Halloween party ideas 2015

Каримди өзү курамдуулар менен улуулар жаштайында абдан жакшы болчу деп макташат. А тургай мектепти алтын медаль менен бүтүрүптүр. Окууга тапшырып биринчи, экинчи экзамендерден өтүп, үчүнчүсүнө келгенде баягы экзамен алгандар шакылдап жооп бергенине карабай, анан да кызарып-нетишпей пул сурашыптыр.

Көп балалуу болгондуктан анын атасынын алаканы жука да, суралган акчаны бере алган эмес. Ошол бойдон Карим шаардан келээри менен кошуна  айылдагы кунажындарды өстүрүүчү комплекске ишке кирди. Айлыгы жаман эмес. Анын үстүнө ал жерде шумпайлар жаш баланы  аш-паш дебей башын айлантып, өздөрүнө кошуп алышты. Күндө-күн алыс көз карангылашканда жем-чөп сатышат. Чайканада аш жешет. Андан кийин чокчоюп олтуруп алышып, кумар ойношот. Карим да муну жөн гана убактылуу нерсе деп ойлогон. Чындыгында да ошондой болду. Эки жылга жетпей колхоз-совхоздор менен бирге ал иштеген комплекс да жоюлуп кетти.

Күзүндө айылда той-топур көп болот. Мында айылдагы жаштар менен орто муундагылар сабиз туурамга келишип, иши бүткөн соң, кызыкчылыкка кумар ойношот.  Бүгүн Сапарбай дамыланынкында андай кылууну ээн-төрөн көрүшүп, көпчүлүктаркап кетишти. Карим анан баягы бирге иштешкен Наби, Кудаш үчөө колдору кычышып, болбой калгандыктан, Тилекматтын үйүндө олтурмай болушту. Кичине картошка куурулуп “жанагыдан” алынып, келинип, оюн башталды. Эч эле бүтпөйт. Бир эмес бир нече шише түгөдү. Акыры  акчасын, анан калса үйүндөгү атасынын жалгыз уйун уттуруп жибергенине чыдабаган Карим Тилекмат менен урушуп, мушташып, колуна кирген бөтөлкө менен башка чаап оо дүйңө сапар аттандырды. Өзү сот тарабынан  он эки жылга темир тордун артына жөнөтүлдү.

Кечээ ал абактан келиптир, саламаттыгы начар экен, деген сөздөрдөн улам алдына барып, ал-акыбалын сурап келдик. Баягы кең-далылуу, кырдач мурун, курч сөздүү Карим жок. Өңү дубалдай  ак тартып, көздөрү чукурайып, биз менен энтигип, араңдан зорго божурашып олтурду.  Көрсө, түрмөдө туберкулез оорусуна чалдыгыптыр.

-Үч күндөн бери апам ыраматылык түшүмө кирет. Дагы деле баягысындай күлүү-күчтүү. Мени чакырып алып баягы керээзин айтат. Укпаймын, ага болбой  чакырганын койбойт, карабаймын.

Сабыры жок жаным, элден мурда оозунуп: “Карим ал кандай керээз?”-деп сурап жибердим.

-Оо союз маалында комплексте иштеп жүргөн мезгилде раматылык Тилекмат досум Абди, Наби, Төрөкул болуп кумар ойнойбуз. Таң атканда үйдөгүлөргө көрүнгөнү келип, чала-була чай ичип ишке шашабыз. Ошондой күндөрдүн биринде Набинин үйүндө олтурсак, аяш атам бизди сөгүп үйдөн кууп чыкты. Түн бир оокум. Баарыбыз маспыз. Башты кашып, эмне кылаарыбызды билбей турсак. Абаш:  “Кеттик мазарда ойонойбуз”-деп калды.  Уккан кулагыма ишенбей соолуга түшүп, “Э  жинди эмне деп жатасың. Мазардын кайсыл жеринде ойнойбуз? Ал жерде арбактар да бар башың иштейби?-деп жемелеп кирдим. Ал болсо камырабай”-балдар карим коркок экен. Ошондуктан шылтоо айтып жатат”-деди. Намысыма келип: “Коркпойм, мен эркекмин. Эгер азыр мазарга барсак, жай таппасак сенин башынды алам”, – деп жөнөп калдык. Мазардын ортосунда ачылып калган мүрзө бар экен. Ошого түшүп сөөктөрдү нары сүрүп, ойной баштадык. Азыр ошол күндү ойлосом жүрөгүм титиреп кетет. Таң атып калганда мастыгыбыз таркап, өзүбүзгө келе баштадык. Уттургандар дагы ойнойбуз, уткандар таң агарып калды, кеттик бирөө жарым көрсө шерменде болобуз дейт. Акыры тарадык. Дарбазадан баш баксам, апам намазга даарат алып жатыптыр.

-Ыы балам, тынчтыкпы? Өңүң  бир калааты болуп турат-деп сурады.  Сыр бербей балдар менен олтурдум деп жооп бердим.

-Досторуңкунда болгонунда шашып-бушуп, күн  чыкканда келчү элең.  Бүгүн эрте келдиң.

-Апа айттым го, Тилектин үйүндө олтурдук.

Намазын окуп болуп апам жанына чакырды. Колун бетиме сүйкөп:

-Кайерде болдуң? Мына бул бетиңдеги чаң  мазардын топурагынын чаңы. Карачы боп-боз. Башка жердин топурагы мындай болбойт. Ачыгын айт каякта журдүң?

Апама  аны муну айтып, дагы деле жанымды жеп жатканым менен мазарды укканымда жүрөгүм  “шуу” дей түштү.

-Балам канча  өмүрум калды билбейм. Мазардабы, базардабы иши кылса кумар ойногонуңду токтот. Кумар да сен  өзүңдү, өмүрүндү уттурасың-деп туруп кетти

Анда жаштык кылып энем байкуштун  сөзүн назарыма илбепмин. Кийин деле баякы мурзөдө канча кумар ойнодук дейсиң. . .

Бирок ушул күнгө чейин бир нерсенин жандырмагын таппай, кыйналып келем. Апам ошондо биздин мазарда кумар ойногонубузду кайдан билди?

Балким ошондо анын сөзунө кирип, бардыгын жыйыштырганымда, бүгүн мен да элчилеп бала-чакам сүйгөн жарым, үстүмдө үйүм болоор беле. . . Ким билсин. . . Мен энемдин керээзин укпаганыма өмур бою өкүнүп келем. -деп сөзүн бүтүрдү Карим.

Андан бери туп-туура  кырк жыл өтүптүр. Биз болсо бугун минтип анын денесин, ошол энеси жаткан, ошол өзү кумар ойногон мазарга алып келип олтурабыз. . .

Нуркамил Абдуллаев,
атайын “Formula.kg” үчүн 

Запись Эненин керээзи впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.