Halloween party ideas 2015

Кыргызстанда 10-12-май күндөрү Катар маданиятынын күндөрүн өткөрүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара Катар мамлекетинин Кыргызстандагы элчилиги Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен биргеликте уюштурулууда.

Катар маданияты күндөрүнүн программасы:

10-май 13:40 – 17:00 – А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын алдыңкы аянтында ачылыш аземи жана Катардын улуттук буюмдарынын көргөзмөсү;

11-май 18:00 – 18:30 – катар сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсүнүн ачылышы (А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын фойесинде);

11-май 18:00 – 18:30 – КРдагы Катар маданияты күндөрүнүн салтанаттуу ачылышы (А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында);

11-май 18:45 – искусство чеберлеринин концерти (А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында);

12-май 12:30 – 15:00 – А.Осмонов атындагы КР Улуттук китепканасынын араб залында Катар мамлекетинин чыгармачыл жана илимий интеллигенциясынын лекциясы;

12-май 16:00 – К.Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук консерваториясында катар жана кыргыз искусство чеберлеринин концерти.

“Заман”

Запись Бишкекте Катар маданиятынын күндөрү өткөрүлөт впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.