Halloween party ideas 2015

Алланын Элчиси (саллаллоху алейхи васаллам) мындай дейт: «Илгери бир киши: «Мен сөзсүз бир садага беремин.» – деди. Ал түн ичинде садагасын алып чыгып, аны байкоостон бир ууруга кармата берди.
Эртеси күнү эл: «Таң калычтуу! Түндө бирөө бир ууруга садага бериптир!» – деп сүйлөй башташты.
Садага берген киши:
«Йа, Рабби! Сага шүгүрлөр болсун. Мен сөзсүз дагы бир садага беремин!» – деди.
Дагы садагасын алып үйүнөн чыкты. Бул жолу аны байкабай бир сойкуга берип койду.
Эртеси күнү калк кайра:
«Шумдугуң кур! Түндө бирөө бир сойкуга садага бериптир!» – деп ушак айта башташты.
Садага берген киши:
«Йа, Рабби! Сойку болсо да садага бергеним үчүн сага шүгүрлөр болсун. Мен сөзсүз дагы бир садага беремин!» – деди.
Ошол түнү кайра үйүнөн чыкты да, садагасын билбей бир байга берип салды.
Эртеси күнү эл:
«Бул эмнеси?! Түндө бирөө байга садага бериптир!» – деп сүйлөнө баштады. Садага берген киши:
«Иа, Рабби! Ууруга, сойкуга жана байга да болсо, садага бергеним үчүн, сага шүгүрлөр болсун!» – деди.
Бул ыкыласы үчүн түшүндө ал кишиге минтип айтылды: «Ууруга берген садагаң аны, балким, уяткарып, уурулуктанбаш тарттырат.
Сойку, балким, кылганынан баш тартып, намыстуу аялга айланар. Бай болсо, балким, мындан сабак алып,Аллах ага берген мал-мүлктөн муктаждарга таратар.» (Бухарии, Зекет, 14; Муслим, Зекет, 78)..

Бул хадисте айтылган окуянын миңдеген үлгүсү ишке ашканы талашсыз. Мунун бир үлгүсүн паийамбар мураскору, Алланын досу Саами устаздан (куддиса сиррух) көрүү мүмкүн:
Бир киши бул устазга келип:
«Ажы ата! Аллах ыраазылыгы үчүн мага бир тамекинин акчасын берчи!» – дейт. Жеткен жоомарт Саами устаз эч ойлонбостон, жанындагыларды таң калтыра тигил киши сураган акчаны берет. Киши сүйүнгөн бойдон ал жерден кетип калат. Бул окуя бир кишинин көңүлүн өзгөчө буруп, тамекиге акча алган кишинин артынан аңдып жөнөйт. Ал кишинин тамеки эмес, нан сатып алганына таңдануу менен күбө болот.
Мынакей, Аллах үчүн чын ыкыластан берилген садаганын оң таасири! Ошондуктан садага берүүдө алуучуга караганда өз жан-дүйнөбүздү көбүрөөк көзөмөлдөп, чыныгы байлыкка жете алсак, кандай гана чоң бакытка ээ болор элек! Йа, Рабби! Ырайымың жан-дүйнөбүздүн түгөнгүс казынасы болсун! Оомийин!

«Чындыгында, Аллах кулдарынын тообосун кабыл кылат, (чын ыкыластан берген) садагаларды (зекет менен соопкерчиликтерди) алат (кайра кайтарбайт)!» (Тообо: 104) Муну Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллоху алейхи васаллам) төмөнкүчө түшүндүрөт:
«Садага муктажга жете электе эле, Алланын (кудурет) колуна жетет (башкача айтканда, муктажга берилген зекет менен садагаларды, оболу, Аллах алат, анан жардыларга берет).» (Мунавиис, Кунузул–Хакаик, 34) – деген.
Андыктан зекет менен садага берyyдө эң маанилүү нерсе – чын ыкыластан Алланын ыраазычылыгын көздөө.

Соопкерчилик кылгандардын бой көтөрүшү, алкоо күтүүлөрү таптакыр туура эмес. Мындай ой-пикир бул кайрымдуулуктардын соопторун жоюп салат. Тескерисинче, берген алганга ыраазы болуп, Алланын ыраазылыгынын тышында эч кандай максаты болбоого тийиш иш. Анткени Алланын алдында ушундай нерсе гана кабыл кылынат. Азирети Али менен Азирети Фатиманын (Алла алардан ыраазы болсун) бул мааниде кылган бир кайрымдуулуктары мактоого татырлык. Андыктан бүткүл үммөттүн кайрымдуулугу да дал ошолор кылган таризде болууга тийиш экени аятта төмөнкүчө айтылат: «Өздөрү каалап турса да, тамактарын жетимдерге, колунда жокторго жана туткундарга беришет жана аларга: «Муну силерге Алланын ыраазылыгы үчүн берип жатабыз. Силерден буга-жооп иретинде жакшылык да, ыраазылык да каалабайбыз. Чынында, биз Раббибиздин томсоргон, катаал күнүнөн коркобуз.» – дешет. Алла аларды ошол күндүн жамандыгынан коргойт жана аларды жадыраган жаркын маанай менен тосуп алат.» (Инсан: 8-11) ..

Эгерде соопкерчилик кылган киши бул аяттагы абалды жана адеп- ахлакты орундата алса, анда анын жан-дүйнөсүндөгү чын ыкыластуулугу карым-катнашта болгон кишилерине да өтүп, садаганы алган киши ал садагага татыктуу болбосо да, Алланын мээриминен улам туура жолго түшөт…

Динбиздин максаты кандай гана суктанарлык э бир тууганым! –Анын негизги максаты Алланын бир экенин тастыктагандан кийин адепахлактуу, абийирдүү инсандарды өстүрүп чыгаруу жана бул аркылуу бейпил коомду түзүү. Бул улуу даражага жетүүү жан-дүйнөдө чагылган мээримдүүлүк, ырайымдуулук жана анын эң жакшы көрүнүшү болгон зекет, соопкерчиликтер менен гана жүзөгө ашат. Момундун жүрөгү Аллах Тааланын бүткүл макулуктарын мээримдүүлүк менен бооруна басышы зарыл. ..
Жакында мусулмандардын көптөн күткөн улуу майрам Курбан айт келе жатат. Бул майрамдын артыкчылыгын, соопчуулугун сөз менен айтып түгөтүгө болбойт. Анткени бул майрам жалаң жакшылык, курсанчылык, кубаныч тартуулай турган,эң негизгиси Алланын эң сүйүктүү инсандарынын курсан болгон күнү! Демек ниет,ыкластарды туурулап Алланын ыраазылыгына жетүүгө шашылалы! Курбандык чалууга,жакшылык иштерди кылууга бел байлаган мусулман туугандарыбыздын курбандык,жакшылык иштерин Аллах Таалам кабыл кылып, акыреттерине эселеп соопторунан насип кылган болсун! Омиийин!

Запись Жакшылык кылууда башкаларга үлгү болгудай болгун! впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.