8 – “Анфаал” сүрөөсү:
Бул сүрөөнү 7 жолу өкуган адам
түрмөдөн алыс болот .
9 – “Тауба” сүрөөсү:
Бул сүрөөнү он жети жолу окуган адам
эмнеге муктаж болсо, ошого жетишет.
10 – “Юнус” сүрөөсү: Кимде-ким бул сүрөөнү жыйырма бир ирет кайталап окуй турган болсо,
Аллах Таала аны душмандарынын жамандыгынан алыс кылат.
11 – “Худ” сүрөөсү:
Ким бул сүрөөнү үч жолу окуса ,
муктаждыгы камсыздалып , деңизге же сууга чөгүп кетүү сыяктуу кырсыктардан алыс болот.
12 – “Юсуф” сүрөөсү:
Бул сүрөөнү окуган адам сагынып күткөнүнө жетет. Баардык жандуу-жансыздардын
көзүнө жылуу көрүнөт .
13 – “Раад” сүрөөсү:
Аллах Таала бул сүрөөнү окуган адамдын балдарын жиндердин жамандыгынан сактайт.
14 – “Иброхийм” сүрөөсү:
Ким бул сүрөөнү жети жолу окуса,
Аллах Таала аны душманына үстөм кылат.
Ошондой эле ата-энесин андан ыраазы кылат.
15 – “Хижр” сүрөөсү:
Бул сүрөөнү 3 жолу окуган адамдын кирешесине
Аллах Таала берекесин ыроолойт.
16 “Нахл” сүрөөсү:
Бул сүрөөнү 100 жолу окуган адам душманын сөзсүз жеңет .
17 – “Исра” сүрөөсү:
Бул сүрөөнү жети жолу окуган адам кара ниет адамдардын кызганычынан, ушакчылардын жамандыктарынан алыс болот .
18 – “Кахф” сүрөөсү:
Ким бул сүрөөнү Жума күнүнүн түнүндө окуса ,
келээрки жумага чейин боло турган
кыйынчылыктары жөнгө салынат .
Ошондой эле ал Дажжалдын азгырык
фитнасынан сакталат .
“БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ”
formula.kg
Запись 💮 Сүрөөлөрдүн сырлары впервые появилась Formula.KG.
Отправить комментарий