Halloween party ideas 2015

Абдишүкүр ажы Нарматов

Бисмил-Лаахир-рохмаанир-рохиим.

Мээримдүү жа на боорукер Аллахтын аты менен баштаймын. Аллахка мактоо айтабыз, Андан жардам сурайбыз жана кылган күнөөлөрүбүз үчүн кечирим тилейбиз.

Кимде-ким Жалгыз Аллахка таянып, Ага тобокел кыл са, Аллах аны ызаттуу кылат. Кимде-ким Аллахтан башкага таянса, Аллах аны таянганы менен бирге кор кылат.

Кимде-ким Аллахка гана сыйынып, андан жардам сураса, Аллах ага ыраазы болот.

Кимде-ким Аллахтан башкага сыйынса, ага Аллах ачууланат. Кимде-ким Аллахты жүрөгүнө киргизип, Аны эс тесе, ага Аллах мээримин төгөт.

Кимде-ким Аллахты унутуп койсо, ага Аллахтын азабы болот.

Күбөлүк берем Аллах жалгыз, анын эч кандай шериги жок. Ал бүткүл ааламдын падышасы, Ал эч нерсеге муктаж эмес, биз Ага муктажбыз. Ал, Аллах динибизди Ислам, тынчтыктын дини деп атады. Ал, Аллах адам баласын тынч жашоого буйруду. Күбөлүк берем Мухаммад (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) Аллахтын кулу жана акыркы элчиси. Ал, Пайгамбар (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) тынчтыктын дини болгон Исламды тынчтык менен таратты. Баардык үммөтүн тынч жашоого чакырган улуу Пайгамбар Мухаммадга жана анын үй-бүлөөсүнө Аллахтын саламы жана салаваты болсун.

Урматтуу Мусулман бир тууганым!

Азыркы мезгилде, өлкөбүздө да, шаар жана айылдарда да, ал эмес өз үйүбүздө да, кандайдыр бир тынчсыздануу, чочулоо менен жашап жатабыз. Эмне себептен өз үйүбүздө тынч отура албай калдык? Эмне себептен элибиз эртеңки күнүн элестете албай калды? Аллах Тааланын ыйык китеби Кураанда: «Алар өздөрүн өзгөртпөсө, Аллах берген тынчтыгын алып койбойт» – деп айтылган. Биз динибизден алыстап, аны эски, илимсиз, түркөй адамдардын ишеничи катары карап, ага кайдыгер мамиле жасаган сайын, биздин ортобуздагы ырыс-ынтымакты Аллах Таала алып койду. Кураанда, Аллах Таала: «Аллах силерге бейпилчиликтеги айылды мисал келтирет. Ага ар тараптан мол ырыскы келип турчу. Акырында, Аллахтын жакшылыгына каапырчылык кылышты, ошондуктан Аллах, алардын жасаган зулумдугу үчүн, аларга ачарчылык жана коркунуч тонун кийизип, жапа чектирди» – деп, биз үлгү ала турган аятты айткан. Тилеке каршы, азыр телевидение, газета-журнал, кайсы жерди караба, бирөөнү өлтүрүп кеткен, бирөөнү тоноп кеткен, бирөөнү сабап кеткен ж.б. жаман кабарларды көрөсүң. Бүгүнкү мезгилде, бизге суу менен аба кандай зарыл болсо, тынчтык да ошондой зарыл болуп турган учур. Чындыгында, тынчтык жана бейпилдик Аллах тарбынан пенделерине берилген эң чоң ниьмат-белек. Анын кадырына жетип, сактап калуу ар бир инсандын милдети. Аллах Таала ыйык Кураанда: «Эгер силерге тынчтык болсо, Аллахка шүгүр кылып, Аны зикир кылгыла» – деп айткан. Аллах Таала, эгер машина утуп алсаң шүгүр кыл деген жок, же акча таап алсаң шүгүр кыл деген жок, же башка нерсени айткан жок. Эгер тынчтык болсо, Аллахка шүгүр кылгыла деди. Демек, тынчтык ар бир адам үчүн өтө зарыл жана баалуу. Ошондуктан баардык пайгамбарлардын атасы, даанышман Ибрахим (Ага Аллахтын саламы болсун) Аллахка жалынып: «Оо, Робим! Бул шаарды тынчтыктын шаары кылгын» – деп дуба кылган. Аллах Таала сүйүктүү пайгамбарынын тилегин кабыл кылып, Мекке шаарын тынчтыктын шары кылып койду. Ошол замандан азыркы күнгө чейин Мекке тынчтыктын шаары болуп калды. Балким кыяматка чейин же Аллах каалаган бир заманга чейин, ал тынчтыктын шаары болуп тура берет. Тынчтыктын кадырын, тыечтыктын баасын жакшы билген даанышман пайгамбардын тилеги менен Мекке шаары ушундай артыкчылыкка ээ болуп калды. Тынчтыктын канчалык маанилүү экендигин билдирип, Аллах Таала, Пайгамбарыбыздын Харам мечитине кирүүсүн сүйүнчүлөгөн аятта: «Аллах кааласа, чачыңарды алдырган жана кыскарткан абалда тынчтык менен, эч коркпостон ыйык мечитке сөзсүз киресиңер» – деп айткан. Албетте, бул Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) жана сахабалар үчүн өтө сүйүнүчтүү кабар эле. Анткени мушриктер ажы амалын аткарууга тоскоол болуп жаткан мезгил болчу. Ажы амалын аткаруу үчүн Харам мечитине кирүү өтө кубанычтуу эле. Бирок, андан да өткөн кубаныч, Аллах Таала баса белгилеп айтып жаткан тынчтык кубанычы эле. Аллах Таала, эч кимден коркпостон, тынчтык менен кирүүнү сүйүнчүлөдү. Аллах Таала кээ бир аяттарда, өтө маанилүү нерселер менен ант ичет. Мисалы: убакытка, заманга, күндүз жана түнгө ж.б. манилүү нерселер менен касам ичет. Ошондой аяттардын биринде, Аллах Таала: «Жана бул тынчтык шаарына касам» – деп айткан. Аллах касам ичип жаткан соң, тынчтыктын кандай баалуу экендиги айтпаса да түшүнүктүү. Ар бир мусулмандын каалаганы бейишке кирүү. Бейишке кирүнүн өзү эле чексиз бакыт. Ал эми Аллах Таала ыймандууларга: «Бейишке тынчтык менен киргиле» – деп айтаарын Кураанда белгилеген.

Урматтуу мусулман бир тууганым!

Тынчтыктын бизге канчалык зарыл экенин, азыр жаш балдар дагы жакшы түшүнүп калды. Кайсы жерде тынчтык жок болсо, ошол жерде ый жана кайгы болот. Кайсы жерде тынчтык жок болсо, ошол жерде жокчулук жана ачарчылык болот. Кайсы жерде тынчтык жок болсо, ошол жерде Аллахтын ар түрдүү кырсык-балээлери болот. Ислам дини ар дайым тынчтыкты сактоого чакырат. Тынчтык, биринчи кезекте үйбүлөөдө болууга тийиш. Үй-бүлөөдө талаш-тартыш чыкпоосу үчүн, динибизде ар кимдин укугу жана милдети белгиленип коюлган. Ар бири өз укугун билип, милдетин так аткарган үйбүлөөдө эч качан уруш-жаңжал болбойт. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бир хадисте:

– «Баарыңар кайтаруучусуңар жана кайтарганыңарга жооп бересиңер. Имам кайтаруучу жана кайтарганына жооп берет. Ата үйүнө кайтаруучу жана кайтарганына жооп берет. Эне үй ичине кайтаруучу жана кайтар ганына жооп берет. Баарыңар кайтаруучусуңар жана кайтарганыңарга жооп бересиңер» – деп айткан. Ошондой эле:

– «Үйүнө кирген адам: Ассалааму алайкум, Аллахтын тынчтыгы болсун деп салам айтып кирсе, ал үйдө береке болот» – деген. Андан кийин, мусулман адам кошуналары менен тынчтыкта жашоосу керек. Пайгамбарыбыз: (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)

– «Ким, Аллахка жана кыямат күнүнө ишенсе кошунасы менен жакшы мамиледе болсун» – деп айткан. Ошондой эле Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бир жолу сахабалары менен отуруп:

– «Аллахка ант ичип айтам ыймандуу боло албайт, Аллахка ант ичип айтам ыймандуу боло албайт, Аллахка ант ичип айтам ыймандуу боло албайт» – деп кайталайт. Сахабалар:

– Оо, Аллахтын элчиси, ким ыймандуу боло албайт – деп сурашканда, Пайгамбарыбыз: (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)

– «Жаман адаттары менен кошунасына тынчтык бербеген адам» – деп жооп берди. Андан соң, мусулман адам жалпы коомчулук менен тынчтыкта жашоого тийиш. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бир хадисте:

– «Бир адам мечитке келгенде же базарга барганда, колунда жаанын огу болсо, аны учунан кармабасын» – деп айткан. Бир мусулманга курал сунуп, аны өлтүрүү мындай турсун, жөн эле куралды ага каратып көтөрүү күнөө болуп эсептелет. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) бир хадисте:

– «Мусулман экинчи бир тууганына курал кезебесин, шайтан аны аттырып коюусу мүмкүн» – деп айткан. Ошондой эле маанидеги экинчи бир хадисте:

– «Кимде-ким ата-энеси бир болгон мусулман бир тууганына тамашалап болсо да курал кезесе, аны алмайынча периштелер ага лаанат айтат» – деген. Чындыгында, мусулманды курал менен эмес жөн эле коркутууга да болбойт. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)

– «Бир мусулманга экинчи мусулманды коркутуу арам» – деген. Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) Мекке шаарына жеңиш менен кирген кезде, душмандар катуу коркунучка дуушар болушкан. Бирок, тынчтыкты даңазалаган Пайгамбар (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) кечээ эле өзүнү Меккеден кууп чыгарышкан дин душмандарына алардын оюна келбегендей иш жасады. Пайгамбарыбыз (Ага Аллах тын салам-салаваты болсун) кереметтүү Меккеге кирген кезде:

– «Ким, мечит ичине кирсе аман болот. Ким, Абу Суфяндын үйүнө кирсе аман болот. Ким үйүн бекитип отурса аман болот» – деп, алардын баарына тынч жашоону тартуу кылды.

Урматтуу мусулман бир тууганым!

Эгер биз жакшы жашоону максат кылсак, анда биринчи кезекте тынчтыкты сактообуз керек. Анткени жашоодогу баардык жамандыктар ынтымактын жокту гунан болот. Пайгамбарыбыз: (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)

– «Бири-бириңерге ичи тардык кылбагыла, бирибириңерди жаман көрбөгүлө, бири-бириңерден жүз буруп кетпегиле. Мусулман мусулмандын бир тууганы, ага зыян бербейт жана кыйынчылыкта таштап кетпейт. Такыбалык жүрөктө болот. Бир мусулманга, экинчи мусулманды кемсинтүү, жетиштүү күнөө болот» – деп айткан. Ошондой эле бир хадисте, Пайгамбарыбыз: (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун)

– «Бөлүнүп-жарылуудан сактангыла, анткени ал жакшы жашоону жок кылат» – деп айткан.

Бүгүнкү күндөгү бөлүнүп жарылуулар, бизге зыяндан башка эч нерсе алып келбейт. Биз, исламдын тынчтыкты максат кылган дин экенин эч качан эсибизден чыгарбашыбыз керек. Динибиздин аты тынчтык. Динди бизге мыйзам кылып берген Аллах Тааланын ысымдарынын бири «Ассалам» тынчтык деген маанини билдирет. Ар бирибиз үмүт кылган улуу бейиштин бир аты «даарус-салаам» тынчтык коргону деген маанини билдирет. Биздин саламдашуубуз «ассалааму алайкум» сизге Аллахтын тычтыгы болсун деген маанини билдирет. Бир күндө канча жолу жолуксак, ошончо жолу саламдашып, бири-бирибизге тынчтык каалайбыз. Ибаадаттардын эң зарылы болгон намаздын ичинде, тынчтык сөздөрүн айтабыз. Намазды бүткөн мезгилде, оң жана сол тарабыбызга салам берип, тынчтык каалоо менен бүткөрөбүз. Демек, динибиз башынан аягына чейин тынчтыкты даңазалаган дин экени көрүнүп турат.

Урматтуу мусулман бир тууганым!

Келгиле, өзүбүздүн кетирген кемчиликтерибиз себептүү, айрылып калган бейпил жашоону кайра кайтарып алууга аракет кылалы. Анткени, бир коом өзүн өзгөрт мөйүнчө Аллах Таала аны өзгөртпөйт. Ибну Кайум (Аллах агы ырайым кылсын) айтат: Кайсы жерде илим жок болсо, ал жерде жамандык болот. Кайсы жерде илим болсо, ал жерде жакшылык болот. Демек, биз дагы илим алууну көбөйтүүбүз керек. Ошондой эле көп-көп дубаларды кылуубуз керек. Ибрахим пайгамбардын дубасындай дубаларды кылуу менен Аллахка жалынып-жалбарышыбыз керек. Үчүнчүдөн, даанышмандык жана кеменгердик менен даават кылуу керек. Мына ушул үч жол менен аркет кылсак, Аллах Тааланын каалоосу менен жерибизге тынчтык, элибизге бейпилчилик келет.

Аллахым, биздин өлкөбүзгө тынчтык бергин. Ар бирибизге бейпил турмушта жашоону насип кылгын. үлгү Аллахым, ар бирибиздин билип жана билбестен жасап койгон күнөөлөрүбүздү кечир. Элибизге жакшы жашоону насип кыл. Карыяларыбызга ыйман, жаштарыбызга жакшы адеп-ахлак бергин. Бүгүн ушул жерге кандай чогулткан болсоң, Кыямат күнүндө улуу бейиште да баарыбызды чогуу кылгын. Асслааму алайкум ва рахматул-Лохи ва барактуху…

Запись ИСЛАМ ТЫНЧТЫКТЫН ДИНИ впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.