Halloween party ideas 2015
Показаны сообщения с ярлыком Ынтымак. Показать все сообщения
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Аялдар баш бербеген, оолуккан заманга келип калдык, көбүнчө аялдар тоготпойт, уккусу келбейт, баш бербей басып кетиши мүмкүн. Бирок, мындай аялдарга боор ачуу менен гана мамиле кылышыбыз керек. “Укугум бар” – деп көчөгө чыгып кетүү туура эмес болуп саналат.

Аял киши үйүндө жолдошу менен, балдары менен бакыт тапса, бактылуу болсо, кандайдыр бир иш үчүн чыкса болот. Үй-бүлөсүнөн таппаган бакытты көчөдө таба албайт. Мейли, эжесине, сиңдисине, курбу кызына барсын ал бакытты таппайт. Турмушка чыккандан кийин, ошол күйөөсү менен үй-бүлөсү менен бактылуу болушу керек.

Күйөөсүнүн сөзүн укпаган аялды эч ким тоготпойт. Көчөгө барып эч кимге дартын уктура албайт. Тыңсынып тыкыраңданганы менен эгер күйөөсүн укпаса, анда ал аял бактысыз аял дегенди билдирет.

Аялдын бактысы каякта? Күйөөсүнө баш ийгендигинде. Аялдын бактысы каякта? Күйөөсүнө моюн сунгандыгында. Аялдын бактысы каякта? Үйдөгү ынтымакты, кутту сактап тургандыгында болот. Ошондуктан айтаарым, карындаштарым, эжелерим, күйөөңөрдү сыйлагыла. “Жаманбы жакшыбы, аюу да болсо эрим бар, үңкүр да болсо үйүм бар” – деген сөз бар.

Cиздин күйөөңүз, сиздин айыбыңызды жабып турган эриңиз, балдарыңыздын атасы болот. Сиз аны сыйлашыңыз керек. Ага баш бербей көчөгө чыгып кеткениңиз өзүңүздүн бактысыз экениңизден, өзүңүздү өзүңүз сыйлабаганыңыздан кабар берет.

Күйөөсүн сыйлаган аялды күйөөсү сыйлайт, күйөөсүн сыйлаган аялды эл сыйлайт, Күйөөсүн сыйлаган аялга Кудай Таалам ыраазы болуп, бейишине киргизет. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) осуятында кимде ким беш маал намазын окуса, отуз күндүк орозосун тутса, күйөөсүнө баш ийип сыйлаган болсо, андай аялзатына Алла Таала “Бейиштин сегиз эшигинин каалаганынан кире берүүгө уруксат” – деп сүйүнчүлөгөн.

Турмушка чыккан кыз кимдин сөзүн угушу керек күйөөсүнүнбү же ата – энесининби?

Турмушка чыккан кыз күйөөсүнүн сөзүн угушу керек. Ата-энеси күйөө болуп бербейт. Пайгамбарыбыз (с.а.в.): “Эгер Аллахтан башкага саждага кылуу уруксат берилсе, аялдарга күйөөңөргө сажда кылгыла дээр элем”, – деп айткан.

Кээ бир кыздар турмушка чыккандан кийин да атасынын сөзүн, апасынын сөзүн угат. Бул туура эмес. Күйөөнүн сөзүн угуу керек. Эгер күйөөң буйрук берсе, шарияттын чегинде аткаруу керек. “Чыккан кыз чийинден тышкары”, турмушка чыккандан кийин ата- энең сага кийигилишпеш керек. Ата-эне сага муктаж эмес. Эгер сен бактылуу жашап жатсаң, аларга ошо маанилүү.

Келин менен кайнене ортосунда мамиле кандай болушу керек?

Аялдар бир нерсени түшүнүүнү каалабайт. Эгер күйөөсү менен мамилеси жакшы болсо, кайненеге жакшы мамиле кылбай коюшат. Күйөөсү менен бирге болуп, аны кармап калууну каалаган аял кайненеге жакшы мамиле кылышы керек. Ага дайыма кошомат кылып, жолуп табыш керек.

Ар дайым айтып жүргөнүмдөй эле, чачын өрүп, тырмактарын алып, кирлерин жууп, мончого түшүрүш керек. Бул нерсени айтсам, бир аял мага ”Ушунун барын каяктан билип алдың” – деп ыйламсырады. Шарият бизди ушуга үйрөтөт.

Негизи кайненеге кызмат кылуу милдет эмес. Ислам аны буйрубайт. Бирок аны инсаният буйруйт. Имам Сарахсинин жакшы бир эмгеги бар, анда: “Эгер аялың тамак бышырбай, кириңди жуубай койсо, сен аны милдеттүү кыла албайсың, бирок сен да үйгө бал-кант алып келбей эле, кара нан алып келип кой. Анткени ошону менен да тойсо болот. Ал милдетин аткарса, сен дагы милдетиңди аткарышың керек”. Бул сөз жубайлар ортосунда ынтымак болуусу керек дегенди билдирет.

Келиндер кызмат кылыш керек. Себеби ушул учурда үй- бүлө сакталат деген маани. Ошол үчүн кайненени жакшы көрүү керек. Эгер кайненесин апасынан көбүрөөк жакшы көргөн болсо, күйөөсүн ошону менен байлаган болуп эсептелет. Күйөөнү кармап калуу – чоң чеберчилик.

Түлкүнүн бир сөзү бар экен, “Менин миң айла амалым бар. Эң эле жакшысы – көрүнбөгөнүм”. Анын сыңарындай аялдардын күйөөсүн кармап калуунун эң эле жакшы айласынын бирөөсү – кайненени жакшы көрүү болуп саналат. Кошомат кылыш керек, жагыныш керек. Эртең өзү да кайнене болот. “Кайнененин камырынан ” деген сөз айланып келип ага калат. Келиндер кайненеге кандай мамиле кылса, ошондой эле мамилени кийин, кайнене болгондо өз келининен көрөт, сөзсүз.

Запись Күйөөсү сыйлаган адамды эл сыйлайт впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин төрагасы Абдишүкүр ажы Нарматовдун кыргыз элине кайрылуусу:

Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтын аты менен баштаймын.
Урматтуу мусулман бир туугандар, кадырлуу кыргыз калкым!
Кайсы эл болбосун, анын өсүп-өнүгүп, бейпил жашоо кечирүүсүнө эл арасындагы биримдик жана тынчтыктын мааниси зор. Кыргыз эли да кылымдардан бери эчендеген кыйынчылыктарга кабылбасын, аны биримдик жана тынчтык менен жеңип келет. Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган касиеттүү элибиз түгөнгөн сайын түтөнүп, тукум улап, тилибизди, динибизди жана мамлекеттүүлүгүбүздү сактап келе жатат. Тилекке каршы, кийинки күндөрү элибиздин тынчтыгын, мамлекетибиздин эркиндигин көрө албаган, калың журттун бейпил жашоосун бузууну каалагандар пайда болууда. Керт башынын кызыкчылыгын көздөп, бийлик жана байлык үчүн элинин бейпил жашоосун курмандыкка чалууну көздөгөндөр чыгууда.
Алдыда мамлекетибиздин, элибиздин келечеги үчүн өтө маанилүү болгон шайлоо өнөктүгү жакындап келе жатат. Албетте, журт жүгүн көтөрүүчү татыктуу инсанды тандоо ар бир жарандын милдети жана бул милдетин ар ким өз тандоосуна жараша ишке ашырат. Бирөөнүн тандоосуна бирөөнүн кийлигишкенге акысы жок. Бирок, бийликке элдин тандоосу менен эмес, күч колдонуу, коркутуу, элдин тынчтыгын бузуу аркылуу жетүүнү көздөө акылга сыйбай турган кылмыш жана күнөө. Бул, эл арасында өзүнүн абройуна ишенбеген жана жеке көмөчүнө күл тарткан алсыз адамдардын колунан гана келе турган иш.
Урматтуу кыргыз калкым, өлкөнүн тынчтыгы жана элдин бейпилдиги ар кандай бийликтен баалуу. Бүгүн бизге суу менен аба кандай зарыл болсо, элдин тынчтыгы да ошондой зарыл болгон учур. Тынчтык – бул, Жараткандын пенделерине ыроологон эң чоң белеги. Аны көздүн карегиндей сактоо ар бирибиздин ыйык милдетибиз. Касиеттүү Куранда Жараткан Аллах:

“Эгер силердин жашооңор тынч болсо, анда Аллахка шүгүр кылгыла” дейт.

Аятта, эгер бийликке жетсең, же байлыкка тунусаң же башка бир иш үчүн шүгүр кылгыла деген жок, жашооңор тынч болсо шүгүр кылгыла деди. Мындан, тынчтыктын биз үчүн канчалык зарыл жана маанилүү экенин түшүнсөк болот. Пайгамбарлардын атасы Ибрахим пайгамбар Мекке шаарына келгенде алакан жайып:

“Оо, Жараткан, бул шаарды тынч шаар кыла көр” деп дуба кылган.

Даанышман пайгамбар шаарга түшүм сураган жок, ырыскы сураган жок, байлык же бийлик сураган жок. Болгону тынчтык сурады. Анткени, кайсы жерде тынчтык өкүм сүрсө, анда баары болот. Адам баласынын жашоосу тынч болгондо гана ал талаптагыдай жашоо кечире аларын жана тынчтык биз үчүн табылгыс белек экенин эске салып Аллах Таала бир аятта:

“Ачкалыктан сактап, коркунучтан аман кылганы үчүн бул Үйдүн Ээсине сыйынгыла” деп буйруган.

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) куттуу хадисинде:

“Бөлүнүп-жарылбагыла, анткени бөлүнүү бейпил жашоону жок кылат” – дейт.

Элди бөлүү, бири-бирине каршылаштыруу биздин бейпилдигибизди жок кылуучу коркунучтуу дарт.
Касиеттүү Курандын дагы бир аятында:

“Бузукулук адам өлтүрүүдөн да жаман” деп айтылат.

Себеби элдин мамилесин бузуу бүтүндөй элдин жок болуп кетүүсүнө алып келиши мүмкүн. Ошон үчүн пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун):

“Бузукулук уктап жатат. Ким аны ойготсо, ага Аллахтын каргышы болсун” деген.

Динде өтө чоң күнөө ишти аткарган адамдарга гана Аллахтын каргышы айтылат. Аллахтын каргышы айтылган киши бардык жакшылыктан куру калат. Аллах Таала минтип айтат:

“…Мен кимге ачуулансам, ага каргыш айтам, Мен кимге каргыша айтсам, ал анын жетинчи урпагына чейин жетет”.

Урматтуу кыргыз калкым, урматтуу элдин жүгүн көтөрүүгө бел байлап ажолукка ат салышкан эр азаматтар!
Бийлик эч кимге түбөлүктүү болгон эмес, ээрге мингендин андан түшүүчү убактысы да болот. Карт тарыхта өзүн Кудайга теңеген Фараондор, казынасынын ачкычын кырк төөгө артып жүргөн Карун сыяктуу падышалар да өткөн. Алардын бийлиги жана байлыгы аларды өлүмдөн коргоп кала алган жок. Бир күн бар, бир күн жок болчу убактылуу бийлик үчүн эли-журттун тынчтыгын, бейпил жашоосун, өлкөбүздүн эгемендүүлүгүн, балдарыбыздын келечегин курмандык чалуунун зарылдыгы жок. Убактылуу, болор-болбос кызыкчылык үчүн Жараткандын да, элдин да каргышына калбагыла. Кудайдан корккула. Ар бир сөз, ар бир иш үчүн жооп берчү күндү унутпагыла.
Биз бир Кудайга сыйынган, бир абадан дем алган, бир жердин суусун ичип, бир жердин нанын жеген элбиз. Мекенибиз баарыбыздын үйүбүз. Мекенди сүйүп, ардактап-барктап алуу ар бирибиздин милдетибиз. Мекен сүйүүсү – калпак кийүү же желек көтөрүп алуу менен өлчөнбөйт. Мекенди сүйүү анын тынчтыгын сактоо, келечегине кам көрүү менен болот. Ошондуктан мекенибизди көздүн карегиндей сактайлы. Ар түрдүү бузукулукка, кызуу кандуулукка жол бербейли. Өлкө келечеги өзүбүздүн колубузда.
Жараткан Аллах элибизге бейпилдик, биримдик, жергебизге тынчтык берсин. Ар бир үйдө баланын бактылуу күлкүсү жаңырып, ыйман нуру нурданып жаркырап турсун. Келечегибиз кең, жашообуз бейпил болсун.

Урматым менен Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин төрагасы Абдишүкүр Нарматов.

Запись Аалымдар кеңешинин төрагасы Абдишүкүр ажы Нарматовдун кыргыз элине кайрылуусу впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Урматтуу мусулман бир туугандар, агалар, достор.

Аллах Таалам кезектеги бир ааз болсо да ыйман сөздөрүн бири бирбизге эскертүүнү насип этиптир.. Диндин себебинен күндө жакшы сөздөрдү угабыз..

Диндин себебинен, ыймандын себебинен адам баласы бактылуу боло алат. Дин болбогондо ушул учур кайдан болсун? Сиздер тааныбайсыздар, биз сиздерди..

Бирок жүрөктөрдө де жүрөктүн тереңинде бир туугандык сезимдер бар. Диндин себебинен бири-бирибиз менен ыйман сөздөрүн сүйлөшүп жатабыз. Дин сиз менен бизди байланыштырып, бири-бирибизди бириктирип жатат. Дин болбосо, сылыктык болбосо, чынчылдык болбосо, кичи пейилдик болбосо, жөнөкөйлүк болбосо, адилеттүүлүк болбосо, кечиримдүүлүк болбосо адамгерчилик болбосо өзүбүз биринчи бузулуп, бүт үммөт бузулуп, бүт аалам бузулмак…

Дин бизге жөнөкөй бол, сылык бол, сылык сүйлө, чынчыл бол, кечиримдүү бол, кичи пейил бол, адилеттүү бол, сабырдуу бол деп насаат айтып жатпайбы .. Эгер дин болбогондо, ыйман болбогондо адам баласы азыр ушунчалык бузулат эле дин келе электеги Мекке Мединанын эли бузулгандай. Мекке Медина дин келгенден кийин ыйман ал коомду канча өзгөрттү ээ..

Бүт үммөткө жол башчы болушту. Бул дин менен ким жашаса заалымдын балдарынан аалымдар чыгат .. Ким таштаса аалымдын балдарынан заалым чыгат . Дүйнөгө эң таанымал адам динге келсе ал динди гүлдөтүп жибербейт . Дин ал адамды гүлдөтөт. Биз ойлойбуз ушул таанымал адам эле, дин менен жашап динди гүлдөттү деп..

Дин ыйман эч нерсеге муктаж эмес, гүлдөтүүгө да муктаж эмес толлук. Ал адам дин менен жашаганы үчүн дин анын даражасын бийик кылды. Караңыздар, ааламга таанымал аалымдар бар. Эгерде дин болбогондо аларды эч ким таанымак эмес, дин болгону үчүн, бир ааз ыйман менен жашаганы үчүн Аллаах алардын даражасын көтөрүп койгон, алар динди эмес Дин аларды гүлдөткөн. Түшүнүктүү болуп жатабы? Ар бир адамды – ыйман бактылуукылат . Бактылуулук бир гана кооз үй эмес. Бактылуулукбир гана кооз унаа эмес. Бактылуулук узак жашоодо дагы эмес . Бактылуулук сулуукелишкен эки жаштын нике менен жашоосунда дагы эмес .. Бактылуулук акча, мал – мүлктө дагы эмес. Бала-чака, үй -жайда дагы эмес .. Бул нерсенин баары болгону неъмат .

Аллахтын берген жакшылыгы. Чыныгы бактылуулук бул Жаратканды таануу. Чыгыгы бактылуулук баардык амалдарды Аллах үчүн аткаруу .. Кээде Аллах үчүн эмес пенделер үчүн жылмаюуга туура келет . Ресторан, кафеге кирсең официант жылмайып келет, бактылуулуктун сүрөтүн көрсөтүүгө аракет кылат . Анткени аны кожоюн талап кылат. Кээде адамдарды жалгандан эле, же жашообуздан алып күлдүрүүгөаракет кылган тамашачылар бар .. Бактылуулук тартуулайбыз деп ойлошот . Анткени биз күлгөн адамды гана бактылуулукдеп түшүнүп, ыйлаган адамды бактысыз экен деп түшүнүп калганбыз. Менин айтайын дегеним урматтуу мусулман бир туугандарым сиздин бул дүйнөдө тирүү жүргөнүңүз бир бактылуулук . Сиздин бар экениңиз бир бактылуулук. Ыйман менен Аллахты таанып жашоо, Пайгамбарды таанып жашоо, өкүмдөрүнө амал кылып жашоонун аты чыныгы бактылуулук! Шайтан сизге пикир салат. Эгер намаз окусаң бети-башыңды жаап, сакал коюп узуун кийинишиң керек … Толгон токой васваса азгыруулары. Замандан артта каласың дейт .

Туурабы туура эмеспи ? Биз дин менен жашабайбыз. Биз демократияны тандап аялдардын укугун эркектики менен бирдей кылабыз. Эркектер кылган укукту бизда кылууга акыбыз бар, көчөдө жүрүүгө да акыбыз бар деп чыгышты. Ооба ал кез дагы келди. Эркектин укугу менен аялдардын укуктары бирдей болду. Динде аялын арабага олтургузуп кышында жылуу, жайында салкын араба менен, жамгыр суукка карабастан аялына кам көрөт эле. Аялы ага ыраазы болуп жашаган. Бүгүн динди таштап туруп эркек аял укугун бирдей кылып, аялдар иштеп жүрөт . Аялдар машине айдап жүрөт .. Жана эркектер арабага чыгып аялдар арабаны тартып калды, мына эркек аялдын укугунун теңдигинин акыбети ! Биз эми капа болбойлу ! Ошондуктан туугандар Аллах Таалам эркектердин мойнуна эмнелерди жүктөгөн болсо ага амал кылсак, аялдарга эмнелерди жүктөсө амал кылсак жашоодо жеңилчилик болот . Дүйнө 21 чи эмес 22 кылымдын даражасында бүгүнкү күндө өнүксө да Дин эң идеальный жашоо бойдон калат . Дин эч качан артта калбайт, бүт аалам айда жашаса дагы дин эң идеальный жашоо бойдон калат . Эң үлкөн жазуучулар, дүйнөнү калеми менен багындырган атактуулар том-том китеп басып чыгарса дагы бир бетинин бир сүйлөмүндө “энеге жакшылык кыл!” деген сөздү таппайсыз.. Эң күчтүү корольдуктар жазып чыккан мыйзамдардын биринде да “Жылмай, атаны нааразы кылба” дегенди таба албайсыз, туурабы туура эмеспи ? Каанча китеп, каанча гезит окубайлы жетимдин башын сыла деген сөздү кезиктирбейбиз. А дин аны бизге үйрөтүп жатпайбы..

Намаздарыбыз каза болуп жатат эч кайгыруу жокко жүрөктө.. 1000 сом чөнтөктөн түшүп калсынчы, 2000 рубль түшүп калсынчы жүрөктөр антарылып демиң кысылып териң куюлуп кетет . Намазыбыз каза болсо 100 сом жоготкончо да кайгырбайбыз, капа болуп өкүнбөйбүз ! 10 сом садака берүү ушунчалык кыйын өзүмө керек деп бекитебиз..)))

Анткени сиз биз дүйнө үчүн өтө көп мээнет кылдык машыктык . Бул дүйнө убактылуу гана.. Дүйнө убактылуу гана – деген создү укпасак деле ар бирибизге маалым . Төрөлгөндөр өлүп жатат, чыккан күн батып жатат, өскөн бак-дарактар чирип жоголуп баратканы дүйнөнүн дагы убактысы бүтөөрү чын экенинин далили. Беш убак намазды өз убагында окуу каанча кыйын ээ. Садака берүү, зекет берүү, сага жамандык жасагандарды кечирип салуу каанча кыйын))) Баарыбызда текебердик бар, напсини жеңүү эң кыйын иш, мына ушул чыныгы жихад ! Жихад ушул туугандар .. Каанча ыйман сөзүн уксак деле ыймандуу болууга аракет жасабагандарды көрүп таң каласың. Анткени, кабыр акыйкат болуп турса, махшар айныгыс чындык, бейиш тозок хак болуп турганын билип туруп дүйнө менен жашоодобуз.. Анын артынан чуркап баратабыз.. Кээде кыямат тезирээк эле болсо бекен – деп тилегиң келет. Ыймансыз болсун ыймандуу болсун, еврей болсун атеист болсун баардык адамдын балдары Аллах Тааланын астында коркконунан бүжүрөйүп калганын көрөт элең. Ыймандуулар бир тууган – деген аятты кабыл алгыбыз келбейт . Мусулман болуп туруп улутка бөлүнүү сезими пайда болду.

Ким улуттарга бөлүнсө ал бизден эмес ..

Мейли бул дүйнөдө ар бир мамлекеттин картасы ар башка көрүнүштөдүр . Бирок жердин астында ар бир адамдын картасы, жаткан кабыры окшош туура эмес болсо айтыңыздар ?

☆ Мен кичинекей кезимде көп адамдын сааты жок эле бирок көп нерселерге жетишкенин көрөт элем. Азыр баарынын сааты бар бирок убактысы жок.

☆ Мен эч нерсеге жетишпей жатамын деп кайгырба. Анткени баардык улуу инсандардын бир күндүк убактысы да сеникиндей 24 сааттан ашкан эмес.

☆ Аллах Таала сага ушунча жыл өмүр берди сен бир секундда “Аллах улуу” деген сөздү айта албайсыңбы ?

☆ Бүгүн акыркы күнүбүздүр балким ….

Келгиле достор акыретибиз үчүн убакыт ажыратайлы, жашообузду ыйман менен жашап өткөрөйлү.

Аллах Таалам өзүң бизге жетиштүүсүң, шайтандын, напсинин, душмандарыбыздын жамандыгынан бизди сактагын. Күнөөлөрүбүздү кечирип, сүйүктүү кулдарыңдын арасына бизди да кошкун ..

Эскертүү бизден жыйынтык сизден береке Алладан!

Али Маматов атайын formula.kg сайты үчүн
“БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ”

Запись Дүйнөгө эң таанымал адам динге келсе ал динди гүлдөтүп жибербейт. Дин ал адамды гүлдөтөт впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

“Биринчи аялы, Шынар менен 40 жыл омур суруудо экен, ал 63 жашта, экинчи аялы Фатимага 60 жаш, ал эми жаш учунчу аялы 37 жашта.

“Баардык буйурукту куйоомон мен алам, анан болуштуром. Биз куйобузду тамашалап президент дейбиз, ал эми биз министрлербиз.

“Сырткы жумуштарга” мен жооптумун, Фатима менен Куляйхан “ички жумуштарга”. Биз куйобузду урматтайбыз, жакшы коробуз. Ал бизди болбойт жана уй-булоо учун баардыгын жасайт.” – дейт байбиче.

Үй-бүлө башчысынын айтуусу боюнча биринчи аялынын экинчи аял (токол) алуусун айтканда аябай тан калган. Биринчи аялы менен официалдуу никеде турат, ал эми кийинки экоо менен мусулман салты боюнча.

Экинчи аялы Фатима эки кыз төрөп берген, анан алар дагы бир токол алуусун чечишкен.

“Мен анда 21 жашта болчум, бирок мен тушунуп тургам мен учун ал биринчи куйоо болгону менен ал учун мен учунчу болчум. Бирок ал мага аябай жаккан.”- деп айтат Куляйхан.

Дыйканчылык менен алек болгон Абсаттардын үй-бүлөсү бир там астында жашашат. Уй-булоо башчысынын айтуусу боюнча алар уруш-талаш дегенди билишпейт жана анын аялдары ушундай жашоо ынгайлуу деп эсептешет.

“Formula.KG”

Запись Кызылордолук жашоочу бир үйдө үч аял менен жашаганы менен элди кызыктырды. впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Абдишүкүр ажы Нарматов

Бисмил-Лаахир-рохмаанир-рохиим.

Мээримдүү жа на боорукер Аллахтын аты менен баштаймын. Аллахка мактоо айтабыз, Андан жардам сурайбыз жана кылган күнөөлөрүбүз үчүн кечирим тилейбиз.

Кимде-ким Жалгыз Аллахка таянып, Ага тобокел кыл са, Аллах аны ызаттуу кылат. Кимде-ким Аллахтан башкага таянса, Аллах аны таянганы менен бирге кор кылат.

Кимде-ким Аллахка гана сыйынып, андан жардам сураса, Аллах ага ыраазы болот.

Кимде-ким Аллахтан башкага сыйынса, ага Аллах ачууланат. Кимде-ким Аллахты жүрөгүнө киргизип, Аны эс тесе, ага Аллах мээримин төгөт.

Кимде-ким Аллахты унутуп койсо, ага Аллахтын азабы болот.

Күбөлүк берем Аллах жалгыз, анын эч кандай шериги жок. Ал бүткүл ааламдын падышасы, Ал эч нерсеге муктаж эмес, биз Ага муктажбыз. Ал, Аллах динибизди Ислам, тынчтыктын дини деп атады. Ал, Аллах адам баласын тынч жашоого буйруду. Күбөлүк берем Мухаммад (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) Аллахтын кулу жана акыркы элчиси. Ал, Пайгамбар (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) тынчтыктын дини болгон Исламды тынчтык менен таратты. Баардык үммөтүн тынч жашоого чакырган улуу Пайгамбар Мухаммадга жана анын үй-бүлөөсүнө Аллахтын саламы жана салаваты болсун.

Урматтуу Мусулман бир тууганым!

Азыркы мезгилде, өлкөбүздө да, шаар жана айылдарда да, ал эмес өз үйүбүздө да, кандайдыр бир тынчсыздануу, чочулоо менен жашап жатабыз. Эмне себептен өз үйүбүздө тынч отура албай калдык? Эмне себептен элибиз эртеңки күнүн элестете албай калды? Аллах Тааланын ыйык китеби Кураанда: «Алар өздөрүн өзгөртпөсө, Аллах берген тынчтыгын алып койбойт» – деп айтылган. Биз динибизден алыстап, аны эски, илимсиз, түркөй адамдардын ишеничи катары карап, ага кайдыгер мамиле жасаган сайын, биздин ортобуздагы ырыс-ынтымакты Аллах Таала алып койду. Кураанда, Аллах Таала: «Аллах силерге бейпилчиликтеги айылды мисал келтирет. Ага ар тараптан мол ырыскы келип турчу. Акырында, Аллахтын жакшылыгына каапырчылык кылышты, ошондуктан Аллах, алардын жасаган зулумдугу үчүн, аларга ачарчылык жана коркунуч тонун кийизип, жапа чектирди» – деп, биз үлгү ала турган аятты айткан. Тилеке каршы, азыр телевидение, газета-журнал, кайсы жерди караба, бирөөнү өлтүрүп кеткен, бирөөнү тоноп кеткен, бирөөнү сабап кеткен ж.б. жаман кабарларды көрөсүң. Бүгүнкү мезгилде, бизге суу менен аба кандай зарыл болсо, тынчтык да ошондой зарыл болуп турган учур. Чындыгында, тынчтык жана бейпилдик Аллах тарбынан пенделерине берилген эң чоң ниьмат-белек. Анын кадырына жетип, сактап калуу ар бир инсандын милдети. Аллах Таала ыйык Кураанда: «Эгер силерге тынчтык болсо, Аллахка шүгүр кылып, Аны зикир кылгыла» – деп айткан. Аллах Таала, эгер машина утуп алсаң шүгүр кыл деген жок, же акча таап алсаң шүгүр кыл деген жок, же башка нерсени айткан жок. Эгер тынчтык болсо, Аллахка шүгүр кылгыла деди. Демек, тынчтык ар бир адам үчүн өтө зарыл жана баалуу. Ошондуктан баардык пайгамбарлардын атасы, даанышман Ибрахим (Ага Аллахтын саламы болсун) Аллахка жалынып: «Оо, Робим! Бул шаарды тынчтыктын шаары кылгын» – деп дуба кылган. Аллах Таала сүйүктүү пайгамбарынын тилегин кабыл кылып, Мекке шаарын тынчтыктын шары кылып койду. Ошол замандан азыркы күнгө чейин Мекке тынчтыктын шаары болуп калды. Балким кыяматка чейин же Аллах каалаган бир заманга чейин, ал тынчтыктын шаары болуп тура берет. Тынчтыктын кадырын, тыечтыктын баасын жакшы билген даанышман пайгамбардын тилеги менен Мекке шаары ушундай артыкчылыкка ээ болуп калды. Тынчтыктын канчалык маанилүү экендигин билдирип, Аллах Таала, Пайгамбарыбыздын Харам мечитине кирүүсүн сүйүнчүлөгөн аятта: «Аллах кааласа, чачыңарды алдырган жана кыскарткан абалда тынчтык менен, эч коркпостон ыйык мечитке сөзсүз киресиңер» – деп айткан. Албетте, бул Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) жана сахабалар үчүн өтө сүйүнүчтүү кабар эле. Анткени мушриктер ажы амалын аткарууга тоскоол болуп жаткан мезгил болчу. Ажы амалын аткаруу үчүн Харам мечитине кирүү өтө кубанычтуу эле. Бирок, андан да өткөн кубаныч, Аллах Таала баса белгилеп айтып жаткан тынчтык кубанычы эле. Аллах Таала, эч кимден коркпостон, тынчтык менен кирүүнү сүйүнчүлөдү. Аллах Таала кээ бир аяттарда, өтө маанилүү нерселер менен ант ичет. Мисалы: убакытка, заманга, күндүз жана түнгө ж.б. манилүү нерселер менен касам ичет. Ошондой аяттардын биринде, Аллах Таала: «Жана бул тынчтык шаарына касам» – деп айткан. Аллах касам ичип жаткан соң, тынчтыктын кандай баалуу экендиги айтпаса да түшүнүктүү. Ар бир мусулмандын каалаганы бейишке кирүү. Бейишке кирүнүн өзү эле чексиз бакыт. Ал эми Аллах Таала ыймандууларга: «Бейишке тынчтык менен киргиле» – деп айтаарын Кураанда белгилеген.

Урматтуу мусулман бир тууганым!

Тынчтыктын бизге канчалык зарыл экенин, азыр жаш балдар дагы жакшы түшүнүп калды. Кайсы жерде тынчтык жок болсо, ошол жерде ый жана кайгы болот. Кайсы жерде тынчтык жок болсо, ошол жерде жокчулук жана ачарчылык болот. Кайсы жерде тынчтык жок болсо, ошол жерде Аллахтын ар түрдүү кырсык-балээлери болот. Ислам дини ар дайым тынчтыкты сактоого чакырат. Тынчтык, биринчи кезекте үйбүлөөдө болууга тийиш. Үй-бүлөөдө талаш-тартыш чыкпоосу үчүн, динибизде ар кимдин укугу жана милдети белгиленип коюлган. Ар бири өз укугун билип, милдетин так аткарган үйбүлөөдө эч качан уруш-жаңжал болбойт. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бир хадисте:

– «Баарыңар кайтаруучусуңар жана кайтарганыңарга жооп бересиңер. Имам кайтаруучу жана кайтарганына жооп берет. Ата үйүнө кайтаруучу жана кайтарганына жооп берет. Эне үй ичине кайтаруучу жана кайтар ганына жооп берет. Баарыңар кайтаруучусуңар жана кайтарганыңарга жооп бересиңер» – деп айткан. Ошондой эле:

– «Үйүнө кирген адам: Ассалааму алайкум, Аллахтын тынчтыгы болсун деп салам айтып кирсе, ал үйдө береке болот» – деген. Андан кийин, мусулман адам кошуналары менен тынчтыкта жашоосу керек. Пайгамбарыбыз: (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)

– «Ким, Аллахка жана кыямат күнүнө ишенсе кошунасы менен жакшы мамиледе болсун» – деп айткан. Ошондой эле Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бир жолу сахабалары менен отуруп:

– «Аллахка ант ичип айтам ыймандуу боло албайт, Аллахка ант ичип айтам ыймандуу боло албайт, Аллахка ант ичип айтам ыймандуу боло албайт» – деп кайталайт. Сахабалар:

– Оо, Аллахтын элчиси, ким ыймандуу боло албайт – деп сурашканда, Пайгамбарыбыз: (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)

– «Жаман адаттары менен кошунасына тынчтык бербеген адам» – деп жооп берди. Андан соң, мусулман адам жалпы коомчулук менен тынчтыкта жашоого тийиш. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бир хадисте:

– «Бир адам мечитке келгенде же базарга барганда, колунда жаанын огу болсо, аны учунан кармабасын» – деп айткан. Бир мусулманга курал сунуп, аны өлтүрүү мындай турсун, жөн эле куралды ага каратып көтөрүү күнөө болуп эсептелет. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бир хадисте:

– «Мусулман экинчи бир тууганына курал кезебесин, шайтан аны аттырып коюусу мүмкүн» – деп айткан. Ошондой эле маанидеги экинчи бир хадисте:

– «Кимде-ким ата-энеси бир болгон мусулман бир тууганына тамашалап болсо да курал кезесе, аны алмайынча периштелер ага лаанат айтат» – деген. Чындыгында, мусулманды курал менен эмес жөн эле коркутууга да болбойт. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)

– «Бир мусулманга экинчи мусулманды коркутуу арам» – деген. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) Мекке шаарына жеңиш менен кирген кезде, душмандар катуу коркунучка дуушар болушкан. Бирок, тынчтыкты даңазалаган Пайгамбар (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) кечээ эле өзүнү Меккеден кууп чыгарышкан дин душмандарына алардын оюна келбегендей иш жасады. Пайгамбарыбыз (Ага Аллах тын салам-салаваты болсун) кереметтүү Меккеге кирген кезде:

– «Ким, мечит ичине кирсе аман болот. Ким, Абу Суфяндын үйүнө кирсе аман болот. Ким үйүн бекитип отурса аман болот» – деп, алардын баарына тынч жашоону тартуу кылды.

Урматтуу мусулман бир тууганым!

Эгер биз жакшы жашоону максат кылсак, анда биринчи кезекте тынчтыкты сактообуз керек. Анткени жашоодогу баардык жамандыктар ынтымактын жокту гунан болот. Пайгамбарыбыз: (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)

– «Бири-бириңерге ичи тардык кылбагыла, бирибириңерди жаман көрбөгүлө, бири-бириңерден жүз буруп кетпегиле. Мусулман мусулмандын бир тууганы, ага зыян бербейт жана кыйынчылыкта таштап кетпейт. Такыбалык жүрөктө болот. Бир мусулманга, экинчи мусулманды кемсинтүү, жетиштүү күнөө болот» – деп айткан. Ошондой эле бир хадисте, Пайгамбарыбыз: (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)

– «Бөлүнүп-жарылуудан сактангыла, анткени ал жакшы жашоону жок кылат» – деп айткан.

Бүгүнкү күндөгү бөлүнүп жарылуулар, бизге зыяндан башка эч нерсе алып келбейт. Биз, исламдын тынчтыкты максат кылган дин экенин эч качан эсибизден чыгарбашыбыз керек. Динибиздин аты тынчтык. Динди бизге мыйзам кылып берген Аллах Тааланын ысымдарынын бири «Ассалам» тынчтык деген маанини билдирет. Ар бирибиз үмүт кылган улуу бейиштин бир аты «даарус-салаам» тынчтык коргону деген маанини билдирет. Биздин саламдашуубуз «ассалааму алайкум» сизге Аллахтын тычтыгы болсун деген маанини билдирет. Бир күндө канча жолу жолуксак, ошончо жолу саламдашып, бири-бирибизге тынчтык каалайбыз. Ибаадаттардын эң зарылы болгон намаздын ичинде, тынчтык сөздөрүн айтабыз. Намазды бүткөн мезгилде, оң жана сол тарабыбызга салам берип, тынчтык каалоо менен бүткөрөбүз. Демек, динибиз башынан аягына чейин тынчтыкты даңазалаган дин экени көрүнүп турат.

Урматтуу мусулман бир тууганым!

Келгиле, өзүбүздүн кетирген кемчиликтерибиз себептүү, айрылып калган бейпил жашоону кайра кайтарып алууга аракет кылалы. Анткени, бир коом өзүн өзгөрт мөйүнчө Аллах Таала аны өзгөртпөйт. Ибну Кайум (Аллах агы ырайым кылсын) айтат: Кайсы жерде илим жок болсо, ал жерде жамандык болот. Кайсы жерде илим болсо, ал жерде жакшылык болот. Демек, биз дагы илим алууну көбөйтүүбүз керек. Ошондой эле көп-көп дубаларды кылуубуз керек. Ибрахим пайгамбардын дубасындай дубаларды кылуу менен Аллахка жалынып-жалбарышыбыз керек. Үчүнчүдөн, даанышмандык жана кеменгердик менен даават кылуу керек. Мына ушул үч жол менен аркет кылсак, Аллах Тааланын каалоосу менен жерибизге тынчтык, элибизге бейпилчилик келет.

Аллахым, биздин өлкөбүзгө тынчтык бергин. Ар бирибизге бейпил турмушта жашоону насип кылгын. үлгү Аллахым, ар бирибиздин билип жана билбестен жасап койгон күнөөлөрүбүздү кечир. Элибизге жакшы жашоону насип кыл. Карыяларыбызга ыйман, жаштарыбызга жакшы адеп-ахлак бергин. Бүгүн ушул жерге кандай чогулткан болсоң, Кыямат күнүндө улуу бейиште да баарыбызды чогуу кылгын. Асслааму алайкум ва рахматул-Лохи ва барактуху…

Запись ИСЛАМ ТЫНЧТЫКТЫН ДИНИ впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

 

🌷Сизди сиз сыяктуу тааныган, сизди дайыма ойлогон, ойлонууну үйрөнгөн, токтоо, адептүү, адамга тиешелүү болгон сыпаттардын ээси, сиз аны сүйбөй коё албаган бирөөнү тааныйсызбы?

🌷Сизди тааныгандай эле, өзүн дагы жана жашоону да тааный билген. Сиз үчүн баарына даяр болгон…

🌷Кээде бир аз көбүрөөк сүйлөгөндүгү үчүн муңканып, бирок, ар бир айтканы туура болгон, сиз анын оюна муктаж болгон…

🌷Бир гана өмүрлүк жарыңызга айта алган сырды да айтуудан тартынбаган…

🌷 Кээде жан дүйнөңүз, уйкусуз түндө жан дүйнө азабыңыз болгон…

Жашооңузда мына ушундай бирөө барбы? Эгер бар болгон болсо, кадырын билиңиз!

~Мен ким тууралуу айтып жатканымды билип тургандырсыз.

👬Адам жалгыз жашоо үчүн жаратылбаптыр. Табият бирге болууну сунуштагандай эле, биримдикти жана биримдикти өнүктүрүп, дос болууну да сунуштайт. Акылсыздар жана жан дүйнөсүндө сүйүүнү сезе албагандар достук куралышпайт. Анткени, достук биримдикте жүрөт, сүйүү менен көктөйт, эмгек менен мөмө берет. Адамдар арасында жакындык жана сүйүү болсо, ошондо бири- бирин түшүнө алышат, мына ушундан достук пайда болот. Достук бир гана жакшы жана ак ниет адамдар арасында жүзөгө ашат. Тактап айтканда, өз арасында ыңгайлуу атмосфера куралышкан адамдардын биримдигинен достук пайда болот. Айрымдардын ойлору, максаттары, дилдери, жашоолору абдан окшош болушат.
_{Айжан менен Айдай кичик кездеринен бери дос болчу. Ал экөөнүн кыял-жоруктары да окшошуп кетээр эле. Кийин алар чогу меетепке барып, бир класста окуп жатышты. Убакыт деген учкан куш эмеспи. Кечээ эле мектептин босогосун жаңы аттаган достор мектепти аяктап жатышкан эле. Экөөнүн максаты да бир болчу. Алар доктор болууну каалашчу. Экөө ар дайым шаңдуу жүрүшчү. Бири-биринен эч кандай сыр жашырышчу эмес. Кыргыз элибизде ~”Кыз ала качуу”~ – деген салт бар эмеспи. Бир күнү Айжанды көптөн бери таанып жүргөн жигит- Адик айылга алып качып келген эле. Ошентип, “Кыздын бараар жери күйөө”- дегендей, Айжан аргасыздан макул болду. Эки тарап сүйлөшүп, той күнү да белгиленди. Бул күнү Айжандын жанында анын эң жакын досу (курбусу) Айдай аны жандап, жакын досу болуп чыккан эле. Той бүтүп, келиндик жашоо башталганда, өзгөчө бир жаңылык болду. Адиктин жакын досу Айдайды той күнү жактырып калып, аны алып качып келген эле)) Бул эки дос айрылгыс достордон экенине ошондо гана так ишенип, жылмайып кала беришти…}
🌹Достук менен биримдик – бөлүнбөс бир бүтүн. Материалдык биргеликте болушпаса да дилде, жүрөктө дайыма бирге болушат. Достук адамга ак ниеттүүлүк тартуулайт. Б.а. ак ниет, достуктун түзүлүшүнө жардам берет. Ак ниет- жалгыз жашаган адам үчүн эмес, коом абалында жашаган адамдар үчүн. Ак ниет болбостон достуктун эч бир түрү болбойт. Достукту пайда кылган дагы, уланткан дагы- ак ниет. Доско жакшылык жасабаган, ак ниеттикти билбеген адам менен достошуу- эч качан жакшы натыйжа бербейт. Сүйүү менен толгон достор бири-биринен жардам күтүүдөн көбүрөөк жардам берүүнү каалашат. Дос кыйынчылыкта сыналат. Ар дайым досуңуз менен болуңуз. Жакшылыкта да жамандыкта да. Мына ошондо сиз чыныгы дос экениңизди далилдей аласыз. А чыныгы доско бул мисал:

👬Атактуу хадис аалымдарынан Вакиди (рохматуллаахи ьалайхи) айтып берет:
“Бир кездерде акчасыз калып, абдан карызга баткан элем. Айт майрамы дагы жакындаган эле. Аялым арызданган үн менен: “Бизди кой, жокчулукка эптеп сабыр кылабыз. Бирок, мына бул балдарыбыздын абалы кандай болот? Алар кошуналардын балдарыр кооз, кымбат кийимдер менен жүрүшөөрүн көрүшөт. Биздин балдардын болсо эскиси жеткен, жыртык кийимдери гана калды. Булардын кийимин камсыз кылгыдай каражат жетиштириңиз”.
Ошол абалда Хашими деген досума барып, абалымды айтып жардамдашуусун сурандым. Ал мага 1000дирхам (күмүш акча) салынган, оозуна мөөр басылган кесени берди. Ал жерден чыгып келе жатканымда башка бир досум менен кезиктим. Ал да мага өтө зарыл акча керек болуп тургандыгын айтты. Мен колумдагы мөөр басылган кесени ага бердим. Аялыман уялганымдан ал түндү мечитте өткөрдүм. Таң эрте үйгө барып аялыма болгон окуяны айтканымда, менин бул ишимди жакшы кабыл алды. Мени уялтпады. Мен ушундай чарасыз абалда олтуршанымда Хашими досум колуна мөөр басылган кесени көтөрүп кирип келди. “Чыныңды айтчы?! Мен сага берген акчаны эмне кылган элең?”- деди. Мен болсо башыман өткөндөрдү айтып бердим. Ошондо ал мага :

“Сен менден жардам сурап келгениңле сага берген мына бкл акчамдан башка эч нерсе жок эле. Өзүмдүн дагы муктаждыктарым бар эле. Сен кеткенден кийин карызга акча табуу үчүн сыртка чыктым. Бир аз жүргөн соң досум менен кезиктим, ага жагдайымды айтканымда мага мөөр басылган кесесин берди. Көрсө, ага бул акчалардв сен берген экенсиң”. Мына ошентип бул үч достун колунда эч кандай иштетилбестен айланган болот.
Чыныгы достор ушундай болот. Алар өздөрү бир нерсеге муктаж болуп турса да бири-бирине жардам беришет. Бул икаяда чоң сабак алсак болот. Эң алдын айтып өткөндөй алар жардам күтпөстөн бири-бирине жардам колун сунушат.
Ал качан гана жыгылганда колуңузду сунбастан, анын жыгылуусуна жол бербеңиз. Достошууда кандай адам менен достошуп жатканыңызга көңүл буруңуз. Анткени, киши досунун жолунда болот.

К. Гельвеций айткан экен: “Досуңдун ким экенин айтып берсен, мен сенин ким экениңди айтып берем”.
Сиздин досуңуз математика сыяктуу болсун: кубанычыңызды көбөйтүп, өткөндү чыгарып, кайгы-капаңызды бөлүшүп, жарымды топтоп, жүрөгүңүздүн түпкүрүндөгү муктаждыктарыңызды эсептеп жана ар дайым бардык бөлүкчөлөрдүн эң чоңу болуусу зарыл. Достун эң жакшысы- Аллага таянууңа жардамы тие турган, аны эсиңизден чыгарган учурда эсиңизге салуучу болсун. Сиз аны көргөндө эле Аллахты эстеп тургудай болсун. Ал эми жаман дос- көлөкө сыяктуу. Күн тийип турганда качып кутула албайсың, күн бүркөлгөндө издеп таба албайсың. Дос тандоодон жаңылбаңыз. Эгер сиз чыныгы досту тапкыныз келсе, бир көзүңүздү жумуңуз. Ал эми достукту сактап калгыңыз келсе, эки көзүңүздү жумуңуз. Достукту сактоо үчүн кечиримдүү болуңуз. Аны ар дайым кадырлай билиңиз. Анын ыңгайына караңыз. Досунуз бир көздү болсо, ага капталыңызды салып отуруңуз. Ушуну менен достук бекемделет))

📝Аллахым баарыбызга чыныгы, Акыреттик достордон насип этсин.

👤 Нуриза Кармышакова

👨👩👧👦 Бактылуулук формуласы

Запись ДОС СЕНИН КҮЗГҮҢ.. впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Чындыгында Ислам дини кошунанын акысын бийик кылып койду. Пайгамбар, саллаллаху алайхи уа саллам айтты:

“Жебрейил периште кайра-кайра кошунаңа жакшылык кыл деп айта бергенинен улам, кошуна дагы мурас алат экен деген ойго чейин бардым”.

Аллах Таала Куранда да кошунаны урматтоого буйруп, Өзүнүн Китебинде мындай деп айтты:

“Аллахка ибадат кылгыла. Анын бардык өкүмдөрүнө моюн сунгула жана Ага эч нерсени шерик кылбагыла. Ата-энеңерге, тууган-уругуңарга, жетимдерге, кедей-кембагалдарга, тууганчылыгы бар кошунаңарга, бөтөн кошунаңарга, жаныңардагы жолдошуңарга, мусапыр карыптарга, кол астыңардагы адамдарга айбандарга да жакшылык кылгыла. Аллах текебер, мактанчаак адамдарды сүйбөйт”. (Нисаа сүрөөсү, 36-аят)

Ал эми башка бир хадисте Пайгамбар, саллаллаху алайхи уа саллам, кошунаны сыйлап урматтаганга үндөп мындай деп айтты:

“Эгерде ким Аллахка жана акыретке ыйман келтирсе, анда ал кошунасын сыйласын”.

Керек болсо, кошуналарга жакшылык кылуу ыймандан деп Пайгамбар, саллаллаху алайхи уа саллам, мындай деп айткан:

“Менин жаным Анын колунда болгон Затка ант, пенде өзүнө каалаган жакшылыкты кошунасына да кааламайынча ыйманы толук болбойт”.

Эгерде ким кошунасына жакшы мамиле кылса, Аллахтын алдында эң жакшы адамдардын катарында болот.

Пайгамбар, саллаллаху алайхи уа саллам, айтты:

“Аллахтын алдындагы достордун эң жакшысы – өзүнүн досуна эң жакшы мамиле кылгандары жана Аллахтын астындагы кошуналардын эң жакшысы – өз кошунасына жакшы мамиле кылгандары”.

КОШУНА ДЕГЕН КИМ?

Кошуна бул – мусулман болсун же каапыр болсун, ал сага жакын жашаган адамдар. Ал эми канча аралыкка чейин жашаган адамдарды кошуна деп айтабыз деген суроого аалымдар бир нече жоопторду айтышкан, алардын эң жакынын алып көрсөк, кошуна бул – адамдардын үрп-адаттарында канчалык аралыкты кошуна деп айтылса, мына ошол аралыкта жашаган адамдардын баарысы сага кошуна болуп саналат. Мындайча айтканда кошуна деп – ар бир элдин өзүнүн адатына карап кошуна болуп саналат.

Кошунанын дагы бир нече түрү бар:

1. Тууганчылыгы бар мусулман кошуна.
2. Тууганчылыгы жок мусулман кошуна.
3. Тууганчылыгы бар каапыр кошуна.
4. Тууганчылыгы жок каапыр кошуна.

Ал эми бул кошуналар көпчүлүк учурда бирдей укуктарга ээ болушат, кээ бирлери гана тууганчылык же бир туугандык даражалар менен бири-биринен айырмаланат.

КОШУНАНЫН ТҮРЛӨРҮ

Кээ бир адамдар кошуна бул бири-бирине жакын жашаган адамдар гана деп ойлошот. Ооба! Мында эч шек-күмөн жок, бул көрүнүш кошунанын эң негизги түрү болуп саналат. Бирок кошуна деген сөз өзүнө бир нече түшүнүктү камтыйт. Айта кетсек, сени менен чогу иштеген кесиптешин да кандайдыр бир даражада сага кошуна болот же базардагы сенин айланаңдагы адамдар болсун же мектептеги парталашың болсун, жадагалса авто унаага адамдар менен чогу отурушуң да убактылуу кошуна болуп саналат.

КОШУНАНЫН АКЫЛАРЫ

Ислам дининде кошунанын акылары өтө көп. Алардын ичинен эң негизгилерин айта турган болсок, төмөнкүлөр:

1. Салам берсе алик алуу жана өтүнүчүнө жооп берүү.

Бул көрүнүш жалпы мусулмандардын бири-бири менен болгон мамилеси, бирок бул сүннөттүн кошуналар арасында болушу бири-бирине болгон жылуу мамилени күчөтүп жана алардын арасындагы касташып, душмандашуунун жолун жабат.

2. Кошунага зыян бербөө.

Дегеле адам баласынын бири-бирине зыян бериши чоң күнөөлөрдөн болуп саналат, ал эми кошунасына зыян берген адам эч шек-күмөнсүз чоң күнөөлөргө батат. Пайгамбар, саллаллаху алайхи уа саллам, кошунасына зыян берген адамдар туурасында өтө катуу эскертүү берип, мындай деп айтты:

“Аллахка ант болсун, ыйман келтирбейт! Аллахка ант болсун, ыйман келтирбейт! Аллахка ант болсун, ыйман келтирбейт!” Ошондо сахабалар сурашты: “Оо Аллахтын Элчиси! Ал кандай адам?”. Пайгамбарыбыз, саллаллахи уа саллам, айтты: “Кошунасына тычтык бербеген адам”.

Бир күнү бир сахаба Пайгамбар, саллаллаху алайхи уа салламга келип:

“Оо, Аллахтын элчиси! Бир аял бар, ал күндүзү орозо кармап, түнкүсүн намаз окуйт, бирок аны менен катар кошунасына тили менен зыянын тийгизет”– деди. Пайгамбар, саллаллаху алайхи уа саллам айтты: “Андан жакшылык жок, ал тозоку болот”– деди.

Күндөрдүн биринде бир сахаба Пайгамбар, саллаллаху алайхи уа салламга, келип кошунасы ага тынчтык бербей жатканын кабар берди. Пайгамбар, саллаллаху алайхи уа саллам ага: “Сабыр кыл”– деп айтты. Бирок бул көрүнүш үчүнчү жолу кайталанганда Пайгамбар, саллаллаху алайхи уа саллам: “Буюмдарыңды көчөгө чыгарып сал”– деп буйруду. Сахаба Пайгамбарыбыздын айтканын тез аткарды жана адамдар буюмдарды айланып өтүшүп ал туурасында сурашып жатышты, качан кошунасы тынчтык бербей жатканын билишкенде ар бир адам кошунасын каргап жатышты. Баягы зыян берген кошуна Пайгамбар, саллаллаху алайхи уа салламга, келип: “Мени адамдар каргап жатышат”– деп арызданды. Ошондо Пайгамбар, саллаллаху алайхи уа саллам, айтты: “Чындыгында Аллах сени адамдардан алдын каргаган”.

3. Кошунанын башына түшкөн кыйынчылыгын бөлүшө билүү.

Чындыгында кошунанын башына түшкөн кыйынчылыгын бөлүшүү эң жакшы сыпаттардан болуп саналат. Көпчүлүк адамдар баштарына кыйынчылык түшсө, бири-бирине жардам беришет. Бирок ошол кыйынчылыкты сабырдуулук менен бөлүшкөн адамдар гана Аллахтын астында даражалары бийик болот.
Аллах таала Курани Каримде мындай деп айтты:

“Душманың жасаган жамандыкка жакшылык менен жооп кыл”.

Жана дагы Аллах айтты:

“Кимде-ким зулумга сабыр кылса жана заалымды кечирсе – бул өтө улуу иштерден».

Хасан Басрий айтты:

“Жакшы кошуна деген – анын башына түшкөн кайгыны бөлүшүүдө эмес, жакшы кошуна деген – анын берген зыянына сабыр кылуу”.

4. Кошунага зыярат кылуу жана муктажтыгына жардам берүү.

Бул нерсеге Пайгамбар, саллаллаху алайхи уа салламдын, бул айткан хадиси далил болот, ал айтты:

“Эгерде кимде-ким кошунасы ачка жатканын билип туруп, өзү тоюп жатып алса, анда ал мага толук ыйман келтирбейт”.

Чындыгында сахабалар кошуналарын тез-тезден зыярат кылып турушаар эле, ал эми муктаждыктары болуп калса, канын-жанын да, малын да, убактыларын да аябастан тез арада аткарышар эле. Эгерде белек-бекче келип кала турган болсо, биринчи эле кошунасына жөнөтчү, ал эми ал кошунасы кийинки кошунасына жөнөтүп, анысы кийинкисине жөнөтүп олтуруп, акыры баягы белек биринчи берген адамдын өзүнө келип калган учурлар болот эле.
Абдуллах ибну Умар (Аллах алардан ыраазы болсун) кой сойуп жатып баласына айтты: “Койдун терисин сыйрып, жиликтеп бүткөндөн кийин биринчи эле жөөт кошунабыздан баштагын”– деп айтты.

Айша энебиз Пайгамбар, саллаллаху алайхи уа салламдан, мындай деп сурады: “Чындыгында мага жакын эки кошуна бар. Белегимди кимисине биринчи берсем”– деп. Ошондо Пайгамбар, саллаллаху алайхи уа саллам, айтты: “Эки кошунаңдын кимисинин эшиги сага жакын болсо, ошонусуна бер”– деди.

5. Кошунанын жамандыгын жашырып, абийирин сактоо.

Баарыбыз адам баласы болгон соң периштелер жана пайгамбарлардан башкасы, албетте ката кетиребиз. Кандай адам болбосун, жашоосунда ката кетирет. Мисалга алсак, жубайы менен же бала-чакасы менен тил табышпай калган учурлар да болот. Кошуналар негизинен көпчүлүк учурда мындай жаңжалга күбө болуп калышат. Ал эми кошунанын Исламдагы милдети – анын үйүнөн көргөн жамандыгын жашырып, жакшылыгын айтуу. Кыргызда “алыскы туугандан жакынкы кошуна артык” деп бекеринен айтылган эмес.
Башка эле мусулмандын абийрин жашырсаң, Аллах сенин да абийириңди эки дүйнөдө жашырат, ал эми кошунанын жамандыгын жашыруу милдеттүү ваажип амалдардын катарына кирет.

Аллах Таала Курани Каримде айтты:

“Ким салих амал кылса өзүнө пайда. Ким күнөө иш жасаса өзүнө зыян. Сенин Раббиң пенделерге зулумкер эмес”.

Жалпы мусулмандар кошуналык милдеттерин аткарып эки дүйнөдө бактылуу болууларын Аллахтан сурайбыз.

Зейд Зулкарнайн уулу
ИсламОнлайнKG

Запись КОШУНАГА ЖАКШЫЛЫК КЫЛУУ – ЫЙМАНДАН впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Бул эки жигиттин бирөөсүнүн бешиктен бели чыга элек, экинчисинин жашы жетиге жете элек мезгилде, эрте жазда атасынан айрылышкан. Бечара Бөрүбай тырмалаңдап  эс тарткандан баштап отуз жылдык өмүрүнүн аягына чейин дыйканчылык менен күн  өткөрдү. Жерден кар кеткен тээ алашарбыттан баштап, күнү күркүрөгөн  кеч күзгө чейин желкесинен кетмен түшпөй, жер менен сырдашып, жер менен акылдашып дыйканчылык кылчу. Элдин баары Бөрүбайды тыккан киши  дешчү. Ананчы, анын короо-жайы да, эгин айдаган  талаасы да, башкалардыкынан башкача болуп турчу. Иреттүү, баарысы орду-ордунда, буюм-тайымдары да жай-жайында турчу. Кандай ишке бел байлабасын майын чыгара, чын дилинен аткарчу. Ошого анча-мынча алканы калыңдар эгин-тигин айдатып, септиргенде, сугарганда, жыйнаганда Бөрүбай тыкканды мандикер жалдашчу. Өмүрү кыска экен, ошентип дыйканчылык кылып жүргөн  күндөрдүн биринде кокусунан жүрөгү кармап, талаадан үйүнө араң келип үзүлгөн.

Андан бери канча суулар агып, күн кеч кирип, таң атты дейсиң. Ошол убакыт жебеси менен жарышып, анын балдары да бойго жетишти. “Алма сабынан алыс түшпөйт” дегендей балдары да атасын тартып жакшы чыгышты. Бирөөлөргө пайдасы тийбесе, зыяны тийбейт булардын. Кол арага жарагандан бери эле экөөсү тең тырышчаак. Дыйканчылык, чарбачылык менен күн көрүшөт. Бошой калышканда кимдир бирөөнүн үйүн шыбап, тамдарын жаап дегендей устачылык да кыла коюшат, бир туугандар биргеликте.

Быйыл эрте жазда ага-ини масилеттешип, айылдын мал жандыгы кышкысын жайылган кара кырдын артындагы “Дасторкон -Тахта” аталган тегиздикке жаздык себишкен. Ошол күндөн бери бир туугандардын буту ушул жакта. Бири коюп бири кезек менен кароолчулук кылып жүрүштү. Бешенелерине быйыл  күн жаанчыл келип, буудайлары жакшы болду. Кечээ жакында орушуп, кырман бастырышты. Тоодой болуп үйүлгөн кырмандын четинде ага-ини кылган мээнеттеринин акыбетин кайтарып бергенине Жаратканга шүгүрчүлүк айтышып, алган  түшүмдү кантип  бөлүшөөрүн масилеттеше баштады. Алгач агасы: Иним кудайга шүгүр. Быйыл куруу кол калтырбады. Атам ыраматылыктын; Дыйканчылыкта өтө сооп көп. Биринчиден, “оп бысмылда” деп, жакшы ниет менен жерге  дан чачсаң, аны жер астындагы курт-кумурскалар жейт. Мында бир сооп. Экинчиден, ал өсүп чыгып. Дан байлаганда куш-чымчыктар азыктанышат, буга дагы бир сооп, анан жыйын-терим болгондо алган түшүмүңдөн бей-бечарага,  жетим-жесирге, жакыр-жалчыга үшүр бересиң. Мында дагы бир сооп. Анан калганын өзүн бала-чакаң менен пайдаланасың-бул нерсеге дагы бир сооп жазылат” – дегенин кулагым чалган эле. Эгер макул көрсөң, эң алгач кырмандан айылыбыздагы Абдирашит акенин балдарына үшүр берели. Кантсе да, ал кишинин көзү өтүп кеткенден  бери жаш балдары аябай кыйналып калышты. Анан кырманды тең экиге бөлөлү деп сөз баштады.

Жанатан бери агасынын сөзүн муюп угуп олтурган иниси макул дегенсип баш ийкеди. Кырмандан алгач үшүр берилди. Анан тең экиге бөлүндү.

Ташууга келгенде иниси агасына:

-Мен карап турайын сиз биринчи ташыңыз. Келгениңизде мен жөнөйүн. Кезек-кезек менен ташыбасак. Жол алыс чарчап калабыз” – деген сунушун айтты. Бул пикир агасына да макул келди. Ал бир эки кап буудайды эшегине артып үйүнө жол алды. Агасы көздөн кайым болгондон кийин инисине бир ой келди. Бул пикир чындап таң калыштуу эле. Ал өзүнчө жалгыз башымды эптеп багамын. Агама кыйын. Кантсе да, жаш балдары бар. Кой өзүмө тийген тийешеден ага билдирбей кошуп салайын деп ойлонду да, агасы келгиче бир челек буудай салып, агасы тарапка төгүп койду.

Арадан бир канча убакыт өткөндөн соң агасы келди. Инисине буудай капташып жолго салды. Ал нарыраак жылганда, агасынан башында да бир ой кылт этти. Өзүнчө менин үй-бүлөм бар. Эптеп күнүмдү көрөмүн. Ушул иним бойдок жүрөт. Буудай  көбүрөөк тийсе сатып, бүлөлүү болуп алса ажеп эмес. Ке, жакшысы ага билдирбей, өзүмдүн энчимен кичине кошуп салайын деди да, инисинин буудайына бир челек төгүп койду.

Эки бир туугандын мындай бири-бирине болгон урматына, сыйына, ызаатына ыраазы болгон жараткан, алардын кырманына береке берди. Экөөсү аз гана көрүнгөн кырманды  үч күн бою ташышты. . . .

Нуркамил Абдуллаев, атайын “Formula.kg” үчүн

Запись Кырман (аңгеме) впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

 

Мен көпчүлүк учурда курбу кыздарымдын кайненелери менен тил табыша албай жатканы тууралуу айтышканын угуп калам. Алар “кайненемден тажадым, кылган ишимден кыйкым таап эле отурат” деп көп айтышат. Мен деле алардай келинмин, турмушка чыкканыма 7 жыл болду, жолдошум экөөбүз 3 кыздын ата-энесибиз. Бирок мен кайненеме ыраазычылыгымды гана айткым келет.
Мындан 7 жыл мурун, 11-класста окуп жаткан кезимде апамдын каалоосу менен жолдошумдун үйүнө келин болуп баргам. Азыр ойлосом, өткөөл курактагы турмушту оюнчук ойлоп жүргөн кезим экен. Ошентип, мектепке кайын журтумдукунан бара баштадым. Оюмдун баары көчөдө, кыздар менен отуруп кээде үйгө кеч барам. Кечкисин бийге баргым келет, кыздар менен көчө кыдыргым келет. Ар нерсени жегим келет, жарашыктуу кийим кийгим келет. Кызыгы, мунун баарын каалап эле тим болбостон аткарганга шашылчу элем. Өз үйүмдө көрсөтпөгөн кылыктарымдын баарын кайненеме көрсөтөм, ыйлайм, кыскасы, корс мүнөзүмдү сыртка чыгарып алчу элем. Азыр ойлосом, кайын журтум, өзгөчө кайненем менин өткөөл курагымдагы кыял-жоругумдун баарына чыдаптыр.
Акыркы коңгуроого башыма бантик байлап кайненем жиберген. Турмушка чыккандан кийин 2 жыл төрөй алган жокмун. Организмим деле жаш болсо керек. Ойлоп көрсөм, төрөгүчө кайын журтумдун кичүү кызындай эле ойноп-күлүп жүрө бериптирмин. Ошондуктан азыр төркүнүм менен өтө сый мамиледемин. Жаш кезде турмуш кургандыктан, кичинемден эле кайненемдин колунда өскөндөй сезим жаралып калган. Өзүмдүн апама көп сырымды айта албайм, көрүшкөндө ортобузда аралык сакталат. Кээ бирлердей болуп эне-баладай элжирешип отурбайбыз. Бирок муну кайненем менен кылам, сырдашабыз, түн бир оокумга чейин сүйлөшүп отурабыз. Ал кеп-кеңештери менен бөлүшүүдөн тажабайт, мен аларды эсиме түйүп калууга аракет кылам. Анын мага жасаган мамилесин көрүп, жолдошумдун энеси ушундай экендигине ыраазы болом. Бир канча күн көрүшпөй калсак, ар дайым телефондон ал-акыбалымды сурап турат. Анан үйгө келгенде жүзүмдөн өөп, эркелетип тосуп алат.
Өзүм 3 кызды төрөгөнүм менен, алар мага бир туугандай, алардын баарын апакем
(кайненем) багып чоңойтту.
Ушул күнгө чейин мага карата катуу сүйлөгөн эмес. Бул анын мени сыйлагандыгы деп түшүнөм.
Кээ бир кайненелер келиндери жаман мамиле жасашса таң калышат, мунун негизги себеби – кайненелер өздөрү келиндери жаңы келгенде алардын жүрөгүн оорутуп коюшкандыгы болсо керек. Анткени жашоомдо келинди анчалык сыйлай бербеген кайненелерди көп эле кезиктирдим. Аларды көрүп ошол эне кызына да кайын журту ошондой мамиле жасашын каалайт бекен деп ойлойм. Мындай окуялардан улам көп кыздар турмушка чыккандан заарканышса керек.
Жашоомдун бул бөлүгү менен бөлүшкөнүмдүн себеби – беш кол тең эмес. Дайыма эле келиндерди күнөөлөй берүүнүн кереги жок. Кайненелер дагы жылуу сөзү менен келинди өз кызындай кабыл алышса болот деп айткым келет.
Мени өз кызындай көргөн кайненеме татыктуу карылык тартуулагым келет.

  1. Гүлбарчын

Запись «КАЙНЕНЕМЕ ТАТЫКТУУ КАРЫЛЫК ТАРТУУЛАГЫМ КЕЛЕТ…» впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

https://www.youtube.com/watch?v=S52G5LtQK_Q

Запись Аялым экөөбүз уруша беребиз. Эмне кылсак болот? впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Оо, аялдар жамаатты карагыла,
Жакшы-жаман амалдарды байкагыла.
Оозуңарды жаман сөздөн тыя албай,
Күйөөңөрдүн каргышына калбагыла!

Силер барда үйдүн ичи шаңга толот,
Силер барда үй-бүлөбүз жарык болот.
Шаңга бөлөп, жарык кылып жүрсөңөр,
Жакшы амалдын акырети Бейиш болот.

Бирок билгин, аял заты бур көңүлдү!
Каргабагын, жаман көрбө күйөөңдү!
Жарым жаның, үй-бүлөңдүн башчысына,
Күлүп карап, жылытып кой жүрөгүңдү!

Күйөөң иштен чарчап келген убакта,
Тосуп алгын, жаркыраган маанайда,
Кабак бүркөп түшүрбөгүн маанайын,
Күлүп-жайнап тосуп алгын ар дайым!

Сен күйөөңө Жараткандан аманатсын,
Муз жүрөктү ээритип, жылытаарсын.
Жаман болсо, туура жолго баштоочу,
Жаманды да, жакшы адам кыларсың!

Намаз окуп, жакшы амалдар жасабасаң,
Күйөөң келсе , оозуңду ачып, каргап турсаң,
Билип койгун намаздарын кабыл болбойт,
Кеч болсо да ыраазылыгын ала албасаң!

Бар нерсеге ыраазы болуп турбасаңар,
Дүйнөбүздөй дүнүйөгө тойбойсуңар!
Намаз окуп жүрбөсөңөр таза жолдо,
Анда силер ыйман даамын татпайсыңар!

”Кетип калды, ал аялга, бул аялга,
Жыргатпады эмне кылды балдарына?”
-дейсиң дагы, жүрөгүңдү муздатасын,
Эмне кылдың, дэги өзү жолдошуңа?!

Мындай келген хадисинде Пайгамбардын:
“Көпчүлүгү тозокто” дейт аялдардын.
Таң калыша сахаабалар сураганда,
Айтып берди аялдардын каргаганын!

Аялына жаман сүйлөп, таарынтпаса,
Күйөөсүнүн бир жаманын байкап калса,
”Өмүр бою бир жакшылык көрбөдүм”-дейт,
Акырети тозок болот , чанып жатса!

Көп баланы төрөп берүү милдетин,
Жолдошуңа ар дайым сен башыңды ийгин,
Капа болуп, урушса да жолдошуң,
Сөзүн угуп,сыйлап, ага күлүп киргин.

Динчил аял күйөөсүнүн билет баркын .
Дин аялды күйөөсунө кылат жакын,
Жакшы-жаман күндөргө да сабыр кылып,
Бактылуусу, татыктуусу болот анын!

Оо, Аялдар! Болбосоңор шарияттын өкүмүндө!
Анда ыйлап , бактым жок деп сен өкүнбө!
Чын бакытты издеп көргүн Исламдан,
Мына ошондо өкүнбөйсүң сен өмүрдө!

Азгырылба жаман жолдо жүрбөгүн!
Тообо кылгын, шайтан жолго түшпөгүн!
Азгырылып, сен шайтандын торуна!
Ажал жетсе, тозок отто күйбөгүн!

Автор: БүбүМарьям Ибрагимова.
© БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ


January 09, 2016 at 11:54AM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Ааламдардын тарбиячысы Алла Таалага мактоо болсун. Алланын аяны менен бүт адамзатка адам болуу тарбиясын берип өткөн Му­хаммад пайгамбарыбызга салам-ду­балар болсун.

Учурдагы ар түрдүү көйгөйлүү маселелерди көрүп олтуруп, бу­лардын негизги себеби тарбиянын бузулгандыгы экенин баамдадым. Тарбиянын башаты үй, ал эми үй­дүн түркүгү аял заты. Ошондуктан улуу сөздө “Эне – бул, мектеп” деп айтылат. Эне кандай болсо, бала ошондой тарбия алат. Ал үчүн эне өзүн-өзү оңдоосу керек. Эне ыйман жолунда болсо, бала да ыйман­дуу болот. Аял заты туура жолдон адашкан коомчулукту душман оңой багынтат. Мындай эл жамандыкка көп учурайт. Анткени, башкаларды оңдоо аял затынын колунда. А баш­калар аял затын оңдой албайт. Бир макалда “Аялдар туз сыяктуу. Аны менен бузулган тамактын баарын даамына келтирүүгө болот. Ал эми туз бузулса, аны эч нерсе менен даа­мына келтире албайсың” деп айты­лат. Аял заты Алла көрсөткөн тартип менен жашап, Куран жана хадисте көрсөтүлгөн жолдон чыкпаса гана оңоло алат. Өзү оңолгон эне балага татыктуу тарбия берет. Эми суроо туулат, балага тарбияны кайсы учур­дан баштап берүү зарыл? Тарбия берүүдө ийгиликке жетүүнү каала­ган эне тарбияны бала төрөлө элек­те баштоосу керек. Эмесе энелерге алгачкы насаат, боюнда бар энелер төмөнкү иштерди аткаруусу зарыл.

  1. Эне көбүрөөк Куран окуш ке­рек. Эгер окуй албаса окулган Ку­ранды угуусу зарыл. Курсактагы бала эне эмнени укса ошону кабыл алат. Бул келечекте баланын акыл­дуу, зээндүү болуусуна шарт түзөт.
  2. Эне намаз окуп, жана башка ибадаттарды аткаруусу керек. Иба­дат кылганда адамдын жан дүйнөсү эс алат. Мына ушул учурда курсакта­гы бала да эс алып, жакшы жетилет.
  3. Эне өзүн оор басырыктуу алып жүрүүгө тийиш. Боюнда бар кезде эч ким менен урушууга болбойт. (Не­гизи эле урушуу туура эмес, жаман адат). Эне канчалык тынчтыкта жа­шаса, бала да ошончолук тынч, оор басырыктуу болот.
  4. Болочок ата менен эненин ор­тосунда бири-бирине мээрим төгү­лүп туруусу керек. Айрыкча эне баш­калардан жакшы сөздү гана угуусу кажет.
  5. Эне таза эмес (арам) тамактар­дан өзүн сактоосу керек. Эне эмне менен тамактанса, бала ошону ме­нен азыктанат. Арам тамактар али төрөлө элек баланын канын бузуп, анын ден-соолугуна зыянын тийги­зет.
  6. Арак, тамеки сыяктуулардын жанына жолобоосу кажет.
  7. Эне ар дайым курсагындагы балага тирүү адамга кайрылгандай кайрылып, ага жакшы сөздөрдү ай­тып туруусу зарыл.

Мына ушул сыяктуу жакшы иш­тер менен алектенген эне төрөлө элек баласына жакшы тарбия берип жатам деп ишенсе болот. Ал эми бала төрөлгөндөн баштап эмне кы­луу керек? Бул туурасында анан кеп кылабыз.

Бала төрөлгөнгө чейин бо­лочок эне өзүн кандай алып жү­рүү керектиги тууралуу айтылып өттү. Эми бала төрөлгөндөн ки­йин ата-эне кандай иштерди атка­руусу керек. Мына ушуга учкай токтолобуз.

  1. Исламда бала төрөлгөн­дөн соң ата-энеге милдет болгон биринчи амал – анын кулагына азан чакыруу. Азан чакырууда баланын оң кулагына азан, сол кулагына коомат айтылат. Бул амал баланын эң биринчи уккан сөзү Алланын аты болуусу үчүн аткарылат. Демек, өз убагында кулагына азан айтылбай калган балдарга кийин чоңоюп калган­да азан айтуунун кажети жок. Ошондой эле ат коюу менен азан чакыруунун бири-бирине байла­нышы жок. Болгону азан чакыр­гандан кийин балага ат коюлган­дыктан, “азан чакырып, ат коюу” деген каада сакталып калган. Кээ бир аалымдар төрөлгөн ба­ланын кулагына айтылган азан, анын жаназасына тиешелүү деп айтышкан. Бул “төрөлгөн жан­дын өлмөгү бар” деген маанини туюндурат. Б.а. төрөлгөн адам эртедир-кечтир өлөт, анын өмүрү азан менен намаздын ортосундай аз гана мөөнөт.
  2. Ата-эне балага жакшы ат коюусу керек. Анткени, адамдын ысымы аны менен өлгөнгө чейин чогуу болот. Анын жашоо-тур­мушуна да таасирин тийгизүүсү мүмкүн. Ошондой эле Кыяматта ар бир адам ысымы менен чакы­рылат. Ошондуктан балага ат кой­гон мезгилде Аллага жага турган, шариятка туура келе турган аттар­ды тандоо керек. Пайгамбарыбыз (Ага Алланын салам-салаваты болсун): “Ысымдардын жакшы­сы – Абду (кул) деген сөз менен башталган аттар” – деп айткан. Дагы бир хадисте “Ысымдар­дын жакшысы – Абдулла, Абду­рахман сыяктуу ысымдар” – деп айтылган. Мындан сырткары эл арасында кеңири тараган кулак­ка уккулуктуу, жакшы маанидеги аттарды да коюуга болот. Мын­дай аттарды кийин өзгөртүүнүн да кажети жок. Каапыр, динсиз адамдардын ысымы, же шариятка туура келбеген ысымдар коюлуп калса гана аны өзгөртүү керек.
  3. Ымыркайдын чачын алып, анын салмагындай алтын­ды, же анын баасын садака кы­луу керек. Бул садака баланын ар кандай жамандыктардан сак болуусуна себеп болот деген ай­тымдар бар.
  4. Наристе уул болсо эки, кыз болсо бир кой союп жен­тек той берүү керек. Бул амалды бала төрөлгөндөн жети, он төрт, же жыйырма бир күн өткөндөн кийин аткаруу сүннөткө ылайык болот.
  5. Эркек баланы чоңоюп кеткенге чейин сүннөткө олтур­гузуу керек.
  6. Эне баланы эки жыл эми­зүүсү керек. Эненин сүтү бала үчүн табылгыс азык жана дары болот. Эне сүтүн эмген баланын энеге мээрими болот. Энесине мээримсиз болгон балдардын көбү эне сүтүн толук кандуу эм­ген эмес. Ошондуктан эне өз мээ­римин балага сүт аркылуу өткө­рүүсү керек.
  7. Баланы эки жыл эмизген учурда эне жөн гана баланын курсагын тойгузуп жатам деп эсептесе жаңылышкан болот. Эне баланы эмизүү менен анын курсагын гана тойгуз­байт, ага рухий азык берип тарбиялайт. Анткени, эне­нин жүрөгүндө эмне болсо, сүт аркылуу бала ошону ка­был алат. Ошондуктан, бала эмизген учурда эне баласына болгон чексиз мээримин тө­гүп туруусу зарыл. Мындан сырткары бала эмизип жаткан учурда эне жаман ойлордон өзүн алыс кармоого тийиш. Бала эмизип жаткан учурда Куран аяттарын, зикир, тас­бих сөздөрүн кайталап олту­руу пайдалуу.
  8. Тили жаңыдан чыгып жаткан балага “Келме” ай­тууну үйрөтө берүү керек. Баланын тили келме айтуу менен чыкса, келечекте анын дин менен жашоосу жеңил болот, ин шаллаах.
  9. Ал эми тили чыгып, сүй­лөп калгандан кийин ага же­ңил жана зарыл дубаларды үйрөтө баштоо керек.
  10. Бала 4-5 жашка келип калгандан баштап, баардык иштердин (тамактануунун, уктоонун, салам берүүнүн, ажат өтөөнүн ж.б.у.с.) адепте­рин үйрөтө баштоо керек.
  11. Жети жашка толгондо бала менен кыздын төшөгүн ажыратып өз-өзүнчө жаткы­руу зарыл.
  12. Жети жаштан баштап на­маз окууну үйрөтүү керек, он жашка толгончо намазды то­лук үйрөнүп бүтүүсү жакшы.
  13. Баланы берешендикке үйрөтүү үчүн башкаларга жардам берген учурда бала аркылуу же, анын көзүнчө бе­рүү жакшы.
  14. Чыдамкайлыкка үйрөтүү үчүн ар түрдүү жумуштарга жумшап туруу керек.
  15. Балага жалкоолуктун, көп уктоонун зыянын эскер­тип туруу керек.
  16. Бала көтөрүмдүү болуш үчүн көп эркелетпей, кез-кез­де катуу айтып урушуп туруу да зарыл.

Токон Жээнмырзаева, ар­дактуу эс алууда

The post Болочок энеге болумдуу насаат appeared first on FORMULA.KG.


October 13, 2015 at 09:01PM
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Бир жолу мугалим окуучуларынан сурап калды:

-Эмне үчүн адамдар урушканда кыйкырышат?

-Себеби, тынчы кетет,- деди бирөө.

-Адам жанында эле болгон соң неге кыйкырат?-деп кайра суроо салды мугалим.

-Эмне акырын эле сүйлөшсө болбойбу? Капа болгон болсоң неге кыйкырасың?

Окуучулар ар бири өз жообун айтып жатты. Бирок, бирөө да мугалимди канаатандырган жок. Акыры ал өзү мындай деп түшүндүрүп берди:

-Адамдар бири-бирине нааразы болуп, уруша кеткенде алардын жүрөгү бири-биринен алыстай түшөт. Бул аралыкты жоюп, бири-бирин уга билүү үчүн кыйкырганга туура келет. Канчалык катуу капа болушса, ошончолук катуу кыйкырыша баштайт. А, адамдар бири-бирин сүйүп калганда кандай болот? Алар кыйкырышпайт, тескерисинче акырын сүйлөшүшөт. Анткени, алардын жүрөгү бири-бирине жакындашып, ортосундагы аралык өтө аз болот. Аябай сүйүшүп калганда эмне болот?-деп сөзүн улады мугалим:

Сүйлөшүшпөйт, шыбырашып мурункудан да жакын болушат. Акырында аларга шыбырашкандын да кереги жок болуп калат. Бири-бирин көз караштан эле түшүнүшүп калат. Бул бири-бирин сүйгөн эки адам чогуу болгондо болот. Мына ошондуктан чырдаша кеткенде жүрөгүңөрдүн бири-биринен алысташына жол бербегиле, ортоңордогу аралыкты ого бетер алыстата турган сөздөрдү айтпагыла. Анткени, аралык байкалбастан өтө алыстап кеткен учур келгенде, кайтаар жол таппай калышыңар мүмкүн.

The post Жүрөгүңөрдүн бири-биринен алысташына жол бербегиле! appeared first on FORMULA.KG.


September 30, 2015 at 10:40PM
Технологии Blogger.