Halloween party ideas 2015

Кыргызстанда, айрыкча акыркы он жылдыкта абдан кеңири таралган, көбүнесе жаштар арасында ата-энеге билдирбестен нике кыйдырып алуу, ошол никенин себебинен жакындыкка баруу, кыздын боюнда болгондон кийин жигиттин кача баштоосу, жыйынтыгында кыздын боюнан алдыруусу же төрөп башкаларга баласын кармата берүүсү кадимки көрүнүш болуп калды десем жаңылышпайм. Уулунун үйлөнгөнү же кызынын турмушка чыккандыгы туурасында ата-энесинин эч кандай маалыматы жок. Эң эле өкүнүчтүүсү мына ушул жигит-кыздар кылып жаткан ишин шариятка туура келет деп ойлоп жасашат, күнөөгө батып калбайлы деген пикирде нике кыйдырышат. Негизи ушул кылган иштери шариятта туурабы (?), канчалык деңгээлде шарияттын талаптарына жооп берет (?), шарияттагы никенин маани-маңызы тууралуу кеп учугун уламакчымын.

Үйлөнүү Алла Тааланын пайгамбарларынын элчилеринин сүннөтү

Ислам үйлөнүүнү колдойт. Үйлөнүү адамдын табиятына туура келет жана пайгамбарлардын сүннөтү. Пайгамбарлар үйлөнүшкөн, перзент калтырышкан. Жалган жашоонун көркүнөн кур калышкан эмес. Мухаммед пайгамбарыбыз (алайхис салам) пайгамбарчылыгын, ал кишинин үй-бүлөлүү болгондугун мисал келтиришип четке кагууга аракет кылышкан. Кээ бир тарых менен динден кабары жоктор, «Пайгамбарлар үйлөнүүгө болбойт» – дешип натуура пикирде болушкан. Алла Таала алардын пикиринин каталыгын баяндап, мындай дейт: «Акыйкатта (Оо, Мухаммед!) Сенден мурун да пайгамбарларды жөнөттүк! Аларга жубайларды, перзенттерди бердик!» (Раьд: 38) Мунун мааниси: «Оо, Мухаммед (алайхис салам)! Сенин кадимкидей инсан болгондугуңа таң кала турган эч нерсе жок. Кимдир бирөө, «Бул өзүбүзгө окшогон адам экен, ага ыйман келтирбеймин, эгер периште болгондо ыйман келтирер элем» дегенге таптакыр укугу жок! Биз илгертеден эле периштелерден эмес, кадимки инсандардын арасынан пайгамбар жөнөтөбүз. Сенден мурдагы пайгамбарлардын да адал жуптары, перзенттери бар болгон.

Имам Тирмизий риваят кылган хадисте мындай деп айтылат: «Төрт нерсе пайгамбарлардын сүннөтүнөн: «Уялуу, атыр себинүү, мисвак колдонуу жана үйлөнүү» (1080). Пайгамбарлардын сүннөтү болгон нерсенин биринчи кезекте инсандын табиятына, жаратылышына ылайык келери турган иш го.

Үйлөнүүнүн пайдалары

Шарият мактаган, жактырган нерсе пайдадан куру калбайт. Никенин, үйлөнүүнүн көптөгөн пайдалары бар экендиги талашсыз. Ошол пайдалардын кээ бирлери:

1. Тукум улоо. Туяк калтыруу. Инсанияттын изин өчүрбөстөн кармап калуу. Ал эми аял-эркектин бири-бирине болгон делебеси (шахваты), кызыгуусу мына ушул улуу максатка жетүүгө себеп катары каралат. Инсан перзенттерин сүйөт, аларга жакшылык жасоону, алардан жакшылык көрүүнү эңсейт. Эч кандай баалашпастан туруп балдарына ийгилик менен изгиликти каалайт. Курани Каримде Алла Таала мындай дейт: «Алар (Алла Тааланын сүйүктүү пенделери): «Оо, биздин Жаратуучубуз! Бизге тарбия берүүчү Раббибиз! Өзүң бизге адал-жуптарыбыздан, перзенттерибизден көзүбүз сүйүнө турганды насип кыл, хадия эт жана да бизди такыба пенделериңе жол башчы кыл!» – деп айта тургандар». (Фуркан:74). Мааниси: Кудайдын сүйгөн пенделеринин сыпаттарынын бири, үй-бүлөсүнүн ислам жолунда жүрүүсүнө дайыма аракет жасап, ошол эле учурда такыбалыктын алдыңкысы болууга умтулуусу. Жаратканымдын сүйүктүү пендеси аялдары менен балдарынын дайыма жакшы, жагымдуу иштердин үстүндө болуусуна жан алакет дуба кылат, ишке ашырууга аракеттенет. Ал эми өзү такыбалык менен үлгүлүү өрнөк болгонго далбаса кылат.

Пайгамбарыбыз (алайхис салам) айтат: «Үйлөнгүлө, көбөйгүлө! Кыямат күнүндө мен силердин көптүгүңөр менен сыймыктанамын!» (Абу Нуьейм, Хиля)

2. Шайтандан сактануу, албууттанган делебенин (шахваттын) азгыруусунан коргонуу. Пенденин көзү кызарып делебеси башын жарып калган учурда аны акыл-эс да, коомдук абалы да, дин да тосо албай калуусу мүмкүн. Мал сыяктуу же мас сыяктуу шахватынын кулу болуп, багынган карышкырдай болуп сулк жатып берет. Никелүү адам өзүндөгү делебенин козголоңун нике берген уруксаттар аркылуу баса алат. Пайгамбарыбыз (алайхис салам) Алла Тааланын осуятын мындайча айтат: «Көз караш Иблистин окторунун бири. Ким Менден (Алла Тааладан) коркуп көз менен караганды таштаган болсо, анын ордун жүрөгү менен сезе турган ыймандын таттуу даамына алмаштырамын». (Бухарий) Үйлөнбөй жүрүү шариятта жок. Тарса дини чакырган «рахбаанийя» өмүр бою так өтүү туура эмес түшүнүк, Алла Тааланын тартип-мыйзамын бузуу. Алла Таала Курани Каримде мындай дейт: «…Таркидүйнөлүктү (монахтык, кечилдик, дербиштик, үйлөнбөстөн так өтүүнү) өздөрү (ойлоп) чыгарып алышты. Биз муну аларга парз кылган эмес элек. Алар өздөрү Кудайдын ыраазычылыгын табабыз деп, бирок ыраазычылыгын табуунун чыныгы жол-жобосун таба алышпады!» (Хадид:27) Чындыгында, баштапкы тарсаларда (христиандарда) бул жок эле, кийинчерээк, миладийдин 356-жылы өлгөн Антоний аттуу мисирлик кечил баштаган жол болду. Канчалык сыртынан сыр бербегени менен чиркөөлөр ичинен чирип жаткандыгы эч кимге жашыруун эмес. Чиркөөлөрдүн ичиндеги ыплас шермендечиликтери жөнүндө томдогон эмгектер жазылды. Алыс барбай эле, «Декамеронду» окусаңыз көп нерсе түшүнүктүү болот. Адамдын жашоосундагы эң зарыл нерселердин бири бул жыныстык алака. Аны жашыруу айды этек менен жабам дегендей эле жорук. Адамдын табияты эркектин аялга, аялдын эркекке тартылуусу. Ошондуктан да чек аралар белгиленген. «Кокустан көчөдөн башка аялзатына (сактанганыңа карабай) көзүң түшүп калса, үйүңө келип ак никелүү жарың менен кошул, көкүрөгүңдөгү алоолонуп турган отту басат». (Муслим) Ал эми Дааримийдин риваятында: «Сенин көзүң түшкөн аялдагы нерсенин дал өзү, сенин никелүү жарыңда да бар!» деп келет. Ал эми аялдарга Пайгамбарыбыз мындай деп осуят кылат: «Эгер эркек аялын төшөгүнө бир муктаждык себебинен чакырса, тандырда нан жаап жаткан жеринен болсо да келсин!» (Тирмизий)

3. Адамдын көңүлүн көтөрүп, нафсисине ыракат тартуулайт. Чарчаганы жазылып, жүрөгү эс алат. Ибадатка, жакшылык иштерди жасоого эргүү алат. Инсан табиятынан эле зеригип кетмейи, чарчап калмайы, жадап кетмейи бар. Жубайы менен эркелешип, чер жазышуу, көңүл көтөрүп, аны менен тамашалашуу никедеги эң жогорку максаттардын бири. Алла Таала Курани Каримде мындай дейт: «… Алла Таала эркектин өзүнөн жубайын, андан бейпилдикти, ыракат жыргалды, уюган тынчтык менен ынтымагын табуу үчүн жаратты». (Аьрааф:189)

4. Үй-бүлөлүү болуу эркек үчүн да, аял үчүн да Акыретке амал кылууга убакыт берет, мүмкүнчүлүк тартуулайт. Эркек сырткы иштер менен, ырыскы таап келүү менен алек болсо, аял киши үй ичин тартипке салуу менен алектенет. Аялсыз эркек же эркексиз аял экөөнү тең бирдей аткарууга мажбур болот. Эшикке чыгып эркектин ишин, үйгө кирип аялдын ишин аткарууга айласыз. Эркек-аял эриш-аркак болсо табияттын тартиби менен гармониялуу жашоо башталат. Пайгамбарыбыз (алайхис салам) айтат: «Адам уулунун бул жалгандагы бактысы үч нерседе: Жакшы аял, жакшы үй, жакшы улоо…» (Ахмад, Табарааний)

5. Адамдын өзүн-өзү тарбиялоосуна пайдасын тийгизет. Үй-бүлө жоопкерчилигин моюнга алуу, аялдардын ар кандай кылык-жоруктарына чыдоо, бирден ашык аялы болгон убакта алардын ортосундагы ынтымагын бекемдөө, аларды багууга аракеттенүү, балдардын тарбиясына кам көрүү, деги койчу ушунун баары адамды тарбиялайт. Мына ушунун баары Кудай алдында чоң соопко эгедер иштер. Жыйынтыктап айтканда, никеге туруу, үйлөнүү шариятыбызда бар маселе. Мына ошол никенин мыйзамдары, шарттары, адептери жана тартиптери бар. Никенин сүннөттөрүнүн бири жана эң негизгиси никеге туруп жаткан кыздын атасынын, же агасынын, же башка эркек бир тууганынын (валийдин) макулдугунун болуусу. Ислам укук таануучуларынын (факихтеринин) басымдуу көпчүлүк мектептеринде (маликий, шаафий, ханбалий) никедеги валийдин (кожоюндун, ээсинин) болуусун шарт катары карашат. Тагыраак айтканда, кыздын атасынын же агасынын, же инисинин уруксатысыз кыйылган нике жараксыз деп эсептелет. Бул никеден кийин жашаган жашоосу ойноштук же зынаа жашоо деп таанылат. Пайгамбарыбыз (алайхис салам) бул туурасында айткан бир канча хадистерин мисалга тартышат. Ал эми ханафий мазхабындагы укук таануучуларыбыз никедеги валий маселесин милдеттүү шарт катары эмес, табылуусу сүннөт деп эсептешет.

Далил катарында бир канча хадистерди келтиришет. Ханафийлердин алгачкы үлкөндөрүнөн Азирети имам Абу Юсуфтан «Шархул викааяда» (3\65) «Валийсиз кыйылган никенин жараксыздыгы» жөнүндө риваяты айтылат. Бул талаштуу маселе балагатка жеткен, акыл-эси толгон бийкеч туурасында. Акыл-эси кемирээк болгон же балагатка толо электерге валийдин милдеттүүлүгүндө жумурай ислам укукчуларынын арасында кайчы пикирлер жок. Мына ушул талаш болгон валий маселеси теориялык китептерде гана айтылбаса, практикада, амалда бардык аалымдар бир таризде иш жүргүзүп келишкен. Ханафий мазхабындагы кайсы гана укуктук-фыкых эмгегин колго албайлык, валий туурасында кенен-кесири маалыматтарды келтиришет. Кызга ким валий боло алат, анын шарттары, укуктары, милдеттери, жоопкерчиликтери айдан ачык баяндалат. Дегеле, Пайгамбарыбыздын (алайхис салам) учурунда, андан кийинки алтын доорлордо деле бул парз же шарт экен аткаралы, бул сүннөт экен аткарбай коё берели деп айтуу оюна келген эмес. Пайгамбарыбыз алып келген шариятта болгондун баарын кемчиликсиз аткарганга аракеттенишкен.

Ата-энеси мусулманчылыктан кабары жок же таптакыр эле башка динде болсо, же өзү каалабаган адамга турмушка мажбурлап узатып жаткан болсо кыздын баш тартууга укугу бар, кыз өзү каалаганга гана турмушка чыгат деген түшүнүк калыптанган. А бирок, «ата-энесине айтпастан туруп жашыруун нике кыйса боло берет» деген үч уктаса түштөрүнө кирген эмес.

Сүннөткө амал кылуу-бактылуулуктун башаты. Сүннөткө амал кылбай коюу – бардык бактысыздыкка карай кеткен жаман жолдун башы. Ата-эне кызын тарбиялап өстүргөн убакта, «өз колум менен узатсам, той берсем», – деп аруу тилек кылат. «Канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай» багат. Айрыкча, кыргыздарда кыздын «Кырк чачы улуу», – деп төргө олтургузуу, төркүлөп келгенде кызмат кылдырбай, конок каадасы менен тосуп алуу бар эмеспи. «Күйөө баланы Пайгамбарым сыйлаптыр» – деп тапканынын жакшысын күйөө баланын оозуна кармап турган салтыбыз калппы?!

Ата-эне уулдуу болсо урматтап, уул той берип, колун адалдап ырымдаганда сүннөт той берип чоңойтот эмеспи?! Келин алсам, небере көрсөм, өзүмө ылайык жерден куда күтсөм дегенде эки көзү төрт болуп, жакшы жердин кыздарына кулак сала жүрөт эмеспи?! Эне түшкүрүң келин алганда башына салам деген ак жоолугун белендеп, эртели-кеч Кудайыма, «ынсаптуусун бере көр», – деп жалынат эмеспи?!

Ата-энесине айтпай нике кыйдырган иничегим, карындашым! Сен да бир күн келип перзенттүү болосуң, агарган уулду, кызарган кызды тарбиялап өстүрөсүң. Анан ал өзүнөн өзү туулуп алгансып, чоңоюп алгансып, «өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илип» сага айтпай башка менен үйлөнүп, эрежесиз эрге тийип алган болсо, жаркыраган үмүтүң колуңдан түшүп быркырап, эч кимге айталбай ичиңден кан жутуп, улутунуп олтуруп каларсың. Үйлөнүү тойдо бата бер десе мукактанып калбайын деп купуя даярдап жүргөн бата-дубаларың үзүлгөн мончоктой чачылып, кыяматың келери анык. Мунун баарын жөн жеринен айтып олтурганым жок. Бул сен айтпай кылган иштин ата-энеңе тийгизген терс таасиринин чагылганы гана.

Ал эми шариятыбызда көпчүлүк биле бербеген, билсе да аңдай албаган дагы бир маселе бар. Ханафий мазхабындагы аалымдарыбыз никедеги теңдештик маселесин баяндаган учурда, эгерде кыз атасына айтпай өзүнө «тең эмес» адамга турмушка чыкса, атасы ал кыздын никесин бузууга укугу бар деп айтылат. Никедеги теңдештик маселеси никенин шарты катары кабылданат. Теңдештик табылбаган учурда нике да жараксыз болуп калат. Бул Мухтасарда экинчи риваят катары Имам Хасандын (бин Зияд) Азирети Имам Абу Ханийфадан риваят кылып айткан маселеси.

Темиртааший өзүнүн «Танвиирул абсаар» китебинде (2\297) «Замандын түрүнө жараша, «теңи эмеске» кыйылган нике жараксыз деп айтууга фатва берилет!» – деп айтат. Ошондой эле «Минахул гаффаарда» (коф 308\бе) ушуну колдойт. «Дурр ал Мухтарга» берген хаашиясында (2\27) Тахтаавий да мына ушул маселени тандагандыгына ишарат кылат. Ошондой эле «Фатх» (3\157) ээси да ушул маселени тандап алган. Имам Айний «Хидаяга» берген атактуу шархы «Бинаяда» да (6\129) «тең эмеске» кыйылган нике жараксыз деп баасын берет.

«Тең теңи менен тезек кабы менен» дегендей теңдештик маселеси никеде этибарга алынат. Кимге ким тең экендиги туурасында китептерибизде кенен баяндалат. А бирок эреже катары калыптанып калган түшүнүк ушул, кыздын ээси (валий) негизги чечүүчү адам болуп эсептелет. Ал тең эмес деп билген, тең эмес болуп табылат. Себеби теңдеш эмес никеден пайда болуучу ыза менен кордук ата-энеге тиери белгилүү. Теңдештик диндарлыгына, адеп-ахлагында, коомдогу абалына жараша да эсепке алынат. Биз канчалык уккубуз келбей кулагыбызды жапканыбыз менен, турмуштун чындыгы ушуну каңкуулайт.

Азыр турмушка айтпай чыгып жаткан кыздар өздөрүнүн теңдерине турмушка чыгып жатабы? Эгер ата-энесине айтса макул боло турган жерге кеттиби же жедеп Кудайдан жөө качкан бирөөгө турмушка чыктыбы? Бул маселенин бир жагы. Маселенин экинчи бир жагы, азыркы учурда замандаш ханафий аалымдарыбыз берип келе жаткан фатва тууралуу болмокчу. Устазыбыз Хаафизул мазхаб, Шейх Таарек Сардар Алий Ханафий Маккий: «Валийдин уруксатысыз кыйылган нике жараксыз болуп, жарактуулугу валийнин уруксатына токтоп туруусу кажет», – дейт. Менимче, устазыбыз Имам Мухаммеддин риваяттарын карманган болсо керек. Анткени Имам Мухаммеддин бул туурасында эки риваяты айтылат, алгачкысы: «Никенин дурустугу валийдин уруксатына токтоп турат. Валий уруксат бергенге чейин экөөнүн жыныстык мамиледе болуусу арам болот». Экинчи риваят: «Валий уруксат бермейинче никеси батыл (жок), никеге эсептелбейт». Маселенин чоо-жайын далилдери менен билүү үчүн «Насбур рооя», «Ьилааьус сунан», «Шарх маьаанил аасаар» китептерине кайрылса болот. Андан сырткары, Мухаммад Алий Саабууний Ханафий никеде валийдин болуусу никенин алгачкы шарты катары кабылдайт.

Маселе канчалык оор экендигин баамдай алган болсок, мен максатыма жеттим деп түшүнөмүн. Анткени маселенин талаш экендиги, жеке эле мазхабдар арасында эмес, ханафий мазхабынын ичинде да ар кандай пикирлер айтылгандыгы, ата-энеге айтпай никеге туруунун канчалык коркунучтуу экендигинен кабар берет. Аалымдар илими менен алпурушуп маселесин айта берсин, а бирок «акыйкат жалгыз, акыйкат сан менен саналбайт» деген акыйкатты кай жакка алпарабыз.

Менин сага болгон агалык осуятым, аалымдар өз ара пикир келишпестик маселеде болсо, сен талаш болбогон жагына ооп кармансаң, амалыңды ошого карап түздөсөң эч убакта жаман болбойсуң. Элибизде, «бата менен эл көгөрөт, жамгыр менен жер көгөрөт», – деп айтылат эмеспи. Ата-энеңе айтпастан, алардын батасын албастан турган никеңде кандай береке болот дейсиң?! «Калыңсыз кыз болсо да, каадасыз кыз болбойт» дегендей, сени урматың менен ата-энеңдин колунан алып кетүүгө жарабаган жигит сымал сени келечекте урматтайт деп ойлойсуңбу? Сени таап, өстүргөн ата-энеңден жашыруун нике кыйдырып алган сенин «сүйүктүүң» эртең жашыруун жолго түшүп, сени таштап кетерин ойлодуңбу? Арманыңды кимге айтасың? Аны кайдан табасың? Сен өзүң күйөөңдүн колундагы аманат жансың. Аманатты уурдап алгандай болгон неме, аманатты сактай алар бекен? Ай, күмөнүм бар… Ар убакта эзелтен үйдүн тешигинен эмес эшигинен кирчү…

Запись Акыйкат жалгыз, ал сан менен саналбайт (же эрежесиз эрге тийүүнүн эртеңи) впервые появилась Formula.KG.

Отправка комментария

Технологии Blogger.