Halloween party ideas 2015

Балмуздакты саналуу адамдар эле жегиси келбесе дээрлик баарыбыздын жакшы көргөн таттуу азыгыбыз. Мындан беш миң жыл мурда жаралсак анда таттуу суусундука муз аралаштырып жегенибизге ыраазы болуп жүрө бермекпиз. Себеби, ал кезде балмуздак деген түшүнүк ошону менен гана чектелчү. Бүгүнкү күндө балмуздактын миңдеген түрү бар. Ошол түрлөрүнөн дал сиздин табитиңизге ылайыктуусун жаңылышпай тандаңыз.


Балмуздактын түрүнө жараша тандап же
Курамында жер-жемиши бар балмуздак аз колориялуу болуп саналат. Анын курамында 30% гана шекер бар. Калганы организмге пайдалуу азыктар менен толтурулган. Курамында сүт азыктары менен шоколад басымдуу кылган бал муздакта шекер 16% болгону менен майлуулугу жагынан астына ат салдырбайт. Эң колориялуу, салмак кошконго жардам берген балмуздактын сорту пломбир. Анын курамында 15% май бар. Адамдын акылына акыл кошуп мээни эс алдырган жагынан балмуздак сникерстен жогору турат. Бир сникерсти жегенден көрө күндө же эки күндө бир балмуздак жеген пайдалуу.
Ошентсе да балмуздак баардык адамдарга текши пайдасын алып келбейт. Мисалы 100 грамм балмуздакта (көбүнчө шоколад аралашкан) 500 ккал га чейин болот. Ашыкча салмактан жапа чеккендер үчүн же кант диабети менен ооругандарга бул сорту сунуш кылынбайт. Холостериндин дэңгээли жогорулар курамында кулпунай, лимону бар балмуздак жебей эле койгула. Анткени, мындай жер-жемиштүү балмуздактарга ар кандай жемиштүү эссенциялар кошулат. Сүттөн жасалган балмуздак дээрлик баарына пайдалуу. Кандын глюкозасын көтөрөм дегендер балмуздактын ушул түрүнө качырыңыз.
Баса, балмуздакты баса калып күн сайын жеген кичинекей балдарга этият болу сунушталат. Шашып бат-бат жегенде дененин табы түшүп наристе алсыздыкты сезе баштайт. Ач кенедей жабышып айлаңызды кетирсе бир күндө бир жолу көлөмү кичирээк балмуздак берип көңүлүн алып коюңуз. Тамак ичээрдин алдында эзели балмуздак жебеш керек. Табитти бууп, иче турган тамак оңой менен тамактан өтпөйт. Бул жагына шоколад менен балмуздактын күчү бирдей. Анан дагы эстен чыгарбоочу эреже. Баарыбыз эле балмуздакты көчөдө кетип баратып же жолдун жээгине отуруп жегенге машпыз. Башка азыктарга салыштырмалуу балмуздак чаңды төрт эсе бат сорот. Ошондо көчөдө отуруп желген балмуздак менен кошо айланабыздагы болгон чаңды жутуп жаткан болобуз.
Үй шартында балмуздак жасоо
Сыртка чыгып алып келгенден ээринсеңиз же тескерисинче өзүңүз эркелетиш үчүн эч нерседен ээринбесеңиз анда үй шартында төмөнкүдөй сүт азыгынан балмуздак даярдасаңыз болот.
Керектелүүчү азыктар: (төрт балмуздака)
Эки стакан сүт, үч жумуртканын сарысы, жарым стакан шекер, бир стакан каймак.
Даярдоо жолу:
Сүтүү бышырып алабыз. Жумуртканын жарысы агынан оңой ажыраш үчүн алдын-ала муздактычка салып коюу керек. Сарысын өзүнчө бөлүп алып бүртүгү жок кылып чалабыз. Шекерди аралаштырып ээригенче тынбай аралаштыруу керек. Суюктук даяр болгон соң муздаган сүттү аралаштырабыз. Бирдей калыптагы отко суюктукту беш мүнөт кайнатып коюу ботко болгуча аралаштырабыз. Ботко катыш үчүн аны муздаткычка салабыз. Каймакты бирдей суюктукка келгиче чалып муздап муздаткычта даяр турган боткого аралаштырабыз. Кечке аралштыргандын жыйынтыгында ботко коюу болуп чыгат. Жегенге ылайыктуу идиштерге бөлүп салып тоңдургучка бир саат калтырабыз. Андан кийин балмуздакты жей берсе болот.
Артыкчылыгы: Балмуздактын мөөнөтү өтүп кеткен жокпу деген жүрөкзаадасы жок жейсиз. Анан да дүкөндөрдө курамында жумурткасы бар балмуздакты табуу дээрлик мүмкүн эмес. Майлуулугу аз, өз колуңуз менен даярдаган балмуздак менен жакындарыңызды сүйүнтсөңүз болот.


Буларды билесизби?
– Балмуздактын мекени Италия деп жүрүшөт. Бирок жогоруда айткандай тату суусундук менен аралашкан муз биринчи жолу Кытайда чыккан. Ага чейин дүйнө жүзүндө балмуздакты жыты жок болчу.
– Бир күндө дүйнө жүзү боюнча 2,5 млн балмуздак сатылат. Анын арасында биринчиликти эч кимге бербеген өлкө Россия. Алар кыштын күнү да сырттка 30 градус суукта балмуздак жегенди жактырышат.
– Жер шаарындагы эң кымбат балмуздак 60 000 доллар турат. Бул сумманын ичинде Танзанияга кошо жолдомо да берилет. Он күндүн ичинде беш жылдыздуу мейманканада эс алып ичиңиз жарылгыча балмуздак жесеңиз болот.
– Эгер калифорниялык Фрэнк Эпперсон болбогондо биз азыр да балмуздакты идиши менен көтөрүп жеп жүрмөк белек. Фрэнк 1905-жылы азыркы таякчаларды ойлоп тапкан. Жегенге жеңил, таза, ыңгайлуу болгон үчүн бул адамды ХХ-кылымдын акылманы атап алышкан.
– Францияга барып эскимо десеңиз сизге балмуздак эмес баланын күрмө кийимин беришет. Эскимо деген сөз алардын түшүнүгүндө азык эмес баланын буту-башын туюктап суук киргизбей турган кийими.

Запись Баарыбыз жакшы көргөн балмуздак тууралуу билесизби? впервые появилась Formula.KG.

Отправить комментарий

Технологии Blogger.