Halloween party ideas 2015

Экстремизм жана терроризимдин алдын алуу боюнча Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын өкүлдөрү атайын уюштурулган иш чаранын алкагында ИИББдин 10 башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте студенттер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Иш чарага КМДБнын үгүт-насаат бөлүмүнүн башчысы Сайпиев Билалидин ажы жана ушул эле бөлүмдүн адиси Абдылдаев Жолдошбек, КМДБнын фатва, хутба бөлүмүнүн адиси Токтогазы уулу Бактияр, ИИББдин 10 башкы башкармалыгынын өкүлү милициянын полковниги Молдобаев Тилекмат Токтогулович, милициянын майору Батырбеков Каныет Султанбекович баштаган укук коргоо кызматкерлери катышышты.
Бул күнү ЖОЖдор арасында экстремизм, терроризмдин көз карашы жана бул боюнча КМДБ тарабынан көрүлүп жаткан иш чаралар, экстремизм-ислам эмес экендигин, ислам адам өлтүрүүгө, бирөөнү тоноого жана мусулмандарга зыян келтирбей турган дин экендигине токтолушту.
«Ислам-бул тынчтыктын дини. Ислам дини эч качан экстремистик уюмдарга түртпөстөн тескерисинче бул дин тынчтыкка, биримдикке жана боөлүнүп жарылбоого, улут-уруу арасындагы бекемдикти сактоого чакырат. Бүгүнкү күндө динсиздиктин жана динди толук билбестиктектин айынан айрым жарандар туура эмес агымдарга кошулууда. Учурда КМДБ Ханафий мазхабы боюнча өлкө аймагында кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Эгерде кандайдыр бир диний маалымат алгыңыздар келсе муфтияттагы дин адистерине кайрылууңуздарды өтүнөбүз»,-деди КМДБнын үгүт-насаат бөлүмүнүн адиси Абдылдаев Жолдошбек.
Учурда Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы жогорку окуу жайлар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп баштады. Жакынкы күндөрү экстремизмдин жана терроризмдин алдын алуу иш чаралары Кыргызстандагы бардык ЖОЖдордо жана мектептер арасында өткөрүлөөрү күтүлүүдө.

http://muftiyat.kg/

The post Муфтият ЖОЖдор жана мектептер арасында экстремизмдин алдын алуу максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө appeared first on БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ.


November 24, 2015 at 02:45PM

Отправить комментарий

Технологии Blogger.