Halloween party ideas 2015

  1. Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
  1. Эй адамдар, силерди бир жандан[1] жаратып, анан андан жуп кылып жана алардан көптөгөн эркек жана аялдарды жараткан Эгеңерден корккула! Силер анын атын атоо менен бир-бириңден сураган Алладан корккула! Туугандык карым-катнаштан[2] корккула! Албетте, Алла силерди көзөмөлдөгөн эле.
  2. Жетимдерге алардын мал-мүлкүн өздөрүнө бергиле[3] жана жакшыны жаманга алмаштырбагыла. Алардын мал-мүлкүн өзүңөрдүн малыңарга кошуп алып жебегиле! Анткени ал – чоң күнөө!
  3. А эгер силер жетимдерге адилетсиздик кылуудан корксоңор, анда өзүңөргө жаккан башка аялдардан экөөнө, үчөөнө жана төртөөнө[4] үйлөнө бергиле. А эгер адилетсиздик болот деп корксоңор, анда бирөөнө гана, же болбосо кол астыңардагылар[5] (менен чектелгиле). Бул зулум кылбооңорго жакыныраак.
  4. (Үйлөнгөн) аялдарыңарга калыңын[6] чын дилден бергиле. Эгерде ал (аял) калыңдын (кайсы бир) бөлүгүн силерге ыйгарса, анда муну жей бергиле! Тамагыңар таттуу болсун. ү
  5. Ысырап кылуучуларга[7] Алла силерге ыроологон мал-мүлкүңөрдү бербегиле. Аларга андан тамак-аш бергиле, кийиндиргиле жана аларга жакшы сөздөр айткыла!
  6. Жана жетимди сынап көргүлө[8] алар качан үйлөнүү куракка келгенде анда эгер алардын акылы толгонун байкасаңар, аларга мал-мүлкүн бергиле жана аны (мал-мүлктү) алар (жетимдер) акылы толгон куракка жашы жетүүсүнөн коркуп, (андан мурун) ысырап кылып, шашылыш түрдө жеп койбогула! А ким бай болсо,[9] анда жетимдин мал-мүлкүнөн өзүн кармасын. А эгер кедей[10] болсо, анда жакшылык менен жесин. А силер жетимдин мал-мүлкүн өзүнө тапшырганда аларга күбө тургузгула. Эсепте[11] Алла өзү жетиштүү.
  7. Эркектерге ата-энеси жана туугандары калтыргандан[12] үлүш бар. Аялга да ата-энеси, туугандары калтыргандан үлүш бар. Аз болсо да, көп болсо да парз[13] кылынган үлүш (болуп эсептелет).
  8. Туугандары[14], жетимдер жана кедейлер бөлүштүрүүдө[15] келип калса, андан аларга да бергиле жана аларга жакшы сөз айткыла!
  9. Артында жаш наристелерин калтыруучулар[16] коркушсун! Алладан сактанышсын! Ага[17] жылуу-жумшак сөз айтышсын!
  10. Албетте, адилетсиздик менен жетимдин мал-мүлкүн жегендер өз курсактарына отту жутушат жана тозоктун отунда азапталышат.
  11. Алла силерге балдарыңар тууралуу да көргөзмө берет: Эркек бала болсо эки кыздын (алуучу) үлүшүнө барабар (алат). А эгер – аялдар[18] экиден ашык болсо, анда ал[19] калтыргандын үчтөн бир бөлүгү (берилет); а бир эле (кыз) болсо, анда ага (мурастын) жарымы (үлүшү) берилет. А эгер анын (маркумдун) баласы бар болсо, өлгөндүн ата-энесине алардын ар бирине ал калтыргандын алтыдан бир бөлүгү (берилет). А эгер анын[20] баласы жок болсо, анда ага ата-энеси гана мураскер болот да, энеси үчтөн бир бөлүгүн алат. Эгер (маркумдун) эркек бир туугандары бар болсо, анда энесине мурастын алтыдан бир бөлүгү (калат). [21]Керээз кылып калтырган осуятын (аткаргандан) кийин же карызын берген соң.[22] Силердин ата-энеңердин же балдарыңардын кимисинен көбүрөөк пайда экенин силер билбейсиңер. Ошондуктан Алла (мурасты) парз кылып койгон. Алла Билүүчү, Даанышман.
  12. Эгер (ал аялдардын) баласы жок болсо, анда силерге аялыңар калтыргандын тең жарымы (калат). Эгер анын баласы бар болсо, анда силерге мурасты (эсептеп) бөлүштүрүп жана карыздарды төлөгөн соң төрттөн бир бөлүгү (калат). Силердин жесир калган аялдарыңардан, эгер силерде бала жок болсо, анда силер калтыргандын төрттөн бир бөлүгү, а эгер силерде бала бар болсо, анда жесирлерге мурасты (эсептеп) бөлүштүрүп бүткөндөн жана карыздарды төлөгөндөн соң, сегизден бир бөлүгү (калат). А эгерде эркекте ата да, бала да болбосо, же аялда түздөн-түз мураскорлор жок болсо, анда анын ага-(иниси) же эже-(сиңдиси) алардын ар бири алтыдан бир бөлүгүн алат. А эгер алар (мураскорлор) экиден көп болсо, анда мурастын үчтөн бир бөлүгүндө алар шериктеш болушат. Алланын көрсөтмөсү боюнча эч кимге зыян келтирбей[23] карыздарды төлөп бүткөн соң. Акыйкатта, Алла Билүүчү, Даанышман.
  13. Булар[24] Алланын чек аралары[25]. Эгер ким Аллага жана Анын Элчисине моюн сунса, Ал аларды алдынан дайралар агып турган Бейиш бактарына киргизет, алар анда түбөлүккө кала беришет. Бул – зор ийгилик!
  14. А ким Аллага жана Анын Элчисине баш ийбесе жанан Анын чектеринен өтүп кетсе, Ал аларды отко киргизет жана алар анда түбөлүккө болушат, жана алар үчүн кордоочу азап бар!
  15. Силердин аялдарыңардан бузуктук[26] ишке келип калганына өзүңөрдөн (мусулмандардан) төрт күбөнү күбөлөндүргүлө жана эгер алар күбөлүк беришсе, анда аялыңарды өлүм келгенге чейин же Алла алар үчүн башка бир жолду көргөзгөнгө чейин үйүңөрдө кармагыла.
  16. А (эгер) силердин араңардан экөө бул бузук ишке келип калышса, аларды жазалагыла, эгер алар өкүнүшүп, оңолушса, алардан жазаны (кордоону) токтоткула. Албетте, Алла Кечирүүчү, Мээримдүү.
  17. Күнөөнү билбестиктен кылып алып, кайрадан өкүнүп тезинен тооба кылгандарга Алланын кечирими болот. Акыйкатта Алла Билүүчү, Даанышман.
  18. Бирок, күнөөлөрдү кылып алышып, анан алардын ичинен бирөөнө өлүм келген учурда ал: “Мен азыр өкүндүм, тообо кылдым” деп айтса жана каапыр бойдон өлүп калгандарга да кечирим жок. Аларга Биз катуу азапты даярдадык.
  19. Эй ыйман келтиргендер! Силерге аялдарды күч менен мураска алып алуу дурус эмес жана аларга (аялдарга) берген калыңыңарды кайтарып алуу үчүн аларды (башка эрге тийүүдөн) тосуп турбагыла. Бирок алар ачык эле бузук ишке барышса, анда калыңыңарды кайтарып ала аласыңар.[27] Алар (аялдар) менен жакшы туура мамиледе болгула. Эгер силер аларды жактырбасаңар да (сабыр кылгыла). Силер жаман көргөн нерседен мүмкүн Алла андан көп жакшылыкты берээр.
  20. Эгер силер бир аялды башка аял менен алмаштырууну кааласаңар, алардын бирөөнө алтын кинтар берген болсоңор, анда андан эч нерсени тартып албагыла. Ырас эле, аны силер адилетсиздик жана ачык күнөө кылуу жолу менен тартып аласыңарбы?
  21. Кантип эле силер, бири-бириңердин араңарда[28] жакындык болгон соң жана алар (аялдар) силерден ишеничтүү – убада алышкандан соң[29], силер калыңдын бир бөлүгүн кайра тартып аласыңарбы?!
  22. Силердин атаңар үйлөнгөн аялдарга үйлөнбөгүлө. Бирок бул иш (үйлөнүү) мурун[30] болуп өткөн болсо (ал кечиримдүү). Акыйкатта бул өтө ыплас, каар, ачууга татыктуу жаман жол болгон!
  23. Силерге, өзүңөрдүн энеңерди, кыздарыңарды, эже-карындаштарыңарды, тайэжеңерди,[31] бир тууганыңардын кыздарын, эжеңердин кыздарын, эмчек эмизген энеңерди, эмчектеш эже-карындашыңарды, аялыңардын энесин, силер менен жыныстык катнашта болгон аялыңдарды[32] силердин камкордугуңарга өткөн кыздарына никеленүү арам. А эгерде жыныстык катнашта али боло элек аялдарыңардын силердин камкордугуна өткөн кыздарына үйлөнүүгө болбойт. Силерге ошондой эле өзүңөрдөн болгон балдарыңардын аялдарына[33] үйлөнүүгө тыюу салынат. Ошондой эле силерге бир эле мезгилде эки бир тууган эже-сиңдиге үйлөнүүгө да тыюу салынат; а эгер бул иш мурда[34] болуп өткөн болсо, ал кечиримдүү. Акыйкатта, Алла күнөөлөрдү Кечирүүчү жана Мээримдүү.
  1. Күйөөсү бар аялды никелеп алууңарга да тыюу салынган. Бирок колуңардагы күңдөрдүалсаңар болот. Бул силерге Алланын жазган буйругу. Мында айтылгандардан башкаларына абийириңерди сактап[1], бузуктук кылбай өз каражатыңар менен үйлөнүүңөр адал. А силер алардан (аялдардан) пайдаланганыңар[2] үчүн аларга белгилүүөлчөмдө калың[3] бергиле. Эгер силер белгиленгенден[4] соң өз ара сүйлөшүп макулдашсаңар[5] андан эч кандай күнөө жок. Акыйкатта, Алла Билүүчү, Даанышман.
  2. А эгер силердин араңардан кимдир бирөө эркин – абийири таза ыймандуу аялдарга үйлөнүүгө алы жетпесе, анда момун аялдардын арасынан күңдөрүнө үйлөнө берсеңер болот. Бирок, момун кыз-келиндер болсун[6]. Акыйкатта, Алла силердин ыйманыңарды билип турат. Бири-бириңерге никеде барабарсыңар. Аларга[7] алардын кожоюнунун уруксаты менен, татыктуу калың берип үйлөнө бергиле. Апар аягы суюк же бир жашыруун ойнош күтүүчү болбой, силердин (андай) күнөө иштер кылбаган абийири таза аялыңар болсун! А эгер алар[8] ойноштук кылса, анда алардын жазасы – эркин аялдын жазасынын жарымына барабар болот. А эгер сабырдуу болсоңор, өзүңөр үчүн жакшы. Акыйкатта Алла

Кечирүүчү, Боорукер!

 

  1. Алла силерге     ачык     түшүндүрүүнү    жана      силерди      мурунку пайгамбарлардын   түз   жолуна   багыттоону   жана   силерди кечирүүнүкаалайт. Акыйкатта, Алла Билүүчүжана Даанышман.
  2. Алла силерди кечирүүнүкаалайт. А өз каалоо-кумарларына ээрчигендер болсо силердин (акыйкаттан) бурулуп кетүүңөрдүкаалашат.
  3. Алла силерге  жеңилдетүүнү  каалайт.   Анткени   инсан   алсыз   кылып жаратылган.
  4. Эй ыйман   келтиргендер!   Бир-бириңдин   мал-мүлкүңдү  арам   жолдор менен жеп койбогула! Бирок, бул өзүңөрдүн ыраазычылыгыңар менен болгон  соода болсо, анда жей бергиле. Өзүңөрдүөзүңөр өлтүрбөгүлө![9] Акыйкатта, Алла силерге Мээримдүү.
  5. Ал эми ким бул иштерди чектен чыгып, адилетсиздик менен жасаса, аны Биз жакында тозок отуна киргизебиз. Мындай кылуу Алла үчүн жеңил!
  6. Эгерде силер тыюу салынган чоң күнөөлөрдөн өзүңөрдүтыйсаңар,
    сактасаңар, силердин кичине күнөөңөрдүкечиребиз   жана   силерди
    Бейишке киргизебиз.
  7. Алла силердин бириңе, экинчиңерди артык кылганынан үмүттөнбөгүлө![10] Эркектерге өздөрүнүн эмгегине жараша үлүш. Аялдарга да өздөрүнүн эмгегине жараша үлүш. Алладан жакшылыгын сурангыла! Акыйкатта, Алла бардыгын Билүүчү!
  8. Ар бирине ата-эне жана жакын туугандар жана кол алышып антташкан
    достор таштаган  мал-мүлк үчүн мураскорлорду  кылдык. Аларга
    үлүштөрүн бергиле. Акыйкатта Алла бардык нерселердин үстүнөн Күбө болуучу.
  9. Алла кээ бирин кээ биринен артык кылгандыгы жана өз малдарынан аларга (аялдарга) сарпташкандыктары себептүүэркектер аялдардын кожоюну. Аллага моюн сунуучу,   күйөөлөрүнө  баш ийүүчү, Апланын сактоосу менен күйөөлөрүжокто   абийирлерин   сактоочу   аялдар.[11] Силерге баш ийбей коюудан корккон аялдарыңарга адегенде насаат айткыла![12] Алардын төшөгүн бөлүп койгула![13] Ургула![14] Эгер алар силергө моюн сунуп, оңолушса, анда аларга каршы жол издебегиле![15] Акыйкатта, Алла Өтө Бийик жана Улук!
  10. Эгер силер   жубайлардын   араздашуусунан   корксоңор,   анда   күйөө тараптан[16] жана  аял  тараптан  бирден  калыс жибергиле!  Эгер  алар жараштырууну каалашса, анда Алла алардын ортосуна ынтымак салат. Акыйкатта, Алла Билүүчүжана Кабардар!
  11. Аплага табынгыла жана Ага эч кимди шерик[17] кылбагыла! Ата-энеңерге, туугандарыңарга, жетимдерге, кедейлерге, жакын тууган коңшуларга жана тууган эмес кошунага, кесиптеш жолдошко, жолоочуга жана сенин кол алдыңдагыларга[18] жакшылык кылгыла!  Акыйкатта, Алла текебер жана мактанчаак болгонду сүйбөйт.
  12. Сараңдангандарды жана адамдарды сараң болууга буйругандарды, жана Алла аларга өз марттыгы менен тартуулагандарды жашырышат. Биз каапырлар үчүн кордоочу азапты даярдап койдук.
  13. Өзүнүн мал-мүлкүнөн адамдар көрсүн үчүн сарптагандар – Аллага жана акырет күнүнө ишенбегендер жана шайтанды жолдош кылып алгандар. Шайтан кандай жаман жолдош.
  14. Алар Аллага жана Акыретке ишенип, Алла аларга берген ырыскыларды сарпташса, эмне болор эле? Арийне, Алла алар жөнүндө баарын билет.
  15. Акыйкатта, Алла эч кимге кымындай да зулум кылбайт. А эгер жакшылык болсо, Ал аны эки эселеп көбөйтөт жана Өз алдынан улуу сыйлык берет.
  16. Эгер Биз ар  бир элден  күбө алып  келсек!  А сени  буларга  каршы күбөлөндүрсөк (каапырлардын абалы) кандай болоор экен?
  17. Ошол Күндө ишенбей каапыр болгондор жана Пайгамбарды укпагандар (өздөрүнүн) жер менен жексен болуп кетүүсүн каалашат да, Алладан бир да сөзүн жашыра албай калышат.
  18. Эй, ыйман келтиргендер! Силөр мас болгон абалыңарда өзүңөрдүн эмне деп айтып жатканыңарды билмейинче намазга жолобогула![19] Ошондой эле, силер булганыч[20] абалыңарда да жуунгучакты (намаз окубагыла)! Бирок, сапарда болсоңор (суу жок болсо, таямум менен намаз окуй бергиле)! Эгер оорулуу болсоңор же сапарда болсоңор, же бирөө ажатын бүтүрсө[21] же аялыңар менен катнашсаңар,  анан жуунганга  суу таппасаңар таза топуракка    таяммум жасагыла: жүзүңөрдүжана колуңарды (ошол  сүртүлгөн  чаң  менен)  сылагыла![22] Албетте, Алла Кечирүүчү!
  19. Ырас эле Китептен бир үлүш берилгендер[23] адашууну сатып алышканын жана силердин жолдон адашууңарды каалашканын карап көрбөйсүңбү?
  20. Алла силердин душманыңарды жакшы билет. Алла жетиштүүкоргоочу жана Алла жетиштүүжардамчы.
  21. Иудейлерден сөздүмындай деп бурмалап-бузуп сүйлөгөндөр бар: “Виз уктук жана баш ийбедик”, “уга элегиңди угуп ал (укпа)”, “рооина”[24] – деп, сөздүбузуп, динге доо келтиришкен. А эгерде алар: “Биз уктук жана баш ийдик”, “ук” жана “бизге кара” – деп сүйлөшсө, анда алар үчүн жакшы жана туура болор эле. Бирок Алла аларга каапыр болгондуктары үчүн каргышка калтырды. Алардын азыраагынан башкасы каапыр боюнча калды.
  22. Эй, Китеп берилгендер![25] Биз бетиңерди сүргөнгө жана аларды артты көздөй бурганга же    Биз    аларды    ишемби    күнүн    бузгандарды наалатылагандай    каргышка    калтыргандан    эртерээк Биз силерге силердегини (Тоорат, Инжил) тастыктоо үчүн жөнөткөнүбүзгө[26] ишенгиле! Алланын буйругу ар дайым болот.
  23. Акыйкатта, Алла Өзүнө шерик кошкондорду кечирбейт,  бирок андан башка күнөөлөрдүэгер кимди (кечирүүнү) кааласа кечирет. А ким Аплага шерик кошсо, ал зор күнөөнүойлоп тапканы.
  24. Чын эле, сен өздөрүн өтө тазабыз деп билгендерди көрбөйсүңбү?! Жок, Алла кимди  кааласа,  аны  тазалайт жана  алар  кымындай да  зулум кылынышпайт.
  25. Апар Аплага кандай жалгандарды айткандарын карачы! Бул айкын күнөө экенине жетиштүү.
  26. Сен Китептин    бөлүгү   берилгендердин    “Жибт” , менен    “Тагутка”[27] ишенишкендиктерин    жана    каапырларга:    “Ыйман    келтиргендердин жолунан силердин жол туура дешкендерин көрбөйсүңбү?”
  27. Булар Апланын каргышына калгандар. Ким Алланын каргышына калса, ага жардамчыны[28] таппайсың!
  28. Же аларда  бийликтен  үлүшү барбы?  (Алардын   колунда  эч   кандай бийликтен үлүш жок. Кокус болуп калса,) анда деле адамдарга кымындай да беришмек эмес.
  29. Мүмкүн алар Алла өз жакшылыгы менен адамдарга берген нерселери үчүн көрө албастык кылып жатышпасын? Анткени,  Биз  Ибрахимдин урпактарына   Китеп   жана   акылмандык   бердик.   Аларга   зор   бийлик тартууладык.
  30. Ошолордун ичинен Ага ишенгендер да болду жана алардын арасынан Андан баш тарткандар да болду. Аларга тозоктун азабы жетиштүү!
  31. Акыйкатта, аяттарыбызга ишенбегендерди Биз отко киргизебиз. Алардын терилери (тозокто) күйүп бүтөр замат (алар азапты татышы үчүн) Биз аны башка териге алмаштырабыз. Акыйкатта, Алла Ызаттуу  жана Даанышман.
  32. А ыймандууларды Биз алдында дарыялар агып турган Бейиш бактарына киргизебиз, алар анда түбөлүккө болушат. Анда алар үчүн тап-таза жубайлар бар жана аларды дайыма көлөкө баскан жайларга киргизебиз.
  33. Акыйкатта, Алла   силерге   тапшырылган    аманатты[29]      анын    ээсине тапшырууга[30] буйрук кылат! Эгерде силер адамдардын ортосунда өкүм жүргүзсөңөр, анда адилеттүүлүк менен өкүм чыгаргыла. Албетте, Алла силерди үндөп жаткан нерсе кандай сонун! Акыйкатта, Алла Угуучу жана Көрүүчү!
  34. Эй ыймандуулар, Аплага баш ийгиле! Алланын Элчисине баш ийгиле! Ошондой эле силердин араңардагы колуна бийлик берилгендерге баш ийгиле! Эгер бир нерсе жөнүндө талашып калсаңар, анда Аплага[31] жана Пайгамбарга[32] кайтаргыла,[33] эгер  силер Аллага жана  акырет Күнүнө ишенсеңер. Мына ушул эң жакшы жана мыкты көрсөтмө!
  35. Сага (Мухамедге) жана сага чейинкилерге да[34] ишенебиз деп ойлогондор өкүм чыгартуу   үчүн    катуу   адашканга[35]  кайрылууну   каалашканын көрбөйсүңбү?  А, алар  ага[36]   ишенбөөгө буйрулушкан  эле!  А,  шайтан аларды жолдон адаштырып, терең адашууга алып барууну каалайт.
  36. Качан аларга:  “Алла түшүргөн  нерселерге жана Алланын  Элчисине кайрылгыла!”[37] – деп айтылса, эки жүздүүлөрдүн[38] сенден жүзүн буруп, терс бурулганын көрөсүң.
  37. Качан аларга өз колдору менен кылган мурунку иштери үчүн кырсык келсе кандай (кыла алышат.) Андан соң сага келишет да, Алланын аты менен ант ичишет: “Биз сага жакшылык жана ийгилик гана каалаган элек” – дешет.
  38. Алла алардын жүрөгүндөгүнерселердин баарын билет. Сен да алардан жүзүңдүүйрүп, аларга насаат кылып, таасирдүүсөз айт.
  39. Биз Пайгамбарды Алланын уруксаты  менен гана моюн сунсун үчүн жөнөткөнбүз.   А  эгерде   алар  өздөрүнө  адилетсиздик  кылышса сага келишет да, Алладан кечирим сурашат жана алар үчүн Алланын элчиси да кечирим сураганда, алар Алланын Тоболорду Кабыл Кылуучу жана Мээримдүүэкендигин табышкан болор элө.
  40. О жок! Сенин Эгеңе ант, алар өздөрүндөгүталаш-тартышка сени калыс кылмайынча момун боло алышпайт. Андан соң алар сен кылган өкүмгө карты болушпайт жана ага толугу менен моюн сунушат.
  41. А эгер   Биз   аларга:   “Өз   өмүрүңөрдү  бергиле!”[39]   же   “турагыңардан чыккыла!” – десек, анда муну алардын азыраагы гана аткарышмак. А, эгер алар өздөрүнө айтылган насаатты аткарышса, анда өздөрүүчүн абдан жакшы жана ыйманы бекемирээк болмок.
  42. Анда Биз аларга Өзүбүздүн алдыбыздан улуу сыйлыктарды берээр элек.
  43. Жана да аларды түз жолго салмакпыз.
  44. А ким Аллага жана Анын Элчисине баш ийсе,  анда алар Алла Өз мээримдүүлүгүн көргөзгөн: Пайгамбарлар, ишенгендер, шейит болгондор менен бирге (болушат). Алар эң сонун шериктер!
  45. Мына ушулар – Алланын мээримдүүлүгүнөн. Алла бүт бардыгын билип тургандыгы – жетиштүү.
  46. Эй ыймандуулар! Этият болгула! Жана чакан топ болуп же чогуу бирге аттангыла.[40]
  47. Силердин араңарда согуштан калып калуучулар да бар.[41] Эгер силерге кырсык жетсе алар: “Алла мага мээримдүүлүк көргөздү, мен алар менен бирге курман болгон жокмун”[42] – дейт.
  48. А эгерде силерге Алланын ырайымы жетсе, анда алар силер менен (мурун) эч кандай байланышы болбогон өңдүү: “Аттиң, мен да алар менен бирге болгонумда, анда зор ийгиликке жетмек экенмин” – дейт.
  49. Акыретти бул дүйнө жашоосуна сатып алуучулар Алла жолунда согушка аттанышсын! Эгер ким Алла жолунда согушуп өлтүрүлсө же жеңип чыкса, Биз ага жакында улуу сыйлыктарды ыйгарабыз.
  50. “О Эгебиз! Бизди зулум кишилер жашаган бул калаадан чыгаргын! Бизге Өзүңдүн алдыңдан бир башчы жана жардамчы кыл (жөнөт)” – деп айтып жаткан эркек аял, балдардан болгон алсыздар үчүн эмнеликтен Алланын жолунда согушка чыкпайсыңар?!
  51. Ыймандуулар алар Алла жолунда согушкандар, а ыймансыздар – шайтандын жолунда согушкандар. Шайтандын тарапкерлери менен
    согушкула, анткени шайтандын айлакерлиги алсыз![43]
  52. Ырас эле сен: “Колуңарды тарткыла![44] Намаз окугула, зекет бергиле…” а качан аларга согушууга буйрук берилгенде алардын[45] арасынан бир бөлүгүадамдардан Алладан корккондой (же андан) катуурак корккондорду көрбөдүң беле?! Алар: “О Эгебиз! Бул согушту бизге эмне үчүн буйрудуң, аны (согушту) жакынкы мөөнөткө кое ,урсаң болмок?!” – дешет. (Аларга:) “Бул дүйнөнүн жыргалы аз. А акырет такыбалар үчүн эң жакшы. Силер кымындай да зулум[46] кылынбайсыңар”.
  53. Силер кайда болсоңор да, ал тургай бийик көтөрүлгөн коргондордун ичинде болсоңор да өлүм силерди таап алат. Эгер аларга жакшылык жетсе: “Бул Алладан” – дешет, а качан аларга жамандык жетсе: “Бул сенден”[47] – дешет. (Аларга:) “Баары Алладан” – деп айт. Бул коомго эмне болгон, сөздүтакыр түшүнүшпөйт.
  54. Сага жеткен жакшы нерсе, ал – Алладан; а сага жеткен жамандык – ал сенин өзүңдөн.[48] Биз  сени  элдер  үчүн  элчи   кылып  жөнөттүк.  Алла жетиштүүКүбө.
  55. Ким Пайгамбарга баш ийсе, албетте ал Аллага баш ийгени. А ким баш тартса, Биз сени алардын үстүнөн кароол кылып жөнөткөн эмеспиз.
  56. Алар: “Биз баш ийебиз” – дешет. А качан сенин алдыңдан чыгышканда алардын бир тобу сен айткандан[49] таптакыр башка нерселерди жашырып кылышат. Алла алардын эмнени жашырып кылып жаткандарын жазып алат. Алардан жүз үйрү! Аллага тобокел кыл! Алла толук жеткиликтүүөкүл.
  57. Алар Куран[50] жөнүндө ой жүгүртүшпөйбү?! Эгер ал Алладан башканын сөзүболгондо, анда алар Курандан көптөгөн  карама-каршылыктарды табышаар эле.
  58. А качан аларга тынчтык же коркунуч жана кабар жеткенде, алар аны жарыя кылып жиберишет. А эгерде алар бул тууралуу пайгамбарга жана өздөрүнүн жетекчилерине билгизгенде,[51] аны жайылтуучулар алардан билишмек.[52] Эгерде силерге Апланын жоомарттыгы жана мээримдүүлүгүболбогондо, анда силердин көпчүлүгүңөр шайтандын артынан ээрчип кетмексиңер.
  59. Апланын жолунда согушкун, өзүңө гана жүктөлөт бир өзүңө жооп бересиң жана момундарды үгүттө! Мүмкүн Алла каапырлардын зыянын токтотуп турат. Анткени Алла күч жагынан да, жазалоодо да баарынан күчтүү!
  60. Ким бирөөнүжакшылык иштеринде колдосо, ага андан алуучу үлүш тийет, а ким жамандык иште көмөктөшсө, ага андан болгон жазадан үлүш тийет. Акыйкатта, Алла бардыгынын үстүнөн кудуреттүү.
  61. Качан силерге салам берилсе, силер алардын саламынан жакшыраак салам менен саламдашкыла же анын өзүн эле кайтаргыла.[53] Акыйкатта, Алла ар бир ишти Эсептөөчү.
  62. Алладан башка кудай жок. Акыйкатта, болору шексиз болгон Кыямат Күнүндө Ал баардыгыңарды чогултат. Апланын сөзүнөн да сөзүтуура ким бар?
  63. Силер эмнеликтен эки жүздүүлөргө байланыштуу эки топко ажырап кеттиңер? Алла аларды кылган иштери үчүн төмөнгө кагып салган. Ырас эле    силер    Алла    адаштырып    койгондорду    түз    жолго    салууну каалайсыңарбы? Анткени Алла кимди түз жолдон чыгарса, ал үчүн туура жолду таба албайсың.
  64. Алар өздөрүкаапыр болгон сыңары эле силердин да каапыр болуп жана каапырлыкта бирдей болушуңарды каалайт. Алар Алла жолуна көчкөнгө чейин[54] алардын ичинен дос күтпөгүлө! Эгер алар артка кайтышса, анда аларды туткундап алгыла да, тапкан жериңерде өлтүргүлө![55] Алардын ичинен дос да, жардамчы да албагыла!
  65. Бирок алар [56]баш калкалоо издеп силердин жана алардын ортосунда тынчтык келишими  түзүлгөн элге барса же алар силер менен же өздөрүнүн эли менен согушууну каалабай көкүрөктөрүкысылган абалда силерге келсе (тийбегиле). А эгер Алла кааласа силердин үстүңөрдөн аларга бийлик берээр эле жана алар силер менен согушаар эле. А эгер алар силер менен согушпастан артты карай чегинишсе жана силерге элдешүүнүсунуш кылса, анда Алла силердин аларга каршы согушуңарга тыюу салат.
  66. Силерден да жана  өзүнүн элинен да коопсуздукта болууну каалашкандарды[57]  дүрбөлөңгө   чакырышып,   баштарын   төмөн   салган адамдарды көрөсүңөр! Эгер алар силерден кетпесе же силер менен тынчтыкка келишпесе,  силерден  колдорун тартышпаса,  анда аларды кармап алып, тапкан жериңерде өлтүрө бергиле! Биз силерге алардын үстүнөн ачык далил келтиребиз.
  67. Силерге момундар момундарды каталык менен гана болбосо өлтүрүүгө тыюу салынат. А ким эгер каталык менен өлтүрүп алса,[58] ал адам мусулман кулду эркиндикке чыгаруу жана туугандарына[59] бериле турган кун[60] төлөөгө тийиш. Бирок алар[61]  кечирип  жиберишсе  (төлөбөйт). Өлтүрүлгөн силерге душман болгон элдин[62] арасынан келген болсо, анда өлтүргөн адам бир мусулман кулду[63] азаттыкка чыгарууга милдеттүү. А, эгер ал (өлтүрүлгөн) силер менен тынчтык келишим кылган элден болсо, анда өлгөндүн туугандарына[64] кун төлөп, бир мусулман кулду азаттыкка
    чыгарууга тийиш. Эгер өлтүргөн адам кулду таба албаса, анда Апланын алдында тообо кылган катары үзгүлтүксүз түрдө эки ай бою орозо тутууга тийиш. Акыйкатта Алла Билүүчүжана Даанышман.
  68. А эгер ким мусулманды атайлап өлтүрсө, анын жазасы Тозок болот. Анда[65] түбөлүк калат. Ага Алланын ачуусу келет, Анын каргышына калат. Ага улуу азап даярдап коет.
  69. Эй ыйман   келтиргендер!   Силер   качан   Алланын   жолуна   (согушка) жөнөгөнүңөрдө анда ажыраткыла![66] Силер менен саламдашкандарга бул дүйнө жашоосундагы ырахатты талап кылып: “Сен мусулман эмессиң” – деп айтпагыла! Албетте, Алланын алдында көп олжолор-табылгалар бар. Силер да мурун ушундай болгонсуңар, бирок Алла силерге өз мээримин көргөздү.    Ошондуктан   силер   баамчыл   болгула.   Акыйкатта,   Алла силердин эмне кылып жатканыңардан кабардар.
  70. Дин үчүн  болгон  согушта  катышпай  үйүндө оорубастан  калгандар[67] Алланын жолунда өзүнүн малы жана жаны менен күрөшүп жүргөндөргө тең  эмес.. Алла жолунда өзүнүн малы жана  жаны менен күрөшүп жүргөндөрдүбир себеп менен үйүндө отуруп калгандардан бир даража жогору кылды. Алла эки топко тең бейишти убада кылды жана күрөшкө чыккандарды себепсиз үйүндө отуруп калгандардын улуу сооп менен (артык) улуу кылды.
  71. Андан[68] даражалар, кечирим жана ырайым (болгон). Алла Кечиримдүү, Мээримдүү!
  72. Акыйкатта, өзүнө-өзүзулум кылгандарга, алардын жанын алып жаткан периштелер: “Силер денеңерде кандай абалда болгон элеңер?” – деп сурашат. Алар: “Биз жер үстүндө алсыздардан элек” – деп жооп беришет. Периштелер: “Силер башка жакка көчүп[69] кетишиңер үчүн Алланын жери силерге кенен эмес беле?” Булардын баруучу жайы – Тозок. Ал – кандай гана жаман жай!
  73. Бирок жол таап, айла-амал кылууга чамалары жетпеген алсыз эркектер, аялдар, жаш балдар эле.
  74. Аларды Алла балким кечиреээр. Анткени Алла Кечирүүчү, Боорукер!
  • Ким Алланын жолунда көчкөн болсо, ал жер үстүндө көптөгөн жайларды жана ырыскы табат. А ким Алланын ыраазылыгы жана Анын Элчиси үчүн үй-жайын таштап көчкөн болсо, анан жолдо өлүмгө учураса – анын сыйлыгы Алладан болот. Анткени, Алла Кечиримдүү, Мээримдүү.
  1. Силер жолдо    болгон    учуруңарда    эгер    каапырлардын    жамандык жеткирүүсүнөн корксоңор,[70]   анда силер намазды кыскартып[71]   окуп койсоңор, силерге күнөө жок. Акыйкатта, каапырлар силер үчүн анык душман!
  2. Сен качан алар менен бирге болуп намаз окусаң, алган бир топ силер менен бирге турсун. А качан биринчи топ намазды окуп бүткөн соң, баары туруп арт жакка кетишсин, алардын ордуна намаз окуй элек экинчи топ келип, сени менен намазды бирге окушсун. Бирок, алар да сак болушуп, курал-жарактарын   жанында тутсун. Каапырлар силердин куралыңарга жана азыгыңарга  бейкапар  болушуңарды  жана  өздөрүкүтүүсүздөн келип силерге кол салууну каалашат. Эгер силер жамгырдан улам  кыйынчылыкка  кептелип же оору себептүүкуралыңарды  коюп
    койсоңор, андан күнөөлүүболбойсуңар. Бирок сак болгула! Акыйкатта, Алла каапырлар үчүн кордоочу азапты даярдап койгон!
  3. А качан силер намазыңарды окуп бүткөн соң туруп, олтуруп жана жаткан абалда Алланы эстегиле.[72] А силер качан коркунучсуз бейкут абалга жетсеңер  намазыңарды  окугула.  Акыйкатта    намаз  белгиленген убакыттарга дайындалган.
  4. Каапырлар менен болгон күрөштө эч бир алсыз начардык көргөзбөгүлө! Эгер силер запкы жеп[73] кыйналып жатсаңар, алар да дал силер өңдүүэле запкы кечүүдө, бирок бул учурда силер алар Алладан ишенбеген нерсеге силер ишенип жатасыңар. Албетте,    Алла    –    Билүүчү, Даанышман!
  5. Биз сага адамдар арасында Алла көргөзгөндөй кылып өкүм жүргүзүүң үчүн сага   акыйкаттык  менен   Китеп   түшүрдүк.   Сен кыянаткерлерди колдоочу болбо!
  6. Алладан кечирим сура! Анткени Алла Кечиримдүү, Мээримдүү.
  7. Өзүнө өзүкыянат кылгандарга кийлигишпе! Акыйкатта, Алла кыянаткер күнөөкөрлөрдүжакшы көрбөйт.
  • Алар адамдардан жашырышат.[74] Бирок аларды Алладан жашырып кала алышпайт. Ал (Алла) алар ага жакпаган сөздөрдүжашыруун сүйлөшүп жатышканда алар менен бирге эле.[75] Анткени Алла баарысын камтып, эмне кылгандарын камтуучу.[76]
  1. Силер бул  дүйнөдө   алар  жөнүндө  жаңжалдашкансыңар.   А   Кыямат Күнүндө Аллага алар жөнүндө ким жаңжал кыла алат? Же ким алар үчүн өкүл боло алат?
  2. Ким күнөө иш кылып, же өз жанына зулумдук кылса, андан соң Апладан кечирим сураса, анда ал Алланын Кечиримдүү, Мээримдүүэкендигин табат.
  3. А ким   күнөө  кылса  ал  өзүнө  кылат.[77]   Акыйкатта,  Алла Билүүчү, Даанышман!
  4. А ким эгер кичине күнөө[78] же чоң күнөө кылса, андан соң күнөөсүздүаны[79] менен күнөөлөсө, ал өзүнө жалааны жана ачык күнөөнүжүктөгөнү.
  5. Эгерде сага Алланын ырайымы жана мээрими болбогондо алардан бир тайпа сени туура жолдон чыгарууга камынмакчы эле. Бирок алар өздөрүн гана жолдон  адаштырышат.   Сага  эч   кандай  зыян   кыла  алышпайт. Анткени Алла сага Китепти жана даанышмандыкты берди. Сага билбеген нерселерди үйрөттү. Алланын сага көргөзгөн ырайымдуулугу улуу!
  6. Кайыр-садага кылуу же жакшылык иштерди жасоо же адамдарды элдештирүүжөнүндө сүйлөшүп жаткандардан башка алардын арасындагы жашыруун сүйлөшүүлөрдүн көпчүлүгүнөн жакшылык жок. А эгерде ким бул иштерди Алланын ыразылыгына жетуүгө аракет кылып жасаган болсо, ага Биз зор сыйлык тартуулайбыз.
  7. Ким өзүнө туура жол ачык айкын болгондон кийин Пайгамбарга каршы чыгып, ыймандуулардын жолу менен ээрчибегендерди ал өзү  кай тарапка бурулган болсо, ошол тарапты каратабыз жана аны тозокко ыргытабыз. Ал кандай жаман жай!
  8. Акыйкатта, Алла Өзүнө шерик кошкондорду[80] кечирбейт, бирок андан башка күнөө иш кылгандарды эгер кааласа кечирет. А ким Аллага шерик кошсо, ал аныгында узак адашууда болот.[81]
  9. Алар Андан[82]  башка  аял  затына[83]  жана  ээнбаштанган   шайтанга[84]
    табынышат.
  10. Алла аны[85] каргышына калтырды. Ошондо шайтан айтты: “Мен Сенин пенделериңден токтоосуз өз үлүшүмдүаламын.
  11. Аларды чындыктын  жолунан   кечиктирбестен   чыгарам   жана аларды аткарылбас жаман үмүттөргө азгырам, аларга малдын кулагын[86] тешип коюуга буйрам жана аларга Алланын жараткан  нерсесин  өзгөртүүгө буйрамын” ( – деди). Ким Алланы таштап шайтанды өзүнө дос кылып алса,[87] ал анык зыянга учурайт.
  12. Ал (шайтан)   аларга   убада   берип,   аларды   үмүттөндүрөт.    Бирок, шайтандын убадалары – болгону азгырык гана!
  13. Алардын жайы – тозок жана андан кутула алышпайт.
  14. А ыймандууларды жана жакшылык иш кылгандарды Биз алдынан дарыялар агып турган Бейиш бактарына жакында киргизебиз. Алар анда түбөлүккө болушат. Алланын убадасы[88] чын. Алладан башка кимдин сөзүтуурараак.
  15. [89]Силердин каалооңорго же Китеп ээлеринин[90] каалоосуна көз каранды эмес. Ким жамандык кылса ошонусуна жараша жазаланат. Ал өзүнө Алладан башка жакын колдоочуну да, жардамчыны да таба албайт.
  • Жакшы иштерди жасаган эркек болобу, аял болобу, эгер алар ыймандуу болушса эле, алар Бейишке киришет. Аларга кымындай да  зулум кылынбайт.
  1. Аллага жүзүн буруп, жакшылык иштерди кылган жана Ибрахимдин динине берилип ээрчигенден да дини мыкты бирөө барбы? Алла
    Ибрахимди Өзүнө жакын дос кылып алган.
  2. Аллага Асмандагылардын жана Жердегилердин баары таандык. Алла бардык нерселерди камтуучу болгон.[91]
  3. Алар сенден аялдар жөнүндө өздөрүнө эмнелер буйрулганын сурашат. (Аларга) айт:  “Алла силерге алар жөнүндө бул Китепте эмнелер жазылганы жөнүндө жана ошондой эле аларга буйрулган нерселерди силер аларга бербей коюу үчүн силер үйлөнүүнүкаалаган жетим кыздар жана алсыз балдар жөнүндө, жана силер жетимдерге адилеттүүмамиле кылууңар жөнүндө чечим чыгарат. Силер кандай жакшы иш кылсаңар да Алла аны билүүчү.
  4. Эгерде аял өзүнүн күйөөсүөзүнө тиешелүүмилдеттерди аткарбайт деп, же ал андан баш тартуусунан корксо,[92] анда алар өз ара макулдашуу түзүүлөрүндө күнөө   жок.[93]   Албетте   тынчтык келишими   –   жакшы. Көңүлдөр[94]   сараңдыкка   тартылган.[95]   Эгер силер аялдарга жакшы мамиле кылсаңар жана такыба болсоңор, анда албетте Алла силердин эмне кылып жатканыңардан кабардар.
  5. Канчалык кызыгып,  умтулсаңар да аялдардын  ортосунда адилеттүүболууга   алыңар   жетпейт.[96] Аны арсар1[97] кылып таштап   салып (тигинисине) такыр ооп кетпегиле! А эгер силер оңолсоңор[98] жана такыба болсоңор, анда албетте Алла Кечиримдүү, Мээрбан!
  6. А эгер жубайлар ажырашса, анда Алла өзүнүн жоомарттыгы  менен алардын ар биринин ырысын бере берет.[99] Акыйкатта, Алла Ырайымдуу, Даанышман!
  7. Аллага Асмандагы жана Жердегилердин баары таандык. Биз чынында силерге чейинки    Китеп   берилгендерге   да,    силерге   да Алладан коркууңарды насаат кылдык. Эгер силер каапыр болсоңор,[100] анткени Асман менен Жердегилердин баарысы Аллага гана таандык. Алла Бай жана Даңазалуу!
  8. Аллага Асмандагылар жана Жердегилердин баары таандык. Алла ӨзүжетиштүүКүбө![101]
  9. Эй адамдар, эгер Ал кааласа анда силерди жок кылат да, башкаларды алып келет.[102] Акыйкатта, Алла буга кудурети жетүүчү!
  10. Ким бул   дүйнөнүн   сыйлыктарын   кааласа,   анда   бул   дүйнөнүн   да, акыреттин да сыйлыктары Апланын алдында. Алла Угуучу жана Көрүүчү!
  11. Эй ыймандуулар! Өзүңөргө каршы же ата-энеңер, же жакын туугандар бол со да Алла үчүн адилеттүүлүктүтургузуучу, калыс күбө болгул а! А эгер[103] бай же кедей болсо,[104] Алла экөөнөн тең артыгыраак.[105] Адилеттүүболууңарда көңүлүңөргө[106] ээрчибегиле. А эгер силер тайсалдасаңар же баш тартсаңар, анда Алла   силердин   эмне   кылганыңардан толук кабардар.
  12. Эй ыймандуулар! Аллага, Анын Элчисине, Ал Өзүнүн Элчисине түшүргөн Китепке жана Ал андан мурун түшүргөн Китепке ишенгиле! Ким Аллага, Анын Периштелерине,  Анын Китептерине,   Анын Элчилерине жана Кыямат Күнүнө ишенбесе ал узак адашууда болот.
  • Акыйкатта, ыйман келтиргендер,  анан  каапыр болгондор,  андан  соң (дагы) ыйман келтирип, анан (кайра) каапыр болгондор өздөрүнө каапырлыкты гана күчөтүштү. Алла (эми) алардын күнөөлөрүн кечирип же туура жолго салбас!
  1. Эки жүздүүлөргө алар үчүн кор кылуучу азап бар экенин кабарла!
  2. Момундардын ордуна   каапырлар   менен   достошуп  жаткандар,   алар каапырлардан сый-урмат издеп жатышабы? Акыйкатта, бардык урмат- сый Аллага гана таандык!
  3. Эгер силер Алланын аяттарына каршы чыгып жана шылдыңдап
    жаткандарын уксаңар, алар башка сөзгө өтмөйүнчө алар менен бирге отурбагыла деп силерге Алла өз Китебинде түшүрдүэле[107].
    Антпесеңер,[108] силер (да)   алар   өңдүүсүңөр.[109]     Албетте,   Алла   эки жүздүүлөр менен каапырлардын баарысын тозокко жыйнайт!
  4. Силердин эмне болоруңарды аңдып тургандар[110] эгер, силерге Алладан жеңиш келсе “Ырасында, биз силер менен бирге болбодук беле?” – дешет. А эгер каапырлардын үлүшү[111]  келсе, алар: “Биз силерге жардам кылууга аракеттенип жана силерди ыймандуулардан коргободук беле?” – дешет. Бирок силердин ортоңордо Кыямат КүнүАлла өкүм чыгарат. Алла эч качан момундардын зыянына каапырларга жол бербейт.
  5. Албетте, эки жүздүүлөр Алланы алдашат. А Ал болсо бул үчүн аларды жазалоочу! Алар качан намазга турганда адамдарга көрүнүүүчүн гана жалкоолонуп турушат. Алланы өтө аз эстешет.
  • Апарга да (момундарга), буларга да (каапырларга) кошула алышпай, ортодо арсар калышат. А Алла кимди түз жолдон даштырса, ал үчүн туура жол таппайсың.
  1. Эй ыймандуулар!  Момундардын ордуна каапырларды дос тутпагыла! Алланын силерге каршы ачык далил келтиришин каалап жатасыңарбы?
  2. Акыйкатта, эки жүздүүлөр Тозок отунун төмөнкүкатмарында болушат. Сен алар үчүн жардам кылуучуну да таппайсың.
  • Бирок алар тообо келтиришип, амалдарын оңдошсо, Алланын динин бекем кармашып, Алла үчүн диндеринде ыкыластуу болушса, алар момундар менен биргө болушат. Алла момундарга жакын арада зор сыйлык тартуулайт!
  1. Эгер силер (Ага) шүгүр кылсаңар жана ишенсеңер, анда Алла силерди жазалап эмне кылат. Акыйкатта, Алла шүкүр Ээси, Билүүчү!

 

[1] Ойноштук кылбай.

[2] Үйүңөрдүиретке келтирип, ырахатка бөлөгөнүүчүн.

[3] Махр.

[4] Калыңдын өлчөмүнө келишкенден.

[5] Калыңдын өлчөмүн көбөйтүп же азайтып, же такыр эле жок кылып.

[6] Алар каапыр болсо үйлөнүүгө болбойт.

[7] Күңдөргө.

[8] Аялдарыңар.

[9] Акыретте болсун, бул дүйнөдө болсун, жаза басып, кырсыкка кабылбагыла!

[10] Ичи тардык, кызгануу, көрө албастык – исламга жат жана тыюу салынган.

[11] Алар күйөөлөрүжокто өздөрүн ар кандай бузукулуктардан сакташат.

[12] Аялын тарбиялоодогу биринчи баскыч. Мында шариатты түшүндүрүп, такыба болуусуна жылуу-жумшак эскертет.

[13] Экинчи баскыч. Айтканга түшүнбөй, мурункусун кайталай берсе, анда төшөгүн бөлүп,
өзүнчө жаткырып коет.

[14] Үчүнчүбаскыч. Айтканга да, төшөгүн бөлгөнгө да түшүнбөй, кылыгын уланта берсе, жүзүнөн башка жерине акырын сөмөйүн тийгизип, жеңил урат.

[15] Ар нерсени шылтоолоп, жөнүжок ура бербегиле!

[16] Туугандарынан.

[17] Же ошондой нерселер бар деп эсептесе же аларга сыйынса. Мисалы: Жалган кудайларга, буддарга, тоого, ташка, мазарга, арбакка, ыйык адамдардын мүрзөсүнө же бир пендеге.

[18] Кул, күңдөргө.

 

[19] Куранда аракка байланышкан үч түрдүүаят түшкөн. Арак арам экенине далил аят дароо
эле түшкөн эмес. Биринчи аят Бакара сүрөсүндө эскертилди. Бул экинчи аят. Ал эми
үчүнчүаят арактын арам экенине далил болгон негизги аят болуп, ал Мааида сүрөсүндө.

[20] Жуунуу тийиш (жунуб) болгон учурда.

[21] Ажатканада болуп кайтса.

[22] Таямумдун терт парзы бар: 1. Таямумга ниет кылуу; 2. Таза топурак, жер жынысынан
болгон таза нерсе; 3. Колун ошол таза нерсеге же топуракка сүртүп, жүзүн эч жерин
калтырбай сылап өтүү; 4. Колун экинчи жолу топуракка уруп, эки колун чыканагы менен
кошуп сылап чыгуу.

[23] Иудейлер.

[24] Иудейлердин тилинде тилдөөгө колдонулган жаман сөз.

[25] Иудейлер жана христиандар.

[26] Куранга.

 

[27] Курейш каапырларына таандык эки будтун аты. Куранга.

[28] Коргоочуну.

 

[29] Ишеним көргөзүлүп тапшырылган иш, жумуш, тапшырма же бир мал-мүлк, буюм-тайым.

[30] Аман-эсен, кечиктирбей, бузуп, кемитип, жок кылып, өзгөртүп же аткарбай койбой.

[31] Куранга.

[32] Сүннөткө.

[33] Куран менен Сүннөткөн карап, ошонун негизинде өкүм чыгаргыла.

[34] Мурунку китептерге, пайгамбарларга.

[35] Кааб ибну Ал-Ашрам

[36] Алладан башкага.

[37] Талаш-тартышыңарды чечүүүчүн.

[38] Мединалык эки жүздүүлөр (мунафыктар).

 

[39] Алла жолунда курман болууга даяр болгула!

[40] Согуш майданына.

[41] Ыйык согуштан.

[42] Эгерде согушка чыкканымда мен да өлүп калмакмын, демек чыкпаганым жакшы болуптур.

[43] Шайтан адам пендесин азгыруу үчүн зордук-зомбулук же кандайдыр бир кара күч колдоно албайт жана колдонууга мүмкүнчүлүк, дарамети да дээрлик жок. Бирок пендени азгырат жана пендени ыймансыздык, күнөөгө түрткүлөгөн түрдүү-түрдүүжаман ой-сезимдерди ойготот.

[44] Каапырлар менен согушуудан.

[45] Мурун каапырлар менен согушууну каалап жүргөндөрдүн.

[46] Адилетсиздик.

[47] Эй Мухамед!

[48] Эй Мухамед!

[49] Буйругандан.

[50] Курандын маани-маңызы тууралуу.

[51] Башкаларга жайбай туруп.

[52] Иштин чыныгы ал-абалын түшүнүшөөр эле.

[53] Исламда саламга өзгөчө көңүл бурулат. Анткени салам адамдардын биримдигин камсыз кылат. Саламдашуу сүннөт. Ага жооп кылуу ваажип.

[54] Ыйманга келгенче.

[55] Бул эки жүздүүлөргө карата айтылган. Анткени, алар исламды кабыл алдык деп коюшуп, кийин андан баш тартып гана тим болбостон,  мусулмандарга каршы душман болуп чыгышкан.

[56] Мусулмандар   мусулман   эмес   мамлекеттерде   баш   калкалап,   качып   жүргөн   эки
жүздүүлөрдүөлтүрүүгө тийиш эмес болгон. Эгерде ал мамлекет мусулмандар менен
тынчтыкта   жашоо   жөнүндө   келишим   кылышкан   болсо.   Ошондой   эле,   эгер   качкын
мусулмандарга каршы душмандык иш-аракеттерин токтоткон болсо.

[57] Булар да эки жүздүүлөрдөн да ашкан кара санатай, арамза кишилер. Алар эки жактын тең ишенимине кирип алып, анан кай тарабы күчтүүболуп баратса, ошол жагына өтүп кетип, берки тарап менен согушууга даяр кишилер болгон.

[58] Мисалы: согуш учурунда билбей калып же башка бир учурларда да байкабастан өлтүрсө.

[59] Өлүктүн мураскерлери.

[60] Кун төлөө исламга чейин жүз төө болгон. Бул эреже ислам келгенден кийин деле сакталып

калган.

[61] Мураскерлер.

[62] Каапыр.

[63] Же күңдү.

[64] Мураскерлерине.

[65] Тозокто.

[66] Өзүңөрдүбашка элдөрден, мусулманды каапырлардан.

[67] Олуттуу себепсиз эле ар кандай шылтоолор менен согушка барбай калгандар.

[68] Алладан.

[69] Каапырлардын жеринен башка жакка.

 

[70] Алардын күтүүсүз жерден кол салуусунан же артыңардан жетип келүүсүнөн корксоңор.

[71] Терт ирекеттин (терт жолкунун) ордуна эки ирекет кылып.

[72] Каалаган абалда.

[73] Жарадар болуп.

[74] Өздөрүнүн күнөөлүүиштерин.

[75] Алла көрүп турган эле.

 

[76] Баарын билүүчү.

[77] Азабын өзүгана тартат.

[78] Каталык

[79] Тиги күнөө.

[80] Алладан башка да кудайлар бар деп ишенген же аларга сыйынгандар.

[81] Иудейлер жана христиандар тууралуу Ыйык Куранда: “Алар өздөрүнүн окумуштууларын
жана кечилдерин Алладан башка кудайлар кылып алышкан” деп айтылат. 9-сүрө, 31-аят.

[82] Алладан.

[83] Лат, Узза, Манат аттуу буддарга табынышып, бир топтору аларды: Алланын кыздары,
ушулар бизди Ага жакындатат деп эсептешкен.

[84] Шайтанга ачык сыйынбаса да, анын азгырыгына кирип, аларга жетеленгендер жана
ыймандан ажырагандар ага сыйынган болуп эсептелет.

[85] Шайтанды..

[86] Исламга чейинки арабдар малдарынын айрымдарын кулагына эн салып, кудай деп
санаган   буддарына   арнап,   минбестен,   иштетпестен   бош   коюп   жиберишчү.   А   бул шайтандын айтып кеткен убадасы эле.

[87] Шайтандын өзүнө жакын дос болуп алганын ага азгырылган пенде өзүда билбей калуусу мүмкүн. Андыктан ар бир пенде сак болуп, кайсы туура, кайсы туура эмөс экенин жана байкабай күнөөгө кириптер болбоо үчүн илим үйрөнүүгө тийиш.

[88] Шайтандын убадалары бүтүндөй жалган болсо, Алланын убадалары андан айырмаланып:
бүтүндөй чындык болуп, ишке сөзсүз ашат.

[89] Алладан убада кылынган сыйлыктар.

[90] Иудейлер жана христиандар.

 

[91] Эзелтеден билүүчүжана кудуреттүү.

[92] Жаман мамиле кылып аялынан оолактаса, келбей койсо, ж.б.у.с.

[93] Алардын тигил же бул тарабы кандайдыр өз талаптарын коюп, ошого келишим түзүүгө
шариат жол берет.

[94] Напсилер.

[95] Ар кимдер өз напсинин каалаганын жасагысы келет.

[96] Бул жерде  кеп:  бирөөнүн  бир  нече аялы  болсо,  алардын  баарын  бирдей  абалда
жактырып же сүйө албастыгы, же баарына бирдей мамиле жасай албастыгы, антүүгө
мүмкүн эместиги жөнүндө сөз болууда. Ошондуктан аялдары менен айрым нерселерде
чамасына жараша келишим түзүүабзел. А эгерде келишим түзүүгө көлишө алышпаса,
анда ажырашууга туура келиши мүмкүн. Алла Таала ажырашууну каргыштаган. Демек,
ажырашкандар Алланын каргышына калуусу толук мүмкүн. Андыктан эки же андан көп
аял алуудан мурун ар бир эркек өзүнүн алына карасын. 4-сүрөнүн 3-аятын караңыз!

[97] Же күйөөсүбар эмес, же ажырашкан аял эмес өңдүүболуп.

[98]    Аялдарыңарга карата өзүңөрдүн милдетиңерди жана мамилеңерди.

 

[99] Аялдын да, эркектин да Алла бере турган жакшылык, ырыскы, шыбагалары тагдырында
жазылган.

[100] Силердин каапыр болушуңар Аллага зыян бербейт.

[101] Кайтаруучу, сактоочу.

[102] Силердин ордуңарга башка бир коомду.

[103] Күбөлөнүп жаткан киши – соттолуп жаткан киши.

[104] Бай экен, мага пайдасы тийээр деп же кедей экен деп ага боор ооруп калыстыктан тайбоо керек.

[105] Алланын буйругун аткаруу бул экөөнө жан тарткандан алда канча жогору жана зарыл. Алла ал экөөнө силерге караганда күйүмдүүрөөк.

[106] Напсиңердин каалоосун.

 

[107] Кабарлады эле.

[108] Алар менен отуруп алсаңар.

[109] Чогуу күнөөгө батасыңар.

[110] Эки жүздүүлөр.

[111] Ийгилик.

 

[1] Адам атадан.

[2] Туугандык карым-катнашты үзүүдөн коркула. Анткени бул чоң күнөө.

[3] Бойго жетсе.

[4] Исламга чейин дүйнөдө ондон, жыйырмадан, ал турсун элүү, алтымышка чейин аял алгандар болгон. Бирок, аялдарынын ортосунда адилеттүү мамиле жасашкан эмес. Андыктан Алла Таала төрт аялга кыскартып, Ыйык Куранда чек койгон. А эгерде көп аял алып алып, бирок алардын ортосунда адилет мамиле жасабаса, бул чоң күнөө болуп эсептелет. Ошондуктан адилет мамиле жасоого алы жетпегендер бир аял менен чектелүүсүн Алла Таала буйруп жатат.

[5] Күңдөр.

[6] “Махр” деп аталып, кыздын акысы катары анын өзүнө берилет.

[7] Акылы толо элек жетимдерге.

[8] Акылы толгон же толбогонун.

[9] Жетимдин мал-мүлкүн пайдалануунун себебинен.

[10] Кепил.

[11] Пенделеринин амалдарынын эсебин өзү билет.

[12] Мурастан.

[13] Муну Алла Таала тигилердин насиби кылып койгон. Демек, өз ээлерине берилүүгө тийиш.

[14] Мурас алууга укугу жок тууганы.

[15] Мурас бөлүштүрүлүп жаткан кезде.

[16] Жетимдер ишинде кылдат жана коркуу менен иш алып баруу зарыл. Келме кезек дегендей, бүгүн кепил болгон адам өлүп кетсе, артындагы балдары жетим болуп, бирөөнүн колунда калышы толук мүмкүн. Андыктан ар бир адам терең ойлонууга тийиш.

[17] Өлүм алдындагы адамга.

[18] Эркеги жок жалаң кыздар болсо.

[19] Маркум.

[20] Маркумдун.

[21] Жогоруда айтылган мурастар.

[22] Айтылган мурастар берилет.

[23] Өлүк көмүүгө кеткен чыгымдар жана мурасты бөлүштүрүү адилдик, калыстык, ишти билгендик  менен эч кимди таарынтпагандай жүргүзүлүүсү керек.

[24] Жогоруда айтылгандар.

[25] Мыйзамдары.

[26] Ойноштук кылса.

[27] Исламга чейинки доордо күйөөсү өлгөн аялдарды өлгөндүн туугандары күч менен мураска алып алган же кетирбей кармап калган (дүйнөсүн алып калуу үчүн) учурлар көп болгон. Ислам болсо аялдарды антип буюм, мал-мүлк катары мураска алууга тыюу салган..

[28] Аял-эркектин, б. а. күйөөсү менен аялынын.

[29] /йлөнгөн кездерде.

[30] Исламга чейин, б. а. аталган аят келгенге чейин.

[31] Апасынын же атасынын бир туугандары.

[32] Башка күйөөсүнөн.

[33] Буга неберелер да кирет.

[34] Исламга чейин, б.а. бул аяттар түшкөнгө чейин.

The post НИСА сүрөсү, 4 appeared first on БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ.


November 21, 2015 at 05:24PM

Отправить комментарий

Технологии Blogger.