Halloween party ideas 2015

Чубак ажы устазга суроолор өтө көп келгендиктен, гезитибизге эң маанилүү жана кызыктууларын гана коё алдык. Бардык суроолорго жоопторду www.saresep.kg сайтынан окусаңыздар болот. Эскертүү, суроолорду SMS аркылуу же WhatsApp менен 0773 615487 номуруна жана Саресеп гезитинин Facebook баракчасына жибериңиздер

 

  1. Ата-энеси баласын “ажыраш” дейт, бирок жубайы экөөнүн мамилеси жакшы, ортодо бала бар. Кандай кылышы керек? Ал апасы эки дүйнөдө тең нааразымын деп жатса кандай болот? Ажырашкан жакшыраакпы? Кайынсиңди деген бар апасына жеткирип турган. Бөлөк жашайлы десе же башка мамлекетке кетип калалы десе, жолдошу көнбөйт, унчукпайт. Эмне кылышты да билбей калдык.

Бишкек, Роза

Жооп: Ажырашпаш керек. Ортоңордо бала болсо, ажырашпагыла. Апаңарга дем салдыргыла. Азыр нааразы болсо, кыяматта ыраазы болот. Ал эми кайынсиңдини алысыраак жерге күйөөгө берип жиберсеӊ кутуласың. Күйөөңдү уксаң кем болбойсуң…

 

  1. Москва шаарында МВДда иштейм. Азыркы учурда бардык мусулмандарды кармап жатабыз. Алардан китепчелер, дисктер, куралдар табылууда. Алар бизге нараазы болуп жатат бул күнөөбү? Бирок биз буйрукту аткарып жатабыз. Кайсы жакка алпарсак, ошол жакка таштап келип жатабыз? 

Москва, Айбек

Жооп: Москвада, деги эле Россиянын бардык аймагында Ислам динин карманууга таптакыр тыюу салынган эмес. Ошол жерде атайын диний башкармалыктар, муфтияттар орун алган. Ошол жердин шартына ылайык келген, алардын муфтияттары уруксат берген адабияттарды окуган адам Ислам жөнүндөгү маалыматын жетишээрлик ала алат деген пикирдемин. Андыктан, ал жерде тыюу салынган китепчелерди, дисктерди жана куралдарды көтөрүп жүрүү мусулмандарга жарашпаган иш. Мисалы, Москвада кыргыз муфтиятынын өкүлчүлүгү абдан жакшы иш алып барууда. Туура, кээде жакшы китептерди деле туура эмес деп баа берип жиберишет. Андай учурда өтө кылдат мамиледе болуу керек. Эгерде маселе сиз аркылуу чечиле турган болсо, анда зыянсыз китеп же диск менен кармалганда, бошотуп жибергенге аракет кылыңыз. Жумушту таштап кетпеңиз. Ал орунду башка бир дини жокко калтырбаңыз. Балким, тигил мусулмандын башына келген сыноолор, сиз аркылуу жеңилирээк болор.

Москвадагы биздин өкүл Жусуп Балтабаевдин чөнтөк телефону +7963 753 12 13

 

  1. Уулум 6 айында күйөөм менен ажырашкам. Жардам берген жок, өзүм кийинтип окуттум. Азыр иштейт. Уулум 21 жашта. Ага тиешелүү үлүшүн алалы десек бербейт. Балам мени баксын дейт. Ушул туурабы? 

Аты белгисиз

Жооп: Колунан келсе, бакканы жакшы. Уй мурдун сасык деп кесип салбайт. Атасы акмак болсо, баласы да акмак болуусу кажетпи? Битке өчөшүп, көйнөктү отко салуунун канчалык зарылчылыгы бар? Аргымакты жаман деп, бууданды кайдан табасың. Агайынды жаман деп, тууганды кайдан табасың? Баласы атасындагы үлүшүн атасы өлгөндө артында калган мурасынан алат.Ага чейин атасынын өмүрүн тилеп дуба кылат. Кудай Таалам сиздин перзент баккандагы мээнетиңизди кур кетирбей, сооптор менен сыйлаган болсун.

 

  1. Медицина кызматкерлеринин иштери шариатка туура келеби? М: адамга операция жасаганы, органын алып салуу, өлгөн адамдардын органына алмаштыруу ж.б. Мен медицина факультетинде окуйм. Шариатка туура келген врач болсом дейм. Кандай кеңеш берет элениз? Операция учурунда же башка учурда аялбы, эркекби бүт аврат жерлерин көрүүгө туура келген учурлар болот. Ушул жөнүндө кеңири айтып берсениз? 

Ош, Али

Жооп: Медицина илимин окуу шариатка каршы келбейт. Аманатка бекем болсоңуз, арам-адалды ажыратсаңыз эле баары ордуна келет. Мусулман пендесинин медицина жаатында илимдүү болуусу жалпы мусулмандардын пайдасына болот. Жогоруда сиз санап өткөн иштер мусулман дарыгер тарабынан жасалбайт.

Зарылчылык учурда аврет жерлерди көрүүгө шариат уруксат берет.

Маркумдун кээ бир мүчөлөрү маркумдун тирүү кезиндеги уруксаты менен же жакын тууганынын уруксаты менен башка адамдарга кайрымдуулук иретинде салынса болот. А бирок, акчага соодалоо арам болуп саналат. Адамдын бардык мүчөсү, ал эле эмес каны, чачы, тырмагы да сатылбайт. Донор болуп кан тапшыргандар каны үчүн акча алышса, алганы арам. Узун чачын кыркып саткандар да күнөөкөр болот.

Уруксатсыз маркумдун кээ бир мүчөлөрүн алуу, маркумду союу арам болуп саналат.

 

  1. Устаз сабактарыңыз эркектерге жана аялдарга болот деп уктук. Саат канчада, кайсы жакта болот? Маалымат берип койсоңуз?

Жети-Өгүз, Фатима

Жооп: Ар жуманын шаршемби (фыкых) жана ишемби (хадис) күндөрү шам намазы менен куптан намазынын ортосунда КАСИ мечитинде эркектерге сабак болот. Аялдарга ар жекшембиде 10:30дан 11:30га чейин Айни 31де (Тынчтык пр. менен кесилишет) баяндар болот. Андан сырткары ар жекшембиде 19:00дөн 20:30га чейин “Марал” радиосунда “Жекшембиде жетиде” аттуу түз эфирде суроолорго жооп берүү бар. Ошондой эле ар бир экинчи жекшембиде 22:00дөн 23:00гө чейин Биринчи радиодо “Шариат жолунда” аттуу түз эфир бар. “Манас жаңырыгы” каналынан ушул жумадан баштап, ар шаршемби менен ишембиде 20:00дөн 21:00гө чейин “Шариат” түз эфири болот.

 

  1. Саламатсызбы! Менин сизге берейин дегем суроом өтө олуттуу. Мени туура түшүнөсүз деген ойдомун жана алдын ала кечирим сураймын. Учурда эки баланын энесимин, жолдошум бар. Жолдошумду аябай сыйлайм, бирок сүйбөйм. Сүйүү адам баласына жашоодо бир келчү белек, аруу махабат деп түшүнөмүн.Улуу залкар агаларыбыз да сүйүү бар үчүн күндөп-түндөп безеленип дастандарды айтышкан. Менин айтайын дегеним, окуучулук кезде бир инсанды сүйгөнмүн. 15 жылдан бери унута албаймын. Ал менин биринчи махабатым болгон, учурда сүйлөшүп турамын. Мунун канчалык деңгээлде терс жактары бар? Бирок жан дүйнөңө, алсыз жүрөгүңө да кээде ээ боло албайт экенсиң. Көп ойлондум, бирок азыркы кезде да аны унута албаймын. Сизден адилеттүү кеңеш күтөмүн.Туура кабыл аласыз деген ойдомун, акыл-насаатыңызды бериңиз. 

Ош, Бегимай:

Жооп: Албетте, адам өз көңүлүн каалагандай эле башкара албайт. Махабаттын туткуну болуп калууда көп адамдар кыйналышкан. А бирок айта кетчү маселе, мусулман пендесинин мойнундагы парздардын бири Аллах Таала менен Пайгамбарыбыз алайхис саламга болгон махабат баарынан жогору турууга тийиш. Адам жеке өзүнө караганда да Аллах Таала менен Пайгамбарыбыз алайхис саламды жакшыраак көргөндө ыймандын даамын татат. А ыймандын даамы теңдешсиз ырахат.

Биринчи махабатыңыз болгон адам менен чогуу жашабаган себептен, ага болгон сезимдер ордунда кала берүүсү мүмкүн. А эгер аны менен чогуу жашаганыңызда, тыйын санаган битирлигин, же бутунун шыбоо жыттанганын, же ич кийимдеринин таза эместигин көрүп, эмдигиче, балким, көңүлүңүз көк таштай калган болор беле… ?!

Дүйнөдөгү жалпы алты миллиард адамдан жалгыз сизди тандап, ак никесине алып, этегиңизди ээнбаш ачпастан, шариат жобосу менен ачкан, сизди багам деп жанын карч уруп иштеген, балдарыңыздын атасы болгон, эки балалуу болгонго чейин сиздин көңүлүңүздү калтырбаган, урматыңызга татыган адам сүйүүңүзгө татыктуу болбогондо, ким татыктуу болор эле?!

Сиздин биринчи махабат болмуш адам, сизди чындап сүйгөндө, атаңыздын кулу болуп болсо да, сиздин колуңузду сурап келмек. Лайлинин Мажнунундай жинди болуп, сиз жашаган айылдын иттери менен сүйлөшүп калмак. А бирок тескерисинче, сиз ордолуу очоктун ээси болуп туруп, аялдык алсыздыкка алдырып аны менен никесиз сүйлөшүүгө барсаңыз, сизди кой деп койбой, сиз менен сүйлөшүүгө барган эркек арсыз эркек, алсыз эркек, акылы аз эркек, эркектик касиетинен ажыраган эркек. Анткени ал сизди сүйсө, сиздин бактылуу болууңузду кааламак. Сизге изгилик менен ийгиликти тилемек. Сизге жакшылык каалаган адам сиз менен сүйлөшмөк эмес, бүлөсү бузулбасын, балдары менен бактылуу болсун деп, өзүн алып качмак… Демек, ал сизди сүйбөйт. Сүйүүгө татыксыз, мажүрөө адам.

Кудай Таалам менен Пайгамбарыбыз алайхис саламдын махабатын баарынан жогору коюңуз, жан дүйнөңүз жаркыйт, бакытка балкыйсыз. Тиги менен сүйлөшпөңүз. Аны менен сүйлөшүү арам. Телефондун номурун өзгөртүңүз…, өзгөрүңүз…

 

  1. Биз Нарын тарапта бир никеде күбө болдук. Махр маселесине келгенде мечиттин имамы “махрды уялбай, тартынбай көбүрөөк сурагыла, 3000 же 5000 $ долларга чейин сурай бер” деп жатпайбы. Махрды айттырып, анан кызга “азыраак сурап койдуң” деди. Анан жигитке эгерде айтылган суммага макул болбосо никенин кыйылышы шектүү маселе болуп каларын айтты. Бала уялганынан макул болду. Ушул молдонун кылганы туурабы? 

Аты белгисиз

Жооп: Молдонун айтканы да, кылганы да туура эмес. Махр (калың) канчалык аз болсо, ошончолук никеде береке көбүрөөк болот. Махрдын эң азы ушу күндө беш миң (5000) сомдун тегереги эле болот.

Махр (калың) нике маселесинде милдеттүү парздардын катарына кошулбайт. Махр бычылбастан деле нике кыйылса, кыйылган нике жарактуу болуп саналат. Болгону, нике кыйылгандан кийин “махру мисл”ди берүү ваажып болот. Ал эже сиңдилерине канча махр берилсе, ошончо өлчөмдөгү махр берүү керек демек.

 

  1. Белекке кымбат спирттик ичимдик берилсе, дүкөнгө барып, аны азык-түлүккө алмаштырып алса болобу? 

Бишкек, Турсунбек

Жооп: Жок, болбойт. Андан кутулуунун жалгыз жолу – сындырып, ичиндегисин дааратканага агызып, шишесин таштандыга таштоо.

 

  1. Үйүбүзгө коноктор көп келет. Албетте, биз аларды сыйлап жөнөтөбүз. Бирок алар жөн эле келип-кетпестен апам менен ушак айтышып, хиджабыма асыла кетишет. Ошол себебинен кээ бир эжелерди жактыра бербейм. Тез-тез келе беришкенде апама “ошол досторуңуз келбесинчи” дегеним туурабы? 

Аты белгисиз

Жооп: Андай дегениң туура эмес. Анткени ал үйдүн кожоюну сен эмес, сенин апаң. Болгону ал эжелер келгенде көрүнбөй койгонго аракет кыл. Көрүнсөң да алардын көзүнчө жылаңбаш жүрсөӊ боло берет. Анткени аялзаты аялдардын көз алдында баш кийимсиз жүрүүгө уруксат. Алар менен айтышпа. Аларга дуба кыл. Алар сен билгенди билгенде, сен туйганды туйганда, өздөрүнүн сөздөрүн сөздөшпөс эле.

 

  1. Эгерде үй-бүлө бузулуп кетсин же балалуу болбой калсын деп сыйкырлатып койгон болсо, ошол нерсе ишке ашабы? Дубаны кантип жандырса болот? 

Бишкек, Айзада

Жооп: Атайын сыйкырды тазалап окуган таза молдокелерге дем салдыруу же өзү-өзүнө дем салып, дайыма даарат, намаз жана зикир менен жүрүү бардыгынан кутултат.

 

  1. Россияда бир кыз менен сүйлөшчүмүн, аны башка менен көрүп калдым. Бирок ал кыз мен тазамын, мени алыңыз дейт. Устаз кеңешиңиз керек эмне кылышымды билбей калдым? 

Москва, Адилет

Жооп: Сен аны никелеп албай туруп сени менен сүйлөшкөн кыз, сенден башка менен деле сүйлөшө берет эмеспи?! Сен деле аны менен никесиз сүйлөшүп жүргөн экенсиӊ, ал деле сен сыяктуу адам менен никесиз сүйлөшүп коюптур. Эми сен, бир тууганым, Истихаара намазын оку. Кудай Таалам туура багыт берет. Кудай Таалам кечиримдүүлөрдү жакшы көрөт.

 

  1. Жер жемиштердин, картошкалардын үшүрү боюнча маалымат берип койсоңуз? 

Аты белгисиз

Жооп: Утурумдук желе турган бир-эки жөөктөн үшүр берилбейт. Ал эми дыйканчылык кылып эгилген эгиндердин ондон бири үшүргө берилет. Эгерде, сууну машакат менен тартып келсе, же сууга акча төлөй турган болсо, анда жыйырмадан бири үшүргө берилет.

 

  1. Мен Москвада иштейм, аялым жана бир уулум бар. Экөөбүздүн ортобузда кичине чыр чыгып, аялым “жообуңду бердим” деген сөздү жазып жиберүүмө мажбур кылды. Кийин кечирим сурады, азыр жаныма келгени жатат. Ошол жазып жиберген сөзүмдөн талак түшпөдүбү? 

Москва, аты белгисиз

Жооп: “Жообуӊдү бердим” деген сөз киная талактардын түрүнө кирет. Ажырашуу ниет жок болгон убакта талак түшпөйт. Ажырашуу ниет болгон учурда бир талак боин түшөт. Ал учурда жаӊыдан нике кыйдыруу зарылчылыгы туулат.

 

  1. Исламда сүт акы деген барбы, эгер бар болсо өлчөмү канча? 

Аты белгисиз

Жооп: Динибизде сүт акысы деген түшүнүк жок. Элдин чыгарган жоругу. Нике себебинен бериле турган жалгыз эле махр (калыӊ) болот. Ачуу басар, жеӊкетай, сүт акы дегендер жок.

 

  1. Азыр адамдарда эки жүздүүлүк көп кездешет. Өзүмдө дагы эки жүздүүлүк бар го деп корком. Ушул сапаттан кандай арылса болот? 

Бишкек, Адилет

Жооп: Эки жүздүүлүктөн арылуу үчүн пайдалуу илим алууга, саалих жакшы амалдарды аткарууга, адам өзүнө-өзү эсеп-кысап берүүгө, напсиси (өзү) менен күрөшүүгө, өлүмдөн ибрат-үлгү алууга, жакшы адамдар менен мажилистеш болууга аракеттенип, колдон келишинче намазды, айрыкча багымдатты жамаатта окууга көӊүл коюусу абзел. Куран окуу, зикирлерди чалуу, салаваттарды айтуу, нафил садакаларды берүү өтө чоӊ таасирге ээ болот.

 

  1. Жакында сапар айы келатат, тартиби жөнүндө айтып берсеңиз? Чоң рахмат!

Мунар, Москва

Жооп: Сапар айында намазды калтырбай окуп, чыныгы момун мусулман болуп жашай бересиӊ. Тартиби ушул. Башка тартипти билбейт экенмин.

 

  1. Курандын 23 жылда түшүүсүнүн сыры эмнеде? Жиндер менен иштешүүнүн өкүмү кандай? Кайсыл жерде мусулман өлкөсүн көрсөм, алар  зулумдукка кабылган. Зулумдукка кабылбагандары ырахатка берилип кеткен. Куранда ыйман келтиргендердин жогору турары айтылган. Бул нерселердин ортосундагы айырма кандай?

Аты белгисиз, Бишкек,

 

Жооп: Курандын 23 жылда түшүүсүнүн себептеринин бири, ар бир аят элдин аӊ сезимине бекем орнолуусу жана ар бир окуяга байланыштуу аяттардын түшүүсүнө байланыштуу. Жана башка себептери атайын ушул багыттагы китептерде айтылган. Мусулмандар Куранды кармануудан алысташса, дин менен жашоодон четтеп кетишсе, анда кордук менен зордукка кабылышат. Пайгамбарыбыздын жолунан башка жолдун жолоюна түшүшсө, эч убакта жарышпайт.

 

  1. Сөөктү кабырга койгондо, кепинди оозунан бир аз тартып көтөрүп койгон жакшыбы же жүзүн толук ачып койгон жакшыбы?

Аты белгисиз, Бишкек.

 

Жооп: – Ал да, бул да жок. Кепиндин жиптери бошотулуп эле коюлат.

 

  1. Күн кыскарганына байланыштуу намаз убактысы тез эле кирип калып жатат,окуудан чыгып асрга жетишпей калат экенмин. Ошол себептен аср менен аухрду бир окуп алсам болобу?

Москва, Аида

Жооп: Өз убактысында окуунун аракетинде бол. Такыр айла кеткенде, казасын окуйсуӊ. Убакыт кире электе намаз парз боло элек болот. Парз боло электи кантип окуп жибермек элеӊ.

 

  1. Ассаламу алейкум! Сапарда жүргөндө намазды кандай окуйбуз, сүннөтү да окулабы?

Талас, Бегаалы

 

 

Жооп: Сапарда болгондугу себебинен сүннөт намаздар калтырылбайт. Бирок, сапарда өтө шашылыш болуп, убакыт тартыш болуп калса, анда сүннөт намаздарды окубай коё турса болот деген аалымдарыбыз да бар. Төрт рекеттүү парз намаздарды эки рекеттен кыскартып окуйсуз. Ал эми шам, багымдат жана витир намаздар дал өзүндөй окула берет.

 

  1. Мен кээде машина менен жүк ташыйм. Эки шаардын ортосу 75км. Ал эми менин үйүмөн мен бара турган жерге чейин 100 км. Мен касыр окуймунбу же толук эле окуймунбу?

Москва, Азат

 

 

Жооп: Бара турган шаардын чегарасы менен, чыккан жердин чегаралары эсепке алынат. Демек аралык 75 км.. Сапар аймагы кеминде 90 км. Болгондо адам мусаапыр эсебинде болуп, намазды касыр окуйт. Демек, сиз толук окуйсуз.

 

  1. Эмне үчүн азыркы молдолор жолун таап, аялына талак берип койгондорду да жараштырып коюп жатышат. Мисалы: талак бергенде жолдошу мас болсо же телефондо айтса, аялдын боюнда бар болсо, дагы ушуга окшогон жолдор менен кайра жараштырып коюп жатышат. Ушулар туурабы?

Аты белгисиз

 

 

Жооп: Эми аны ошол молдолордун өзүнөн суроо керек. Эгерде, “уугум сага айтам, уулум сен ук” боло турган болсо, анда таш менин короомо келип түшөт. Ал учурда жалпылабай, фактылап айтсаӊыз жакшыраак жооп берээр элем. Кандай болгон күндө да боюнда бар аялга талак түшө берет. Телефондон айтса түшпөйт дегендер да туура эмес. Анткени, талак айтылганды эркек өзү укса жетиштүү болот. Мас болгон адамдын да талагы ханафий мазхаб боюнча түшө берет. Жумхуур аалымдарында түшпөйт деп фатва беришет.

 

  1. Бир күндүк каза болгон намазды кандай окуш керек. Мисалы, каза багымдатты убагындагы багымдатка кошуп, башка намаздарды ар бирин өз убагындагысына кошуп окулабы же чогултуп окуса жакшыбы?

Аты белгисиз

 

 

Жооп: Кандай тартипте окулганы мааниге ээ эмес. Карыздан кутулганы мааниге ээ болот. Дегинкиси, каза намаздарды алгачкы мүмкүнчүлүк болоору менен окууга шашылуу максатка ылайыктуу. Динибизде “тартип ээси” деген түшүнүк бар. Каза болгон намаздарынын жалпы саны бештен ашык болбогон мусулман пендеси, каза болгон намаздарды тартибине жараша каза кылуусу милдеттүү болот. Ал эми андан көп каза намазы барлар, тартип сактоого милдеттүү эмес. Кандай кааласа, дал ошондой таризде окуса жарай берет.

 

  1. Келинчегиммененнамазокуганда, аларкайсыжергетурупокуйт,ушултуурабы? Негизикантипокуукерекаялымененкүйөөсү?

Атыбелгисиз

Жооп: Аялы менен күйөөсү жамаат болуп намаз окушкан убакта, эркек алдыга туруп, аялы экинчи катардан ага уюп окуйт. Экөө жанаша туруп окууга болбойт.

 

  1. Эмне үчүн кулчулукка урусат берилет? Азыр шариатыбыз кулчулукка кандай карайт?

Аты белгисиз

 

Жооп: Шариатта кулчулукка бир гана учурда уруксат берилет. Мусулман мамлекетине душмандык кылып, согуш ачып келгендердин колго түшкөн мусулман эместери кулдукка кабылышат.  Анткени анын басып келүүдөгү максаты, бардык элди кулдукка алуу болгон эмеспи?

Динибизде кулдуктан бошотууга көптөгөн иш-чараларды мерчемдеген. Орозосун бузуп алса, айткан антын бузуп алса, ж.б.у.с. көптөгөн учурларда кул азат кылсын деген милдеттер коюлган.

 

  1. Аялым экөөбүз нике кыйдырдык Россияда. Күбөгө досум, өкүл атам, апам барышкан. Бирок жубайымдын ата-энеси кызын турмушка чыкканын билген жок. Кийин Кыргызстанга барганда жубайымды түз эле өзүмдүн үйүмө алып бардым.Соң ата-энем келинчегимдин үйүнө куда түшүп барышты, “кызыңарды алып качып келиптир, биздин уул” деп. Соң тоюбуз болду. Биринчи никебиз боюнча нике кыйдырбадык, кандай болот ушул иштерим?

Ош, Санжар

 

Жооп: Ханафий мазхабтагы кадим фатва боюнча, никеӊер туура болот. Бирок сообу кем, сүннөтү жок. Кайрадан нике жаӊыртуунун кажети жок.

Башкаларга ушул тариздеги нике кыюуну сунуштабайт элем. Анткени, кыздын ата-энеси билбеген нике, никеге өтпөйт дегенди басымдуу аалымдар карманышат. Этиеттик үчүн никеӊерди жаӊыртып алгыла.

 

Маселени тереӊирээк билүү үчүн биздин калемибизге таандык “Акыйкат жолу” китебиндеги “Акыйкат жалгыз, ал сан менен саналбайт (же эрежесиз эрге тийүүнүн эртеӊи) деген макаланы окууну сунуштайт элем.
http://saresep.kg/

The post «Атасы акмак болсо, баласы акмак болбосун» appeared first on БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ.


November 15, 2015 at 06:17PM

Отправить комментарий

Технологии Blogger.