Halloween party ideas 2015

Суроо: Ажы амалы тууралуу илим  алууда кандай терминдер көп кодонулат?

Жооп: 1) Ихрам – Ажы же Умра кылуучу адамдын ниет кыдган соң кийе турган кийими.

2) Мийкот – Ажы же Умра кылуу үчүн бара жаткан адамдардын ихрам кийүүчү орундары.

3) Таваф – Каабаны айлануу.

4) Умра – мүмкүнчүлүгү бар адамга өмүрүндө бир жолу аткаруусу бекемделген сүннөт болгон, атайын белгиленген убактысы жок амал б.а. кичине ажылык.

5) Муфрид – Ажы айларында жалгыз гана ажы кылууну ниет кылган адам.

6) Кирон – Ажы айында Ажылык менен Умраны  аткарууну бирге ниет кылуу.

7) Таматту - Ажы айларында Умраны ниет кылып Меккеге кирүү.

8) Сай кылуу – Сафа жана марва деп аталган эки тоонун ортосунда басуу (мындан ары жүрүш кылуу деп жазылат.

9) Мухрим – Ажы же Умранын ниет кылып ихрам кийимин кийген адам.

10) Миск – өзүнөн жыпар жыттарды бөлүп чыгарган, адамдар пайдаланган ар түрдүү атырлар.

Суроо: Ислам дининде ажы амалын аткаруунун өкүмү эмне?

Жооп: Ажы аалын аткаруу Исламдагы беш парздын бири. Кимде-ким анын парз экендингине ишенбесе, анда ал динден чыгат. Аллах Таала Кураанда: «» деп айткан.

Суроо: Ажы амалын аткаруу кимдерге парз болот?

Жооп: Ажы амалын аткаруу балагат жашына жеткен мусулман адамга парз болот. Бирок ошол адамдын ажылык сапарына барып келүүгө жетиштүү каражаты жана ал барып келгенге чейин үй-бүлөөсүнө жетерлик каражаты болууга тийиш. Ошондой эле ажыга баруучу жолдун ачык болуусу шарт.

Суроо: Ушул шарттар аялдарга да тиешелүүбү?

Жооп: Ооба, бул шарттар аялдарга да тиешелүү, мындан сырткары аялдар көйүүсү же нике жүрбөй турган тууганы менен баруусу шарт.

Суроо: Ажылыктын парздары кайсылар?

Жооп: Ажылыктын үч парзы бар:

1) Ихрам деп аталган кийимди кийүү.

2) Арафат деп аталган жерде туруу.

3) Каабаны айланып зыярат кылуу.

Суроо: Ажылыктын важибтери кайсылар?

Жооп: Ажылыктын он важиби бар. 

1) Курбан айт күнү таң аткандан кийин Муздалифа деп аталган жерде туруу.

2) Сафа жана Марва деп аталган эки тоонун ортосунда басуу.

3) Шайтанга таш атуу.

4) Сырттан келген адамдардын коштошуу айлануусун кылуусу.

5) Чачын алуу же кыскартуу.

6) Арафатта көн батканга чейин туруу.

7) Курбандык чалуу.

8) Айлануу зыяратын курбандык күндөрүндө аткаруу.

9) Чач алдырууну же кыскартууну Харамда аткаруу.

10) Чач алдыруу же кыскартууну курбандык кылуу күндөрүндө аткаруу.

Суроо: Ажылыктын сүннөттөрү кайсылар?

Жооп: Ажылыктын жети сүннөтү бар.

1) Кыран жана ажынын өзүн аткаруучулардын учурашуу алануусуна аткаруусу.

2) Айлануудан кийин Сафа жанан Марванын ортосунда басууну ниет кылса, анда ушул басууну ылдамыраак басуу жана оң ийнин ачып, сол ийнин орп алуусу.

3) Минага айдын сегизинчи  күнү баруу жана ошол жерде түнөө.

4) Арафа күнү күн көтөрүлгөн соң Минадан Арафатка баруу.

5) Курбан айт күнү кечинде Муздалифада түнөө.

6) Арафатта гусул кылуу (жубунуу).

7) Курбандык чалуу кечесинде Минада түнөө.

Суроо: Ихрам кылуучу жайлар кайсылар?

            Жооп: Мадина тараптан келүүчүлөр үчүн «Зулхулайфа», Ирак тараптан келүүчүлөр үчүн «Заату ирк», Сирия тараптан келүүчүлөр үчүн «Алжухфа», Йемен тараптан келүүчүлөр үчүн «Яламлам» ал эми Наждыктар үчүн «Каран» деп аталган жерлер Ихрам кылуучу орундар болуп эсептелет.

            Суроо: Бул орундар ушул жерде жашаган адамдар үчүнбү же ушул жерлерден өтүүчү адамдар үчүнбү?

            Жооп: Ким ушул жерлердин өзүндө жашаса, өз жеринен ихрам кылат. Ким ушул желер менен Меккенин ортосунда жашаса, анда ал «Хилл»дан ихрам байланат. Ал эми ким Харамда жашаса, ал ажы үчүн Харамдан, умра үчүн Хиллден ихрам кылат.

            Суроо: Бул орундандан мунун эле ихрам байланса болобу?

            Жооп: Ооба, мындай жакшы.

Суроо: Бул оркндандан кечигип ихрам байланса эмне болот?           

Жооп: Мындай кылуу туура эмес. Ким ихрамды кечиктирсе бир кой союу важиб болот.

Суроо: Меккеге бара жаткан жолдо бул орундарга туш келбесе эмне кылуу керек?

Жооп: Мындай учурда ошол орундардын айланасында ихрам кылуу керек.

Суроо:Ихрам деген эмне?

Жооп: Ихрам бул – ажылыкты же умраны ниет кылуу.

Суроо: Ихрам кылуунун жол-жобосу кандай?

Жооп: Ихрамды ниет кылган адам алгач даарат же гусул кылат (гусул кылуу жакшыраак). Андан соң эки бөлүктөн турган тигилбеген кийимдин бирин белинен өйдө, экинчисин белинен ылдый жамынат. Жыттуу миск болсо сүртөт. Эки рекет намаз окуйт. Андан соң ажылыкты ниет кылып: «Лаббайкал-лоохумма лаббайк, лаббайка лаа шариика лака лаббайк, иннал хамда, ванниьмата лака валмулк, лаа шариика лак» деп айтат. Ушул сөздөрдү айтуу менен ихрамга кирген болот да тыюу салынган иштерден сактануусу зарыл болот. Бул сөздөр «Талбия» деп аталат. Анын мааниси: «Оо, Аллахым сенин кызматыңа даярмын, Сенин эч кандай шеригиң жок, чындыгында мактоо, нимат жана падышалык Сага гана тиешелүү, Сенин эчкандай шеригиң жок».

Суроо: Эгерде аял киши хайз же нифас көрүп жаткан болсо, ихрамга кир берүүгө болобу?

Жооп: Эгер гусул кылууга ылайыктуу жай тапса анда, дароо гусул кылып ихрамга кирет. Эгер жай таба албаса гусулсуз эле ихрамга кирет, бирок эки рекет намаз окубайт. Меккеге кирген соң кан тоетоосун күтөт. Кан токтогон соъ гусул кылып айланууну баштайт.

Суроо: Ихрамдан кийин кайсы амалдарды аткаруудан сактануу керек?

Жооп: Ихрамдан кийин он үч амалды аткаруудан сактануу керек.

1) Жыныстык байланышуудан.

2) Күнөө иштерден.

3) Уруш-талаштан.

4) Кургактыкта жашоочу айбандарга  аңчылык кылуудан.

5) Аңчылык кылууга баштап баруудан.

6) Аңчыга жаныбарларды көрсөтүп берүүдөн.

7) Токулган жана тигилген кийимди кийүүдөн.

8) Селде, топу сыяктууларды кийүү жана бетин жаап алуудан.

9) Жыттууларды себинүүдөн.

10) Чач алуу жана кыскартуудан.

11) Денсинин кайсы бир түгүн жулуудан.

12) Тырмак алуудан.

13) Боёлгон кийим кийинүүдөн. (Эгер жуулуп боёлгон өңү өчкөн болсо эч нерсе болбойт).

Суроо: Бул сактануулар ажылыкка эле тиешелүүбү же Умрага да тиешелүүбү?

Жооп: Ажылыкка да Умрага да тиешелүү.  

Суроо: Бул сактануулар аял-эркектерге бирдейби?

Жооп: Ооба. Бирок аялдар дайыма тигилген кийим кийишет. Баштарын жабып, беттерин ачып коюшат.

Суроо: Ихрамдагы адамдын (Мухримдин) жубунуусу кандай болот?

Жооп: Жубунса болот, бирок жыттуларды колдонбойт жана сакал-башын самын менен жуубайт.

Суроо: Мухрим адам кайсы бир нерсенин көлөкөсүнөн пайдаланса болобу?

Жооп: Ооба. Мунун эч кандай зыяны жок.

Суроо: Ажыны гана ниет кылган адам Меккеге киргенде ишти эмнеден баштайт?

        nbsp;    Жооп: Ажыны гана ниет кылган адам Меккеге кирген соң даарат алат жана Каабаны көрөр замат такбир жана тахлил (Аллаху Акбар жана Лаа илааха иллал-лооху) айтат. Анан Каабаны таваф кылат. Бул таваф айлана-чөйрөдөн келгендер үчүн сүннөт болуп эсептелет. Ал эми Мийкаттын сыртынан келгендер үчүн учурашуу тавафы болуп эсептелет. Меккенин эли үчүн учурашуу тавафы болбойт.

            Суроо: Тавафты кандай аткаруу керек?

Жооп: Тавафты «Кара ташты» өбүү менен баштайт. Эгер өбүүгө мүмкүнчүлүк болбосо анда, эки алаканын ошол тарапка көтөрүп такбир жана тахлил айтат. Ташты өбүү жана сылоо үчүн башка бирөөлөргө зыян берип, түртүшүп-жөөлөшүүгө болбойт. Андан соң эшиктин тушунан сол тарабын Каабага каратып, оң кадамын алдыга таштап айланууну баштайт. Кара таштын тушуна келгенде өбүүгө мүмкүн болбосо колун көтөрүп такбир жана тахлил айтат. Ушунтип жети жолу айланат.

Суроо: Таваф кылып бүткөн соң эмне кылат?

Жооп: Таваф кылып буткан соң, «Макоому Иброхим» деп аталган орундун артына туруп эки рекет намаз окуйт. (Бул орун алтын түстүү айнек идиштин арты). Бул намазды мечиттин ичинде кайсы жерде мүмкүнчүлүк болсо ошол жерде окуй берсе болот.

Суроо: Бул намазда кайсы сүрөлөрдү окуу керек?

Жооп: Муслимдин китебинде Жаабир (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) «Каафирун» жана «Ихлас» сүрөлөрүн окуганы айтылган.

Суроо: Сафа жана Марва деген эмне жана анда кандай амалдар аткарылат?

Жооп: Сафа жана Марва деген эки тоонун аты. Азыркы учурда бул эки тоо мечиттин ичинде болуп калган. Ажы амалын аткаруучу Макааму Иброхимдин артында эки рекет намаз окугандан кийин, Сафага барат. Каабага карап туруп такбир жана тахлил айтып дуба кылат. Андан соң Марваны карай жөнөйт. Жашыл чырак күйүп турган жерге жеткенде басыгын ылдамдатып желип-жортуп жөнөйт. Экинчи жашыл чыракка чейин ушунтип барат. Андан өткөндөн кийин кйра басыгын жайлатат. Марвага барган соң Каабага карап такбир жана тахлил айтып дуба кылат. Ушул бир жолу жүрүш кылган болуп эсептелет. Анан кайра Сафага кайтат. Ушундай тартип менен жети жолу жүрүш кылат. Сафадан башталган жүрүш Марвадан аяктайт. Аялдар жашыл чырактардын аралыгында чуркашпайт. Алар жети жүрүштүн баарын жай басуу менен аткарышат

Суроо: Тавафты жана Сафа менен Марванын ортосундагы жүрүштү аяктаган соң, хаж амалдары башталганга чейин эмне кылуу керек?

Жооп: Ажы кылуучу адам бул убакта мухрим болюнча турат. Убакыл тапса Каабаны таваф кылат. Беш бак намазды Масжидул харамда окууга аракет кылат. Себеби бул жерде окулган намаздын бир рекети башка жердеги жүз миң рекет намазга барабар. Качан гана Тарвия күнү болгондо багымдат намазынан соң Минага барат. Арафа күнү түш оогондо Арфатка барат. Ал жерде күн баткыча дуба кылат. Күн баткан соң Муздалифага жөнөйт. Түндү Муздалифада өткөрөт. Ошол жерден шайтанга атуучу таштарды чогултуп алуусу жакшы.

Суроо: Муздалифада түнөгөндөн кийин ажыдык кылуучу адам эмне кылат?

Жооп: Күн чыкканча кайра Минага келет. Ал  жерден шайтанга таш атууну баштайт. Алгач жети таш атат.

Суроо: Андан соң эмне кылат?

Жооп: Муфрид адам Курбандык күнү таш аткан соң чачын алдырат же кыскартат. Чачын алдыруу же кыскартуудан кийин ихрамдан чыгат. Аял менен жыныастык катнашуудан башка баардык амалдар ага адал болот. Тагыраак айтканда тигилген кийим кийет, жыттуу мисктерди колдонот, тырмактарын алат, денесиндеги түктөрдү тазалайт.

Суроо: Чачты кайсы жерде алдыруу керек?

Жооп: Чачты Харамдын чегинде каалаган жерде алдырса болот.

Суроо: Курбандык күнү дагы кандай амалдар аткарылат?

Жооп: Курбандык күндөрүнүн амалдарынан эми таваф кылуу калды башкача айтканда парз тавафты аткаруу керек.

Суроо: Аны кайсы убакка чейин аткаруу керек?

Жооп: Тавафтын мөөнөтү үч күн. Айттын биринчи күнкүн чыккандан баштап, үчүнчү күнү күн батканча (айдын онунчу күнү күн чыккандан, он экинчи күнү күн батканча). Бирок онунчу күнү эле аткаруу жакшыраак. Бул тавафтан кийин аялга жакындашуу да адал болот.

Суроо: Тавафтан соң эмне кылат?

Жооп: Минага келип шайтанга таш атат. Тагыраак айтканда, Он биринчи жана он экинчи күндөрү алгач Жамратул сугродо, анан Жамратул вустоодо, адан соң Жамратул кубродо таш атат. Аб бир атканда жети таш атат жана такбир, тахлил айтат.

Суроо: Эки күн таш аткан соң эмне кылат?

Жооп: Кааласа Меккеге кайтат. Кааласа үчүнчү күнү да калып дагы таш атат.

Суроо: Меккеге келгенден кийин эмне кылышат?

Жооп: Таш атуудан кийин ажы амалдары бүткөн болуп эсептелет. Сырттан келгендер коштошуу тавафын кылышат да өз мекенине кайтат же каалаган убагынча Меккеде калат.

Суроо: Коштошуу тавафын мурда эле аткарып койсо болобу же Меккеден кетер мезгилде аткаруу керекпи?

Жооп: Кайсы убакта аткарса боло берет. Бирок Меккеден кетер мезгилде аткарганы жакшыраак болот.

Суроо: Умра деген эмне?

Жооп: Умранын тилдеги мааниси зыярат кылуу дегенди билдирет. Ал эми шариятта төрт амалды аткарууну айтат. Бул төрт амал: Ихрам, Каабаны таваф кылуу, Сафа жана Марванын оротосунда жүрүш кылуу, чачын алдыруу же кыскартуу. Бул амалдардын экөөсү б.а. ихрам менен таваф парз, ал эми Сафа менен Марванын ортосунда басуу менен чач алдыруу важиб.

Умраны ниет кылган адам мийкаттан гусул же даарат алат, эки рекет намаз окуйт, Умра үчүн ниет кылып Талбия айтат ушуну менен мухрим болот. Меккеге келип умра үчүн таваф кылат. Сафа менен Марванын ортосунда жүрүш кылат. Чачын кыскартат же алдырат. Ушул амалдарды аткарган соң Умра бүтөт да ихрамдан чыгат.

Суроо: Умрада да сактануучу амалдар болобу?

Жооп: Ооба, ажылыкта сактануусу зарыл болгон иштендин баарынан сактанат.

Суроо: Умранын Исламдагы өкүмү эмне?

Жооп: Умраны өмүрүндө бир жолу аткаруу бекемделген сүннөт (суннатул муаккада).

Суроо: Умрада учурашуу жана коштошуу тавафы болбойбу?

Жооп: Ооба, Умрада учурашуу жана коштошуу тавафы болбойт.

Суроо: Умранын да Ажылык сыяктуу белгилүү айлары барбы?

Жооп: Жок, Умраны каалаган айда аткара берсе болот. Рамазан айында аткаруунун сообу көп болот.

Суроо: Кироон деген эмне?

Жооп: Ажылык жана Умраны бирге аткарууну ниет кылуу Кироон деп аталат.

Суроо: Кироонду аткаруунун тартиби кандай?

Жооп: Кироон кылуучу адам Мийкаттан гусул же даарат алып, эки рекет намаз окуган соң Ажы жана Умраны ниет кылып талбия айтат. Меккеге барган соң Умра үчүн таваф кылат, Сафа менен Марванын ортосунда жүрүш кылат, жүрүштөн соң учурашуу тавафын кылат. Ажылык үчүн Сафа менен Марваны ортсунда жүрүш кылат. Андан соң Ажылык күндөрү башталганга чейин ихрам абалында турат. Ажылык күндөрү башталганда ажыда аткарылуучу баардык амалдарды аткарат.

Суроо: Кироон кылуучу адам Муфрид адамдан башкача кандай амалдарды аткарат?

Жооп: Чоң шайтанга таш аткан соң, кой союп курбандык кылуусу важиб болот. Курбандыктан кийин чачын алат же кыскартат.

Суроо: Кой союууга мүмкүнчүлүгү жок болсо эмне кылат?

Жооп: Үч күн орозо кармайт. Акыркы күнү Арафа күнү болуусу керек. Мекенине келген соң дагы жети күн орозо кармайт.

Суроо: Таматту деген эмне?

Жооп: Таматту деген ажылык айларында умра үчүн ихрам кылып Меккеге кирүү.

Суроо: Таматтунун тартиби кандай?

Жооп: Таматту кылуучу адам Меккеге кирген соң таваф кылат, Сафа менен Марванын ортосунда жүрүш кылат анан чачын алдырат же кыскартат. Ушуну менен качан ажылык күндөрү болгонго чейин Меккеде адал абалында (мухрим эмес) абалында жүрө берет б.а. мухрим адам сактануучу амалдардан сактанбайт. Кийин, Тарвия күнү Меккеде ажылык үчүн ихрам байланат. Андан соң муфрид адам сыяктуу ажылык амалдарын аткарат. Чоң шайтанга таш аткан соң, кой союп курбандык кылуусу важиб болот. Курбандыктан кийин чачын алат же кыскартат. Курбандык кылмайынча чачын алдырбай турат.

Суроо: Кой союууга мүмкүнчүлүгү жок болсо эмне кылат?

Жооп: Үч күн орозо кармайт. Акыркы күнү Арафа күнү болуусу керек. Мекенине келген соң дагы жети күн орозо кармайт.

Суроо: Тамтту кылуучу адам Тарвия күнүнө чейин эле ажылыкка ихрам байланып алса болобу?

Жооп: Ооба, ал баары бир Таматту кылуучу болуп эсептеле берет.

Суроо: Ажы жана Умрада кандай ката кетирүүлөр болот жана алардын жазасы кандай?

Жооп: Катаа кетирүү эки түрдүү болот. Биринчиси: ихрам абалында сактануусу зарыл болгон кайсы бир ишти жасап алуу. Экинчиси: Ажы же Умрада аткарылуучу амалдарды аткарууда ката кетирүү.

Суроо: Ихрамдын каталары кайсылар?

Жооп: Булар жети түрдүү болот.

1) Эркек адамдын тигилген кийим кийүү.

2) Эркек адамдын башын ороп алуу.

3) Эркек жана аялдын беттерин жаап алуу.

4) Денесине, кийимине же төшөгүнө жытту нерсени себүү.

5) Тырмагын алуу.

6) Кургактыктагы жаныбарларга аңчылык кылуу, аңчылыкка ээрчитип баруу же жаныбарды көрсөтүп берүү.

7) Жыныстык катнаш, кумарлануу менен өбүү же кармоо.

Суроо: Тигилген кийим кийүүнүн жазасы кандай болот?

            Жооп: Эгерде толук денеси үчүн же бир дене мүчөсү үчүн тигилген кийимди кийип бир сутка жүрсө, же анын жарымынча жүрсө (бир күн же бир түн эле) Харамда бир кой союуусу керек.

            Суроо: Мындан аз убакыт жүрсө эмне болот?

            Жооп: Эгерде бир сааттан ашыу кийип жүрсө бир күндүк садака фитирдин өлчөмүн (1,6кг буудай) берет. Эгер бир сааттан аз болсо бир ууч буудай (же анын баасын) берет.

            Суроо: Бир канча күн кийип жүрсө жазасы көбөйө береби?

            Жооп: Жок, бир гана кой союу керек болот. Эгерде бир-эки күнүчкой сойсо андан кийин дагы кийип алса, анда кайра союусу керек болот.

            Суроо: Бир күн ичинде тигилген кийимдердин ар кандай түрүн кийсе жазасы кандай болот?

            Жооп: Жок, жазасы бирдей эле болот.

            Суроо: Тигилген жана жыттуу нерселер себилген кийимди кийсе эмне болот?

            Жооп: Анда эки кой союусу керек. Бири тигилген кийим кийгени үчүн, экинчиси жыттуу нерсени себингени үчүн.

 Суроо: Эки бутуна маасы же башка бут кийим кийсе эмне кылат?

Жооп: Эгер бир күн бир түн кийсе жана томугун жаап турган бут кийим болсо, анда бир кой соёт. Эгер андан аз убакыт кийсе садака берет.
 
 

Суроо: Башын жана бетин жаап алуунун жазасы кандай?

            Жооп: Эркек киши башын же бетин толук же төрттөн бирин бир күн бир түн жаап жүрсө, ошондой эле аял киши бетин толук же төрттөн бирин жаап жүрсө, анда Кан чыгаруу зарыл болот. Эгер бир күн бир түндөн аз болсо жана төрттөн биринен аз жерин жапкан болсо, анда садака важиб болот. Анын, бетин же башын жабуусу ыктыяры менен болсо да, мажбур болсо да, билип жасаса да билбей жасаса да, унутуп жасаса да, адашып жасаса да, ойгоо жасаса да, уктап жатып жасаса да баары бир важибти аткарат.

            Суроо: Мухрим эки кулагын же мурдун, моюнун же сакалын ороп алса эмне болот?

            Жооп: Анда ага нерсе важиб болбойт.

            Суроо: Башын тактай же башка нерсе менен көлөкөлөп алса эмне болот?

            Жооп: Эч нерсе болбойт.

Суроо: Мухрим эркек же аял денесине жытту нерсени себинсе эмне важиб болот?

            Жооп: Эгер бир мүчөсүнө толук сүртсө жана жыты көп болсо, анда кан чыгаруу важиб болот. Жыттын көп же аз экендиги адат менен билинет. Ал эми бир мүчө деп: баш, кол, сан, билек сыяктуулар айтылат. Эгер бир мүчөдөн аз болсо жана жыт дагы аз болсо анда садака важиб болот. Ал эми жыт көп болсо бир мүчөдөн аз жерге сүртүлсө дагы кой важиб болот. Эгерде кичине мүчөгө б.а. мурун, манжа, кулак сыяктуу мүчөлөргө сүртүлсө жыт көп болсо кой, жыт аз болсо садака важиб болот.

            Суроо: Денесинин баардык мүчөсүнө себилсе, мүчөнүн санына карап жаза да көбөйөбү?

            Жооп: Эгер бир жерде отуруп сүрткөн болсо жаза көбөйбөйт, тагыраак айтканда бир эле кой важиб болот. Эгер ордун адмаштырып башка жерден дагы сүртсө, анда онундун саны эске алынат да ошончо кан важиб болот.

            Суроо: Аял колун кына менен боёсо эмне болот.

            Жооп: мында да кан важиб болот.

            Суроо: Денеге себилген жыттын көпкө сакталуусу же бат чыгып кетүүсү кандай мааниге ээ?

            Жооп: Денеге сүртүлгөн жыттын сакталуусу же чыгып кетүүсү эч кандай мааниге ээ эмес б.а. сүртөр замат жууп салса да жаза жогоруда айтылгандай төлөнөт. Ал эми кийимге сүртүлгөн жыт бир күн бир түн сакталса гана .

            Суроо: Мухрим кийимине жыттуу нерсени сүртсө эмне кылат?

            Жооп: Сүрткөн жери бир карыштан чоң болсо, бир күн же бир түн толук кийсе садака важиб болот. Эген андан аз болсо бир  ууч буудай садака берүүсү зарыл. Бул жыт аз болгон убакта. Ал эми жыт көп болсо бир карыштан аз болсо да кой важиб болот.

            Суроо: Жыттуу майдын өкүмү кандай?

            Жооп: Анын өкүмү да башка жыттуу нерселер сыяктуу эле.

Суроо: Тырмак алуунун өкүмү кандай?

            Жооп: Эки колунун тырмагын же эки бутунун тырмагын, же бир кол бир бутунун тырмагын бир отурушта алса, анда кой союу важиб болот. Эгер ар кайсы орунда алса орундун саны эске алынат.

            Суроо: Бир колунун беш манжасынан аз тырмагын алса эмне болот?

            Жооп: Бир колдун же буттун бештен аз тырмагын алса садака важиб болот.

            Суроо: Бир колдон эки, бир буттан эки, дагы бир колдон бир, кыскасы ар кайсы мүчөнөн чогулуп беш тырмак алынса эмне болот?

            Жооп: Анда садака важиб болот.

Суроо: Чач жана сакалды алуунун өкүм кандай?

            Жооп: Мухрим адам чачын же сакалын толук алса, же алардын төрттөн бирин алса кой важиб болот. Төрттөн биринен аз болсо садака важиб болот. Колтук жана киндик астындагы түктөрдү кырып тазаласа да кой важиб болот. Чачты кыскартуу дагы алдырган сыяктуу эле. Түктөрдү тиши же башка бир нерсе менен жулса да кырып тазалаган сыяктуу.

            Суроо: Бул маселелерде аялдардын өкүмү кандай?

            Жооп: Аялдар деле эркектер сыяктуу.

            Жооп: Бул иштерди өз ыктыяры менен аткарса да, мажбур аткарса да, билип жасаса да билбей жасаса да, унутуп жасаса да, адашып жасаса да, ойгоо жасаса да, уктап жатып жасаса да баары бир жаза важиб болот.

Суроо: Ихрамда жыныстык катнаш жасоо жана ага чакыруучу амалдарды жасоонун өкүмү кандай?

            Жооп: Мухрим Арафатта туруудан алдын жыныстык катнаш кылса ажысы бузулат. Кой соёт. Ажы амалдары бүткөнчө ажы кылуучу катары жүрөт да кийинки жылы казасын аткарат. Эгерде Арафаттан кийин, зыярат тавафынан алдын чачын албастан катнаш кылса, анда төө союу важиб болот. Ажысы бузулбайт. Эгерде зыярат тавафынан кийин чачын алдырган соң катнаш кылса, анда кой важиб болот. Эгер мухрим умра үчүн болсо төрт жолу айланга чейин катнаш кылса умрасы бузулат. Кой соёт. Умра бүткөнчө жүрөт. Казасын аткарат. Эгерде төрт жолу айлангандан соң болсо, анда умра бузулбайт. Кой соёт. Каза кылбайт.

Суроо: Катнашты эсинен чыгарып аткарса кечирим болобу?

Жооп: Жок, эсинен чыгаруу менен атайын жасагандын айырмасы жок.

Суроо: Ажы амалдарын аткарууда кандай каталар болот жана алардын жазасы кандай?

Жооп: Ажы амалдарын аткарууда жазасын төлөөчү көптөгөн каталар бар. Мисалы: Дааратсыз таваф кылуу, важиб амалын аткарбай коюу, тартиби менен аткарылуучу амалдардын тартибин бузуу, парз же важиб амалын убактысынан кечиктирүү ж.б.

Суроо: Ажы кылуучу адам дааратсыз же жунуб абалында таваф кылса эмне болот?

Жооп: Эгерде ажы кылуучу учурашуу жана коштошуу тавафтарын дааратсыз аткарса садака важиб болот. Ар бир айланганына жарым соо буудай берет. Башка нафил тавафтар үчүн да ушундай эле өлчөм. Эгер бул эки тавафты жунуб абалында аткарса, анда кой важиб болот. Аялдар дагы бул эки тавафты хайыз же нифас абалында аткарса кой важиб болот. Эгерде зыярат тавафын жунуб абалында аткарса, анда төө важиб болот. Эгер жунуб же дааратсыз таваф кыган соң кайра таваф кылса жазадан кутулат.

Суроо: Важибти таштагандын жазасы эмне?

Жооп: 1) Эгерде Муздалифада турууну таштаса таң аткан соң союш важиб болот.

2) Сафа жана Марванын ортосунда басууну таштаса да союш важиб болот.

3) Баардык таш атуучу күндөрү таш атууну таштаса же бир күнү көбүрөөк таш атууну таштаса союш важиб болот.

4) Күн бата электе Арафаттан чыкса союш важиб болот. Бирок күн батканча кайра кирсе жазадан кутулат.

5) Коштошуу тавафын аткарбаса союш важиб болот. Эгер анын төрт айлануусун таштаса садака важиб болот. Эгер кайра таваф кылса эч нерсе важиб болбойт.

Суроо: Важиб болгон тартипти бузса эмне болот?

Жооп: 1) Таматту же Кирон кылуучу адам чоң шайтанга таш атуудан алдын курбандык сойсо, же курбандык союудан алдын чач алдырса кой важиб болот.

2) Муфрид ажы кылуучу чоң шайтанга таш атуудан алдын чач алдырса кой важиб болот.

3) Тамату же Кирон кылуучу адам курбандык кылууну айттын үч күнүнөн кечиктирсе кой важиб болот.

4) Муфрид ажы кылуучу адам чач алдырууну айттын үч күнүнөн кечиктирсе кан  важиб болот.
 

Суроо: Умрада кайсы амалдарды аткарууда ката кетирсе ага жаза төлөнөт?

Жооп: 1)Умра кылуучу адам ихрамды Мийкаттан кечиктирсе ага кан чыгаруу важиб болот.

2) Умра үчүн дааратсыз же жунуб абалында таваф кылса. Мейли аз, мейли көп айлансын айырмасы жок.

3) Умра кылуучу Сафа менен марванын ортосунда басуудан алдын чач алдырса, ага кан чыгаруу важиб болот.

4) Умра кылуучу Харамдан сырткары жерде чач алдырса кан чыгаруу важиб болот.

Суроо: Ажы жана Умрада кандай малдар союлат?

Жооп: Кой, уй жана төө союлат.

Суроо: Булардын жашы кандай болуусу керек?

Жооп: Кой бир жашка толуп эки жашка өтсө, уй эки жашка толуп үч жашка өтсө, төө беш жашка толуп алты өтсө жана булардын баары айыптардан таза болсо союуга жарайт.

Суроо: Айыптар кандай болот?

Жооп: Кулагы кесилген, көзү көр, буту сынык жана союучу жерге өзү басып бара албаган арык малдар жарабайт. 

Суроо: Буларды каалаган жеринде соё берсе болобу?

Жооп: Жок, буларды Харамда гана союу керек.

Суроо: Бир малды бир канча адам биригип сойсо болобу?

Жооп: Ооба, эгер ошолордун баары курбандык ниетинде болсо болот. Эгер алардын бирөөсү эле башка ниетте болсо, анда баарынан курбандык өтпөй калат.

Суроо: Курбандык кылуучу адам курбандыктын этин жесе болобу?

Жооп: Эгер Таматту жана Кирон үчүн союлган болсо жегенге болот.

Суроо: Курбандыкты союу үчүн атайын убакыт белгиленгенби?

Жооп: Таматту менен Кирон кылуучу Курбан айт күнүнөн алдын союусу туура эмес. Ошондой эле чоң шайтанга таш атуудан алдын да союуга болбойт. Айт күндөрүнөн б.а. айдын он экинчи күнүнөн кечиктирүүгө да болбойт. Эгер андан кечиктирсе жазасы үчүн дагы бир кой союу важиб болот.

Ал эми кетирген катасы үчүн союучу койду каалаган учурда соё берсе болот.

Суроо: Курбандыкты өзү сойгону жакшыбы?

Жооп: Аны башка бирөөгө сойдурса да боло берет, кааласа өзү соёт.

Жогоруда түшүнүксүз маселе болсо бизге БУЛ БАРАКЧАДАН кайрылсаңыз болот

Отправить комментарий

Технологии Blogger.