Halloween party ideas 2015

Диндин атынан сүйлөгөн же дин тутунган инсандардын айрым бир туура эмес иштерин көргөн адамдарда дин тууралуу терс көз караштар жаралышы мүмкүн же болбосо жаңылыш иштерди жасаган андай адамдарды ээрчигендер динди жаңылыш түшүнүп, туура эмес жолдорго түшүп кетиши мүмкүн. Андыктан, мындай адамдарга карап динге мүнөздөмө берүү туура эмес. Динди таануунун эң ийги жолу – ошол диндин ыйык булактарын иликтөө болуп саналат.

Ислам дининин ыйык булагы Курани Карим болуп саналат. Куранда бийик адеп-ахлак, сүйүү, боорукерлик, мээримдүүлүк, кичипейилдик, толеранттуулук жана тынчтык деген түшүнүктөр өзгөчө орунда турат. Адамзатка зарыл болгон мындай асыл дөөлөттөрдү толугу менен турмушка ашырган мусулман абдан кичипейил, парасаттуу, сыпайы, адилеттүү жана ишенимдүү инсанга айланат. Чыныгы мусулман чөйрөсүнө сүйүү, бейпилдик, сый-урмат жана кубаныч тартуулайт.

ИСЛАМ – тынчтыктын дини

Терроризмге аныктама бере турган болсок: «кандайдыр бир саясий максаттарга жетүү үчүн коомго коркунуч жараткан иш-аракеттер негизинен терроризм болуп саналат». Башкача айтканда, террор көбүнесе тынч жашаган карапайым адамдарды жок кылууну жана коркутууну көздөйт. Мындай карамүртөздөр өздөрү сыяктуу ой жүгүртпөгөндөрдүн баарын «тигилер, душмандар» деп санашат. Коомго коркунуч жаратууну көздөгөн, динди жек көрсөткөн жана мусулманга жарашпаган кылмыштарды жасагандыгы үчүн терроризмдин Исламда кыпынчалык орду жок. Терроризмди адамзатка каршы кылмыш деп атоого болот.

Алла Таала Курани Каримди адамдарга туура жолду көрсөтүү үчүн түшүргөн. Жараткан Алла Өзүнүн ыйык китебинде момундарды адептүү жана мээримдүү болууга буюрган. Башта айтылгандай, Курани Карим адамдарды тынчтыкта жашоого, адилеттүү, боорукер, мээримдүү жана толеранттуу болууга чакырат. Дегеле «Ислам» деген сөз кыргыз тилинде «тынчтык» деген маанини билдирет. Ислам – Алла Тааланын чексиз мээримдүүлүгүн, боорукерлигин даңазалаган, адамзатка бейпилдикти, тынчтыкты жана коопсуздукту тартуулай турган улуу дин. Кайсы гана эл болбосун, Исламдын ахлактык баалуулуктарын толук кандуу жашаса, ал коомдо тынчтык, толеранттуулук, өз ара түшүнүшүү, кечиримдүүлүк, сүйүү, боорукерлик, камкордук жана сый-урмат өкүм сүрөт.

Алла Таала тынчтыкты Куранда камтылган адеп-ахлак аркылуу камсыз кылууга болорун бул аят аркылуу маалымдаган. Бакара сүрөсүнүн 208-аятында мындай деп айтылат:

«Эй, момундар! Ислам динине толук киргиле. Шайтандын жолдоруна ээрчибегиле. Чындыгында ал силер үчүн ачык душман».

Курандагы адеп-ахлак моделине карай турган болсок, мусулман адам өзүнүн диндеши болсун, башка диндегилер болсун, айтор, бардык адамдарга карата адилеттүү болууга, жакшы мамиле кылууга, алсыз, жардамга муктаж адамдарды коргоого, «жер жүзүндөгү бузукулуктун алдын алууга» милдеттүү. Коомдун тынчтыгын бузган жана коркунуч жараткан анархия менен террорду жоюу – «жер жүзүндөгү бузукулуктун алдын алуу» болуп саналат.

«Алла Таала бузукулукту жек көрөт» – деп айтылат Куранда (Бакара сүрөсү, 205-аят).

Бузукулуктун эң жаманы – күнөөсүз адамды өлтүрүү. Бул жаатта Алла Таала мындай деген:

«…Ким жөн жерден адам өлтүрүп, же жер жүзүнө бузукулук таратса анда ал бардык адамдарды өлтүргөнгө тете. Ал эми кимде-ким адам өмүрүн сактаса, ал бардык адамдардын өмүрүн сактап калганга тете» (Маида сүрөсү, 32-аят).

Аяттан маалым болгондой, бир адамды өлтүрүү бардык адамдарды өлтүргөнчөлүк күнөө жана кылмыш. Мындайча айтканда, Ислам дининде террористтердин кылмыштары эң чоң күнөө болуп саналат. Адам өлтүргөн кылмышкерлер бул дүйнөдө мамлекеттик мыйзамдардан, укуктан жана сот адилеттүүлүгүнөн качып кутулуп кетем деп ойлошот, а бирок, акыретте Жараткандын жазасынан эч ким кутула албайт. Акыретте сурак болоруна, Алланын адилеттүүлүгүнө ишенген мусулман пенде Исламда тыюу салынган күнөөлөрдөн жаа боюу качышат. Ал эми заалым террористтерге акыретте тийиштүү жаза берилери кашкайган чындык:

«Аныгында, жер үстүндө укуксуз түрдө зулумдук кылып, адамдарга зулумдук кылгандар жемеге татыктуу. Бул үчүн аларга (жан чыдагыс) оорутуучу азап (бар)» (Шуура сүрөсү, 42-аят).

Алла Таала бузуку иштерди жана аны жасагандарды жек көрөт

Алла Таала пенделерге жаман, күнөө, кылмыш иштерден оолак болууга буйруп, заалымдыкка, зомбулукка, адам өлтүрүүгө, кан төгүүгө тыюу салган. Мына ушул буйруктарды аткарбаган адамдар Куранда «шайтандын изи менен баскандар» деп сыпатталган. Ушул жааттагы аяттардын айрымдарын белгилей кетели:

«Алла менен келишим бекемделген соң аны бузгандар, Алла бириктирүүгө буйруганды ажыраткандар, жер жүзүндө бузукулук кылгандар – мына ушуларга наалат. Алар үчүн – жаман жай (даярдалган)» (Раад сүрөсү 25-аят).


«Алланын ырыскыларынан жегиле, ичкиле, жер үстүндө жамандык, бузукулук кылбагыла!»(Бакара сүрөсү, 60-аят).


«Жер жүзүндөгү жашоо оңолгон соң бузукулукту таратпагыла жана Ага[1] коркунуч, үмүт менен кайрылгыла[2].  Акыйкатта, ким жакшы иштерди жасаса, ага Алланын  ырайымы жакын. (Аараф сүрөсү, 56-аят).


“Бузукулук кылгандардын ишин Алла Таала эч качан оңдобойт (сөзсүз жазалайт)” (Юнус сүрөсү, 81-аят).

Алла Таала жакшылык кылууну буюрган

Мусулман – Алла Тааланын буйруктарын аткарган, Куранда белгиленген адеп-ахлакты кулк-мүнөзүнө сиңирүүгө аракет жасаган, чөйрөсүнө пайда келтирген жана чөйрөсүндөгүлөрдүн сүйүүсүнө, ишенимине татыктуу болгон адам. Мындай асыл сапаттын ээси адамдарга жакшылык кылууну, элге ар тараптуу пайда келтирүүнү каалайт.

«Алланын сага берген дөөлөтү аркылуу акырет конушуна жетүүгө умтул жана бул дүйнөдөгү ырыскыны да унутпа[3]. Алла сага жакшылык кылгандай, сен да жакшылык кыл. Жер бетинде бузукулук кылууну көздөбө. Алла бузукуларды сүйбөйт» (Касас сүрөсү, 77-аят).

 


«Аллага табынгыла жана Ага эч кимди шерик[4] кылбагыла! Ата-энеңерге, туугандарыңарга, жетимдерге, кедейлерге, жакын тууган   коңшуларга жана тууган эмес кошунага, кесиптеш жолдошко, жолоочуга жана сенин кол алдыңдагыларга[5] жакшылык кылгыла!  Акыйкатта, Алла текебер жана мактанчаактарды сүйбөйт» (Ниса сүрөсү, 36-аят).


«..Жакшылыкта, такыбалыкта бири-бириңерге көмөктөшкүлө. Ал эми жамандыкта жана душмандыкта көмөктөшпөгүлө! Алладан корккула, чындыгында, Алла – катуу азаптоочу!»(Маида сүрөсү, 2-аят).

Мусулман пенденин эң башкы максаты – Алла Тааланын ыраазылыгын табуу, Анын ырайымына татыктуу болуу. Ошол себептен, үч күндүк бул жалганда Жараткан ыраазы боло тургандай Куранга амал кылуу, Анын ыраазылыгына жеткире турган нары сооптуу, нары пайдалуу иштерди жасоосу керек. Эң башта Алла Таала тыюу салган иштерден оолак болуу, Ал буйруган ибадаттарды аткаруу зарыл. Башкача айтканда, “мусулман” деген сөзгө ылайыктуу болууга жан үрөп,  Алла Таалага толук моюн сунуу керек.

Мусулман пенде эч убакта чөйрөсүндөгү жагымсыз иштерге кайдыгер карабайт. «Мени чакпаган жылан миң жашасын» – деген түркөй принцип мусулманга такыр жарашпайт. Анткени мусулман Жараткан көрсөткөн жолдун жолоочусу, Ага моюн сунуучу жана бардык жакшылыктардын жактоочусу. Ошондой эле, мусулман пенде күнөө иштердин, заалымдыктын, экстремизмдин жана терроризмдин алдын алуу үчүн чөйрөсүндөгү адамдарга Исламдын асыл баалуулуктарын жана Ислам дини террордун бардык түрүнө каршы экенин толук жеткирүүгө милдеттүү.

Запись ИСЛАМДА ТЕРРОРДУН ОРДУ ЖОК впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.