Halloween party ideas 2015

– Эгер аял динде болсо баласы эмчек эмген сайын сооп жазылып турат деген чынбы?

– Баланын курсагын тойгузуу милдеттүү болот. Баланын жанын сактап калууга себеп болгондугу себептүү соопко ээ болот.

– Исрафил (а.с) ким экенин айтып бересизби? +770239…

– Исраафиил чоң периштелердин бири болуп саналат. Ал “сурнай ээси” деп айтылынат. Сурнай эки ирет тартылат. Биринчисинде Аллах Таалам өлүмдөн аман калтыргандан башка, асмандар менен жердегилердин баары бүтүндөй жок болушат. Себеби Аллах Таала ал аман калтыргандарды сурнай тартылуу себебинен эмес, өзүнүн ыктыяры менен жандарын алат. Мисал катары Бейиштеги үр кыздарды, тозоктун кароолчуларын келтирсе болот. Ал эми экинчи сурнай тартылган учурда, жан аттуунун баары өлгөндөн кийин кайра тирилишет. Аллах Таала “Зумар” сүрөөсүнүн 68-аятынын маанисинде мындай дейт: “Заман акыр, кыямат кайым болгондо Аллах Тааланын буйругу менен Исраафиил алайхис салам тарабынан сурнай тартылат. Жер-асмандардагы жандуу аттуунун баары  жан таслим болуп жыгылышат. Бирок Аллах Тааланын каалаган заттары гана тирик калышат. Андан соң Кудай Таалам каалаган мөөнөттөн кийин дагы бир мертебе сурнай тартылат. Ал убакта бардык өлгөндөр кайра тирилишет, жаткан жерлеринен чыгып, туш тарапка акылдары айран (хайран) болгон абалда назар салышат”.

– Былтыр биздин үйгө бир мышык Аллахтын каалоосу менен өзү келди эле. Экини тууган. Экөө тең үйдө жүрөт. Эч ким албаса кандай кылам? Хадисте бар го, мышыктарга үй-бүлө мүчөсү катары мамиле кылгыла деген. 077060…

– Анда кыяматка чейин сиздин үйүңүзгө мышык баласы толуп кетет го, ыя!? Мышыктарга жакшы мамиле кылуу деген сөз, аларды үйдөн кетирбей коюу керек деген сөз эмес. Жаз келгенде башка жерге таштасаңыз болот. Алар ошол жашоого көнүгүп кетишет.

– Аялым экөөбүз тез урушуп, тез жарашабыз. Жакында урушуп кетип, ажырашуу ниетинде 1 талак, 3-4 ай мурда 1 талак бергем. Азыр жашап жатабыз. Талак түштүбү? 077283…

– Силерди олтургузуп алып суроо керек…

– Мен бир кызды жактырам. Бирок, экөөбүздүн тең боюбуз кыска. Менин боюм 160 см болсо, ал менден да кыскараак. Ага үйлөнсөң балдарыңар такыр кичине болуп калат деп жатышат. Сиз кандай дейсиз? Бирок ал оорукчаныраак, мүнөзү да начар. Хиджап кийген, сакал койгон адамдарга аябай жинденет. Бирок, өзү буюрса намаз окуйм деп айтат. Анын да менде көңүлү бардай. 077769…

– Ага ушул эле гезиттин башка бетинде дарыгер мырза кеңеш берет, ошол кишиден сурап көрүңүз. Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун…

– Мектепке окуучу кыз оромол салынып барса урушуптур, мындай кийинип келбе деп. Бирок кыска, өзүнө чып келген кийимди кийген кыздарды эч нерсе дешпейт. Биздин мектепке кайрылып айтып койсоңуз, Ч.Түлөбердиев атындагы 34-орто мектеп. Санжар.

– Урматтуу Санжар. Ушул гезитти директоруңа берип кой!..

“Урматтуу Ч. Түлөбердиев атындагы №34-мектептин директору! Сиздин мектептеги  бул окуяга сиз Кудай алдында жооп бересиз. Куранда эки жерде жоолук салынуунун милдеттүүлүгү айтылат. Андан сырткары мыйзам алдында да күнөөкөр болосуз. Ар бир жаран каалаган динин тутууга укуктуу. Кудайдан коркуңуз, мыйзамды сыйлаңыз. Кудай Таалам үй-бүлөңүзгө бактылуулук берген болсун. 

Урматтоомду билдирүү менен Чубак ажы. Кыргызстан мусулмандарынын мурдагы Азирети Муфтийи.”

– Зуха намазы канча рекет жана кайсы убакта окулат? Алибек 

– “Пайгамбарыбыз алайхис салам  шашке намазын төрт рекет окуп, андан да ашыкча окуур эле” (Муслим 1239). А бирок эки рекет окусаңыз да болот. Пайгамбарыбыз алайхис салам Азирети Абу Хурайрага эки рекет окууну  осуят кылган (Бухари 1178) Зуха араб тилинен оодарганда шашке деп айтылат. Биринчи рекетке “Ваш шамси” сүрөөсүн, экинчи рекетке “Ад духаа” сүрөөсүн окусаңыз жакшы болот (Ширьатул ислаам шархы 132б). Убактысы күн чыккандан баштап, күн чак түштөн оогонго чейин созулат. Эң жакшы убагы күн көтөрүлүп, күндүздүн төрттөн бири өткөндөн кийин болоор. Бул намаз авваабиндердин намазы деп да айтылат. Имам Термизий риваятында (748): “Төөнүн энесинен бөлүнгөн тайлагы, күндүн ысыгынан качып калган учурдагы намаз, авваабиндердин намазы!”. Авваабин дегенибиз, тооба кылып, дайыма Кудай Таалама кайрылып, таат-ибаадат аткарган, Аллах Таалама тасбиих айткан чыныгы момун пенде. Бул намаз жөнүндө Раддул мухтаар китебинде (4-том) кенен баяндалат.

– Бир молдо “эгер экинчи катын болуп тийгиң келбесе окуп салам, жинди болуп каласың” дегени туурабы? Кечиресиз, бирок ал бир мечиттин имамы. Менин анда көңүлүм жок. Корком!

– Молдонун айтканы туура эмес. Мечит имамы болсо, муфтиятка кайрылгыла. Тактап беришет. Корккондун кереги жок. Көңүл жок болсо кантмек элеңиз. Мойнунан байланган ит ууга жарабайт деп айтылат.

– Дуба кылган соң колуңду жүзүңө сүрткөн болбойт дейт. Намазда катарда турганда ийиндер тийишип турушу керекпи же талтайып буттар тийишип, колду төшкө алып окуш керекпи? Деги эле кол кайсы жерде болушу керек? Ушуга байланыштуу хадис да айта кетсеңиз. 077193…

– Дуба кылган соң эки колду жүзгө сүрткөн сүннөт болот. Азирети Умар: “Пайгамбарыбыз алайхис салам эки колун көтөрүп дуба кылган соң, эки колун жүзүнө сүртпөстөн туруп жерге түшүрбөс эле!” дейт.  Имам Термизий риваяттайт. О.э. Имам Абу Дауд Ибн Аббастан да ушул эле маанидеги хадисти риваят кылат. Имам Ибн Хажар “Булууг ал мараам” (474 б.) китебинде жогорудагы хадистин даражасы, бир канча риваяттардын топтомдорунун негизинде, “Хасан” деп баа берет. Ал эми бардык хадис аалымдарынын пикиринде “Хасан” хадиске шариатыбызда амал кылынат. Шейх Албааний бул хадисти “Даьииф-алсыз” деп баа бергендиктен, анын жолун жолдоочулар да эки колду дубадан кийин жүзгө сүртүүнү туура эмес деп түшүнүшөт. Албетте, бул алардын пикири. Ибн Хажар менен Албаанийди салыштырууга болбойт. Экөө бир заманда чогуу жашаган болсо, Албааний Ибн Хажардын эң кичине шакиртинин эң кичине шакирти болмок.

Намазда катар турганда согончоктор тең катар турган болуусу саптын түз болуусун шарттайт (Хаашия). Бут манжаларынын учтары менен сап тегизделбейт. Ошондой эле жеркелер да бири-бирине тийип туруусу зарыл (Бадааиьус санааьиь…). Адамдын эки буту бири-бирине жабышпоосу талапка ылайыктуу. Төрт манжа өлчөмүндө ачык болуусу эң жакшы. Талтайып туруу адепсиздик.

Намазда кол киндиктин астына коюлат. Имам Ахмад (1110), Имам Абу Дауд (756), Имам Дааракутний (1286), Имам Байхакийлер (231) Азирети Алийден төмөндөгү “марфууь” риваятты келтиришет: “Оң колду сол колдун үстүнө, киндиктин астына коюу сүннөттөн (болуп эсептелет)!”.

– Видеокамерага, фотоаппаратка сүрөткө түшсө болобу? 077354…

– Зарылчылыкка жараша болот. Мисалы паспортко түшкөндөй абал.

– Даарат албай туруп эле гусул ала берсе болобу? 077354…

– Гусулдун он эки сүннөтү айтылат: 1)Башында бисмилла айтуу; 2)Ниет; 3)Эки колду эки муунга чейин жууш; 4)Денеге жугуп калган нажасатты жууп кетирүү, эгер нажасат өз бетинче турган болсо; 5)Жыныстын мүчөсүн жууш; 6) Даарат алуу кадимкидей сүрөттө, эгерде суу топтолуп кала турган жерге жууна турган болсо эки бутун жуубастан тура турат; 7) Денесинин баарын үч мертебеден жууш. Эгерде агын сууга чумкуп кирсе, ал сууда бир аз туруп кайра чыкса, сүннөттү толуктаган болот; 8)Сууну куйганда башынан баштап куюу; 9)Баштан соң оң мүрүсүнө суу куюп жууш; 10) Андан соң сол тарабындагы мүрүсүн жууп баштамак; 11) Денесин ышкалап жууш; 12)Удаама-удаа жууш.

Сиздин жообуңуз: даарат албай туруп гусул алганда, сүннөт амалды калтырган болосуз. Сүннөттүн сообунан кур жалак каласыз. Бирок алган гусулуңуз жарактуу боло берет. Эске сала кетчү бир нерсе, гусул алуудан мурун заараңызды сыртка чыгарып жибергенге аракеттенгениңиз ийги. Же жунуб болгондон кийин дароо жууна калбай, бир аз жата туруңуз. Бардык нерсе орду-ордуна келгенге чейин.

– Махрды кызга береби же ата-энегеби? Кызга берсе, ал ата-энесине бергени туурабы?

– Экөө бир нерсе. Кызга берет, кыз өзү билет, кимге беришти…

– Күйөөм менен жашаганыма 20 жыл болду. Жаш кезде ал эки жолу үйлөнүп ажырашкан. Мен да мурда турмушка чыгып ажырашкам. Эстеп көрсөк, экөөбүз тең ажырашканда талак же жооп жөнүндө сүйлөбөптүрбүз. Экөөбүздүн никебиз үйлөнгөндө эле кыйылган. Биздин жагдайда талак же жооптун мааниси канчалык? 077353…

– Ажырашкан учурда, “экөөбүз тең бактыбызды табалы, сен да ыраазы бол, мен да ыраазымын” деп жакшылыкча ажырашкан болсо да жарай берет. Андан сырткары бул учурда маселе сизге эле байланыштуу болот. Себеп дегенде эркек бир учурда төрт никеге чейин тура алат. Бирок ал мурдагы кетирген аялдарына талакты эми деле берип койгону оң. Алар да өз күнүн  көрүшсүн. Тагыраагын тактоо үчүн кененирээк тактоо керек.

– Намаз убагында сөздөрдөн адашып кетсе, кайра ниет кылып окуш керекпи же улантып кетсе болобу? 055812…

– Улантып кете берсин…

– Сизден Аллахым ыраазы болсун. Кана эми сиздей адал адам бизге президент болсо качан эле оңолуп кетмекпиз. Тигилерге караганда сиздин өлсөңүз өлүгүңүз артык. Мен 15 жашымда турмушка чыкканмын, азыр 16 жаштамын. Кичинекей кызым бар. Спираль койдурайын дедим эле. Интернеттеги молдолордон сурасам “спираль – мини аборт” деди. Сиздин оюңуз кандай? 070245…

– Кичине кызыңызды торолтконго чейин, бойго бүтүрүүдөн сактана тургандыгыңыз жакшы болот. Аны дарыгер менен кеңешиңиз. Кандайын сизге тандап берген болсо, аны аткарыңыз. Убагы келгенде дагы төрөй бересиз. Кудайым бакыт берсин…

– Сиздин жоопторуңузду калтырбай окуйм. Мага абдан жагат. Сизге ден соолук. Менин кызым бир жаш эки ай. Чоңойгондо эле эрип калмай болду. Эмдеттик жардам берген жок. Кирине да баттан кирет. Мүмкүн  болсо сиз жардам бересизби? 077343…

– Байланышыңыз. Жеке өзүмө “смс” менен сурооңузду кайрадан жөнөтүңүз…

– Менин көңүлүмө жаккан бала таппай жатам. Себеби, өзүм ажырашкам. Намаз окуйм. Бирок, эркекке ишенбейм. Эмне кылсам болот? 070778…

– Ошентип жүрө бер. Эч кимге ишенбей, эч кимди жактырбай… Сенин оюңча элдин баары  жактырган үчүн гана жашайт деп ойлоп турусуңбу? Андай эмес. Бири-бирин сыйлоо, өз ара түшүнүшүү, ырайым-мээрим деген да маселелер да бар бул жалганда… А сен жүрө бер…

– Даарат алаардан мурда кайсы дубаны айтыш керек? Анан этек кир келип бүткөндө, окулбай калган намазды окуп коюш керекпи? 

– Бисмилланы айтса жетиштүү болот. Этек кир келген убактагы намаздар окулунбайт. Кийин да окуп берилбейт. Кудайдын аял затына берген жеңилдиги.

– Биз 4 айлык уулубузду чочосунан эркелетип өөп коёбуз. Зыяны жокпу, күнөө болбойбу? Тариэл 

– Күнөө деле болбойт го. Бирок, ошого көнүп алып, кийин чоңойгондо да өпкүлө деп жүрбөсүн… жакшысы башкача эркелеткен жакшы. Кыргыздар “аман эле болсунчу” деп балдарды эркелеткенден башка эч кандай тарбиясына маани бербей коёбуз… Ошол жакшы эмес…

(7)Жалпы түтүн. (8)Даабба-улоо. (9) Күндүн батыштан чыгуусу. (10) Йеменден чыккан улуу от-өрт.

– Чачымдын күйгүзгөн жерлерин (миллировка) хнага боёп койдум. Эми гусул өтөт да? 077710…

– Жакшылап жууп ал дагы гусул ала бер.

– Биз намаз окуйбуз. Соода кылабыз. Тамеки, насбай сатабыз. Деги сатса болобу? Болбосо сатпай эле коёлу. 077733…

– Макрух.

– Мен үй-бүлөмдү кинелейм. Бул ширк эмеспи? Абдумалик.

–  Киринелейм дегениңиз болсо керек. Ширк эмес. Ар бир адамдын энергиясы болот эмеспи. Ошол аркылуу дарылайт. Мен да кээде чаалыгып турсам, апам жоюп берсе, кадимкидей жакшы болуп калам. Бирок, ширк сөздөрдү айтпоо керек.

– Жамаат менен намазды окуганда өзүнчө купуя окуш керекпи же кандай? 070719…

– Жамаат менен окуганда кыямда турган учурда эч нерсе окубайсыз. Болгону Алланын улуктугун моюнга алып турасыз… Окусаңыз макрух болот.

– Кудай “4 аял алсын эркектер” деп эч бир молдого айткан эмес. Өздөрүн пайгамбарларга теңеп алышкан. Ал жөн гана шылтоо. Кыздарда да мээ бар, 3-4- аял болуп тийбейт. Аялдардын көз жашы, ызасы, кайгысы 3-4 аял алгыла дегендерге тиет. Эркектер өздөрүн тыңгылыктуу багып алсынчы. Аялды антип паска чапкан болбойт. Өздөрүнүн кыздары ошондойго туш келип кайгыга чөмүлгөнүн эч бир молдо көргүсү келбейт да. 077050…

– Куранды өзгөртүүгө туура келеби эми, сизге жаксын деп. Кыргызча котормосун таап окуңуз, Нисаа-аялдар сүрөөсүн. Таап аласыз. Канчанчы аят экенин айтпай эле коёюн, аны тапканча башка дагы маалыматтарды окуп, бир аз ишенимизиңди түздөп аласыз. Андан сырткары, экиден көп аял алуу, ошол өзүн катындары менен кошо баккандарга айтылган. Бага албагандарга бир аял алуу да болбой калуусу мүмкүн. Мээси бар болгон үчүн экинчи болуп тийгенге макул болуп жүрөт. Мээси жоктор эчак эле сойку болуп, же жетимишке чыккыча кара далы болуп жүрөт. Бул аялдарды төмөндөтүү эмес, эгер түшүнсөңүз… Ай билбейм… бул кетишиңизде түшүнө албайсыз го. Сизге чыдаган күйөөңүзгө чоң ырахмат. Ал бейишке биринчилерден болуп чыкса керек. Себеби, бул дүйнөдө эле тозоктун даамын татып калып, тийешелүү жазасын алып калаары бар экен…

– Менин күйөөм өзүнөн өзү эле мага асыла берет. Ичпейт, чекпейт, кээде жакшына болуп калат. Сени менен жашабайм, кет дейт. Кетсем аркамдан барганын койбойт. Кеңеш бериңизчи. 077904…

– Дагы бир кеткенде, дааватка чыкмайынча барбайм деп, дааватка чыгар..адам болуп калат.

– Улак чапканга шарият уруксат береби? Кыска шорта кийип футбол ойносочу? Ыңгайлуу болот чурканда. 055017…

– Улак чапкан сүннөткө туура келет. Тизе авретке кошулгандыктан, аны ачык калтырууга болбойт. Кыска шорта кийсеңиз, тизеңизди атайын орой турганы менен ороп алсаңыз болот.

– Мен диск, кассета сатам, Голливуддун кинолорун. Ушул ишим арам эмеспи? 055025…

– Тарбиялык мааниси барын сатсаңыз мейли.. беркилериңиз таптакыр болбойт…

– Бир кыз менен никеге туруп кайра ажырашып кеттим. Жообун берген эмесмин. Эмне кылсам деп касыйдачыга барсам, “сени менен жашай турган кылып кайтарып берем” деп акча алды. Ушул чынбы? 055376…

– Эми Кудай Таалама кайрылып дуба кылса керек го. Сен өзүң деле Кудай Таалама дуба кыл. Ата-энесине айтпай эрге тийген кыздан жакшылык деле күтпө.

– Татуаж, жасалма чач менен намаз окусам болобу? Ата-эненин күнөөсү үчүн да тообо кылса кабыл болобу? Жамгыр жааганда периште көбөйөт деген чынбы? Намаз окуп жатканда эмнени элестетиш керек, эмнени ойлош керек? 070274…

– Татуаж дегенди түшүнбөдүм. Жасалма чач такканга шарият уруксат бербейт. Ата-эне үчүн тооба кылынбайт. Алар үчүн сооптуу иштерди аткарып, соопторун белек кылат. Алардын акысына дуба кылат. Жамгыр жааганда Аллахтын ырайымы түшөт делет. Намаз окуганда акыретти, соопту эстөө керек.

– Ар бир адам өзүнө кепиндик материалды сатып алып даярдап койсо болобу? Кепинге деген материал үйдө турса өлүмдү чакырат дешет. Ушул туурабы? 077754…

– Даярдаса жакшы болот, өлбөй турган ким бар? Чакырат дегени жалган кеп.

– Иттин жүнүнөн жасалган өтүктү (кончусунун сырт жагы) кийсе болобу? +7702390…

– Иттин жүнүнөн жасалган байпакты кийсе болот, жакшылап жууп алып туруп. Ансыз деле аны жууган болсо керек. Ал эми иттин терисинен тигилген маасы, өтүктөрдү ашталгандан кийин кийсе жарай берет. Ашталмайынча андан өтүк деле ултарбайт болуш керек. Намазга да жарай берет.

– Үйдөгүлөр мени үйлөн деп жатышат. Мен намаз окубайм. Намаз окуган кызга үйлөнсөм дейм. Медреседе окуган кызга үйлөнсөм болобу? Кандай таанышсам болот? 0771000…

– Намаз окуган кыздар эле көчөдө тизилип туруптурбу? Сен өзүң намаз окуп, анан окуган кыздарды ойлосоң, өзүңө жакшы көргөндү башкаларга жакшы көрсөң, берекем… Андан кийин медреседеги кыздарга үйлөнсөң эмне үчүн болбосун?  Аты менен фамилиясын сурап таанышасың го дейм…

– Менин жолдошум ата-энеме калың берген эмес. Бирок, ата-энем чакан сеп берген. Калың бербесе шариятка туура келеби? Эгер бериш керек болсо эми деле кеч эмеспи? Нифас деген сөздү кандай түшүнсө болот? 077045…

– Махр деген нерсе бар. Милдеттүү болот. Сизге күйөөңүз белек берген болсо, ошол да махрга-калыңга эсеп боло берет. Бербесе эми да кеч эмес. Нифас дегенибиз, төрөттөн кийин, аялдын жатынынан  келчү кан. Бул учурда намаз окубайт, орозо тутпайт, күйөөсү менен кошулбайт. Өбүшсө боло берет.

– Жигитиме турмушка чыгайын десем ата-энем каршы болду. Анткени, жигитим Оштон, биз Таластан. Бирок азыр андан 3 айлык боюмда бар. Эми наристе арам болуп төрөлөбү? Жигитим мени абдан сүйөт! Ата-энемдин макулдугун кантип алсам болот? Аида

– Апаңа курсагыңдагыны билдир. Дароо нике кыйдыр. Көп баскан аяк бок басат болгону ушул. Тооба кыл. Намаз оку.

– Бир кыз мени сүйбөй калышы үчүн кандай дубалар бар? Мени тажатты. 070334…

– Кудайдан сура же ага үйлөн. Сен сүйгөнгө эмес, сени сүйгөнгө үйлөн дешет го…

– Мен азыр намаз окуйм. Бир жыл мурда химиялык боёк менен чачымды боёгом. Дааратым өтө береби же боёлгон чачты кыркып салыш керекпи? 077810…

– Боёкту кетирүү керек, болбосо кыркып саласыз. Насип кылса өсүп калат. Кудайым намазыңызды кабыл кылсын. Ушундай акылдуу суроо берилсе, баарына пайдалуу болмок…

– Сиздин жоопторуңузду окуп, көп пайда алып жатабыз. Аялымдын боюнда бар. Жакшы дуба берип койсоңуз. 077324…

– Жеңил кылсын….

– Биздин Усман деген балабыз бар. Илим берейин дедим эле. Канча жаштан берсе болот? 077324…

– Мектеп жашынан берсеңиз болот. Медреселердин шартына караңыз….

– Кошулгандан кийин сөзсүз гусул алыш керекпи? Мисалы, кышындачы, ар бир эле үйдө мончо жок да. 077908…

– Ар бир үй жуунгандын аракетин көрүүсү керек болот. Жок эле дегенде кытайдын чоң “тазигин” сатып алып, бир чака менен бир чөмүчтү даярдап коюу керек болот. Дааратканага барганда кагаз даярдап баргандай эле кеп. Кагазым жок эле деп эмне кылат элең?.. Ошондой. Гусулу жок кантип намаз окуйт элеңиз. Деги намаз окуйсузбу?.. Намаз окуш керек…

– 6 балам бар. Союз кулагандан бери жолдошум иштебейт. Балдарды багыш үчүн Москвага кетип иштеп бир жылдан кийин келсем, мас болуп алып “сен талаксың” деп кайра-кайра айтты. Эми аракты да көп ичип кетти. Бирок балдарымдын атасын таштагым келбейт. Кайра башынан нике кыйдырганга айткан эмесмин деп мойнуна албай жатат. Эмне кылам? 077278…

– Оозмо ооз сүйлөшүү керек болот сиз менен…

– Эки-үч аял алганга оозуңуз толо “ооба” дей бересиз. Эмнеге ага чейинки парздарды аткарып жүрөбү, сурабайсыз? Же сиз дагы шарияттын ушул гана жерин колдонгон эркектерди колдойсузбу? Кандай ой менен кандай адам сураганын кайдан билесиз? Үй-бүлөсүн бузуп алыштан коркпойсузбу? 077700…

– Кантип коркпойм. Корком. Бирок, ар бир адамга жакшы күмөндө болуу үчүн, мен аларды баш маал намазын үзбөгөн, чыныгы момун деп элестетип жооп беремин. Бирок, суроосунан андан башкачараак адам болуп туюлган болсо, ага ылайык жооп беремин. Андайларга кээде бир аял алганды деле тыйып жүрөм.  Шариаттын баарын кармануу керек. Ошентсе да бир жерин карманбасаң, бардыгын карманбаш керек деген жери да жок. Сизге ырахмат. Туура айтасыз.

– Биз сүрөт тартабыз. Кесибим дизайнер-модельер. Сүрөт тартсам болобу? 070330…

– Адамдын, жандуулардын кебетесин тарткан болбойт. Калганы боло берет.

– Жумшак бозо арам болбойбу?

– Болбойт, берекем.

– Маасы чечкенде (даараты болсо) бутту эле жууса болобу? 055001…

– Эгерде маасыга масх тартылгандан кийин маасыны чечсе, бутту гана жууп коёсуз. Эгерде даарат алып, даарат бузулбастан туруп, маасыга масх тартпастан туруп, бутту чечсеңиз эч нерсени жууштун кереги жок.

– Сиңдим чет өлкөлүк кыргыз балага турмушка чыккан. Жолдошу Кыргызстандын паспортун алып, Сибирге иштегени кеткен. Кайненелери менен калып, 3 айдан кийин ашказаны гастриттен түйүлүп, ооруп үйгө келген. Ата-энем дарылатты. Күйөөсү ууру жол менен өт же сени менен жашабайм деп шарт коюптур. Ал ууру жолдон өтөм деп камалып кетейинби дептир. Кыйналдым, мени сатып алганбыз дешсе, уруша кетсек, алып берген белектерин алып алса, катындарга кошулуп алып ушактаса, байпак да алып бербесе деп барбай койду. Визаны ЗАГС жокторго баспайт экен. Ушул ажырашууга себеппи? Бактылуу болсун дейт элек. Мээрим 

– Эми бул себеп деле эмес. Турмуштун майда-чүйдөсү деп айтылат. Кабыргасы менен кеңешип көрсүн. ЗАГСты мындай деле алып калат го бизде…

– Мүчөл жылында кызыл кийим кийүү керек деген шариятта барбы?

– Кыргыз эл жомокторунда болсо керек. Же орус эл жомокторундабы, айтор, биздин шариатыбызда жок.

– Мени чоң апам чоңойткон. Менден кийинки бир туугандарым ата-энемдин колунда. Менин өз энеме болгон мээримим жоктой сезилет. Апама караганда чоң апама жакынмын. Азыр өзүнчө жашап, ЖОЖдо окуйм. Апам менен болгон мүнөттөрдө, ачуусуна тийип алган учурларда  мага “чоң апаң туура эмес тарбия берген” дейт. Ошондо апамды жек көрүп кетем. Өз апама оюмду ачык айта албайм. Үй-бүлөбүз чогулганда өзүмдү чоочун, ашыкча сезе берем. Апам мени жаман көргөндөй сезилет. Эне баарынан ыйык делет. Бирок, мен үчүн андай эмес. Өз энеме жакын болууга аракет кылам, бирок жасалма, эки жүздүүлүк кылып жаткандай сезилет. Мен канткенде өз энеме жакын боло алам жана мен күнөөгө батып жатамбы? 077759…

– Анын энеңиз экенин билиңиз…ушул жетиштүү болот.

– Аллах сизге ыраазы болсун. Кандай гана суроолорго жооп бересиз, сизди ар кандай жаман сөздөр менен айтса да көтөрөсүз. Сиз ошолордун баарына түшүнүү менен жооп бересиз. Илимиңиз арта берсин! Биз жолдошум экөөбүз кызыбызды ортого алып жатабыз. Күнөө болбойбу? Кызым кичине. 077066…

– Аллахым эч нерседен кем кылбасын. Кичине кыз болсо эч нерсе деле болбойт. Бирок, четке жаткырсаңар, барып барып бөлсөңөр жакшы болот. Жубайлардын жашоосу эркин болуусу керек. Бири-биринен толук пайдаланып, ырахаттануусу керек болот. Жубайлардын төшөк маселеси ойдогудай болбой калган учурда жашоонун башка тармагына да терс таасирин тийгизет. Бала уктасын деп олтуруп, күйөөңүз уктап калат, же уйкудан калат, баягы каалоосу кетип калган болот. Ошентип, жарака пайда болуусу мүмкүн. Анын үстүнө жубайлар жаткан бөлмө өзгөчө жакшы жыттанып туруусу керек болот. Жаш баланын заарасы жыттанбай…

– Жамаат намазда бирөө күлүп жиберсе, менин да күлкүм келип кетсе, келген жеримден эки жакка салам берип, кайра уюп окусам болобу? 

– Болот, бирок, күлкүңдү токтотуп калып намазыңды улантканың жакшы. Тигинин намазы да, даараты да бузулду.

– Такыба, анан да билимдүү, Кыргызстанга кызмат кылсам деген жаштарга кеңешиңиз кандай? Себеби, дээрлик бардык мамлекеттик структураларда коррупция, маяна аз. Анан айласыздан коррупцияга аралашат. 077323…

– Бир аз бизнесин жолуна коюп, ырыскысын таба турган болгондон кийин, элге кызмат кылуусу керек. Жок дегенде, иштетпей кубалаганга чейин пайда келтирип калсын…

– Күйөөсү аялына 3 талак берсе, талак түшкөнү далилденсе, алар жарашуу үчүн бир эркек менен макулдашып (кайра талак беришин) аялын ага никелетсе, анан бир эле түнөтүп кайра жообун бердирип, мурунку күйөөсү менен кайра никелешсе нике эсептеле береби? Болот деген молдолор бар. 055607…

– Түнөткөндө жыныстык байланыштын болуусу шарт кылынат. Жөн эле жомок айтып, таң атырышса, эч нерсе болбойт, эсептелбейт. Жогорудагыдай шартта макрух болуу менен дурус болот. Бирок, кайра талак беришин макулдашып, экинчи эркек бир күнгө деп убактылуу нике кыйдырган болсо, ал нике никеге өтпөйт.

– Намазканада бешим намазынын парзына кечигип келип сүннөт окубаган илимдүү адамдын имамдык кылышы болбойбу? Суннада кандай? 

– Жарай берет. Бирок, имам болгон адам башкаларга үлгү болгудай болуусу керек. Башкалардан көбүрөөк ибаадат кылган, такыбараак болгон адам болуусу кажет. Пайгамбарыбыз алайхис салам деле көбүрөөк ибаадат кылаар эле, а түгүл бизге нафил болгон тахажжуд намазыа кишиге милдеттүү эле. Ушундан эле көп нерсени билсе болот эмеспи. Илимдүүнүн кийими, сөзү, жүрүш-турушу баары үлгү болуусу керек.

“Тамчы”

 

The post Чубак ажы Жалилов менен турмуштук суроо-жооптор (44) appeared first on БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ.


November 20, 2015 at 10:41AM

Отправить комментарий

Технологии Blogger.