Halloween party ideas 2015

🍃Бир сооп үчүн он сооп жазылып, ал жети жүз соопко же андан да артык соопторго көбөйүү мүмкүнчүлүгү бар. Ал эми бир күнөө бирөө эле болуп жазылып, балким Аллах аны да кечип жиберет.

“Сага жеткен кыйынчылыктарга сабыр кыл”. (31:17)

Бийик даражага жетүү кыялдануу менен болбойт, түш көргөндүк менен да болбойт, чечкиндүүлүк жана сабырдуулук менен гана болот.
Сен мөмөлүү дарак сыяктуу бол! Адамдар сага таш ыргыткан кезде, сен аларга жемишиңден бер. Бул дүйнө 5 күндүк. Сага канчалаган жаман сөздөр, амалдар жасалса да сен аларга жакшылык менен жооп бер. Эгер алар сенин жакшылыгыңды түшүнбөсө, Аллах бар! Аллах Билүүчү! Балким сен алардын ыйманга келишине себепчи болосуң!

📜 Малик бин Динар хазреттеринин яхуди кошунасы бар эле. Бул яхуди душмандык кылып, үйүнүн ажатканасынын чуңкурун Малик хазреттеринин бөлмөсүнүн артына такап жасайт. Бөлмөсүнө ажаткананын суусу өтүп, жагымсыз жыттар чыгып, тынчын алчу. Малик бин Динар хазреттери күн сайын өткөн сууларды кургатып, сүртүп, жаман жытты кетирүү үчүн атыр жыттуу нерселерди сээп койчу. Ал бул нерсеге сабыр кылат эле. Яхиди Малик хазреттеринин тынчсыз абалда жүргөнүн билчү. Бирок, арызданып келбегенине таң калчу. Чыдай албай, кошунасынын үйүнө барат. Жаман жытты сезгенде: “Эй, Малик! Мына бул эмненин жыты?”- деди.

– Бул бөлмөдө жыты чыккан нерселерди тазалап жүрөм”
-Жок, бул ажаткананын жыты, кара, дубалдан тамчылап турат. Эмне үчүн мага айтпай жүрөсүң?
-Эгер айтсам сен таарынмаксың. Биздин динибизде кошунаны (мусулман бир тууганды) таарынтпоо жана андан келген кыйынчылыкка чыдоо, сабыр кылуу деген бар- деп жооп берди. Яхуди бул сөздөрдү уккан соң: “Азыркыга чейин Ислам динине душман элем, азыр болсо Ислам динине таң калдым. Мындай көркөм мүнөздүү мусулман болуу үчүн эмне кылуу керек болсо баарына даярмын. (Яхуди калимаи шахадатты айтып, мусулман болду).

📌 Эми, бул окуядан үлгү алгын тууганым! Биз азыркы учурда ушундай нерсеге сабыр кыла алабызбы? Биз эмне, ушундай каапырлар суктана тургандай сыпатка ээ болсок болбойбу? Балким, сабырдуулугубуз менен башка бир адамдын хидаятка келүүсүнө себепкер болоорбуз.
Качан гана биз кечиримдүү болсок, ошондо ийгиликке жетүүчүлөрдөн болобуз. Анткени сабыр менен кечиримдүүлүк бир тууган сыяктуу! Эгерде сен кол алышып кечирген болсоң, анда сен дүнүйө жана Акырет шарапатына жетесиң. Аллах Таала Кураанда:

“Ким кечирсе жана жарашса, анын сообун Аллах берет”. (42:40).

Кыйынчылыктарга сабыр кылуу, жана адамдарды кечире билүү- жакшы инсандардын мүнөзү. Инсан ар күнү жатаардан алдын баарын кечире билүүсү керек. Күнү бою ким ага жамандык кылып, зыян жеткизген болсо да. Мына ошентип ал Аллахтын Кечирим, Мээримине да оңой жете алат. Жамандыктарды кечире билүү дүйнөдөгү эң жакшы даары болуп саналат, бул да Аллахтын китебинен алынган даары:

“Жамандыкты жакшылык аркылуу жойгун”. (41:34)

“Ачуусун сабыр менен баскандар, адамдарга кечиримдүү болгондор- (ушулар такыбалар)! Аллах- жакшылык кылуучуларды сүйөт”. (3:134)

Оо, тууганым! Жүрөгүңдү жети жолу кечиримдүүлүк менен жууп, сегизинчисин таза кечиримдүүлүк менен жууп сал. Бирөө сага жамандык кылса, жакшылык менен жооп бер. Бул тууралуу Аллах Таала Кураанда айтып жатат.

Нуриза Кармышакова, атайын “Formula.kg” сайты үчүн. 

👨👩👧👦 Бактылуулук формуласы

Запись 🌳Мөмөлүү дарак сыяктуу бол! впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.