Halloween party ideas 2015

Топко  Зейд ибн Сабит башчылык  кылат. Бул өтө жоопкерчиликтүү иш болгондуктан, Курандын сөздөрүн кокустан чаташтырып албоо үчүн, Мухаммед Пайгамбардын(САВ)  көзүнчө жана анын жанында күбө катары жазууларды карап турган   эки кишинин көзөмөлү астында   жазылган таржымалдар гана жарактуу деп эсептелинген.

Андан кийин элден чогултулган Куран таржымалдарынын иргеп-тандап алынган варианттагы текст менен оозеки түрдө баары билген текстти (сахабалар аны жатка билишкен) бир бири менен салыштырып көрүшкөн – ушундан кийин гана жазуу түрүндөгү жана оозеки варианттагы Курандагы бирдейликти, окшоштукту аныктап алышкан.

Бул иш толук бүткөн соң, такталган, аныкталган Курандын  баракчалар топтомун Абу Бакрга беришкен. Ал жыйнакты  Мединадагы жаңы түптөлүп келаткан мусулман мамлекетинин китеп казынасына сактоого берген. Абу Бакрдагы Куран жыйнагы Мухаммед (САВ) Пайгамбардын сөздөрүнө бап келгендигин ишенимдүү түрдө айтууга болот, анткени, ал жыйнак Мединадагы көптөгөн хафиздердин жазуу таржымалдарынын негизинде түзүлүп, алар тарабынан тастыкталган. Эгер Куран жаатында кандайдыр түшүнбөстүктөр, тактоолор келип чыкчу болсо, ал убактагы эл дароо ошол жыйнакка кайрылышмак. Абу Бакрдын эл арасындагы Куран жыйнактарын чогултуп, бир жыйнак кылуу демилгесине ким бирөөлөр, кайсы бир киши каршы болгону тууралуу эч бир маалымат жок.

Мусулмандарды халиф Усман башкарып турган доордо (644-656ж.ж.) мусулман коомунда жаңы көйгөй жаралды: ал Курандагы  тыбыштардын ар диалектиде ар кыл айтылуусу. Мухаммед Пайгамбардын (САВ) көзү тирүүсүндө  Куран ага жети  диалектиде түшүрүлгөн. Ал сүрө-аяттар бир биринен кээ бир тамгалар, сөздөрүнөн эле айырмаланбаса, маанисине таасир этчү эмес.

Пайгамбар (САВ) өзү жети диалектидеги сөздөрдүн баары ынанымдуу экенин айткан, бул туурасында Бухари жана Муслимдеги жыйнактарда да толук маалымат бар.

Курандын ар кыл диалектиде түшүүсүнүн себеби, Араб жарым аралындагы түрдүү уруулардын баарына түшүнүктүү, жеткилең болуусу үчүн ошентилген. Халифатты Усман башкарып турган заманда башка мусулман өлкөлөрүнөн (Персия, Азербайжан, Армения, Түндү Африка) адамдар байма бай келип Куранды үйрөнүү ышкысы катуу жанданган. Анан Куран үйрөнүүдө мындай бир маселе келип чыккан: сырттан келген адамдар “арабдар өздөрү кээ бир тамгалар менен сөздөрдү ар кандай сүйлөөрүн уккандыктарын” айтышып, а ырасында ал тамгаларды жана сөздөрдү кандайча окуйбуз?- деген суроону беришет.

Пайгамбар (САВ) Куранды ар кайсы араб диалектисинде окуп-үйрөнүүгө уруксаат берип, араб уруулары ар кыл диалектиде окуган чакта деле Курандык толук кандуу түшүнүшкөнү менен, араб эмес-мусулмандар бул маселеде кыйла чаташкан. Мына ушул жагдайдын айынан, халиф Усман Куранды арабдардын Курайш уруусунун диалектисинде  жазып чыгып, бүтүндөй мусулман дүйнөсүнө ушул вариантты таратуу  үчүн диний аалымдардын тобун чогултуп, бул багыттагы ишти күчөтөт.

Аалымдар (бул ирет да Зейд ибн Сабиттин башчылыгы астында) Мединадагы эң көрүнүктүү аалымдар нукуралыгын тастыктаган Курандын тунгуч  жыйнак-топтомдорун бир китепке – мусхафка (сахифа – бет)  жыйнап, халив Усмандын буйругу менен ал мусхафты бир нече көчүрмөгө көчүрүшүп, дин аалымдары ал көчүрмөлөрдү өзү менен кошо алышып, туш тараптагы мусулман калктарына барып  Куран үйрөтүшкөн.

Куран толук, бүтүн китеп болуп, нукура варианты маал маалы менен көчүрмө кылып көчүрүлүп китеп кылып таратуу кадыреселикке айланган соң, ар кайсы диалектидеги мусулмандарда сакталган Курандын ар бөлөк диалектидеги китептеринин зарылчылыгы жок болуп калган.  Усман мына ошол түрдүү диалектидеги Курандын таржымалдары жазылган китептердин баарын чогултуп, эл арасында Куранды ар ким ар бөлөкчө түшүнүп, чаташпоосу үчүн, ал жыйнактарды биротоло жок кылууну буюрган. Айрым Курандын нукуралуулугун сындаган сынчылдар  дал ушул учурду мисал кылышып, “ халиф Усман  так эместиктери, карама-каршылыктары бар Курандын таржымалдарын жок кылуу үчүн ушуга барган…” деген жөө жомокторду айтканын койбой келишет. Эгер Усмандын алдында чындай эле маселе турган болсо, ал мындай жеңил көз карашка алдырмак эмес, демек сынчыларды сыны суу кечпейт.

Халиф Усмандын ар кайсы диалектидеги Курандын таржымалдары жазылган китептеринен биротоло арылуу чечимин Мединанын бүт эли колдоп, анын катарында мисалы, Али ибн Абу Талиб сыяктуу көрүнүктүү сахабалар да колдоого алышкан. Эгер Курандагы кандайдыр бир карама-каршылыктарды жаап-жашыруу аракети болгон болсо, Мединанын тургундары ага сөзсүз каршылыгын билдирип, а түгүл халиф Усманга каршы көтөрүлүп чыгышмак, а чынында Курандагы шектүү мандемдерди  жоготуу аракети эч болгон эмес. Тескерисинче, Усмандын бир бүтүндүккө келтирилген Курандын мусхавын – чыныгы, тастыкталган китеп катары  бүтүндөй мусулмандар жапатырмак колдошкон.

Иснад системасы.

Ислам динине моюн сунган алгачкы мусулмандардын эң бир тынчсыздандырган маселеси – Куранды бурмалоодон коргоо болчу. Куранда да, Мухаммед Пайгамбардын (САВ) хадистеринде да, мусулмандарга эскертүү иретинде: иудейлер менен христиандар өздөрүнө түшүрүлгөн китептердин нукура нускасын дал өзүндөй сактабай, өзгөртүп жиберишкендиктен, аларды нукура деп эсептөөгө болбой тургандыгы  өтө көп жолу эскертилген.  Андыктан,  мусулмандар Куранды жана Сүннөттү ар кандай кокус же атайылап  бурмалоолордун, өзгөртүүлөр менен катачылыктардын  алдын алышып, иснад системасын ойлоп табышкан.

Иснад системасында Куранды айтып жеткирген,түшүндүргөн авторлордун баарынын ким экендиги так, даана жазылып турат. Мисалы, имам Бухаринин хадистер жыйнагында, ар бир хадисте  хадисти айтып жеткирүүчүнүн аты-жөнү жазылып турат, алар  айткан хадистин баарынын түбү барып Мухаммед Пайгамбарга (САВ) жетип токтойт. Бул бир бири менен болгон тыгыздык системасы – “санад” деп аталат. Ар бир хадисти айтып жатканда, хадисти жеткирген адамдар да ишенимдүү, эске тутуусу бекем, чынчыл жана ыйманы күчтүү болушу кажет.

Исламды кабыл алган алгачкы мусулмандар хадистерди же Куран аяттарын жеткирүүдө жогорудагыдай бекем системага өтө чоң маани беришкен. Эгер кимдир бирөө  халиф Усмандын мусхавындагы жыйнакта кездешпеген аят тууралуу айтып, анысына өтө ынанган болсо, анда диний аалымдар Куранды, хадистерди айтып жеткирген бардык айтуучулардын баарын иликтеп, а түгүл Мухаммед Пайгамбарга (САВ) чейинки доорго чейин казып, табышмактуу болуп жаткан аяттын акыйкаттуу же жок экенинин артынан түшүп  аныкташкан. Аятты ойдон чыгарган киши баары бир , өзү айткан аят менен Мухаммед Пайгамбардын  (САВ) байланышын эч убакта далилдеп бере алмак эмес.

Ошентип, иснад системасынын бекем, тыкыр экендигинен улам Куранды же хадистерди бурмалоого эч жол берилген эмес, себеби оңдоп түзөөлөр же кошумчалоолор  болсо, мезгил өтүп жаңыланган варианттар деле түп нуска катары каралып чаташуу болмок. Ошондуктан аятты же хадисти ким айтканы так жазылып, бул система нукуралуулукту  тастыктоого  чоң мүмкүндүк берген.

Зейн ибн Сабит Курандын жыйындыларын топтогондо да так ошол иснад системасын бекем карманып жыйнаган, канча бир ондогон жылдардан кийин ал система жолго коюлуп, Курандын түпкү текстинин нукуралуулугун сакттоо туруктуу нукка салынган. Мына ушундай күчтүү коргонуу менен, Курандын нукуралуулугу Мухаммед Пайгамбардын (САВ) доорунан  биздин заманга чейин өзгөрбөй келе жатат.

Запись Куран ар кандай бурмалоолордон кантип корголгон? впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.