Halloween party ideas 2015

Ош шаарында 107-каттамдагы коомдук транспорттун айдоочулары орозо айында элге акысыз кызмат көрсөтөт. Бул тууралуу аталган каттамдын бригадири Матраим Асанов билдиргендигин Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.

Анын айтымында, эртеңден тарта күнүнө экиден маршрутка кезектешип жүргүнчүлөрдү бекер ташыйт.

“Өлкөдө жол кырсыктары көп катталып жатканына байланыштуу орозо айында элден бата алуу максатында ушул демилгени көтөрүп чыктык. Буга айдоочулардын баары макул болуп колдоп беришти. Биздин каттамда жалпы 60 маршрутка бар. Бир күнгө экиден маршрутка бөлсөк орозо айы бүткөнгө чейин жетет экен. 107-каттамдын бир багыты студенттер шаарчасынан аэропортко, экинчи багыты Достук көчөсүнө чейин барат. Аталган каттамдын айдоочулары буга чейин да кайрымдуулук иштерди уюштуруп келген”, — деди Асанов.

Ал эми Ош шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин башкы адиси Алимжан Чаланов орозо башталгандан тартып бул демилгеге башка каттамдын айдоочулары да кошулары күтүлүп жатканын билдирди.

“Кабар”

Запись Ошто орозо айында айрым коомдук унаалар акысыз каттайт впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.