Halloween party ideas 2015

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): “Багымдат намазынын эки ирекет сүннөтү дүйнө жана дүйнөдөгү нерселердин баарынан жакшы” деген.
Багымдаттын эки ирекет сүннөтүнүн даражасы ушунчалык болсо, анда эки ирекет парзынын даражасы кандай деп ойлойсуз?

Төмөндө намаз уйкудан жакшы экендигине бир канча далилдерди сунуштайбыз:
1. Уйку напсиге кулдук кылуу, намаз Аллага кулдук кылуу;
2. Уйку өлүмдүн шериги, намаз тирүүлүктүн далили;
3. Уйку денени ырахаттандырат, намаз жан-дүйнөнү ырахаттандырат;
4. Мусулман да, мусулман эмес да уктайт, намазды мусулман гана окуйт;
5. Уйку өмүрдү текке коротот, намаз өмүрдүн акырына азык топтойт;
6. Уйку амал китепти актай калтырат, намаз амал китепти толтурат.
Мына ошон үчүн эртең мененки намазга азан чакырганда “намаз уйкудан жакшы” деп айтылат.
Илгери колуна кылыч алып чабышкан адам баатыр болчу. Азыр болсо, напсиси менен күрөшкөн адам баатыр болуп калды.

Мечитке ташталган кадамдар азайып, арамга ташталган кадамдар көбөйдү.

Илимге, сабакка умтулгандар азайып, тамеки, аракка умтулгандар көбөйдү.

Напсинин кулу болуп, жылуу төшөктөн боюн көтөрө албагандар көбөйдү. Багымдат намазын такай окуган адамды баатыр деп эсептей турган күн келди. Кыскасы “Адамга эң кыйыны күн сайын багымдат окуу” болуп калды.

Автор: Абдишүкүр Нарматов

Запись Эмне үчүн таңкы намаздын азанында “Намаз уйкудан артык” деп айтылат билесизби? впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.