Halloween party ideas 2015

11-ноябрь күнү Балыкчы шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Кемел Акулу уулунун жылдык ашы өтүп, анда маркумдун уул-кыздары жана тууган-уруктары Ысык-Көл областы боюнча Куран жаттаган өспүрүмдөр арасында “Куран жарыш” конкурсун өткөрүштү. Бул тууралуу Сырдыбаева аттуу тургун бүгүн, 13-ноябрда “BULBUL” порталына маалыматты видеосу менен кошо жарыялады.

Анда айтылгандай, конкурска Ыйык Куранды жатка айткан жана Ыйык китептеги дуаларды мыкты билген баардык каалоочулар, о.э. областтын казысы Алмаз Сагындыков жана шаардагы имамдар чакырылган.

Конкурстун жыйынтыгында, жеңүүчүлөрдүн бири кулун, экинчиси уй алышса, ал эми Куранды жатка эң мыкты айтып берген 4 жаштагы Салиха Таалайбек кызы башкы жеңүүчү деп табылып, байгесине жылкы менен сыйланды.

The post Балыкчыда өткөн “Куран жарыш” конкурсунда 4 жаштагы Салиха Таалайбек кызы баш байгени утуп, жылкы менен сыйланды – ВИДЕО appeared first on БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ.


November 14, 2015 at 12:24PM

Отправить комментарий

Технологии Blogger.