Halloween party ideas 2015

Канаданын Торонто шаарынын жашоочулары Саманта Жексон жана Фарзин Юсефян үйлөнүү той өткөрүүдөн баш тартышты. Алар үйлөнүү-үлпөтүнө кете турган акчасын сириялык качкындарга бермей болду.

Эки жаш үйлөнүү тоюн 2016-жылдын март айына пландаган. Бирок алар кайра ойлонуп, тойго кете турган акчаны сириялык качкындарга жардам катары берүүнү туура көрүштү,-деп жазат канадалык басылма.

Саманта менен Фарзиндин айтымында, сентябрда Түркияда суу жээгинде каза болгон 3 жашар Айландын окуясы аларды катуу таасирленткен. Мындан улам алар сириялык качкындарга көмөк көрсөткөн уюмга акчаларын которушкан.

Эми алар үлпөт тоюнда Торонто шаарынын мэриясында расмий каттоого туруп, ошол жерде чакан дасторкон жайышат.

The post Канадалык эки жаш үйлөнүү тойго жумшалчу акчаны сириялык качкындарга берди appeared first on БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ.


November 24, 2015 at 02:37PM

Отправить комментарий

Технологии Blogger.