Halloween party ideas 2015

Бүгүн Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы быйылкы Ажылык сапарын жыйынтыгы боюнча «Кабар» маалымат агенттигинде берген отчётунан кыскача маалымат.

Быйылкы Ажылык сапары 2015-жылдын 20-апрелинде Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Токтомушев Максатбек ажынын № 02-токтомунун негизинде Ажылыкты уюштуруу боюнча атайын убактылуу Республикалык штаб түзүлүп, Ажылык амалдарын аткару үчүн жөнөп жатышкан зыяратчыларга Ажылыкты уюштуруу иштери башталган.
2015-жылдагы Ажылыктын калькуляциясы ар бир жаран үчүн 2550 АКШ долларын түздү. Бул көрсөткүч Сауд Арабиясындагы мейманканалардын кымбатташы жана Ажылык министрлигинин койгон талаптарын эске алуу менен түзүлгөн.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасы 2014-жылдан тарта ажылыктагы корупцияга жол бербөө максатында Ажылыкты чучукулак аркылуу өткөрүп бир топ жогорку деңгээлге жетише алды мындан сырткары чучукулак аркылуу уюштурулган Ажылык сапар калк арасында акыйкаттуу, таза жана калыс өткөндүгүнө карапайым эл өзүнүн ыраазычылыгын билдиришкен.
Бул көрсөткүч мусулман өлкөлөрүнүн арасында бир топ натыйжалуулугун көрсөтүп, корупциялык иштерге бөгөт койгон.

Быйылкы уюштурулган Ажылык сапарына 2014-жылы чучукулактан өтпөй калган төрт миңден ашуун жаран жана 2015-жылдагы Ажылык сапарына баруу үчүн катталган үч миңге жакын жаран катышты.

Алгачкы рейс үстүбүздөгү жылдын 25 августунда башталып 11 сентябрда аяктаган жалпысы он сегиз каттам болуп зыяратчылар 28 сентябрдан тарта кайтып келе башташты. Жалпысы болуп Кыргызстандан 4185 зыяратчы Ажылык амалдарын аткарышып, Ажылык учурунда төрт Кыргызстандык жаран өз ажалы менен көз жумушкан. Каза болгон жарандардын сөөгү туугандарынын уруксаты менен Мекке шаарына койулган.
Быйылкы Ажылык убагында Мекке шаарында жана Мина өрөөнүндү эки чоң кырсык болуп, бул кырсыкка Кыргызстандык жарандар кабылышкан жок.

Эскерте кетсек, быйылкы жылы Кыргызстанга кошумча 500квота берилип 5 күн аралыгында чучукулактан өтпөй калган улуу муундагы аксакал ата-апалар үчүн жакшы мүмкүнчүлүк түзүлүп, ар биринин өздөрүнүн жеке арызынын негизинде кабыл алынган. Быйылкы жылы Кыргызстанга 3685 жана кошумча 500квота бөлүнүп жалпысы болуп 4185 адам Ажылык амалдарын аткарып келишти.

 

The post Быйылкы Ажылык сапарынын жыйынтыгы боюнча кыскача маалымат appeared first on БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ.


November 13, 2015 at 03:59PM

Отправить комментарий

Технологии Blogger.