Halloween party ideas 2015
Показаны сообщения с ярлыком Чубак ажы Жалилов. Показать все сообщения
Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Өлкөбүз эгемендүүлүгүн алып, дин эркиндиги мекенибиздин жети дубанына тарап, кеңири жайылганына Алла Таалага көп шүгүрлөрдү келтирип, жадакалса күн сайын Аллага рахмат айтуубуз ар бирибиздин милдетибиз деп эсептейм.

Дин эркиндиги жайылган соң, дин аалымдары ар түрдүү массалык маалымат каражаттары аркылуу ислам динин таратууда. Диний үгүт-насааттарды угуп, динди бекем карманып, сооп-иштерди күн өткөн сайын көбүрөөк жасаган мусулмандардын сообунчалык соопту Алла Таалам дин аалымдарына да берген болсун.

Акыркы мезгилде кыргыз коомчулугунда дин кармануу түшүнүгүн кеңейтүүдө Чубак ажыбыздын мээнети зор десем адашпайм. Муну менен мечит-медреселерде, диний окуу жайларда жана диний мекемелерде дин үчүн кызмат көрсөткөн мусулман бир туугандарымдын салымын кемсинткен жокмун. Бирок ар бир дин тармагында кызмат өтөгөн киши өзүнүн эмгегин Чубак ажынын эмгенине салыштырып, жыйынтыгын байкай алат.

Айтайын дегеним, Чубак ажы – Алла Таалам ал кишинин илимине илим кошкон болсун – окуусун аяктап келип, көптөн бери айтылбай келген көптөгөн диний маселелерге коомчулуктун көңүлүн бурду десем жаңылышпайм. Ал кишинин мээнети жана ачуу чындыкты түз айтуусу жергебиздеги көптөгөн мусулмандардын көзүн ачты.

Баарыңыздар билгендей, келме келтирип, намаз окуу, орозо кармоо, зекет берүү, ажылыкка баруу булар ислам дининин түркүктөрү. Эми булардан башка да маселелерге көңүл бурчу күн келип жетти окшойт.

Биз ислам динин беш парз менен чектебестен, жашообуздун баардык тармагын исламдаштыруубуз керек. Бул дүйнөгө келгенден баштап, кайра акыркы сапарга кеткенче мусулманча жашообуз ар бирибиздин диний милдетибиз.

Мугалим, окуучу, куруучу, медик, мал доктур, тигүүчү, унаа оңдоочу, агроном, соодагер, дыйкан, айдоочу, бухгалтер жана башка кесип ээлери: “Сынак учурунда кээ бир суроолорго досум “жардам” берсе кандай болот? Орто билим алгандыгы тууралуу күбөлүктү тааныштар аркылуу баланча мектепте “окуду” деп алса кандай болот? Чек-арадан товарларды аткезчилик жолу аркылуу алып өтүп, соода кылса кандай болот? Иштеген мекемеге 800 сомдук соода кылып, аны дүкөндүн ээси менен сүйлөшүп дүмүрчөккө 1000 сом деп жаздырып, ашыкча 200 сомду “кызмат акы” катары алса болобу? Иш сапарга (командировка) чыкканда досумдун үйүндө жашап, кайсы бир мейманканада түнөдү деген маалымкатты бухгалтерияга тапшырса болобу? Жумушта кесиптешимдин мекемени жакшыртуу боюнча ой жүгүртүп, бирге тапкан пикирди жалпы жыйында өзүмдүкү кылып айтсам күнөө болбойбу? – деген суроону узатууну үйрөнүшүбүз керек.

Запись Эми башкача суроо берели впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

СУРОО: – Эмне үчүн Куранды, намазды кыргызча окуй  албайбыз? Арабдар бизден  өйдө  турабы?

ЖООП: – Эгер  кыргыз  тилинде  түшкөн  болсо  кыргыз тили өйдө турабы демекпиз. Биринчиден, Кудайдын ыктыяры. Экинчиден, араб тили бай болгондугу үчүн. Үчүнчүдөн, бардык адамдардын баш мыйзамы бир тилде  болгондугу талапка  ылайыктуу. Курандын кыргызча котормосун окуса болот. Намаздын араб тилинде болуусу шарт. Буга жооп берүү үчүн гезиттин бир бети арналыш керек.

СУРОО: – Атам мас кезинде өзүмдү коргоп мушташып кеткем. Атам мени “жети атаңдын каргышы  тийсин” деп каргаган. “Атанын сөзү ок” деп коёт эмеспи. Эми не кылам? Кеңеш бериңизчи…

ЖООП: – Атаңыздан  кечирим сурап,  тообо  кылыңыз. Атаңыз өлтүрүп койсо да унчукпашыңыз керек болчу. Арактын арты ушул.

СУРОО: – Согушта адам өлтүрүп, ок тийип өзүң да өлсөң кыяматта жооп бересиңби?

ЖООП: – Адамды себепсиз өлтүрүү күнөө,  жооп берет. Эгерде мекенди коргоп, динди сактап, үй-бүлөсүнүн абийирине тийип, зордуктап жатса өлтүргөн болсо жооп бербейт.

СУРОО: – Апам казакка турмушка чыгып 4 жыл жашап, ажырашты. Азыр турмушка чыккан. Бирок, экөө менен тең жашайт.

ЖООП: – Кандай акмак апа! Андай болбойт. Никеси бары менен жашашы керек. Никеси жогу менен зына эсептелинет.

СУРОО: – Намазды 5 убак окуу керекпи же 2 убак боло береби?

ЖООП: – Бул 5 сом карызым бар, 2 сомун эле берип койсом болобу дегендей сөз. 3 сомун да төлөп беришиңиз керек. 5 маал намаз буйрулган. Намаз окуу менен энергия аласыз, жүрөгүңүз тазарат.

СУРОО: – Адамдын сүрөтүн тарткан күнөөбү?

ЖООП: – Адамдын сүрөтүн фотоаппарат менен тартуу күнөө эмес, кол менен тартуу күнөө.

СУРОО: – Дваваттын мааниси кандай жана максаты эмне?

ЖООП: – Жакшылыкка чакыруу, жамандыктан кайтаруу, динге чакыруу деген сөз. Максаты – адамдарга акыйкатты жеткирүү.

СУРОО: – Ата-энемдин сүрөтүн үйгө илип койгон элем. Периште кирбейт деп жазылыптыр китепте?..

ЖООП: – Сүрөт бар үйгө периште кирбейт. Сүрөт илүү болбогон нерсе, шариятта эле эмес кыргыздын салтында да жок.

СУРОО: – Атам бакшыга үйлөнүп алган. Аялы бизди  батырбайт. Атам болсо өзгөрдү, мурункудай балдарым деп эзилбейт, ичип калыптыр. Инимдин тоюна өз атам да, өгөй атам да катышса болобу?

ЖООП: – Экөө тең катышса болот.

СУРОО: – Бир жарым жылдан бери балалуу болбой жатабыз. Кетип калсам болобу? Бирок жолдошумду аябай жакшы көрөм.

ЖООП: – Кетип эмне кыласыз! Адамдар он жылдан кийин деле балалуу болушат. Кудай берген күнү болот. Балким жаш кезде ойноп-күлүп алышсын деп мүмкүнчүлүк берип жаткандыр.

СУРОО: – Күйөөм ичип алганда “кет, балдарың менен” деген. Талак түшпөйбү?

ЖООП: – Ажырашуу ниетинде айткан болсо түшөт. Анан жөн эле мастыкта келжирей берген сөздөргө маани берилбейт.  СУРОО: – Мурунку жолдошум каза болгондон кийин ашында кабар берилбей карам алынбай калды.  Ишим  жүрүшпөй  жатат.  Каранын мааниси  барбы?  ЖООП: – Эч кандай мааниси жок.

СУРОО: – Дубаны 1000 жолу окуш керек десе сөзсүз ошончо окуш керекпи? Жети токочту Кудай жолуна деп күнүгө жасаса болобу?

ЖООП: – Шарт эмес, бирок көбүрөөк окуган жакшы болот.

Токочту күнүнө 2 жолу жасасаңыз деле жарай берет.

СУРОО: – Беш жылдан бери күйөөм бирөө менен жүрүп, анысы төрөдү. Экөөнүн никеси жок. Күйөөм ага эмнелерге милдеттүү?

ЖООП: – Никеси жок болсо эч нерсеге милдеттүү эмес. Ага да нике кыйдырып ал десеңиз жакшы болот. Балким алардын никеси бардыр, сиз билбегениңиз менен.

СУРОО: – Намаз окуйм. теледен түрк сериалдарын көрсө күнөө болбойбу?

ЖООП: – Түрк, бразилия сериалдарын көрүп, убакытты ысыраптайсыз.

СУРОО: – Мени кудалап койгон. Аны жакшы көргөндүктөн эмне десе кечирип, күтүп жүрдүм. Аябай кызганчаак. анын айынан уятсыз сөздөр  менен сөгө баштады. Көп урушкандыктан көңүлүм калды. Мындайда эки тарап сүйлөшүп чек койсо болобу?

ЖООП: – Кудалашуу никелешүү деген сөз эмес. Бул жөн гана убада. Башка күйөөгө тийсеңиз жарай берет.

СУРОО: – Тиш кыйшык болсо башка тиш салганга болобу?

ЖООП: – Түздөтсө болот. Анан түз эле тишти андан бетер Майкл  Жексондукундай,  Пугачеваныкындай  сулуу кылам десе болбойт.

СУРОО: – Жаман ойлорду ойлой берем. Кайсы аяттарды окуп мындан арылам же бул оорубу?

ЖООП: – “Фатиха”,  Курандын  бардык  аяттары  себепчи боло берет. Окуй бериңиз.

СУРОО: – Сүйлөшкөн кызым  менен жаткам. Кыздыгы жок экен. Аны албай  койсом  болобу?

ЖООП: – Өзүң деле зына иш кылып албай койсом болобу дейсиң.  Дароо алышың  керек! Денеси чоюлчаак болушу мүмкүн, спорт менен машыгууда түшүп калышы мүмкүн же төрөгөндө кыздыгы чыгышы мүмкүн. Балким айып сендедир. Өздөрү эле периште болуп кеткенсип албай коём деп чыгышат!

СУРОО: – Мен ишиме байланыштуу багымдат намазын окуйм, калганын кечинде үйгө келгенде парздарын окусам болобу?

ЖООП: – Колуңдан келишинче толук окуганга аракет кыл. Эгер ниет койсоң Кудай Таалам бардыгына жетиштирет. Дуба кылсаң баары ордуна келет.

СУРОО: – Мен бойдок жигитке турмушка чыккан элем. Ата-энеси  ата-энемдин алдына келе элек. мен да аларды көрө элекмин. Жашаганыбызга бир жыл болду. Качан келээрин сурасам, шарт болгондо дейт. Мени да ата-энем жанымды койбойт, качан кудалар келет деп. Азыр чогуу жашабайм. Эмне кылсам болот? Ата-эне балага жамандык каалабайт да.

ЖООП: – Турмушка чыкканда ата-энеңдин колунан алып кеткендей болуу керек эле. Кыз каадасы кымбат дейт. Ошого карабастан үйлөнүп алган болсоңор, жашап жаткан болсоңор улантып жашай бергиле! Калганы акырындык менен ордуна келет, насип кылса. Жөн эле жетелешип барсаңар деле жараша берет. Кайра жашап баштаңыз. Ажырашуу жакшы эмес. Кудалар келбей койду деп ажырашып кеткен уят иш.

СУРОО: – Үч күндүк даават учурунда европа улутундагы эки аял, бир эркек мас абалында бут кийимдери менен  намазкананын төрүнө өтүп жигиттерди акараттап, “уурулар” деп доомат кылышты. Мен чыдап тура албай сыртка сүйрөп чыгарсам Алла жолундагы бир туугандар менен кайчы пикирде болуп калдык. Ушуга пикир билдирип койсоңуз.

ЖООП: – Алар намазкананын сыртында туруп сүйлөшсө болмок экен. Анын үстүнө мас болсо. Пайгамбарыбыз алайхис саламдын убагында бир адам келип мечиттин ичине эле заара ушаткан. Ал убакта мечиттер өтө эле карапайым болуп, полу топурактан эле. Сахабалардын кээ бирлери заара ушаткан чөлдүк адамды ур-токмокко ала турган болгондо, аларды тыйып, заара ушаткан жерине бир чака сууну куюуга буйрук берген. Андыктан биз да Пайгамбарыбыздын жолун кармангандыгыбыз жакшы болот. Жамандын өзү теңелбесе да сөзү теңелет дейт. Ичкени арак болгон кайрыдиндин намазканага киргени абдан туура эмес, а бирок Аллах Тааланы тааный албаган адамдан башка эмнени күтүүгө мүмкүн эле? Аллах  жолундагы  бир туугандарыбыз ушуларды айткысы келсе керек го…

Запись Чубак ажы Жалилов менен турмуштук суроо-жооптор (67) впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Жооп: Ар кайсыны айта бербей дароо ишке өтүш керек. Үй-бүлө бузулган жаман. Азыр көп учурда зордуктап кетти, минтип кетти, антип кетти деген жаңылыктарды көп укчу болдук. Анын баары үй-бүлө бузулгандан болуп жатат. Ата-энеси ар тарапка кетип, балдарын бирөөгө бактырып койгон. Сенин аялың бучук болуп, мурду көктү карап, тешигинен өпкөсү көрүнүп турса да, ал сенин балаңа дүйнөдөгү бардык аялдардан жакшы мамиле кылган аял. Сенин эриң сасып, биттеп, селсаякка айланып кетсе дагы балдарыңа дүйнөдөгү бардык эркектерден мээримдүүрөөк ата. Сага жакшы мамиле кылып жаткан эркек балдарыма да ошентет деп ойлойсуң, бирок андай эмес. Түндөгү 15 мүнөттүк ырахаттын айынан аялыңа талак берип кетип каласың. Бирөөнүн катыны бирөөнө кыз көрүнөт болуп, кээде өзүңдүкүн карабайсың да, башканын аялын, балдарын карап жаткан болосуң. Сенин балдарың кандай тагдырда калды, ага кантип жооп бересиң? Эркек, аялдын ортосунда махабат болушу шарт эмес. Бири-бирине ырайым, аёо деген болуш керек. Сенин жашооң жашоо, балдарыңдыкы жашоо эмеспи? Балдарды ойлош керек.

Ал эми сүйүүнү табыш керек. Жарандык никеде жашап көрүп, жакса үйлөнүш керек деген жалган сөз. Ал атайын мусулмандарды бөлүп-жарыш үчүн капырлардын ойлоп тапкан саясаты. Сүйүү деген никеден кийин болсо беш, болбосо он беш. Ал болбосо мээрим деген бар, ошону менен жашай берет. Алланы сүй, динди, мекенди, элиңди, пайгамбарыңды сүй. Сүйүү тукум-курут болуп калган жери жок. Кыргызстанды сүй. Колдо бар алтындын баркы жок деген эң туура сөз. Жаман көрүп, күндө уруп, тепкилеп аткан сасык катының талак бергенден кийин айчүрөккө айланып кетет. Болгону сен анын колдо бар кезде кадыр-баркын билбейсиң. Болбосо анын артынан 2-3 жыл чуркап жүрүп, жатаканада жашаган болсо терезесин карай берип моюнуң үзүлүп, кыйшайып калайын деген. Кызганып, түнү менен ырларды жазып, ыйлап жаман болгонсуң. Анан үйлөнүп, колуңа келип калгандан кийин салып берген мончоң жок, жуунганга самыны жок, бетине упа, эндиги жок көркүнөн кетпегенде анан эмне болуп кетиши керек?! Сен дагы мурункудай эмес өзгөргөнсүң, анан аялым жакпай калды, сүйүү өчүп кетти деп талак бергенден кийин эки күн өтпөй үйүңдүн куту кетип, балдарың ачка калып, идишиң жуулбай үйүлүп, намаз окуганга дамбалың калбай калганда аялыңдын баркын билип, “аттиң ай” деп өкүнөсүң.

КР Экс муфтийи Чубак ажы Жалилов

Запись Үйлөнгөндөн кийин ортодогу сүйүү өчсө ажырашуу керекпи, Ортодо балдар бар? впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Илим алуу күндө кудук казгандай,
Илим чануу түнгө башын каткандай.
Бириң Күндөй нуруң төксөң жылытып,
Бириң түндө Ай жарыгын чачкандай.

Абдышүкүр андай деген жандар бар,
Аалым Чубак мындай деген андан бар.
Аларга эми бир жылмайып койгула,
Ал анткени устазыңар Пайгамбар.

Периште эмес көрүнбөгөн сыр болуп,
Пенде өтпөйт өмүр бою сый болуп.
Үммөт үчүн кылганыңар , өлгөндө,
Үйүңөргө жетип турар нур болуп.

Бириң момун сакал коюп жасанып,
Бириң сонун сакалы жок жашарып.
Жаан өңдүү гүл сугарган сөздөрдөн,
Жан дүйнөлөр бара жатат тазарып.

Акыйкатты кантип айтпай туралам,
Агаларым сүйлөгөндө кубанам.
Алты аятты туура окубай түшүнүп,
Аалым болуп алгандардан уялам.

Абдан терең жалган айтып не керек,
Абдышүкүр кутбалары керемет.
Чубак ажы окуп бүткөн китепти,
Чудо жандар түшүндө да көрө элек.

Өмүр кыска, жаз, жай өтүп күз келет,
Өлүм бир күн жашообузду бүткөрөт.
Эки аалымым кыйшык баса көрбөгүн,
Экөөңөргө көп урпактар түздөнөт.

Чуркап келип суу ичкендей болушту,
Чубак ажы берген кезде жоопту.
Устаранын мизи менен баскандай,
Устаз болуу – сооптуу да, кооптуу.

Ырын угуп, сыйын көрүп турмуштун,
Ынтымакта биз жашайлы бир муштум.
Бардыгына бакыт тилеп ыйлаган,
Бар болгула сыймыктары Кыргыздын.

Запись Бар болгула! впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

СУРОО: Жүрөгү түшкөндү көзү ачыктарга, табыптарга көтөртсө болобу? Жүрөгү түшкөнгө кайсы сүрөөнү окуп дем салса болот? Өзүнө өзү дем салсачы?

ЖООП: Өзүңүз “Фатиха” сүрөөсүн окуп, сууга дем салып ичсеңиз же жуунсаңыз болот. Көзү ачык, бакшыларга барган таптакыр туура эмес. Ал эми айылдагы табып сыяктуу колунда эми бар, Кудай тарабынан берилген таланты бар кемпирлер балдардын жүрөгүн көтөрүп коюшат. Бул жакшы нерсе. Анткени алар бакшы эмес, мээримдүү, таланты бар адамдар.

СУРОО: Достор менен баняда парда отуруп, бассейнге  түшсө  болобу?  Бассейнге  ич  кийимчен же шейшеп менен түшүрбөйт.

ЖООП: Достор менен болсо ич кийимчен, тизеге чейин жабылган шейшеп менен түшсө болот. Баары жылаңачтанып малдай болуп жүргөнү арам.

СУРОО: Түнкүсүн  иштеп,  күндүзү  үйдөмүн.  Багымдат  намазын  ошол  жердеги  мечиттен окуйм.  Анан  үйгө  келип  уктап  калам.  Кээде бешимди күтөм.  Анан  кулайм.  Жумушумду таштасамбы?

ЖООП: Жумушту таштабаңыз. Бешим намазынын убагы аср киргенге чейин боло берет. Асрга чейин туруп окуп коёсуз.

СУРОО: Беш маал намаз окуган, бир турмуш башынан өткөн, баласы бар болсо мастуратты кантип  алса  болот?

ЖООП: Эгерде мурдагы күйөөсүнөн талак алып, башы бош болгон болсо никелеп ала бересиз.

СУРОО: Менин колума сөөл жайнап кетти. окутсам жолум жабылбайбы?

ЖООП: Окута бериңиз. Эч нерсе болбойт.

СУРОО: Аллах менен Кудай бир адамбы же башка башкабы?

ЖООП: Адам деген Кудай жараткан макулук. Кудайды адам  дебейт. “Кудай” деген фарс  тилинде, ал эми “Алла”  араб  тилинде. Айырмасы жок, баары бир затка, Улуу жаратуучуга айтылган сөз.

СУРОО: Мен иштеген дүкөндө спирт ичимдиги сатылат. Ал жерде намаз окуса болобу?

ЖООП: Кээ бир аалымдар болбойт деп айтышат. Ичимдик кыбыла тарабыңызда турган болсо, намазыңыз макүрү (жаман) эсептелинет. Бирок, башка бөлмөдө кыбыла тарапта арам нерсе турбаган болсо, намаз дурус болот. Негизи ошол жерде иштеген жакшы эмес. Арам нерсе сатылбаган жерден жумуш тапканга аракет кылыңыз.

СУРОО: 18 жашымда турмушка чыгып, 4 жыл жашап, төрөбөй ажырашып кеткенбиз. Күйөөм үйлөнүп балалуу болгон. Азыр ал “сага кайра үйлөнөм. Экөөң менен жашайм” деп жатат. Кайын журтум үзбөй кабар алып турушат. Макул болсом күнөө болбойбу?

ЖООП: Макул болсоңуз жакшы болот. Керек  болсо, тиги төрөгөн болсо багып алсаңыз андан бетер жакшы болот.

СУРОО: Жолдошум намаз окуйт, мен да окуп баштадым. Окуй электе бирөө менен жаткам. Күндө тообо намазын окуп алладан кечирим сурайм. Кечирилеби?

ЖООП: Иншаллах,  кечирилет.  Кудай  кечиримдүү. Ширктен  башканын  баарын  кечирем  деген.  Ошол күнөөнү  бирөөгө  айтыштын  кереги  жок. Күнөөнү башкаларга  айтуу – дагы  бир  күнөө.  Жолдошуңузга айтып  алып  ызы-чуу  болуп  жүрбөгүлө.

СУРОО: Калың  бергенде  кайра эле кызга сеп кылып берет. Эми махр да бериш ваажиб болобу? Оронгон келин үйдө жоолугун артка салынып, моюн тарабы кайын ата, кайын агасына көрүнсө болобу? Никеде кыздын жообун күбөлөр угушу шартпы? Назданып унчукпасачы?

ЖООП: “Калың” кыргыз тилинде, “махр” араб тилинде. Экөө бир эле нерсеге айтылган. Сеп милдеттүү эмес. Сеп кыздын өзүнүн мүлкү. Кыз ажырашып кетип калса, кээ бир акмактар “калың бергенбиз” деп септи алып калышат. Миллион доллар калың берген күндө да септи алып калганга акысы жок. Калың сеп үчүн берилбейт. Калың – кыз үчүн белек.

Кайнатасынын көзүнчө жылаңбаш жүрсө болот. Кайнагаларына көрсөткөнгө болбойт. Анткени, алар махрам (никеге турууга болот) эмес (намахрамдар).

Кыз унчукпаса, нике кыйылбайт. Сөзсүз түрдө айтышы керек. Такыр эле уялып айта албаса, “менин атымдан айтып кой” деп өз өкүлүн жөнөтүшү керек. Кыз бир гана атасынын жана чоң атасынын алдында уялып унчукпаганы эсепке алынат.

СУРОО: Жашым 22де. Ата-эне каршы болуп жатса, үйлөнүүгө  болобу?  “Эки-үч жыл күт” деп жатышат. Өзүмдү карманууга сүннөт менен кандай аракет  кылсам  болот?  Кыздарды  көргөндө оюм бузулат. Же такыр көчөгө чыкпаш керекпи?

ЖООП: Дароо үйлөнүңүз. Эгерде, бир күндө бир нан тапканга акчаңыз жетсе үйлөнүңүз, аялыңыз менен бөлүшүп жейсиз. Кудай ырыскысын берет. Ата-энеңизди укпаңыз. “Үй алып, мебель алып, машина алып анан  үйлөнөм” дегендер болбогон сөз. Үйлөнүү колуңуздан келбесе орозо тутуңуз.

СУРОО: Атам аракты көп иччү болду. Эмне кылуу керек?

ЖООП: Кудайдан суранып, дуба кылыңыз. Алла ынсап берсин. Мүмкүн болсо даватка чыгарыңыз, жакшы болуп кетет.

СУРОО: Түндө уктап жатып көп сүйлөнөм. Күндүзү ойлогон нерсени айтып салам. Муну калтырса болобу?

ЖООП: Калтырса болот болуш керек. Жатаарда айтыла турган дубаларды айтып, намаз окуп, даарат менен жаткан болсоңуз жакшы болот. Куранда “Намаз жана сабырдуулук менен өзүңөргө жардам алгыла” деп жазылган.

СУРОО: Мени ала качып, каршы болгонума карабай жоолук салып, бата беришкен. Апама “калбайм” деп ыйлап келе бергем. Бир астана аттагандан кийин бактысы байланып калат дейт. Ушул туурабы?

ЖООП: Болбогон  сөз. Он  жолу бата берсе деле сизге жакпаган болсо, калыштын кереги жок. Келе бергениңиз туура болгон. Бирок, баланы көрүп жактырып калсаңыз андан бетер жакшы болмок. Күйөөгө тийип алганыңыз чоң олжо болмок. Бирок кемпирлер астанага жатып алып, нанды тиштетип коюп, “бактың байланып  калат”  дегендердин  баары ошол кемпирлердин жомоктору. Буга ишенбеңиз.

СУРОО: Касида түшүнгөн молдолор тамыр кармап дарылашат. Ошолорго  ишенсе болобу?

ЖООП: Тамыр кармап дарылоо – молдонун эмес, табыптын  иши.  Элдик табып  болсо, бул жакшы. Касида окуйт  десе эле  күчтүү  молдо  экен  деп ойлошот. Касида – поэзия, поэма деген эле сөз. Пайгамбарыбыз алейхиссаламды  мактап  жазылган  ыр. Ал ырды арабча билгендин баары эле окуй берет. Касиданы окугандан көрө, Курандын бир аятын ошондон он эсе аз ихлас менен окуса дагы аяттын таасири көбүрөөк болот. Өкүнүчтүүсү, айрымдар Касиданы Курандан жогору коюшат.

Куран – Кудайдын сөзү. Касида – бир адамдын сөзү. Куранды окуса, андан миң эсе көп шыпаа берилет.

СУРОО: Менин кулагыма көбүнчө таңга маал эркек адам азан же сүрө айтып ойготуп жиберет. Коркуп кетем…

ЖООП: Коркпоңуз. Бул Алланын сизге жиберген периштелери. Намаз окуңуз. Мен Меккеде жүргөндө да ушинтип эрте менен ойготчу.

СУРОО: Мен окуучумун. намаз окугум келет. Бирок, мектепте хиджаб кийгенге уруксат жок. Азыркы жаштардай кийинип эле намаз окуй берсем  болобу?

ЖООП: Хиджаб кийүүгө уруксат бар. “Уруксат бербейм” дегенди  сотко  берсеңиз болот. Бизде  демократия. Намазды окуй бериңиз. Намаз менен хиджаб кийүү – эки башка амал.

СУРОО: Намазды жаттагыча китепти карап окуса болобу?

ЖООП: Болот. Бирок, колдон келишинче тезирээк жаттаганга аракет кылыңыз.

СУРОО: Мага азан чакырбай эле ысым коюшкан экен. Күнөө эмеспи?

ЖООП: Күнөө эмес. Кааласаңыз мечиттин жанына келип азанды угуп кетиңиз.

СУРОО: Досум машинасы менен кырсыктап, 4 бала каза болуп, рулдагы досум аман калды. Биз муну кырсык дедик. аны каматпай койсок күнөө болбойбу? Каза болгондордун туугандарына колдон келген жардамды берип жатабыз.

ЖООП: Жардам берип жатканыңар жакшы. Досуңуз тообо кылып, Кудайдан кечирим сурасын. Катасын түшүнгөн болсо, жетиштүү болот. Каматкан менен эч ким пайда көрбөйт.

СУРОО: Жылдыз түшкөндө тилек айтса аткарылабы?

ЖООП: Жок, бул туура эмес.

СУРОО: 5 маал намаз окучумун. Бир жигит менен сүйлөшүп  баштагандан  кийин окубай  калдым. Аракет кылсам да болбой жатат. Эмне кылам?

ЖООП: Жигитиңизди таштаңыз. Жигит менен сүйлөшүү жакшы көрүнгөнү менен бул шайтандын  оюндары. Намазды жакшы ниет кылып баштаңыз.

СУРОО: Жумушка байланыштуу аялым экөөбүз бир жыл бөлөк жашадык. Нике бузулбайбы?

ЖООП: 10 жыл, 100 жыл бөлөк жашасаңар деле нике бузулбайт. Бөлөк жашагандан нике бузулат деген жок.

СУРОО: Үч айга чейин бойдон алдырса болобу? Спирал салдырсамчы?

ЖООП: Бойдон алдыруу – күнөө, арам. Эгер, эненин ден-соолугуна олуттуу зыян келе турган болсо, же ичиндеги бала өлүп калган болсо, алдырса болот. Спиралды ден соолукка зыян келтирбесе жана бала төрөө жагымсыз жагдай жарата турган болсо, салдырса болот. Жөн эле “2 бала жетиштүү, фигурам бузулуп калат, ишим калып кетет”  дегендей  шылтоолор менен салдырса болбойт. Баланы 2 жыл эмизүү керек. Врачтар менен кеңешип, кийинки баланы төрөгөнгө чейин салдырса болот.

СУРОО: 14 жашымда намаз окуп кийин сабагыма байланыштуу окубай  калдым. Күйөөгө тийгенден кийин сөзсүз окуйм деп сөз бергем. Кудайым мени кечирет болду бекен?

ЖООП: Кудай күнөөнү кечирет. Бирок, күйөөгө тийгенге чейин жашаарыңызды кайдан билесиз. Ажал ар мүнөттө  келиши  мүмкүн. Сабагым  бар дегениңиз – шылтоо. Намазды окуңуз.

СУРОО: Эжем айткан “намаз окуп, өзүнө ылайыктуу кийинсе болот, кеп кийимде эмес, эң башкысы адамдын жүрөгү таза болушу керек” деп…

ЖООП: Туура. Эң негизгиси, жүрөктө ыйман болушу керек. Ыймандуу болуп, ошол эле учурда кийимге да маани берүү керек. Аялдарга жоолук салынып, узун кийип жүрүүнү шарият буйруйт.

СУРОО: Эмне үчүн көп аял алган эркектин материалдык жагы гана эске алынат. Физикалык жактан да күчтүү болушу керек да. Биринчи аялын төшөктө кандыра албай туруп, башка аялды катуу сүйүп калса, ага үйлөнүп алса болобу?

ЖООП: Албетте, материалдык эле эмес, моралдык жактан, баардык тараптан камсыз кыла алганда гана уруксат берилет. Биринчи аялын эптей албай жатып экинчисин албаш керек. Шариятта төшөк маселесине чоң маани берилет. Айтканыңыз туура.

СУРОО: Ата-энемдин ажырашканына 16 жыл болду. Башка үй-бүлөсү бар, бирок апамдын жообун мусулманча берген эмес. Кандай болот?

ЖООП: Бул боюнча апаңыз менен сүйлөшүү керек. Кээде талак сөзү айтылбастан деле ажырашуу ыктымалы бар.

СУРОО: Жигитим менен жүргөнүмө бир жылдан ашкан. ал мени бузуп койгон, бирок менден качып жүрөт. Эки айдан бери аны көрө элекмин. ар кандай ойлор келчү болду. Эмне кылаарымды  билбей  калдым…

ЖООП: Тообо кылып, Кудай жолуна түшүңүз. Сизге чала болду десем да жарашат. Жигит менен жүрүү акыры ушундай нерсеге келип такалат. Жигитиңиз келсе, дароо нике кыйдыралы деп айтыңыз.

Запись Чубак ажы Жалилов менен турмуштук суроо-жооптор (66) впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

“Насаат Медиа” илимий порталы Чубак ажы Жалиловдун баяндарын, теле-радиолор аркылуу угарман-көрөрмандардын суроолоруна берген жоопторун, өлкө аймагында жана чет мамлекеттердеги жолугушууларындагы айткан насааттарын, дегеле турмуштук жана диний маселелердеги түйүндөрдү чечкен шариат мыйзамдарына ылайык көрсөткөн илимий жол-жоболорун камтыган видеолорун дээрлик ар күн сайын жүктөп, ал Уoutube видеоканалы менен ааламга тарап турат.

Бүүгүнкү күндө “Насаат Медиа” порталы Кыргызстандагы эң көп көрөрманы бар порталдардын катарын толуктайт. Учурда Уoutube видеоканалындагы анын баракчасында 120 000ден ашуун катталган (подписчик) интернет колдонуучусу бар.

Запись Чубак ажы Жалиловдун эмгегин баалаган кыргыздын бир азаматы “Насаат Медиа” порталына жеңил автоунаа тартуулады впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

СУРОО: Мен туугандарымды фитна кыла бергени  үчүн  жек  көрөм.  Аралашып,  катыша  баштаганда эле бир фитнаны башташат. Ушулардан алыс эле болоюн деп, катташпай койдум. Фитнадан сактануу үчүн  туугандар менен барышып-келишпесе күнөө  болбойбу?

ЖООП: Күнөө болот! Фитнага аралашпай катташа бериш керек. Сен билгенди билбеген үчүн фитна кылып жатат да. Фитна болбой турган деңгээлде гана байланышта болуу керек. Мисалы, чакырган жерге барып ушак, фитнага чейин отуруп,  ал-абал сурашып, тамак ичкенден кийин кетиш керек. Кептин баары көпкө отуруп, көп сөз сүйлөнгөндө болот. Мамилени үзбөш керек. Тууган-урук менен катташпоо, Кудайдын сени менен катташпай коюусун камсыздайт.

СУРОО: Эмне үчүн Кудай бизди сынайт? Ал мээримдүү, ырайымдуу болсо, кыйнабай эле бейишке киргизип койбойбу?

ЖООП: Кудайым ошол сыноосунда да бизге мээримдүү. Эгер Кудай Таалам бизди чындап сынаган болсо, биздин бейишке баруубуз абдан кыйын болот.

СУРОО: «Аялына айтпай башка аялга нике кыйдырса боло берет» деп эркектердин кулагын кызытпай, андан көрө балдарыңарды ойлогула деп насаатыңызды айтпайсызбы?

ЖООП: (Күлүп)  Эркектер, балдарыңарды ойлогула. Канча аялы болбосун баарын бирдей тамак-аш, жатакана, кийим-кече, окуган болсо окуусу менен камсыз кылууга милдеттүү. Андан сырткары моралдык жактан жардам берип, аялдардын  муктаждыгын канааттандыруусу милдеттүү. Анан биздин эркектер бирөөсүн эптеп бага албай, намаз окубай, орозо кармабай жатып эле экинчисин алам дейт. Материалдык жана моралдык жактан баарын бирдей камсыздай албаган эркек күнөөкөр болот. Негизи, экинчи аял алуу коомдогу социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган. Бир аял балдары менен жесир калып, аларды бага турган адам жок калганда аны камсыздоо максатында аялдыкка алса болот. Жөн эле жардам берсе эмне үчүн жесирге келип жатат деп айтышат да. Ошондуктан никелеп алып, анын балдарына тарбия берсе сөз болбойт. Пайгамбарыбыздын аялы Айша энекебиз гана мурда күйөөгө чыккан эмес. Калгандары баары жесир калган кемпирлер болгон. Пайгамбарыбыз аларды камсыздоо максатында алган. Бизде болсо 18 жаштагы кыздарды алып алышат. Бул туура эмес. Алардын күйөөгө чыгууга жесирлерге караганда мүмкүнчүлүгү көп.

СУРОО: Эжемди жездем көп жолу (30га  жакын) “кет, башка аял алам” деп кетирип, кайра жарашат. Ичет, ойнойт. Эжемди эч жакка бастырбайт. Терезени караса да “кимди  карап жатасың” деп урушат. Кандай болот?

ЖООП: Ачууланып же кызганып “кет, жашабайм” десе эле талак түшө  бербейт. Чындап ажырашуу ниетинде айтылса талак түшөт. Мунун баарын жездеңизден тактап сураш керек. Алла жездеңизге ынсап берсин. Пайгамбарыбыздын кулк-мүнөзүн насип кылган болсун.

СУРОО: Эки эркектин жыныстык катнашка киргени күнөө эмеспи? Бул оорубу же Кудай тарабынан  берилгенби?

ЖООП: Бул албетте, арам, күнөө! Бул нерседен алыс болуу керек. Эркек менен аялдын никесиз байланышы – арам. А бул андан да жийиркеничтүү. Эгер Ислам өлкөсү болгондо булар чоң жазага тартылуусу милдеттүү болот. Эркектер Кудайдын каарынан коркушу керек. Врачтардын жардамы менен дары-дармек ичип, өздөрүн оңдогонго аракет кылуулары керек.

СУРОО: Тааныш байкем 5 маал намаз окуйт. Кээде чарчадым деп пиво ичип коёт. Боло береби?

ЖООП: Градусу бар, мас кыла турган пиво арам эсептелинет. Ал эми алкоголсуз, градусу жок пиво квастын эле өкүмүндө. Бирок, Кыргызстандын шартында мындай пиво барбы, билбейм. Эгер чарчадым деп арак, арам ичимдик ичсе шариятка туура келбейт.

СУРОО: Жашым 43тө. Намаз окуганыма 3 ай болду. 5 убак окууну чын ниетимден каалайм. Базарда контейнерим жок, бурчта эле отурам. Бешим, аср намаздарынын  парзын  куптанга кошуп окуса болобу? Базарда кышта суукта даарат алуу кандай болот? Суук тийсечи?

ЖООП: Аллахым намазыңызды кабыл кылсын. Аллахтын сизге  хидаят  берүүсү  менен  куттуктайбыз. Кышында суу муздак болуп даараткана маселеси келип чыкканда кагаз же башка каражаттар менен тазаланып алууга болот. Бешим, аср намазын окууга мүмкүн болбой калганда каза намазын окуйсуз. Бирок убагында окуганга аракет кылып көрүңүз. Балким буюмдарыңызды жыйнап мечитке барып келээрсиз. Ниет кылган болсоңуз Кудай сизге дагы жеңилдик берет. Балким кышка чейин намаз окуп, соода кыла турган жерге туруп калаарсыз.

СУРОО: Балыкты жесе күнөө дешет, туурабы?

ЖООП: Туура эмес. Болгону, балык союлбайт. Тутулган бойдон жей   беришет. Жандыктардын ичинен балыкты бисмилла айтып сойбостон эле жесе болот.

СУРОО: Мен нас чегем. Мага өтө күчтүү таргиб айтыңызчы, чекпей калайын. Алла ыраазы болсун!

ЖООП: Нас чегүү дааратты бузбайт. Бирок, бузбайт десе эле чеге берүүгө болбойт. Мисалы, эшектин тезеги деле, дааратканадагы  нерселер деле дааратты бузбайт. Нас – өтө ыплас нерсе. Алланы мактаган ооздо ыплас нерсе болуусу ылайыктуу эмес. Андан сырткары ден соолукка өтө зыян. Зыяны болбогондо деле пайдасы жок. Жаман нерсени оозуна салып алып кайсы бети менен Кудайдан суранат.

СУРОО: Ажырашканыма 3 жыл болду. Кызым атасында. Орто жолдо  кыйналып кеттим. “Күйөөгө тийбе, тийсең кызыңды көрсөтпөйм” дейт. Өзүмдүн аябай көңүлүм калган. Кызымды көргөнү барсам жатмайынча кетирбейт. Иним, байкем менен барайын десем, алар алыс жакта. Эмне кылам?

ЖООП: Эмне үчүн көңүлүңүз калганын билүү керек. Балким сиз тараптан же ал тараптан кемчилик болгон. Жаман адам болбойт, жаман кылык-жоруктары болот.  Ошол  жоруктарын  оңдогонго  аракет кылган болсо жакшы болот. Жаман эркекти жакшы кылып алуу сиздин колуңузда. Башка күйөөгө тийгенден мурда кызыңыздын атасы менен кайра жарашканга аракет кылып  көрүңүз. Кызыңызды тартып алсаңыз деле болот. Шарият боюнча кызды  багуу сиздин укугуңуз. Турмушка чыгып кеткен учурда гана ал укуктан ажырайсыз. Анда кыз сиздин апаңыздын колуна өтөт. Сотко кайрылсаңыз болот. Бирок сотко кайрылаардан мурда дагы бир жолу жашап көргөнгө аракет кылыңыз. Эгер талак түшкөн болсо, ал сизди жатмайынча коё бербесе, бул күнөө. Зына эсептелинет.

СУРОО: Бир таанышыбыз иеговада. Исламга кайтып келүүсү үчүн кандай даават кылуу керек?

ЖООП: Кудай таанышыңызга хидаят берген болсун. Аны илимдүү адамдар менен жолуктурганга аракет кылыңыз. Же өзүңүз билсеңиз айтып бериңиз. Алар акыйкатты таап алганынан жүргөн жери жок. Болгону алардын жылуу  сөзүнө арбалып жүрөт. “Көк-Жардагы” Иляз устаз инжил боюнча чоң адис. Ошого жолукса баарын айтып берет.

СУРОО: Сессия  башталып  атамдан  акча  сурасам, бергендин ордуна уят сөз менен сөккөн. “Жалгыз кызыңызга таап бербесеңиз кандай атасыз? Сизден сурабай кимден сурайт элем” дегем. Акчасы бар туруп жок дейт. Азыр ал экинчи аялы менен шаарда. Биз айылда. Аябай кыйналып кеттим, жашагым келбей калды. Кеңеш бериңизчи.

ЖООП: Атага таарынбайт, садагаң кетейин. Ата деген кээде урушуп коёт. Ата баласын өлтүрүп койсо, аны үчүн ата өлтүрүлбөйт. Башка жаза колдонулат. Бул деген ата-эненин мээрими чексиз деген мааниде. Балким ошол учурда атаңыздын маанайы чөгүп тургандыр. Катуу айтып койгон болсоңуз атаңыздан кечирим сураңыз. Ата-энеге таарыныч, кек сактаган адам эмес, малдын да иши эмес. Ата-эне деле пенде. Алар да ката кылышат. Кечире билүү керек. Ошон үчүн эле өлүп алгым келет деген акмакчылык. Намаз окуңуз, Кудайдан үмүт үзбөңүз. Атаңыздын мамилеси динсиздиктен келип чыккан маселе. Динди түшүнгөндө антип айтмак эмес. Ал эми өзүңүз аракет кылып окуп, сессияны тапшырыңыз. Паракордук арам. Жакшы окуп, жооп берип турсаңыз деле баа койбой туруп алса акча берсеңиз болот. Окубай туруп эле акча менен бүтүрүп коюу арам.

СУРОО: Күйөөсү башка аял менен жаткан болсо нике бузулабы?

ЖООП: Нике бузулбайт, бирок күйөө зынакор эсептелип, кыяматта буга жооп берет. Анан күйөөсү жатпаса деле күмөн санап, аңдып алуу туура эмес. Адам адамга ишениш керек. Ишенимдин негизинде гана жашоо болот. Күйөөлөргө айтаарым, бул эч ким текшербейт, жүрө бергиле деген сөз эмес. Алланын көз жаздымынан эч ким сактана албайт.

СУРОО: Тааныбаган уйгур бала ала качып, зордук менен жаткырып, молдо никемди кыйып салды. Эртеси кетип калдым. Күнөө эмеспи? Кудайдан күнү-түнү тилеп бактыма да жолуктум. Азыр күйөөм, бир балам бар.

ЖООП: Ушундай иш болуп калгандан кийин уйгур менен деле тагдырыңызды сынап көрсөңүз болмок экен. Бирок анын кылганы арам, туура  эмес. Эгер уйгурга нике кыйганга макулдугуңузду берген болсоңуз, аны менен никеңиз сакталуу болуп, азыркы жашооңуз туура эмес. Биринчи никеңиз барбы- жокпу текшерүү керек. Анан экинчи никеңиздин жарактуу экендиги аныкталат. Сотко бериш керек болчу ала качкан акмакты.

СУРОО: Намаз окуган адам спорттун бардык түрү менен машыкса болобу? Шарият жол береби же күнөө болобу?

ЖООП: Спорттун кайсы гана түрү болбосун ден соолукка пайдалуу, акыл-эсти өстүрө турган болсо уруксат берилет. Бирок, бокс деген нерсе бар, адамдын  башына уруп ойногон. Аны спорттун бир түрү катары үйрөнсө  болот, бирок башка урбай, атайын  куралдарды колдонуу менен. Аны кесип кылып алган болбойт. Спорттун кандай гана түрү болбосун намазды калтырып жатса, арам эсептелинет. Намазды убактысында окуу керек. Анан футболго, күрөшкө жылаңачтанып чыгып алышат. Эркектер киндиктен тизеге чейинки аралыкты жаап ойногондугу жакшы болот. Ал эми топтун артынан чуркап жүрүп убакытты өткөрүп бала-чака ачка калса, бул арам.

Запись Чубак ажы Жалилов менен турмуштук суроо-жооптор (65) впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

1) Айт күнү кир жууса өлгөн маркумдун көзү ачышат, кийим тиксе көзүнө ийне сайылат деп ырымдап жүрүшөт. Ушул туурабы? Аллахым ыраазы болсун, рахмат.

Жооп: Жок, бир боорум. Андай айтылган маселе жок. Болгону, айтты айтка ылайык майрамдык шаани менен өткөрүү сүннөт болгондуктан, элибизде сиз айткан кеп айтылат.

Эгерде, жума же айт күнү кир жууй турган болсоңуз, ошол кир жуу иш жараяны майрамдык маанайды пайда кылууга себеп боло турган болсо, анда кир жууган, же үй жыйнаштырган сооп болот. Имам Бухарий жана имам Муслим риваятында Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат:

“Жума күнү гусул алуу ар бир бойго жеткенге ваажып!”

Хадистин мааниси: эл чогулган коомдук жайларга катышууну каалаган адамдар таза жунуп, жаман жыттардан арууланып катышуусу милдеттүү. Аруулануунун шарттарынын бири таза кийимдерди кийинүү болот. Таза кийимди кийүү үчүн аны жууганга туура келет. Мына ушул максатта кир жууса күнөө болбойт, тескерисинче, сүннөткө амал кылган болот.

А бирок андай максатта эмес, жөн эле жумуш кылайын деп майрамдык маанайга маани бербесе, анда бул адам кандайдыр бир деңгээлде күнөөкөр болот. Имам Тирмизий, имам Абу Дауд, имам Насааий, имам Дааримий, имам Ахмаддар риваят кылган хадисте Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат:

“Арапа күнү, Курман айт күнү, Ташриик күндөрү, биз мусулман журтчулугунун майрам күндөрү! Бул күндөр тамак-аш ичүүнүн күндөрү.”

Хадистен көрүнүп тургандай, бул күндөрү орозо кармаган жакшы эмес. Кээ бир аалымдардын пикиринде орозо кармоо майрамдык маанайга туура келбеген көрүнүш болгондуктан, ар бир эле жумуш майрамдык маанайга туура келбесе, ошол эле учурда аны аткарбай коюу шариятта күнөөкөрчүлүктү талап кылбаса, андан оолактануу жакшы жумуш болуп эсептелет. Муктаждыгы жок болсо майрам күндөрү үй жыйнаштырган, кир жууганды ошол себептен болбойт деп айтып келишкен.

Кеменгер кыргыз муну бир ооз сөз менен “Койчунун кызы кой келгенде иш кылат” деп айтып койгон. Кээ бир кайсар адамдар айт күндөрү иш кылып калат кыйраткансып, башка күндөрү уктайт. Ошолорго айтылган кеп. Туурасын Алла Таала билүүчү!

2) Мен оронуп жүрөм, бирок Москвага барсам жоолугума карап окууга да, ишке да албай койду. Чечип койсом болобу?

Жооп: Жок, бир тууганым! Ишке, же окууга кирүү үчүн жоолугун чечип салуу динибизге туура келбейт. Жоолуксуз окугандан көрө окубай ак койгон жакшыраак. Жоолук парз. Сени багуу ата-энеңе, эркек бир туугандарыңа парз. Турмушка чыксаң, жолдошуңдун багуусу парз. Алардын баары жок болсо, диниң бузулбаган абалда жумушта иштесең болот. Мисалы, жалаң аялдар иштеген жерде жылаңбаш иштесең жарайт.

3) Мен операция жолу менен төрөгөм. Курсагымда тырык бар. Угушумча Алланын алдына таза барыш керек экен, мындайча айтканда, денеге бычак тийгизбей. Ушул чынбы? Анан баламды да көргөн жокмун. Чарчап калыптыр. Өзүм 4 күн комада жатыпмын. Дарыгерлер болсо баары Кудайдан дешип, башка сөз айтпай коюшту. Кудай берген баланы айы-күнүм жетип ооруканага басып келип ушундай абалга туш болуп олтурсам, өзүң өлсөң да баланы куткарыш керек болчу деген сөздөрдү уктум. Ушул уккандарым чынбы? Жооп берип коё аласызбы?

Жооп: Бир ит көрүп үрөт, бир ит көрбөй үрөт. Адамдардын сөзүнө маани бербе. Ит үрө берет кербен жүрө берет. Керек болсо курсагыңдагы тырыгың төрөгөндүгүңө, тирүү менен өлүүнүн ортосунда ажал менен арбашып, ары барып бери келгениңе күбө. Ким тирүү калат, ким акыретке сапар тартат, ал Алла Тааланын иши. Өзүң комада жатсаң, аны кантип тирүү сактап калмак элең? Эмчегиңде сүт болуп туруп бербей койсоң, же шалаакылык кылып ысык сууга күйгүзүп алсаң, же иштеймин деп аны бакпай койсоң, жыйынтыгында өлүп калса, мына ошондо күнөөкөр болмоксуң… Маселе сен айткандай болсо, сен күнөөкөр эмессиң…

4) Айт күндөрү кандай жүрүш керек? Эмнелерди кылса болот жана эмнелерди кылбаш керек?

Жооп: Айт күнү мусулман пендесинин төмөндөгүдөй адептерди кармануусу жакшы иш:

1. Айт намазын окуу үчүн айт намаз окула турган жайга чыгуудан мурда үстү-башын жууп тазалап, гусул алуу; Пайгамбарыбыз алайхис салам Орозо айтка чыгардан мурун гусул алып чыгар эле. (Имам Малик, Муватта 428).

2. Орозо айтка чыга турган адам бир нерсе (үч төрт даана курма) жеп, ал эми Курман айтка чыга турган адам эч нерсе жебей айт намазга барып, намаздан кийин чалынган курмандыктын эти менен оозанганы жакшы иш. Пайгамбарыбыз алайхис салам Орозо айтка чыгарда так сандагы курма мөмөсүн жеп чыгар эле. ( Имам Бухарий 953).

3. Такбир айтуу:

“Аллааху акбар, Аллааху акбар, Лаа илааха иллаллооху валлооху акбар! Аллааху акбар! Ва лиллаахил хамд”.

Айт күнү айт окулчу жайга чейин утур-утур айтып баруу сүннөт. Курман айт күндөрү намаздан кийин айтыла турган такбир, Арафат күнү Багымдат намазынан башталып, тээ айттын үчүнчү күнү Аср намазына чейин 18 намазга айтылат.

4. Айт менен куттуктоо; Мусулмандар бири-бирин айт менен куттуктап, “Кудай окуган намазыңызды кабыл этсин, жакшылыктарга жеткирсин!” деген тилектерди бири-бирине айтуу да жакшы иш. Сахабалардын доорунан бери келе жаткан берекелүү амал. (Фатхуль Баарий, 2\446, Иснады хасан)

5. Айтка жасануу: Жакшы атырларды куюнуу, жакшы кийимдерин кийүү, оозун мисвак менен тазалоо, бут кийимдердин жакшысын кийүү, сакал-чачтарын иретке келтирүү ж.б.у.с. (Бухарий 948, Ибну Хузейма 1765).

6. Айт окулчу жайга бир жол менен барса, кайтканда башка жол менен кайтуу. (Бухарий 986). Көп адамдарга салам айтуу, аларды айт майрамы менен куттуктоо, жаш балдарга майрамдык белек берүү сыяктуу жакшы жөрөлгөлөргө мүмкүнчүлүк берүү.

7. Кыргыздарга тиешелүү дагы бир жакшы салтыбыз – тууган-урук, тааныш-туунуштарды аралап айттоо;

5) Мен күйөөм менен ажырашып кеткем. Аны менен ажырашарда күйөөмдүн досуна турмушка чыкмак болуп, күйөөмөн талак сурасам бербей койгон. Ал кезде мен Орусияда, күйөөм Кыргызстанда болчу. Талак бербей койгону үчүн нике кыйдырган жокмун. Бирок бир айдай аял-күйөөдөй болуп жашадык. Тигил күйөөм экөөбүздүн ортобузда бир уулубуз бар. Мен тиги бала менен урушуп кетип, жашай албай Бишкекке келип алгам. Азыр мурунку күйөөм элдешели деп жатат. Бирок элдешкенден да уялып жүрөм. Башкага турмушка чыгам деп кайын журтума уят болгом. Ошол себептен элдешпей жатам. Сизден кеңеш сурайын дегем. Буга кандай карайсыз?

Жооп: Эми сен, карындашым, жакшылап тооба кыл! Чындап ыйласа сокур көздөн жаш чыгат дейт. Андан кийин бир айыз (этек кир) өткөрүп туруп, кайрадан мурунку күйөөңө бар. Адашкандын айыбы жок, кайтып үйүрүн тапкан соң деп айтат кеменгер журт. Талак бербегенден кийин никени жаңыдан кыюунун зарылчылыгы жок. Уялуунун кереги жок. Ким эле баарын жайында кылып, периште болуп кетиптир. Кам сүт эмген пенде болгондон кийин катачылык кетет. Маселе, ал катаны кайра кайталабай, туура жолдо жүрүүдө.

Ал эми, жанагы бир аз күнөө кылып жашап калган күйөөңүздүн досу менен бет келишпегенге аракет кылыңыз.

6) Биздин айылда мечитте жума намазынан кийин этият шарт бешим окулат. Ошонун кереги барбы, жокпу? Тактап алайын дедим эле.

Жооп: Көпчүлүк ханафий мазхаптын аалымдары этиет пешим окуганды жактырышат. Мен да ошолорду колдогон илим изилдөөчүлөрдөн (таалиб илим) болуп эсептелем.

7) Муфтияттан чыгарылган намаз календарында куптандын убагы 22:25те экен. Азанды 22:15те чакыра берсе болобу?

Жооп: Календарды карап, так аткаруу милдеттүү болот.

8) Менин бир кыз, бир уулум бар. Балам эки жашта. Эмчектен бир жашар кезинде чыккан. Бирок экинчимди төрөгүчө оозуна салып уктачу. Азыр кызым жыйырма күндүк. Балам чырдап ыйлап жатат. Экөөнү тең эмизсем болобу же жокпу?

Жооп: Эки жарым жашка чейин эмсе боло берет. Бирок, сүт кыздын акысы. Кыз тоюп, андан ашкандан кийин гана уулуңузду эмизсеңиз болот. Валлооху аьлам.

9) Биздин бир балабыз бар, жолдошум баланы бир жаш алты ай болгондо сүттөн чыгарып (себеби ошол маалда окууга тапшыра турган маал болот) мени медресеге окутуп, “Өзүм башка аял алам. Сен медресени бүткөнчө башка там салып берем” деп жатат. Бирок менин окуп, илим-билим алгым келет, Аллах жолунда.

Жооп: Кандай ой жүгүрткөн адам экен сенин күйөөң деп ойлонуп жатам. Кандай болгон күндө да кеңешип кескен бармак оорубайт. Сага үй салып бергени, сенин илим алганың жана анын экинчи аял алганы ар башка маселе. Күйөөң сага адегенде үй салып берсин, андан кийин экинчиге үйлөнгөндүн аракетин көрсө жакшы болгону турат. Бала эки, эки жарым жыл эмгени сүннөткө ылайык болот.

10) Орсок тишти брекет коюп түздөсө болобу? Атам Кудайдын бергенине шүгүр кылуубуз керек деп каршы болуп жатат.

Жооп: Орсок тишти брекет коюп түздөсө болот. Ал эми түптүз эле тишти, андан да сулуулатам деп ортосун ачтырып өгөөлөтсө болбойт.

11) Биз үч күндүк мастуратка май айында чыкканбыз, эми экинчи жолу кайсы айда чыгышыбыз керек? Июлдабы же августтабы?

Жооп: Ошол региондогу мечиттин машварасынан сурагыла.

12) “Ак шумкар – жаштар коомдук бирикмеси” жөнүндө өз оюңузду билдирүүңүздү суранат элем. Рахмат.

Жооп: Бул Темир Аргенбаевич Сариевтин “Ак шумкар” партиясына тиешеси барбы же кандай? Темир мырзаны кыргыз элинин патриот жигити, чыгаан саясатчы катары билем.

13) Москва шаарына эч бир махрамсыз жөнөп атабыз. Бизге махрам эркектер даюс болуп калабы, же кандай?

Жооп: Ооба. Сизди караган жоопкер махрамыңыз кыяматта жооп берет.

14) Эгер кыз хижап кием десе, бирок ата-энеси уруксат бербесе кыз эмне кылат? Ата-энесинин сөзүн угабы же хижап кие береби?

Жооп: Жоолук Аллах Тааланын парзы. Ата-энени сыйласын, жоолугун салынсын.

15) Мен бир кызды жакшы көрөм. Аны окутуп сүйдүрүп алсам болобу? Ага үйлөнөм деген ниетим бар.

Жооп: Окутуп-чокутуп деген болбойт. Жарамсыз жумуш. Кудайдан корк. Алла Таалага кайрылып дуба кылсаң, кабыл болсо ажеп эмес.

16) 2014-жылы келин алдык. Диндеги, оронгон медик кыз. Бир балалуу болгондон кийин адамга жакпаган өнөрлөрү чыкты. Мисалы, көзүнө бир нерселер көрүнөт. Көчөгө чыкканда аркасынан бирөөлөр видеого тартат имиш. Эки жүздүү кыялы бар экен. Психикалык жетишпестиги бар экен. Ата-энесин чакырсак алып кетип, 20 күн өтпөй дарылаттык деп алып келишти. Өз үйүнөн балта, дагы көп нерселерди алып келген. Окутулган деп ойлойбуз. Ошондон бери уруш жаңжал…

Жооп: Айыл аксакалдары, эл жакшылары бардыр ошол тегеректе. Ошолорго салгыла…

17) Баланы 2 жаштан өткөндөн кийин эмизсе арам болобу?

Жооп: Эки жарым жаштан кийин деп айтылат. Анткени, ал убактан кийин ал эненин акысына кирип калат.

18) Чачы өрүлгөн аялдар гусул алганда чачына жөн эле масх тартса болобу?

Жооп: Ооба. Чачтын астында калган баштын терисине суунун толук жетүүсү шарт.

Запись Чубак ажы Жалилов менен турмуштук суроо-жооптор (64) впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Дин аалымы Чубак Жалилов АКШдагы 10 күндүк сапарында Чикаго университетинин Теология факультетинде, Ислам колледждеринде болгонун, мындан сырткары Вашингтон, Нью-Йорк шаарларындагы жана Огайо штатындагы кыргыз мусулмандары жана Фетхуллах Гүлен менен жолукканын бүгүн, 10-июлда SUPER.KG порталына билдирди.

Чубак Жалилов: "Фетхуллах Гүлендин террористтик идеяларды жайылтат дегени саясий көз караш деп эсептейм"

Америкада кыргыздардын суранычы менен аларга улуттук баалуулугун сактасын, динден алыстабасын деп сабак өттүм. Сапарымдын учурунда молдоке Фетхуллах Гүлен менен жолуктум. Ушунчалык деңгээлде өлкөлөр арасында маселеси каралып жаткан ал киши жөнөкөй киши эмес. Андай адамдар менен жолугуу керек. Билбей туруп кантип өкүм чыгарабыз? Кайсы бир өлкөдөгү жамааттын лидери, аалымы менен жолугуу милдет деп эсептейм. Мен Кыргыз өлкөсүнүн мурдагы муфтийи, азыркы көзгө басар молдолорунун бири катары аны колдойт элем. Террористтик ойду жайылтат дегенин мен саясий көз караш катары баалайм”, – деди Жалилов.

Ошондой эле демократиялык коомдогу адамдар каалаган адам менен жолугууга укуктуу экенин кошумчалады.

Түркиянын өзүнүн саясаты бар, алардын саясатын урматтайбыз, бирок биз демократиялык коомдобуз, каалаган адам менен жолугууга укугубуз бар. Гүлен менен жолугуп, окуган лекциясына катыштым. Чоң аалым катары баа бердим. Тарыхта чындык ачыкталат, саясий окуялар көп Кыргыз өлкөсүнүн позициясы учурда туура. Аны террорчу деп бир гана адам, аны ээрчиген система гана айтып жатат. Ал эмес Америка да террорчу деген жок. Эгер андай болсо Америка Түркияга өткөрүп бермек”, – деген дин аалымы АКШда демократиялык баалуулуктар сакталганын, ар бир адамдын укугу, пикири сыйланарын кошумчалады.

Социалдык баракчаларга илинген эки аалымдын сүрөтүнө Фетхуллах Гүленге жазылган терс пикирлерди окууга болот. Чубак Жалилов андай пикирлерге көңул буруунун кереги жоктугун айтат.

Ар ким ар кандай сүйлөй берет. Анда эмнеге окуу жайларын жаппай атын өзгөртүп койдук. Эгер Фетхуллах Гүлен террордук идеяларын жайылтуучусу болсо, анын пикирин колдогону үчүн биздин падыша, кыргыз эли террорчу болуп эсептелеби? Анын сөздөрүн террор катары баалаган жерибиз жок. Кыйын чыккан адамдарды бийликти тартып алат деп, ар кандай жаман аттуу кыла беришет. Мени деле, мисалы, радикал деп койсо, радикал болуп кетпейм. Түркия тараптан жем жегендер бар, алардын оозун тыюуга болбойт. Кээде интернетте жалдап отургузуп терс пикирлерди жаздырышат, аларга көңүл буруунун кереги жок“, – деп сөзүн жыйынтыктады Чубак Жалилов.

Эскерте кетсек, Фетхуллах Гүленди Түркиянын өкмөтү бийликти басып алууга аракет кылган деп күнөөлөп, прокуратура үч миң жылга эркинен ажыратууну талап кылган.

Запись Чубак Жалилов: “Фетхуллах Гүлендин террористтик идеяларды жайылтат дегени саясий көз караш деп эсептейм” впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Күнөө иштер адамдын каргышка калуусуна, Кудайдын каргышына калуусуна жана Жараткандын ырайымынан алыс куулушуна себеп боло турган нерселерден болуп эсептелет.

Курани-Каримде Бакара сүрөөсүнүн 159-аятында Биз (Алла Таала) түшүргөн акыйкатты биз түшүргөн динди, биз түшүргөн туура шариятты жашыргандар, акыйкатты айтпагандар, акыйкатты жашырып коюп адамдардын көңүлү деп, коомчулуктун көңүлү деп чындык айтпастан жалган айтып, чындыкты жашыргандар жана аларга акыйкат түшүргөн акыйкатты биз аларга баяндап бергенден кийин да адамдарга айтпай койгондор Алла Тааламдын өзүнүн каргышына калат, ошондой эле каргыш айтуучулардын бардыгы буларды өзүнүн каргышына алат дейт.

Алла Таалам кайсы бир адамга, кайсы бир аалымга акыйкатты жеткире турган болсо мына ошол акыйкатты жашыруу Алла Тааланын каргышына ошондой эле каргай тургандардын каргышына калары айкын экен. Ал эле эмес кээ бир хадистерде пайгамбарыбыз алейхи салам сүткорлук жеген адамдарды, пайыз жегендерди, мына ошону жедиргендерди, ошондой эле ошолордун эки күбөсүн өзүнүн каргышына алган.

Кээ бир адамдар сүткордук берген адамдар күнөөкөр болгону менен алган адам күнөөкөр болбойт экен дегендей туура эмес түшүнүктөр менен жүрүшөт. Алла Тааланын каргышына калуу бүтүндөй жамандыктардын жеткен чегине жетүү дегендик. Андай адамдар бул дүйнөдө эч кандай береке таппайт жана өмүр бою каргышка калып жүрө берет.

Күнөө кылган адам оомат келүүдөн, иши жүрүшүүдөн ошондой эле ийгиликке жетишүүдөн кур жалак калат. Эгерде бир адам күнөө иш кыла турган болсо мына ошол адамдын жолу ачылбайт, мына ушул адамдын иши жүрүшпөйт, мына ошол адам ийгиликке жетишпейт, дайыма кыйналып басып жүрө турган болот. Кээ бир адамдар келип, “молдоке дуба кылып бериңизчи жолум ачылбай жатат. Уулум үйлөнбөй жатат, кызым турмушка чыкпай жатат же соодам жүрбөй жатат” – деген өңдүү кайрылуулар менен кайрылышат, чындыгында алардын иштеринин алар ойлогондой болбой жатышы өзүлөрүнүн кылган күнөөлөрүнөн улам экенине маани беришпейт.

Алла Таалам Курани-Каримде Талак сүрөөсүнүн экинчи жана үчүнчү аяттарында: “Кимде-ким Алла Тааладан корко турган болсо, кимде-ким такыбалык кыла турган болсо Алла Таалам бул адамга махрач эшик ачып берет”- дейт. Эгерде окууда жүргөн болсок окуусу ийгиликтүү болуусу үчүн акылы жетпей же тажрыйбасы жетпей жаткан болсо, бирок ошол адам такыбалык кылып кудайдан корко турган болсо Кудайым ошол адамга эшик ачып багыт ачып берет. Эгерде кайсы бир адам соодага чыга турган болсо ошол сооданы кылууда жолу болбой жаткан болсо, бирок такыба боло турган болсо Алла Таалам ал адамга жол ачып берет. Кимде-ким перзенти жок болуп, перзенттүү болууну самап Алла Таалага жакын болуп такыба болсо анын да тилегин Жараткан орундатпай койбойт.

Деги эле эмнени каалап жатсак, кайсы иш болбосун Алла Таалага такыба кыла турган болсок анда ал күтпөгөн, болжобогон, эсептебеген жерден ошол тилектерибизди кабыл кылат, ошол адамга ырыскы, береке берет.

Такыбалык деген эмне? Такыбалык – Кудай буюргандай жашоо деген сөз. Эгерде Кудай Таалам кайсы бир нерседен тыйса андан тыйылып, Кудай Таалам кайсы бир нерсеге буйрук берсе мына ошону аткара турган болсок, мына ошол такыбалык.

Ал эми көр такыбалык деген дагы түшүнүк бар, ал болсо кээ бир адамдар же динди билбейт же башканы билбейт. Бирок ошол динди өзү каалагандай ойлоп түзүп алып ошону менен жашайт. Бул адамдар же Куранды же сүннөттү билбей өздөрүн кыйнап басып жүргөндөр. Бул болсо жогорудагы биз айткан такыбалыкка туура келбей турган маселе. Демек, такыбалык бул оомат келүүнүн жана ооматтуу болуунун, бардыгы жеңил болуунун, иши жүрүшүүнүн, жолу ачылуунун белгиси.

Ал эми күнөөкөр болуу, ак жолунан адашып кетүү, жаман нукка бурулуп кетүү бул адамдын жок болуп кетүүсүнө, жолу болбоосуна ошондой эле каргышка калуусуна түрткү болот.

Ал эми күүнөөлөрдүн жалган жашоодо бере турган терс таасирлеринин бири эгерде бир адам күнөө кыла турган болсо, дайыма күнөөлөрдөн чыкпай жүргөн болсо анда Алла Таалам ал адамдагы жакшылыктарды, ооматтарды кетирет. Ал жазаларды байлыкты алып коюу менен, ден соолукту алып коюу менен, жумушун, ошондой эле бак-таалайсыз кылуу менен ишке ашырат. Анын көчөдө калышы да мына ушул күнөөлөрдөн улам болуп калат.

Ушул боюнча бир окуя айтып берейин. Оштогу чайканалардын биринде бир мусапыр адам дайыма кайыр сурап же болбосо ошол чайканада тамактанып кеткендердин тамагынын артканын ичип, аларды аңдып күн кечирчү экен. Бирок кийин ал адам жөнүндө маалыматтар пайда боло баштайт. Көрсө ал кайырчы адам убагында бир үйдүн жалгыз эрке баласы болуп чоңойгон экен. Кийин акчанын көптүгүнө көөп, каалаганын уруп, каалаганын зордоп басып жүрүп, эгер арыздана тургандар болсо бир тоголок акчам менен баарын кыла алам деп эч кимди тоготпой жүргөн пенделердин бири болгон имиш. Бара-бара атасын уруп, аялын сабап ушу сыяктуу жаман бир мамилелерди кылат. Күндөрдүн бир күнүндө бул адамды психикалык жактан дарылоочу докдурлар келип алып кетип, бир топ убакыттан кийин келсе атасы кайтыш болуп, бала-бакырасынан дайын жок. Өзү ооруканадагы оорукчандар менен кошулуп жүрүп акыл-эсинен ажырап, жогоруда аткандай мусапыр кейпин кийип калганы айтылат.

Акчага көөп, арам ишке азгырылып кеткенден улам Кудай Таалам ал кишини бала-чакадан, байлыктан, ата-энеден, бакыттан, акыл-эстин баарынан ажыратып койду. Көптөгөн үй-бүлөлөр арак ичип, сойкулукка барып же жаман иштерди кылгандыктары үчүн өзүлөрүндө болгон бардык жакшылыктардан, оомматтардан кечип калышары баарыбызга белгилүү.

Бир убакта баары суктанган үй-бүлө кайсы бир убакта тамтыракайы чыгып калган учурлар кездешет. Демек, жанагыдай күнөө иштер адамдын башындагы бакыт кушун учуруп, анын башына балээлерди үйөрү болуп турган иш десек болот. Алла Тааланын элчиси Мухаммад алейхис салам айтат, адам өзүнө келе турчу ырыскыны өзүнүн кылган күнөөсү менен тосуп коёт, башкача айтканда адам күнөө кылуу менен ырыскыдан арамда калып, кур калат дейт. Демек, ырыскыңыздын азаюусу, ишиңиздин болбой жатышы сиздин кылган күнөөлөрдөн улам. Ошондой эле күнөө иш кылган, арак ичкен, сойкулук кылган, зынаакордук, паракордук кылган, сүткордук кылган, намаз окубаган, жоолук салынбаган, ушак айткан, жалган сүйлөгөн, орозо тутпаган, айтор, мусулманчылыктын жолунда жүрбөгөн адам илимдин нурунан жана билимдин нурунан кур жалак калат дейт. Ошондуктан Кудай Таалам жүрөгүбүзгө илимди, билимди ала турган нурду бере турган болсо, аны күнөө иштерибиз менен жууп салбашыбыз керек.

Демек, бир адам арамга түшүп кала турган болсо илимдин, билимдин нурун сезбей турган болуп калат жана ага нур дагы түшпөй турган болот. Кудум эле кумга жазган жазууну шамал өчүрүп кеткен сыңары алган билимибизди дагы күнөө иштерибиз жууп кетет. Күнөөлөр адамдын өмүрүнүн берекесин кетирет. Адамдын ырыскысынын берекесин кетирет, ошондой эле адамдын илиминин дагы ырыскысын кетирет. Кээ бир адамдар 8ге чыгат, кээ бир адамдар 80ге чыгат. Бирок ошол эле 8ге чыккан адам өмүрүндө эң чоң сооп иштерди жасап, ал эми 80ге чыккан адам 8 жаштагы балачалык жакшы амалдарды аткарбай коюусу ыктымал. Ошондуктан колубуздан келишинче мына ушул күнөөлөрдөн алыс болушубуз керек. Күнөө жүрөктү өлтүрөт. Демек, жашооңузда кайсы бир ишке көңүлүңүз толбой жаткан болсо өзүңүздү бир таразага салып, күзгүдөн карап көрүңүздөр, ошого карап оңолгонго аракет кылыңыздар.

Запись Күнөө кылуудан сактангыла! впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Кыргызстанда, айрыкча акыркы он жылдыкта абдан кеңири таралган, көбүнесе жаштар арасында ата-энеге билдирбестен нике кыйдырып алуу, ошол никенин себебинен жакындыкка баруу, кыздын боюнда болгондон кийин жигиттин кача баштоосу, жыйынтыгында кыздын боюнан алдыруусу же төрөп башкаларга баласын кармата берүүсү кадимки көрүнүш болуп калды десем жаңылышпайм. Уулунун үйлөнгөнү же кызынын турмушка чыккандыгы туурасында ата-энесинин эч кандай маалыматы жок. Эң эле өкүнүчтүүсү мына ушул жигит-кыздар кылып жаткан ишин шариятка туура келет деп ойлоп жасашат, күнөөгө батып калбайлы деген пикирде нике кыйдырышат. Негизи ушул кылган иштери шариятта туурабы (?), канчалык деңгээлде шарияттын талаптарына жооп берет (?), шарияттагы никенин маани-маңызы тууралуу кеп учугун уламакчымын.

Үйлөнүү Алла Тааланын пайгамбарларынын элчилеринин сүннөтү

Ислам үйлөнүүнү колдойт. Үйлөнүү адамдын табиятына туура келет жана пайгамбарлардын сүннөтү. Пайгамбарлар үйлөнүшкөн, перзент калтырышкан. Жалган жашоонун көркүнөн кур калышкан эмес. Мухаммед пайгамбарыбыз (алайхис салам) пайгамбарчылыгын, ал кишинин үй-бүлөлүү болгондугун мисал келтиришип четке кагууга аракет кылышкан. Кээ бир тарых менен динден кабары жоктор, «Пайгамбарлар үйлөнүүгө болбойт» – дешип натуура пикирде болушкан. Алла Таала алардын пикиринин каталыгын баяндап, мындай дейт: «Акыйкатта (Оо, Мухаммед!) Сенден мурун да пайгамбарларды жөнөттүк! Аларга жубайларды, перзенттерди бердик!» (Раьд: 38) Мунун мааниси: «Оо, Мухаммед (алайхис салам)! Сенин кадимкидей инсан болгондугуңа таң кала турган эч нерсе жок. Кимдир бирөө, «Бул өзүбүзгө окшогон адам экен, ага ыйман келтирбеймин, эгер периште болгондо ыйман келтирер элем» дегенге таптакыр укугу жок! Биз илгертеден эле периштелерден эмес, кадимки инсандардын арасынан пайгамбар жөнөтөбүз. Сенден мурдагы пайгамбарлардын да адал жуптары, перзенттери бар болгон.

Имам Тирмизий риваят кылган хадисте мындай деп айтылат: «Төрт нерсе пайгамбарлардын сүннөтүнөн: «Уялуу, атыр себинүү, мисвак колдонуу жана үйлөнүү» (1080). Пайгамбарлардын сүннөтү болгон нерсенин биринчи кезекте инсандын табиятына, жаратылышына ылайык келери турган иш го.

Үйлөнүүнүн пайдалары

Шарият мактаган, жактырган нерсе пайдадан куру калбайт. Никенин, үйлөнүүнүн көптөгөн пайдалары бар экендиги талашсыз. Ошол пайдалардын кээ бирлери:

1. Тукум улоо. Туяк калтыруу. Инсанияттын изин өчүрбөстөн кармап калуу. Ал эми аял-эркектин бири-бирине болгон делебеси (шахваты), кызыгуусу мына ушул улуу максатка жетүүгө себеп катары каралат. Инсан перзенттерин сүйөт, аларга жакшылык жасоону, алардан жакшылык көрүүнү эңсейт. Эч кандай баалашпастан туруп балдарына ийгилик менен изгиликти каалайт. Курани Каримде Алла Таала мындай дейт: «Алар (Алла Тааланын сүйүктүү пенделери): «Оо, биздин Жаратуучубуз! Бизге тарбия берүүчү Раббибиз! Өзүң бизге адал-жуптарыбыздан, перзенттерибизден көзүбүз сүйүнө турганды насип кыл, хадия эт жана да бизди такыба пенделериңе жол башчы кыл!» – деп айта тургандар». (Фуркан:74). Мааниси: Кудайдын сүйгөн пенделеринин сыпаттарынын бири, үй-бүлөсүнүн ислам жолунда жүрүүсүнө дайыма аракет жасап, ошол эле учурда такыбалыктын алдыңкысы болууга умтулуусу. Жаратканымдын сүйүктүү пендеси аялдары менен балдарынын дайыма жакшы, жагымдуу иштердин үстүндө болуусуна жан алакет дуба кылат, ишке ашырууга аракеттенет. Ал эми өзү такыбалык менен үлгүлүү өрнөк болгонго далбаса кылат.

Пайгамбарыбыз (алайхис салам) айтат: «Үйлөнгүлө, көбөйгүлө! Кыямат күнүндө мен силердин көптүгүңөр менен сыймыктанамын!» (Абу Нуьейм, Хиля)

2. Шайтандан сактануу, албууттанган делебенин (шахваттын) азгыруусунан коргонуу. Пенденин көзү кызарып делебеси башын жарып калган учурда аны акыл-эс да, коомдук абалы да, дин да тосо албай калуусу мүмкүн. Мал сыяктуу же мас сыяктуу шахватынын кулу болуп, багынган карышкырдай болуп сулк жатып берет. Никелүү адам өзүндөгү делебенин козголоңун нике берген уруксаттар аркылуу баса алат. Пайгамбарыбыз (алайхис салам) Алла Тааланын осуятын мындайча айтат: «Көз караш Иблистин окторунун бири. Ким Менден (Алла Тааладан) коркуп көз менен караганды таштаган болсо, анын ордун жүрөгү менен сезе турган ыймандын таттуу даамына алмаштырамын». (Бухарий) Үйлөнбөй жүрүү шариятта жок. Тарса дини чакырган «рахбаанийя» өмүр бою так өтүү туура эмес түшүнүк, Алла Тааланын тартип-мыйзамын бузуу. Алла Таала Курани Каримде мындай дейт: «…Таркидүйнөлүктү (монахтык, кечилдик, дербиштик, үйлөнбөстөн так өтүүнү) өздөрү (ойлоп) чыгарып алышты. Биз муну аларга парз кылган эмес элек. Алар өздөрү Кудайдын ыраазычылыгын табабыз деп, бирок ыраазычылыгын табуунун чыныгы жол-жобосун таба алышпады!» (Хадид:27) Чындыгында, баштапкы тарсаларда (христиандарда) бул жок эле, кийинчерээк, миладийдин 356-жылы өлгөн Антоний аттуу мисирлик кечил баштаган жол болду. Канчалык сыртынан сыр бербегени менен чиркөөлөр ичинен чирип жаткандыгы эч кимге жашыруун эмес. Чиркөөлөрдүн ичиндеги ыплас шермендечиликтери жөнүндө томдогон эмгектер жазылды. Алыс барбай эле, «Декамеронду» окусаңыз көп нерсе түшүнүктүү болот. Адамдын жашоосундагы эң зарыл нерселердин бири бул жыныстык алака. Аны жашыруу айды этек менен жабам дегендей эле жорук. Адамдын табияты эркектин аялга, аялдын эркекке тартылуусу. Ошондуктан да чек аралар белгиленген. «Кокустан көчөдөн башка аялзатына (сактанганыңа карабай) көзүң түшүп калса, үйүңө келип ак никелүү жарың менен кошул, көкүрөгүңдөгү алоолонуп турган отту басат». (Муслим) Ал эми Дааримийдин риваятында: «Сенин көзүң түшкөн аялдагы нерсенин дал өзү, сенин никелүү жарыңда да бар!» деп келет. Ал эми аялдарга Пайгамбарыбыз мындай деп осуят кылат: «Эгер эркек аялын төшөгүнө бир муктаждык себебинен чакырса, тандырда нан жаап жаткан жеринен болсо да келсин!» (Тирмизий)

3. Адамдын көңүлүн көтөрүп, нафсисине ыракат тартуулайт. Чарчаганы жазылып, жүрөгү эс алат. Ибадатка, жакшылык иштерди жасоого эргүү алат. Инсан табиятынан эле зеригип кетмейи, чарчап калмайы, жадап кетмейи бар. Жубайы менен эркелешип, чер жазышуу, көңүл көтөрүп, аны менен тамашалашуу никедеги эң жогорку максаттардын бири. Алла Таала Курани Каримде мындай дейт: «… Алла Таала эркектин өзүнөн жубайын, андан бейпилдикти, ыракат жыргалды, уюган тынчтык менен ынтымагын табуу үчүн жаратты». (Аьрааф:189)

4. Үй-бүлөлүү болуу эркек үчүн да, аял үчүн да Акыретке амал кылууга убакыт берет, мүмкүнчүлүк тартуулайт. Эркек сырткы иштер менен, ырыскы таап келүү менен алек болсо, аял киши үй ичин тартипке салуу менен алектенет. Аялсыз эркек же эркексиз аял экөөнү тең бирдей аткарууга мажбур болот. Эшикке чыгып эркектин ишин, үйгө кирип аялдын ишин аткарууга айласыз. Эркек-аял эриш-аркак болсо табияттын тартиби менен гармониялуу жашоо башталат. Пайгамбарыбыз (алайхис салам) айтат: «Адам уулунун бул жалгандагы бактысы үч нерседе: Жакшы аял, жакшы үй, жакшы улоо…» (Ахмад, Табарааний)

5. Адамдын өзүн-өзү тарбиялоосуна пайдасын тийгизет. Үй-бүлө жоопкерчилигин моюнга алуу, аялдардын ар кандай кылык-жоруктарына чыдоо, бирден ашык аялы болгон убакта алардын ортосундагы ынтымагын бекемдөө, аларды багууга аракеттенүү, балдардын тарбиясына кам көрүү, деги койчу ушунун баары адамды тарбиялайт. Мына ушунун баары Кудай алдында чоң соопко эгедер иштер. Жыйынтыктап айтканда, никеге туруу, үйлөнүү шариятыбызда бар маселе. Мына ошол никенин мыйзамдары, шарттары, адептери жана тартиптери бар. Никенин сүннөттөрүнүн бири жана эң негизгиси никеге туруп жаткан кыздын атасынын, же агасынын, же башка эркек бир тууганынын (валийдин) макулдугунун болуусу. Ислам укук таануучуларынын (факихтеринин) басымдуу көпчүлүк мектептеринде (маликий, шаафий, ханбалий) никедеги валийдин (кожоюндун, ээсинин) болуусун шарт катары карашат. Тагыраак айтканда, кыздын атасынын же агасынын, же инисинин уруксатысыз кыйылган нике жараксыз деп эсептелет. Бул никеден кийин жашаган жашоосу ойноштук же зынаа жашоо деп таанылат. Пайгамбарыбыз (алайхис салам) бул туурасында айткан бир канча хадистерин мисалга тартышат. Ал эми ханафий мазхабындагы укук таануучуларыбыз никедеги валий маселесин милдеттүү шарт катары эмес, табылуусу сүннөт деп эсептешет.

Далил катарында бир канча хадистерди келтиришет. Ханафийлердин алгачкы үлкөндөрүнөн Азирети имам Абу Юсуфтан «Шархул викааяда» (3\65) «Валийсиз кыйылган никенин жараксыздыгы» жөнүндө риваяты айтылат. Бул талаштуу маселе балагатка жеткен, акыл-эси толгон бийкеч туурасында. Акыл-эси кемирээк болгон же балагатка толо электерге валийдин милдеттүүлүгүндө жумурай ислам укукчуларынын арасында кайчы пикирлер жок. Мына ушул талаш болгон валий маселеси теориялык китептерде гана айтылбаса, практикада, амалда бардык аалымдар бир таризде иш жүргүзүп келишкен. Ханафий мазхабындагы кайсы гана укуктук-фыкых эмгегин колго албайлык, валий туурасында кенен-кесири маалыматтарды келтиришет. Кызга ким валий боло алат, анын шарттары, укуктары, милдеттери, жоопкерчиликтери айдан ачык баяндалат. Дегеле, Пайгамбарыбыздын (алайхис салам) учурунда, андан кийинки алтын доорлордо деле бул парз же шарт экен аткаралы, бул сүннөт экен аткарбай коё берели деп айтуу оюна келген эмес. Пайгамбарыбыз алып келген шариятта болгондун баарын кемчиликсиз аткарганга аракеттенишкен.

Ата-энеси мусулманчылыктан кабары жок же таптакыр эле башка динде болсо, же өзү каалабаган адамга турмушка мажбурлап узатып жаткан болсо кыздын баш тартууга укугу бар, кыз өзү каалаганга гана турмушка чыгат деген түшүнүк калыптанган. А бирок, «ата-энесине айтпастан туруп жашыруун нике кыйса боло берет» деген үч уктаса түштөрүнө кирген эмес.

Сүннөткө амал кылуу-бактылуулуктун башаты. Сүннөткө амал кылбай коюу – бардык бактысыздыкка карай кеткен жаман жолдун башы. Ата-эне кызын тарбиялап өстүргөн убакта, «өз колум менен узатсам, той берсем», – деп аруу тилек кылат. «Канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай» багат. Айрыкча, кыргыздарда кыздын «Кырк чачы улуу», – деп төргө олтургузуу, төркүлөп келгенде кызмат кылдырбай, конок каадасы менен тосуп алуу бар эмеспи. «Күйөө баланы Пайгамбарым сыйлаптыр» – деп тапканынын жакшысын күйөө баланын оозуна кармап турган салтыбыз калппы?!

Ата-эне уулдуу болсо урматтап, уул той берип, колун адалдап ырымдаганда сүннөт той берип чоңойтот эмеспи?! Келин алсам, небере көрсөм, өзүмө ылайык жерден куда күтсөм дегенде эки көзү төрт болуп, жакшы жердин кыздарына кулак сала жүрөт эмеспи?! Эне түшкүрүң келин алганда башына салам деген ак жоолугун белендеп, эртели-кеч Кудайыма, «ынсаптуусун бере көр», – деп жалынат эмеспи?!

Ата-энесине айтпай нике кыйдырган иничегим, карындашым! Сен да бир күн келип перзенттүү болосуң, агарган уулду, кызарган кызды тарбиялап өстүрөсүң. Анан ал өзүнөн өзү туулуп алгансып, чоңоюп алгансып, «өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илип» сага айтпай башка менен үйлөнүп, эрежесиз эрге тийип алган болсо, жаркыраган үмүтүң колуңдан түшүп быркырап, эч кимге айталбай ичиңден кан жутуп, улутунуп олтуруп каларсың. Үйлөнүү тойдо бата бер десе мукактанып калбайын деп купуя даярдап жүргөн бата-дубаларың үзүлгөн мончоктой чачылып, кыяматың келери анык. Мунун баарын жөн жеринен айтып олтурганым жок. Бул сен айтпай кылган иштин ата-энеңе тийгизген терс таасиринин чагылганы гана.

Ал эми шариятыбызда көпчүлүк биле бербеген, билсе да аңдай албаган дагы бир маселе бар. Ханафий мазхабындагы аалымдарыбыз никедеги теңдештик маселесин баяндаган учурда, эгерде кыз атасына айтпай өзүнө «тең эмес» адамга турмушка чыкса, атасы ал кыздын никесин бузууга укугу бар деп айтылат. Никедеги теңдештик маселеси никенин шарты катары кабылданат. Теңдештик табылбаган учурда нике да жараксыз болуп калат. Бул Мухтасарда экинчи риваят катары Имам Хасандын (бин Зияд) Азирети Имам Абу Ханийфадан риваят кылып айткан маселеси.

Темиртааший өзүнүн «Танвиирул абсаар» китебинде (2\297) «Замандын түрүнө жараша, «теңи эмеске» кыйылган нике жараксыз деп айтууга фатва берилет!» – деп айтат. Ошондой эле «Минахул гаффаарда» (коф 308\бе) ушуну колдойт. «Дурр ал Мухтарга» берген хаашиясында (2\27) Тахтаавий да мына ушул маселени тандагандыгына ишарат кылат. Ошондой эле «Фатх» (3\157) ээси да ушул маселени тандап алган. Имам Айний «Хидаяга» берген атактуу шархы «Бинаяда» да (6\129) «тең эмеске» кыйылган нике жараксыз деп баасын берет.

«Тең теңи менен тезек кабы менен» дегендей теңдештик маселеси никеде этибарга алынат. Кимге ким тең экендиги туурасында китептерибизде кенен баяндалат. А бирок эреже катары калыптанып калган түшүнүк ушул, кыздын ээси (валий) негизги чечүүчү адам болуп эсептелет. Ал тең эмес деп билген, тең эмес болуп табылат. Себеби теңдеш эмес никеден пайда болуучу ыза менен кордук ата-энеге тиери белгилүү. Теңдештик диндарлыгына, адеп-ахлагында, коомдогу абалына жараша да эсепке алынат. Биз канчалык уккубуз келбей кулагыбызды жапканыбыз менен, турмуштун чындыгы ушуну каңкуулайт.

Азыр турмушка айтпай чыгып жаткан кыздар өздөрүнүн теңдерине турмушка чыгып жатабы? Эгер ата-энесине айтса макул боло турган жерге кеттиби же жедеп Кудайдан жөө качкан бирөөгө турмушка чыктыбы? Бул маселенин бир жагы. Маселенин экинчи бир жагы, азыркы учурда замандаш ханафий аалымдарыбыз берип келе жаткан фатва тууралуу болмокчу. Устазыбыз Хаафизул мазхаб, Шейх Таарек Сардар Алий Ханафий Маккий: «Валийдин уруксатысыз кыйылган нике жараксыз болуп, жарактуулугу валийнин уруксатына токтоп туруусу кажет», – дейт. Менимче, устазыбыз Имам Мухаммеддин риваяттарын карманган болсо керек. Анткени Имам Мухаммеддин бул туурасында эки риваяты айтылат, алгачкысы: «Никенин дурустугу валийдин уруксатына токтоп турат. Валий уруксат бергенге чейин экөөнүн жыныстык мамиледе болуусу арам болот». Экинчи риваят: «Валий уруксат бермейинче никеси батыл (жок), никеге эсептелбейт». Маселенин чоо-жайын далилдери менен билүү үчүн «Насбур рооя», «Ьилааьус сунан», «Шарх маьаанил аасаар» китептерине кайрылса болот. Андан сырткары, Мухаммад Алий Саабууний Ханафий никеде валийдин болуусу никенин алгачкы шарты катары кабылдайт.

Маселе канчалык оор экендигин баамдай алган болсок, мен максатыма жеттим деп түшүнөмүн. Анткени маселенин талаш экендиги, жеке эле мазхабдар арасында эмес, ханафий мазхабынын ичинде да ар кандай пикирлер айтылгандыгы, ата-энеге айтпай никеге туруунун канчалык коркунучтуу экендигинен кабар берет. Аалымдар илими менен алпурушуп маселесин айта берсин, а бирок «акыйкат жалгыз, акыйкат сан менен саналбайт» деген акыйкатты кай жакка алпарабыз.

Менин сага болгон агалык осуятым, аалымдар өз ара пикир келишпестик маселеде болсо, сен талаш болбогон жагына ооп кармансаң, амалыңды ошого карап түздөсөң эч убакта жаман болбойсуң. Элибизде, «бата менен эл көгөрөт, жамгыр менен жер көгөрөт», – деп айтылат эмеспи. Ата-энеңе айтпастан, алардын батасын албастан турган никеңде кандай береке болот дейсиң?! «Калыңсыз кыз болсо да, каадасыз кыз болбойт» дегендей, сени урматың менен ата-энеңдин колунан алып кетүүгө жарабаган жигит сымал сени келечекте урматтайт деп ойлойсуңбу? Сени таап, өстүргөн ата-энеңден жашыруун нике кыйдырып алган сенин «сүйүктүүң» эртең жашыруун жолго түшүп, сени таштап кетерин ойлодуңбу? Арманыңды кимге айтасың? Аны кайдан табасың? Сен өзүң күйөөңдүн колундагы аманат жансың. Аманатты уурдап алгандай болгон неме, аманатты сактай алар бекен? Ай, күмөнүм бар… Ар убакта эзелтен үйдүн тешигинен эмес эшигинен кирчү…

Запись Акыйкат жалгыз, ал сан менен саналбайт (же эрежесиз эрге тийүүнүн эртеңи) впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Күндөрдүн биринде бир келин муфтиятта иштеп жатканымда келип, мага мындай суроо берди:

-Мен 5 убак намаз окуюн десем, күйөөм катуу каршылык көрсөтүп жатат. Бирок күйөөмдү капа кылып албайын деп, ваннага кирип сууну агызып коюп, ванна ичинде тар жерде намазымды окуймун. Намазымды окуп бүтүп, чачымды суулап, сүлгү менен оронуп чыгам. Бир күндө 5 жолу ушинтип күйөөмдү алдап келем. Ушул намазым жарайбы же жарабайбы?!

МЕН ЖООП БЕРЕ АЛБАЙ КАЛДЫМ!!!

Ал келин кетээри менен өз бөлмөмө кирип алып ыйладым. Бир чети өкүнүп ыйласам, бир чети кубанып ыйладым

– Ушундай Кудайдан чын ыкластан корккон аялдар Кыргызстанда да бар экенине кубанып ыйладым; -Кыргызда да ушундай чын ыкластан күйөөсүн сыйлаган аялдар бар экенине кубанып ыйладым;

Мен ишенем мына ушундай аялдардан гана кыргызды башкаруучу, элине чын ыкыластан күйүп кызмат кылуучу эл мыктылары төрөлүүсүнө!!! Эстен чыгарбайлы ар бир курч, атактуу эркектин артында аял жөлөп турат…

Автор: Шейх Чубак ажы Жалилов

Запись ААЛЫМДЫ ЫЙЛАТКАН КЕЛИН впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Ай күн сымал жарык нурун чачалчу,
Аалымдар бар кылымда бир жаралчу.
Кудай берген кыргызга бир аалым бар,
Катышкандар сабагына сооп алчу,
Каалаган суроосуна жооп алчу,
Албетте бул Чубак устаз чооң ажы.

Аллахка тооба кылып айтам зикир,
Аллахты мактоо менен айтам шүкүр.
Кудай берген кыргызга бир аалым бар.
Баянын укса ыйлаган жаш карылар,
Сүйлөсө сөзүндө жок чекит үтүр,
Албетте чооң ажы бул Абдышүкүр.

Дааватчыны жамандаган жамандасын,
Мен жактайм жашап турса аман башым.
Кудай берген кыргызга бир аалым бар,
Уккандар баяныны мактайт аны,
Уламалар муфтий кылып шайлады аны,
Албетте бул чооң дааватчы Максат ажы.

Бийик кылып максат, тилек, үмүтүн,
Динге арнап бүт өмүрүн бүт күчүн,
Кудай берген кыргызга аалымдар көп,
Мөмө берип жерге ийилген дарактай,
Караңгыда жарык берген чырактай.

Машвара деп кеңешип акылдашкан,
Көчө кезип үйлөрдү такылдаткан.
Кудай берген кыргызга дааватчы көп,
Жалгыз Аллах жүгүнүп ийилгени,
Дин жолунда чаң болуп кийимдери.

Демократ болуп канча сындасак да,
Мыскылдап, туурап, ырдап жыргасак да,
Кудай берген кыргызга чоңдор да көп,
Тазаланып дааратын алып жаткан,
Намаз окуп Кудайын таанып жаткан.

Жакшылыкка жакшы сөз себеп экен,
Жакшы келсе жамандык кетет экен.
Периштенин дубасы оомийн деген,
Жакшы, жаман сөзгө да жетет экен.

Жаман сөздү көп айтпай азайткыла,
Жаманды да жакшы деп тазарткыла,
Жакшы адамдын сүйлөгөн учкул сөзү,
Хадис сымал түбөлүк жашайт тура.

Аллах-таала ар ишти чектейт тура,
Көп жазганга талантым жетпейт тура.
Эптеп-септеп ыр жазган көчө акынмын,
Жакшыларды жакшы деп кубанткыла,
Жакшы акындар ырымды уланткыла.

Султан Каримов, Москва шаары

Запись Москвада эмгектенип жүргөн акын кыргыз аалымдарына арнап ыр жазды впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

– Мен жаңы эле турмушка чыккан элем. Кайын-журтум көз ачыктарды алып келип, шам жагышат экен. Мен болсо намаз окуймун. Ошону эмне кылсам болот, мага аябай жакпай жатат. Күйөөмө айтсам, ал апасынын сөзүн сүйлөп жатат. Күйөөм намаз окубайт. Бирок окуйм деген ниети бар?

– Бул жерден албетте, сабырдуулукка үндөйт элем. Эгерде көз ачыктык кылса динден чыгат, бул нерсе ыймансыздыкка алып барат. Кимде-ким бакшылык кылып, төлгө ачып, карта салып, таш салып адамдардын келечегин айтып бере турган болсо бул адам ыймандан чыгып капыр болуп калат. Ошондуктан биз тоба кылышыбыз керек жана дуба кылышыбыз керек. Эми мен сизге айтарым сабырдуу болуңуз, Кудай Таалам жакшылык берет жана күйөөңүзгө айтарым убада бергенден кийин намаз окушу керек, окуганга аракет кылышы керек. Көп учурда эркектер намаз окуган кыздарга үйлөнүшөт, «мен намаз окуйм, ниетим бар» – деп. Бирок үйлөнгөндөн кийин намаз окубай койгондор да бар. Ошондуктан ата-энелерге айтарым кыздарды турмушка берип жатканда этият болуп, ар – жак, бер – жагын карап беришибиз керек. Анан ушундай бир бейтааныш жерге берип коюп, кийин өксүп калган учурлар көп кездешет.

Урматтуу бир туугандарым, көзү ачыктык кылган, бакшылык кылган, мазарды кыдыргандардын баары жакшы эмес. Шариятка туура келбейт. Адам мусулманчылыктан чыгып калат. Мазардан сураган таптакыр болбойт. Биз мазарга барып эстейбиз, дуба окуйбуз, Куран окуйбуз, бирок алардан бир нерсе сураганга шариятыбыз жол бербейт.

Ал эми сен карындашым, дуба кыл, тоба кыл. Балким сенин кылган тобаң менен дубаңдын шарапатынан ошол үйдөгүлөрдүн бардыгына тең Кудай Таалам хидаят берген болор эле деп үмүт кылабыз.

– Тармактык маркетинг боюнча сурайын дедим эле?

– Тармактык маркетинг боюнча бардыгына эле фатва бере албайбыз. Айтып коё турган маселе кээ бир адамдар бизге келип түшүндүрүп айтат, биз ошол түшүндүргөнүнө жараша жооп берсек, Чубак ажы бизге уруксат берди, фатва чыгарып берди деп, тармактык маркетингди жайып жүргөндөр бар, бирок бул туура эмес. Азыркы күнгө чейин эч бир уюмга биз фатва берген жокпуз. Кээ бирлердин продукциясы адал болсо ошону колдонгонго болот. Бирок, «сен бирөөнү жаздырсаң, акча аласың» – деген туура эмес. Ошондуктан бул боюнча Муфтиятка кайрылыңыз. Биз баары бир бул боюнча сизге оңтойлуу фатва бере албайбыз, болгону пикир гана билдире алабыз. «Жок» – деп айтсаң деле болбой эле, «мындай эле, андай эле» – дей бергенинен адамдын көңүлүнө карап угуп көрөйүн дейсиң. Бир саат уккандан кийин деле, «жок» – деген жооп берилип калат. Анан кээ бир адамдар атайын тармактык маркетинг боюнча иштегенин жашырышат дагы, анан бизге башка бир нерсени сүйлөй берет. Эгерде кагаздар менен расмий аныкталган чоңдору келсин десеңиз жок, башка бир адамдарды жөнөтүп эле жылуу сүйлөп, эптеп эле макул кылдыргысы келгендер дагы бар. Биз аларга эч кандай фатва берген жокпуз. Эгерде бере турган болсок кагаз жүзүндө берип кол коюп беребиз. А оозеки фатва берди дегенге эч качан ишенбеш керек. Бизге келген күндө дагы биз пикир эле билдиребиз, мөөрүбүз жок. Мөөрдү болсо муфтият басат, ошондуктан ошол жерге барыңыз.

Мен бир жумушта иштейм. Ал жер кудайга шүгүр, эже-сиңдилер баары жакшы. Бирок жеке жашоомдо беш жыл мурун ажырашып кеткем. Жумушта болсо тамашалашып, «турмушка качан чыгасың?» – дей беришет. Бирок мен алардан жеке жашоомду жашырып келем. Мен күнөөгө баткан жокмунбу?

Эгерде сизди турмушка чык деп сунуш кылса, Кудай мындай бербеспи деп дароо макул болуп чыга берүү керек. Эгерде жакшы адам болсо. «Бирөөлөр ичерге суу таппайт, бирөөлөр кечерге кечүү таппайт». Ал эми канча адамдар күйөө таппай жүрөт. Эгерде сизге бирөө колуңузду сурап, турмушка чык десе, олуттуу ниет болсо макул деп турмушка чыкканыңыз туура болот. Жалгыздык Жаратканга эле жарашат. Ошондуктан турмушка чыкканыңыз жакшы. Бирок элдин бардыгына өзүңүздүн жеке жашооңузду толук айтканга милдеттүү эмессиз. Айткыңыз келбесе айтпай деле койсоңуз болот. Бирок адамдардын үйлөнүп-жайланып, турмуш курганы жакшыраак болот. Ошондуктан бир тууганым базар кызып турганда дароо «Бисмилла» деп турмушка чыгып кеткениңиз жакшы болот.

– Ажыке, биз кудай буюрса, намазкана салып жаттык эле. Ошого Муфтияттын уруксаты керек болуп жатты эле, ошону кантип алсак болот? Жол-жобосун айтып бересизби?

– Мен жол-жобосун билбейм. Муфтияка бар. Ошол жерде курулуш бөлүмү бар. Алар кагаз беришет. Менин Муфтиятта иштебей калганыма канча жыл болуп кетти. Эгер мен иштесем анда келгиле демекмин. Бирок мен иштебей калгандан бери кандай мыйзамдар кабыл алынды кабарым жок. Ошол жерде Таалай мырза деген курулуш бөлүмүнүн башчысы бар, ошол кишиге жолуксаңыздар түшүндүрүп айтып берет. Интернетке киргенди билсеңиз муфтият.кж деген сайт бар, ошол жерден дагы карап алсаңыз болот.

– Мен беш маал намаз окуйм. МАИ кызматкери болуп иштесем болобу? «Бир аз немелер» бар го, ошолор зыяны тийип калбайбы?

– Эмне үчүн иштесе болбойт? Токмоктон келе жатканда мени МАИ кызматкери тосту. «Эмнеге тостуң?» – десем, «сиз катуу айдабай, жайыраак айдап жатасыз»- дейт. Биринчи жолу таң калдым, МАИ кызматкери, «эмнеге катуу айдабайсыз?» – деп сурайт экен деп (күлүп). Албетте иштеген жакшы болот.

Ал эми «бир аз немелер» бардык жерлерде бар. Адам болгондон кийин болот ал «немелер». Сиз болсо ошол «бир аз немеден» алысыраак болуп, азыраак жасап, жок дегенде салыштырмалуу түрдө тазараак иштесеңиз, баары жакшы болот. Анан сен корксоң, мен корксом, ал корксо, бул корксо анда ким иштеши керек да, ким элге кызмат кылышы керек. Жанагы «таранчыдан корккон таруу экпейт, карышкырдан корккон токойго барбайт» деген сөз бар да. Бардыгы эле өзүнүн жанын ойлоп, «кой антпе, аны кылба, муну кылба, эптеп эле курсагым тоё турган тиричилик болсо болду» – десек, анда элдин тагдырын ким ойлойт? Кээ бир адамдар бар, «50-60ка чыгып калдым, эптеп эле иштеп курсагымды тойгузуп турсам» – деген. Мамлекеттин келечегин ойлоп, терең ой жүгүртүп сүйлөгөн адамдар аз болуп калат дагы, жеке бизнесин ойлоп жүрө берип, тар ойлонгон адамдардын колуна мамлекеттик иштер тийип калган учурлар көп эле кездешет. Ошондуктан антпеш керек дагы, «Бисмилла» – деп, тобокел кылып, Кудайдын ыраазычылыгы үчүн иштей бериш керек, урматтуу бир тууганым.

– Инилерим каза болуп ошол жерге барган элек. Жаныбызда бир классташыбыз бар, беш маал намаз окуган. Анан биз кыргыздын салты кылып үн чыгарып барып, топурак салып кайра чыккандан кийин ортобузда пикир келишпестик болду. Силерге Кудай көрсөтүп коёт, «эсил кайран бир боорум, эми кайдан көрөйүн» – деп өкүрбөш керек деген темада. Ушуга кандай карайсыз?

– Өкүрүп барганда калп эле артист болуп өкүрүп барганга болбойт. Эгер чындап эле кайгырып турганда, үн чыгарса зыяны тийбейт. Бирок жалгандын жалганы кылып кыйкырып, салты кылып токол наалат айта берген туура эмес. А бирок бир адам чындап эле адамдын өтүп кеткенине өкүнүп, дагы жашаса жакшы болот эле деп, ага ырайымы келип, намаз окуп, көп ибадат кылып калса жакшы болот эле деген ниет менен ыйлаган болсо анын зыяны тийбейт, иншалла. Бизде өкүргүсү деле келбейт, көз көрсөткөнү келип туруп, анан курулай эле кыйкырып ыйлап коёт, албетте, бул туура эмес. Чындап ыйлаганга шарият жол берет.

– Жолдошум экөөбүздүн үйлөнгөнүбүзгө жети жыл болду. Доктурларга барып көрүнөбүз, бирок такыр эле балалуу боло албай жатабыз. Борбордук мечитке баралы дегем, бирок жол-жобосун такыр биле албай койдум. Дем салдыралы деп ойлогом. Намаз окубайм?

– Борбордук мечитке барганда эле эмне бала төрөтүп иет деп уктуңуз беле? Биринчи намаз окуп, Кудайдан суранбайсызбы. Мечиттеги молдо сиздин чөнтөгүңүздү карап отурат, канчалык көбүрөөк берсе ошончолук дем салып батыраак кетирип иейин деп.

Намазды баштай албай жатсаңыз бүгүн баштай бериңиз. Эч кандай кыйынчылыгы жок. Күйөөңүз дагы намаз окусун.

Намаздын касиети такыр бөлөкчө. Балким намаз окубай жаткан үчүн Кудайым бала бербей жаткандыр. «Булар балага жакшы тарбия бере албайт, экөө тең жалкоо, ниет кылып басып жүрүшөт, иш кылбай эле» – деп. Балага деле ниет кылып, бирок аракет кылбасаңар болбойт. Ошон үчүн аракет кылып намаз окуп баштасаңар, Кудай Таалам берет иншалла.

Бирок мечитке барганда алар дем салып, баланы пайда кылат деген сөз жок. Маселе Кудайдан сураганда. Дагы бир жолу айтам, намаз окугула жолдошуңар экөөңөр тең. Даават деген жакшы нерсе бар ошого чыккыла, дуба кылгыла. Сизден башка эч ким чын ниеттен Кудайдан суранбайт.

Курани-Каримде бир дуба бар, Кудай Таалам мага жакшы перзент бере көр деп бата кылыш керек.

– Үйгө жылкычы чымчык учуп келип, эшикти тумшугу менен ургулап жатат, минткенине эки жума болуп калды. Аркы бөлмөгө барсак аныкын, берки бөлмөгө келсек беркиникин ургулайт. Эмне себептен ушинтип жатканын билбей жатабыз?

– Эшикти ачып койгула, карап көргүлө да эмне кыларын, балким үйгө кирип ойногусу келип жаткандыр. Бирок, «жылкычы чымчык эшик-тереземди каккылап жатты эле» – деп андан төлгө кыла берген туура эмес. Анан аны кубалап жиберүүнүн деле кереги жок.

– Сакал коюуну бирөөлөр сүннөт дейт, бирөөлөр парз дейт, ушуну жакшыраак түшүндүрүп койсоңуз?

– Сакал коюу – сүннөт болот. Мурутту кыскартыш керек, узун кылып, шимип жей тургандай кылып өстүрүп алган туура эмес, бул жанагы отко сыйынгандардын иши. Сакалды тарап, ага атыр сээп, жууп туруш керек. Сакалдын эки тарабын аркага тарап, кулактын жана беттин чек арасынан ашканын кыркып туруш керек. Ылдый жагын бир тутам болгондо кыркыш керек. Узун кылып киндикке түшүрүп алуу жөөттөрдүн сакалына окшоп калат. Мусулманчылыкта сакал деген көркөм, кооз болуп туруш керек. Сакал коюу сүннөт, урматтуу бир тууганым. Сакал өстүрүүнү парз деген туура эмес. Анткени бир нерсе парз болуш үчүн бул «кати субут» жана «кати дарала» менен белгилүү болуш керек. Ал эми сакалды коюуну сүннөт экендигин айткан шарияттык тексттер булар «ахад» хадистер, аны «мутаватир» хадис деп айтканга болбойт.

– Ооруканага жатканда намазды кантип окуйбуз? Мечиттен, «башкаларды кыжалат кылбагыла» – деп айтылган эле?

– Кадимкидей окуй бересиз. Жаныңыздагы кишилер кыжалат болуп жатышса анда сиз коридорго чыгып окуңуз, сыртка деле чыгып окусаңыз болот. Туруп окуй албасаңыз отуруп окуңуз. Отура албасаңыз жатып окуңуз. Айтор ыңгайына жараша окуй берсеңиз болот. Бирок таптакыр калтырбаш керек. Эгерде намаз окуп жатканда узак болуп кетип, адамдар, «тезирээк окуп бүтүр» – десе анда сүннөттөрүн калтырып парзын эле окуңуз. Бирок асты намазды калтыра көрбөңүз. Сөзсүз түрдө жаткан жерде кыйкырып окуу шарт эмес. Өзүңүз уга тургандай кылып купуя окусаңыз дагы жарай берет, кудайга миң мертебе шүгүр, азыр укол сайган жерге, тамак ичкен жерге барып окуй берсе болот.

Саресеп

Запись Чубак ажы Жалилов менен турмуштук суроо-жооптор (58) впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

– Мен Фейсбук баракчасына комментарий жазган элем. Орустарды капыр деген экен. Ал эми мен уккан, билгеним боюнча буларды “адашкандар” дейт десем мага: “Таксыр сиз никеңиз менен ыйманыңызды жаңылаңыз. Ыймандан чыгып кеттиңиз”, – деп комментарий жазыптыр. Ушул туурабы?

“Ислам дини” деген сайттан “Каза намазы бар адамдарга сүннөт намазы буйрулбайт” дегенди окудум, ушул туурабы?

– Биринчи суроодо орустар капырбы же адашкандарбы маселе. Жер жүзүндөгү адамдардын бардыгы мусулмандар жана мусулман эместер деп экиге бөлүнөт. Мусулман эместердин бардыгы жалпы жонунан, “капыр” – деп айтылат. “Капыр” деген сөз мусулман эмес деген сөздүн бир гана түрү. Анын ичине христиан болгон капырлар, баптист болгон капырлар, еврей болгон капырлар, теңирчи болгон капырлар, айтор ушуга окшогондор кирет.

Мисалы, адамдар кыргыз же кыргыз эмес дегендей эле адамдар да мусулман же мусулман эмес деп бөлүнөт. Эгерде христиан дининдеги орустар болсо улуту орус, капыр дегени мусулман эмес. Анан ошол мусулман эмес адамдарды “адашкан, христиан дининдегилер” – деп айтылат. Демек, мусулман эместердин бардыгы капыр, ал эми капырлардын түрлөрү бар. Мисалы, көп кудайлуу мушрик капырлар, “кудай жок” – деген атеист капырлар деген сыяктуу.

Суроодогу сөз түрк аалымы Кара Быйыхтын “Ислам дини” деген китебине тиешелүү. Бул китепке муфтияттан адашып уруксат берип алышып, кийин ызы-чуу болуп жүрүшкөн. Бирок чындыгында бул маңыздуу сөз. Анткени сүннөт намаз деген бул милдеттүү намаз эмес, ал эми каза намаз милдеттүү. Ошондуктан ал сөздө маани бар. Бирок биз каза намаз окугула, сүннөт намазды да окугула, бирок каза намазы бар адам нафил намазды окубасын деп айтат элек.

– Менин жакын туугандарымдан бир иним көзү ачыкка барыптыр. Көзү ачык болсо иниме, “сенин сүрөтүңдү мүрзөгө көөмп койгон. Ошол үчүн сен ата-эне, бир туугандарың менен урушуп, ишиң жүрүшпөй жатат”- деп айтыптыр. Ушул туурабы?

– Биринчиден иниңиз намаз окусун. Көзү ачыкка баруу-адамды ыймандан чыгарат. Экинчи барбасын. Бишкектеги Жыргал каарыга келип дем салдырсын. Көз ачыкка барган сайын балээ ого бетер күчөп кетет.

– Балдарды эмдеген (привывка) динге каршы келет деген нерсе туурабы? Эгер туура эмес болсо ажыга бара тургандардын баарын эмдешет?

– Көпчүлүк аалымдардын пикиринде эмдөө жакшы эмес деп айтылат. Ал эми ажыга барып жаткандардын бардыгы эле олуя-аалым эмес. Болгону тандоо ар кимдин эркинде.

– Мен Ош шаарында жашайм. Кимге барып дем салдырсам болот? Сиз айткан Жыргал каары Ошко келеби?

– Жыргал каары Ошко бара албайт. Анткени Бишкекте жумушу абдан көп, колу бошобойт. Ошто ким жакшы дем саларын мен так билбейт экенмин. Мечиттерден барып сурап көрүңүз.

Бирок мечитке барып дем салдырууда этият болуңуз. Кээ бир мечиттерде имамдар дем салдырганы барганда кыздарга кол салып ийген учурлары да кездешет. Дем сала турган молдо аялдарды жалгыз үйгө киргизип алып дем салганы болбойт, балким ал зордуктап коюшу мүмкүн. Мындай молдолор Кыргызстандын бардык аймактарында эле кездешет. Ушундай акмактар чыгып калганы өкүндүрөт. Ошондуктан молдо бөлмөдө жалгыз дем салам десе андан жаа бою качуу керек. Бул шайтан, чапаны, сакалы бар шайтан. Буларга эч качан ишенбеңиздер. Динибиз эч качан буга жол бербейт.

– Моюнга тумар тагып жүрсө болобу? Машинага теспелерди жана дубаларды илип алган туура элеби? Анан айылдардагы берилип жаткан пайыздык чеги абдан төмөн насыялардан алсак болобу?

– Теспени болсо машинага дем салдырбай эле кооздук үчүн илип коёт. Бирок машинага тумар илип алышат. Ошондой эле кишилер да моюнуна тагып алышат. Бирок тумар моюнда же машинада болбостон адамдын жүрөгүндө болгону абзел. Жүрөгүндөгү келмеси бул – тумар. Эгерде сүйлөй албаган жаш балдардын бешигине Фатиха сүрөөсүн жазып илип койсо бир жөн. Моюнуна тагып алып дааратканага кирип кетсе анда күнөө иш болуп калат. Ал эми тумар сактайт деген адамды динден чыгарып иет.

Сүткорлуктун бардыгы жана насыянын баары арам. Такыр эле ачкадан өлө турган абалга жеткенде гана алса анда бир жөн.

– Досторум менен Ютуб каналынан “Тозок жердин астында, бейиш асманда” деген видео көргөнбүз. Ал жерде “жердин канча бир километр катмарынан ар кандай үндөр чыгып жатат. Бул тозоктон келген үн” – деп айтылыптыр. Сиз буга кандай карайсыз?

– Аны биз дагы көрүп жатабыз, кылып жатабыз. Бирок биз бир гана нерсеге ишенебиз. Тозоктун бар экендиги чындык, акыйкат нерсе. Ошону менен бирге бейиштин бар экенине да ишенебиз. Буларды четке каккан киши ыймандан чыгып калат. Андан аркынысына акылыбыз жетпей жатса ага кийлигишип, тастыктоонун да, жалганга чыгаруунун да кереги жок.

– Эркектердин чачын өстүрүп алуусу сүннөт экен. Өстүрбөй кыркып алса болобу же сүннөткө каршы келип калабы?

– Пайгамбарыбыз алейхи салам чачын өстүрүп жүргөн. Бирок өмүрүнүн акырындагы кылган ажылыгында чачын алдырып койгон. Демек, чач өстүргөн сакалдай сүннөт эмес. Эгерде сүннөт болсо анда пайгамбарыбыз алейхи салам чачын алдырбайт болчу. Шариятта эч качан өкүмдөр бири-бирине каршы келбейт. Чачын өстүрсө зыяны тийбейт, сүннөт ниетинде койгон болсо бул жакшы. Чачты дагы өзүнө жарашыктуу кылып өстүрүш керек. Анан бир жерин тасырайта кырып, калган жерин өстүрсө такыр туура эмес. Эркектин чачы мүрүсүнө тийбеш керек. Пайгамбарыбыз алейхи салам, “чачыңарды каза кылып кырктырбагыла” – деген. Бул бир жерин кыркып, калган жерин өстүрбөгүлө дегенди түшүндүрөт.

Көзгө сурма коюу аял-эркекке бирдей сүннөт. Бирок кээ бир жерлерде эркектерге сурма койгонго тыюу салат. Анткени көбүнчө кызтекелер коюп алышат экен. Ошол сыяктуу эле чач өстүргөн бизде жакшы эмес жагдайды жарата турган болсо анда чачыңарды өстүрбөй эле койгула, урматтуу эркектер! Анын үстүнө биздин салтыбызда дегеле эркектердин чачын өстүрүүсү кездешпейт. Азыркы күндө чач өстүргөндөр “инкаршик” же “якыншик” деген жамаатка тиешелүү болуп калды.

– Карындашым инсульт болгон эле, бир аз кыйналып жатат. Кайсы молдокеге барып дем салдырсак болот?

– Жыргал каарыга барыңыз. Бишкектеги Ынтымак жаңы конушундагы мечитте кызмат кылат.

– Мен Кореядан суроо берип жатам. Аср намазын бул жердеги башка мазхабдагылар менен кошо окуганда 45 мүнөт эртерээк болуп жатат.

Кыргызстандан жер алганга чек алгам. Бирок ал үлүштү адистер эки жыл мурунку документ менен бергени жатышат. Бул нерсе пара берип алган болуп калбайбы?

– Окуй берсеңер болот.Сахибе имам Абу Юсуф, имам Мухаммаддын пикиринде боло берет. Ал эми 45 мүнөт кечиктирип окуу Абу Ханифанын жеке өзүнүн мазхабы. Колдон келсе Абу Ханифанын тартиби менен окуган жакшы. Бирок шаафилерде азан айтылса алар менен чогуу окуй бериш керек.

Эгерде жерлер ага тийип, ошонун негизинде берип жатса зыяны тийбейт. Бирок ал элди, мамлекетти алдап жатса бул туура эмес.

– Телеканалдардан эмнеге көп көрүнбөй калдыңыз? Биздин Кыргызстанда деле, Орусияда деле даават тууралуу ар кандай пикирлер айтылат экен. Сизден сурайын дегеним дааватка чыгуу шартпы, ушул тууралуу кененирээк токтолсоңуз.

– Мен Темир Сариев премьер-министир болуп турган учурда “Элтр” телеканалына чыкчумун. Бирок Сариев берген тулпарды Жээнбеков кайра алды. Мен Темир мырзага ыраазычылыгымды билдирем. “Элтр” өкмөттүн каналы болгондуктан өкмөт башчынын кийлигишүүсү менен иштер чечилет окшойт деп ойлоп калдым.

Кудайга миң мертебе шүгүр, Орусияны кыдырып жүрөбүз. Бирок ал жерде дааватка тыюу салынган. Ошондой эле Казакстан, Тажикстан сыяктуу мамлекеттерде да тыюу салынган. Биздин президенттин кеменгерлигинин аркасы менен бизде кудайга шүгүр дааватка тыюу салынган жок. Албетте буга тыюу салынбашы керек. Эмне үчүн биз Орусия, Казакстан, Тажикстанды ээрчишибиз керек. Орусия мусулман эмес өлкө. Ал эми Кыргызстан мусулман өлкө. Коңшулардыкына карганда биздин жерибиз кичине болгону менен биз суунун башында турабыз. Башкаларга караганда биз таза суу ичкен адмдарбыз. Ошондуктан биз башкаларга таза пикир, таза акый бере алабыз. Биз жарды мамлекет болгонубуз менен, бизде эркиндик деген нерсе бар.

Өткөндө бирөө айтып жатат, “Өзбекстанда медреселер бизге караганда аз экен” – деп. Бирок аларда абактардын саны канча экенин ал киши билет бекен? Ошондуктан сүйлөп жатканда бардык тарабын караш керек.

Дааватка тыюу салынганы менен даават токтоп калган жок. Анткени бул Кудайдын иши. Орусияда иштеп жүргөн мекендештерибиздин балдары бара-бара кыргызча билбей калышат экен. Алардын ата-энелери Кыргызстанга келген күндө дагы балдары келгиси келбейт экен. Ошол Орусияга кыргыз мектептерин ачуу абдан татаал жумуш. Ошондуктан молдокелердин жана дааватчылардын кыргыз тилинде айткан үгүт-насыят, дааваттары аркылуу аларды кыргыз бойдон сактап калуу мүмкүнчүлүгү бар. Муну муфтият эске алып аракет кылса, абдан жакшы иш болот эле.

“Саресеп”

Запись Чубак ажы Жалилов менен турмуштук суроо-жооптор (57) впервые появилась Formula.KG.

Твитте Жакты Бөлүш Бөлүш

Коомчулук үчүн Чубак ажынын айткан пикирлери өзгөчө кызыктуу экенин билебиз. Андыктан, биз окурмандарыбыз кызыгы турган айрым суроолорго жооп алып, ажаат ачууга бел байлап турган кербезибиз.

— Жакында “Дүйнөлүк аалымдар лигасына” мүчө болдуңуздарАталган лига туурасында кыскача айтып берсеңиз? Бул лигага аалымдар кандай талаптын негизинде мүчө боло алышат? Дүйнөлүк аалымдар лигасынын диний иштерди жүргүзүүгө кандай салымы бар? Лигага мүчө катары сиздер кандай иштерди аткара аласыздар?

— Үстүбүздөгү жылдын 8-9-апрель күндөрү аалымдар кеӊешинин төрагасы Абдышүкүр ажы Нарматов жана мен Стамбул шаарында болуп өткөн Бүткүл дүйнөлүк шариаттык координациялык кеӊештин акыркы даярдоочу жана алгачкы расмий жыйналыштарына катыштык.

Жыйналыштын биринчи бөлүмүндө кеӊештин иштөө уставы талкууланды, ал эми экинчи бөлүгүндө кеӊештин уставы бекитилди жана эки жылдык мөөнөткө төрагасы көпчүлүк добуш менен шайланды.

Кеӊештин негизги максаты:

· Аалымдар кеӊештеринин, ислам лигаларынын, диний бирикмелердин жана шариаттык уюмдардын, жалпы мусулман үммөтүнө тиешелүү болгон маселелердеги иш-аракеттерин координациялоо жана өз ара айкалыштыруу;

· Ааламда болуп жаткан маанилүү окуяларга (мисалы, ИГИЛ, Сирия маселелери) диний тараптан баа берүү, талкуулоо, анализдөө жана бирдиктүү фатва чыгарууга өбөлгө түзүү;

· Мусулман журтчулугу менен катар эле адамзаттын ынтымак-ырашкердикте, өз ара урматташуу менен жашоого чакыруу (Ош окуясы, улут аралык жаӊжалдар);

· Ислам дини боюнча туура эмес айтылып жаткан пикирлерди оӊдоо (терроризм, экстремизм, радикализм);

· Ислам ааламындагы сунний багытындагы аалымдардын башын бириктирүү (жамааттарга бөлүнүүнү жектөө);

· Жамааттардын, уюмдардын ортосундагы чыр-чатактарды чечүүгө аалымдардын кийлигишүүсү таасирдүү болгон убакта, акыйкатты баяндоо менен аракет кылуу.

Кеӊеш өзүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө:

· Эч бир өлкөгө, же кайсы бир расмий же бейрасмий уюмга таандык болуп эсептелбейт. Шариаттык негизде аалымдардын башын чогулткан кеӊеш катары иш алып барат;

· Эч бир жамаатка, же кайсы бир кыймылга, тарапка таандык болбойт. Илимий таризде иш алып барат;

· Кеӊеш эч бир аалымдар кеӊешинин, же лиганын, же бирикменин, же диний уюмдун ички иштерине, ички тартиптерине кийлигишпейт;

· Кеӊештин чыгарган баяндарына баардык мүчөлөрүнүн кол коюусу же макул болуусу милдеттүү эмес;

· Кеӊеш ар бир эки айда бир жолу чогулат. Кеӊештин мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүгү катышканда гана жарактуу болот. Ошондой эле зарыл болгон учурларда кезексиз жыйналыштарды чакырууга уруксат берилет;

· Кеӊештин мүчөсү өзү катыша албай калган учурда программа аркылуу онлайн пикирин билдирүүгө, маселени талкуулоого, добуш берүүгө катышууга укуктуу.

Кеӊештин бул жолку жыйынына Египет, Йордания, Сауд Арабия, Кыргызстан, Катар, Германия, Алжир, Йемен, Малайзия, Түштүк Африка, Түркия, Ирак, Ливан, Ливия, Судан, Мавритания, Палестина, Марокко мамлекеттери катышты.

Кээ бир мамлекеттердин абройлуу уюмдарынын өкүлдөрү кеӊештин жыйналышына этибарлуу себептер менен катыша албагандыктарын белгилеп, макулдуктарын кагаз жүзүндө жиберишкен. Кеӊешке мүчө болгон мамлекеттерди тандоо, ошол мамлекеттеги аалымдардын ишмердүүлүгү, айрыкча акыркы учурдагы кыжаалат кылган ИГИЛ уюмуна болгон көз карашы, анын катачылыгын  коомчулукка баяндоодогу эмгектери, карапайым элге туура исламды жеткирүүдөгү кызматтары жана коомчулуктагы кадыр-баркы эске алынды.

Бизди кеӊешке мүчө катары, лиганын генералдык директору, профессор, доктор Жамаль Абду Саттар Мохаммед сунуштап, калган мүчөлөрү тарабынан жактырылган. Мүчөлүккө кабыл алынуунун акыркы этабы болуп, мүчөлүккө сунушталган аалымдардын жекече макулдугу зарыл.

Биз менен биргеликте катардык аалымдар азырынча байкоочу мүчө катарында катышууну туура деп таптык. Ар өлкөнүн өкүлдөрү өз өлкөлөрүндөгү Аалымдар кеӊештери жана таасирдүү диниятчылары менен кеӊешкенден кийин бир тараптуу чечимге келээрин билдирдик.

Аалымдар кеӊешинин 6-чакырылышынын  18.04.2017 күнү өткөн кезексиз экинчи жыйынында аалымдар кеӊешинин мүчөлөрү бир добуштан макулдугун беришип, жыйынтыгында Абдышүкүр ажы экөөбүз Бүткүл дүйнөлүк шариаттык координациялык кеӊешке мүчөлүккө кабыл болдук.

— Сиздин президенттик шайлоого чыга турганыңыз боюнча айтылып, коомчулукта кызуу талкуу жаралгандай. Чындап эле хан такты үчүн аттансаңыз, бийликтин саясый картасы бузулуп, элдин кандайдыр бир катмары сизге ооп кетет го? Бирок, күч органдары ага жеткизбей бут тосууларды жаратса кантесиз?

— Алла Таала кимдин тагдырына оомат жана жакшылык жаза турган болсо, аны эч ким тосо албайт. Ал эми Алла Таала кимдин тагдырына кыйынчылык жазса, аны тарткандан башка чарасы жок. Ааламдын баардыгы чогулуп келип, анын тагдырындагы кыйынчылыкты жеӊилдете албайт. Жакшылык жана жамандык Алла Тааладан деген ынаным мына ушул маанини өз ичине камтыйт.

— Президенттик шайлоого чыгуу жагынан атыңыз угулуп атпайбы?

— Мен ушул мүнөткө чейин эч бир жерде расмий түрдө да, расмий эмес түрдө да “президенттик кызматка намзатымды коёмун” деп айткан жокмун. Болгону кээ бир басылмалар менен ааламтөрдөгү булактар «Ким президент болот?» деген сурамжылоону жүргүзүп, жыйынтыгында менин атым алдыӊкы орундарда келе жаткандыгы маалым. Албетте, бул калыс сурамжылоо жүргүзгөн учурда. Бирок, баарыбызга белгилүү болгондой, көпчүлүк булактар калыстыкты карманышпайт, жеке кызыкчылыктардын таасири астында, кабинеттен эле сурамжылоонун пайызын жарыялап койгондугу айтылып келет.

— Молдокелердин чоң саясатка чыгуусуна деңгээли жетишпесин билесиз да?

— Адатта, диний адамдарды караӊгылык жана сабатсыздык менен айыптап келишет. Адамдын сакал коюп же жоолук салынып алуусу анын илиминин, дүйнөтаанымынын төмөн экендигин белгилеген критерий катары кабылданып келет. Чала сабат интеллигенттер Башмыйзамды деле, жөнөкөй жарандын укуктарын деле билбегендиги кашкайып көрүнүп калып жатпайбы. Мисалы, “молдо молдолугун кылсын, саясатка аралашпасын”, “президент болуу үчүн экономиканы билүү зарыл, молдо аны кайдан билмек эле?” деген сөздөр бизде диний эмес, тескерисинче, светтик радикалдуулуктун бар экендигинен кабар берет. Мен мына ушуну жоюу максатында, түшүнбөгөндөргө түшүндүрүү максатында “Мен КР жараны катары президенттикке талапкерлигимди коюуга да, болууга да укугум бар!” деп айтып келем. Ошол эле учурда “кээ бирлердин уйкусу бузулбасын” деп, “бул сөзүм, мен өзүмдү президенттик кызматта сынап көрүү үчүн аракетимди баштадым деген сөз эмес!” деп жыйынтыктап жүрөм.

Андан сырткары, айта кетчү маселе, муну  биздеги сөз эркиндигинин белгиси катары карагандыгыбыз жөндүү болот. Балким, ар кандай кесиптин ээси президент болуп иштеди, ыйман жолун үйрөтүүнү кесип кылган адам келсе башкача болоор беле (?) деген ой деле болуусу ыктымал. Кандай болгондо да, бул кыргызстандыктардын эгемендүүлүктүн жылдарында жетишкендиктеринин бири болду. «Тил кесмек бар, баш кесмек жок» фалсафасын туура кабылдоонун жашообузга кирүүсү абдан сүйүнүчтүү.

— Арабызда колдон келбеген эле иштерге баш урган популисттер көбөйдү. Кандай кеңеш айтат элеңиз?

— Ар бир адам өз ордун билип, коомго кайсы жерден туруп, көмөкчү боло ала тургандыгын баамдаса, өзүнүн бактысын ошол орундан көрсө, элге кызмат кылуунун формасын туура аныктаса, баардык маселе туура жагына чечилмек. Тасаввуфта төмөндөгүдөй накыл айтылат: «Сенин ордуӊ – бул сенин ордуӊ!». Кудайдын каалоосу дайыма адамдын каалоосунан жогору турат. Адамдын каалоосу Кудайдын каалоосуна туура келгенде гана адамдын каалоосу ишке ашат. Болбосо «буюрбаган ашка мурду канаптыр» болот.

— Ошондо президенттик шайлоого чыгуудан баш тартып турган кербезиңизби?

— Жеке менде президент болуу «эӊсөөсү» жок, а бирок, элге-журтка кызмат кылуу жашоомдун негизги максаттарынын бири. Айта кете турган маселе, динибизде, кимдир бирөө кайсы бир мансапты каалай турган болсо, же сурай турган болсо, анда ал адамга бул мансап берилбейт. Бийлик иши жоопкерчилик иш болгондуктан, ал жоопкерчилик суралып берилбейт, ал жоопкерчилик тагылат жана жүктөлөт. Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: «Кимде ким бийликти сурап алса, анда ал жумуштун оорчулугу жеке ошол адамга жүктөлөт. Кудайдан ага жардам болбойт! А эгер кимдир бирөө кайсы бир бийликти, мансапты сурап албаса, ага ал милдет тагылса, жүктөлсө, Кудай Таалам ал пендесинин жардамында болот».

Негизи мен бул суроого жооп бергенди каалабас элем, болгону бийликке баргысы келгендердин кулагына күмүш сырга болсун! Ушундай ниетте гана жооп бердим. Кудайым шерменде кылбасын!

Менин түшүнүгүмдө президент болгон адамдын негизги милдети жөнөкөй акыйкатты ишке ашыруу, күн баарына бирдей, ылгабастан нурун чачыраткандай, мамлекеттин баардык жарандарына, улутуна, динине, регионуна жана жынысына карабастан бирдей мамиледе болуу. Адилеттүүлүктүн туусун кармап берүү. Ал эми эл өзүн өзү багып алат. Ал эле эмес жоон топ чиновникти, президентти кошуп багып алат. Коӊшу мамлекеттерден айырмаланып, биздин элдин өзгөчөлүгү саясый тараптан бышкандыгы, татаал жолду басып өткөндүгү жана эӊ негизгиси мамлекеттен үмүт кылбастан жан багууну өздөштүргөнүндө турат. Өзүн өзү кароонун, өзүнө таянуунун иммунитети пайда болгондугун эч ким тана албайт. Эл аралык мамилени, дипломатияны жөнгө салуу, мыйзамдын аткарылуусун чындап көзөмөлдөө, сот бийлигинин көз карандысыздыгын камсыздоо, сөз эркиндигин жоготпоо сыяктуу маселелер негизги баш ооруткан маселеси болуу керек. Ал эми башка тармактагы адистерди өз тармагында татыктуу жана пайдалуу иштегенине шарт түзүп берүү. Маселени, жашоону жөн эле татаалданта берүүнүн кажети жок.  Жөнөкөйлүк баардыгына түшүнүктүү жана жеткиликтүү. Жөнөкөйлүктө береке бар.

– Айтсаңыз, мыйзам боюнча дин аалымдары саясатка, мамлекеттик жогорку кызматка баруудан оолак болушу керек да. А бийликке жетүү үчүн сиз тымызын амбицияңызды “кылтыйтып” келесиз… Эртең башка диндердин кыйындары да “президент болом” деп чыкса кантебиз?

— Суроого жооп берүү үчүн кириш сөз туура болот го.

1) Талашсыз акыйкат катары айтыла турган кеп динде «макиавеллизмге» жактоо берилбейт, тескерисинче, жектөө менен эскерилет. Максатка жетүү үчүн зомбулук, алдамчылык, террористтик ж.б. айла-амалдардын баардыгын колдонуу аракетине арам-тыюу салынган статус-макамы ыйгарылат.

2) Дин деген эмне? Дин – адамзаттын эки дүйнөдө теӊ бактылуу болуусун камсыздоо үчүн Кудайдан жиберилген эрежелер топтому. Дин – адилеттүүлүктү, абийирдүүлүктү, чынчылдыкты, тазалыкты, аруулукту, жоопкерчиликтүү болууну, калыстыкты талап кылат жана анын ишке ашуусун камсыздаган институт.

3) Саясат деген эмне? Саясат – элдин ар тараптуу жыргалчылыгына кам көрүү, демек, ал мамлекет жана эл тарабынан ишке ашат. Мамлекет бул камкордукту өз колуна алат, эл анын эсебин мамлекеттен сурайт. Бул азыркы учурдагы саясаттын сүрөтү.

4) Дүйнө деген эмне? Дүйнө – адамзаттын жалган жашоосу, же бүгүнкү күндөгү тиричилиги.

5) Диндеги саясат деген эмне? Саясат – дүйнөнү дин менен жөнгө салуу.

Жогоруда айтылган маалыматтарды жуурулуштурсак, анда саясат дегенибиз – адилеттүүлүктүн, абийирдүүлүктүн, чынчылдыктын, тазалыктын, аруулуктун, жоопкерчиликтүү болуунун жана калыстыктын негизинде элдин ар тараптуу жыргалчылыгына кам көрүү. Эгер саясат мына ушундай акыбалда боло турган болсо, анда дин, дин адамын чоӊ саясатка аралашуусун колдойт жана керек учурда милдеттүү кылат. Андай болбогон учурда, ушундай абалга алып келүүгө аракеттенүүнү ар бир акыл-эстүүгө парыз жана карыз кылат.

Негизги мыйзам боюнча “дин аалымдары саясатка, мамлекеттик жогорку кызматка баруудан оолак болушу керек” деген сөзгө маани берип көрөлү…

1) КР Конституциясынын 3-бөлүм, 62-беренеде: “Президент болуп 35 жаштан төмөн эмес жана 70 жаштан жогору эмес, мамлекеттик тилди билген жана республикада жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаган Кыргыз Республикасынын жараны шайлана алат” деп жазылып турат. Демек, президент болуу үчүн анын улутуна, динине, жынысына каралбайт.

2) 1-бөлүм, 4-беренеде: “Кыргыз Республикасында төмөнкүлөргө тыюу салынат: диний, этностук негизде саясый партияларды түзүүгө, диний бирикмелердин саясий максаттарды көздөшүнө”. Ал эми мен диний негизде саясий партия түзүүгө, ал аркылуу саясий максатты көздөөгө умтулган жокмун.

3) 1-бөлүм, 1-беренеде: “Кыргыз Республикасы (Кыргызстан) – эгемендүү, демократиялык, укуктук, мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган, унитардык, социалдык мамлекет”. Сиз айткыӊыз келип жаткан маселе “башкарууга дин аралашпаган” деген маани. Бул маанини КР Башмыйзмына илимий-практикалык түшүндүрмө берген К.Осмоналиев жана Т.Жумабекова мындай деп чечмелейт: “Светтик мамлекет делинип, ал өлкөдө расмий да, мамлекеттик да дин болбогон, эч кандай дин илими милдеттүү деп да, артыкчылык да албаган мамлекет эсептелет. Светтик мамлекетте дин, анын канондору менен догматтары, ошондой эле диний бирикмелер мамлекеттик түзүлүшкө, мамлекеттик органдар менен алардын кызмат адамдарына, мамлекеттик билим берүү системасына жана мамлекеттин башка ишмердүүлүк багыттарына таасир этүүгө укуксуз. …Светтик мамлекетте өлкөнүн баардык жарандарынын, алардын тутунган динине карабастан, мыйзам алдындагы теӊ укуктуулугу камсыздандырылат”.

Мен мына ушул саптардан сиз айткан маанилердин бирин да көрө алган жокмун. Анткени мен кандайдыр бир “дин” же “диний уюм” эмесмин. Мен Чубак Жалилов, мамлекеттик тилди билген КР жаранымын.

4) 1-бөлүм, 7-беренеде: “Диний бирикмелердин жана дин кызматчыларынын мамлекеттик органдардын ишине кийлигишүүсүнө тыюу салынат”. Мен “диний бирикме” эмесмин. Коомдук башталышта кызмат кылган “Аалымдар кеӊешинин” мүчөсүмүн жана Кыргызстан ислам университетинин окутуучусумун. Эгер мына ушуларды дагы диний кызмат деп эсептелсе, анда ар бир мүнөттө арыз жазуу менен ал макамдан сыртта калуу мүмкүн. Ал эми дин карманган адам менен дин кызматчысы эки башка маселе.

5) 2-бөлүм, 16-берене: “Эч ким туткан дини боюнча кодулоого алынышы мүмкүн эмес”.

Жыйынтыктап айтканда, сиздин коркууӊузга эч кандай себептер жок. Ошондой эле саясатка аралашууну каалаган адамга сакалын алып салуунун да милдеттүүлүгү айтылган эмес. Ал эми амбиция боюнча айта кесек, ар ким каалаганын айтууга укугу бар. Анын ичинде сиздин дагы. Ал эми башка диндин өкүлдөрү туурасында, “мыйзамга туура келсе эмне үчүн болбосун?” деп жооп берет элем. Ал эми шайлоодо элдин колдоосуна татыйбы же жокпу ал башка маселе…

Булак: “Азия Ньюс​”

Запись Чубак ажы Жалилов: “Саясатка сакалчандар деле аралашса болот” впервые появилась Formula.KG.

Технологии Blogger.