Halloween party ideas 2015

🏻Мээримдүү жана Ырайымдуу болгон Аллах Тааланын ысмы менен баштаймын. Аллахка мактоо айтабыз, Андан жардам сурайбыз жана кылган күнөөлөрүбүз үчүн кечирим сурайбыз. Жана сүйүктүү Пайгамбарыбыз болгон Мухаммадга (с.а.у.) жана анын үй-бүлөөсүнө Аллахтын саламы жана салаваттары болсун!

Адам бул жашоого жаралган соң көптөгөн сыноолорго кездешет. Кээ бир учурда өйдө болсо, кээ бир учурда төмөн. Жашообузда ар кандай кыйынчылыктарга туш келебиз. Кээ бири аны сабыр кылуу менен жеңип чыкса, кээ бири бир кыйынчылыкты эки кыйынчылыкка көбөйтүп алат. Карап көрсөк, кыйынчылыктын өзүнүн сырлары да бар жана кээ бир кыйынчылыктар сизге пайда да алып келиши мүмкүн. Кандай сырлары болушу мүмкүн? Египеттик тарыхчы, адабиятчы Ахмад ибну Юсуф “Сыйлык жана жакшы бүтүү”- деген китебинде мындай деп жазат: “Инсан, караңгыны кетирип, жарык келээрин билгендей эле, кыйынчылык бүтүп, жеңилдик болоорун билет. Бирок, бир кырсык келген учурда табигат да анын алдында алсыз болот. Эгер алдын алып руханиятты дарылабаса, ооруу ого бетер күчөп, кырсык күчөй берет. Анткени, адам баласы кырсык, кыйынчылык келген учурда дем-кубат бере турган жагын карабаса, башына түшкөн нерсе анын түбүнө жетээри айтпаса да маалым”.
Ооба, мусулман бир тууганым! Качан гана ар бир нерсени жакшылык деп билмейин , ал нерсе биздин башка келген балээдей туюла берет. Балким, башыңызга келген кыйынчылык сиз үчүн пайдалуу, сиз үчүн жакшылык. Уилйем Жеймс мындай деп айткан экен: “Кыйналып ооруганыбыз- ойго келбеген ийгиликтерге жетүүгө жардам берет. Достаевский менен Толстой кыйын жашоону өткөрбөгөндө (жашабаганда) , таасирдүү, түбөлүктүү чыгармаларды жаза алмак эмес. Ошондуктан, кыйынчылык, жетимдик, сокурдук, бөтөн жерлерде жүрүү жана кедей-кембагалдык акылдын эң жогорку даражага жетүүсүнө жана өнүгүп өсүп, көптөгөн ийгиликтерге жетүүгө себеп болуп калышы мүмкүн “. Ооба, бул туура айтылган сөз. Чындыгында кээ бир чоң-чоң китептин авторлору кыйынчылык көрүп жүрүп жазышкан. Мисалы:
Имам Сарахсий камакта жатып, он беш (15) томдук “Мабсут”- деген китебин жазып чыккан.
Ибнул-Жаузий камакта жатып Кураандын жети (7) кыраатын үйрөнгөн.
Аьмаш деген аалым, көзү көрбөй калгандан кийин миңдеген хадистерди жаттаган.
Көрдүңүзбү, башында турган кыйынчылыкка карабай, сабырдуулук менен, кандай гана ийгиликтерди багындыра алышкан.

“Аларды акылдуу инсандар гана түшүнүшөт”. (29:43)

Биз бул үчүн дагы бир мисал келтирели. Студент окуусун ийгиликтүү аяктоосу үчүн башында кыйынчылыктарды чексе, анын натыйжасы менен эң билимдүүлөрдөн болуп окуусун бүтөт. Акын да ыр токууда канчалык азап-кыйынчылык көрсө , аягында эң сонун, таасирлүү ырлар жаралат. Жазуучу да жашоосунда канчалык кыйынчылык көрсө, чыгармалары да пайдалуу, үлгүлүү, эсте калаарлык, окурманды өзүнө тарта турган чыгарма жаралат.

Мына, бир тууганым. Биз өз жашообузду жакшылыкка айлантып алсак болот. Ар дайым түнт болуп, кыйынчылыкка сынып калбастан. Биз адамдар жашообузду татаалдантып алганбыз. Жашоо эң жеңил. Жашоону туура жашай билүү, аны жакшылыкка же азапка айлантуу биздин колубузда. Ар бир нерсенин жакшы жагын ойлой билиңиз. Мисалы ооруну алсак: ал да биз үчүн жакшылык. Канчалык жаныңыз ооруган сайын ошончолук күнөөбүз да кечирилип жатат. Ооруга сабыр кылуу адамдын даражасын көтөрөт. Бул биз үчүн эң чоң жакшылыктардан эмеспи?! Бирок, акыр-аягында оору да айыгаарын унутпаңыз. Баарыбыз билгендей эле түн кирген соң, эртеси таң да атат. Жоголгон нерсе табылат, жолдон адашкан жолун табат. Ошол сыңарындай эле кыйынчылык артынан жеңилдик да келет (Ин шаа Аллах).

“Аллах жеңишти же болбосо, өз тарабынан бир буйрукту жиберет”. (5:52)

Мен сиздерге ооруга байланыштуу бир икаяны айткым келип турат. Айтуудан максат, оору да бир кыйынчылык. Бул икаяда оорунун (кыйынчылык) канчалык улуу даражалуу экенин көрсөтөт..

🌸Бир жаш жубайлар болгон экен. Экөө тең диндар, такыба инсандар эле. Аялы байкап караса, күйөөсү такыр оорубайт экен. Ал тургай бир тердеп , башы да оорубаптыр. Анан бир күнү аялы ойлонот (Бул күйөөм эмне үчүн оорубайт? Муну Аллахым жакшы көрбөйт экен?!). Анан күйөөсүнө: “Болду, мен сиз менен ажырашам. Мындан ары сиз менен жашай албайм!”- дейт. Анда күйөөсү таңыркап: “Эмнеге мындай дейсиң. Турмушубуз жакшы болсо, акчаны таап келип жатсам?! Экөөбүз тең Аллахты таанып, өкүмдөрүн аткарып жатсак?!”- десе, аялы болбой эле ажырашам дейт. Күйөөсү ошол учурда эмне кылышын билбей, нары-бери басып жатканда, кокустан бутун бир нерсеге уруп, оорутуп алат. Ошол маалда аялы күйөөсүн барып кучактап: “Болду, мен сиз менен эч качан ажырпайм”- деген экен.

Бул окуяны биз өзүбүзгө үлгү кылсак болот. Эгер сизге кандайдыр бир кыйынчылык, оору келсе, эң биринчи эле сиз жүрөктөн чечим чыгарып коюңуз. Кантип? “Мен Аллахтын сүйүктүү пендеси экенмин, Алхамдулиллаах! Ошол үчүн Аллахым мага сыноо берди. Мен сабыр кылсам, ин шаа Аллах, даражам көтөрүлөт!”. Ар дайым Аллахты зикир кылып туруңуз, жүрөгүңүз тынчтык табат.
Сиз кыйынчылыкка чыдап, сабыр кылуу менен гана ийгиликке жетүүчүлөрдөн болосуз. Кээде сиз жаңы намаз окуп баштаганда да сыноолор болот. Бул боюнча да мисал келтирели.

Бир кыз Аллахтын буйругу менен намаз окуп баштайт. Биринчи багымдат менен куптан окуучу экен. Ал намазын каза кылгандардын азабы тууралуу окуганда, оюнда эки намазды такыр каза кылбашым керек экен деп ойлойт. Бирок, жакшылап ойлонуп көрсө, дагы үч намаз каза болуп жаткан эле. Ошол учурдан баштап 5 маал такай намазын окуйт. Албетте, ата-энеси каршы болуп жатты. Көрсө, мурун эки намаз убагы билинчү эмес экен. Багымдатты эрте менен окуп, а пешим убагы түштөнүү маалына, аср убагы- кечки тамак жасоо убагына, шам намазы кечки тамактануу учуруна туура келгенине байланыштуу ата-энеси ачууланат. Кызга канчалык катуу сөздөрдү айтып, тыйса да кыз намазын үзбөй окуп жүрөт. Бара-бара ата-энеси ага көнүп, кез-кези менен намаз убагын эскертип турушат”._
Ооба, бул балким, жөнөкөй гана мисал. Аллах Таала сизге ар тараптан сыноо берет. Сыноо- бул сизге берилген кыйынчылык. Кыз ата-энесинин сөздөрүнө балким, чыдай албай намаздарын убагы келгенде кийин окуйм да, ата-энем туура айтат”- деши да мүмкүн эле. Бирок, ал кыйынчылык артынан жеңилдик, сыноо артынан жеңиш келээрин билген. Акыр аягы ата-энеси кызына өздөрү намаз убагын эскертип жатышат.

Билиңиз, урматтуу мусулман бир тууганым! Сыноо- сиз бул дүйнөдөн өтүп, качан гана Бейишке киргениңизде бүтөт. Кыйынчылык (сыноо) сизге ар тараптан келет. Балким, атаңыз аркылуу, же апаңыз аркылуу, же уул- кызыңыз аркылуу, же кошунаңыз аркылуу, же башка-башка аркылуу. Бирок, кандай болгон күндө дагы сиз кыйынчылыкка чыдай билиңиз, анын себебинен жеңишке жетээриңизди, даражаңыз көтөрүлөрүн, эң башкысы Аллахтын сүйүктүү пендеси экениңизди унутпаңыз! Жана да билиңиз:

“Акыйкатта, кыйынчылык артынан жеңилдик келет”. (94:5)

👤 Нуриза Кармышакова атайын “Formula.KG “сайты үчүн.

👨👩👧👦 Бактылуулук формуласы

Запись АКЫЙКАТТА КЫЙЫНЧЫЛЫК АРТЫНАН ЖЕҢИЛДИК КЕЛЕТ! впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.