Halloween party ideas 2015

Ислам банк иши жана каржылоо принциптерин киргизүү жана өнүктүрүү тармагы негизинен 2006-жылы башталган. Ислам өнүгүү банкынын колдоосу менен 1 коммерциялык банктын негизинде пилоттук долбоор жүргүзүлө баштаган. Бүгүнкү күндө мындай тейлөөнү 1 банк жана 5 микрокаржылоо компания көрсөтүп жатат.

Ислам банк иши жана каржылоо принциптери – бул банк операцияларын шариат стандарттарына ылайык жүзөгө ашыруу эрежеси. Шариат стандарттары болсо эл аралык стандарттарын аныктоочу финансылык уюмдар тарабынан кабыл алынган каржылоо болуп саналат. Биздин өлкөдө бул стандарттар мыйзам деңгээлинде кабыл алынган.

Ислам каржылоо принциптери менен иш алып барган банктар салттуу банктар берген тейлөөдөй эле тейлөө көрсөтө алат, а бирок операцияларды өткөрүү эрежелери айырмаланат. Мисалы, банктын ички нормативдик актылары жана типтүү келишимдери шариат кеңеши тарабынан экспертизадан өтүшү зарыл. Ал эми шариат кеңеши бул – финансы, экономика жана теология жагында жогорку квалификациядагы эксперттерден турган атайын банктар органы. Шариат кеңеши жана мүчөлөрү Улуттук банк тарабынан коюлган талаптарга ылайык аткарылыш керек. Билими тажрыйбасы да ушул жаатта болушу зарыл.

Жогоруда белгилегендей. Ислам принциптери менен иш алып барууда анын негизги эрежелери бар. Алгачкысы – пайыздарды алууга (риба) тыюу салынат. А бирок пайыздык мамиленин жоктугу каржылоону бекер же акысыз алууга болот дегенди билдирбейт. Экинчиден- түзүлүп жаткан келишимдин шартында белгисиздиктер (гарар) болбошу керек. Атап айтсам, товардын баасы, төлөм жана башка шарттары так жана белгилүү болушу керек. Үчүнчүдөн – коомго зыяндуу болгон долбоорлорду каржылоого тыюу салынат. Мындай долбоорлорго тамеки продукцияларын, спирт ичимдиктерин өндүрүү, казино жаатындагы ишкерликти өнүктүрүүгө насыя каражаттары берилбейт.

Белгилей кетчү жагдай, адамдардын туткан динине карабастан бардыгыүчүн ислам финансы- кредит мекемелердин кызмат көрсөтүүлөрү жеткиликтүү. Кардарлардын эң көйгөйлүү суроо-талаптарынын негизгиси болуп кардарлардын акча каражаттары аманаттар (депозиттер) боюнча пайданын жана аманаттар менен жүзөгө ашырылган каржылоо операциялары тууралуу маалыматтар кирет.

Мисалы, “Мудараба” деген аталыштагы бүтүм бар. Аталган бүтүм тарабынан төмөнкү 2 учурда пайдаланылат:

– каражат тартуу жолу катары (аманаттарды кабыл алуу);

– каражаттарды жайгаштыруу инструменти катары.

Каражат тартуу “Мудараба” келишими белгилүү мөөнөттөгү тез депозит мында, банк тартылып келинген акча каражатын пайда алып келүүчү инвестициялык долбоорду каржылайт да андан көргөн пайданы кардарлар, башкача айтканда шериктер арасында салынган каражаттын үлүшүнө ылайык бөлүштүрөт.

Мындан башка да депозиттик операциялар бар. Алар “Кард Хасан” жана “Вадиа Йад Дамана”. Алардын ээлерине каалаган финансылык операциялар жеткиликтүү болот. Мисалы, каражатты которуу, валютаны конвертациялоо, коммуналдык жана башка төлөмдөрдү тейлөө, айлык акыны эсепке киргизүү. Банк аманатчылардын каражаттарын адистер тарабынан мыкты изилденип, чындыгында пайда алып келүүчү инвестициялык долбоорлорго гана багытташ керек.

Банктарда эффективдүү корпоративдик башкарууну ишке ашыруу максатында фидуциардык жоопкерчилик сакталыш керек. Бул, банктын өз кардарлары алдында Шариат эрежелерин жана принциптерин сактоо жоопкерчилиги, банктын аманатчыларынын акча каражаттарын талапка ылайык тескөө жана келишимдеринде каралган шарттарды сактоо боюнча жоопкерчилиги. Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө Мыйзамына ылайык 200 000 сомго чейинки салымдар, депозиттерди коргоо системасына катышуусу менен мамлекет тараптан корголгон.

2015-жылы Эл аралык каржы компаниясы Кыргызстандагы Ислам банк иши жана каржылоо боюнча изилдөө жүргүзгөн. Бул изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча микро, кичи жана орто ишканалардын 80% Ислам банк иши принциптери боюнча тейлөө алууну каалаган.

Улуттук банк тарабынан Ислам каржылоо принциптери боюнча ченемдик укуктук базасы түзүлгөн жана бардык шарттар бар десек болот. Улуттук банк дуйнө жүзүндө таанылган эл аралык Ислам финансылоо кызматынын кеңеши ( IFSB) уюмунун мүчөсү болуп кирген.

Запись Ислам банкы деген эмне? впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.