Halloween party ideas 2015

СУРОО: Жүрөгү түшкөндү көзү ачыктарга, табыптарга көтөртсө болобу? Жүрөгү түшкөнгө кайсы сүрөөнү окуп дем салса болот? Өзүнө өзү дем салсачы?

ЖООП: Өзүңүз “Фатиха” сүрөөсүн окуп, сууга дем салып ичсеңиз же жуунсаңыз болот. Көзү ачык, бакшыларга барган таптакыр туура эмес. Ал эми айылдагы табып сыяктуу колунда эми бар, Кудай тарабынан берилген таланты бар кемпирлер балдардын жүрөгүн көтөрүп коюшат. Бул жакшы нерсе. Анткени алар бакшы эмес, мээримдүү, таланты бар адамдар.

СУРОО: Достор менен баняда парда отуруп, бассейнге  түшсө  болобу?  Бассейнге  ич  кийимчен же шейшеп менен түшүрбөйт.

ЖООП: Достор менен болсо ич кийимчен, тизеге чейин жабылган шейшеп менен түшсө болот. Баары жылаңачтанып малдай болуп жүргөнү арам.

СУРОО: Түнкүсүн  иштеп,  күндүзү  үйдөмүн.  Багымдат  намазын  ошол  жердеги  мечиттен окуйм.  Анан  үйгө  келип  уктап  калам.  Кээде бешимди күтөм.  Анан  кулайм.  Жумушумду таштасамбы?

ЖООП: Жумушту таштабаңыз. Бешим намазынын убагы аср киргенге чейин боло берет. Асрга чейин туруп окуп коёсуз.

СУРОО: Беш маал намаз окуган, бир турмуш башынан өткөн, баласы бар болсо мастуратты кантип  алса  болот?

ЖООП: Эгерде мурдагы күйөөсүнөн талак алып, башы бош болгон болсо никелеп ала бересиз.

СУРОО: Менин колума сөөл жайнап кетти. окутсам жолум жабылбайбы?

ЖООП: Окута бериңиз. Эч нерсе болбойт.

СУРОО: Аллах менен Кудай бир адамбы же башка башкабы?

ЖООП: Адам деген Кудай жараткан макулук. Кудайды адам  дебейт. “Кудай” деген фарс  тилинде, ал эми “Алла”  араб  тилинде. Айырмасы жок, баары бир затка, Улуу жаратуучуга айтылган сөз.

СУРОО: Мен иштеген дүкөндө спирт ичимдиги сатылат. Ал жерде намаз окуса болобу?

ЖООП: Кээ бир аалымдар болбойт деп айтышат. Ичимдик кыбыла тарабыңызда турган болсо, намазыңыз макүрү (жаман) эсептелинет. Бирок, башка бөлмөдө кыбыла тарапта арам нерсе турбаган болсо, намаз дурус болот. Негизи ошол жерде иштеген жакшы эмес. Арам нерсе сатылбаган жерден жумуш тапканга аракет кылыңыз.

СУРОО: 18 жашымда турмушка чыгып, 4 жыл жашап, төрөбөй ажырашып кеткенбиз. Күйөөм үйлөнүп балалуу болгон. Азыр ал “сага кайра үйлөнөм. Экөөң менен жашайм” деп жатат. Кайын журтум үзбөй кабар алып турушат. Макул болсом күнөө болбойбу?

ЖООП: Макул болсоңуз жакшы болот. Керек  болсо, тиги төрөгөн болсо багып алсаңыз андан бетер жакшы болот.

СУРОО: Жолдошум намаз окуйт, мен да окуп баштадым. Окуй электе бирөө менен жаткам. Күндө тообо намазын окуп алладан кечирим сурайм. Кечирилеби?

ЖООП: Иншаллах,  кечирилет.  Кудай  кечиримдүү. Ширктен  башканын  баарын  кечирем  деген.  Ошол күнөөнү  бирөөгө  айтыштын  кереги  жок. Күнөөнү башкаларга  айтуу – дагы  бир  күнөө.  Жолдошуңузга айтып  алып  ызы-чуу  болуп  жүрбөгүлө.

СУРОО: Калың  бергенде  кайра эле кызга сеп кылып берет. Эми махр да бериш ваажиб болобу? Оронгон келин үйдө жоолугун артка салынып, моюн тарабы кайын ата, кайын агасына көрүнсө болобу? Никеде кыздын жообун күбөлөр угушу шартпы? Назданып унчукпасачы?

ЖООП: “Калың” кыргыз тилинде, “махр” араб тилинде. Экөө бир эле нерсеге айтылган. Сеп милдеттүү эмес. Сеп кыздын өзүнүн мүлкү. Кыз ажырашып кетип калса, кээ бир акмактар “калың бергенбиз” деп септи алып калышат. Миллион доллар калың берген күндө да септи алып калганга акысы жок. Калың сеп үчүн берилбейт. Калың – кыз үчүн белек.

Кайнатасынын көзүнчө жылаңбаш жүрсө болот. Кайнагаларына көрсөткөнгө болбойт. Анткени, алар махрам (никеге турууга болот) эмес (намахрамдар).

Кыз унчукпаса, нике кыйылбайт. Сөзсүз түрдө айтышы керек. Такыр эле уялып айта албаса, “менин атымдан айтып кой” деп өз өкүлүн жөнөтүшү керек. Кыз бир гана атасынын жана чоң атасынын алдында уялып унчукпаганы эсепке алынат.

СУРОО: Жашым 22де. Ата-эне каршы болуп жатса, үйлөнүүгө  болобу?  “Эки-үч жыл күт” деп жатышат. Өзүмдү карманууга сүннөт менен кандай аракет  кылсам  болот?  Кыздарды  көргөндө оюм бузулат. Же такыр көчөгө чыкпаш керекпи?

ЖООП: Дароо үйлөнүңүз. Эгерде, бир күндө бир нан тапканга акчаңыз жетсе үйлөнүңүз, аялыңыз менен бөлүшүп жейсиз. Кудай ырыскысын берет. Ата-энеңизди укпаңыз. “Үй алып, мебель алып, машина алып анан  үйлөнөм” дегендер болбогон сөз. Үйлөнүү колуңуздан келбесе орозо тутуңуз.

СУРОО: Атам аракты көп иччү болду. Эмне кылуу керек?

ЖООП: Кудайдан суранып, дуба кылыңыз. Алла ынсап берсин. Мүмкүн болсо даватка чыгарыңыз, жакшы болуп кетет.

СУРОО: Түндө уктап жатып көп сүйлөнөм. Күндүзү ойлогон нерсени айтып салам. Муну калтырса болобу?

ЖООП: Калтырса болот болуш керек. Жатаарда айтыла турган дубаларды айтып, намаз окуп, даарат менен жаткан болсоңуз жакшы болот. Куранда “Намаз жана сабырдуулук менен өзүңөргө жардам алгыла” деп жазылган.

СУРОО: Мени ала качып, каршы болгонума карабай жоолук салып, бата беришкен. Апама “калбайм” деп ыйлап келе бергем. Бир астана аттагандан кийин бактысы байланып калат дейт. Ушул туурабы?

ЖООП: Болбогон  сөз. Он  жолу бата берсе деле сизге жакпаган болсо, калыштын кереги жок. Келе бергениңиз туура болгон. Бирок, баланы көрүп жактырып калсаңыз андан бетер жакшы болмок. Күйөөгө тийип алганыңыз чоң олжо болмок. Бирок кемпирлер астанага жатып алып, нанды тиштетип коюп, “бактың байланып  калат”  дегендердин  баары ошол кемпирлердин жомоктору. Буга ишенбеңиз.

СУРОО: Касида түшүнгөн молдолор тамыр кармап дарылашат. Ошолорго  ишенсе болобу?

ЖООП: Тамыр кармап дарылоо – молдонун эмес, табыптын  иши.  Элдик табып  болсо, бул жакшы. Касида окуйт  десе эле  күчтүү  молдо  экен  деп ойлошот. Касида – поэзия, поэма деген эле сөз. Пайгамбарыбыз алейхиссаламды  мактап  жазылган  ыр. Ал ырды арабча билгендин баары эле окуй берет. Касиданы окугандан көрө, Курандын бир аятын ошондон он эсе аз ихлас менен окуса дагы аяттын таасири көбүрөөк болот. Өкүнүчтүүсү, айрымдар Касиданы Курандан жогору коюшат.

Куран – Кудайдын сөзү. Касида – бир адамдын сөзү. Куранды окуса, андан миң эсе көп шыпаа берилет.

СУРОО: Менин кулагыма көбүнчө таңга маал эркек адам азан же сүрө айтып ойготуп жиберет. Коркуп кетем…

ЖООП: Коркпоңуз. Бул Алланын сизге жиберген периштелери. Намаз окуңуз. Мен Меккеде жүргөндө да ушинтип эрте менен ойготчу.

СУРОО: Мен окуучумун. намаз окугум келет. Бирок, мектепте хиджаб кийгенге уруксат жок. Азыркы жаштардай кийинип эле намаз окуй берсем  болобу?

ЖООП: Хиджаб кийүүгө уруксат бар. “Уруксат бербейм” дегенди  сотко  берсеңиз болот. Бизде  демократия. Намазды окуй бериңиз. Намаз менен хиджаб кийүү – эки башка амал.

СУРОО: Намазды жаттагыча китепти карап окуса болобу?

ЖООП: Болот. Бирок, колдон келишинче тезирээк жаттаганга аракет кылыңыз.

СУРОО: Мага азан чакырбай эле ысым коюшкан экен. Күнөө эмеспи?

ЖООП: Күнөө эмес. Кааласаңыз мечиттин жанына келип азанды угуп кетиңиз.

СУРОО: Досум машинасы менен кырсыктап, 4 бала каза болуп, рулдагы досум аман калды. Биз муну кырсык дедик. аны каматпай койсок күнөө болбойбу? Каза болгондордун туугандарына колдон келген жардамды берип жатабыз.

ЖООП: Жардам берип жатканыңар жакшы. Досуңуз тообо кылып, Кудайдан кечирим сурасын. Катасын түшүнгөн болсо, жетиштүү болот. Каматкан менен эч ким пайда көрбөйт.

СУРОО: Жылдыз түшкөндө тилек айтса аткарылабы?

ЖООП: Жок, бул туура эмес.

СУРОО: 5 маал намаз окучумун. Бир жигит менен сүйлөшүп  баштагандан  кийин окубай  калдым. Аракет кылсам да болбой жатат. Эмне кылам?

ЖООП: Жигитиңизди таштаңыз. Жигит менен сүйлөшүү жакшы көрүнгөнү менен бул шайтандын  оюндары. Намазды жакшы ниет кылып баштаңыз.

СУРОО: Жумушка байланыштуу аялым экөөбүз бир жыл бөлөк жашадык. Нике бузулбайбы?

ЖООП: 10 жыл, 100 жыл бөлөк жашасаңар деле нике бузулбайт. Бөлөк жашагандан нике бузулат деген жок.

СУРОО: Үч айга чейин бойдон алдырса болобу? Спирал салдырсамчы?

ЖООП: Бойдон алдыруу – күнөө, арам. Эгер, эненин ден-соолугуна олуттуу зыян келе турган болсо, же ичиндеги бала өлүп калган болсо, алдырса болот. Спиралды ден соолукка зыян келтирбесе жана бала төрөө жагымсыз жагдай жарата турган болсо, салдырса болот. Жөн эле “2 бала жетиштүү, фигурам бузулуп калат, ишим калып кетет”  дегендей  шылтоолор менен салдырса болбойт. Баланы 2 жыл эмизүү керек. Врачтар менен кеңешип, кийинки баланы төрөгөнгө чейин салдырса болот.

СУРОО: 14 жашымда намаз окуп кийин сабагыма байланыштуу окубай  калдым. Күйөөгө тийгенден кийин сөзсүз окуйм деп сөз бергем. Кудайым мени кечирет болду бекен?

ЖООП: Кудай күнөөнү кечирет. Бирок, күйөөгө тийгенге чейин жашаарыңызды кайдан билесиз. Ажал ар мүнөттө  келиши  мүмкүн. Сабагым  бар дегениңиз – шылтоо. Намазды окуңуз.

СУРОО: Эжем айткан “намаз окуп, өзүнө ылайыктуу кийинсе болот, кеп кийимде эмес, эң башкысы адамдын жүрөгү таза болушу керек” деп…

ЖООП: Туура. Эң негизгиси, жүрөктө ыйман болушу керек. Ыймандуу болуп, ошол эле учурда кийимге да маани берүү керек. Аялдарга жоолук салынып, узун кийип жүрүүнү шарият буйруйт.

СУРОО: Эмне үчүн көп аял алган эркектин материалдык жагы гана эске алынат. Физикалык жактан да күчтүү болушу керек да. Биринчи аялын төшөктө кандыра албай туруп, башка аялды катуу сүйүп калса, ага үйлөнүп алса болобу?

ЖООП: Албетте, материалдык эле эмес, моралдык жактан, баардык тараптан камсыз кыла алганда гана уруксат берилет. Биринчи аялын эптей албай жатып экинчисин албаш керек. Шариятта төшөк маселесине чоң маани берилет. Айтканыңыз туура.

СУРОО: Ата-энемдин ажырашканына 16 жыл болду. Башка үй-бүлөсү бар, бирок апамдын жообун мусулманча берген эмес. Кандай болот?

ЖООП: Бул боюнча апаңыз менен сүйлөшүү керек. Кээде талак сөзү айтылбастан деле ажырашуу ыктымалы бар.

СУРОО: Жигитим менен жүргөнүмө бир жылдан ашкан. ал мени бузуп койгон, бирок менден качып жүрөт. Эки айдан бери аны көрө элекмин. ар кандай ойлор келчү болду. Эмне кылаарымды  билбей  калдым…

ЖООП: Тообо кылып, Кудай жолуна түшүңүз. Сизге чала болду десем да жарашат. Жигит менен жүрүү акыры ушундай нерсеге келип такалат. Жигитиңиз келсе, дароо нике кыйдыралы деп айтыңыз.

Запись Чубак ажы Жалилов менен турмуштук суроо-жооптор (66) впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.