакшы аял аны ачкан ачкыч болсун. Анткени башка жакшы амалдар бейишке ачыкыч болгон сыяктуу жакшы аял да бейишке ачкыч,жолдонмо (билет) түбөлүк бактылуулуктун очогун өчүрбөгөн нур,үй-бүлөгө береке,кут алып келип Жараткандын мээримине бөлөнтөт!

Үйлөнмөкчү болушкандар биринчиден акылдуу, таза,
жана диндар аялды ыктыяр кылуулары керек. Себеби
такыба жана жакшы амалдарды кылуучу аял дүйнөнүн эң
артык байлыктарынан бири. Чындыгында, эркек киши
мына ушундай аялдын себебинен шыпыруу, бышыруу,
бычуу-тигүү сыяктуу иштерден арылып, илим алууга,
ибадат менен алек болууга убакыт табат. Ушул тараптан
салиха (жакшы амалдарды кылуучу), жакшы мүнөздүү
аял диний жана дүйнө иштеринде жардамчы болот..

📜Риваятта келгендей, азирети Муса алайхис саламдын
коому болгон бани Исраилден бир киши: “Жүз киши менен
кеңешмейинче үйлөнбөймүн”, деп убада кылат. Токсон
тогуз киши менен кеңешет да: “Эртең таңда жолумда
учураган биринчи кишинин кеңешине амал кыламын”,
дейт.
Эртеси биринчиден болуп жолуккан киши камышты
ат кылып минип алган бир дубана эле. Бул нерседен
жанагы киши өтө капа болот. Бирок түндө берген
убадасына туруп, ал дубанадан кеңеш сурамакчы болуп,ага жакын келет. Дубана болсо минип алган камыш атына
колун жаңсап:
“Жаныма жакындаба, атым тебет”, деп
кетүүгө ашыгат.
Бул киши: “Атыңды токтот, мага сенин
кеңешиң зарыл, мен үйлөнмөкчүмүн”, дейт.
Дубана бир аз
ойлонуп туруп:
“Билгин, аялдар үч түрдүү болот:
биринчиси сенин пайдаңа, экинчиси сенин зыяныңа,
үчүнчүсү болсо же сенин пайдаңа же зыяныңа”, дейт да
атынын башын буруп кете баштайт.
Ал дубананы
токтотуп:
“Айткандарыңды мага чечмелеп бер”, дейт.
Дубана ага мындай жооп кайтарат:

✔“Биринчи түрү
дегеним, бул бакира (жубан эмес) кыз. Себеби никеден соң
анын жүрөгү жана мээрим-махабаты артып, сага гана
байланат. Анткени ал сенден башка менен үлпөт жана
жакындык кылбаган.

✔Экинчи тайпа дегеним, балалуу
жесир аял. Ал сенин малыңды жейт, бирок мурдагы
күйөөсү үчүн көз жашын төгөт.

✔Үчүнчүсү, пайдаңа же
зыяныңа дегеним, бул мурдагы күйөөсүнөн перзенти
болбогон жубан. Эгерде сен мурдагы күйөөсүнөн
жакшыраак болсоң, сени дос тутат, кокус жаманыраак
болсоң, анда сага душман болушу мүмкүн”.
Дубананын жообунан айран-таң калган ал киши
минтип сураптыр:
“Сөздөрүң хикматтуу (мааниси терең),
бирок эмне үчүн кылгандарың дубанапейил?”.
Дубана
минтип жооп берет:
“Эй бурадар! Мени ары
жоопкерчиликтүү, ары акыретте жообу катуу жана оор
болгон казылык мансабына дайындашмакчы эле. Мен бул
оор жоопкерчиликти кабыл кылбоо максатында өзүмдү
дубаналыкка салдым жана андан кутулдум”.
..

👳Даанышмандар айтышкан: Үйлөнүүчүнүн болочоктогу
келинчеги өзүнөн төрт нерседе:
жашта, турпатта,
байлыкта, мансапта жана этибарда төмөн болгону оң…

Ал
эми төрт нерседе өзүнөн жогору болгону жакшы алар:
чырайда, адепте, мүнөздө жана такыбалыкта…

✔Демек сөзүбүздүн аягында эмне демекчибиз бактылуу үй-бүлө куруу үчүн аялбы,эркекби жар тандоодон жаңылбаш үчүн, өзүң да тандоодогу инсан болууң керек. …

👤Насиба Абдуллаева.

👨👩👧👦 БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ
══════════════════
✿ OK.ru/Formulasy
✿ Fb.com/Formulasy
✿ Vk.com/Formulasy
✿ http://ift.tt/2yzMeui
✿ http://ift.tt/2l8etvu
✿ +996700334493
✿ WWW.FORMULA.KG

Запись Жакшы аял бейиштин ачкычы впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

🏻Өткөн ишти эстеп,аны кайра козгоп,ошол үчүн кайгыга батуу бул акмакчылыкка жатат жана келечек турмушту жок кылган болот. Акылдуу инсан өткөн ишти жаап аны айтпайт,жип менен катуу байлап эч качан чыгарбайт,жолун тосуп эч канчан көргөзбөйт: анткени өткөн иш өтүп кетти,кайгыга батса да аны кайтара албайт,капаланса да аны оңдой албайт,тынчысызданса да кайра айтка кайрый албайт; анткени ал жок нерсе,өтүп кеткен кайгы капанын артында жашаба, мурунку коркунучту эстебей өз жаныңды куткар. Дарыянын өйдө карай агуусун,күндүн чыккан жерине кайтуусун,наристенин эненин курсагына кайра кирүүсүн,сүттүн эмчекке кайтуусун,көз жаштын кайра көзгө каалайсыңбы. Өткөн күндөрүңдү унут, өткөн күндөрүңдөн сабак алууну унутпа!
Биздин кемчилигибиз өткөн нерсе менен алек болуп,келечекти аткара албай калабыз,ушундай кооз үйлөрүбүзгө,барлыгыбызга көңүл бурбай,эски чириген үй үчүн көз жаш кылабыз.
Чындыгында инсандар алдын карашпай,алдыга кайрылышпайт; анткени шамал алдыга карай болот,суу ылдый карай агат,кербен алдыга карай жүрөт ошондуктан сен да табияттын мыйзамын бузба.

📌Бүгүнкү күнүң менен жаша!

Эгер эрте менен турсаң кечти күтпө,кандай болсо да бүгүнкү күнүңдө жашайсың,кечеки күндөгү болгон жакшылыкбы же жамандыкбы ал болуп өттү,эртеңки келе турган күндү да күтпө
Бүгүнкү чыккан күндүн нуру анын жарыгы ошол жетиштүү,сенин өмүрүң бир күндүк,бүгүн төрөлүп бүгүн өлө тургандай ушул күндү түбөлүк жашоодой кылып жаша,ошондо гана өткөнкү кайгы капа менен,келечектеги келе турган корку сезимдер менен таасирленбейсиң,бүгүнкү күнгө гана болгон күчүңдү жумшап,көңүлүңдү коюп,жаңы жакшы нерселерди жасоого аракет кыл,сөзсүз бүгүнкү күндөгү намазыңды чын ыклас менен оку,Куран аяттарын окуп,аны түшүнүүгө аракет жасап пикирленип ой жүгүрт,Аллахка зикирлерди айт,ишиңди таразалап туруп анан аткар,инсандарга жакшы мамиле жаса,сага келген нерсеге ыраазы бол,келбетиңе көңүл буруп ден -соолугуңду да кара,башкаларга да пайдаң тийсин.
Бүгүнкү күнүңдүн сааттарын кректүү убактарга бөлүп,минуталарын жылдарга айланат,секунттарын айларга айланат,кайрымдуу соопту иштерди жаса,күнөөлөрүң үчүн Аллахка истигфар айт (кечирим сура) жараткан Роббиңди экерип акыретке да даяр бол,бүгүнкү күндү кубаныч менен аманчылык менен өткөз,сага берилген ырыскыңа,өмүрлүк жолдошуңа, балдарыңа,жумушуңа,үйүңө,илимиңе жана ал -акыбалыңа ыраазы болуп шүгүр кыл.

“Сага бергендеримди ал да, шүгүр кылуучулардан бол “. (7;144)..📘

Ошондо бүгүнкү күндү кайгы капасыз,таарынычсыз, жаман ойсуз,акаратсыз жашайсың.

📌Алдыдагы күндөр келгенче шашылба!

“Аллахтын буйругу келет,силер ага шашпагыла “. (16;1)📘

✔Боло элек окуялар үчүн шашпа,боюнда бар аялдын курсагындагы баласы толук жетиле элек эле боюнан түшүүсүн каалайсыңбы?! Мөмөнүн быша элек эле үзүүнү каалайсыңбы?! Эртеңки күн жоголгон сыяктуу анын сага кандай болуп келээри али сага белгисиз,ал күн али пайда боло элек,анын даамды да жок ,түсү да жок андай болсо эмне үчүн биз өзүбүздү кыйнайбыз,ал үчүн мусийбаттарга түшөбүз,бир окуялар болот деп кабатырланабыз,ал келе элек күн бизге насип кылабы же жокбу,ал күн кайгыбы же курсанчылыкбы же жокпу?! Негизи ал күн кайып,али пайда боло элек күн,биз көпүрөгө келе элек туруп көпүрөдөн кантип өтүп кетмек элек ким билсин?! Мүмкүн көпүрөгө жетпей токтоп калабыз,мүмкүн көпүрө биз жеткенче бузулуп кетет, мүмкүн көпүрөдөн аман -эсен өтүп кетебиз.
Көптөгөн инсандар эртең акча калабыз,бир жылдан кийин ооруп калабыз,жүз жылдан кийин бул аалам бүтөт экен деп кайгырышат. Инсандын өмүрү Аллахтын колунда болгондон кийин келе элек жок нерсеге алдонбоо керек, качан өлөөрүн билбегенден кийин жок нерсе үчүн алек болуп кайгырбоо зарыл.
Оо! Алдыңкы күндөр сен алдыдагы кайып күндөрсүң,ошондуктан келе элек күндөр үчүн кыялданбайм, куру жалак кыялдарга алданбайм,боло элек нерсени жоготом деп шашпаймын; анткени эртеңки күн эч нерсе эмес,себеби эртеңки күн жарала элек.
Оо! Адам баласы бүгүнкү күнүңдү жаша,анткени бул сөз эң бактылуу талайлуу жашоону жашаймын дгендер үчүн жазылган..

📔Капаланба китебинен алынды.

Запись Өткөндүн баарын унут, бирок өткөн күндөн сабак алууну унутпа! впервые появилась Formula.KG.

Технологии Blogger.