Halloween party ideas 2015

Кол жуугучка келип намаз окуганы даарат ала баштаган. Агасынын эки иниси ызы-чуу түшүп кошо жарышып келип артына кезекке туруп калышты. Бири-бирин түркүлөп, бири-бирине чурулдап бир нерселерди талашып алышкан.
– Биринчи колду жууш керек. Манжалардын арасына чейин жуусаң! – деди агасы инисин эскертип.
– Билем мен деле. Таенем үйрөткөн кечөө, – деди иниси да моюн бербей.
Агасынын үйүнө көптөн бери келбегендиктен бөбөктөрүнүн кылыгын алгач түшүнө алган жок.
– Силерге эмне болду? Эмне даарат аласыңарбы? – деди таң кала.
– Ооба. Сиз менен намаз окуйбуз, – дешти экөө дагы жарыша сүйлөп. Айрыкча тили балдыраган иниси агасынан дегеле кем калчудай эмес.
– Биз намаз окуганды үйрөнүп атабыз. Күнүгө мечитке барабыз, – деди ал жарылдап.
Артында мынча жамаат күтүп калган соң ылдамдабаса болбойт. Ичинен инилеринин ыйманга суусап турганын сезип, кубанып турду. Ары-бери дааратын алып бүтүп, сүлгү менен аарчынып жатып экөөнөн даараттын шарттарын сурап көрдү. Чын эле билип алышыптыр. Тыкылдайт экөө тең.
– Макул анда, күтүп турам. Жуунуп келе калгыла, – деп төркү бөлмөгө кирип кетти.
Ошону менен экөө бир топко чурулдап жүрүп артынан келишти. Анча-мынча эскертүүлөрдү айтып, артына катарга тургузду да, чогуу шамды окушту. Андан кийин үчөө тегерек тартып отуруп алышып зикир чалышты. Албетте, муну берки экөө үйрөнө элек экен. Бирок ынтызарлана сурап, ал тургай кагаз-калем таап келип жазып да алышты. Анан бытыйган алакандарын жайдырып алып дуба кылдырды. Бир топко дуба кылышкан соң эмне деп дуба кылгандарын бир-бирден сурады.
– Мен «атам менен апам оорубасын. Биз жакшы окуп, жакшы бала бололу. Үйдө тамак көп болсун, апамдын башы оорубасын. Атамдын буту оорубасын. Ии… Сабактарымды жакшы окуюн. Бизди жакшы көр, оо Аллахым» деп дуба кылдым, – деди кичүүсү. Көзүн бакырайтып өз кезегин күтүп отурган улуусу анын артынан эле өзүнүкүн айта баштады.
– Мен болсо «дүйнөдө тынчтык болсун. Кыргызстанда жаман кишилер аз болсун. Атам, апам, чоң атам, чоң апам, таятам, таянемдер оорубасын» дедим. Анан сизди да «иштери жакшы болуп, үйгө бат-бат келип турсун» деп дуба кылдым, – деди.
Экөөнү мактады да, өзүнүн дубаларын айтымыш болуп дагы жакшы тилек тилегенди да үйрөтө кетти.
– Өзүңөргө, тууганыңарга, эли-журтуңарга ыйман тилегенди да унутпагыла. Себеби, акча, тамак-аш, окуу деген жакшы, бирок ыйман жок болсо анын баары эч нерсеге татыбай калат. Мисалы, жакшы окуган балада ыйман жок болсо, ал кийин кыйын ададм болгону менен, жаман адам болуп кетиши мүмкүн. Жанагы кинолордо аябай кыйын бирок дайыма жаман иш кылгандар болот го. Ошолордой болуп калат. Кээ бир кишилер акчаны көп таап бай болушат. Бирок, ал акчалары менен эч кимге пайдасы жок, тескерисинче элге зыянын тийгизет. Ошондуктан ыймандуулукту унутпаш керек.
Экөө эч бир кири жок жалжылдаган көздөрүн бакырайтып, мурдуларын быш-быш тартып коюп дем чыгарбай угушту. Аларды карап отуруп чыныгы тазалыкты, чыныгы аруулукту даана сезди. Анан ачык турган эшиктен наркы бөлмөдө эч нерсе укпамыш болуп телевизор тиктеп отурган агасы көзүнө илинди. Анын «адамдын жүрөгү таза болсо болду да. Сөзсүз намаз окуп, сыйынуунун эмне кереги бар?» деген сөзү мээсине тык этти ошондо. Чынында мурда бул сөзүнө жооп таба албай калчу.
– Өз нанымды өзүм таап, маңдай терим менен жанымды багып жүрөм. Эч кимге жамандык тилеп, бут тосконум жок. Кимдир бирөөгө арам санап, бирөөнүн акысын тартып алган да жерим жок. Кудайга ишенем. Болду да. Мындан артыктын кереги эмне?!Эң негизгиси жүрөк таза болсо болду, – дечү ал. Ошондо, аз болсо да убакыт бөлүп, тереңирээк баам салбай жүргөн агасына кантип түшүндүрүштү билбей калчу. Аны айтып, муну айтып далилдейин дейт, андай сөзгө тигиниси кызыкпайт. Кайра баягы «жүрөгүнүн аппактыгын айтып» каршы чыгат. Жөн гана талашка, дебатка айлантып жиберет. Кээде, айласы кеткенде урушуп жиберейин дейт, агасына катуу айта албайт. Анан калса, улуу болбогон күндө да кыйноо, урушуу менен таасир бере албасын жакшы билет. Айла жок, унчукпай калчу. Азыр да ошол сөздөрү эсине келди. «Эхх жүрөгү тазам» деди ичинен. Мыйыгынан күлдү.
– Байке, сиздин жүрөгүңүз тазабы, же мобу балдардын жүрөгү тазабы? – деди агасынын жанына барып. Агасы бир өзүн карап, бир жазып алган сөздөрүн жаттай албай кужурап отурган балдарын карады да,
– Албетте балдардыкы таза да. Биздин жүрөк болбой калды го, – деп жооп кайтарды.
Беркиге так ушул жооп керек болчу.
– Туура. Тигине жүрөгү таза адамдар ыйманга так ошол балдардай болуп суусап турат. А сиз экөөбүздүн жүрөк болбой калган да. Бирок, ошого да карабай «жүрөгүбүз таза, жүрөгүбүз таза» дегенибиз деген, – деди.
Агасы кептин кайда баратканын дароо түшүндү окшойт. Бир саам оңтойсузданып, ордунан козголуп же туруп кете албай, же отуруп киносун уланта албай кала берди. Сөздү мындан ары узатыштын кереги деле жок болчу беркиге…

Насыпбек Асанбаев

Запись Жүрөгү таза впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.