Halloween party ideas 2015

Эх,  ден-соолук, ден-соолук сен кайдасың,

Сени издеп мен артыңдан барайын.

Бүт ааламдан издегиним сатып алдым,

Бирок сени эч бир жерден таппадым. – дегендей. .

Жашообузда эң баалуулуктардын бири, эч нерсеге алмаштыргыс, эч жакттан издеп табылгыс, биздин байлыгыбыз, дөөлөтүбүз  керек болсо кетпес казынабыз бул -ден- соолугубуз болот. Ден-  соолук: адамзатты адам кылган, келечек максатка жеткизген, бирөөлөр алдында башыңды бийик кылган, ойлогон ой, иштериңе жетүүгө мүмкүнчүлүк берген, өз каалаган нерсеңе жеткизген, жашооңдогу бакытка жетелеген табылгыс кенчиң болот.

Аллах Таалам сага берген бакыт билсең эгер бул- сенин ден- соолугуң. Ден- соолугуң болсо баарын жеңсең болот, жашооңдо кандай кырдаал болбосун, анткени сенде бардык мүмкүнчүлүк бар.  Басууга бутуң, жумуш кылууга колуң, көөрүгө, көзүң, баары жайында болсо сенин ийгилигиң да.  Сен ушундай абалда туруп, жашоом кызыксыз, иш жок, кыйналдым, өлгүм келет, баары бүттү, эч нерсе кыла албаймын деп олтурсаң бул сенин жашоодо эң байкуш, алсыз, акылсыз инсан экендигин билдирет.  Өкүнүчтүү карайт элем ушундай инсандарга. .

“Оору кадырын ооруп өксүгөн жан билет, жашоо кадырын кыйналып жашган жан билет “. . .

“Колдо бар алтындын кадыры жок “деген сыяктуу ден- соолугубуз бар туруп шүкүр кылбай, анын кадырына жетпей келебиз.

Эки колуң, тилиң, оозуң, эки колуң, эки бутуң бар.

«Эми, Роббиңердин кайсы нематын жалганга чыгара аласыңар?! »(55:13).

Эки бутуң менен басууну оңой деп ойлойсуңбу, канчалаган инсандар бар буттарынан айрылган?!

Эки колуң таянып жүрөсүң, канчалаган инсандар бар колдору кесилген?!

Көзүң толо уйкуда жатканың чындык эмеспи, уктай албаган канчалаган көздөр бар?!

Курсагыңды каалаган тамак менен чаңкооңду каалаган муздак суу менен толтуруп жатасың, канчалаган жандар бар оорунун айынан каалаган тамагын, каалаган суусун иче албай жүрөт?!

Дүлөй болуп калбаган калбаган кулагың жөнүндө ойлонсоң боло, сокур болуп калбаган көзүң жөнүндө ойлосоң боло, ала пес оорууга чалдыкпаган денеңе карасаң боло, акылыңдан адашып акылсыз болуп, же жинди болуп калбаган акылыңа карасаң боло.

Эх,  дагы эле сен Аллахка ыраазы эмесиң!

Эгер билсең ден- соолук эч бир нерсеге алмаштыргыс чоң  байлык!

Бир көзүңдү Ухуд тоосундай болгон алтынга алмаштырат белең?!

Кулагыңды бир тоо күмүшкө алмаштырат белең?! Гүлдөн болгон сарайларга тилиңди сатып дүлөй болгуң келеби?! Эки колуңду шуру, мончок бермет асыл таштарга алмаштырып колсуз жүргүң келеби?!

Жок! Жок! Жок! Албетте жок дээр элең.  Ушундай нээаматта жашап жатасың бирок аны билбейсиң, бирок өзүңдү кайгы капада жашап жатам деп ойлойсуң, күлүп турган ден- соолугуң бар, бар нерсеңе ыраазы болбойсуң, бир аз байлыгың жоготконуңа ызаланып, бактылуулуктун ачкычы колуңда турганын билбейсиң. Ал сенин байлыгың, нээматың, жакшылыгың ошондо да кадырына жетпейсиң, жакшылап ойлонуп ыраазы бол.

«Силердин өзүңөрдө да (ар түрдүү укмуштар бар) бар экенин карабайсыңарбы?». (51:21).

Ден- соолук жөнүндө дагы бир заарыл болгон кепти айтып өтпөсөм болбостур:

“Оору келбестен мурда ден- соолугуң жөнүндө ойлон” (хадис). .

Пайгамбарыбыз (с. а. в. ) айтып өткөндөй:

“Мусулман пендеси эки нерсенин кадырына жетпейт. Биринчиси-Убакыт. Экинчиси-Ден- соолук”

Ден-соолук кадырына жетүү, аны сактоо да өзүбүздөн.

“Сактанганды Кудай сактаптыр “деген макал бекеринен айтылган эмес.      Өзүңө кароо, таза жүрүү, сууктардан этият болуу, убагында тамктануу, убагында уктоо  булар биздин ден- соолукка кам көрүүбүз, өзүбүздү ар кандай оорулардан сактап алдын алганга жардам берет.

“Бар байлыктын баркы жок “болуп ден – соолук барында жаныбызды аябай, кандай иш болсо суугуна, ыссыгына карбай кыла беребиз, бир күн ооруп жатып калсак анан оюубузга келип Эх,  аттиң!  өзумдү этият кылбаппын дейбиз анда баары кеч болуп калат.  Ошон үчүн адамзат бир аз болсо да өзүн жакшы көрүп, өзүнө карап убагында даарыгерге кайрылып турса аз да болсо жашоодо өксүбөй бактыллуу жашамак.

“Жаштыкта берсин мээнетти, каарыганда берсин дөөлөттү “деген аталардын сөзү таммай айтылган, каарыганда ата энелерибиз көп оорушат ошондуктан каарыганда ден соолук чын болсо экен деп айтылып калган. Бул дегени эч кимге муктаж болбой өз бутум менен кирип, чыгып өзүмө -өзүм жарап жүрсөм экен, мындан артык дөөлөт болбостур. . .

Бир жашы анчага барган  инсан айткан экен:

“Ден- соолугум барында, күчтүү, баарына өзүм жетип, өзүм кылчуум, эми ден-  соолугум жок керексиз буйумга айландым “-деп аттиң кылган экен.

Басып жүргөн бутуң баспай калганда, жумуштарды кылып чарчабаган колуң ооруп калганда, көрүп жүргөн көзүң көрбөй калганда аракет кылбай өз убагында даарыланып, сууктардан этият болуп жүрсөңөр демекчимин!

Ошондуктан аттиң!  деп айтылчу күн келгенче өзүбүздүн ден- соолугубузга карап, абайлап бар байлыкты барктап кадырына жетели!

Бир ооукчан айткандай:

“Бул жашоодо эч качан ооруп кыйналган инсан, оордум деп ыйлаган көз жаш, оорудум деп жалдыраган  жан, оорудум деп өксүгөн жан болбосун “-дегендей  ооругандар аз болуп, оорубай жашаңыздар деп Аллахтан дуба кылып калабыз!!!

👤Насиба Абдуллаева,

👪”БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ”

 

The post Ден-соолук менин байлыгым… appeared first on БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ.


November 20, 2015 at 07:49PM

Отправить комментарий

Технологии Blogger.