Halloween party ideas 2015

🌸Аллах Таалам бир сага таазим кылам,
🍃Ак шариат жолуңа моюн сунам.
🌸Жаратканым аалам сырын ачып бергин,
🍃Бул парзды аткарууга жаным курман…

✨Ассаламу алайкум урматтуу мусулман бир тууган эже-сиңдилерим! Баарыбыздан жүрөгүбүзгө бекем ыйман каалап, жоолук салынууну(жоолукта болсок ага ар дайым бекем турууну) Аллах Тааладан сурайбыз!
Биз эң алгачкы жоолук тууралуу болгон сабагыбызда- жоолукка болгон арзуу жөнүндө кеп кылган элек. Андан бери көп убакыт өтүп кетти. Бул убакыт ичинде ата-энесинин, туугандарынын каршылыгына да, эч кандай тоскооодукка карабай жоолукка кирген эже-сиңдилерибиз да бар.
Мен бул сабакта ошондой тоскоолдукка туш болгон ухтилерибиз тууралуу айткым келди.

🚌Бир күнү шаарга карай жол тарттык. Бир мугалим эжей менен таанышып калдым. Мени бир аз тиктеп турду да, соң сөз баштап калды:
“Жоолук- бул өзүнчө калкан болот турбайбы? Бардык жамандыктардан тосуп турат экен. Мисалга алсак, бий дегенден алыс болот экен(бийлегенде эң жаман сыпаттар бар эмеспи? Сырттан караган адамга өтө күлкүлүү, жийиркеничтүү). Жолдо ар кимди каратпай, жерди карап басып, уяттуулук деген сыпаттарды өзүнө камтып турат экен. Жоолукчан кыз жоолуктагы бир кызга жолугуп калса, бири-бирине жылуу жүз менен салам беришет экен. Жолдо да ар адам тийишип, тынчын албайт. Мен муну кеч түшүндүм. Жоолук маселеси боюнча окуп, андан соң жоолукка кирдим.

🍃 Мен өзүм мугалим болуп иштейм. Эки мектепте иштедим. Ал мектептерде жоолукка уруксат жок болчу. Бир мектепте бир кыз оронот болчу. Өтө катуу каршылык кылдык. Көгөрүп алда чечпеди. Кийин үйүнө бардык. Көрсө, анын үйүндөгүлөрү да каршы экен. Акыры оюбуз ишке ашып, анын жоолугун чечтирдик. А кыз болсо абдан жаман болду. Көп ыйлаганынан мектепке да көзү шишип келчү. Анан ал кыз бара- бара өзүн жаман алып жүрө баштады. Сабакты окубай койду, бий, түнкү отуруш дегендерди биринчи ошол уюштурат. Бул албетте бизге таң калаарлык болду. Жоолукта жүрүп, жаман болуп кетиши. Анан биз: “Ушундан көрө жоолукта болсо…”- деп өкүнүп калдык. Менин оюмча ал кыз атайын муну жасаса керек. Мен ошондо жоолукка болгон кызыгуум башталды. Жоолук ушундай жаман нерселерден тосуп турабы деп… Кийин шартка байланыштуу башка мектепке которулдум. Ал жакта да бир оронгон кыз бар экен. Ага да мектеп жамааты каршы болчу. Бир күнү шаардан текшерүү келип калды. Эң кызык ошол учурда башталды. Бир агай ал кыздын жанына келди да:
-Эмне оронуп алдың?- деди.
-Аллах Жалгыз! Мухаммад(с.а.у.) анын кулу жана Элчиси! Мени жана сизди жараткан Аллах Тааланын буйругу!
– Сенин жоолугуң бизге жакпайт. Чечишиң керек!
-Мен жоолукту сизге жаксын деп салынганым жок же башка үчүн. Жоолугум бир Аллах ыраазычылыгы үчүн. Мен эч качан чечпейм.
-Сен намаз да окусаң керек?!
-Алхамдулиллаах, ооба.
-Намазың сабак да тоскоол болот.
-Намазым эч кандай тоскоол болбойт. Багымдат намазын эрте менен окуп келем, пешим намазын сабактан барып окуй берем, калганы өз нугу менен.
– Намаз менен жоолугуң себептүү окууң начар болот. Таштап коёсоңчу?!
-Мен андай деп ойлобойм. Эгер ошондой болгондо бааларым да төмөн болмок. Кааласаңыз журналды ачып карап көрсөңүз болот.
Агай журналды ачып карады. Баардыгы “5” деген баа. Таң калып, бир журналды бир кызды карап, акыры класстан чыгып кетти. Мына, ошол окуядан соң мен да намаз үйрөндүм, жоолукка кирдим. Кыздын эрктүүлүгү, кайраттуулугу, коркпостон бир Аллахка таянып жооп бергени менин хидаятка келишиме себеп болду.”- деп эже жылмайып койду. Ошол учурда жанатан бери унчукпай келе жаткан, узун юбка кийген, бирок башында жоолугу жок жаш кыз да сөзгө аралашты:
“Мен да оронгум келет. Бирок, ата-энем каршы болуп жатат, мектеп жамааты да. Бирок, мен азыр шаарга барганда өзүмө жоолук алам. Соң ороном, ин шаа Аллах ата-энем да көнөт деп ойлойм. Биринчи узун кийип баштаганымда каршы болушкан. Кийин көнүп кетишти. Ушул сыяктуу жоолукка да көнүшөт деп ойлойм. А мектепти болсо көрөбүз. Окуу ачыла берсин. Эгер окутпайбыз десе, окубайм. Башка деле мектептер бар да. Албетте, биринчи катуу турам. Болбосо айла жок. Бирок, биринчи өз укугумду коргосом дейм! “- деп айтты. Мен ошол учурда анын көзүндөгү сүрдү, бекем ыйманды, жоолукка болгон каалоону көрдүм.
Бири кем дүйнө. Аллах Таала ар адамдын жүрөгүнө ар кандай жол менен ыйман берип коёт. Аллах Таала баарыбыздын жүрөгүбүзгө бекем ыйман берсе экен. Кээ бир ухтилерибиз жоолукту катуу эңсесе, а кээ бири: “Мен эмне үчүн жоолук салынышым керек? Мен эмне үчүн хижап кийишим керек?- дешет.
Мына, бир тууганым! Бирөөгө зар, а бирөөгө кор! Биз ушундай суроолорго жооп берүү үчүн, кийинки темаларыбызды: “Мен эмне үчүн хиджаб кийишим керек?”- деп атайбыз. Андыктан биз менен болуңуздар.

Аллах Таала баарыбызга жоолук салынууну насип этсин жана ага бекем кылсын!
Аамин!

🌿💐🌿💐🌿💐🌿💐🌿

Нуриза Кармышакова, атайын “Formula.KG” сайты үчүн

Запись 🌺ЖООЛУГУМ – МЕНИН АЖАРЫМ! впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.