Halloween party ideas 2015

-Жакын адамымдын жаркын элесин эскерип туруу үчүн кайсы күндөрү куран түшүрүп турсам болот? Окулган куран ага жетеби? Биз окуган куран анын күнөөсүнөн сактайбы? Өзүн-өзү өлтүргөндөр чоң күнөөгө батат дешет го. Мен да өлгүм келип жүрөт. Жаңы мектепти бүткөндө жакын досумдан айрылгам. Эми жакын адамымдан… Бирок, балдарымды ойлойм. Наргиз

-Окулган курандын сооптору жана башка жакшылыктардын сооптору маркумдарга арналса, аларга жетет деп ишенебиз. Ар күнү, каалаган убакта куран окуп турса болот. Өзүн өлтүрүү, албетте, чоң күнөө! Кыяматта азапталат деп айтылат. Ошондуктан бул пикирден кайтыңыз, жакшы үмүт менен жашаңыз, шайтандын азгырыгына азгырылбаңыз. Балдарыңыздын келечегин ойлоңуз. Кудайга жакын болуңуз.

-Биздин мечитке барган кээ бир жамааттар мечиттен кезиксек деле, көчөдөн кезиксек деле улам улам башка айтчу акылы жок калгансып “дааватка чык, 3 күндүккө, 40 күндүккө чык, качан чыгасың?” дей беришет. Кээде намаз окуу боюнча билбеген суроо менен кайрылсам да “дааватка чыксаң жакшы үйрөнөсүң” деп кайра баягысын башташат. Кезиккен сайын сабырымды кетирчү болду. Негизи толук мусулман болуш үчүн сөзсүз дааватка чыгыш керекпи? Өзүмдүн көз карашым боюнча жашообуздун өзү эле даават го. Кимдики туура? 077724…

-“Дааватка чык” деп адамга жакшылык каалагандар айтып жатышат. Дааватка чыгуу жаман нерсе эмес. Түшүнүү менен мамиле кылсаңыз деп кеңеш берет элем. Адам өзүн толук динге алып келиши үчүн өзү аракет кылышы керек, дааватка чыгабы, башка жакка барып окуп келеби, айтор, илим алышы керек.

-Эч кимге айтпай эле нике окутуп алса болобу? Аида 

-Негизи никенин мааниси – аны коомчулукка жарыялоо. Нике окуганда эң аз эки адам күбө болушу керек. Айрыкча, кыздын атасы билиши керек.

-Ажыга барып келсе, баардык күнөөлөрү кечирилеби? Бул тууралуу хадис, аят барбы? 077274…

-Ажыга барган адам талашы-тартышы жок, бузуку иштерди кылбастан ажылык кылган болсо, күнөөлөрүн таптаза кылып жууйм деп Алла убада берген. Бул хадистин да, аяттын да мазмунунда бар.

-Араб грамматикасында идгам эрежеси барбы? 

-Албетте. Сиз айткан идгам эрежеси Курандын тажвидинде келет. Атайын эрежеге ылайык окулат.

-Мен 7-8 жыл мурда турмушка чыгып, ажырашканмын. Андан көп убакыт өтпөй ал жообумду бере электе башкага турмушка чыгып кеткенмин. Азыр бактылуу жашап жатам. Мен андан сөзсүз жообумду алышым керекпи? Албай койсом күнөө эмеспи? 077995…

-Аял күйөөсү менен бирге жашоону токтоткон болсо, ал ажырашуу деп аталат. Ошол учурда эркектин аялга ажыраштым деген сөздү же болбосо талак бердим, жообуңду бердим деп айтуусу зарыл. Ошол сөздү бир жолу айтуу жетиштүү болот. Эгер аял өзү жөн эле кетип калган болсо экинчи нике өтпөй калат. Аны үчүн биринчи күйөөсүнөн ажырашуу сөзүн алып, экинчи күйөөсү менен кайра нике кыйдырышы керек.

-Жолдошум жайында каза болгон. Мен бир айдан кийин төркүнүмө кеткем. Туура кылдымбы? Эгерде жакында төрөлө турган баламды кайын журтум багып алса, кийин балага ким жооп берет? Себеби, күйөөм жалгыз бала болчу. 077043…

-Балага каза болгон күйөөңүздүн аты берилет. Ал өз атасы болот. Күйөөңүздүн ата-энеси, бир туугандары балага жооптуу. Сиз башка турмушка чыкканга укугуңуз бар.

-Аттахиятта сөөмөй көтөргөндү, сыртынан омийн дегенди намазды бузуш үчүн еврейлер ойлоп табышса керек, булар намаздагы туура эмес кыймылдар деп ойлойсузбу? (бул менин жеке пикирим, билимим жок). 077853…

-Туура эмес пикир. Себеби, “Ашхадуалла илаха иллалох” дегенде, сөөмөйдү көтөрүү пайгамбарыбыздын хадисинде бар. Аны аткарса сооп болот, аткарбаса эч нерсе болбойт. Биздин масхабда омийнди ичинде айтуу сооптуу, имам Шафий масхабында добуш чыгарып айтуу сүннөт болуп эсептелет.

-Динде медицина барбы? Молдолор операция кылып, арам кан чыгарып, дем салгандарга ишенсе болобу? Же алар көз боёмочуларбы? 077997…

– Динде медицина бар. Медицинаны Ибн Сина сыяктуу ислам аалымдары ойлоп тапкан. Хижама кылдырууну айтып жатат окшойсуз. Бул сүннөт. Арам кандарды чыгарып салуу ден соолукка пайдалуу. Адамдын анатомиясын билген дин кызматкери болсо, хижама кылдырсаңыз болот.

-Мени “башыңда кара дуба бар экен, каргышка калыпсың” дешет. Кантип тазалансам болот? Кара 

-Кимдин каргышка калганын же калбаганын Кудай билет. Азыркы күндө бирөөнүн тагдырын сүйлөп берчү адамдар чыкты. Бул туура эмес. Сиз өзүңүздү дайыма таза кармап, даарат менен жүрүңүз. Жүрөктүн да тазалыгын кармаңыз. Дайыма эрте менен жана кечинде окулуучу дубаларды окуп, өзүңүзгө дем салып жүрсөңүз мындай жаман нерселерден алыс болосуз.

-Кыргыздын желеги менен калпакты таштап коюп, исламдыкы деп арабдын желегин көтөргөн кыргызыбыздын сакал коюп, үйгө кийчү допу менен ич кийимди көчөгө кийип алган мусулман бир туугандарыбыз кыргызмын деп салтыбызды, улутубузду сактап жашаса, Кудай астында даражасы кем болот беле? 077724…

-Сурооңуз бир тараптан патриот адам катары берилгендей болуп жатат. Ошол эле мезгилде радикалдуу болуп жатат. Кыргыздын калпагын, туусун чанган мусулманды байкаган жокмун. Арабдын желеги желбиреп турганын көргөнүм жок. Албетте, ар бир адамдын жеке пикири, ой жүгүртүүсү бар. Бул сиздин пикириңиз. Ошол мусулмандар менен жакындан таанышып, алардын ички дүйнөсүн билгениңизден кийин кыргыздын патриот мусулмандары экенин баамдайсыз.

-Билимдүүбүз деп кээ бир молдолор биздин манасчыларды ичинде жини бар адамдар деп, төкмө акын ырчыларды арам деп сүйлөгөндөр бар экен. А сиздин оюңуз кандай? 077724…

-Ар бир адам каалаганын сүйлөй берет, бирөө билип сүйлөйт, бирөө билбей сүйлөйт, бирөө ойлоп сүйлөсө, бирөө ойноп сүйлөйт. Кайсы бирөөнүн пикирин угуп алып эле мындай суроолорду берүүнүн кажети жок. Манасчыларды деле, төкмө акындарды деле чыгармаларынан, жеке турмушунан байкасак, чыныгы патриот мусулмандар экенин билебиз.

-Жаңы үй салганмын. Бирок, кан чыгарган жокмун. Айылдан эле мал сойдуруп…

-Кан чыгаруу милдеттүү эмес. Алланын атына арналып гана курбандык кылынат. Мүрзөгө, үйгө же бир ишке арнап кан чыгаруу деген түшүнүк ширкке алып келет. Курбандыкты “Бисмиаллоху акбар!” деп союп, Алланын атына арнап, соопчулук үчүн этин элге берсе болот.

-Байкем 3 жыл мурун каза болгон. Ата-энем дагы каза болгон. Байкемдин 2 баласы бар. Анан жеңем турмушка чыккан. Бизден уруксат алыш керекпи же албаш керекпи? Балдары менен да катташтырбайт. Бул күнөөбү? Биз балдар менен жолуккубуз келет. 077100…

-Күйөөсү каза болгондон кийин аялга ыктыяр бериш керек, башка күйөөгө чыгуусуна каршы болуу – туура эмес. Эгер, боюнда бар болсо, төрөп берип анан башка турмушка чыгышы керек. Ал эми балдарды атасынын туугандарынан тосууга аялдын акысы жок. Бул караңгылык, маданиятсыздык, балдарды ата туугандарынан бөлгөндүк. Акылдуу аялдын иши эмес. Эртеби-кечпи бала атасынын туугандарын издеп келет.

-Интернет бул шайтан дешет. Демек интернетке кирүүгө болбойбу? 077954…

-Баардык нерсенин жакшы, жаман жагы болот. Маалымат каражаты катары, зарылчылык катары колдонуп турса болот.

-Мен үйлөнгүм келет. Намаз окуган кыз менен кантип таанышсам болот? 055153…

-Эжелердин, жеңелердин жардамы менен кыз бар үйгө жуучу жөнөтүңүз.

-Корообузда жаңгак дарагы бар. Мал сарай салганга жолтоо болуп жатат. Кыйып салайын десем кээ бирөөлөр “кыйганга болбойт, жаман болот” дегенинен колум барбай жатат. Динде кандай же дубасы барбы? 

-Динде дубасы да жок, жакшы болот, жаман болот деген да жок. Жолтоо болуп жаткан болсо же башка зарылчылык болсо кыйып салса болот.

-Мен окуп жүрүп жигитим менен жашап алганбыз. Боюмда болуп калып ата-энелерибизге айтып баш коштук. Бирок, алты айдан кийин боюмдан түшүп калган. Азыр бир кызыбыз бар. Бактылуу жашайбыз. Биз өтө чоң күнөө кылдыкпы? 077723…

-Никесиз жашап чоң күнөө кылыпсыңар. Бул үчүн Кудайдан жалынып жалбарып кечирим сурагыла.

-Бизде үйлөнүп жаткан баланы жүгүнткөн салт бар эмеспи. Айылда молдодон сурасам “жүгүнүү бир Аллага” деп жооп берди. Дагы бир таксырдан сурасам  “эч нерсе болбойт, жөн гана ата-энеге болгон сый-урмат” деди?.. +770589…

-Жүгүнүүнүн эки түрү бар. Жөн гана башты ийип коюу урмат-сый көрсөтүүнүн белгиси. Башты ийип сажда кылуу Аллах үчүн.

-Өзүнө өзү дем салуу дегенди түшүндүрүп бериңизчи. 077213…

-Фатиха, Ихлас, Фалак, Нас же башка сүрөлөрдү окуп атып колуңузду жайып, окуп бүтүп “сүф!” деп колуңузга дем салып, бүт денеңизге сүйкөп коёсуз. Же болбосо сууга дем салып, ичсе же жуунса болот.

Исламик банктан кредит болобу? Ислам банктын ичиндеги кызматкерлердин кийинген кийими, уят сөз, мамилеси шариятка дал келеби? 070210…

-Банктын атайын шарият кеңеши бар. Ошол жерден кеңеш алсаңар жакшы болот.

-Менин атамды алдап арак ичирип, биздин үйүбүздү алып алган. Атам каза болуп калды. Мен соттошуп тартып алсам күнөө болбойбу? Үй менин атыма катталган. 077842…

-Сиздин атыңызга катталган болсо сиздики. Мурас бөлүштүрүү иши мамлекеттик негизде ишке ашат. Тиешелүү жерлерге кайрылып кайтарып алсаңыз болот.

-Моргдон түз эле алып барып көмүп салынгандарга жаназа окулабы? Окулбаса, мүрзөсүнө барып окуп койсо болобу? 077842…

-Мындай учурда биздин масхаб боюнча жаназа окулбайт. Куран окуп коюп турса болот.

-Жолдошум менен 9 ай мурун ажырашып кеткем. Телефондон эле бир жолу талак берип койгон. Жарай береби? Турмушка чыксам болобу же 3 талак бериши керекпи? 077147…

-Ажырашууга бир эле талак жетиштүү. 3 талак бериштин эч кажети жок.

-Менин бир атым бар, көзгө көрүнүктүү, сулуу. Ага көз тийбейби? Тумар окутсам ширк болуп калбайбы? Жараткан Алладан корком, бирок көчөдө эл атың сонун го деп назар салгандай болот. Бир баш жылкыма зекет беремби? 077898…

-Колуңуздан келишинче сүрөлөрдү окуп, дем салып коюп жүрүңүз. Ошол жетиштүү. Адамдар атың сонун экен десе машааллах деп коюңуз. Бир жылкыга зекет берилбейт. Өзүңүз минип аткан соң күнүмдүк турмушка керектүү жаныбар.

-“Аллах” деген жазуу билерик менен дааратканага кирсе боло береби? Күнөө эмеспи? Ажыдан алып келген эле. 055544…

-Аллахтын аты жазылган буюм менен дааратканага кирсе болбойт. Чыккандан кийин тагып алса болот.

-Тахажуд намазын таңкы саат төрттөрдө окуса болобу? 055207…

-Ооба, багымдат намазынын убактысы киргенге чейин окуса болот.

-Шам намазында теспе тартылбайбы? Гүлүм 

-Баардык эле намаздан кийин зикир чалып, теспе тартса боло берет.

-Намаздан кийин сөзсүз куран окуу парзбы? Гүлүм 

-Парз эмес, жөн гана жакшы адат.

-Кыргызда кыз ала качуу салтпы же кылмышпы? Аяна 

-Шариятта кыз ала качуу күнөө болуп эсептелет. Адам уурдоо катары болуп калат. Бирөөнүн кызын уруксатсыз алып кетүүгө эч кимдин акысы жок.

-Зекет менен салыктын айырмасы барбы? Жок болсо кандайча? Бар болсо кайсы бири Алланын өкүмүнө дал келет? 077130…

-Айырмасы бар. Зекет – Кудайдын өкүмү. Салык – мамлекеттин түзүмдүн бир бөлүгү. Салыштыруунун эч кажети жок. Экөө тең ачык айкын көрүнүп турат. Зекет бербесең, Кудай алдында жооп бересиң. Салык бербесең, мамлекет алдында жооп бересиң.

-Тахажуд намазы кандай окулат? 055817…

-Түндүн акыркы үчтөн бир бөлүгүндө, багымдат намазына чейин окулат. 2 рекеттен баштап каалаганча рекет окуса болот.

-Каза намазын куптандын алдында окуса болобу? 

-Болот.

-Намаз окуганда китептен окуган хадистер оюма келе берет. Эч нерсе болбойбу? 

-Эч нерсе болбойт. Бирок, намазды кунт коюп, Кудайга берилип окуганга аракет кылыңыз.

-Намазды окуп бүтүп зикир чалганда көздү жумуп алса болобу? 077117…

-Боло берет.

-Мен Куран китептин кыргызчасын окуйм. Туура элеби? Же сөзсүз арабчасын окуу керекпи? Үйдө инжил китеп бар. Аны жоготуу керекпи? 055207…

-Кыргызчасын да, колдон келсе, арабчасын да окуй бериңиз. Инжилди окубай эле бийик жерге алып коюңуз.

-Түнү уктаар алдында төшөктө Куран китеп окуса болобу? 

-Отуруп окуса болот.

-Экинчи аялымын. Бирок, никебиз жок. Ортодо 4 жашар уулубуз бар. Биринчисинде бир кызы бар. Аялы төрөбөй калды. Күйөөмдү нике кыйып адалдап коёлу десем болбойт, бирок жардам берип турат. Күйөөмдү аябай жакшы көрөм, ажырагым келбейт. Кантип ачыкка чыксак болот? Аялы билбейт. 077310…

-Никесиз байланыш чоң күнөө. Нике кыйдырганга чейин жолукпагыла. Нике кыйдырсаңар ачыкка чыккан болуп эсептелет.

-Жолдошум менен жашабай калганыма алты жыл болду. Үч уулумду жалгыз тарбиялап жатам. Намаз окуйм. Намазым кабыл болобу? Мага дуба кылып коюңузчу. 077117…

-Намаз окуй бериңиз, дуба кыла бериңиз. Иншаллах кабыл болот. Биз да дуба кылабыз.

-Шам намазынын убактысы боюнча кененирээк маалымат берип коюңузчу. 

-Намаз календарын карасаңыз жыл бою шам намазынын убактысы көрсөтүлгөн. Күн уясына киргенден кийин шам намазынын убактысы башталат.

-Масыны чечкенден кийин кайра дааратты сындырбай кийсе, бутту жууш зарылбы? 055612…

-Масыны кийгенден кийин дааратыңыз сакталган болсо, чечип кайра кийсеңиз болот. Дааратыңыз сынгандан кийин чечсеңиз бутту жууганга туура келет.

-Багымдат намазынын артынан ишрак намазын күн чыкпай окуса болобу? Зуха намаздычы? +770516…

-Күн чыккандан кийин ишрак намазы окулат. Андан бир аз өткөндөн кийин зуха намазы окулат.

“Тамчы”

The post Чубак ажы Жалилов менен турмуштук суроо-жооптор (43) appeared first on БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ.


November 13, 2015 at 04:07PM

Отправить комментарий

Технологии Blogger.