Halloween party ideas 2015
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш





Некоторые  виды одежды кыргызов в XIX-м и в начале XX-века...
 
Женский киргизский гардероб также как и мужской состоял из нательной и верхней одежды. К нательным относились платье-рубаха - «койнек» и шаровары. На груди женских рубах всегда имелась вышивка или надевался нагрудник - «ёнур», «жака», расшитые цветными нитками.

Уникальными элементами женской одежды являлась распашная юбка - «бельдемчи», головной убор тюрбан - «элечек». Однако эти виды одежды носили только замужние женщины. «Бельдемчи», кстати, использовали и мужчины, но в качестве боевой одежды. В этих случаях их обычно покрывали металлическими пластинами.

Головные уборы девушек обычно украшали перьями птиц, пришивали к ним различные украшения из серебра, жемчуга, кораллов. Так же женщины носили тюбетейки и меховые шапки, которые назывались «топу» и «тебетей» соответственно.

Поверх платья-рубахи женщины надевали короткую или длинную безрукавку - «чыптама», камзол с короткими рукавами - «кемсел», халат - «чапан», стеганый халат - «чепкен». Зимняя одежда состояла из меховых шуб - «ичик». В состав головного убора «элечек», «келеек» или «илеки» входил «такыя» или «кеп такыя», которую надевали на голову прежде, чем намотать тюрбан.

Обувь для женщин обычно покупали готовую. Это были цветные, чаще зеленые или красные сапожки на каблуках, иногда орнаментированные.
В зависимости от возрастных категорий наряд женщины дополнялся различными серебряными украшениями и амулетами. Кроме того, известно, что женщинам и девушкам было свойственно прятать свои косы. Для этих целей они носили специальные «накосники» - длинные бархатные полоски в виде трубочек - «чачпак», на которые нашивали различные украшения. В зависимости от возрастных категорий женщины носили различные серебряные украшения и амулет: это накосные украшения - «чач учтук», «чач мончок», серьги - «сойке», «сойке желбурееч», нагрудные - «тумар», «бой тумар», браслеты - «билерик», кольца - «шакек». Детская и девичья одежда также украшались серебряными пуговицами - «топчу», «бучулук», кораллом - «шуру», различными амулетами и оберегами.
В XIX веке производство колпаков было женским делом, а продавали их мужчины. Для изготовления колпака заказчик сдавал целое руно молодого ягнёнка и руно брали в качестве оплаты.
Колпаки шили из четырёх клиньев, расширяющихся книзу. По бокам клинья не сшивали, что позволяет поднимать или опускать поля, защищая глаза от яркого солнца. Верх украшали кисточкой. Киргизские колпаки были разнообразны в покрое. Колпаки знати были с высокой тульей, поля колпака подшивали чёрным бархатом. Бедные киргизы свои головные уборы оторачивали сатином, а детские колпаки украшали красным бархатом или красной материей.
Разновидность колпака — ай колпай — была без разрезных полей. Войлочный колпак носят и другие народы Средней Азии. Появление его в Средней Азии относится к 
XIII веку.

Малахай — особый вид головного убора, отличительная особенность которого — длинный, спускающийся на спину назатыльник, соединённый с удлинёнными наушниками. Его изготовляли из меха лисы, реже из меха молодого барана или оленя, а верх покрывали тканью. Малахаем называли также широкий кафтан без пояса.

Тебетей — распространённый зимний головной убор, непременная часть мужского киргизского национального костюма. Он имеет плоскую четырёхклинную тулью и шьют его, как правило, из бархата или сукна, отделывают чаще всего лисьим мехом или куницей, а в районах Тянь-Шаня — мехом чёрного барашка.
Кызыл тебетей — красная шапка. Её надевали на голову при возведении на ханство.
В прошлом существовал обычай: если гонца посылал важный начальник, то его "визитной карточкой" был предъявленный гонцом тебетей этого начальника.

Чапан — мужская и женская длинная одежда типа халата. Без чапана выходить из дома считалось неприличным. Шьют чапан на вате или на верблюжьей шерсти с ситцевой подкладкой. В старину подкладку делали из маты — дешёвой белой или набивной хлопчатобумажной ткани. Сверху чапан покрывали бархатом, сукном, вельветом. В настоящее время чапаны носят лишь пожилые люди. Существует несколько вариантов этой одежды, вызванных этническими различиями: найгут чапан — широкий туникообразный халат, рукава с ластовицей, вшитые под прямым углом; каптама чапан — покрой свободный, рукава вшивные с округлой проймой и чапан прямой узкий, с боковыми разрезами. Подол и рукава обычно обшиваются шнуром.

Кементай — широкий войлочный халат. Этот одежда главным образом скотоводов: она защищает от холода и дождя. В прошлом белый богато отделанный кементай носили зажиточные киргизы.

Белдемчи — часть женского киргизского национального костюма в виде распашной юбки на широком поясе. Такие юбки издревле носили во многих азиатских странах. Одежда в виде распашной юбки известна также на Украине, в Молдавии и в Прибалтике.
В Киргизии женщины начинали носить белдемчи поверх платья или халата после рождения первого ребёнка. В условиях кочевой жизни такая одежда не стесняла движений и защищала от холода.

Известно несколько видов белдемчи: распашная юбка — сильно сосборенная, сшитая из трёх-четырёх скошенных кусков чёрного бархата. Её края сходились спереди. Юбку украшали шелковой вышивкой.
Другой вид — юбка без сборок из цветного бархата или из ярких полушёлковых тканей. Спереди полы юбки не сходились на 15 сантиметров. Края обшивали полосками меха выдры, куницы, мерлушки. Встречались юбки, сделанные из овчины.

Элечек — женский головной убор в виде тюрбана. В полном виде он состоит из трёх частей: на голову надевалась шапочка с накосником, поверх неё небольшой прямоугольный кусок ткани, закрывающий шею и сшитый под подбородком; поверх всего — чалма из белой материи.
У разных родоплеменных групп Киргизии женская чалма имела различные формы — от простой накрутки до сложных сооружений, слегка напоминающих русскую рогатую кику.

В Киргизии чалма получила большое распространение.
Её называли калёк, но у южных и северных киргизов — элечек. Это же название бытовало и у некоторых групп казахов. В первый раз элечек надевали молодой, отправляя в дом мужа, тем самым подчёркивая переход её в другую возрастную группу. В свадебном пожелании молодухе говорилось: "Пусть твой белый элечек не спадает с твоей головы". Это было пожелание долгого семейного счастья.
Элечек носили зимой и летом, без него не было принято выходить из юрты даже за водой.
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

«Атеизм» сөзү байыркы Грек тилинен которгондо «Кудайды четке кагуу» же «кудайсыздык» деген маанилерди берет. Орус серепчилеринин айтымында Ленин жасаган революция жана ал курган СССР мамлекети Россия, Кавказ жана Орто Азиядагы байлыктарды өзүнө оп тартып алуу үчүн дүйнөлүк еврей банкирлери тарабынан уюштурулган проект болгон экен. 
«Большевицкая революция была результатом «еврейского заговора», а более конкретно — заговора еврейских банкиров всего мира". (Саттон Энтони. Уолл-стрит и большевицкая революция //М."Русская идея", 1998. 2-е изд. 400 с
) Коммунист-болшевиктер байларга кулак (карал иштеткен жер ээси) деген айып коюп, бардык жер-мүлкүн мамлекеттин (еврей банкирлеринин) эсебине өткөрүп, өздөрүн Сибирге сүргүн кыла беришкен. Ошол кулакка тартуу жылдары СССРде 147 млн. эл жашаган экен. Ошончо калктын арасынан болбоду дегенде 1 000 000у бай болгон деп элестетсек жана болшевиктер ар бир байдан 1 000 000 сомго бааланган мүлкүн тартып алган болсо, еврей-болшевиктер бир гана кулакка тартуу проектинин артынан 1 000 000 000 000 (бир триллион) сом пайда көргөн болот.
Игорь Володский деген орус жазуучусу “Истоки зла (тайна коммунизма)” деген эмгегинде: «Ленин башында турган болшевиктер партиясы бир ууч еврейлердин мүдөөсүн канааттандыруу үчүн, СССР деген мамлекетти куруу жана өнүктүрүү жылдарында биринчи жана экинчи дүйнөлүк согушта өлгөндөрдөн да көп сандагы адамдарды кырып жиберген»-деп жазат Маалымат үчүн эскере турган болсок, эки дүйнөлүк согушта Россия (анан СССР) жалпысынан 40 миллиондун тегерегинде адамын жоготкон.
Маркс менен Ленин шайтан (сатанизм) сектасынын кызматчылары
1818-жылдын 5-майында Германиянын Трир шаарында жашаган, түбү еврей раввиндеринен болгон адвокат Генрих Маркстын үй-бүлөсүндө уул перзент төрөлдү. Анын атын Мардохей Леви деп коюшту. Кийин, бул үй-бүлө протестанттыкты кабыл алганда ымыркайды чокундурушуп, атын Карл деп өзгөртүштү.
Карл Маркс жигит куракка жеткенде Европага сатанизм сектасын жайылтып жүргөн Моисей Гесс деген еврей сионисти аны жана анын эң жакын досу Энгелсти сатанизм сектасына мүчө кылууга жетишет.
Сатанизм сектасына кабыл алуу аземинде башкы жрец кандидаттын колуна сыйкыр кылынган кылыч карматып, анан анын тамырынан кан алып, ошол кан менен «өлсөм жаным шайтандыкы»-деп кол койдуруп алат экен. Бул аземди Маркс 1837-жылда жазган «Скрипач» деген ырында мындай чагылдырыптыр:
"Адские испарения поднимаются,
И наполняют мой мозг до тех пор,
Пока не сойду с ума,
И сердце в корне не переменится.
Видишь этот меч?
Князь тьмы продал его мне".
Мен бул ырды минтип котордум:
«Тозок буусу өрдөп келип,
Акыл-эсти бийледи.
Жүрөгүмдү багындырып,
«Эми мага баш ий»-деди.
Анан мага кылыч сунду
Тамчылатып канымды,
Караңгылык кагаанына
Тапшырдым мен жанымды».
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

С
алафизм, анын таралышы жана оң-терс жактары тууралуу кеп салган Зайнабидин Ажимаматов жакында Түркияда өткөн  исламдагы салафизм агымы боюнча эл аралык симпозиумга катышып келген. 

Ош мамлекеттин университетинин окутуучусу, ислам агымдарынын тарыхы боюнча адис, теология илимдеринин доктору Зайнабидин Ажимаматов “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

СУРОО: Акыркы кездери коомчулукта салафизм, дегеле салафилер тууралуу көбүрөөк айтыла баштады. Булар кимдер өзү? 

ЖООП: Бул акыркы күндөрү Кыргызстанда гана көтөрүлүп жаткан маселе эмес, бул дүйнөлүк деңгээлдеги талкууланган маселе. “Салафилик” дегендин сөздүк маанисине токтоло турган болсок, “мурункулар” же “алгачкылар“  дегенди туюнтат. Ал эми терминологиялык маанисине келсек, сахаба-таабийндердин жолун жолдогон мухаддис жана факихтердин жолу дегенди билдирет. Алгачкы салафи же анын жетекчиси катары имам Ахмад Ибн Ханбал эсептелет. Салафиликтин системалуу калыптанып, өнүгүшүнө орто кылымда Ибн Таймия жана анын шакирти Ибн Каййим ал-Жавзия деген аалымдардын салымдары чоң.

XVIII кылымда Мухаммад Ибн Абдулвахаб салафизмди андан ары өнүктүрүп, мамлекеттик деңгээлге көтөрүп чыккан. Ошонун негизинде вахабизм деген агым пайда болгон. Вахаби ысымы аларга каршылаштары тарабынан берилгендигине байланыштуу бул ысымды өздөрү колдонушпайт. Азыркы мезгилдеги вахабилер  диний ишенимдеринде өздөрүн 
салафибиз деп эсептешет.

СУРОО: Салафизм деп айтылганы менен ал өз ичинен дагы бөлүнүп кетерин эксперттер айтышууда. Байистүү-сабырдуу салафилер, ошол эле кезде ашынган салафилер, ушуларга катар эле такфирчи, жихадчы салафилер да бар экени айтылып жүрөт.

ЖООП: Салафи диний ишенимин тутунган мусулмандар ортосундагы  келишпөөчүлүктүн себеби ар тараптуу. Бул жерде саясий жактан да, диний маселелер боюнча да карама-каршылыктар бар. Байистүү салафилер радикал-экстремисттик көз караштардан алыс. Булар сууди салафилери (Сауд Арабия) деп да айтылат. Алар башка мусулмандарды четке какпаган, “каапыр” деп күнөөлөбөгөн мусулмандар, жихаддык жана экстремисттик көз караштардан алыс. Cууди салафилер жихаттык салафилер боюнча “алардын салафиликке тиешеси жок” деген көз карашты айтышат.

Абалтадан бери бул жерде салтташып калган Имам Азам мазхабы менен салафилердин айырмачылыктары көп экендигин байкасак болот. Бул даана диний жактан бөлүнүүчүлүккө алып келе турган нерсе...
Ал эми жихадчы салафилер жихадды, согушту негизги принцип катары тутунушат. Мисал катары айтсак, “ал-Каида” тобун биз түздөн-түз жихадчы салафилердин катарына кошсок болот. “Ал-Каидага” өнөктөш катары иш жүргүзгөн Өзбекстан ислам кыймылын, Чыгыш Түркстан ислам кыймылын, “Куфр ал-Хиджра” жана “Жамаатул-Ислам” сыяктуу уюмдар жихаддык, согуштук көз карашты карманып, өздөрүнөн башка мусулмандарды “каапыр” деп айыптаган салафилер. Булардын баарын жихадчы салафилер деп атайбыз.

СУРОО: Түркияда өткөн эл аралык конференцияда дүйнөлүк ислам аалымдары, окумуштуулар салафизмге кандай баа беришти?

ЖООП: Ал симпозиумга бир канча өлкөлөрдөн чоң илимпоздор келип катышты. Ага салафиликти жактаган илимпоздор да, аны менен бирге салафи эмес аалымдар да катышты. Салафиликти тутунган, аны кабыл алган аалымдар негизги салафизмди “жихадчы салафизмден” бөлүп кароо керектигин, азыркы учурда салафизмди жихадчыл, радикал көз караштагы салафилер жаманатты кылып жатканына көбүрөөк басым жасашты. Ал эми салафизмди тутунбаган башка мусулман илимпоздору салафизмди жакшы же жаман деп айтуудан мурда анын тарыхына, анда кимдердин орду болгонуна, учурдагы абалына жана өзгөчөлүгүнө токтолушту.

СУРОО: Эми ушул бөлүнүүчүлүктүн саясий-тарыхый жагына келсек. Акыркы кездери “салафтар” менен “халафтардын”, башкача айканда жергиликтүү эл үчүн мурдатан салтташып, сиңип  калган ислам менен салафизмдин кагылышы жүрүп жаткандай. Айрыкча бул Орто Азия аймагында даана байкалууда, албетте башка мамлекеттерде да бар. Ушул атаандаштык, көз караштардын, идеологиялардын кагылышы келечекте өзүнөн өзү акырын тынчып, жакшы жолго түшүп кетеби же абалды курчутуп да жибериши мүмкүнбү?
Бул мамлекеттик деңгээлде каралышы керек. Динди да мамлекеттин бир бөлүгү катары карап, билим берүү тармагына динди илимий негизде киргизип, коомчулукка туура багыттагы динди үйрөтүшүбүз керек...

ЖООП: Жихаддык көз караштагы салафилерди четке алып, радикал эмес салафилер жөнүндө айтканда деле, абалтадан бери бул жерде салтташып калган Имам Азам (Абу Ханифа) мазхабы менен салафилердин айырмачылыктары көп экендигин байкасак болот. Бул даана диний жактан бөлүнүүчүлүккө алып келе турган нерсе. Ошондуктан бул мамлекеттик деңгээлде карап, ойлонуп, ыңгайына карап чечиле турган иш. Бизде адатта мыйзам жолу менен же тыюу аркылуу чечүүгө көп аракеттер жасалып келатат. Мындай маселелерди тыюу, же бир гана мыйзамдар менен чечип коюу кыйыныраак. Эң биринчи кезекте аң-сезимди өзгөртүү аркылуу, 
билим берүү жолу менен чечкенибиз максатка ылайыктуу болмок.

СУРОО: Соңку жаңы тарыхыбызды карап көрсөк, салафи, вахаби дегендер биздин чөлкөмдө болгон эмес. Бул көз караш, идеология кайсы жактан келип жатат?

ЖООП: Эгемендикке жеткенден кийин, өзгөчө Орто Азия мамлекеттеринин ичинен ар тараптуу, демократиялык процесстерге жол берген өлкө Кыргызстан болду. Ошонун ичинде бизде диний маселелерде дагы өтө эле эркиндик берилген. Албетте мунун жакшы да жактары болгонун айтып кетишибиз керек. Бирок өтө эле чаржайыттыкка да орун берилген. Кыргызстанда салафилик бир гана жол менен жайылып жатат деп айта албайбыз. Бул ар тараптуу жүрүп жаткан иш. Анын бир мисалы, салафилик өзгөчө орун алган өлкөлөрдөн келип, Кыргызстанда ачык-айкын, расмий түрдө иш алып барып жаткандар бар. Алар адамдарга ар кандай материалдык жардамдарды да беришүүдө. Андан тышкары, Кыргызстандан салафилердин окуу жайларына барып, билим алып келгендер болду. Ушул сыяктуу жолдор менен акыркы жыйырма жылдан бери 
салафилик жайылып жатат.

СУРОО: Салафизмдин жайылып жатышына ички жагдай да шарт түзүп берип жаткандай. Бул жерде муфтияттын ордун дагы белгилеп кетиш керек. Маселен, Кыргызстанда салафизмге каршы идеологиялык жактан күрөш жүргүзүү, каршы туруу аракеттери жүрбөй жаткан сыяктуу?
Кандай болгон күндө деле биздин бул жерде мурдатан салтташып калган ханафи мазхабына салыштырып караганда алардын айырмачылыктары абдан көп.


ЖООП: Эми муфтият өзүнчө өтө чоң маселе. Андыктан бул жерде мен ага токтолбой эле коёюн. Бирок бул бир гана муфтияттын деңгээлинде карай турган маселе эмес.
 Бул мамлекеттик деңгээлде каралышы керек. Динди да мамлекеттин бир бөлүгү катары карап, билим берүү тармагына динди илимий негизде киргизип, коомчулукка туура багыттагы динди үйрөтүшүбүз керек. Ошондо гана бул маселелерди биз системалуу түрдө чече алмакпыз.

СУРОО: Адатта жергиликтүү имам-молдолор, мамлекеттик органдардын айрым өкүлдөрү салафизмдин терс жагын, аны кооптуу агым катары гана айтып келишет. Балким салафизмдин анчалык деле чочулай турган жактары жоктур?

ЖООП: Жогоруда айткандай, салафиликти бир жактуу карабаш керек. Анткени, алардын арасында саясий жана жихадчыл салафилер бар. Ошондой эле аларды жактабаган Сауд Арабиянын мыйзамдарына ылайыкташкан салафилер да бар. Бирок кандай болгон күндө деле биздин бул жерде мурдатан салтташып калган ханафи мазхабына салыштырып караганда алардын айырмачылыктары абдан көп


"Азаттык"
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Британиялык фотосүрөтчү Стивен Грэм Борбордук Азия аймактарында XX башында саякаттаган — ал бир нече ай убактысын Кыргызстандын көчмөн жашоочуларынын каада-салтын изилдөөгө арнаган.

Фотосүрөтчү Стивен Грэм 1916-жылы өзүнүн Борбордук Азияга болгон сапары тууралуу китеп чыгарган — ал 1914-жылы Владикавказдан чыгып, азыркы Өзбекстан, Кыргызстан жана Казакстандын аймактарында болуп кайткан.

Ал Борбордук Азиянын көчмөн жана отурукташкан жашоочуларынын каада-салттарын, турмуш-тиричилигин изилдөөгө көп убакыт бөлгөн. Грэм XX кылымдын башындагы кыргыздардын үйлөнүү тойун, адамды акыркы сапарга узатуу зыйнаты жана турмуш-тиричилигин көрсөткөн бир нече уникалдуу тарыхый сүрөттөрдү тарткан.


Кымыз сатуучу.
Кымыз сатуучу.
Тоо жээгинде кыргыздар менен орустар жанаша жашашат.
Тоо жээгинде кыргыздар менен орустар жанаша жашашат.
Борбордук Азия жайлоосундагы көчмөндөрдун боз үйү.
Борбордук Азия жайлоосундагы көчмөндөрдун боз үйү.

Нан сатып жаткан сарттар: жапма нандар коюлган текче.
Нан сатып жаткан сарттар: жапма нандар коюлган текче.

Отурукташкан кыргыз: Пишпектин каармандарынын бири.
Отурукташкан кыргыз: Пишпектин каармандарынын бири.

Кыргыз үйлөнүү тоюндагы меймандар.
Кыргыз үйлөнүү тоюндагы меймандар.

Патриархалдуу кыргыз үй-бүлөсү.
Патриархалдуу кыргыз үй-бүлөсү.

Бой үйдүн алдында кой кыркуу.
Бой үйдүн алдында кой кыркуу.

Жайлоодо: боз үйдүн жанындагы кеч.
Жайлоодо: боз үйдүн жанындагы кеч.

Бай кыргыздын төрт аялы.
Бай кыргыздын төрт аялы.

Кыргыздардын адамды акыркы сапарга узатуу зыйнатында.
Кыргыздардын адамды акыркы сапарга узатуу зыйнатында.

Кыргыздар намаз окууда.
Кыргыздар намаз окууда.

Алтайда: Медведка кыштагынын жанындагы белгисиз кыргыздын мүрзөсү.
Алтайда: Медведка кыштагынын жанындагы белгисиз кыргыздын мүрзөсү.


Урматтуу окурмандар, эгерде сиздерге бул сүрөттөр жагып, Грэмдин 1914-жылдагы Борбордук Азиядагы саякаттоосу тууралуу көбүрөөк билгиңиздер келсе, бул макаланы социалдык түйүндөрдө бөлүшүүңүздөрдү өтүнөбүз.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Сауд Арабиясынын башкы муфтийи Абдулазиз Али Шейх “Сауд Арабиясында өз аялынын этин жегенге уруксат берилди” деген маалымат калп экенин билдирди. Маалыматка ылайык, бул тууралуу эч кандай фатва да чыккан эмес. “Жазылган маалыматтардын баары жалган, муну ислам динине каршы болгондор таркатып жатышат”,-деп жазылган билдирүүдө.

Ошондой эле мындай ойго келбеген фатваны чыгарды дегендер муфтий Абдулазиз Али Шейхтин душмандары да болушу мүмкүн экендиги жазылган.

“Элдер мындай калпка ишенбеши керек. Бул маалымат башынан аягына чейин калпка чыланган”,-деп жазылган билдирүүдө.
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш


Көптөн күткөн мавлид программасы Москва шаарында "Крокус Сити Хол" залында болуп өттү. Кечени белгилүү төкмө акын Жеңишбек Жумакадыр менен Нурзат Токтосунова алып барды.

Кыргызстандан вице-спикер Төрөбай Зулпукаров, азирети муфтий Максат ажы, Кыргызстан Ислам Университетинин ректору Абдишукур Нарматов, РФ муфтий орун басары Рушан хазрат Аббясов ж.б. сыйлуу коноктор катышты. Программаны Кыргыз Республикасынын Гимни менен ачып андан кийин Таластан барган Бекболсун (Абдулла) кары Курандан тилават кылды. Залга 6200 дүк чоң болгону менен катышууну каалагандар көп болуп, билет жетпей калды. Кеченин толук видео баянын жакынкы күндөрү жарыялайбыз.

mavlid 101
mavlid 102
mavlid 103
mavlid 105

Булак: nasaat.kg 
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

-Кийип жүргөн кийимиңди башка бирөөгө берсең эч нерсе болбойбу?

-Эч нерсе болбойт. Жакшы ниет менен убактынча берип турса да сооп алат. Эскирип же кийилбей калса, атайын берсе да садака катары каралып, сообу жетип турат.

-Бир молдо менин курбумдун бактын ачып берем деп кулпуга дем салып берген 3 жыл мурда. А кыз дагы деле турмушка чыга элек. Ушул туурабы? Бактысын табуу үчүн кандай дуба окуп жүрсө болот?

-Алар молдонун терисин жамынган көзү ачыктар. Барбагыла аларга. “Мага бардык жагынан төп келген, татыктуу, ыймандуу күйөөнү насип кыл” деп Кудайдан гана сурагыла.

-Сапарга чыкканда парз намазынын ордуна касыр намазы кандай эрежеде окулат?

-Сапардагы кыйынчылыктарды эске алып, жеңилдиктер берилген. 4 рекет намаздар 2 рекет болуп кыскартылып окулат. Мисалы, бешим намазынын касыр болгон парзын окумакка ниет кылынат. Багымдат жана шам намаздары касыр болбойт. Калган 4 рекеттери бар намаздар гана касыр болот.

-Төрө ата деген ким? Касидачы деген ким? Кимдин илими күчтүүрөөк?

-Алланын астында бардык адамдар бирдей. Бирок, эң урмат-сыйга татыктуулар – такыбалар деп айтылган. Төрөнүн илими көп же касидачыныкы көп деп чектелбейт. Көбүнчө дем салып, сүрөлөрдү окугандарды касидачы деп коюшат.

-Аялы күйөөсүн намазга жыкса болобу?

-Албетте, жакшы болот.

-Эл ортону элүүгө чыккан күйөөм өзүнөн бир топ жаш келинди ээрчип кетти. Эки уулу атасы өлгөндөй ыйлап кала берди. Балдардын убалы кимге? Багымдат намазында экөөнү тең каргайм. Деги каргышым тиеби?

-Таштап кеткени, албетте, жаман көрүнүш. Алла ага хидаят берсин. Жалпы эле эркектерге айтаарым; аялды, балдарды эч качан таштап кетпеш керек. Бул чоң күнөө. Ушунчалык эле болбой калса, экинчи аял кылып алып, экөөн тең өзүнүн камсыздыгына алышы керек. Алладан жардам сурай бериңиз, үмүтүңүздү үзбөңүз.

-Катмы-куран деген эмне? Өтүп кеткендерге окулабы?

-Бул куранды баштан аякка баарын окуп чыгуу болуп эсептелет. Окулган ар бир тамгасына бирден онго чейин сооп берилет. Окуп, маркумдарга сообун багыштаса да болот. Негизи эле Куран окулуп туруу үчүн түшүрүлгөн.

- Бутту учкаштырып турса эмне болот?

-Бутту учкаштырып туруу адепсиздик болуп калат деген маңызда ата-бабаларыбыз айтса керек. Шариятта буга тыюу жок.

-Эгер аялы күйөөсү жокто, күйөөсүнүн уруксатысыз эжесинин жоктугун билип туруп жездесинин үйүнө барса болобу, же күнөөбү?

-Дегеле исламда чоочун эркек менен аялдын жалгыз жолугушуусу, бир бөлмөдө калуусу тыюу салынган көрүнүш. Жездесиби, балдызыбы, ким болбосун жалгыз калуудан сак болуш керек.

-Кыз турмушка чыгаарда эмнелерге көңүл бурушу керек?

-Эң биринчи ыймандуу болушу керек. Турмушу жакшы болушун Алладан сураныш керек. Күйөөгө, кайын журтка мамиле кылууну, үй жумуштарын жасоону үйрөнүү, аял, эркек укуктарын билүү зарыл.

-Аялдар алтын тагынып, эркектер күмүш тагынуусу керекпи?

-Аялдар алтын, күмүш тагынса болот. Эркектер алтын такса болбойт.

-Мен таежемдин колунда жашайм. Балдарынын көзүнчө жоолугумду артымдан салынып жүрсөм болобу? Балдары да намаз окушат.

-Бөлөлөр никелешсе болот да. Андыктан жоолукту ээгинен алып, салынып жүрүүңүз керек.

-Шариятта ыр-бий жок. Бирок, кыргыз акындарынын, Токтогул жана башкалардын ырларынын үгүт-насыят, тарбиялык жагы бар. Элдик фольклорду муундан муунга кантип беребиз?

-Насаат айткан, Алланы, динди, Мекенди даңазалаган жакшы ырларды эстрадалык музыкасыз укса болот.

- Ата-эне кызынын үйүндө жуунса болбойбу?

-Буга тыюу жок.

-Аялдар жаназадан келгенде гусул алышы керек. Шайтан зына кылат экен деп уктум?..

-Бул туура эмес. Өлүктү жуугандан кийин гусул алып коюу мустахаб – милдеттүү эмес амал катары каралган.

-Акыр заман жакындаганда Дажжал чыгат. Аны Иса пайгамбар өлтүрөт. Андан кийин Иса жерде калабы? Башка диндегилер исламды кабыл алабы? Түшүндүрүп берсеңиз?

-Дажжал адамдарды азгырып, динден алыстатууга аракет жасайт. Ошол мезгилде Алланын пайгамбары Иса түшүп, аны жеңет. Иса акыркы пайгамбар Мухаммеддин шариятында, Куран өкүмдөрүнө баш ийген амалда келет. Адамдарды жакшылыкка чакыруу иштерин улантат.
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

- Төрөбай Закировичти биз мурунтан тааныйбыз. Ал инсандын кыргыз элине, мусулмандарга болгон кызматы эч кимге жашыруун эмес. Депутаттыкта канча жылдан бери иштеп жаткан болсо, бул мезгил ичи дайыма кыргыз элинин баалуулугун сактоо боюнча казино сыяктуу кумар оюндары, гейлерди үгүттөө иштерине каршы бир топ маселелер боюнча катуурак туруп койгондун себебинен дагы бул инсанга чабуулдардын башталгандыгы деп түшүнсөк болот...
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

1. Snickers
2 Супы Campbell
3 Рис Uncle Bens Mars
4 Чай Lipton
5 Mars M&M
6 Twix
7 Milky Way
8 Cadbury (Кэдбери) шоколад, какао
9 Ferrero
10 Nestle шоколад "Нестле", "Россия"
11 Шоколадный напиток Nestle Nesquik
12 Безалкогольный напиток Соса-Соla "Кока-Кола" Соса-Соla
13 "Спрайт", "Фанта", тоник "Кинли", "Фруктайм"
14 Pepci-Со Pepsi
15 "7-Up", "Фиеста", "Маунтин Дью"
16 Сухие завтраки Kellogg's
17 Соусы Knorr
18 Печенье Parmalat
19 Приправы, майонезы, соусы Hellman's
20 Приправы, майонезы, соусы Heinz
21 Детское питание Nestle
22 Hipp
23 Abbot Labs Similac
24 Йогурты, кефир, сыр, детское питание Danon
25 McDonald's (Макдональдс) сеть "ресторанов" быстрого питания
26 шоколад, чипсы, кофе, детское питание Kraft (Крафт)
27 кетчупы, соусы. Heinz Foods (Хайенц Фудс)
28 детское питание, продукты "Делми" Unilever (Юнилевер)

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

- Мен өзүмдөн улуу аялды жакшы көрөм, аны менен турмуш курсам болобу?

- Албетте шариат мындайга жол берет, турмуш куруп жашоого болот. Анткени ал аялыңыз улуу болгондуктан уктаарда дайыма сизге жомок айтып берет.

- Эркек кандай болгондо аялынын көңүлүн толук ала алат?

-Бул суроого аялдар жооп бергени аябай жакшы болот. Аялдар биринчи кезекте эркектин чечкиндүү болуусун каалайт. Экинчиден, эркек аз сүйлөөсү керек. Эң негизгиси аялдар эркектин өз билгенин бербеген бекемдигин жакшы көрөт. Бул сыпаттардын баарын Кудай бири-бирине ылайыктуу кылып жараткан. Ошондо гана үй-бүлөдө ыйман, береке, тынчтык орнойт.

- Шайтандар да бизге окшоп жашашабы?

- Шайтандар да эртең менен биз сыяктуу жумуштарына барышат. Бир күнү шайтандардын чоңу баарын олтургузуп сурайт экен. Сен тур бүгүн эмне жумуш кылдың десе, шашкан шайтан “мен бир молдону намазынан адаштырып салдым»- десе анда сага үч олтур дейт экен. Башкасынан сурайт ал “мен бирөөлөрдүн ичине кирип алып тоноочулук кылдым” деп мактанат. Сага да үч, дагы ким эмне кылды десе, арттан бирөөсү үн катат “мен үй-бүлөнү ажыраштырып салдым” дейт. Шайтандардын башчысы «ой азамат турчу сага беш, шайтандар үчүн эң жакшы жумуш бул үй-бүлөнү ажыратуу» деп айтат. Анткени үй-бүлөнүн туруксуздугу коомдун негизги коркунучу болуп эсептелет. Балдары тарбиясыз болуп өсүп калышы мүмкүн, кароосуз калышы мүмкүн. Ошол себептүү момун мусулмандар үй-бүлөнү терең ойлонуп чечүү керек. Тилекке каршы азыр ажырашуу аябай көп болуп жатат. Албетте бул мусулманчылыкта аябай жаман нерсе.

- Аялдардын жума намазга барганын кандай түшүнөбүз?  

- Аялдарга жума намаз парз эмес, бирок келип кошулуп окуса жарай берет. Атайын аялдардын жамаатка барып окуусу макрух болуп эсептелет.

- Бактылуу үй-бүлө канткенде бактылуу боло алат?

- Үй-бүлө бактылуу болуусу үчүн жубайлардын ортосундагы милдеттер менен укуктар так жана даана, түшүнүктүү болуп, алар сакталууга тийиш.

Эркектин аялына карата укуктары;

Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: "Дүйнө ырахаттардан турат. Дүйнөнүн эң жакшы ырахаты «такыба аял» деп жооп берген экен.

- Мусулман бир туугандарыбыз ич ара бөлүнүп жатканын кандай түшүнөсүз?

- Мусулманчылыгыбыз акырындап өзүнүн жолун таап, коомубуздун татыктуу өсүп-өнүгүүсүнө салымын кошуп жатат. Жарандарыбыздын динге болгон табигый умтулуусу, алардын изденүүлөрүнө, анын жыйынтыгында, кээ бир учурларда пикир келишпестиктерге алып келүүдө. Албетте бул табигый жараян экендиги талашсыз. Арийне талаштан тактык жаралат. Мына ушул көңүл чалгыткан маселелердин бири бөлүнүүчүлүк болуп жаткандыгы болуп жатат. Кудайым аларга да ынсап ыйман берсин.

- Телефондон смс аркылуу жөнөтүлгөн талак кабыл болобу?

-СМС  менен талак жазып жиберүү акыркы күндөрү жаңылык деле болбой калды. А бирок, ал талактын түшөөр түшпөсү туурасында пикирлер ар түрдүү, тагыраагы чачкын болуп жатат. Маселенин чоо-жайын териштирип, күңгөй-тескейин карап, адис катары кыскача маалымат берүү зарылчылыгы дале тургандыктан, тобокел кылып буларды айткым келди:

• Талактын түшүүсү үчүн, талактын сөз менен айтылуусу шарт кылынбайт, сөз менен айтылган талак түшкөндөй эле, сүйлөө мүмкүнчүлүгү жок адамдар өздөрүнө таандык ишаараттар менен да талак бере алышат. Себеби өздөрүнө таандык ишаараттар, алардын өз ара байланыш каражаты болуп эсептелет.

• "Ишаарат" менен талак түшкөндөй эле "жазуу" менен да талак түшөт, жазуу менен талак берген адам сүйлөгөнгө кудуреттүү болсо да.

• "Жазуу" менен берген талак эки түргө бөлүнөт:

1. Марсуума жазуу;

2. Гайру марсуума жазуу;

(Маселенин ток этээр жерин айтып, аят-хадистен, уламалардын сөздөрүнөн далил келтирүүгө бу сапар гезит бети чектелүү экендигинен чыгына алган жокпуз- ред.)

- Ахмадия Хилаафатынын жүз жылдык юбилейине чыгарылган Куран китепти туура эмес дейт. Чынбы?

- Ахмадия өзү туура эмес. Мусулманбыз дегени менен мусулман эмес. Себеби акыркы Мухаммед пайгамбарыбыздан кийин өздөрүнөн чыккан адамды пайгамбар деп эсептегендиги үчүн мусулманчылыктын чегинен чыгып кеткен. Өзү мусулман болбогондон кийин китеби да жараксыз. Ахмадия деген киши болгон, кадиаддий түшүнүгүн ошол киши негиздеп коомго тараткан. Ал киши дайыма чөнтөгүнө кесек салып жүрчү экен. Эмне кыласың десе дааратканага барганда кереги тийет деп жооп кайтарчу экен. Ошол киши өлгөндө дааратканада өлгөн. Алардын ишмердигин уланткан адамдар биздин Кыргызстанда да бар. Алар Куранды канча тил болсо ошончого которо берет. Биздин Жогорку Кеңеште аларды колдогон депуттатар да бар, кимдер ошол китептердин басылып чыгуусуна көмөк көрсөтүп жаткандыгын билем. Азыр алардын аты жөнүн айтпай эле коеюун.Алар туура эмес түшүнүктү бизге таңуулап жаткан, динсиз каапырлар десек да болот.
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) сахабаларынын арасында жөнөкөй бир адам бар эле. Аны көпчүлүгүбүз жакшы билбейбиз. Анын аты эл арасына да таркаган эмес. Бирок, Аллахтын алдында анын даражасы абдан бийик болду. Анткени, ал Аллахтын сыпаттары болгону үчүн "Ихлас" сүрөсүн жакшы көрөт эле.


Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) Табук согушуна жөнөдү. Сапар оор, жол узак болгонуна карабастан сахабалар согушка аттана башташты. Ошол учурда катуу ооруп, төшөккө жатып калган Муавия бин Муавия согушка аттана албай калды. Анын катуу ооруп жатканына күбө болгон Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) анын үйдө калуусуна уруксат берди. Аллахтын жардамы менен мусулмандар Табукта жеңишке жетишти. Жеңиш менен мекенине кайткан Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) сахабалары менен эс алуу үчүн жол боюна токтошту. Түн кирип, айлананы коюу караңгылык каптаган мезгилде, Жабрайил периште түшүп, Пайгамбарыбызга (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) кайрылып:

- Оо, Мухаммад, азыр туруп Муавияга кайып жаназасын оку - деди.
- Азыр окуюнбу?
- Ооба.
- Таң атуусун күтсөк болбойбу?
- Жок, оо, Аллахтын элчиси, чатырдын сыртында сени ар бир сабында жетимиш миңден болгон эки сап периштелер күтүп турат - деди Жабрайил, - алар буга чейин асмандан түшкөн эмес, качан гана Муавиянын кайтыш болгону асманга тараганда, сенин артыңда жаназа окуу үчүн Роббусунан уруксат сурашты.
- Оо, Жабрайил, мындай сыйга жетүү үчүн Муавия эмне кылды эле?
- Ал "Кул хувал-лооху ахад..." сүрөсүн жакшы көрөт эле жана "Аллахтын сыпаты болгондугу үчүн аны жакшы көрөмүн" деп айтчу.

Ушул түнү Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) Жабрайил баштаган 140 000 периште менен Муавияга кайып жаназасын окуду.

Урматтуу окурман! Биз дагы Муавия сыяктуу Куран аяттарын сүйгөндү үйрөнөлү.

Технологии Blogger.