Halloween party ideas 2015

Сауд Арабиянын расмий маалымат агенттигинин (SPA) кабарына караганда, Паспорт директорлугу ажылык парзын аткаруу үчүн өлкөнүн тышынан барган 31 адамдын көз жумганын билдирди.

Кабарда алардын эмне себептен каза болгондору жөнүндө маалымат берилген жок.

Паспорт директорлугу, быйыл ажылык милдетин аткаруу үчүн баргандардан орто эсеп менен 614 миңинин аба жолун, 8 миңинин авто жолун жана 487синин деңиз жолун колдонгонун билдирген болчу.

Сауд Арабиянын расмий көрсөткүчтөрүнө караганда, ыйык жерлерди өткөн жылы 1 миллион 900 миң киши зыярат кылды.

Запись Ажылык парзын аткаруу үчүн ыйык жерлерге барган 31 киши каза болду впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.