Halloween party ideas 2015

– Уулум,бүгүн сен бир мамлекетти куруп жатасың, үй-бүлө куруу- бул аял менен эркектин чогуу жашоосу эле эмес. Калган өмүрүңдү бактылуу жашап, артыңда атыңды улай турган туяк тарбиялап, Жараткан кудайдын алдындыгы милдеттериңди аткарып өтүшүң керек. Демек, үй-бүлө куруу менен жашоонун бийик ашуусун ашасың. Ал эми бул нерсе – жеңил иш эмес .
Уулум, оң кулагың менен да, сол кулагың менен да угуп, жүрөгүңө түйүп алгын. Төмөнкү он осуятты аткара билбесең, бул” ашууну ” аша албай калышың толук мүмкүн:

1. Аял затты эркектин сүйүүсүн ачык, даана көрүүнү каалайт. Ошондуктан сүйүүңдү билдирүүгө сараңдык кылба. Эгер антпесең экөөбүңөрдүн ортоңорго жек көрүү көшөгөсү тартылып калуусу мүмкүн.

2. Аялдар эркектер сыяктуу жакшы сөз угууну жактырат. Ошон үчүн аялыңа дайыма жакшы сөз айтып көңүлүн көтөр;

3. Аялына ар дайым жылмаюу менен кара. Жылмаюу аялдын көңүлүндөгү кирди тазалайт ;

4. Таза кийим жана жыпар жытты жактырбаган аял болбойт. Тер жыттанып кир кийим кийген эркектен аялдын көңүлү бат калат;

5. Үй аял үчүн мамлекет. Анда аял өзүн падыша сезсин. Анын падышалык тактысын кулатып койбо. Тактысынан айрылган падыша эртели- кеч өч албай койбойт.

6. Аял сага кызмат кылуу менен бирге, үй – бүлөсүн да четте калтырбайт. Ошондуктан,өзүң менен анын үй- бүлөсүн да бирдей даражада алып жүр;

7. Аялдар ийри кабыргадан жаралганын унутпа. Бул айып эмес,” каштын көркүн – ийрилиги айгинелейт” эмеспи. Аны түздөөгө аракет кылба, сындырып алууң мүмкүн;

8. Аялдар жакшылыкты бат унутуучу болот. Эгер ага өмүр бою жакшылык кылып, бир жолу жамандык кылып, кемчилдик кетирсен,” сенден эч жакшылык көрбөдүм” деп айта берет. Сен буга көңүл бурба.

9. Аялдар табиятынан назик, алсыз жаратылган, ошондуктан Алла Таала аларга кээде ( этек кири келгенде, төрөгөндө) намаз окуу, орозо кармоодо да жеңилдик берген. Бул учурларда сен да ага жеңилдик кылып, жардам беүүнү унутпа;

10. Аял- сенин туткунун сыяктуу. Туткунга жакшы мамиле кылсаң. ал сага өмүр бою жан шеригиң болуп жүрө берет…

Запись АТАНЫН ОН ОСУЯТЫ впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.