Halloween party ideas 2015

Банан чоңдор да, кичине балдар да сүйгөн даамдуу жана пайдалуу жемиш. Аны ар бир үйдүн ашканасынан табууга болот. Көрсө, бул жемиштин организмге келтирген пайдасынан тышкары да аткарган кызматтары көп экен. Мисалы..
Тишти агартууда

 

Банан саргарган тишти агартууда жардамга келет. Анын кабыгы менен тишиңизди күн сайын 2-3 мүнөттөн сүрүңүз. Бир нече күндөн кийин тишиңиздин агарып калганын байкайсыз.

 

Этти жумшартууда

 

Эт жумшак, ширелүү болуп бышыш үчүн аны кууруудан мурун бир нече мүнөткө банандын кабыгына ороп, сыртынан жип менен байлап коюңуз. Андан кийин гана куурулган эт жумшак эле эмес, өзгөчө даамдуу да болуп бышат.

 

Күйүктү айыктырууда

 

Теринин күйүп калган жерине банандын кабыгын ич жагынан коюп таңып алыңыз. Кабыктын курамындагы май ооруну басаңдатат жана күйүктүн батыраак айыгышына жардам берет. Ушул эле ыкма буттун же колдун карарып кеткен жерин айыктырууда да натыйжалуу.

 

Күмүштөн жасалган зер буюмдарын тазалоодо

 

Банандын кабыгын аарчып, анын ички бети менен күмүштөн жасалган зер буюмдарыңызды сүртүп, андан кийин таза чүпүрөк менен аарчып салсаңыз, зер буюмуңуз жалтырап калат.

 

Сөөлдөн арылууда

 

Бананды эзип, аны сөөлдүн үстүнө койсоңуз болот. Же болбосо кабыгынын ички бетин сүртүңүз. Бул жемиштеги калийдин көп өлчөмү сөөлдүн тезирээк түшүшүнө жардам берет

 

Бөлмө гүлдөрүнө кам көрүүдө

 

Кам көрүлбөй бозоруп, соолуй баштаган гүлдөрдүн жалбырактарына банандын кабыгынын ички бетин сүртүп чыгыңыз. Андан кийин суу чачпаңыз, болбосо чаң мурункудан да көп топтолот. Ушундан кийин гүлдөрүңүз жапжашыл болуп бажырайып калат.
http://ift.tt/2pApOqV

Запись БАНАНДЫН КАБЫГЫН ЫРГЫТЫП ИЙБЕЙ БУЛАРГА ПАЙДАЛАНЫЗ! впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.