Halloween party ideas 2015

БУУнун балдарга жардам фонду UNICEF Ливияда жарым миллиондон ашуун баланын гуманитардык жардамга муктаж экендигин билдирди.

UNICEF Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка аймактык директору Герт Каппалере Ливияга жасаган сапарынан кийин берген жазуу түрүндөгү маалыматта өлкөдө 550 миңден ашуун баланын улантылып жаткан кагылышуулар, саясий ыраатсыздык жана экономикалык начарлоодон улам гуманитардык жардамга муктаж экендигин белгиледи.

Ливиялык балдар үчүн өлкөдөгү саясий кризистин эртерээк чечилиши керектигин баса белгилеген Каппалере : «Кээ бир аймактарда болуп жаткан кагылышуулардан улам үй  – бүлөлөр үйлөрүн таштап кеткенге мажбур болушууда. 80 миңден ашуун баш калкалоочу бала бар. Бул балдар  ар кандай кыйынчылыктарга дуушар болууда»,- деди.

UNICEFтин 2011 –  жылдан бери балдардын муктаждыктарын камсыз кылуу үчүн иштерди жүргүзгөндүгүн эске салган Каппалере өткөн жылы 1, 3 миллон баланын шал оорусуна каршы үчүн эмделгендигин белгиледи.

Ливияда  Муаммер Каддафи мезгилин акырына чыгарган 2011 – жыл 17 –  февралдагы төңкөрүштөн кийин саясий ыраатсыздык менен атаандаш топтордун ортосундагы кагылышуулар улантылууда.

Запись Ливияда балдар гуманитардык жардамга муктаж впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.