Halloween party ideas 2015

Адам бул сыноо дүйнөсүндө пенделик кызыгуулары, каалоолору, айрым негативдүү сезимдери менен дайыма жамандыкка азгырылып, адамдык асылдыгын сактап калууда бирде мүдүрүлсө, бирде туруп жолун улайт. Пенденин мындай алсыз жагын наристе мисалынан да көрүүгө болот. Мисалы, ач көздүк, сугалактык, кызганчаактык жана башкалар. Биз бул адаттарды периште сыяктуу таптаза балдарыбыздан көрсөк көп деле кайгырбайбыз. Жөн гана табигый абал катары кабыл алып, “Бала да”- деп кол шилтеп коёбуз. А бирок биз ата- эне катары ошол перзенттерибиздин алдындагы жоопкерчилигибизди эстебей, эркибизди, напси-каалоолорубузду башкара албай, “Ач көз”, “Сугалак” боло баштасак, анда бизди ким тескеп, ким тарбиялайт? Акыл-эси токтолуп калган улуу муундун мындай жоругу жалпы коомду сары санаага салып, жашообузду татаалдаштырган карама-каршылыктардын пайда болушуна алып келет. Ошондуктан биздеги түшүнбөстүктөрдүн негизги себеби да мына ушунда болуп жатат.

Адам коом алдындагы өз жоопкерчилигин сезбей, унута турган болсо, мындай адамдар акылын, сезим-туюмун толугу менен напси-каалоосун башкача айтканда ички жана сырткы азгыруучу факторлордун капканына салып, өз ыктыяры менен баш ийген болот. Адамдын мындай абалга кириптер болушун жалпысынан алты багытта карап көрөлү:

💰1. Атак-даңкка ээ болуу арзуусу. Бул арзуу ар бир адамдын табиятында бар. Кул, пенде түшүнүгүндө жашаган ыймандуу адамдар мына ошол “Атак-даңкка умтулуу” сезимин ыйманы менен баса алат. “Кой, антпейин, көз көрүнөө иш жасап Аллах Тааланын алдында күнөөгө калбайын”- деп өзүн токтотот.

🏻 2. Коркуу сезими. Биз, пенделер, Кудайдан коркуунун ордуна, көбүрөөк маанисиз нерселерден коркобуз. Мисалы, элдин көзүнөн, элдин сөзүнөн, мал-мүлксүз калуудан коркобуз. Мына ушул сыяктуу утурумдук түшүнүктөрдөн коркуп отуруп, кандайча жаман жолдорго барганыбызды байкабай калабыз.

🏻3. Ач көздүк, сугалактык сезими. Азирети Мухаммад (с.а.у.):”Инсан ушундай ач көз болот, эгер эки тоо алтын берсең, үчүнчүсү кана деп сурайт”. Албетте, бул салыштыруу адамдын канчалык деңгээлде ач көз экенин баяндоо максатында айтылып, эскерилгендир.

🏻4. Тарапкер болуу сезими. Моюнга алышыбыз керек, биз азыр тигил же бул топтун (уруунун, улуттун… же саясий тараптын) тарапкери болуп алып, бири-бирибизге муш кезеп, өзүбүздүн эмес, балким, напси-каалоолорубузду, жеке кызыкчылыктарыбызды жүзөөгө ашыра баштадык.

🏻5. Өзүмчүлдүк сезими. Бүгүнкү күндө кээ бир аттуу-баштуу эл аралык уюмдар биздин коомду мына ошол өзүмчүлүккө үндөй баштады. Бул, албетте, өкүнүчтүү. Кудайга моюн сунуу, жамаат менен эсептешип жашоо сезимибизди алсыратып, анын ордуна: “Сен кыйынсың!”, “Сен гана татыктуусуң!”- деген идеяларды жайылтып жатышат. Мына ушул утопияга ишенген бир топ жаштарыбыз: “Мен гана кыйынмын!”- деп көкүрөк кагып чыга башташты. Натыйжада, дымактардын кагылашуулары пайда болуп, башаламандык күчөдү.

🏻6. Ырахатка батуу сезими. “Мына эми көздөгөнүмө жеттим; байлык десең байлык, бийлик десең бийлик бар”- деген сыяктуу адамдын ырахаттануу сезими жамандыктын торуна түшүүгө “жагымдуу” шарт түзүп берет. “Менин ишим бүттү, эми башкасы эмне болсо ошол болсун”- деген ой-кыялга магдырап отуруп, кайдыгерликке көнө баштайбыз. Кайдыгерлик, албетте, бизди үмүтсүздүккө жетелейт. Ал эми үмүтсүздүк болсо түңүлүүгө алып барат.

Мына ошентип жүрүп отуруп, түңүлүүнүн арты менен жашоонун максатынан, кумарынан ажырайбыз. Азгырыктартар жашообуздун ар бир көз ирмеминде бура бастырбай алып барчу жер мына ушул жер. Аллах андан сактасын. Эгер биз жогорда санаган алсыз алты сезимибизди тарбияласак, анда айтылган ар бир сөз куру, маанисиз, жасалган ар бир иш-аракет убакытты ысырап кылуудан башкага жарабай калат. Башкаларды күнөөлөдөн мурун өзүбүздү күнөөлөп, башкаларды суракка алуудан мурун өзүбүздү суракка алсак, коомдук маселелердин чечилишине ар бир жаран бараандай салым кошкон болмок. Анткени, жашоодогу бардык маселе, көйгөй адамдан башталат да, адамдан бүтөт…

🌿🌸🌿🌸🌿🌸🌿🌸🌿

📌Мен таза болсом, сен таза болсоң, коом да таза болот. {Исхак Раззаков}

📌Ар ким өз күнөөсүн өз заманына шылтайт. {Томас Фуллер}

📌Кечээ көргөн бүгүн жок, ушундай экен дүйнө шок. {Макал}

📌Адам периште да, айбан да эмес. Бирок, анын бактысыздыгы- дайыма периште көрүнөм деп, айбан кейпин кийип алат. {Блез Паскаль}

🌿🌸🌿🌸🌿🌸🌿🌸🌿

📙 Турмуш сабактары…

👨👩👧👦 Бактылуулук формуласы

Запись АЙЛАНЫ КЕТИРГЕН АЛТЫ СЕЗИМ впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.